Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 7-июну № 317-т
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинин 89-пунктун жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларына карата тиркелген түшүндүрмө бекитилсин.
2. Бул тескеме Кыргыз-Азербайжан биргелешкен "ЭВОС" жоопкерчилиги чектелген коомуна жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын
15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын
ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому менен
бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларына
карата түшүндүрмө
Кыргыз-Азербайжан биргелешкен "ЭВОС" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 "Мамлекеттик алымдын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик алымдын ставкаларынын жоболоруна, тактап айтканда мурабаха келишими түзүлгөн жок деп таануу жөнүндө сотко доо арызды берүүдө мамлекеттик алымдын кайсы өлчөмү алынууга тийиш экендиги боюнча расмий түшүндүрмө берүү тууралуу кайрылуусун карап чыгып, төмөнкүнү белгилейбиз.
Аталган Мамлекеттик алымдын ставкаларынын 1-пунктунда сотко берилүучү доо арыздарынан, анын ичинде келишимге чейинки талаштар боюнча арыздардан, өзгөчө өндүрүштөгү иштер боюнча арыздардан (даттануулардан), апелляциялык жана кассациялык даттануулардан алынуучу мамлекеттик алымдын өлчөмдөрү аныкталган.
Ошол эле учурда Мамлекеттик алымдын ставкасынын 1-пунктунун 11-пунктчасында бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө талаштар боюнча доо арыздарынан алымдын өлчөмү 1-пункттун 1 -пунктчасына ылайык бүтүмдүн предмети болуп эсептелген мүлктүн наркы менен аныкталуучу доонун баасы боюнча аныктала тургандыгы белгиленген.
Аталган ставкаларда келишимдерди түзүлгөн жок деп таанууда ставкалардын тиешелүү өлчөмдөрү каралган эмес.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде "келишим түзүлгөн жок" термининин так аныктамасы камтылбагандыгын белгилей кетүү керек. Бирок жогоруда аталган Кодекстин айрым беренелеринде "келишим түзүлгөн жок" деген формулировка бар.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 428, 592, 729-беренелерине ылайык эгерде соода-сатык келишими берилүүчү товардын санын аныктоого мүмкүндүк бербесе, келишим түзүлгөн жок деп эсептелет.
Имаратты же курулушту арендалоо келишиминде аренда акысынын өлчөмү каралууга тийиш. Аренда акысынын өлчөмү жөнүндө тараптар макулдашкан жазуу жүзүндөгү шарттар жок болгон учурда имаратты же курулушту арендалоо келишими түзүлгөн жок деп эсептелет.
Эгерде акчасыздык боюнча заем алуучунун заем келишимин талашуусунда анын заем берүүчүдөн акчаны же башка буюмду чындыгында албагандыгы аныкталган учурда заем келишими түзүлгөн жок деп эсептелет.
Ошептип келишимдин тараптары тигил же бул келишимди "түзүлгөн жок" деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сот органдарына кайрыла алат.
Ошону менен бирге мамлекеттик алымдын ставкаларынын өлчөмүн аныктоодо доонун баасына жараша Мамлекеттик алымдын ставкасынын 1-пунктунун 1-пунктчасын жетекчиликке алуу зарыл, ал түзүлбөгөн келишимдин болжолдуу суммасынан жана келишим түзүлбөгөндүктөн улам келип чыккан тиешелүү чыгымдардан эсептелиши мүмкүн.