Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 31-майы № 13-95
Кыргыз Республикасынын энергетика системасынын электр бөлүгүндө авариялардын алдын алуу жана жоюу боюнча типтүү нускаманы бекитүү жөнүндө
Электр орнотмолорун пайдаланууда коопсуздук техникасынын эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын энергетика системасынын электр бөлүгүндөгү авариялардын алдын алуу жана жоюу боюнча типтүү нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" 2010-жылдын 26-февралындагы 117-токтомуна ылайык, аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
3) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 4-июнундагы № 42 (3595) саны менен жарыяланды
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгына жүктөлсүн.
Министр | Т.Ө. Ибраев |