Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 2-июлу ПЖ № 174
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Таланттуу жаштарды колдоо, алардын чыгармачыл эмгектерин жана демилгелерин баалоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-июнундагы № 124 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 22-майындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 29-августундагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-июлундагы № 50 (3603) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |