Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-апрели № 210
"Кыргыз Агрохолдинг" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
Айыл чарба продукциясынын товар өндүрүүчүлөрүнө, фермерлерге өндүрүлүүчү ата мекендик продукцияны сатууда колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасында агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө", 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 "Корея-Кыргызстан" агроөнөр жай комплекси" агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бир акциянын номиналдык наркы 1000,0 (бир миң) сом болгон 10000,0 (он миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө жолу менен уставдык капиталында 10000000,0 (он миллион) сом өлчөмүндө мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте "Кыргыз Агрохолдинг" ачык акционердик коому (мындан ары - "Кыргыз Агрохолдинг" ААК) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Агрохолдинг" ААКтын уюштуруучусу жана жалгыз акционери болуп саналат деп белгиленсин.
3. "Кыргыз Агрохолдинг" ААКта жалгыз акционер катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине өткөрүп берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 41-пунктча менен толукталсын:
"41) ачык акционердик коомдордун уставдарын.".
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445 "Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордо корпоративдик башкаруу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо жана көрсөтүү тартиби жөнүндө жободо:
- 3-пункттун үчүнчү абзацы "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги" деген сөздөр менен толукталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:
1) түзүлүүчү "Кыргыз Агрохолдинг" ААКтын уставын бекитсин;
2) "Кыргыз Агрохолдинг" ААКты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоону камсыз кылсын;
3) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда "Кыргыз Агрохолдинг" ААКтын акцияларынын уюштуруучулук чыгарылышын мамлекеттик каттоону камсыз кылсын;
4) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдарды төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында "Кыргыз Агрохолдинг" ААКты жайгаштыруу маселесин иштеп чыксын.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) "Кыргыз Агрохолдинг" ААКтын уставдык капиталын түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча 10000000 (он миллион) сом бөлүүнү карасын;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 07-майындагы № 34 (3587) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |