Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгы менен бекитилди) |
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында
коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча
мамлекеттик стратегия
1. Стратегиянын преамбуласы
Азыркы этапта коррупция дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө ар кандай даражада жайылган мурдатан бери келе жаткан көйгөй болуп саналат жана коом жана жалпысынан мамлекет үчүн кыйла коркунучтуу көрүнүштөрдүн бири бойдон калууда. Коррупция көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда социалдык-экономикалык реформаларды киргизүү жана демократиялык өнүктүрүү жолунда олуттуу тоскоолдук болуп саналат.
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Коррупция улуттук коопсуздукка, өлкөнү экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө коркунуч келтирет, мамлекеттик институттардын иштешине терс таасирин тийгизет, социалдык өзгөртүп түзүүлөрдү жүргүзүүгө жана экономиканы модернизациялоого тоскоолдук кылат, укуктун үстөмдүгү, демократия, укук тартиби, теңчилик жана социалдык адилеттүүлүк принциптерин олуттуу начарлатат, мамлекеттин адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жөндөмдүүлүгүн бузат, коомдо мамлекеттик бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына ишенбөөчүлүктү пайда кылат жана коомдун өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды туура эмес кабыл алышына алып келет. Коррупциянын кыйла көйгөйлүү көрүнүшү болуп кызмат адамдарын сатып алуу саналат, анын латенттүүлүгү алардын жайылышына жана жазасыз калууга өбөлгө түзөт.
Системалуу коррупция өлкөнүн экономикасына өтө терс таасирин тийгизет. Коррупциянын кесепеттери мамлекеттик жана муниципалдык органдардын аппараттарын башкаруу деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет, биринчи кезекте экономика чөйрөсүндө, инвестициялык климатты начарлатат, бизнести көйгөйлөрдү коррупциялык методдор менен чечүүгө түртөт, көмүскө экономиканын гүлдөп өнүгүшүнүн негизин түзөт. Анын кесепетинен мамлекеттин бюджетине салыктык, бажылык жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн түшүүлөрү азаят, өзгөчө мамлекеттик заказдарды бөлүштүрүүдө жана сатып алууларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик каражаттар натыйжасыз пайдаланылат жана уурдалат.
Коррупция азыркы коом үчүн реалдуу коркунучту жаратуу менен уюшкан кылмыштуулуктун активдүү ээнбаштыгына, коррупциялашкан чиновниктердин криминалдык түзүмдөр менен биригишине алып келет.
Коррупциялык көрүнүштөр дагы эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө (саламаттык сактоо, билим берүү, энергетика, транспорт, курулуш, жер-укуктук мамилелер жана башка чөйрөлөр) турмуштук деңгээлде байкалууда.
Кыргыз Республикасы 2005-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясын (мындан ары - БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясы) ратификациялаган. Ар кандай этаптарда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча стратегиялык документтер, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилеген ченемдик укуктук актылар кабыл алынган. Ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүүгө, анын ичинде алдын алуучу чараларга, коррупциялык кылмыштарды аныктоого жана бөгөт коюуга адистештирилген мамлекеттик институттар түзүлгөн.
Муну менен бирге коомдун жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө кирген, ар кандай көрүнүштөрдө туруктуу пайда болгон коррупциянын коркунучтарына толук эмес жана системалуу эмес чара көрүү өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин минималдаштырууга багытталган күтүлгөн жыйынтыктарга жетишүүгө алып келген жок.
Коррупцияга каршы саясаттын натыйжалуулугу коррупцияга каршы инструменттерди жана механизмдерди өз убагында пайдалануудан, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн бардык субъекттерин тартуу менен системалуу уюштуруу-укуктук каражаттарды жана чараларды колдонуудан көз каранды.
Мамлекеттик коррупцияга каршы стратегиянын жаңы концепциясын ишке ашыруу зарылдыгы келип чыгууда, ал азыркы чакырыктарга жана бул терс көрүнүштүн коркунучтарына ылайык келген коррупцияга каршы аракеттенүүдө ийгиликке жетүүнүн кепилдиги болууга тийиш. Стратегиялык документ коррупциянын кандай болбосун көрүнүштөрүнө каршы турууга багытталган чаралардын комплексин системалык негизде колдонууну кароого, улантуучулукту камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ырааттуу чаралардын системасын түзүүгө тийиш.
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия (мындан ары - Стратегия) төмөнкүлөргө багытталган:
- адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коррупциянын көрүнүштөрүнөн коргоого;
- мамлекеттик саясатты ишке ашырууну контролдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча адистештирилген мамлекеттик органды аныктоо менен коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негиздерин өркүндөтүүгө;
- коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу чараларын колдонуу, коррупциялык тобокелдиктерди, коррупциялык көрүнүштөрдү пайда кылган себептерди жана шарттарды жоюуга;
- коррупцияга каршы күрөшүү чараларын күчөтүүгө;
- жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишенимин жогорулатуу, коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен кутулбастык принцибин ишке ашырууга;
- жарандардын коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатууга, коррупциянын көрүнүштөрүнө туруктуу жол берилбестик мамилени калыптандырууга;
- мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүгө, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде укуктук регламентацияны, ачыктыкты жана айкындуулукту камсыз кылууга;
- кызматчылардын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун туруктуу стандарттарын калыптандырууга жана аларды социалдык коргоону камсыз кылууга;
- жагымдуу инвестициялык чөйрөнү жана бизнес шарттарын түзүүгө, алардын ишине мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоого;
- мамлекеттик башкарууну санариптештирүүнү өнүктүрүүгө;
- коррупцияга каршы аракеттенүү маселелеринде жарандык коомдун ролун жогорулатууга;
- өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясын олуттуу жакшыртууга.
Бул Стратегия Кыргыз Республикасынын Конституциясына, улуттук мыйзамдардын ченемдерине, БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясына, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коррупцияга каршы тармагы (ЭКӨУ Коррупцияга каршы тармагы) тарабынан ишке ашырылуучу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Стамбул иш-аракеттер планынын программасынын алкагындагы сунуштамаларга жана коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү башка эл аралык укуктук документтерге ылайык, ошондой эле укук колдонуу практикасын талдоонун, статистикалык маалыматтардын жана изилдөөлөрдүн негизинде, жарандык коомдун, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин жана илимий чөйрөнүн катышуусу менен иштелип чыккан.
Мамлекет менен коомдун биргелешкен күч-аракети Кыргыз Республикасына коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу улуттук системасын түзүү жолунда олуттуу кадамдарды жасоого мүмкүнчүлүк берет.
2. Учурдагы кырдаал:
негизги окуялардын жана жетишкендиктердин жыйынтыктары,
коррупцияга каршы аракеттенүүдөгү чакырыктар жана
көйгөйлөр
Кыргыз Республикасында акыркы жылдардын аралыгында коррупцияга каршы аракеттенүүнүн ар кандай документтери, стратегиялары жана механизмдери кабыл алынган, алар ар кандай себептерден улам жетиштүү түрдө натыйжалуу болбой, жарандардын даттанууларын жана коомдун нааразычылыгын жараткан.
Коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү маселелери бир катар стратегиялык документтерде жана мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдеринде: 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында; 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясында, 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегияда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Өкмөтүнүн) чечимдеринде белгиленген.
Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү улуттук укуктук база "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө", "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө", "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана коррупциянын алдын алуу менен байланышкан кызмат өтөөдө чектөөлөрдү, тыюу салууларды жана милдеттерди белгилөөчү башка мыйзам актыларынан турат.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасы саясий турукташуу фазасында турат, конституциялык реформа жүргүзүлдү. Конституциялык органдардын статусу аныкталды, сот системасынын, прокуратуранын жана күч түзүмдөрүнүн ишин, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ар кандай аспекттерин жөнгө салуучу жаңы мыйзамдар жана мыйзамдарга оңдоолор кабыл алынды. Социалдык кепилдиктер берилип, эмгек шарттары жакшырууда.
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлдү, анын иши коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүүгө жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылууга, бизнести өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Шайлоо процессинде биометрикалык идентификациялоонун, добуш берүүнүн жыйынтыктарын автоматтык түрдө электрондук эсептөөнүн ж.б. негизинде шайлоочулардын тизмесин түзүүнү жана шайлоого катышууну караган жаңы шайлоо модели киргизилген.
Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстер, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси ийгиликтүү ишке киргизилди, мында процессуалдык ченемдер учурдагы реалийлерге жана чакырыктарга ылайык келтирилди, коллизиялар жоюлду, жаңы ченемдер киргизилди, коррупциялык кылмыштар, анын ичинде мыйзамсыз баюу, кылмышттуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), паракорчулукка ортомчулук кылуу, паракорчулукка ортомчулукка убада кылуу же сунуштоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган эл аралык стандарттар имплементацияланды, ошондой эле кызмат адамдарынын ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткарбагандыгы, ишкердик субъекттердин ишине мыйзамсыз кийлигишкендиги, мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларацияларды бербегендиги же талаптагыдай бербегендиги үчүн жаза колдонуу жөнүндө жобо кайтарылды.
Өлкө жетекчилигинин чечкиндүү саясий эркинен улам азыркы учурда прокуратура, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдары тарабынан коррупцияга каршы катуу жана компромисске жол берилбеген күрөш жүрүп жатат. Бул күрөш бюджетке көп миллиарддаган зыяндын ордун толтурууну жана мыйзамсыз менчиктештирилген (сатылган) билим берүүнүн, саламаттык сактоонун, маданияттын жана спорттун социалдык объекттерин, ошондой эле жер участокторун жана мамлекеттик (муниципалдык) менчиктеги башка объекттерди мамлекетке кайтарууну камтыйт.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды аныктоо жана кылмыштык куугунтуктоо, коррупция, паракорчулук, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу, мамлекеттик каражаттарды уурдоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактыларына бөгөт коюу, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча күч органдарынын ишинин натыйжалуулугу жогорулады.
Жетишилген ийгиликтер менен токтоп калбастан, коррупцияга каршы күрөш коррупцияга көбүрөөк дуушар болгон тармактарга басым жасоо менен коомдук жашоонун бардык чөйрөлөрүндө системалуу негизде улантылышы керек.
Коррупция менен күрөшүүдө мамлекеттин күч-аракеттерине карабастан, коррупциялык тобокелдиктер жана көрүнүштөр мамлекеттик аппаратта гана эмес, экономиканын жеке секторунда да кызмат адамдарын сатып алууда, мыйзамсыз сый акы алууда жана коррупциялык багыттагы башка кылмыштарда орун алып, мамлекеттин институттарына жана коомдук жашоонун туруктуулугуна коркунуч келтирүүдө.
Коррупция материалдык жана башка жыргалчылыктарды мыйзамсыз алуунун бардык мүмкүнчүлүгүн пайдалануу менен ага системалуу мүнөз берип, ар кандай формалар жана схемалар түрүндө болууда. Коррупциялык көрүнүштөр мыйзамдын өркүндөтүлбөгөнү, мамлекеттик башкаруу системасынын начардыгы жана башкаруу чечимдери аркылуу ишке ашырылуучу коррупциялык тобокелдиктердин сакталышы менен шартталган.
Тармактык мыйзамдардагы кемчиликтер, анын ичинде кенемтелер, коллизиялар жана ашыкча дискрециялык ыйгарым укуктар, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын функцияларын жана жоопкерчилигин аныктаган ченемдик укуктук актыларда коррупциялык тобокелдиктердин болушу, ошондой эле административдик регламенттердин жана алардын ишиндеги ачык-айкындуулук жол-жоболорунун толук эместиги коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзөт жана коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизет. Ошол эле учурда колдонуудагы коррупцияга каршы мыйзамдык база анын түпкү себептерин жоюу менен коррупциянын алдын алуунун заманбап талаптарына жооп бербейт, декларативдик мүнөзгө ээ жана аны практикада колдонуу механизмдерин карабайт, бул ЭКӨУ Коррупцияга каршы тармагынын сунуштамаларында да белгиленген.
Мунун натыйжасында өлкөдөгү коррупцияга каршы күч-аракеттер коррупция жана анын терс кесепеттери менен күрөшүүгө багытталган, мында коррупцияны пайда кылган себептерге дээрлик тийиштүү көңүл бурулбай калууда.
Республикалык маанидеги мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун борбордук органдарында түзүлгөн коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын жоболорун ченемдик укуктук жөнгө салуунун жетишсиздиги, ошондой эле алардын ишин тийиштүү түрдө контролдоонун жана координациялоонун жоктугу бийлик органдарында коррупциянын алдын алуунун натыйжалуулугунун күтүлгөн жыйынтыктарын берген жок.
Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн кемчиликтери катары коррупциянын деңгээлин өлчөөнүн улуттук системасынын, коррупцияга каршы экспертизанын унификацияланган негиздеринин жоктугун, мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды көрсөтүүдө кызматчылардын жарандар менен байланышуу мүмкүнчүлүгүнүн сакталышын, санариптештирүү процесстеринин толук өнүкпөгөндүгүн, укуктук нигилизмди, жарандардын жүрүм-турумунун коррупцияга каршы моделин түзүүгө жана коррупцияны четке кагуу атмосферасын түзүүгө багытталган системалуу жана комплекстүү маалыматтык-алдын алуу ишинин деңгээлинин начардыгын белгилөөгө болот.
Саясий коррупция айрым топтордун мамлекеттик процесстерге таасирин тийгизүүсүнө, шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин жана саясий партияларды каржылоодо айкындуулук жана жоопкерчилик принциптерин бузууга алып келет. Саясий коррупциянын болушу кабыл алынуучу коррупцияга каршы стратегиялардын жана чаралардын натыйжалуулугун бузат, бул мамлекеттин улуттук коопсуздугуна реалдуу коркунуч жаратат, ошондой эле коомдун саясий системага болгон ишенимин төмөндөтөт жана 2005, 2010 жана 2020-жылдарда болгондой өлкөдө коомдук-саясий толкундоолорду жаратышы мүмкүн.
Саясий коррупциянын алдын алуу саясий партиялардын ишинин, шайлоо алдындагы жана шайлоо ишинин, ошондой эле башкаруу кадрларын тандоо жана дайындоо, кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу, коррупциялык схемаларды түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын коррупциялык мүнөздөгү аракеттери жана/же аракетсиздиги үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилиги маселелеринде мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин чөйрөсүндө жүзөгө ашырылууга тийиш.
2020-жылы 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия кабыл алынган. Ал коррупцияны пайда кылган себептерди жана шарттарды жоюуга, адекваттуу укук коргоо чараларын кабыл алууга жана коомдо коррупцияга жол бербестикти калыптандырууга багытталган. Бирок жогоруда аталган Стратегияда каралган коррупцияга каршы чаралар толук ишке ашырылган эмес.
Жогоруда аталган стратегиялык документ мамлекеттик органдардын ишин координациялоонун, алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жетишсиздигинин кесепетинен натыйжалуу коррупцияга каршы аракеттенүүгө алып келген жок. Пландуу иш-чараларды иштеп чыгууну жана бекитүүнү, жооптуу органдарды жана аткаруу мөөнөттөрүн аныктоону камтыган уюштуруу-укуктук чаралардын жоктугу коррупцияга каршы чаралардын аткарылышынын деңгээлин баалоого мүмкүндүк бербейт. Колдонуудагы Стратегияда каралган ишке ашырылбаган иш-чаралар актуалдаштырылууга жана жаңы Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына киргизилүүгө тийиш.
Коррупцияны кабыл алуу деңгээлин жана коррупцияга каршы аракеттенүүдө өлкөнүн күч-аракеттеринин сунуштамаларга жана алдынкы практикага шайкештигин изилдөө менен алектенген эл аралык абройлуу уюмдардын изилдөөлөрүнө көңүл буруу керек, алардын баалоосу өлкөнүн эл аралык рейтингдердеги позициясына жана анын инвестициялык жагымдуулугуна таасирин тийгизет.
3. Стратегиянын максаты, милдеттери жана ишке ашыруу
принциптери
3.1. Стратегиянын максаты
Бул Стратегиянын максаты коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонуу, коррупция менен күрөшүүнү күчөтүү жана кесепеттерин жоюу, жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишенимин жогорулатуу жана коомдо коррупциялык көрүнүштөргө жол бербестик атмосферасын түзүү аркылуу Кыргыз Республикасында коррупцияны минималдаштыруу болуп саналат.
3.2. Стратегиянын милдеттери
Стратегиянын максаттарына жетүү үчүн төмөнкүдөй милдеттер аныкталган:
- коррупцияга каршы мыйзамдарды модернизациялоо;
- укуктук негиздерди белгилөө жана ченемдик укуктук актыларга жана алардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнүн бирдиктүү методологиясын киргизүү;
- коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органды аныктоо, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу институтту бекемдөө;
- заманбап коррупцияга каршы чараларды жана коррупцияга каршы аракеттенүү инструменттерин иштеп чыгуу жана колдонуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын беделин жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;
- укуктук негиздерди белгилөө жана коррупциялык практикаларды жана схемаларды түзүү үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин жана кызматкерлеринин комплекстүү жоопкерчилигин киргизүү;
- сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына ишенимди жогорулатуу, чынчылдык жана сатылбастык принциптерин күчөтүү, коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен кутулбастыкты камсыз кылуу;
- коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген, коррупцияга каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөткөн адамдарды мамлекеттик коргоонун натыйжалуу укуктук чараларын белгилөө;
- мамлекеттик каражаттарды башкаруу, финансылык контролдоо системаларын өркүндөтүү жана сатып алуулар жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;
- ишкердик субъекттерди коргоо системасын өркүндөтүү жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө санариптик технологияларды өнүктүрүү жана колдонуу;
- коррупциянын деңгээлин өлчөөнүн улуттук системасын киргизүү, коррупциянын абалы жөнүндө изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүүдө жарандык коомдун жана бизнес-коомчулуктун активдүү ролун колдоо;
- коррупцияга каршы пропагандалоону жүргүзүү, коррупцияга каршы стандарттарды популярдаштыруу жана коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу;
- зарыл болгон эмгек шарттарын түзүү жана социалдык коргоо менен потенциалды чыңдоо жана жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу;
- эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, эл аралык ченемдерди жана сунуштамаларды ишке ашыруу, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында эл аралык рейтингдерде позицияны жакшыртуу.
3.3. Стратегияны ишке ашыруу принциптери
Стратегияны ишке ашыруунун негизги принциптери:
- мамлекеттик башкаруу системасынын мыйзамдуулугу, адилеттүүлүгү, ачыктыгы жана айкындуулугу;
- адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коррупциялык көрүнүштөрдөн коргоо, анын ичинде коррупцияга каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөткөн адамдарды коргоо;
- коррупцияга каршы иште коррупцияны болтурбоонун алдын алуучу чараларын пайдалануунун артыкчылыгы;
- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча саясий, социалдык-экономикалык, укуктук, маалыматтык, уюштуруучулук жана башка мүнөздөгү чаралардын комплексин колдонуунун системалуулугу;
- мамлекеттик башкарууну санариптештирүү;
- коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен кутулбастык;
- коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында мамлекеттин жарандык коом, бизнес-коомчулук менен өз ара аракеттенүүсү;
- эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен кызматташуу, көрүлүүчү чаралардын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык укук ченемдерине шайкештиги;
- Стратегияны ишке ашыруунун натыйжалуулугунун өлчөнүүчүлүгү.
4. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн стратегиялык
мамилелери
4.1. Коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү, аны практикада колдонуунун натыйжалуулугун камсыздоо
Акыркы жылдары өлкөдө саясий жана укуктук системада, мамлекеттик башкаруу институттарында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Азыркы этапта коррупцияга каршы мыйзамдардын учурдагы абалы өркүндөтүүгө муктаж.
Узак убакыттан бери "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө", "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө", "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларга боштуктарды жана шайкеш эместиктерди четтетүү, ошондой эле коррупциянын алдын алуунун практикалык жана заманбап чараларын киргизүү максатында коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүгүндө тиешелүү оңдоолор киргизилген эмес.
Коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү коррупциянын алдын алуунун, анын ичинде коррупцияга каршы аракеттенүү; коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо; кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу; мамлекеттик жана муниципалдык кызмат; кызматчылардын кирешелерин жана чыгымдарын декларациялоо; жеке жана юридикалык жактар менен өз ара мамилелерде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу чөйрөсүндө натыйжалуу механизмдерди киргизүүнү камтууга тийиш.
"Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуунун ийгиликтүүлүгү анын укуктук ченемдеринин мазмунунан жана коррупцияга каршы аракеттенүүнүн төмөнкү негизги багыттарды камтыган маанилүү инструменттерин түзгөн системалуу мамилелерден жана чаралардан көз каранды болот:
- коррупцияга каршы чектөөлөр жана тыюу салуулар;
- коррупцияга каршы мониторинг;
- коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана башкаруу;
- коррупцияга каршы экспертиза;
- финансылык контроль;
- мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөргө жана маалыматтарга жеткиликтүүлүк, алардын процесстерин санариптештирүү;
- коррупцияга каршы пропагандалоо, окутуу жана коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу;
- коомчулуктун коррупцияга каршы аракеттенүүгө катышуусу;
- коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин жоюу.
Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө мыйзамдар коопсуздукту, корголуучу адам жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун жана сый акы төлөөнү кепилдөөдөн тышкары, жумушта мыйзамсыз куугунтуктоодон коргоо, мамлекеттик укуктук жардам көрсөтүү боюнча чараларды жана адамдарды коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирүүгө жана коррупцияга каршы аракеттенүүгө активдүү катышууга дем берүүгө мүмкүндүк берүүчү башка коргоо каражаттарын камтууга тийиш.
"Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аны ишке ашыруу боюнча мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актылар мамлекеттик, муниципалдык жана башка кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишинде кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу боюнча практикада толук колдонулган жок. Жогоруда айтылгандар бул чөйрөдөгү мыйзамдарды ишке ашыруунун жана талаптагыдай аткарылышын контролдоонун укуктук ченемдеринин жана инструменттеринин, ошондой эле координациялоого жана мониторинг жүргүзүүгө багытталган кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу боюнча бирдиктүү ыйгарым укуктуу органдын жоктугун күбөлөндүрөт. Ушуга байланыштуу шайкеш келбестиктерди жана боштуктарды четтетүү боюнча чараларды көрүү талап кылынат.
Ошондой эле саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишинде өзгөчө статусту жана функцияларды чагылдырган ички эрежелерди өркүндөтүү (кабыл алуу) аркылуу мамлекеттик функцияларды ишке ашырууда кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды киргизүү зарыл.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым ченемдерин, анын ичинде жарандын мамлекеттик же муниципалдык кызматка кирүүдө коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндө милдеттенме берүүсүн жана мындай милдеттенме бербеген учурда кызматка алуудан баш тартууну же бошотууну, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасаган адамдарды кызматка алууга тыюу салууну караган ченемдерди коррупцияга каршы стандарттарга ылайык келтирүү зарыл.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын жана алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтардын аныктыгына жана толуктугуна, ошондой эле чыгымдардын мыйзамдуу кирешелерге ылайык келишине карата бирдиктүү салык декларациясына текшерүү (мониторинг) жүргүзүү тартибинин укуктук ченемдерин өркүндөтүү сунушталат.
"Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, жарандардын бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга, административдик жол-жоболорду жүзөгө ашыруу менен байланышпаган жарандардын кайрылууларын кароого тиешелүү мыйзамдардын ченемдерин колдонууну чектөө бөлүгүндө административдик иштин негизги принциптерин практикалык колдонууга жана ишке ашырууга багытталууга тийиш.
4.2. Ченемдик укуктук актыларга жана алардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнүн укуктук негиздерин белгилөө жана бирдиктүү методологиясын киргизүү
Ченемдик укуктук актыларга жана алардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү алдын алуучу мүнөздөгү чаралардын бири катары коррупциогендик факторлорду, анын ичинде коллизияларды жана боштуктарды, жеке жана юридикалык жактарга аларга таандык укуктарды ишке ашыруу үчүн коюлуучу аныкталбаган жана убара кылуучу талаптарды, ошондой эле башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда кызмат адамдарынын дискрециялык ыйгарым укуктарын жана коррупциялык жүрүм-турумун жоюуга багытталууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги укуктук экспертизанын алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзөт, ал коррупциогендик факторлорду толук аныктоо жана четтетүү үчүн коррупцияга каршы экспертизанын принциптерине толук жооп бербейт. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза ошол мамлекеттик органдын жетиштүү жана толук комплекттелген кесипкөй штаты, ошондой эле мындай түрдөгү экспертизаны жүргүзүү үчүн материалдык-техникалык жабдуусу бар адистештирилген бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
Колдонуудагы мыйзамдарга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аныкталган. Муну менен бирге ченем чыгарууда мыйзам алдындагы актылардын чоң массивин эске алуу менен, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча функцияларды ишке ашырууда прокуратура органдарынын күч-аракеттери колдонуудагы мыйзамдарда гана эмес, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (алардын кызмат адамдарынын) көзөмөлдөө ишинин предмети менен байланышкан башка ченемдик укуктук актыларында коррупциогендик факторлорду аныктоого багытталууга тийиш.
Ченем жаратуучу органдар жана алардын кызмат адамдары кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга, анын ичинде алардын аткарылышына контроль жана мониторинг жүргүзүүдө коррупцияга каршы экспертизаны туруктуу негизде жүргүзүүгө умтулууга тийиш.
Корутундулары ченем жаратуучу органдар тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актыларга жана алардын долбоорлоруна белгиленген тартипте көз карандысыз коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүгө коомчулукту тартуу үчүн шарттарды түзүү керек.
Ушуга байланыштуу ченемдик укуктук актыларга жана алардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнүн бирдиктүү тартибин жана методологиясын мыйзамдык деңгээлде жөнгө салуу маанилүү. Мында бул процессти автоматташтыруу жана коррупцияга каршы экспертизанын корутундуларына коомчулуктун эркин жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу зарыл.
Коррупцияга каршы экспертизанын натыйжалуу инструменттеринин бири компетенттүү адамдардын потенциалын жогорулатуу методдорун иштеп чыгуу болууга тийиш.
4.3. Коррупциянын алдын алуу боюнча мамлекеттик институтту өнүктүрүү жана өркүндөтүү
Коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, координациялоо жана ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү максатында коррупциянын алдын алуу боюнча адистештирилген мамлекеттик органдын болушун камсыз кылуу зарыл. Жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу бул органга көз карандысыздыкты берүү, жогорку кесипкөй персонал жана зарыл болгон материалдык ресурс менен комплекттөө, ошондой эле аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу, коррупцияга каршы агартууну жана окутууну жүргүзүү, коомдо коррупцияга жол берилбестикти калыптандыруу жана чыңдоо, коррупциянын алдын алуу жаатында башка иш-чараларды жүргүзүү боюнча тиешелүү функциялар аркылуу жетишилүүгө тийиш.
Коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууда республикалык маанидеги мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун борбордук органдарындагы негизги милдети коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча органдын ишин координациялоо, коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруунун баштапкы мониторингин жүргүзүү, ошондой эле коррупциянын алдын алуу чараларын методологиялык жана консультациялык коштоо болуп саналган коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын (мындан ары - ыйгарым укуктуулар) иши маанилүү элемент бойдон калууда.
Бирок талдоо көрсөткөндөй, ведомстводо тартипти камсыз кыла турган ыйгарым укуктуулар кызыкчылыктардын кагылышуусу болгондугуна жана статусунун төмөндүгүнө байланыштуу бул милдеттерди натыйжалуу аткарууга толук көлөмдө жөндөмдүү эмес болгон. Ыйгарым укуктуулардын өз жетекчилеринен көз карандылыгы жана статусунун төмөндүгү аларга маалыматты тоскоолдуксуз алууга мүмкүндүк бербейт, өз функцияларын аткарууда демилгелердин ийгиликтүүлүгүнө кепилдик бербейт.
Бул ошондой эле алардын милдеттерин башка кызматкерлерге (бөлүмдөргө) жүктөө же аларга тиешеси жок функцияларды аткаруу, айрым учурларда зарыл болгон билимдин, тажрыйбанын жана иш көндүмдөрүнүн жоктугу менен байланыштуу.
Ошол эле учурда институт акыркы жылдары тийиштүү контролсуз жана координациясыз калды, бул айрым мамлекеттик органдардагы ыйгарым укуктуулардын ишинин системасыздыгына алып келди. Ыйгарым укуктуулардын ишин контролдоо жана координациялоо маселелери укуктук ченемдер менен жөнгө салынган эмес, ошондой эле бул институт түзүлгөн учурдан тартып анын ишинин негизги багыттарын аныктаган ченемдик укуктук актыларга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилген эмес.
Ушуга байланыштуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу институттун ишинин натыйжалуулугуна жетишүү максатында аларды укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү жолу менен институтка тиешелүү статусту жана ыйгарым укуктарды берүү керек. Коррупциянын алдын алуу боюнча адистештирилген мамлекеттик органдын түзүмүндө ыйгарым укуктуулардын болушун аныктоо, мамлекеттик (муниципалдык) башкаруу системасында алардын ролун күчөтүү, иш жана отчеттуулук процесстерин автоматташтыруу менен милдеттерди жана функцияларды оптималдаштыруу, алардын ишинин потенциалын бекемдөө, жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү маанилүү.
Ыйгарым укуктуулардын адистештирилген органга өтүшү аталган көйгөйлөрдү жоюуга, 2015-жылдан тартып түзүлгөн институттук эс тутумду сактоого жана ошол эле учурда бул органдын ишин күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
4.4. Сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына ишенимди жогорулатуу, чынчылдык жана сатылбагандык принцибин бекемдөө, коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен кутулбастыкты камсыздоо
Коррупцияга каршы күрөшүүнүн субъекттери болуп укук коргоо органдары, прокуратура органдары жана сот бийлиги саналат, алардын иши коррупциялык укук бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган.
Сот системасына ишенимди жогорулатуу, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо ишинде анын ролун күчөтүү, сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн судьялардын ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерди жоюу зарыл. Судьяга талапкерлерге карата талаптарды күчөтүү, сот өндүрүшүн жөнөкөйлөтүү, соттордун ишин автоматташтыруу, сот процесстерин жана актыларды элге жарыялоо сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылууга, сот системасынын ишинде ачык-айкындыкты жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Азыркы учурда сот органдарынын ишинде сот процесстеринин ачыктыгын жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга, соттук башкарууну өркүндөтүүгө жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган реформалар жүргүзүлүп жатат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдик жоболорун ишке ашырууда "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары кабыл алынган.
Сот системасын реформалоого багытталган "2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасы бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда конституциялык сот өндүрүшүндө электрондук документ жүгүртүү жана аудио, видеожаздыруу системасы колдонулат, анын материалдары социалдык тармактарда жарыяланат. Маалымат порталы жана расмий сайты түзүлгөн жана иштеп жатат.
Жергиликтүү соттордун судьяларын масштабдуу ротациялоо жүргүзүлдү. "Сот" автоматташтырылган маалымат системасы (АМС), соттук иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү механизмдери, соттук процесстерди аудио, видеожаздыруу жана башка иш-чаралар киргизилген, бул сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, соттук актыларды кабыл алуунун ачык-айкындыгын жана объективдүүлүгүн жогорулатууга оң таасирин тийгизүүдө.
"2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасы жарандардын жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын адилеттүү жана натыйжалуу коргоого багытталган сот адилеттиги системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктайт. Көрсөтүлгөн максаттын артыкчылыктарына судьялардын жана сот системасынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу, сот органдарынын жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындыгын жогорулатуу, сот адилеттиги системасында санариптик технологияларды колдонууну кеңейтүү жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, натыйжалуу сот өндүрүшүнө жетүү үчүн секторлор аралык өз ара туруктуу аракеттенүүнү жакшыртуу аркылуу жетүүгө болот. Сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн, натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, сот системасын жогорку кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу, сот системасына болгон ишенимди жогорулатуу, сот адилеттигин жүргүзүү сапатын жогорулатуу, сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу боюнча чаралар белгиленген.
Жетишилген жыйынтыктарга карабастан, сот системасынын ишин өркүндөтүү жана реформалоо судьялардын көз карандысыздыгынын, алардын алмаштырылгыстыгынын кепилдиктерин күчөтүү максатында белгиленген милдеттерди ишке ашыруу жолу менен улантылат.
Сот бийлигинин ачык-айкындыгы көз карандысыздыктын жана сатылбастыктын ишенимдүү кепилдиктерин талап кылат. Сот бийлигинин тышкы таасирлерден көз карандысыздыгын жана коррупция менен күрөшүүдөгү анын чечүүчү ролун камсыз кылуу үчүн судьялардын жана сот органдарынын кызматкерлеринин чынчылдык, калыстык, сатылбастык, сот актыларын кабыл алуунун ачык-айкындыгы жана аларды жарыялоонун милдеттүүлүгү, коррупциянын пайда болушу үчүн кандай болбосун мүмкүнчүлүктөргө жол бербөө принциптерин бекемдөө керек. Сот бийлигинин органдарына жарандардын ишенимин жогорулатуу көрүлгөн чаралардын күтүлгөн жыйынтыгы болууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамдын үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун биримдигин жана бекемделишин камсыз кылууда, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоодо маанилүү ролду ойнойт. Прокурорлор көзөмөлдү натыйжалуу жүзөгө ашыруу, коррупционерлерди куугунтуктоо жана бийлик органдарында гана эмес, прокуратура системасынын өзүндө да коррупциянын алдын алуу үчүн зарыл потенциалга ээ болууга, көз карандысыз жана чынчыл болууга тийиш.
Коррупцияга каршы аракеттенүү Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын ишинин маанилүү багыты болуп саналат, ага коррупцияга каршы мыйзамдарды ишке ашырууда жана анын аткарылышын камсыз кылууда борбордук орун берилет. Прокурорлордун коррупцияга каршы аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча ишинин натыйжалуулугун күчөтүү маанилүү, ал төмөнкүлөрдү камтыйт: коррупцияга каршы мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышын көзөмөлдөө; коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо; ченемдик укуктук актылардын коррупцияга каршы экспертизасы; коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча эл аралык укуктук кызматташтык.
Укук коргоо системасынын жана прокуратуранын ишиндеги артыкчылыктар коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу гана эмес, алардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү да болушу керек. Кылмыш сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууда жана коррупцияга каршы мыйзамдарды бузуу фактыларын аныктоодо андан ары аларды четтетүү жана ага жол бербөө боюнча чараларды көрүү жөнүндө, ошондой эле коррупциялык укук бузууларды жасоого түрткү берүүчү ченемдик укуктук актылардын же башка башкаруучулук чечимдердин (актылардын) ченемдерин жокко чыгарууну кошо алганда, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин жоюу жөнүндө талаптарды (сунуштарды) тиешелүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же уюмдарга жөнөтүү менен, коррупциялык кылмыштарды жана бузууларды жасоого түрткү болгон себептерди жана шарттарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.
Тергөө органдары коррупциялык кылмыштарды, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланышкан кылмыштарды иликтөөнүн жүрүшүндө зыяндын, мүлктүк өндүрүп алуулардын ордун толтурууну же мүлктү мүмкүн болгон конфискациялоону камсыз кылуу максатында компетенттүү органдар менен өз ара аракеттенүүдө милдеттүү тартипте кылмыштуу кирешелерди аныктоо жана камакка алуу, коррупциялык иштин натыйжасында алынган активдерди кайтарып берүү боюнча параллелдүү финансылык иликтөө жүргүзүүгө тийиш.
Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн жогоруда аталган чараларын укуктук жөнгө салууда аларды практикада колдонуунун натыйжалуулугуна жетишүүгө мүмкүн болот.
Укук коргоо ишинин чөйрөсүндө коррупциялык чөйрө күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жарандар менен байланышта болгондо пайда болот. Бул көйгөйдү чечүү көбүнчө укук коргоо кызматкерлеринин тазалыгынан, алардын жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуудан, жаңы технологияларды андан ары киргизүүдөн жана жол-жоболорду автоматташтыруудан көз каранды.
Коюлган милдеттерге жетишүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- коомдук жана жеке секторлордо коррупциялык кылмыш субъекттеринин чөйрөсүн кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн кароо үчүн укук колдонуу практикасын, эл аралык стандарттарды жана чет өлкөлөрдүн алдынкы тажрыйбаларын талдоо, коррупциялык жана коррупция менен чектеш экономикалык кылмыштардын айрым түрлөрү үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү, аларды иш жүзүндө колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен коррупциялык кылмыштардын айрым беренелерин кайра карап чыгуу;
- бул категориядагы кылмыштуулуктун бирдиктүү системалуулугун жана абалын талдоону камсыз кылуу үчүн кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган коррупциялык багыттагы кылмыштардын тизмегин аныктоо;
- иштерди кароодо дискрециялык ыйгарым укуктарды жокко чыгарууга, зыяндуу кесепеттерге алып келбеген эскертүү түрүндөгү жазаны рационалдуу колдонууну оптималдаштырууга, коррупцияга каршы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын кеңейтүүгө багытталган укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин өркүндөтүү;
- чет өлкөлөрдүн алдынкы тажрыйбасын талдоо жана коррупциялык кылмыштарга тиешеси бар юридикалык жактардын жоопкерчилик чараларын колдонуунун укуктук механизмдерин киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу, аны практикада колдонууну камсыз кылуу;
- сот, көзөмөл жана укук коргоо системасынын кызмат адамдарынын ишинде алардын өзгөчө статусун жана функцияларын чагылдырган кызыкчылыктардын кагылышын башкаруунун ички эрежелерин өркүндөтүү (кабыл алуу);
- жеке сапаттарын (тажрыйбасын, көндүмдөрүн, чынчылдыгын) баалоого негизделген коррупциялык кылмыштарды териштирүүнү жүзөгө ашыруучу укук коргоо органдарынын кызматкерлерин конкурстук тандоону жөнгө салуучу укуктук ченемдерди өнүктүрүү, аларга карата квалификациялык талаптарды жогорулатуу, аттестациялоо жана ротациялоо жол-жоболорун өркүндөтүү, квалификацияны үзгүлтүксүз жогорулатуу системасын уюштуруу;
- укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын ишинде коррупциялык тобокелдиктерди баалоонун тиешелүү системасын киргизүү;
- коомдун маалымдуулугун жана маалыматка жетүү мүмкүндүгүн жогорулатуу үчүн маалыматтык-пропагандалык ишти активдештирүү жана коммуникациянын ар кандай новатордук каражаттарын пайдаланууну колдоого алуу;
- коррупциялык укук бузууларды жасоонун натыйжасында алынган активдерди издөө жана кайтаруу маселелерин жөнгө салуунун укуктук ченемдерин өркүндөтүү менен адистештирилген бөлүмдү түзүү же аныктоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, улуттук мыйзамдардын колдонулушун жана кирешелерди мыйзамсыз адалдоого каршы күрөшүүдө чет өлкөлөрдүн алдынкы тажрыйбаларын талдоо;
- колдонуудагы мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын талдоонун негизинде коррупциялык багыттагы жана коррупцияга каршы мыйзамдарды бузган шектүү адамдар боюнча ыкчам маалыматтарды алуу үчүн укук коргоо жана контролдоочу органдардын, тышкы мамлекеттик аудит органынын жана башка компетенттүү мамлекеттик органдардын катышуусу менен бирдиктүү интеграцияланган тармакты түзүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу;
- ар бир кылмыш иши логикалык аяктаганга чейин, күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышы үчүн тергөө институтун өркүндөтүү, күчөтүү жана бекемдөө аркылуу тергөөнүн сапатын жогорулатуу;
- коррупцияга каршы күрөшүүдө ведомстволор аралык кызматташтыктын инструменттеринин талаптагыдай иштешин камсыз кылуу;
- укук колдонуу практикасын, сотко чейинки өндүрүштүн натыйжалуулугун жана ачык-айкындыгын, колдонуудагы кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарды жана коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында эл аралык стандарттарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн талдоонун негизинде, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коррупциялык багыттагы иштерди тергөөгө адистешкен тиешелүү бөлүмү бар бирдиктүү көз карандысыз тергөө органын түзүүнү кароо менен, тергөө органдарын реформалоо боюнча чараларды көрүүнүн максатка ылайыктуулугун кароо.
Коррупциялык кылмыштар үчүн жазанын болбой койбостугу - коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугунун милдеттүү шарты, ал укуктун үстөмдүгүнүн, мыйзамдуулуктун жана адилеттүүлүктүн контекстинде каралууга тийиш. Жарандардын ишеними сот, көзөмөл жана укук коргоо ишине баа берүүнүн башкы критерийи болууга тийиш.
4.5. Коррупциянын алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана ачык-айкындыгын камсыздоо
Чиновниктердин коррупцияланышы, мамлекеттин алдында жоопкерчилик алууну жана жарандык коом менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү каалабагандыгы мамлекеттик институттардын ишине терс таасирин тийгизет. Ушуга байланыштуу маалыматка жетүүгө укугу бар жарандардын жана уюмдардын мамлекеттик саясатты түзүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуудан турган мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде ачык-айкындык жана ачыктык принциптерин күчөтүү зарыл, бул жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо кепилдиктерин бекемдөөгө өбөлгө түзөт, бул үчүн:
- кызматчылардын сатылбастыгын жана мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарына берилгендигин камсыз кылуу, алардын ишинин сапатын жогорулатуу жана кынтыксыз кызматка шыктандыруу, ошондой эле социалдык жактан корголгондук механизмдерин бекитүү;
- административдик жол-жоболордо, функцияларда жана ыйгарым укуктарда, анын ичинде ченем жаратуучу ыйгарым укуктарда камтылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги, ошондой эле чечимдерди кабыл алууда, таасир этүү чараларын (жаза чараларын) колдонууда, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди өлчөө жана баалоо системасын өркүндөтүү, алардын алдын алуу жана жоюу механизмдерин коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегине ылайык регламенттөө менен мамлекеттик органдардын ведомстволук сайттарында тизмектерин жарыялоо;
- жоболордо (кызматтык нускамаларда) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын, алардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын, кызматтык тартиптин абалын үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу аркылуу кол алдындагы кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн жоопкерчилигин бекитүү;
- ачык-айкындык, ак ниеттүүлүк, ырааттуулук жана натыйжалуулук принциптеринин негизинде конкурстук тандоо, квалификациялуу адистерди ишке дайындоо, кызмат өтөө (кесиптик эмгегине жараша кызматка көтөрүлүү) системасын өркүндөтүү;
- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик (муниципалдык) мекемелерде, мамлекеттин катышуу үлүшү бар ишканаларда жана уюмдарда персоналды башкаруу системасында коррупциялык багыттагы кылмыштарды жасаган адамдарды жумушка алууга тыюу салуучу укуктук механизмдерди жана коррупцияга каршы технологияларды киргизүү;
- коррупциянын алдын алуу үчүн белгиленген тыюу салуулардын, чектөөлөрдүн жана кызматчылардын милдеттеринин системасын алардын тизмегин туура түзүмдөштүрүү жана кеңейтүү жолу менен өркүндөтүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун бирдиктүү стандарттарын киргизүү;
- кызыкчылыктардын кагылышуусун башкарууга, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда потенциалдуу коррупциялык тобокелдиктерди аныктоого, коррупцияга каршы пландарды түзүүгө, этикалык ченемдерди сактоого жана коррупцияга каршы жүрүм-турум моделин түзүүгө багытталган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды коррупцияга каршы окутуу системасын туруктуу негизде өнүктүрүү;
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана кадрдык потенциалды сактоо, иштин аброюн жана жагымдуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу аркылуу мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын коррупциялык дем берүүлөрүн азайтуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциянын пайда болуу тобокелдиктерин азайтуу чараларын киргизүү.
Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишине жарандардын ишеним деңгээлин жогорулатуу, инвестициялык климатты жакшыртуу жана жашоо-тиричиликтин жагымдуу шарттарын түзүү үчүн мамлекеттик бийлик органдары өз иш-аракеттеринде ырааттуу болууга, коррупциянын алдын алуу боюнча таасирдүү чараларды көрүүгө, кызматчылардын өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу уюштуруучулук-укуктук чараларды көрүү аркылуу коррупцияны пайда кылуучу себептерди жана шарттарды жоюуга максималдуу күч-аракеттерди жумшоого милдеттүү. Мамлекеттик органдар мыйзамдуулукту сактоого, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоого, коомдун ишенимин бекемдөөгө багыт алууга тийиш.
4.6. Социалдык чөйрөнүн жана экономиканын тармактарында жарандардын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу
Жарандар жана экономиканын жеке сектору саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык камсыздоо, мамлекеттик каттоо чөйрөсүндө, салыктык, бажылык жөнгө салуу, лицензиялык-уруксат берүү иши, шаар куруу жана архитектура, энергетика, жер укуктук мамилелери жаатында мыйзамдарда каралган мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу, таасир этүү чараларын (жаза чараларын) колдонуу үчүн ар кандай кыйынчылыктарга жана коррупциялык көрүнүштөргө дуушар болушат жана өзүнүн маселелерин коррупциялык жол менен чечүүгө аргасыз болушат. Мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы көрсөтүлгөндөр мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн да, ошондой эле коомдо кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр үчүн да жүрүм-турум ченеми болуп калат жана алар тарабынан мындай кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун жалгыз ыкмасы катары каралат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2020-2023-жылдар үчүн социологиялык изилдөөлөрүнүн маалыматтарына ылайык, жогоруда аталган чөйрөлөрдө кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдар калктын ишеним индекси боюнча көрсөткүчтөрү жогору эмес.
Мындай учурларда коррупциянын пайда болушунун себептери жана шарттары болуп жарандарга карата белгисиз жана оор талаптар, маалыматка толук жетүү мүмкүндүгүнүн жоктугу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларында мүмкүн болгон административдик тоскоолдуктардын, кемчиликтердин, алардын кызмат адамдарынын дискрециялык ыйгарым укуктарынын болушу, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын баалоо системасынын жоктугу, кол алдындагы кызматкерлердин аракеттерине (аракетсиздигине) контролдун жана алардын иш процесстерин санариптештирүүнүн жетишсиз деңгээли кызмат кылат.
Бул багытта коррупцияны минималдаштырууну камсыз кылуу үчүн:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн (сервистик) сапатын жана өз убагында көрсөтүлүшүн жакшыртуу, аларды баалоо системасын киргизүү, коомдун маалымдуулугун жогорулатуу, маалыматка жетүү мүмкүндүгүн, чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорунун жана процесстеринин ачык-айкындыгын жана ачыктыгын камсыз кылуу, жарандар жана жеке сектор менен байланышсыз өз ара аракеттенүү процесстерин автоматташтыруу боюнча чараларды көрүү;
- "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жеткиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жеке жана юридикалык жактардан талап кылынган документтердин (маалымкаттардын, маалыматтардын ж.б.) тизмегин кыскартуу боюнча чараларды көрүү;
- уруксат берүүчү документтерди берүү, мамлекеттик каттоо, маалыматтарды берүү менен байланышкан мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү;
- тиешелүү мамлекеттик органдарда, мамлекеттин үлүшү бар ишканаларда жана уюмдарда ISO 37001 "Паракорчулук менен күрөшүүнүн менеджмент системасы. Талаптар жана пайдалануу боюнча колдонмо" эл аралык стандартын киргизүү мүмкүнчүлүгүн талдоо жана кароо;
- айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жол-жоболорду аутсорсингге берүү мүмкүнчүлүгүн кароо.
4.7. Мамлекеттик каражаттарды башкаруу, финансылык контролдоо системаларын жана сатып алуу жол-жоболорун өркүндөтүү
Мамлекеттик каражаттарды башкаруу чөйрөсүндө мыйзамдуулукту сактоо жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө маселелери бюджеттерди түзүүдө жана аткарууда, мамлекеттик (муниципалдык) менчик объекттерин пайдаланууда, мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алуу процесстерин жүзөгө ашырууда актуалдуу көйгөй болуп саналат.
Коррупцияны минималдаштыруу менен мамлекеттин бюджетине салыктык төлөмдөрдүн түшүүсү кыйла көбөйөт, анткени салыктык боштуктарда жана чиновниктердин коррупциялык көрүнүштөрүндө тобокелдиктер түптөлөт жана салыктарды төлөөдөн качуу үчүн шарттар түзүлөт.
Бажылык тариздөө жана контролдоо процессинин ар кандай этаптарында коррупциялык жүрүм-турум тобокелдиктерин аныктоодо коррупциялык көрүнүштөр бажы төлөмдөрүнүн мамлекеттин кирешесине түшүүсүн олуттуу төмөндөтүшү мүмкүн экендигин белгилөө керек.
Жогоруда аталган жагдайлар көмүскө экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзүшү, туруктуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, эл аралык соода агымдарын жана инвестицияларды тартуу үчүн коркунучтарды жаратышы, контрабанда жана тыюу салынган предметтерди мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөштү алсыратышы мүмкүн.
Мамлекеттик сектордогу бюджеттик процесс дагы эле коррупция үчүн аялуу бойдон калууда. Бюджеттик системанын чыгашалары аларды мыйзамсыз жайгаштыруу, натыйжасыз жана максатсыз пайдалануу, ошондой эле мамлекеттик заказдарды ишке ашыруу жолу менен материалдык жана башка жыргалчылыктарды алуу үчүн потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдүн бири болуп саналат.
Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын бузулушу экономика чөйрөсүндөгү бузуулардын жалпы массивинде олуттуу үлүшү түзөт, анткени сатып алуу жол-жоболорунун механизмдери талаптагыдай деңгээлде жөнгө салынган эмес, бул мамлекеттик каражаттарга карата коррупциялык укук бузууларды жасоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү бузуулар уюмдун керектөөлөрүн эсепке албастан пландоо, сатып алуулар методдорун туура эмес колдонуу; конкурстук документтерди жеткире иштеп чыкпоо; келишимдерди ыйгаруу жөнүндө чечимдерди негизсиз чыгаруу; берүүчүлөр сунуш кылган келишимдердин шарттарын кабыл алуу жана мыйзамда жана конкурстук документтердин өзгөчө шарттарында каралган милдеттүү пункттарды камтыбаган келишимдерди түзүү сыяктуу эле системалуу мүнөзгө ээ. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү жогоруда аталган системалуу жол-жобону бузуулар менен бирге банк кепилдигин бербестен аванстык төлөм менен келишим боюнча төлөө жана милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуунун башка ыкмаларын пайдалануу жана келишимдин шарттарын аткарбоо менен мүнөздөлгөн бузууларды белгилей кетүү керек.
Жогоруда аталган бузууларга өбөлгө түзүүчү негизги себептер болуп төмөнкүлөр саналат: сатып алуучу уюмдарда мамлекеттик сатып алуулар процессин ички контролдоонун начар жана аз натыйжалуу системасы; мамлекеттик сатып алууларды пландоодо сатып алуучу уюмдун жоопкерчилигинин жетишсиз деңгээли; шашылыш (тез) сатып алууларды жүргүзүүгө алып келүүчү ведомстволук керектөөлөрдү так баалоого жөндөмсүздүк; сатып алуучу уюмду өз убагында каржылабоо; мамлекеттик сатып алуулардын объективдүү эсептелген бюджетин белгилөө үчүн баалардын үзгүлтүксүз мониторингинин жоктугу; берилген товарлардын сапатын контролдоонун талаптагыдай системасынын жоктугу.
Бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу, акча каражаттарынын жана материалдык баалуулуктардын кем чыгуусу жана уурдалышы, курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн негизсиз жогорулатуу, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын эсептен чыгаруу финансылык тартиптин мүнөздүү бузуулары бойдон калууда.
Иштин көрсөтүлгөн чөйрөлөрүндө коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында мамлекеттин негизги милдеттеринин бири болууга тийиш. Бул аспект өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттин социалдык-экономикалык функцияларын аткаруу үчүн маанилүү.
Бюджеттин ачык-айкындыгын камсыз кылуу, финансылык контролдоо системасын өркүндөтүү жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- кирешелерди, бюджеттик ассигнованиелерди түзүүнүн, мамлекеттик долбоорлорду, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун, салык жеңилдиктерин берүү процесстерин ишке ашыруунун, мамлекеттик (муниципалдык) менчик объекттерин менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун жана толуктугун камсыз кылуу;
- бюджеттик документтерди жарыялоо аркылуу бюджеттин ачык-айкындыгын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү, бюджеттик каражаттардын сарпталышын контролдоо жана көзөмөлдөө механизмдерин күчөтүү, бюджеттик процесстерге жарандык коомду тартуу, жаңы санариптик технологияларды пайдалануу менен жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу;
- накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча ишти активдештирүү;
- мамлекеттик бюджетке салыктардын, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жана башка төлөмдөрдүн толук жана өз убагында түшүүсүн камсыз кылуу боюнча функцияларды ишке ашырууда коррупциялык тобокелдиктерди, мүмкүнчүлүктөрдү жана алардын салык кызматы системасынын кызматкерлерине терс таасирине жол бербөөнүн укуктук механизмдерин белгилөө;
- автоматташтырылган маалыматтык системаны колдонуу менен товарлардын импорту/экспорту жөнүндө негизги соода жүргүзүүчү өлкөлөр менен маалымат алмашууну кошо алганда, бажы мыйзамдарынын сакталышына системалуу мониторинг жана контроль жүргүзүүнүн укуктук регламентациясын киргизүү (өркүндөтүү);
- бажы органдарында, бажылык тариздөө жайларында жана өткөрүү пункттарында коррупциянын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди активдештирүү, коомдун жана сооданын катышуучуларынын арасында бажы мыйзамдары чөйрөсүндөгү коррупциялык тобокелдиктер жана ченемдер жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу;
- салык жана бажы бузуулары, көрсөтүлгөн чөйрөлөрдөгү кызматтардын укукка каршы аракеттери (аракетсиздиги) жөнүндө билдирүү үчүн даттанууларды берүүнүн ачык механизмдерин жана жеткиликтүү каналдарын белгилөө, укук бузуулардын алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча укук коргоо жана башка органдар менен маалымат алмашуу боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөө;
- финансылык тартипти бузууларды болтурбоо жана коррупциянын алдын алуу боюнча ички аудит кызматынын ишин күчөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын органдарынын ишинде коррупциялык тобокелдиктерди баалоонун жана башкаруунун ички системасын киргизүү;
- кошумча төмөнкүлөрдү караган сатып алуулар жаатында ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүнүн максатка ылайыктуулугун талдоо жана кароо:
1) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган коррупция, алдамчылык, көмүскө бүтүм жана мажбурлоо сыяктуу укукка каршы аракеттерге аралашкан берүүчүлөрдүн (консультанттардын) мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболоруна катышуусун чектөө;
2) консорциумдун (жөнөкөй шериктештик) курамында же субподрядчы (субберүүчү) катары ак ниетсиз берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасында турган берүүчүнүн (консультанттын) мамлекеттик сатып алууларга катышуусу үчүн чектөө чараларын жана жоопкерчиликти киргизүү, ошондой эле ак ниетсиз берүүчүлөрдүн жана консультанттардын маалымат базасында турган берүүчүлөрдүн (консультанттардын) бир булактан алуу методу менен сатып алууларга катышуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу;
3) сатып алуучу уюмдардын (заказчылардын) ишиндеги коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга, сатып алуучу уюмдар менен берүүчүлөрдүн (консультанттардын) ортосундагы жеке байланыштарды минималдаштырууга багытталган мамлекеттик сатып алууларды берүүчүлөргө (консультанттарга) контракт боюнча акы төлөөнүн укуктук механизмдерин аныктоо (аванстык төлөмдөр, берүүлөргө бөлүп төлөө, иш жүзүндөгү көлөмдөр үчүн төлөө, акыркы төлөө);
4) мамлекеттик сатып алуулар процесстерине коомчулуктун кызыгуусунун деңгээлин жогорулатуу, мамлекеттик сатып алууларга мониторинг жүргүзүү жолу менен коомдук контролду жүзөгө ашыруу.
Ошол эле учурда мамлекеттик, муниципалдык ишканалар жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар уюмдар, башка сатып алуу субъекттери тарабынан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруу жана жүзөгө ашыруу жөнүндө алкактык жобонун практикалык колдонулушун талдоо жана финансылык каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна жана үнөмдүүлүгүнө таасир этүүчү системалык бузууларды жана кемчиликтерди аныктоонун жыйынтыктары боюнча сатып алуулар процессинин (жол-жоболорунун) ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындыгын жана отчеттуулугун камсыз кылуучу мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүндүгү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу.
4.8. Ишкердик субъекттерин коргоо системасын өркүндөтүү жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү өнүктүрүү, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө
Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана өлкөнүн колдонуудагы ченемдик укуктук актылары экономикалык иштин эркиндигин камсыз кылуу, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөнү түзүү боюнча мамлекеттин милдетин белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 388 "Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына ылайык ишкерлерге карата жүргүзүлүүчү текшерүүлөр ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүсүн четтетүү, жагымдуу ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түзүү, укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктердин көрүнүшүнө каршы аракеттенүү максатында прокуратура органдарында каттоодон өтүүгө тийиш.
Башкы прокуратура тарабынан автоматташтырылган маалыматтык система ишке киргизилди, анда укук коргоо органдарынын жана салык кызматы органдарынын текшерүүлөрүн байланышсыз форматта каттоо, аларды эсепке алуу жүргүзүлүп жатат. "Бизнести коргоо" мобилдик тиркемеси ишкер болуп саналган пайдалануучуларга текшерүүнүн катталгандыгы жөнүндө маалымдайт, текшерүүчүлөрдүн аракеттерине түздөн-түз даттанууга жана ишкерлер менен кайтарым байланышка ээ болууга мүмкүндүк берет. Кабыл алынган механизмдер ишкерлердин мүмкүн болуучу укуктарын бузууга жол бербей, өзүнүн таасирдүүлүгүн көрсөттү.
Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоого багытталган кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын ченемдери кабыл алынды, аларга ылайык ишкердик субъекттерине карата кылмыш ишин козгоо процесси ыйгарым укуктуу органдын финансылык жана экономикалык бузуулар жөнүндө корутундусу болгондо гана мүмкүн болот.
Бизнести коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын өзгөчө мааниге ээ экендигин ырастоо менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 9-январындагы № 1 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" Жарлыгы менен 2024-жылдын 31-декабрына чейин укук коргоо жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салынган.
Бизнес-омбудсменди түзүү өз убагындагы жана туура чечим болгон, ал өзүн ишкерлерге алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көз карандысыз жана калыс жардам берген, ошондой эле ишкердик чөйрөнү жөнгө салуу боюнча саясатты иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдарга жигердүү көмөк көрсөткөн натыйжалуу институт катары көрсөтө алды, бул коррупциянын алдын алууга да оң таасирин тийгизет.
Ишкердик субъекттерин коргоо системасын өнүктүрүү жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү камсыз кылуу, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө үчүн төмөнкүлөрдү жүргүзүү зарыл:
- укук колдонуу практикасын талдоо жана Кыргыз Республикасынын Ишкердик кодексин кабыл алуу зарылдыгын карап чыгуу менен ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле мүмкүн болгон боштуктарды жана шайкеш эместиктерди, коррупциялык тобокелдиктерди, мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын дискрециялык функцияларын жана ыйгарым укуктарын жокко чыгарууга багытталган тармактык мыйзам актыларын өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү;
- экономиканын жеке секторунда корпоративдик башкаруу эрежелерин, бизнестин ак ниеттүүлүгүнүн укуктук жана этикалык ченемдерин (комплаенс-программалардын), коррупциялык тобокелдиктерди контролдоо жана башкаруу эрежелерин киргизүү (өркүндөтүү);
- бизнес-омбудсмен институтунун ишинин укуктук жана институттук негиздерин регламенттөө менен анын активдүү ишин жандандыруу;
- төмөнкүлөрдү мезгилдүү негизде жүргүзүү:
1) чечимдерди даттануу жана ишкерлердин укуктарын коргоо механизмдеринин жана каналдарынын жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун талдоону камтыган текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча чыгарылган чечимдерге даттануу жана талаш-тартыштарды жөнгө салуу жол-жоболорун сактоого мониторинг жүргүзүү;
2) жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн практикасын жана жыйынтыктарын талдоо, анын ичинде ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу учурларын, коррупциялык көрүнүштөрдү же мамлекеттик жана муниципалдык органдардын негизсиз аракеттерин аныктоо;
- ишкерлерге коррупцияга каршы аракеттенүү маселелерине арналган маалыматтык жана билим берүүчүлүк колдоо көрсөтүүнү мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашыруу механизмдерин киргизүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык органдардын аракеттерине (аракетсиздигине) карата ишкердик субъекттеринин даттанууларын натыйжалуу кароонун механизмдерин киргизүү;
- алар прокуратура органдарында катталгандан кийин гана ишкерлер менен кайтарым байланышты, ыйгарым укуктуу органдардын сайттарында ишкердик субъекттеринин укуктарын баяндоо менен текшерүү процессин регламенттөөчү документтерге ачык жетүү мүмкүндүгүн кароо менен укук коргоо, салык жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү ишкердик субъекттерин текшерүүнүн укуктук механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү.
4.9. Санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү жана азыркы этапта коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу чараларынын бири катары мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн ишине маалыматтык технологияларды киргизүү
Кыргыз Республикасында санариптик багытта мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга олуттуу салым кошкон белгилүү ийгиликтер жаралды, атап айтканда шайлоо процесстерин санариптештирүү, "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын киргизүү; "Инфодокс" электрондук документ жүгүртүү системасын ишке киргизүү, "Е-Kyzmat" кадрларды эсепке алууну автоматташтыруу, "Санарип аймак" аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүү системасынын иштеши. Билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо жааттарында санариптештирүү боюнча маанилүү долбоорлор ишке кирди.
Мамлекеттик органдардын, укук коргоо, көзөмөлдөө жана сот органдарынын ишине автоматташтырылган маалыматтык системалар (AMC): "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри", "Кылмыштардын бирдиктүү реестри", "Сот", "Конституциялык сот адилеттиги", сот иштерин автоматтык түрдө бөлүштүрүү механизмдери, сот процесстерин аудио, видео жаздыруу, "Коопсуз шаар" долбоору, башка системалар жана мобилдик тиркемелер киргизилди.
Санариптештирүү тейлөө процесстерин жөнөкөйлөтүү жана тездетүү менен мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жана айкындыгын, мамлекеттик (муниципалдык) кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
2025-2030-жылдары Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоону тездетүүнүн алкагында төмөнкүдөй маанилүү жыйынтыктарга жетишүү күтүлүп жатат:
1) маалыматтарды алмашууну жана чечимдерди кабыл алуу үчүн актуалдуу маалыматтарга оперативдүү жетүү мүмкүндүгүн тездетүүнүн эсебинен мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугу жогорулайт;
2) бардык мамлекеттик маалыматтык системалар өз ара максималдуу интеграцияланат, бул маалыматтардын кайталанышын жокко чыгаруу, маалыматтарды чогултуу жана сактоо ресурстарды үнөмдөө, чечимдерди кабыл алууну тездетүү мүмкүндүгүн берет;
3) бюрократиялык жол-жоболорду кыскартуунун жана мамлекеттик сервистерди берүүгө чыгымдарды азайтуунун эсебинен мамлекеттин жарандар жана бизнес менен өз ара аракеттенүүсүнүн сапаты жакшырат жана жөнөкөйлөтүлөт, санариптик технологияларды пайдалануу менен бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Санариптештирүү кызматчылардын жарандар менен өз ара мамилелеринде келип чыккан мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү төмөнкү чараларды көрүү аркылуу минималдаштырууга мүмкүндүк берет:
- мамлекеттик органдардын жана коммерциялык уюмдардын ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылуу менен "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын киргизүү процессин өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасында электрондук башкарууну киргизүү;
- маалыматты иштеп чыгуунун, берүүнүн жана жайылтуунун, электрондук форматта кызмат көрсөтүүнүн санариптик технологияларынын негизинде мамлекеттик башкаруу системасынын иштешин камсыз кылуу;
- лицензияларды, уруксаттарды жана башка документтерди берүү жол-жоболорун санариптештирүүнү өнүктүрүү жана өркүндөтүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын жана алардын жакын туугандарынын бирдиктүү салык декларациясына мониторинг (текшерүү) жүргүзүү процессин автоматташтыруу;
- айрым мамлекеттик органдардын иш-чараларына бюджеттик каражаттарды бөлүүнүн жана андан ары пландоонун максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн бюджеттик чыгашалардын натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн реалдуу убакыт режиминде өлчөө боюнча бюджеттик процесстерди санариптештирүүнү киргизүү (бюджеттик каражаттарды башкаруу процесстеринин электрондук системасын жана технологияларын киргизүү);
- мамлекеттик сатып алуулардын электрондук системасын өркүндөтүү, ал мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору жөнүндө маалыматтын натыйжалуулугуна, ачык-айкындыгына, жеткиликтүүлүгүнө, жеткирүүчүлөр/консультанттар арасындагы атаандаштыкка жана чечимдерди кабыл алуунун объективдүү критерийлерине негизделиши керек;
- бажылык контролдоонун, салыктык жол-жоболордун жана администрациялоонун автоматташтырылган системасын өнүктүрүү;
- калктуу конуштардын коомдук жерлеринде укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери каралган, долбоордун географиялык камтылышын жана функционалын кеңейтүү менен "Коопсуз шаар" долбоорун толук кандуу ишке ашыруу процессин аяктоо;
- сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын ишин санариптештирүү процессин өнүктүрүү, модернизациялоо жана өркүндөтүү, андан ары алардын автоматташтырылган маалыматтык системаларынын даярдыгына жараша өз ара байланышкан системаларды интеграциялоо;
- коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы маалыматтарды жана көрүлүп жаткан чараларды сот, көзөмөлдөө, укук коргоо органдарынын расмий сайттарында системалуу түрдө жарыялоо, мамлекеттик органдардын сайттарында коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан иштер жана ишке ашырылган иш-чаралар жөнүндө актуалдаштырылган маалыматтарды жайгаштыруу.
4.10. Жарандык коомдун коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүнө катышуусу
Стратегияны ишке ашырууда коррупцияга каршы пропагандалоонун жаңы мамилелерин киргизүү аркылуу коррупцияга каршы чараларды түзгөн бөлүктөрүнүн бири катары коомчулукка, жарандык коомдун институттарына өзгөчө роль берилет. Буга мамлекеттик аппараттардын ачыктыгын жана жоопкерчилигин камсыз кылуу аркылуу жетишүүгө болот жана коомчулуктун бийлик органдарына болгон ишеним деңгээли менен өлчөнөт. Бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдары коррупцияга каршы иш-чараларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана аткарылышына мониторинг жүргүзүү процессин кошо алганда, коррупциянын көйгөйлөрүн чечүүнүн ар кандай аспекттери боюнча активдүү өз ара аракеттенүүсү жана коомчулуктун пикирин эске алуусу зарыл.
Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жарандык сектордун ишинин натыйжалуулугу жарандык сектордун активдүүлүгүнөн, маалыматка жетүү мүмкүндүгүнөн гана эмес, ошондой эле жарандык мониторинг жүргүзүүгө, ар кандай эксперттик, изилдөө иштерин жүргүзүүгө, коррупцияга каршы пропагандага жана үгүттөөгө, көз карандысыз экспертизага мамлекеттин колдоо көрсөтүүсүнөн дагы көз каранды болот.
Жарандык коомдун институттарын тартуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган ар кандай формаларда жана методдордо болууга тийиш:
- коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында изилдөөлөрдү, талдоо жана баалоо жүргүзүү, альтернативдүү отчетторду жана серептерди даярдоо;
- коррупциялык укук бузууларды аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга көмөктөшүү;
- коомдук иликтөө;
- коррупцияга каршы саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ченемдик укуктук актылардын, мамлекеттик программалардын, пландардын жана башка маанилүү документтердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- ченемдик укуктук актыларга жана алардын долбоорлоруна көз карандысыз коррупцияга каршы экспертиза;
- коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча маалыматтык-билим берүү иши, калкка укуктук жардам көрсөтүү;
- коррупцияга каршы саясатты популярдаштыруу;
- жарандардын коррупцияга каршы потенциалын жогорулатуу боюнча билим берүү программаларын жана долбоорлорун өркүндөтүү;
- коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча илимий-практикалык конференцияларды, тегерек столдорду жана башка иш-чараларды уюштуруу.
4.11. Коомдо кандай болбосун коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбестикти чагылдырган коррупцияга каршы активдүү маданиятты калыптандыруу
Кыргыз Республикасынын Президенти өлкөнүн артыкчылыктуу багыттары катары коомдо коррупцияга каршы стандарттарды популярдаштырууну белгиледи. Коомдо коррупцияга жол берилбестикке жана нөлдүк толеранттуулукка коррупцияга каршы маалыматтык саясат мамлекеттик программасын түзүүнүн алкагында активдүү үгүттөө жана коррупцияга каршы пропаганда аркылуу жетишүүгө болот.
Коомдун коррупцияга каршы активдүү позициясын калыптандыруу укуктук нигилизмди жеңүү, коррупцияга каршы маалымдуулук жана пропаганда, коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө жол берилбестик атмосферасын түзүү, коррупцияга каршы жүрүм-турумдун стандарттарын киргизүү аркылуу инсандын адеп-ахлактык негиздерин, жарандык позицияны жана коррупцияга каршы жүрүм-турумдун туруктуу көндүмдөрүн бекемдөөгө багытталган коррупцияга каршы аракеттенүүнүн маанилүү каражаты болуп саналат.
Коррупцияга каршы маданиятты өнүктүрүү, коомдо коррупцияга жол берилбестикти чагылдырган баалуулуктар системасын сактоо жана бекемдөө максатында билим берүүчү, маалыматтык, уюштуруучулук жана башка социалдык маанилүү мүнөздөгү иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу каралган коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасын кабыл алуу зарыл. Мында коррупцияга каршы агартуу жана пропаганда боюнча комплекстүү мамилелерди иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана координациялоого жооптуу мамлекеттик органды аныктоо керек.
Коррупцияга каршы маалыматтык саясатты ишке ашыруу процессине мамлекеттик, муниципалдык органдар, ошондой эле илимий, маданий жана билим берүү мекемелери, жарандык коомдун институттары, бизнес-коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары тартылышы керек.
Коррупцияга каршы иштин идеологиялык формаларына жана методдоруна басым жасоо коомубуздун чыныгы баалуулуктарын пропагандалоого мүмкүнчүлүк түзөт.
4.12. Коррупцияны изилдөө
Коррупциянын масштабын үзгүлтүксүз изилдөө коррупцияны анын ар кандай формаларында пайда кылуучу факторлор жөнүндө маалыматтардын булагы болуп саналат жана адекваттуу коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгууга жардам берет. Ошондуктан коррупция жөнүндө изилдөөлөрдү жүргүзүүнү милдеттүү түрдө укуктук ченемдер менен жөнгө салуу зарыл, анын жыйынтыктары коррупцияга каршы саясатты жана аны ишке ашыруу боюнча чараларды иштеп чыгууда жана кабыл алууда колдонулушу керек.
Коррупцияны изилдөөлөр төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- социологиялык изилдөө: коррупцияга көбүрөөк дуушар болгон тармактарды жана чөйрөлөрдү, анын пайда болуу себептерин жана шарттарын аныктоо үчүн социологиялык сурамжылоолорду жүргүзүү жана башка методдорун колдонуу менен коомдук пикирди системалуу изилдөө; бул ишке тартылган социалдык топторду аныктоо;
- атайын изилдөө: укук коргоо, контролдоочу жана башка мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштеринин жыйынтыктарына, коррупциялык кылмыштуулуктун абалына туруктуу системалуу талдоо жүргүзүү; коррупциянын көрсөткүчтөрүн статистикалык эсепке алууга, мамлекеттин жана коомдун жашоосунун бардык чөйрөлөрүндө коррупциянын мүнөзүн жана масштабын, динамикасын жана тенденцияларын изилдөө;
- илимий изилдөө: коррупцияга каршы аракеттенүү көйгөйлөрү боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; илимий методикаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу, аларды практикага рационалдуу киргизүү; коррупцияга каршы аракеттенүүнүн колдонулган формаларынын жана методдорунун натыйжалуулугун болжолдоо жана илимий талдоо.
Изилдөө жарандардын жана/же жарандык коомдун институттарынын, илимий жана академиялык чөйрөнүн катышуусу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Көрүлүп жаткан коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун аныктоо жана аларды ишке ашыруу үчүн эксперттердин катышуусу менен өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин өлчөөнүн улуттук системасын (методологиясын) киргизүү, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын камтуу менен, мамлекеттин, региондордун масштабында кызматчылардын ак ниеттүүлүгүнө жана жарандардын ишенимине баа берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталат. Коррупцияны өлчөө (өлкөдөгү коррупцияны баалоо) мамлекеттик башкаруунун бардык чөйрөлөрүндөгү коррупциялык тобокелдиктерди жана факторлорду аныктоого жана жоюуга, коомдун маалымдуулугун жогорулатууга, жеке секторго сунуштарды берүүгө, коррупциянын алдын алуунун заманбап жана натыйжалуу механизмдерин киргизүүгө мүмкүндүк берет.
4.13. Коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташтык
Глобалдаштыруу доорунда жана мамлекеттердин өз ара байланышы барган сайын өсүп жаткан учурда, коррупция көйгөйү улуттук чек аралардын алкагынан чыгып, эл аралык деңгээлде координацияланган аракеттерди талап кылууда.
Коррупцияга каршы аракеттенүү туруктуу көңүл бурууну, жаңы чакырыктарга ыңгайлашууну жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоону талап кылган узак мөөнөттүү милдет болуп саналат.
БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясын эл аралык укуктун маанилүү инструменти катары таанып, Кыргызстан тиешелүү сереп салуу механизминин алкагында эксперттердин сунуштарынын аткарылышын камсыз кылуу менен анын жоболорун ишке ашырууга толук кандуу жана активдүү катышып жатат.
Кыргыз Республикасы ЭКӨУ Коррупцияга каршы тармагынын Стамбул иш-аракеттер планынын программасына кошулган, ал БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясын аткарууну колдоо боюнча сунуштарды ишке ашырууда өлкөлөрдүн аракеттерине сереп салуу жана мониторинг жүргүзүү аркылуу катышкан өлкөлөрдөгү коррупцияга каршы реформаларды колдоого алат.
Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды глобалдык жайылтууда дүйнөнүн ар кайсы аймактарында ФАТФ (Акчаны адалдоого каршы финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу) тибиндеги түзүлгөн топтор маанилүү ролду ойнойт. Кыргыз Республикасы ФАТФ тиби боюнча түзүлгөн тогуз региондук топтун бири болуп саналган Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) мүчөсү болуп саналат.
Азыркы учурда Кыргызстандын Коррупция менен күрөшүү боюнча Европа Кеңешинин Өлкөлөр тобуна (ГРЕКО) кирүү мүмкүнчүлүгү изилденип жатат.
Кыргызстан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин (ККМК) алкагында коррупцияга каршы ишти жүргүзүүнү улантууда.
БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын ченемдерин имплементациялоо боюнча борбордук орган жана ЭКӨУ Коррупцияга каршы тармагы менен өз ара аракеттенүү боюнча улуттук координатор тарабынан аныкталган коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча эл аралык укуктук кызматташтык жаатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын координациялоочу ролун сактоонун жана бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилөө зарыл.
Кыргыз Республикасы улуттук мыйзамдарга ылайык коррупцияга каршы аракеттенүү маселелеринде эл аралык кызматташтыкты улантууга, өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү менен абройлуу эл аралык уюмдарга катышууга, сунуштарды коррупцияга каршы стандарттарга жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугунун индикаторлоруна ылайык аткарууну камсыз кылууга, ошондой эле бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууга тийиш.
5. Стратегияны ишке ашыруу механизмдери
Белгиленген стратегиялык багыттар боюнча Стратегияны ишке ашыруу коррупцияга каршы иш-чаралардын тизмесин, аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн, жооптуу аткаруучуларды, күтүлгөн жыйынтыктарды жана иш-чараларды ишке ашырууну каржылоо булактарын камтыган 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча бекитилген иш-чаралар планынын (мындан ары - Иш-чаралар планы) негизинде анын милдеттерине ылайык ишке ашырылат.
Стратегияны ишке ашыруу прогрессине мониторинг жүргүзүүнүн индикаторлору жана баалоо максатка жетүүнүн баалоо көрсөткүчтөрүн камтыйт, алар аны өлчөө каражаты катары кызмат кылат (сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр). Индикаторлор коррупцияга каршы саясаттын натыйжалуулугун баалайт, мыкты жыйынтыктарга жетүүгө өбөлгө түзөт.
Иш-чаралар планы эки этаптан турат:
I этап - 2025-2027-жылдар: коюлган милдеттер толук аткарылганга чейин бардык стратегиялык мамилелерди жана багыттарды камтыган пландаштырылган иш-чараларды ишке ашыруу; коррупцияга каршы иш-чаралардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
II этап - 2028-2030-жылдар: пландуу иш-чараларды актуалдаштыруу, мамлекеттин саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн эске алуу менен коррупцияга каршы саясатты оңдоо; жаңы милдеттерди коюу жана коррупциянын азыркы учурдагы чакырыктарына жана коркунучтарына ылайык келген коррупцияга каршы натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу.
Стратегия бардык жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү, мамлекеттин үлүшү бар мамлекеттик (муниципалдык) ишканалар, мекемелер жана уюмдар, ошондой эле иш-чараларды ишке ашыруу боюнча өнөктөштөр (коммерциялык эмес уюмдар, жарандык коомдун институттары, бизнес-коомчулук) тарабынан төмөнкүлөрдө ишке ашырылат:
- башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда;
- кадр маселелерин чечүүдө;
- бюджетти түзүүдө жана аткарууда;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда жана кабыл алууда;
- коррупциялык укук бузуулар үчүн жазадан кутулбастык принцибин ишке ашырууда;
- маалыматтык технологияларды киргизүүдө;
- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү иштерди кеңири чагылдырууга жалпыга маалымдоо каражаттарын жана маалымат агенттиктерин тартууда;
- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жарандык сектордун жана бизнес-коомчулуктун институттары менен өз ара аракеттенүүдө.
Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бир айлык мөөнөттө стратегиялык документтин иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыз кылуучу иштин багыттары боюнча ар жылдык негизде коррупцияга каршы чаралардын/иш-аракеттердин деталдаштырылган ведомстволук пландарын бекитүү боюнча чараларды көрүшөт.
Стратегиядан келип чыккан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча пландуу иш-чараларды ишке ашыруу процесстерин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт. Аталган орган Стратегияны ишке ашыруу боюнча иштин таасирдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон тиешелүү ресурстарга, коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу жөнүндө маалыматты, отчетторду сурап алуу, жолугушууларды жана кеңешмелерди чакыруу, ишке тартылган катышуучулардын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо, аларга сунуштарды (консультацияларды) берүү, Стратегияны ишке ашырууну талдоо жана баалоо үчүн ведомстволор аралык мониторингдик жумушчу топторду түзүү ыйгарым укуктарына ээ болушу керек.
Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш менен өз ара аракетте Стратегияны ишке ашырууну камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Иш-чаралар планынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.
6. Күтүлгөн жыйынтыктар
Коррупцияга каршы системалуу иш-чаралардын комплексин ишке ашыруунун натыйжасында Кыргыз Республикасында коррупцияны минималдаштыруунун туруктуу жыйынтыктарына жетүү үчүн пайдубалды түптөө күтүлүүдө.
Бул Стратегияда коррупцияны жоюу, мамлекеттик башкаруу системасынын ачыктыгын, айкындыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына болгон ишенимин бекемдөө, коомдун коррупция жөнүндө маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу, коомдо коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбестик мамилени калыптандыруу жана Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы жагымдуу маданиятты түзүү боюнча коюлган максаттарга жетишүүгө мүмкүндүк бере турган коррупциянын алдын алуунун жана ага каршы күрөшүүнүн реалдуу механизмдерин түзүүгө багытталган стратегиялык мамилелер жана артыкчылыктуу багыттар колдонулган.
Кыргызстан коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык рейтингдердеги позициясын жакшыртат жана эл аралык аренада коррупцияга каршы натыйжалуу аракеттенген өлкө катары таанылат.
7. Стратегияны ишке ашыруунун жагымдуу негиздери жана
тобокелдиктерди баалоо
Коррупцияны мыйзам чыгаруу ыкмалары жана анын көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү менен гана чектөөгө болбойт. Коррупцияга каршы аракеттенүү ар тараптуу, комплекстүү, тынымсыз жүргүзүлсө, ийгиликке жетет, буга бийликтин, коомдун жана өлкөнүн ар бир жаранынын бардык күч-аракети багытталышы керек.
Мамлекет башчысынын саясий эрки бардык деңгээлдеги кызмат адамдарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин үлүшү бар чарбалык субъекттердин башкаруу органдарынын, ошондой эле бүткүл коомдун саясий эркине трансформацияланууга тийиш. Коррупцияга каршы реформалар мамлекеттик бийликтин борбордук органдары менен максималдуу өз ара аракеттенүү жана жарандар, жарандык коомдун институттары, бизнес-коомчулук, илим жана билим берүү мекемелери менен кызматташуу аркылуу өлкөнүн саясий жетекчилигинин жогорку деңгээлинде ишке ашырылат.
Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн жагымдуу шарттары катары: мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы күрөшүүгө, коррупцияга каршы стратегияны кабыл алууда чагылдырылган коррупцияга каршы реформаларга мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары жактоочулугун, коррупциянын алдын алуу ишинде жарандык коомдун активдүүлүгүн белгилөө керек.
Коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруудагы негизги тобокелдиктер:
- саясий кызмат адамдарынын тар чөйрөлөрүнүн саясий тиреши, Стратегияны ишке ашыруу процессинде коррупциялашкан чиновниктердин каршылыгы;
- коррупцияга каршы стратегиялык документти ишке ашыруу процесстерин координациялоону жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуучу коррупциянын алдын алуу боюнча адистештирилген мамлекеттик органдын жоктугу;
- Стратегиядан келип чыккан коррупцияга каршы иш-чаралардын аткарылышына бийлик органдарынын жетекчилиги тарабынан талаптагыдай эмес контроль;
- коррупцияга каршы реформалардын коррупциянын деңгээлине тийгизген таасирин баалоо боюнча үзгүлтүксүз изилдөөлөрдүн жоктугу;
- Стратегияда чагылдырылган коррупцияга каршы иш-чараларды акыркы жыйынтыктарга жетишүү индикаторлоруна басым жасабастан, формалдуу, өз учурунда эмес жана толук эмес аткаруу;
- коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы иш жөнүндө маалыматтарды (отчетторду) толук эмес жана/же так эмес берүү, бул туура эмес башкаруу чечимдерин кабыл алууга алып келиши мүмкүн;
- коррупциянын системалык себептерин толук жоюу үчүн кадрдык потенциалдын же башка ресурстардын жетишсиздиги;
- мамлекеттин бюджетинен коррупцияга каршы иш-чараларды каржылоонун жетишсиздиги;
- алдын алуу аракеттерине зыян келтирген укук коргоо чараларына карата Стратегиянын багыты.
Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жогоруда аталган тобокелдиктерди контролдоого/азайтууга багытталган чараларды камтууга тийиш.
8. Финансы ресурстары
Коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашырууну базалык финансылык камсыздоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жана аткарууда мамлекеттин бюджетинен жүзөгө ашырылат, бул мамлекеттин коррупцияга каршы таасирдүү саясатын жүргүзүү үчүн зарыл шарт болуп саналат, ошондой эле эл аралык уюмдардын, коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы кызматташтыктын алкагында берилүүчү техникалык жана эксперттик жардам линиясында өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тартылган ресурстарынан каржыланат.
Тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Стратегияны ишке ашырууну тийиштүү жылдарга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын жана жергиликтүү кеңештердин жергиликтүү бюджеттери жөнүндө ченемдик укуктук актылардын алкагында алардын ишин каржылоого каралган каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырууга тийиш.
Иш-чаралар планы стратегиялык документтин планын бюджеттөө баскычында белгилене турган мүмкүн болуучу булактардан реалдуу каржылоо менен камсыз кылынууга тийиш.
9. Стратегияны ишке ашыруу процесстерине мониторинг
жүргүзүү жана баалоо
Стратегияны ийгиликтүү ишке ашыруу максатында алардын натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн жана баалоо мөөнөттөрүн аныктоо, аны жүргүзүүнүн объективдүүлүгү жана калыстыгы үчүн өкмөттүк эмес уюмдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартуу мүмкүнчүлүгү менен мониторинг жана баалоо системасынын укуктук механизмдерин киргизүү өтө маанилүү.
Мониторинг коррупцияга каршы стратегиялык документтин ишке ашырылышына мезгилдүү талдоо жүргүзүүгө жана баалоого, сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен күтүлгөн жыйынтыктарга жетүүгө багытталган.
Жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенцияларынын алкагында коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторду даярдоодо мезгил-мезгили менен ички мониторинг жүргүзүшөт. Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кызыкдар тараптарды тартуу менен коррупцияга каршы тышкы мониторингди жүзөгө ашырат, анын жыйынтыгы боюнча кошумча көңүл бурууну же оңдоону талап кылган чөйрөлөрдүн прогрессин жана регрессин баалоонун аналитикалык жыйынды отчетун даярдайт.
Коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу боюнча мониторингдин жыйынтыктары ушул Стратегияны өз убагында жана толук ишке ашырууну камсыз кылууга, ишти талаптагыдай уюштурбаганда жана аны аткаруунун жыйынтыктары жок болгондо мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароого багытталган чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында жылына бир жолудан кем эмес талкууланышы керек.
Коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруу боюнча мониторинг жөнүндө отчет жыл сайын коррупциянын алдын алуу боюнча адистештирилген мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Мониторинг системасы жана натыйжалуулуктун жана таасирдүүлүктүн индикаторлоруна негизделген мамлекеттик коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруунун мониторинги жөнүндө отчеттун бирдиктүү формасы мониторинг процессин автоматташтырууну киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Мониторинг жөнүндө отчеттун түзүмү төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: иш-чаралардын аталышын, баштапкы мөөнөттөрүн/аяктоо датасын жана күтүлгөн жыйынтыктарды, отчеттук мезгилде аткарылган иштин учурдагы абалын/жыйынтыктарын, отчеттук мезгилде чараларды аткаруунун прогрессин жана аткарбоо/толук эмес аткаруу тобокелдиктерин, жооптуу аткаруучуларды, кийинки мониторинг мезгилинде кырдаалды оңдоо боюнча чараларды.