Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 174 Жарлыгы менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү
уюмдарындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине
(курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 18-ноябрындагы № 525 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фонду жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фонду жөнүндө жобого ылайык, мыкты окуусун илимий-изилдөөчүлүк жана активдүү коомдук иш менен ийгиликтүү айкалыштырып, өзгөчөлөнгөн студенттерге (курсанттарга) финансылык колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.
2. Ушул Жобо менчигинин түрүнө карабастан, жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзгөн билим берүү уюмдарында (мындан ары - билим берүү уюмдары) окутуунун күндүзгү формасында окуган студенттерге (курсанттарга) - Кыргыз Республикасынын жарандарына Президенттик стипендияны (мындан ары - стипендия) ыйгаруу тартибин белгилейт.
3. Стипендия ачык конкурстун негизинде ыйгарылат жана жалпы белгиленген стипендиядан тышкары төлөнөт. Стипендия жекече болуп эсептелет, бир окуу жылына (10 айга) белгиленет жана Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) бир жолу төлөнөт.
4. Стипендиянын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо маселелери боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан белгиленет.
2-глава. Стипендия алууга талапкерлерди тандоо
критерийлери
5. Стипендияны ыйгаруу бакалаврларды даярдоо программасынын 3-курсунда (4 окуу жылы), адистерди даярдоо программасынын 3-4-курстарында (5 жана андан ашык окуу жылы) окуган окутуунун күндүзгү формасынын студенттеринин (курсанттарынын) ичинен талапкерлерди тандоонун негизинде ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык жүргүзүлөт.
6. Стипендияны ыйгарууга талапкерлерди тандоонун төмөнкүдөй критерийлери белгиленет:
1) студент (курсант) алган бааларынын жалпы санынын 90 пайызынан кем эмеси "эң жакшы" болгондо окуунун жалпы мезгилинде орто аралык аттестациянын жыйынтыгы боюнча "эң жакшы" жана "жакшы" деген бааларды алуусу;
2) студентти (курсантты) стипендия ыйгарылганга чейинки эки жылдын ичинде өткөрүлгөн эл аралык же республикалык олимпиадалардын, конкурстардын, мелдештердин, жарыштардын студенттердин (курсанттардын) окуудагы жетишкендиктерин аныктоого багытталган башка иш-чаралардын жеңүүчүсү же байге ээси деп таануу;
3) студенттин (курсанттын) стипендия ыйгарылганга чейинки эки жылдын ичинде төмөнкүлөрдү алса:
- илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары үчүн сыйлыктарды (байгелерди);
- студенттин (курсанттын) интеллектуалдык ишинин илимий (илимий-методикалык, илимий-техникалык, илимий-чыгармачылык) натыйжаларына жетишүүсүнө болгон өзгөчө укугун күбөлөндүрүүчү документ (патент, күбөлүк);
- илимий-изилдөө иштерин аткарууга грант;
4) студенттин (курсанттын) стипендия ыйгарылганга чейинки эки жылдын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук илимий (окуу-илимий, окуу-методикалык) басылмаларында жарыялоонун болушу;
5) стипендия ыйгарылганга чейинки эки жылдын ичинде студент (курсант) тарабынан илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги башка иш-чараларда баяндама (билдирүү) менен чыгып сүйлөө жолу менен коомдук башка чыгуулары;
6) студенттин (курсанттын) мамлекеттик, расмий жана чет тилдердин бирин билүүсү;
7) студенттин (курсанттын) билим берүү уюмдарынын коомдук, маданий жана спорттук турмушуна активдүү катышуусу.
7. Стипендияны ыйгарууга талапкерлер ушул Жобонун 6-пунктунда көрсөтүлгөн бир же бир нече критерийлерге ылайык келүүгө тийиш.
8. Стипендия окуу курсуна жана ЖОЖго карабастан (чет өлкөлүк ЖОЖдорду жана алардын филиалдарын кошкондо), эл аралык деңгээлдеги фестивалдардын жана конкурстардын лауреаттары жана дипломанттары болгон, бирок ушул Жобонун 6-пунктунун 1-пунктчасынын талаптарына жооп берген студенттерге (курсанттарга) да ыйгарылышы мүмкүн.
9. Стипендия бир адамга бир жолудан көп эмес ыйгарылышы мүмкүн эмес.
3-глава. Стипендияны ыйгаруу
10. Жогоруда аталган критерийлерге жооп берген стипендия алууга талапкерлердин тизмеги билим берүү уюмунун окумуштуулар кеңешинде каралат жана бекитилет.
11. Стипендия алууга талапкерлердин тизмеси жана документтери стипендияга талапкерлерди тандоо боюнча ишти координациялоо жана уюштуруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттө (августтан кечиктирбестен) Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жиберилет.
Мында коштомо катта билим берүү уюму күндүзгү окуу формасында окуган билим берүү уюмдарынын студенттеринин (курсанттарынын) жалпы санын көрсөтөт.
Документтерди кабыл алуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө 1 айдын ичинде жүзөгө ашырылат.
Ыйгарым укуктуу орган талапкерлердин документтерин Комиссиянын кароосуна киргизет (этап сентябрда өткөрүлөт).
12. Стипендия алууга талапкерлердин тизмесине билим берүү уюмдары ар бир талапкерге карата төмөнкү документтерди тиркөөгө тийиш:
1) талапкердин жетишкендиктерин мүнөздөгөн билим берүү уюмунун жүйөлөнгөн өтүнүч каты;
2) стипендияны изденип алууга студентти (курсантты) көрсөтүү жөнүндө билим берүү уюмунун Окумуштуулар кеңешинин жыйналышынын протоколунан кеңештин төрагасынын жана окумуштуу катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) мыкты академиялык жетишкендиктерин ырастаган зачеттук китепчесинин акыркы эки окуу жылынын көчүрмөсү;
4) талапкердин конференциялардагы, олимпиадалардагы жана конкурстардагы жетишкендиктерин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү, анын ичинде:
- талапкер тарабынан жарыяланган (жеке же авторлоштукта) илимий иштердин тизмеси (эгерде болсо);
- илимий конференцияларда, симпозиумдарда чыгып сүйлөөлөрдүн темаларынын тизмеси, алардын өткөрүлүүчү ордун жана убактысын көрсөтүү менен (эгерде болсо);
5) талапкердин илимий-изилдөө ишиндеги, чыгармачылык жана спорттук мелдештердеги ийгиликтерин ырастаган башка документтер (эгерде болсо);
6) инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү.
13. Конкурска берилүүчү документтер билим берүү уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Бардык тиркелген документтер менен бирге өтүнүч кат билим берүү уюмунун мөөрү менен күбөлөндүрүлүп, номерленип, боолонуп бир нускада берилет.
14. Төмөнкүдөй өтүнмөлөр каралбайт жана конкурска катышууга жол берилбейт:
1) электрондук почта аркылуу же факсимилдик байланышты колдонуу менен жиберилген;
2) конкурстун шарттарына ылайык келбеген;
3) тариздөө эрежелерин бузуу менен берилген;
4) документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин келип түшкөн.
15. Өтүнмөнү четке кагуунун себептери Комиссия тарабынан билдирилбейт.
16. Конкурска берилген материалдар кайтарылып берилбейт.
17. Билим берүү уюмдары стипендия алууга көрсөткөн талапкерлердин жалпы санынын ичинен Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине стипендияны ыйгарууга сунушталган талапкерлерди стипендиаттардын санынын квотасынын чегинде конкурстук тандап алууну ишке ашырат.
18. Конкурс жыл сайын өткөрүлөт жана эки этаптан турат:
1) билим берүү уюмдары стипендияны ыйгарууга талапкерлерди көрсөтөт (этап окуу жылы аяктагандан кийин өткөрүлөт);
2) Комиссия билим берүү уюмдары көрсөткөн талапкерлердин ичинен мыктыларын тандайт (этап октябрда өткөрүлөт).
19. Конкурс ушул Жобонун 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген адамдарды тандоо жолу менен өткөрүлөт. Талапкердин жетишкендиктерин баалоо ушул Жобонун тиркемесине ылайык баллдык система боюнча жүзөгө ашырылат. Стипендиялар кыйла жогору балл алган талапкерлерге ыйгарылат. Окуунун жалпы мезгилинде орто аралык аттестациянын жыйынтыгы боюнча "эң жакшы" деген гана баага ээ болгон студенттерге (курсанттарга) артыкчылык берилет.
Бирдей шарттарда стипендияны ыйгарууда жетим балдарга, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, бала кезинен майып балдарга, майып балдарга артыкчылык берилет.
20. Өткөрүлүүчү конкурстук тандоонун объективдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу максатында Комиссия катышуу жана Комиссиянын ишине көмөк көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топту түзүүгө укуктуу.
21. Стипендия алууга квота ушул төлөмдөргө учурдагы жылы каралган Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фондунун каражаттарынын чегинде Комиссия тарабынан аныкталат.
22. Стипендиаттардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
23. Стипендия алууга татыктуу студенттерге "Президенттик стипендиат" сертификаты тапшырылат.
4-глава. Стипендияларды төлөөнү каржылоо
24. Стипендияны төлөө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фондунан жүзөгө ашырылат.
25. Стипендияларды төлөөгө каражаттарды эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
| Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) Президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобого |
| тиркеме |
Баалоо системасы
№ | Баалоо критерийлери | Баллдар |
1 | Жетишкендиги | 40ка чейин |
2 | Эл аралык же республикалык олимпиадалардын, конкурстардын, мелдештердин ж.б. жеңүүчүсү | 10го чейин |
3 | Изилдөөчүлүк иш (долбоор, презентация) | 10го чейин |
4 | Илимий эл аралык, республикалык же ведомстволук мезгилдүү басылмаларда жарыялоолор | 10го чейин |
5 | Студент (курсант) тарабынан башка илимий- изилдөө ишинин натыйжаларын көрсөтүүсү | 10го чейин |
6 | Тилдерди билүүсү | 10го чейин |
7 | Билим берүү мекемелеринин коомдук, маданий жана спорттук турмушуна активдүү катышуусу | 10го чейин |
| Бардыгы: | 100 |