Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 3-июну № 299
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.Д.Мамасадыков, К.А.Талиева, В.К.Раимбачаева, Н.Я.Алимжанова, М.К.Сарбагышев, Д.А.Ашимова, Ж.П.Нурбаев, Н.К.Кадырбеков тарабынан демилгеленген "Маданият жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү функцияларды жана ыйгарым укуктарды чектөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
"Маданият жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү функцияларды жана ыйгарым укуктарды чектөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.Д.Мамасадыков, К.А.Талиева, В.К.Раимбачаева, Н.Я.Алимжанова, М.К.Сарбагышев, Д.А.Ашимова, Ж.П.Нурбаев, Н.К.Кадырбеков тарабынан демилгеленген "Маданият жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү функцияларды жана ыйгарым укуктарды чектөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Аталган Мыйзамдын долбоору "Маданият жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө", "Китепкана иши жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө" жана "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маданият чөйрөсүндөгү функциялары менен ыйгарым укуктарын так ажыратуу максатында иштелип чыккан.
1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 15, 17 жана 35-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын аныктоо каралган 15-1, 15-2-беренелер менен толуктоо сунушталууда.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында "жана райондук маанидеги аймактык органдар" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз, анткени шаардык жана айылдык маданият мекемелеринин аймактык бөлүмдөрү жок.
Маданият жаатындагы мамлекеттик саясатты мыйзамдардын деңгээлинде иштеп чыгуу жана ишке ашыруу "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынган. Алсак, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Министрлер Кабинети социалдык-экономикалык чөйрөдө, жаштар саясаты, маданият, искусство, туризм, спорт, илим, интеллектуалдык менчик, билим берүү, саламаттык сактоо, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, этностор аралык мамилелер, балдарды коргоо жана гендердик тендик, социалдык камсыз кылуу, жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу, жер ресурстарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу; архитектура, шаар куруу жана курулуш иши, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, статистика, мамлекеттик тилди, тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана башка чөйрөлөрдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты аткарууну камсыз кылат. Ошондой эле "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык маданият жана искусство жаатындагы мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет.
Жогоруда баяндалгандарды эске алып, 1-берененин 5-пунктунун он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтарын алып салууну сунуштайбыз, анткени маданият мекемелеринин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу, ошондой эле маданият мекемелеринин кызматкерлерин аттестациялоо маселелери маданият жаатындагы мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болуп саналат. Ушуну менен бирге кызматкерлерди аттестациялоо мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлүшү керектигин белгилейбиз.
Мындан тышкары, 1-беренесинин 5-пунктунда "маданият менен искусствонун бюджеттен финансылануучу мекемелеринин" деген сөздөрдү "теңдештирүүчү гранттарды кошпогондо, жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жергиликтүү маанидеги маданият мекемелеринин" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун экинчи абзацына ылайык "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин "мамлекеттик маанидеги маданият мекемеси" деген термин менен толуктоо каралууда. Муну менен бирге бул термин Мыйзамдын колдонуудагы редакциясынын тексти боюнча, ошондой эле Мыйзамдын долбоорунда колдонулбайт, ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун "а)" пунктчасынын экинчи абзацында "республикалык, облустук, райондук мекемелердин жана райондук деңгээлдеги аймактык органдардын" деген сөздөрдү "мамлекеттик маанидеги маданият мекемелеринин" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрация райондо аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат. Жергиликтүү мамлекеттик администрация - Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине баш ийген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы, ал тиешелүү аймакта аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн макулдашылган ишин камсыз кылат, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат жана өткөрүп берилген ыйгарым укуктардын аткарылышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун алтынчы абзацында кайсы мамлекеттик маданият уюмдарына жергиликтүү мамлекеттик администрациялар колдоо жана көмөк көрсөтүүгө милдеттүү экендигин тактоо керек деп эсептейбиз.
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык тарыхий-маданий мааниси жана илимий-көркөм баалуулуктары бар буюмзаттар Кыргызстан элинин жалпы байлыгы болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун он бешинчи абзацында "муниципалдык менчикте турган маданият объекттерин куруу, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маданият объекттерин" деген сөздөрдү "маданият объекттерин куруу, ошондой эле муниципалдык менчикте турган маданият объекттерин" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Өз кезегинде, "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясына ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн аймагында тарыхый-маданий мурас объекттерин издеп табууну, эсепке алууну, коргоону, реставрациялоону жана пайдаланууну камсыз кылышат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунун он сегизинчи абзацын "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясы менен карама-каршылыктарды болтурбоо предметине карап чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 49, 51-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша милдеттенмелери республикалык бюджеттен максаттуу трансферттердин эсебинен аткарылат.
Мамлекеттик органдар тарабынан билип туруп тиешелүү компенсацияны камсыз кылбастан жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын көбөйтүүгө алып келүүчү иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алууга тыюу салынат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатат.
Муну менен катар, 15-1 жана 15-2-беренелердин сунушталып жаткан редакцияларын маданият чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын өзгөрүшүн эске алуу менен жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маданият чөйрөсүндөгү башка ыйгарым укуктар да жүктөлүшү мүмкүн экендигин эске алуу менен кайра карап чыгууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
2. Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинде "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 8-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Ошол эле учурда аталган Мыйзамдын 7-беренесине негизинен редакциялык мүнөздөгү өзгөртүүлөр киргизилүүдө, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга материалдык эмес маданий мурасты кайра калыбына келтирүүгө, сактоого, пайдаланууга жана кеңири жайылтууга багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү сунушталат.
Ошону менен бирге 2-берененин 1-пунктунун "в" пунктчасынын баяндалышын кайра кароону максатка ылайыктуу деп эсептейбиз, анткени "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бөлүктөр жок.
3. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Аталган Мыйзамдын 4, 14 жана 15-беренелерине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. 4-беренеге редакциялык мүнөздөгү, ал эми 14-беренеге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын китепкана ишиндеги заманбап маалыматтык жана телекоммуникациялык инфраструктураны түзүүнү камсыз кыла тургандыгы, шаардык жана айылдык китепканаларда телекоммуникациялык технологияларды камсыздоо үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү бере тургандыгы жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунда "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга китепкана ишин өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик программалардын негизинде жергиликтүү программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча кошумча милдеттерди берүү сунушталат. Бирок бул өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына каршы келет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарына жараша жана жоопкерчилик менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында жергиликтүү жамааттар тарабынан жүзөгө ашырылат. Ошондой эле "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын так аныктоо принциптеринде жүзөгө ашырылат.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 4-пунктунун "д" пунктчасын алып салууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз, анткени китепкана ишин өнүктүрүү чөйрөсүндөгү жергиликтүү программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кийлигишүүсүнө алып келет.
4. Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Мыйзамдын долбоорунда аталган Мыйзамдын 34, 48 жана 54-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Атап айтканда Мыйзамдын 34-беренесин 11-1-пункт менен толуктоо сунушталат, анда жергиликтүү кеңештерге мыйзамдарга ылайык жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесин бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү каралат. Ошондой эле Мыйзамдын 48 жана 54-беренелерине айыл өкмөттөрүнүн башчыларына жана шаарлардын мэрлерине мыйзамдарга ылайык жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесин бекитүү боюнча сунуштарды жергиликтүү кеңешке киргизүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
Ошону менен бирге "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарынын толук тизмеси аныкталган, ушуга байланыштуу "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесин толуктап иштеп чыгууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
5. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинде "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15 жана 20-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Мыйзамдын долбоорунда 15-беренеге Бишкек шаардык кеңешине мыйзамдарга ылайык жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесин бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат, 20-беренеге Бишкек шаарынын мэрине мыйзамдарга ылайык жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесин бекитүү боюнча сунуштаманы Бишкек шаардык кеңешине киргизүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
Ошону менен бирге "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясында тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын толук тизмеси аныкталган, ушуга байланыштуу "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесин толуктап иштеп чыгууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
6. Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинде "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15 жана 20-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Мыйзамдын долбоорунун 6-беренеси боюнча Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинде көрсөтүлгөн сын пикирлердин бар экендигин белгилейбиз.
7. Мыйзамдын долбоорунун 7-беренесинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын сунушталган Мыйзамдын долбооруна ылайык келтирүү тапшырылган.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана илгерилетүү белгилүү убакытты талап кыла тургандыгын эске алып, "үч айлык мөөнөттө" деген сөздөрдү "алты айлык мөөнөттө" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ушуга байланыштуу негиздеме-маалымкатты ушул Мыйзамдын долбооруна ылайык келтирүүгө тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат менен толуктоону зарыл деп эсептейбиз.
Муну менен катар Мыйзамдын долбоорунун таризделишин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 99-пунктуна ылайык келтирүү зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мыйзамдын долбоорун жогоруда белгиленген сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу, ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктунун он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтарын милдеттүү түрдө алып салуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.