Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-апрели № 200
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин лицензиялоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Алкоголдук рынокту жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-августундагы № 420 "Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 22-главасынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жыйымды төлөө тартиби жана анын ставкаларында:
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Алкоголдук продукцияны чекене сатууга лицензия алган субъект төмөнкүдөй өлчөмдө жыйым төлөйт:
1) жеке жактар үчүн -100 эсептик көрсөткүч;
2) юридикалык жактар үчүн:
- соода объектинде бир контролдук-кассалык машина болсо, 200 эсептик көрсөткүч;
- соода объектинде эки контролдук-кассалык машина болсо, 500 эсептик көрсөткүч;
- соода объектинде үч же андан ашык контролдук-кассалык машина болсо, 2000 эсептик көрсөткүч.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 84-пункттун 2-пунктчасында "ишин" деген сөз "иштин лицензиялануучу түрүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 155-пункттун 4-6-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 156-пунктта:
11-пунктчада "техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги" деген сөздөр "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 021/2011) техникалык регламенттеринин жана тиешелүү мамлекеттик стандарттардын талаптарына шайкештиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 17, 18-пунктчалар менен толукталсын:
"17) лицензия алууга арызда көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык лицензиялык ишти жүзөгө ашыруу;
18) алкоголдук продукцияны өндүрүү боюнча технологиялык нускаманын болушу.";
- 232-пункттун 3-пунктчасы "юридикалык" деген сөздөн кийин "жана жеке" деген сөздөр менен толукталсын;
- 233-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"233. Транспорт ишин жүзөгө ашыруу үчүн негизги лицензиялык талаптар жана шарттар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) юридикалык жактар үчүн:
- баланста же оперативдүү башкарууда же ижара укугунда төмөнкүлөр менен өндүрүштүк-техникалык базанын болушу: линияга чыгардын алдында контролдук механик тарабынан транспорт каражаттарын рейске чейинки техникалык кароодон өткөрүү үчүн кароочу чуңкурлар; транспорт каражаттарынын коопсуз кирүүсү жана чыгуусу менен транспорт каражаттарынын токтоп турушу үчүн тосулган аймак; коопсуз ташууну камсыз кылуу жана айдоочулардын эмгегин коргоо боюнча нускамалоону жүргүзүү үчүн жайлар;
- айдоочуларга жол кыймылынын коопсуздугун жана коопсуздук техникасын камсыз кылуу боюнча киришүү жана квартал сайын нускамалоо;
- транспорт ишин камсыз кылуучу ички өндүрүштүк документтерди жүргүзүү (журналдар: айдоочулук курамдын Кыргыз Республикасынын транспорт мыйзамдарынын жана Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузууларын эсепке алуу; жол кыймылынын коопсуздугу жана коопсуздук техникасы боюнча киришүү, ай сайын, квартал сайын нускамалоону жүргүзүү; жол-транспорт кырсыктарын эсепке алуу, транспорт каражаттарынын техникалык абалын текшерүү; техникалык тейлөө жана күнүмдүк оңдоо иштерин жүргүзүү; нускамалар: жол коопсуздугу жана коопсуздук техникасы, өрт коопсуздугу боюнча; инженердик-техникалык кызматкерлер үчүн кызматтык нускамалар);
- Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" 018/2011 техникалык регламентинин жана санитардык ченемдердин талаптарына ылайык транспорт каражатын техникалык оң абалда кармоо;
- транспорт каражатынын аталган түрүн башкаруу боюнча тиешелүү квалификациясы бар айдоочулук курам менен транспорт каражатын комплекттөө;
- транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнү камсыз кылуу;
- автомобиль транспорту менен жүк ташууну жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка юридикалык же жеке жакка берүүгө тыюу салуу;
2) жеке жактар үчүн (айдоочулар):
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген автомобиль транспорту менен жүк ташууну жүзөгө ашыруу үчүн квалификациялык талаптарга шайкеш келүү;
- техникалык регламенттердин, стандарттардын талаптарына ылайык келген автотранспорт каражаты менен жүк ташуу;
- жол кыймылынын коопсуздугун жана коопсуздук техникасын камсыз кылуу боюнча нускамалоодон өтүү;
- айдоочулардын белгиленген эмгек жана эс алуу режимин сактоо;
- транспорт каражатын тиешелүү мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүү;
- Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" 018/2011 техникалык регламентинин талаптарына жана санитардык ченемдерге ылайык транспорт каражатын техникалык оң абалда кармоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 311 "Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүк ташууларды уюштуруу эрежелеринин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жол кыймылынын эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга уруксат берүү боюнча негизги жоболорду жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызмат адамдарынын милдеттерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын сактоо.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 33 (3586) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |