Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 29-июлу ПЖ № 209

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана андан ары регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жободо:

- 8-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Иш башкармасы белгиленген компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат жана мамлекеттик ипотекалык турак жайга кредит берүү чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырат.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 02-августундагы № 58 (3612) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров