Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 429 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 521 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Айыпталгандарга жана эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго медициналык жардам көрсөтүү жаза аткаруу системасынын мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда (мындан ары - мекемелер) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Эрежелерге ылайык көрсөтүлөт.
2. Айыпталгандарга жана эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго медициналык жардам көрсөтүү ушул максаттарда түзүлүүчү мекемелердин медициналык бөлүнүштөрү (медициналык бөлүк, дарылоочу түзөтүү мекемеси, дарылоо-профилактикалык мекеме) же болбосо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары) тарабынан көрсөтүлөт.
3. Мекемелердин медициналык бөлүнүштөрүндө медициналык жардам көрсөтүлүшү мүмкүн болбогон учурларда айыпталгандар жана эркиндигинен ажыратууга соттолгондор саламаттык сактоо уюмдарынан зарыл болгон дарыланууну алат.
4. Медициналык жардам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдөрдө көрсөтүлөт.
Айыпталгандар жана соттолгондор Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасында каралган көлөмдөрдөн ашык өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү кошумча дарылоо-профилактикалык жардамды ала алат. Мындай медициналык кызмат көрсөтүүлөр мекемелердин саламаттык сактоо уюмдарынын же медициналык бөлүнүштөрүнүн шарттарында адистер тарабынан көрсөтүлөт.
2-глава. Медициналык жардамды уюштуруу
5. Айыпталгандарга жана соттолгондорго медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу алардын ден соолугун коргоого болгон укуктарын камсыздоого багытталган профилактикалык, дарылоо-диагностикалык иш-чаралардын комплексин өзүнө камтыйт.
6. Жатак-абактарда жазасын өтөп жаткан соттолгондор, анын ичинде жатак-абактардан сырткары жашаган соттолгондор ооруп калган учурда саламаттык сактоо уюмдарында жалпы негизде дарылануудан өтөт.
7. Медициналык бөлүктүн ишинин негизги максаты - мекемеде кармалган адамдарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү. Медициналык бөлүк материалдык-техникалык базасына жараша адистештирилген медициналык жардамдын айрым түрлөрүн камсыз кыла алат.
8. Медициналык бөлүк төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
1) ооруну аныктоо максатында айыпталгандарды жана соттолгондорду медициналык жактан текшерүү;
2) айыпталгандарды жана соттолгондорду диспансердик байкоо жана эсепке алуу;
3) ооруган айыпталгандарды жана соттолгондорду дарылоо;
4) дары каражаттарын, медициналык багыттагы башка буюмдарды сактоо жана аларды айыпталгандарга же соттолгондорго берүү;
5) акы төлөнүүчү жумуштарга тартылуучу соттолгондордун кесиптик жарамдуулугу боюнча медициналык каршы көрсөткүчтөрдү аныктоо;
6) убактылуу жумушка жарамсыздыгына экспертиза жүргүзүү.
9. Медициналык бөлүк өз курамына амбулаторияны, стационарды, медициналык изоляторду, дарыкананы жана стерилизациялоочу жайды (автоклавды) камтый алат. Медициналык бөлүктүн бардык жайлары коргоонун жана көзөмөлдөөнүн инженердик-техникалык каражаттары менен жабдылат.
Медициналык бөлүктүн курамында тиги же бул функционалдык бөлүнүштөрдүн болушу, стационардагы койкалардын саны жана медициналык персоналдын штаттык саны Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын медициналык камсыздоо кызматы тарабынан саламаттык сактоо уюмдарына жана аны толтуруу лимитине карата мекеменин аймактык жайгашуу өзгөчөлүктөрүнө жараша аныкталат.
10. Медициналык бөлүктүн стационарында төмөнкүлөр үчүн арналган:
1) стационардык текшерүү жана оорулуулардын болжолдуу узактыгы 10-14 суткага чейин болуусуна эсептелген дарылоо;
2) жугуштуу оорулууларды, ошондой эле жугуштуу ооруга шектүү оорулууларды жаза аткаруу системасынын башка медициналык мекемелерине же саламаттык сактоо уюмдарына жибергенге чейин убактылуу обочолоп кармоо;
3) оорулууларды жаза аткаруу системасынын башка медициналык мекемелеринен чыгаргандан кийин адистердин корутундусуна ылайык калыбына келтирип дарылоо;
4) транспортто жүрүүгө болбогон оорулууларды алардын абалы жакшырганга жана жаза аткаруу системасынын медициналык мекемелерине же саламаттык сактоо уюмдарына которгонго чейин стационарда дарылоо.
11. Медициналык бөлүктүн амбулаториясы түзөтүү мекемесинде кармалган айыпталгандарга жана соттолгондорго амбулатордук медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.
12. Жаза аткаруу системасынын мекемелериндеги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
3-глава. Тергөө изоляторлорунун, түзөтүү мекемелеринин, тарбиялоо абагынын, түрмөлөрдүн медициналык бөлүгүндө айыпталгандарды жана соттолгондорду дарылоо-профилактикалык камсыздоо
13. Тергөө изоляторуна келип түшкөндөргө (анын ичинде транзит менен бара жаткандарга) айланасындагылар үчүн эпидемиологиялык коркунуч туудурган адамдарды, ошондой эле кечиктирилгис жардамга муктаж болгон оорулууларды аныктоо максатында баштапкы медициналык текшерүү жүргүзүлөт. Жыныстык жол менен жугуучу жугуштуу оорулардын, кургак учуктун, ВИЧтин болушуна лабораториялык изилдөө жүргүзүлөт.
14. Баштапкы медициналык текшерүү айыпталгандар жана соттолгондор "жалпы" камераларга жибергенге чейинки кыска мөөнөттө жүргүзүлөт. Текшерүүнү атайын жабдылган медициналык кабинетте врач же фельдшер жүргүзөт.
15. Тергөө изоляторунун медициналык кабинетинде медициналык текшерүү журналы толтурулат, ага айыпталгандардын жана соттолгондордун текшерилгендиги, алардын аныкталган оорулары (жаракаттары) тууралуу негизги маалыматтар катталат.
16. Айыпталгандардын жана соттолгондордун ар бирине жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын жетекчиси бекиткен форма боюнча амбулатордук оорулуунун медициналык картасы толтурулат.
17. Денесине жаракат алган адамды мекемеге жеткирген учурда мекеменин начальнигинин нөөмөт жардамчысынын (ыкчам нөөмөтчүнүн) демилгеси боюнча же жаракат алган адамдын арызы боюнча, ошондой эле медициналык кызматкер (врач, фельдшер) тарабынан текшерүүдө денедеги жаракаты аныкталса, жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органы бекиткен формада акт түзүлөт.
18. Убактылуу кармоо изоляторунан алынып келинген жана саламаттык сактоо уюмунун стационардык шарттарында (тергөө изоляторунда дарылоонун зарыл болгон түрүн көрсөтүү мүмкүндүгү болбосо) тез медициналык жардамга муктаж болгон адамдар мекемеге кабыл алынбайт, алар бул түрдөгү жардам көрсөтүлө турган саламаттык сактоо уюмдарына жиберилет.
19. Оорулууларды жайгаштыруу медициналык кызматкердин көрсөтмөсү боюнча жүргүзүлөт. Психикалык бузулуунун белгилери бар, анын ичинде агрессияга жана аутоагрессияга жакын адамдар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун психиатр врачынын клиникалык диагнозу коюлгандан же врач психиатрлардын комиссиялык кароосунан өткөндөн кийин өзүнчө камераларга жайгаштырылат. Жугуштуу же паразиттик ооруларга шектелген адамдар карантинге алынган камераларга жайгаштырылат. Карантиндин мөөнөтү медициналык көрсөткүчтөр менен аныкталат.
20. Врач оорулууну кароодо анын даттанууларын аныктайт, оорунун анамнезин жана турмуш-тиричилигин изилдейт, денесиндеги жаракаттарды жана башка өзгөчө белгилерди аныктоо максатында сырткы текшерүүнү жүргүзөт, пальпациянын, перкуссиянын жана аускультациянын жалпы кабыл алынган кароо методдорун колдонуу менен ар тараптуу объективдүү текшерүү жүргүзөт, көрсөтмөлөр бар болгон учурда, жаза аткаруу системасынын же жарандык саламаттык сактоонун башка медициналык мекемелеринин тиешелүү адистерин тартуу менен текшерүүнүн кошумча методдорун дайындайт.
21. Транзит менен бара жаткан айыпталгандар же соттолгондор өздүк делосундагы маалымкатка тиркелген коштомо документтерге ылайык же медициналык жардамга кайрылганда зарыл болгон дарылоону ала алат, текшерилет.
22. Медициналык бөлүктүн штатында врач адистер болсо, алар айыпталгандарды же соттолгондорду медициналык текшерүү жүргүзүүгө тартылат.
23. Андан ары пландуу (жылына эки жолудан кем эмес) жана пландан тышкары - көрсөткүчтөр боюнча медициналык текшерүүлөр жүргүзүлүп турат.
24. Айыпталгандардын же соттолгондордун ден соолугунун абалы начарлаганда же денесине жаракат алганда аны медициналык күбөлөндүрүү, ошондой эле медициналык жардам тергөө изоляторлорунун медицина кызматкерлери тарабынан кечиктирилбестен көрсөтүлөт. Медициналык күбөлөндүрүү өзүнө медициналык текшерүүнү, зарыл болсо - изилдөөнүн кошумча методдорун жана адис врачтарды тартууну камтыйт. Алынган жыйынтыктар амбулатордук оорулуунун медициналык картасына белгиленген тартипте белгиленет жана күбөлөндүрүлүп жаткан адамга жеткиликтүү формада билдирилет.
25. Айыпталгандын же соттолгондун ден соолугуна укукка каршы аракеттердин натыйжасында зыян келтирилди деп божомолдоого мүмкүндүк түзгөн маалыматтарды аныктоодо медициналык текшерүүнү жүргүзгөн медицина кызматкери бул тууралуу мекеменин жетекчисине жазуу түрүндө маалымдайт.
26. Айыпталгандар же соттолгондор ага сунушталган текшерүүдөн, дарылоодон, башка медициналык кийлигишүүдөн баш тартса, тийиштүү жазуу менен медициналык документтерде таризделет жана өзүнүн, ошондой эле аңгемелешүүдөн кийин медицина кызматкеринин колун коюу менен ырасталат, анда айыпталгандар же соттолгондор сунушталган дарылоо-диагностикалык иш-чаралардан баш тартуудан келип чыгышы мүмкүн болгон медициналык кесепеттери жеткиликтүү формада түшүндүрүлөт.
Айыпталгандын же соттолгондун өз колун коюудан баш тарткандыгын ырастоону каалабагандыгы медициналык документтерге жазылат.
27. Тергөө изоляторунан кетип жаткандардын бардыгына, анын ичинде транзит менен кеткендерге транспортто жүрүү шарттарына жарай тургандыгын аныктоо үчүн милдеттүү медициналык күбөлөндүрүү, ошондой эле эгерде акыркы алты айдын ичинде флюорографиялык текшерүүдөн өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымат болбосо, мындай текшерүү жүргүзүлөт.
Текшерүү аяктагандан кийин ар бир кетип жаткан адамдын ден соолугунун абалы жөнүндө амбулатордук оорулуунун медициналык картасында белгилөө менен корутунду берилет.
Оорулууну башка мекемеге которууда дарылоодогу ырааттуулук амбулатордук оорулуунун медициналык картасын өздүк делосу менен өткөрүп берүү аркылуу камсыздалат.
28. Түзөтүү мекемелерине, тарбиялоо абактарына, түрмөгө келип түшкөн соттолгондор 10 суткага чейинки мөөнөткө карантиндик бөлүмгө жайгаштырылат. Жугуштуу жана паразитардык ооруларды аныктоо максатында алар келип түшкөндө медициналык текшерүүдөн өтөт.
29. Ушул убакыттын аралыгында соттолгондор ооруларын аныктоо жана ден соолугунун абалын баалоо максатында врачтын текшерүүсүнөн өтөт. Текшерүүнүн жүрүшүндө врачтар мурдагы оорулары, жаракаттары, операциялары тууралуу медициналык амбулатордук картасында катталган анамнестикалык маалыматтарды чогултат, зарылчылык болсо кошумча текшерүү дайындалат. Соттолгондордун ден соолугунун абалына мындан аркы медициналык контроль профилактикалык медициналык текшерүүлөрдүн, медициналык бөлүккө амбулатордук кайрылуулардын, ошондой эле өнөкөт оорулары бар адамдарды диспансердик байкоо учурунда жүргүзүлөт.
30. Профилактикалык медициналык текшерүү жылына бир жолу өткөрүлөт. Түрмөлөрдө жана түзөтүү мекемелеринде камералык кармоодо жазасын өтөп жаткан соттолгондор, ошондой эле соттолгон балдар, анын ичинде тарбиялоо абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар жылына эки жолу медициналык текшерүүдөн өтөт.
31. Профилактикалык текшерүүлөрдүн графигин мекеменин начальниги бекитет. Графикке ылайык медициналык бөлүктүн начальниги медициналык бөлүктүн врачтарынын күчү менен жаза аткаруу системасынын дарылоо-профилактикалык жана дарылоо мекемелеринин зарыл болгон адис врачтарды тартуу менен соттолгондорду текшерүүнү уюштурат. Текшерүүгө сөзсүз түрдө терапевт, стоматолог, зарыл болсо башка адис врачтар тартылат.
32. Айыпталганды же соттолгонду жазалоо жөнүндө чечим чыккандан кийин бир кишилик камерага, айып изоляторуна, камералык типтеги жайга киргизүү үчүн аны жогоруда саналган жайларда кармоо мүмкүндүгү жөнүндө врачтын (фельдшердин) жазуу жүзүндөгү корутундусу менен медициналык текшерүү жүргүзүлөт.
Жазаланган адамдарды бул жайларда кармоого мүмкүн эместиги тууралуу медициналык корутундуну чыгаруу үчүн оору, травма же кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылган башкача абал, стационардык шарттардагы (анын ичинде медициналык бөлүктө) дарылоо же байкоо негиз боло алат.
33. Айып изоляторунда, камералык типтеги жайда, бекитилген жайларда (жаза өтөөнүн катуу шарттарында) кармалган адамдарга күн сайын медицина кызматкерлери тарабынан бул жайлардын санитардык абалы текшерилип жатканда, ошондой эле кайрылуулар болгон учурда ошол жерден медициналык текшерүү жүргүзүлөт. Аталган жайларда кармалган адамдардын ден соолугуна же өмүрүнө коркунуч туулганда медицина кызматкери ал адамды медициналык бөлүккө тез жеткирүү боюнча чара көрөт.
34. Айыпталгандар жана соттолгондор мекемеден кетип жатканда (которулуп кетүү, бошонуу ж.б.) эпикризди тариздөө менен жыйынтыктоочу медициналык текшерүүдөн өтөт.
35. Мекемелердеги айыпталгандарды жана соттолгондорду медициналык бөлүктө амбулатордук кабыл алуу үчүн убакыт тийиштүү мекеменин күн тартиби менен белгиленет.
36. Тергөө изоляторлорунда, түрмөлөрдө айыпталгандар жана соттолгондор күн сайын камерадагыларды текшерип жаткан учурда медициналык кызматкерге, ал эми оорусу катуу болсо кайсы болбосун кызматкерге медициналык жардам сурап кайрылат. Айыпталган жана соттолгон кайрылган кызматкер ага медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.
Медициналык жардам алууга муктаж болгон адам медициналык текшерүү жана дарылоо иш-чаралары жүргүзүлө турган медициналык кабинетке (амбулаторияга) киргизилет. Зарылдыкка жараша фельдшер өз компетенциясынын чегинде ага тийиштүү дарыларды жазып берет же оорулууларды врачтын кабыл алуусуна каттайт.
37. Тергөө изоляторлорунун, түрмөлөрдүн, өзгөчө режимдеги абактардын, айып изоляторлорунун, камералык типтеги жайлардын камераларында медицина кызматкерлеринин мекеменин режим жана көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан коштоосуз жүрүшүнө тыюу салынат.
38. Тергөө изоляторлорунда, өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемелеринде жана түрмөлөрдө врачтын (фельдшердин) кабыл алуусуна же процедураларды аткарууга оорулуулар өзүнчө же 3-5 кишиден турган топ менен обочолотуунун талаптарын сактоо жана тиешелүү көзөмөл менен алып чыгарылат. Түзөтүү мекемелеринде соттолгондор амбулатордук кабыл алууга өз алдынча, кечиктирилгис жардамды талап кылган учурлардан тышкары тиешелүү мекеменин күн тартибинде белгиленген кабыл алуу саатында гана барат.
39. Амбулатордук кабыл алууну белгиленген саатта медициналык бөлүктүн врачтары жүргүзөт. Мекеменин штатында врач болбосо, амбулатордук кабыл алууну фельдшер жүргүзөт.
Амбулаторияда оорулууну кабыл алып жаткан учурда коопсуздукту камсыз кылуу максатында врачтын (фельдшердин) кабинетинде режим жана көзөмөлдөө кызматынын кызматкери болот.
40. Оорунун диагнозун аныктоодо жана дифференциациялоодо жана дарылоо тактикасын иштеп чыгууда кыйынчылыктар болсо, оорулуулар комиссиялык каралат же адис врачтар чакырылат, мүмкүнчүлүк болсо адис врачтарга консультацияга жиберилет.
Консультация үчүн башка мекемелерден адис врачтар же саламаттык сактоо органдарынын адис врачтары чакырылат. Консультация мекеменин медициналык бөлүгүндө же башка дарылоо мекемесинде өткөрүлөт.
41. Атайын бөлүнгөн медицина кызматкери амбулатордук оорулууларды каттоо журналын толтурат. Амбулатордук оорулууларды каттоо журналына врач же фельдшер диагнозду, иштен бошотуу жөнүндө корутундуну, врачка кайталап келүү датасын так жазат.
42. Иштен, ал эми тергөө изоляторлорунда кармалган жана (же) стационардык шарттарда дарыланып жаткан адамдар үчүн сейилдөөдөн жарым-жартылай же толук бошотууга корутундуну врач, ал эми ал жок учурда - фельдшер берет.
43. Иштен же сейилдөөдөн бошотулган адамдардын тизмеси медициналык бөлүктөн абактын башчысынын нөөмөтчү жардамчысына, тергөө изоляторлорунда - тергөө изоляторунун башчысынын нөөмөтчү жардамчысына өткөрүп берилет.
Иштен бошотулган соттолгондор убактылуу эмгекке жарамсыздыкты эсепке алуу журналына түшүрүлөт.
44. Амбулатордук оорулуунун медициналык картасы, дайындоо баракчалары айыпталгандардын жана соттолгондордун колуна берилбейт, алар медициналык бөлүктө карточка системасы боюнча атайын бөлүнгөн шкафта сакталат. Алардын эсепке алынышына жана сакталышына медициналык бөлүктүн начальниги дайындаган адам жооп берет. Амбулатордук оорулуунун медициналык картасы менен амбулатордук оорулууларды каттоо журналы чогуу сакталат.
Аталган жобо айыпталгандын жана соттолгондун ден соолугунун абалы тууралуу маалыматка ээ болуу укугунан ажыратпашы керек. Айыпталгандын жана соттолгондун талабы боюнча врачтын көзүнчө анын ден соолугунун абалын чагылдырган медициналык документтер менен түздөн-түз таанышуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.
45. Оорулуу консультацияга, рентгендик, лабораториялык жана башка изилдөөгө, ошондой эле медициналык бөлүктө аткарууга мүмкүн болбогон процедураларга жиберилгенде амбулатордук оорулуунун медициналык картасы оорулууну коштоочу адамга берилет. Эгер коштоп барган адам медицина кызматкери болбосо, врачтык сырды сактоо максатында медициналык документте камтылган маалымат менен таанышууга мүмкүн болбогондой конвертке чаптап же дагы башкача ыкма менен өткөрүлүп берилет.
Медициналык картада медициналык бөлүктөгү текшерүүнүн маалыматтары, болжолдонгон диагнозу жана жиберүүнүн негиздемеси көрсөтүлөт.
46. Дары-дармектер айыпталгандын жана соттолгондун колуна берилбейт, дары препараттарын медицина кызматкеринин катышуусунда кабыл алат. Үзгүлтүксүз дарылоого муктаж болгон (жүрөктүн стенокардиялык чыңалуусу менен коштолгон ишемия оорусу, артериалдык басымдын туруктуу жогорулашы менен өткөн гипертониялык оору, кант диабети, эпилепсия жана башка ушул сыяктуу оорулар) оорулууларга наркотикалык, психотроптук таасири күчтүү же уулуу заттарга кирген препараттардан тышкары дарылар колуна берилет. Бул препараттарды оорулуунун колуна берүү (бир суткага эсептелген) жөнүндө маселени чечүү медициналык бөлүктүн (саламаттык сактоо пунктунун) начальниги тарабынан дарылаган врачтын дайындоолоруна ылайык жеке тартипте кабыл алынат.
Оорулуунун өтүнүчү боюнча дарылоочу врач менен медициналык бөлүктүн начальнигинин макулдугу боюнча белгиленген тартипте аны дарылоо үчүн керек болгон медикаменттерди сатып алууга (алууга) уруксат берилиши мүмкүн.
47. Амбулатордук дарылоодогу оорулуулар медициналык бөлүккө дарыларды ичүү жана башка дарылоо-диагностикалык процедураларды аткаруу үчүн белгиленген убакытта келет. Амбулатордук дарылоодогу ар бир оорулууга процедуралык карточка таризделет. Врачтык дайындоолорду фельдшер (медайым) аткарат, ал тууралуу процедуралык карточкада белги коюлат. Дарыларды берер алдында фельдшер (медайым) оорулуудан ар бир дайындалган препаратты көтөрө ала тургандыгын тактайт, ошондой эле берилип жаткан препаратын дайындоо дозасына ылайык келишин текшерет.
48. Медициналык бөлүктүн стационарына амбулатордук оорулуунун медициналык картасында стационардык текшерүү жана дарылоону жүргүзүүнүн зарылчылыгы бар деген врачтын корутундусу, белгиленген үлгүдөгү госпитализацияга дарылоо жолдомосу болгон учурда гана оорулууларды кабыл алат.
Стационарга жаңы келип түшкөн оорулуулар тууралуу маалыматтар оорулууларды кабыл алууну, чыгарууну жана госпиталдан баш тартууларды эсепке алуу журналына киргизилет.
49. Оорулуу стационардык дайындоо баракчасы менен медициналык карта (мындан ары - оору баяны) ачылат, анда оорулуунун жалпы абалына баа берилет, даттануулар, оорунун анамнези жана турмуш-тиричилиги, объективдүү изилдөөнүн жыйынтыгы, аныкталган патологиясы, аткарылган лабораториялык жана функционалдык изилдөөлөрдүн клиникалык баасы, алдын ала диагнозу, диагностикалык жана дарылоо багыттары так жана ырааттуу жазылат. Оору баянына оорулуунун жакынкы арада (оорулуунун ошол абалын эсепке алуу менен) зарыл болгон дарылоо-диагностикалык иш-чараларды жүргүзүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу киргизилет.
Клиникалык диагноз оорулуу келип түшкөн учурдан тартып үч суткадан кечиктирбестен аныкталат; диогностикалык мамилелердеги татаал учурлар буга кирбейт, мында оорулуунун оору баянында диагнозду аныктоонун кармалуу себеби көрсөтүлөт жана кошумча диагностикалык изилдөөлөр жана адистердин консультациялары белгиленет.
50. Стационарга келип түшкөн бардык оорулуулар милдеттүү санитардык тазалоодон өтүшөт. Оорулуунун абалына жараша санитардык тазалоо толук же толук эмес болушу мүмкүн. Зарылчылыкка жараша оорулуунун ич кийими дезинфекциядан өткөрүлөт. Кийими жана бут кийими стационардын атайын бөлүнгөн жайында сакталат.
51. Айланасындагылар үчүн коркунуч туудурган оорулуулар (инфекциялык, жугуштуу тери оорулары, психикалык оорулар) өзүнчө кармалат. Бул максатта медициналык бөлүктүн стационарында оорунун профили боюнча оорулууларды өзүнчө жаткыруу үчүн палаталар же бокстор караштырылган.
52. Медициналык бөлүктүн стационарында оорулууларды врач күнүгө эртең менен текшерет. Акыркы сутканын ичинде стационарга келип түшкөн оорулууларды медициналык бөлүктүн начальниги карап чыгат, ал андан ары бул оорулууларды зарылчылыкка жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жана чыгып бара жатканда карайт. Медициналык бөлүктүн начальнигинин оорулууларды текшергендигинин жыйынтыгы диагнозу жана сунуштары менен амбулатордук медициналык карточкага же оору баянына киргизилип, анын колу коюлат.
Врач оорунун күндөлүгүн эгерде оору жеңил өтсө, анда 2-3 күндө 1 жолу жана орто жана оор өткөн учурларда күнүгө толтурат. Эртең менен жана кечинде дененин температурасы ченелет жана оору баянына жазылат.
53. Врачтын дайындоолорун аткарууну, дененин температурасын өлчөөнү, антропометриялык текшерүүнү кезметчи фельдшер (медайым) ишке ашырат. Күн сайын ал врач дайындаган баракчадан тандап алып дайындоолорду аткарат.
Кезметчи фельдшерге (медайымга) оорулуулардын күн тартибинин аткарылышын байкоо жүктөлөт. Оорулуулар стационарда белгиленген күн тартиби менен стационарга келгенде оору баянына кол коюп таанышышат.
54. Оорулууга жатуу, жарым жартылай жатуу же жалпы эреже сунушталышы мүмкүн. Жатуу эрежеси - денесинин температурасы жогору, даана байкалган жалпы алсыроо, интоксикациянын белгилери болгондо, жарым жартылай жатуу эрежеси - кыймылдоо активдүүлүгүн чектөөнү талап кылган оорулууларга; ал эми жалпы эреже - кыймылдоо активдүүлүгүн чектөөнү талап кылбаган оорулууларга дайындалат.
55. Медициналык бөлүктүн стационарында күнү-түнү кезекчи медицина кызматкери болушу керек. Кезекчи персоналдын санын медициналык бөлүктүн начальниги аныктайт.
56. Оорулуу толук айыкканда, абалынын жакшырышы туруктуу болгондо, башка дарылоо мекемесине которулганда же күн тартибин бузганда, дарылануудан баш тартканда (оорулуунун өмүрүнө же айланасындагылардын ден соолугуна коркунучсуз болсо) стационардан чыгарылат.
Оорулууну чыгаруу медициналык бөлүктүн начальниги менен макулдашылат, чыгарылып жаткан адамга тиешелүү эпикриз таризделет, анын бир көчүрмөсү медициналык картада, ал эми оору баяны болсо - анда да калтырылат. Чыгаруу боюнча эпикризге дарылаган врач менен медициналык бөлүктүн начальниги кол коёт.
57. Мекеменин иш тартиби менен анда медициналык персоналдын болуусу каралбаган сааттарда медициналык кызматкерди же медициналык тез жардамды өз убагында чакыруу, ошондой эле оорулууну кайтаруу жана көзөмөлдөө астында транспорт менен токтоосуз эвакуациялоону камсыздоо абактын начальнигинин нөөмөт жардамчысынын жана тергөө изоляторундагы тергөө изоляторунун начальнигинин нөөмөт жардамчысынын милдети болуп саналат.
58. Оорулууларды саламаттык сактоо уюмуна шашылыш жөнөтүү медициналык, анын ичинде эпидемияга каршы көрсөтмөлөр боюнча, медициналык бөлүктүн начальнигинин рапорту жана мекеменин жетекчилигинин кат жүзүндөгү уруксаты боюнча жүргүзүлөт. Андан ары мекеменин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ыкчам нөөмөтчүсүнө оорулууну саламаттык сактоо уюмуна жөнөтүү зарылчылыгы жөнүндө кабарлайт. Мекеменин жетекчисине 6 сааттын ичинде мекеменин начальнигинин уруксат берген визасы менен медициналык бөлүктүн начальнигинин рапорту жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 521 токтомунун редакциясына ылайык)
59. Оорулууларды стационардык дарылоого шашылыш жөнөтүү оорунун профилине жараша саламаттык сактоо уюмдарында жүргүзүлөт. Токтоосуз ооруканага жаткырууга жолдомо катта оорулуунун абалы жөнүндө маалыматтар жана ооруканага жаткырганга чейин ага көрсөтүлгөн жардам кыскача баяндалат.
60. Оорулууну саламаттык сактоо уюмунун стационарына жеткирүүдө жөнөтүүчү мекеменин медициналык персоналы коштоп барат.
Оорулууну саламаттык сактоо уюмуна медициналык тез жардам бригадасы менен жаткыруу учурунда жөнөтүүчү мекеменин медициналык персоналы оорулууну коштоо үчүн тартылбайт.
61. Айыпталгандарды саламаттык сактоо уюмдарында конвой менен коштоо жана кайтаруу тергөө изоляторлорунун күчү жана каражаттары менен ишке ашырылат.
Соттолгондорду саламаттык сактоо уюмдарында конвой менен коштоо жана кайтаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин күчү жана каражаттары менен ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-августундагы № 521 токтомунун редакциясына ылайык)
62. Оорулууну (жабырлануучуну) жеткирүү жолунда медицина кызматкери коштоп жүрүүсү керек, ал жолдо кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл каражаттар менен камсыздалат. Жугуштуу оорулууну коштоп жүрүүдө жугуштуу оорунун мүнөзүнө ылайык оорулууга кам көрүүнүн предметтеринин (оорулуудан бөлүнүп чыккандарды топтоо жана зыянсыздандыруу үчүн чака, ичеги инфекцияларында - клеёнка, респиратордук инфекцияларда - кебез-даки респиратору) жана дезинфекция каражаттарынын болуусу зарыл. Инфекциялык оорулууну коштоп жүрүүчү медициналык кызматкер убактылуу кароолдун, режим жана көзөмөл кызматынын кызматкерлерине ооруну жугузуп алуу мүмкүндүгүнүн алдын алуу үчүн жүрүм-турумдун эрежелери жөнүндө инструктаж өткөрөт.
63. Инфекциялык оорулууну саламаттык сактоо уюмуна ташуу санитардык же мындай оорулууларды ташуу үчүн жабдылган транспорт менен жүргүзүлөт.
64. Бир транспорт каражатында ар түрдүү инфекциялар менен ооругандарды, ошондой эле инфекциялык жана соматикалык оорулууларды бир убакта ташууга жол берилбейт.
65. Кечиктирилгис квалификациялык жана адистештирилген медициналык жардамга муктаж оорулуулар саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ооруканага шашылыш жаткырылууга тийиш.
4-глава. Ооруканада медициналык камсыздоону уюштуруу
66. Ооруканага стационардык дарылоого пландуу түрдө жиберүү медициналык бөлүктүн начальнигинин алдын ала берген жазуу жүзүндөгү суроо-талабына ылайык жүргүзүлөт.
67. Оорулуу өзгөчө учурларда шашылыш көрсөткүчтөр боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин макулдугу менен алдын ала жазуу жүзүндөгү суроо-талабы жок эле ооруканага жаткырылат, бирок кийинчерээк (бир сутка ичинде) документтерин сөзсүз тапшырышы керек.
68. Зарыл болгон учурларда айыпталгандарды же соттолгондорду саламаттык сактоо уюмдарына жаткырууга бул адамдарга карата аларды өзүнчө бөлүп кармоонун, кайтаруунун жана көзөмөлдөөнүн белгиленген талаптары милдеттүү камсыздалган шартта уруксат берилет.
Айыпталгандарды же соттолгондорду мекеменин ооруканасына же саламаттык сактоо уюмдарына жаткырууда, бул тууралуу кылмыш иши өндүрүшүндө турган органга же адамга кабарланат.
69. Оорулууну саламаттык сактоо уюмуна кабыл алууну мекеменин ыкчам нөөмөтчүсү кезметчи врачтын катышуусу менен ишке ашырат.
Оорулууну кабыл алаарда жогорудагы жооптуу адамдар керектүү дарылоо жана башка документтерди текшерет. Кезметчи врач бардык дарылоо документтерин кабыл алып, оорулуну кабыл алууда аларды окуп чыгат.
Дарыланууга түшкөн оорулуулар белгиленген тартипте тинтилет, ал эми ага тиешелүү кийим-кечеси жана бут кийими зыянсыздандырылат, кезметчи врач аларды тизмектеп каттап, сактоого өткөрөт.
70. Кечиктирилгис дарылоо-диагностикалык иш-чараларына муктаж болгон оорулуу келип түшсө, алар жогоруда аталган режимдик-кайтаруу иш-аракеттерине чейин же алар менен бир убакта аткарылат.
71. Стационарга түшкөн оорулуулардын баары сөзсүз санитардык тазалоодон өтүшөт, оорукана кийимдерин же өзүндө бар таза кийимдерин кийишет жана керектүү төшөнчү менен камсыз кылынат.
72. Кезметчи врач коштомо документтерди окуп чыгып, дене боюн кылдат текшерип, оорулуунун психикалык жана соматикалык абалын иликтеп, саламаттык сактоо уюмуна жаткыруу үчүн медициналык көрсөтмөлөрүнүн болушун баалайт, оорунун диагнозун алдын ала белгилейт.
Дартты алдын ала белгилегенден кийин врач керектүү дарыланууну дайындайт жана оорулууну тиешелүү бөлүмгө жөнөтөт.
Оорусу оор же олуттуу патологиясы болгон учурда жаткыруу маселеси тиешелүү бөлүмдүн начальниктеринин катышуусу аркылуу чечилет.
73. Оорулууну жаткыраарда ага оору баяны толтурулат, ага анамнездин, анын ичинде эпидемиологиялык, дене боюн сырткы текшерүүнүн, изилдөөнүн объективдүү жана кошумча методдорунун керектүү маалыматтары киргизилип, оорулуунун жалпы абалына баа берилет.
74. Оорулууну жаткырууга жарамдуу көрсөтмөлөрү болбосо, кезметчи врач оорулууну стационарга кабыл алуудан баш тартат. Баш тарткан ар бир учур жүйөлөрү менен "Оорулууну кабыл алууну, чыгарууну жана жаткыруудан баш тартууну эсепке алган журналга" катталып, оорулууну жөнөткөн мекемеге бир сутка ичинде кабарланат. Жаткыруудан баш тарткан ар бир учурду жана көрүлгөн чараларды кезметчи врач саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине же анын орун басарына кабарлап турат.
75. Жугуштуу дарты бар оорулууну жаткыруудан баш тартууга болбойт. Дарты биротоло аныкталганга чейин ал милдеттүү түрдө башка оорулуулардан бөлүнүп, адистештирилген бөлүмдөргө же палаталарга жаткырылат. Аны андан ары дарылоо маселеси саламаттык сактоо уюмунун мүмкүнчүлүгүн эсепке алуу менен чечилет.
Өтө коркунучтуу инфекция менен ооруган же ал дартка шектелген оорулуулар эпидемияга каршы иш-чаралардын зарыл болгон комплексин жүргүзүү менен жеринен өзүнчө бөлүнөт. Өтө коркунучтуу инфекциянын диагнозу ырасталган оорулуулар адистештирилген стационарга которулат.
76. Психикасы жайында эмес оорулуу психикалык бөлүмгө жатуудан баш тартса, неврологиялык же соматикалык бөлүмдөрдүн биринин базасында психиатр врачтын стационардык текшерүүсүнө жана дарылоосуна жол берилет, мында профилдик жардам көрсөтүү үчүн психиатр врач тартылат.
77. Дарыланууга жиберилген оорулууда күч колдонуу мүнөзүндөгү же башкадан келип чыккан жаракаттардын белгилерин көргөндө кезметчи врач бул тууралуу саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине билдирет. Бул жаракаттар билингенде медициналык кароо жүргүзгөн врач оорукана начальнигинин кезметчи жардамчысы (ыкчам нөөмөтчү) жана айыпталуучуларды же соттолгондорду жеткирген кароол начальниги (ага конвой) менен бирдикте акт түзөт.
78. Кабыл алуу бөлүмүнүн врачтарынан же саламаттык сактоо уюмунун кезметчи врачынан тышкары бөлүмдүн врачтары иштеп жаткан маалда түшкөн оорулууларды тиешелүү бөлүмдөрдүн врачтары текшерет.
79. Ооруканага түшкөн ар бир оорулуу тууралуу ошол эле күнү тиешелүү бөлүмдүн начальнигине билдирилет.
80. Саламаттык сактоо уюмуна жеткирилген оорулууларга жана жабыркагандарга дартына карабай кабыл алуу бөлүмүндө же тиешелүү бөлүмдөрдө кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүлөт.
81. Оорулууну текшерүү жана дарылоо ал саламаттык сактоо уюмунун кабыл алуу бөлүмүнө түшкөн учурдан башталат, анда оорулуунун абалы, диагностикалык текшерүүнүн көлөмү жана ооруунун алдын ала диагнозу аныкталат. Мындай текшерүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) кабыл алуу бөлүмүнүн врачы же кезметчи врачтын клиникалык текшерүүсү;
2) зарыл болгон лабораториялык, функциялык, рентгенологиялык жана башка изилдөөлөрдү аткаруу;
3) зарылдыкка жараша адис врачтардын консультацияларын жана консилиумдарын өткөрүү;
4) кечиктирилгис дарылоо иш-чараларын аткаруу.
Оорулуу ооруканага түшкөндө денесинин температурасы, кан басымы, тамырдын согуусу, салмагы, бою аныкталат.
82. Оорулуунун психикалык жана соматикалык абалын изилдөөнүн натыйжалары, анамнестикалык (катамнестикалык) маалыматтар, алдын ала диагнозу, байкоо маалыматтары, диагностикалык жана дарылоо дайындоолору оору баянына катталып, толук, ырааттуу жана так жазылат. Оору баяны стационардагы оорулууга түзүлгөн негизги документ болуп саналат.
83. Саламаттык сактоо уюмунун кабыл алуу бөлүмүндө төмөнкүдөй диагностикалык жана лабораториялык изилдөөлөрдү күнү-түнү аткаруу мүмкүндүгү камсыз кылынат:
1) кандын анализи: гемоглобин деңгээлин, кандагы эритроциттин тунуп калуу жагдайын, лейкоциттердин санын жана курамын, гематокриттин чоңдугун, кан агуунун жана анын уюшунун убактысын, канттын камтылышын, протромбин индексин иликтөө;
2) зааранын жалпы анализи: заарада суутек иондорунун (зааранын pH) топтолушун же кычкыл-щелочтук реакциясын, зааранын салыштырма салмагын (болжолдуу жыштыгын), заарадагы глюкозанын, белоктун, өттүн деңгээлин аныктоо жана зааранын калдыгын иликтөө;
3) иликтөөнүн функциялык методу.
84. Зарылчылык жана тиешелүү шарттар болгон учурда саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин колу коюлган буйругу менен стационардык ооруканага жаткырууда жүргүзүлүүчү диагностикалык изилдөөлөрдүн спектри кеңейтилиши мүмкүн.
85. Саламаттык сактоо уюму айыпталгандарды жана соттолгондорду дарылоо-профилактикалык жактан камсыздоону өркүндөтүүнүн жана керебет фондун пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуунун иштеп жаткан механизмин камсыздоочу жаза-аткаруу системасынын мекемелеринин медициналык бөлүктөрү менен адис врачтардын туруктуу байланышын камсыз кылат.
86. Адис врачтар мекеменин жетекчиси бекиткен график боюнча жер-жерлерге чыгып турушат. Чыгып туруунун графиги мекеменин медициналык камсыздоо кызматынын начальниги менен макулдашылат жана медициналык бөлүктөрдүн бардык начальниктерине тааныштырылат.
5-глава. Тарбиялоо абактарында дарылоо-профилактикалык иштердин өзгөчөлүктөрү
87. Тарбиялоо абагына келгенде бардык соттолгондор милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүлөт. Мында тери, жыныстык, жугуштуу ж.б. оорулардын сырткы көрүнүштөрүнө, бит же котур жараларына өзгөчө көңүл бөлүнөт.
88. Жаңы келген соттолгондор балдарды кабыл алган комиссиянын курамына кирген медициналык бөлүктүн начальниги рационалдык жумушка жайгаштыруу, адистик жана жалпы билим берүүчү окууларга жиберүү боюнча сунуштарды берет.
Ошол эле убакта психиатр врачта дарыланууга жана психопрофилактикага же психологиялык жардамга муктаж болгондор аныкталат.
89. Жылына эки жолу тарбиялоо абагындагы бардык соттолгондорго антропометриялык өлчөөлөр жана лабораториялык изилдөөлөр менен тереңдетилген врачтык кароолор жүргүзүлөт.
Кургак учук оорусун эрте аныктоо максатында 6 айда 1 жолу флюорографиялык текшерүү жүргүзүлөт.
Ден соолук абалынын көрсөткүчтөрүнүн негизинде (бой менен дененин массасынын шайкештиги, негизги жүрөк-кан тамыр, дем алуу, нерв системаларынын иштөөсүнүн көрсөткүчтөрү, таяныч-кыймылдаткыч аппараттын абалы, көрүү, угуу органдары ж.б. көрсөткүчтөр), ошондой эле дене бой даярдыгына жараша соттолгондор дене тарбия сабактарына катышуу үчүн: негизги, даярдоочу, атайын (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар) жана майыптар деген топторго бөлүнөт. Ден соолугунун абалынын көрсөткүчтөрүнүн жакшыргандыгына жараша аларды бир топтон экинчисине которуп турушат.
Негизги топко ден соолугунун абалында олуттуу четтөөлөр жок, ошондой эле анча олуттуу эмес морфофункциялуу четтөөлөрү бар, дене бою жактан жетишерлик өсүп-жетилгендер кирет. Алар окуу программасына ылайык дене тарбиясы боюнча сабактардын милдеттүү түрлөрүн аткарышат, контролдук нормативдерди тапшырышат, дене тарбиялык-чыңдоочу иш-чараларга катышып, спорттук секцияларга кошумча бара алышат.
Даярдоочу топко ден соолугунда анча олуттуу эмес четтөөлөр бар, дене бой жактан жетишсиз даярдыктагылар кирет. Соттолгондордун мындай категориясындагылар менен дене тарбиясы боюнча сабактар медицина кызматкерлеринин көзөмөлү менен өткөрүлөт. Алар дене тарбиялык-чыңдоочу иш-чараларга катышып, жалпы дене тарбиясы боюнча спорттук секцияларга бара алышат.
Атайын топко (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жана ден соолугунда туруктуу же убактылуу мүнөздөгү олуттуу четтөөлөрү бар, окууга жана эмгектенгенге жол берилген балдар кирет. Алар менен дене тарбиясы боюнча сабактар оорунун мүнөзүн жана оорчулугун эске алуу менен атайын программа боюнча жүргүзүлөт жана дарылоого багытталат. Бул категориядагы адамдар үчүн сейилге чыгуулар, кыймылдуу оюндар, спорттук көңүл ачуулар көзөмөлдөө эрежелерин сактоо менен кошумча түрдө уюштурулат. Дене тарбиясы боюнча көнүгүүлөрү менен жеке сабактар врачтын сунушу менен өткөрүлөт.
90. Тарбиялоо абагынын медициналык кызматкерлери ден соолугу боюнча медициналык байкоого, чыңдоо режимине жана күчтүү тамактанууга муктаж болгон өспүрүмдөрдү медициналык бөлүктөрдө түзүлгөн ден соолукту чыңдоочу топторго тандайт. Мындай ден соолукту чыңдоочу топко төмөнкүдөй өспүрүмдөр жиберилет:
1) дене бой жактан алсыз, салмагы нормадан төмөндөр;
2) ар кандай оор түрдөгү ооруларды, жаракаттарды, хирургиялык операцияларды башынан өткөргөндөр;
3) ден соолугунун абалы боюнча туруктуу мүнөздөгү четтөөлөрү болуп, атайын каттоодо туруп, дайыма диспансердик байкоодон өтүүгө тийиш болгондор.
Медициналык бөлүктүн начальниги ден соолукту чыңдоочу топко киргизилген адамдардын тизмесин түзөт жана аны тарбиялоо абагынын начальниги бекитет.
Ден соолукту чыңдоочу топто болуу мөөнөтү врач тарабынан аныкталат жана эреже катары 30 күндөн ашпашы керек. Медициналык көрсөткүчтөр бар болсо, анда узартылышы мүмкүн. Бул учурда соттолгондор медициналык бөлүктүн стационарында боло алышат. Алардын күн тартибин медициналык бөлүктүн начальниги аныктайт.
Ушул категориядагы адамдардын медициналык карталарында салмагын, күн режимин, дары-дармек жана витаминдер менен дарылоо, дарылоочу дене тарбия жана эмгектенүү өңдүү тийиштүү жазуулар жазылат.
91. Соттолгондорго адистештирилген, кеңеш берүүчү жана стационардык медициналык жардам көрсөтүү үчүн тарбиялоо абагы саламаттык сактоонун аймактык уюму менен келишим түзүп, жайгашкан жери боюнча райондук ооруканага бекитилет.
Мындай келишимде тарбиялоо абагынын медициналык бөлүгүнө төмөнкүдөй зарыл болгон көмөк көрсөтүү каралышы мүмкүн:
1) адис врачтар (оториноларинголог, окулист, невролог, хирург, стоматолог, психиатр) тарабынан керектүү лабораториялык жана функциялык изилдөөлөрдү аткаруу менен, соттолгондорду профилактикалык медициналык кароолорду жүргүзүүдө;
2) оорусу аныкталган адамдарга диспансердик кароону уюштуруу жана жүзөгө ашырууда;
3) аларга керектүү дарылоочу-профилактикалык иш-чараларды өткөрүүдө практикалык жардам берүүдө.
92. Тарбиялоо абагынын медициналык бөлүгүнүн стационарында ооруп калгандарды болжол менен эки жуманын аралыгында дарылоо жүргүзүлөт. Стационардык дарылоого узагыраак убакытты талап кылган ооруга чалдыккандар мекеменин ооруканасына же жакынкы саламаттык сактоо уюмуна жиберилиши керек.
6-глава. Аялдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү
93. Жаза аткаруу системасынын мекемелеринин медициналык бөлүктөрүнүн аялдарды медициналык жактан камсыз кылуудагы өзгөчө милдеттери төмөнкүлөр:
1) гинекологиялык оорулардын, кош бойлуу кездеги, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилдеги өтүшүп кетүүлөрдүн алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүү;
2) аялдарды комплекстүү профилактикалык кароодон өткөрүү;
3) гинекологиялык оорулууларга, кош бойлууларга жана жаңы төрөгөндөргө диспансердик байкоо жүргүзүү;
4) кош бойлуу аялдарды төрөткө психопрофилактикалык жактан даярдоо;
5) "энелер мектебинин" ишин уюштуруу;
6) санитардык-агартуу иши (анын ичинде аборттун алдын алуу боюнча);
7) кош бойлууларды, жаңы төрөгөндөрдү жана гинекологиялык оорулууларды текшерүүдө жана дарылоодо мекеменин тергөө изоляторлорунун медициналык бөлүктөрү, ошондой эле саламаттык сактоонун аймактык уюмдары, анын ичинде төрөт үйлөрү (бөлүмдөрү) менен иш улантуучулукту камсыз кылуу.
94. Соттолгон кош бойлуу аялдардын төрөтүнө жардам саламаттык сактоонун аймактык уюмдарынын төрөт үйлөрүндө көрсөтүлөт.
95. Боюнда бар экендиги аныкталган күндөн баштап кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдардын баары диспансердик байкоого алынат.
96. Кош бойлуу экени билингенден баштап аялдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеңилирээк жумушка которулат.
97. Кош бойлуулар менен төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:
1) жеке гигиена эрежелерин, эмгек жана эс алуу режимин сактоо тууралуу санитардык-агартуу иши;
2) атайын көнүгүүлөрдүн комплекси боюнча топтук ыкмада дене тарбиясын өткөрүү;
3) кош бойлуулугу 14-16 жума болгондон баштап "энелер мектебинде" окутуу, төрөткө карата психопрофилактикалык даярдык жүргүзүлөт.
Кош бойлуулар менен сабактар (жүрөк, кан тамыр ооруларында, токсикоз болгондо) жеке тартипте жүргүзүлөт.
98. Кош бойлуу аялдар төмөнкү учурларда текшерүүгө жана дарыланууга жаткырылат:
1) кош бойлуулуктун патологиялык түрдө жүрүшү (эрте токсикоз, шишүүлөр, протеинурия, гипертензивдик бузулуулар, преэклампсия; бойдон түшүү коркунучу; кан кетүү; резус-конфликттик кош бойлуулук; жамбаш сөөктүн өлчөмү менен түйүлдүктүн башынын дал келбешине коркунуч болсо; мөөнөтүнөн өтүп кеткенде; түйүлдүктүн туура эмес абалы жана жатышы; түйүлдүктүн боюнун жетишсиздиги же өтө чоңоюп кетиши, түйүлдүктүн гипоксиясы, түйүлдүктүн антенаталдык өлүмү; ыйлаакча жана башка абалдарда);
2) экстрагениталдык ооруларда (жүрөктүн кемтиги, пиелонефрит, гломерулонефрит, гипертониялык оору, гипертиреоз, кант диабети, анемия, лейкоз, цистит жана башка ооруларда);
3) кош бойлуулуктун кооптуу факторлору болгондо: 30 жашта же андан ашканда биринчи төрөгөндөр, көп жолу төрөгөндөр, өсүүсүндө кемтиги бар балдарды төрөгөн аялдар;
4) анамнезде бойдон түшө бергенде, көп түйүлдүктүү кош бойлуулук, түйүлдүктүн көчүгү менен жатып калганында, жатында тырык болсо, жатын миомасында;
5) амбулатордук шарттарда оорунун диагнозун тактаганга мүмкүн болбосо.
99. Аялдарды төрөттөн кийин кароо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) биринчи - ооруканадан чыккандан кийинки 2-3 суткада;
2) экинчи - чыккандан кийин 7 сутка өткөндө;
3) акыркы - төрөттөн кийин 6-8 жума өткөндө.
Операция жолу менен төрөттө клиникалык көрсөткүчтөрүнө жараша.
100. Түзөтүү мекемелеринде кармалган бардык аялдар жылына 1 жолудан кем эмес, ал эми тергөө изоляторлорунда кармалгандар жылына 2 жолудан кем эмес акушер-гинеколог врачынын текшерүүсүнөн өтүшү зарыл.
101. Медициналык бөлүктүн стационарында дарылоо мүмкүн болбогон гинекологиялык оорулары бар аялдар тиешелүү саламаттык сактоо уюмуна стационардык дарылоого жөнөтүлөт.
7-глава. Айрым ооруларга карата дарылоо-профилактикалык иш-чаралар
102. Айыпталгандардын жана соттолгондордун психикалык саламаттыгын сактоо, бул адамдарды тарбиялоо жана эмгек иш-чараларынын системасына эң натыйжалуу кошуу, жасалган мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында бул категориядагы адамдардын психикалык бузулууларын өз учурунда диагностикалоо, дарылоо жана профилактикалык иштер жүзөгө ашырылат.
103. Оорулуунун психикалык абалы өзүнө же айланасындагыларга түздөн-түз коркунуч, ошондой эле анын алсыздыгы менен шартталса, аны атайын психиатриялык мекемеге которгонго чейин мекеменин медициналык кызматкерлери тарабынан жардам көрсөтүлөт.
Оорулуунун абалына жараша, өз өмүрүнө кол салуу, аутоагрессия, башкаларга кол салуу, качуу аракеттерин жокко чыгаруу үчүн аларга байкоо жүргүзүүнүн дифференцияланган түрлөрү белгиленет, тийиштүү текшерүү жана дарылоо дайындалат.
104. Мекемелерде психикалык бузулуулары бар адамдарды аныктоо үчүн төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:
1) айыпталгандар же соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүнүн алдында врач камакка алынганга чейин психикалык бузулуулары болгон, соттук-психиатриялык экспертизага жиберилүүчү же андан өткөн адамдарды аныктоо үчүн өздүк делосунун материалдары жана медициналык документтери менен милдеттүү түрдө таанышат;
2) зарыл болгон учурда айыпталгандар же соттолгондор психикалык оорусу боюнча текшерилген же стационардык дарылануудан өткөн саламаттык сактоо уюмдарынан амбулатордук оорулуунун жана (же) стационардык оорулуунун медициналык картасынан көчүрмөлөр жана экспертиза жүргүзүлгөн соттук-психиатриялык экспертизалардын актыларынын көчүрмөлөрү суралат;
3) текшерилип жаткан адамда психикалык бузулуу бар же жок экенин мекеменин же саламаттык сактоо уюмунун психиатр врачы аныктайт. Психикалык бузулуусу бар экендигине шек саналган учурда мекеменин врачтары өздөрүнүн диагностикалык корутундуларын болжолдуу гана чыгара алат;
4) акыл-ээси жайындалыгын жокко чыгарбаган психикалык бузулуусу боюнча мажбурлап дарылоого алынган адам милдеттүү түрдө психиатр врач тарабынан текшерилет;
5) акыл-эси жайындалыгын жокко чыгарбаган психикалык бузулуусу бар адамдарды мажбурлап дарылоо жаза-аткаруу системасын психиатриялык бөлүмүндө стационардык түрдө жүргүзүлөт;
6) психикалык жактан туруксуз, невротикалык мүнөздөгү даттануулар менен көп кайрылган же жүрүм-турумунда четтөөлөр бар адамдар (эмоциясын башкара албаган, тышкы жүйөсүз кылык-жоруктарды көп жасаган, кармоо режимин бузган, чыр-чатактуу ж.у.с.), ошондой эле мурда психикалык бузулуулар боюнча дарыланган, соттук-психиатриялык экспертиза тарабынан акыл-ээси жайында деп таанылган, бирок психикалык бузулуулары бар адамдар ыктыярдуулук принцибин сактаган учурда психиатр врач тарабынан күбөлөндүрүлөт.
Психикалык абалынын оордугунун кесепетинен улам адам өзүнө же айланадагыларга түздөн-түз коркунуч жараткан, алсыз болгон же андагы психикалык бузулуу ага психиатриялык жардам көрсөтүлбөгөн учурда анын ден соолугуна олуттуу зыян тийгизиши мүмкүн болгон учурларда күбөлөндүрүү анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
105. Психикалык бузулуусу бар адамдарды диспансердик байкоо жана дарылоо "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 28-беренелерине ылайык жаза-аткаруу системасынын мекемесинин медициналык бөлүгүндө же стационарында амбулатордук түрдө жүргүзүлөт.
106. Соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган адамдарга психикалык бузулуусу аныкталганга байланыштуу дарылоо иш-чаралары алардын психикалык абалына ылайык жүргүзүлөт. Соттук-психиатриялык экспертиза акыл-эси жайында эместигин күбөлөндүргөн психикалык бузулуусу бар экендиги жөнүндө корутунду чыгарган учурда, айыпталганды акыл-эси жайында эмес деп таануу жөнүндө соттун чечими чыкканга чейин дарылоо иш-чаралары оорулууну башка айыпталгандардан жана соттолгондордон милдеттүү түрдө бөлөк кармоо менен тергөө изоляторунун медициналык бөлүгүнүн стационарында жүргүзүлөт.
107. Оорулуунун акыл-эси жайында эместиги жөнүндө соттун чечими чыккандан кийин, мекеменин адистештирилген бөлүмүнө которгонго чейин дарылоо иш-чаралары башка айыпталгандардан жана соттолгондордон милдеттүү түрдө бөлөк кармоо менен тергөө изоляторунун медициналык бөлүгүнүн стационарында жүргүзүлөт.
108. Психикалык бузулуусу бар экендигине байланыштуу мекеменин медициналык бөлүгүнүн стационарына жайгаштырылган айыпталгандарды же соттолгондорду медициналык бөлүктүн начальниги же мекеменин терапевт врачы мекеменин же саламаттык сактоо уюмунун психиатр врачынын сунушу боюнча жумасына эки жолудан кем эмес карап турат. Кароонун жыйынтыктары стационардык оорулуунун медициналык картасына киргизилет. Оорулууну стационардан чыгарууда толук эпикриз түзүлөт, ал амбулатордук оорулуунун медициналык картасына көчүрүлөт.
109. Стационардык дарылоону талап кылган психикалык бузулуулары бар адамдарга мекеменин медициналык бөлүгүнүн шартында, ал эми оор жана узакка созулган учурларда - мекеменин психиатриялык бөлүмүндө же саламаттык сактоо уюмунда жардам көрсөтүлөт.
110. Соттолгонду оорусуна байланыштуу андан ары жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселени чечүүдө өнөкөт психикалык оорудан жабыр тарткан оорулууларды стационарда дыкат жана ар тараптуу текшерүү милдеттүү болуп саналат.
111. Психиатриялык күбөлөндүрүү "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-25-беренелерине ылайык жүргүзүлөт.
112. Психикасы бузулган адамдарга карата мажбурлап дарылоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 118-беренесине ылайык соттун чечими менен жүргүзүлөт.
Психоактивдүү заттарга көз карандылыктан жапа чеккен адамдарга карата мажбурлап дарылоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
113. Алкоголизмден жана баңгиликтен милдеттүү дарыланууга тийиш болгон соттолгондор жаза-аткаруу системасынын ооруканасынын наркологиялык бөлүмүндө кармалат жана дарылоодон өтөт.
114. Алкоголизм, баңгилик менен ооругандарды милдеттүү дарылоо психиатр-нарколог же наркология боюнча тийиштүү даярдыгы бар психиатр врач тарабынан жүргүзүлөт. Милдеттүү дарылоону дайындоо үчүн негиз болуп адис врачтар тарабынан комиссиялык түрдө чыгарылган корутунду эсептелет.
115. Баңгиликтен милдеттүү дарылоо курсун аяктай элек соттолгондорду мекеменин ооруканасынын наркология бөлүмүнөн башка саламаттык сактоо уюмуна которуу өтө зарыл учурда гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында оорулуунун абалы жана жүргүзүлгөн дарылоо жөнүндө толук эпикриз түзүлөт, дарылоону улантуу боюнча сунуштар берилет.
116. Соттолгондо өнөкөт алкоголизм же баңгилик аныкталса, дарылоону талап кылган учурларда ага алкоголизмден жана баңгиликтен дарылоо курсунан ыктыярдуу түрдө өтүү сунушталат. Алкоголизмден жана баңгиликтен ыктыярдуу дарылоо жаза өтөгөн жери боюнча жүргүзүлөт.
Өнөкөт алкоголизми же баңгилиги бар соттолгондор ыктыярдуу түрдө макул болсо, жаза-аткаруу системасынын мамлекеттик органдарынын чечими менен түзүлгөн реабилитациялык борборлордо медикаментоздук эмес реабилитациялоо курсунан өтө алат.
117. Соттолгон ыктыярдуу дарылоодон баш тартса, мекеменин медициналык бөлүгүнүн начальниги, эки психиатр-нарколог врач же психиатр врач курамына кирген медициналык комиссия ага карата мажбурлап дарылоонун зарылдыгы жөнүндө медициналык корутунду чыгарат, анын негизинде жаза-аткаруу системасынын мекемесинин администрациясы сотко медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуш киргизет.
Соттолгондорго карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 152 жана 153-беренелерине ылайык аткарылат.
118. Милдеттүү дарылоону токтотуу жөнүндө чечим да комиссиялык түрдө кабыл алынат. Дарылоо курсу аяктай электе жазасын өтөп бүткөн адамдар алкоголизмден жана баңгиликтен андан ары реабилитациялоону аларга тийиштүү түрдө кабарлоо менен жашаган жери боюнча саламаттык сактоо органдарында улантат.
119. Алкоголизмден, баңгиликтен милдеттүү дарылоодон өткөн соттолгондор жаза өтөөдөн бошотулган бардык учурларда медициналык бөлүк бошотууга чейин бир ай мурда бошотула турган адамдын жашаган жери боюнча тандалган наркологиялык диспансерге жүргүзүлгөн дарылоо жана анын жыйынтыктары жөнүндө амбулатордук оорулуунун медициналык картасынан көчүрмөнү жөнөтөт.
Алкоголизмден жана баңгиликтен дарылоо курсун аяктаган соттолгондор боюнча материалдар мекеменин администрациясынын корутундусу боюнча мажбурлап дарылоону токтотуу үчүн сотко жөнөтүлөт.
120. Мекеменин жетекчилиги кургак учукка каршы иш-чаралардын комплексин уюштурууну жана өткөрүүнү, анын ичинде кургак учуктун алдын алууну, эрте аныктоо маселелери боюнча санитардык-агартуу иштерин жана кургак учуктан жабыр тарткан оорулууларды контролдоп дарылоону камсыздайт.
121. Иштин бул багыты боюнча түздөн-түз жетекчиликти, ошондой эле координациялоону жана саламаттык сактоо уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү мекеменин медициналык камсыздоо кызматынын фтизиатр врачы жүзөгө ашырат.
122. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) кургак учукту активдүү алдын алуу;
2) кургак учукту эрте аныктоо (өзгөчө өпкө кургак учугунун бациллярдык формаларын) жана аларды натыйжалуу дарылоо;
3) аныкталган оорулууларды кургак учукка каршы медициналык уюмдарга өз учурунда жөнөтүү;
4) кургак учук менен ооруган менен байланышта болгон адамдарды өз убагында аныктоо, аларды текшерүү, диспансердик байкоо жүргүзүү;
5) төмөнкүлөрдү обочолотуп жана өзүнчө кармоо:
- активдүү кургак учук менен ооругандарды бул оору боюнча диспансердик эсепке алууда турбаган адамдардан;
- кургак учуктун микобактерияларын (мындан ары - КМБ) бөлүп чыгарган оорулууларды активдүү кургак учук менен ооругандардан;
- көптөгөн дарыларга туруктуу (мындан ары - КДТ) бактерияларды бөлүп чыгаргандарды жана полирезистенттүүлүгү бар адамдарды КМБ бөлүп чыгарган башка оорулуулардан;
6) диспансердик эсепке алууну, диагностикалык иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле кургак учук менен ооругандарды белгиленген тартипте дарылоо;
7) кургак учук менен ооругандарды диагностикалоо, дарылоо жана диспансердик байкоо жүргүзүү маселелеринде саламаттык сактоо уюмдары менен иш улантуучулук;
8) кургак учукка каршы иш-чараларды өткөрүүдөгү этаптуулук;
9) эпидемияга каршы режимди милдеттүү түрдө сактоо;
10) кургак учукту диагностикалоо боюнча бактериологиялык лабораториялар.
123. Кургак учукту аныктоо, диагностикалоо, дифференциалдык диагностикалоо максатында мекемеде төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:
- мекемеде кармалган адамдардын көкүрөк клеткасындагы органдарды рентгендик-флюорографиялык изилдөө;
- төмөнкү адамдардын какырыгына кычкылдыкка туруктуу микобактерияларга (мындан ары - КТМ) үч жолку изилдөө жүргүзүү:
1) кургак учукка шек саналган оору симптомдору болгон;
2) какырыктын, кан аралашкан какырыктын бөлүнүп чыгышы, көкүрөк клеткасындагы оорулар менен коштолгон узак убакыт жөтөлгөн (3 жумадан ашык);
3) өпкөсүндө кургак учукка шек саналган рентгенологиялык өзгөрүүлөр болгон;
4) КМБ бөлүп чыгарган кургак учук менен ооруган менен байланышта болгон;
- профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чаралар;
- кургак учук оорусу боюнча тобокелдик топторго кирген адамдарга кошумча текшерүү жана диспансердик байкоо жүргүзүү;
- кургак учукка байланыштуу көйгөйлөр боюнча санитардык-агартуу иштери.
124. Кургак учукка шек саналган учурда мекеменин медициналык кызматкери бул тууралуу медициналык бөлүктүн начальнигине дароо кабарлайт жана бейтапты обочолоого багытталган чараларды көрөт.
125. Кургак учукту диагностикалоо боюнча изилдөөлөрдүн негизги методдорунун бири какырыкка жана диагностикалык башка материалга микробиологиялык изилдөө жүргүзүү болуп саналат. Ал төмөнкүдөй методдор менен жүргүзүлөт:
1) түздөн-түз микроскопия;
2) люминесценттик микроскопия;
3) КМБ бөлүп чыгарылган штаммдарынын кургак учукка каршы препараттарга сезгичтигин аныктоо менен какырыктын (башка материалдын) тунмасын азыктандыруу чөйрөсүнө посев жасоо.
126. Кургак учук оорусу боюнча тобокелдик топтору кошумча диагностикалык иш-чараларды жүргүзүү (кургак учукка изилдөөлөрдүн клиникалык минимумун камтыйт) үчүн оорлотуучу факторлору бар адамдардан түзүлөт, аларга төмөнкүлөр кирет:
1) 2 жумадан узак жөтөлүү;
2) кан түкүрүү;
3) 3 жумадан ашык калтыратма;
4) дене салмагынын төмөндөшү;
5) айрым оорулар жана абалдар, аларга төмөнкүлөр кирет:
- кант диабети; ашказандын жана он эки эли ичегинин жарасы;
- ашказандын мурда болгон резекциялары же гастрэктомия;
- дем алуу органдарынын спецификалык эмес өнөкөт оорулары; пневмония;
- гематурия жана пиурия менен коштолгон заара чыгаруу-жыныс органдарынын оорулары;
- психикалык оорулар, ошондой эле баңгилик, алкоголизм;
- ВИЧ-инфекция;
- кортикостероиддер жана цитостатиктер тобундагы дары препараттары менен узак убакыт дарылоо;
- иммунодефициттик абал;
6) өпкөдөгү кургак учуктан кийинки өзгөрүү.
127. Кургак учукка шек саноодо изилдөөнүн клиникалык минимуму төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) сурамжылоо жана кароо;
2) көкүрөк клеткасындагы органдарга рентгендик-флюорографиялык изилдөө жүргүзүү;
3) кургак учукка какырыктын микробиологиялык изилдөөсү (үч ирет түздөн-түз микроскопия методу менен же люминесценттик микроскопия методу менен);
4) кандын жалпы анализи;
5) зааранын жалпы анализи.
128. Тобокелдиктин аталган факторлорунан экөө же андан ашыгы болгондо, аталган оорулар же симптомдор аныкталганда, изилдөөлөрдүн клиникалык минимуму жүргүзүлөт.
129. Кургак учук айыпталганда же соттолгондо аныкталса, кургак учукка каршы дарылоо кургак учук аныкталган тергөө изоляторунда жүргүзүлөт.
Кургак учук соттолгондо аныкталса, ал кургак учукка каршы дарылоодон өтүү үчүн саламаттык сактоонун адистештирилген уюмуна жиберилет.
130. Саламаттык сактоонун адистештирилген уюмуна дарылоого жөнөтүүдө оорулуунун медициналык картасына кургак учуктук өзгөрүүлөрү аныкталган флюорографиялык кадрлар жана рентгендик сүрөттөр тиркелет.
131. Активдүү кургак учуктан жабыр тарткан, ошондой эле активдүү кургак учукка шектелген оорулуу айыпталган же соттолгон (бошотулушуна байланыштуу акыркы диагноз коюла элек) камактан бошотулган учурда, анын болжолдуу жашаган жери боюнча жайгашкан саламаттык сактоо уюмуна амбулатордук оорулуунун медициналык картасынан (оору баяндамасы) көчүрмө жөнөтүлөт. Амбулатордук оорулуунун медициналык картасынан көчүрмөнүн бир нускасы оорулуунун колуна берилет.
132. Оорулууларда кургак учуктун реактивация белгилери аныкталганда алар дароо обочолоого (мекеменин медициналык бөлүгүнүн инфекциялык изоляторуна жайгаштырылууга) жана саламаттык сактоонун адистештирилген уюмуна стационардык дарылоого жөнөтүлүүгө тийиш. Кургак учук менен ооруган адам кеткенден кийин, ал болгон жайларда (кургак учук инфекциясынын очогу) жыйынтыктоочу дезинфекциялоо жүргүзүлөт.
133. Кургак учук инфекциясынын очогундагы иш-чаралар санитардык ченемдерге жана эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. Кургак учук инфекциясынын очогунда иштердин жүргүзүлүшүн медициналык бөлүктүн начальниги контролдойт. Кургак учук инфекциясынын очогу КМБ бөлүнүп чыкканына, ошондой эле оорулуу биринчи жолу аныкталганына же оорунун рецидиви аныкталганына карабастан, активдүү кургак учук менен ооруган адам аныкталгандан кийин белгиленет.
134. Кургак учук инфекциясынын очогундагы иш өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ооруканага жөнөтүлгөнгө чейин оорулууну өз учурунда обочолоо (медициналык бөлүктүн изоляторуна жайгаштыруу);
2) инфекциянын булагын аныктоо;
3) активдүү кургак учук менен ооруган менен байланышта болгон адамдарды аныктоо, аларды диспансердик эсепке алуу;
4) дезинфекция жүргүзүү;
5) санитардык-агартуу иши (лекциялар, аңгемелешүүлөр, санитардык бюллетендерди чыгаруу).
135. Оорулуунун оорунун очогунан кетишинин бардык учурларында (узак мөөнөткө), анын ичинде оорулуу каза болгон учурда оорунун очогунда жыйынтыктоочу дезинфекция 24 сааттан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
136. Жыйынтыктоочу дезинфекция кургак учук менен ооругандар кармалган жайларда, имараттарда капиталдык оңдоо жүргүзүүнүн алдында, ошондой эле аталган курулмаларды бузуунун алдында жүргүзүлөт.
137. Жүргүзүлгөн дезинфекциялык иштер жөнүндө маалымат мекеменин медициналык бөлүгүндө сакталган дезинфекциялар журналына киргизилет.
138. Кургак учук менен ооруган айыпталган же соттолгон кармалган жерге карабастан, белгиленген формадагы диеталык тамактануу дайындалат.
139. Кургак учук менен ооругандар кургак учукка каршы препараттарды ичүүдөн баш тарткан учурда диеталык тамактануу дайындалбайт.
140. Айыпталгандардын же соттолгондордун арасында жаракаттардын жана уулануулардын алдын алуу боюнча иш-чаралар мекеменин бардык кызматтары тарабынан уюштурулат жана жүргүзүлөт. Алар максаттуу багытталган, конкреттүү болууга, мекеменин кармоо режимин камсыздоонун жана чарбалык-өндүрүштүк ишинин мүнөзүнө жана милдеттерине жооп берүүгө тийиш.
141. Мекемелердин медициналык бөлүктөрү (саламаттык пункттары) күтүлбөгөн кырсыктан, жаракаттардан, уулануулардан жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык нерселер менен жабдылууга жана аларды адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү үчүн дарылоо мекемелерине шашылыш жеткирүүнү камсыздоого даяр болууга тийиш.
142. Өндүрүш объекттерин медициналык камсыздоо төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) бир катар объекттерде саламаттык пункттары уюштурулат;
2) бардык цехтер, өз алдынча участоктор, устаканалар алгачкы жардам аптечкалары менен жабдылат. Цехтердин, участоктордун начальниктери, мастерлер аптечкалардын сакталышын жана өз учурунда толтурулуп турушун көзөмөлдөөгө милдеттүү. Аптечкаларды мекеменин медициналык кызматкерлери толтурат;
3) алыскы участокто, цехте же бригадалардын тобунда иштеген ар бир өндүрүш бригадасына алгачкы жардам көрсөтүү үчүн атайын бул үчүн даярдалган бир соттолгон бөлүнөт, аны мекеменин медициналык бөлүгү медикаменттер жана таңуучу материалдар салынган санитардык сумка менен камсыздайт;
4) эгерде өндүрүштө жабыр тарткан соттолгон врачтык тез жардам көрсөтүлүшүнө муктаж болсо, аны медициналык бөлүккө же жакынкы саламаттык сактоо уюмуна жеткирүү уюштурулат;
5) медициналык кызматкер жабыр тартканга жардам көрсөткөндөн кийин, жаракаттын (уулануунун) мүнөзүн, анын оордугун жана окуянын аныкталган жагдайын чагылдыруу менен болгон окуя жөнүндө мекеменин жетекчилигине билдирет;
6) жаракат алуунун же уулануунун ар бир учуру медициналык кызматкер тарабынан атайын журналга катталат. Күтүлбөгөн кырсыкты иликтөө боюнча комиссиянын ишине милдеттүү түрдө медициналык кызматкерлер тартылат.
143. Жаракаттардын жана уулануулардын алдын алуунун негизги чаралары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мекеменин администрациясы жана медициналык кызматкерлери тарабынан айыпталгандарды же соттолгондорду тийиштүү түрдө кармоону камсыздоо, алардын эмгегин туура пайдалануу, жаракаттардын, уулануулардын жана күтүлбөгөн кырсыктардын алдын алуу боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышын дайыма контролдоо;
2) соттолгондордун эмгегин алардын квалификациясына жана ден соолугунун абалына жараша пайдалануу;
3) техникалык инструктаж жана иштин айрым түрлөрүнө уруксатты тариздөө;
4) соттолгондорго коопсуздук техникасынын негизги эрежелерин үйрөтүү, жаракаттардын жана уулануулардын жеке алдын алуу чаралары менен тааныштыруу жана жаракат алууда, ууланууда жана күтүлбөгөн кырсыкта биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн ыкмаларын (өзүнө жана бири-бирине жардам көрсөтүү түрүндө) иш жүзүндө үйрөтүү боюнча сабактарды системалуу өткөрүп туруу;
5) санитардык-агартуу иши;
6) ден боюу начар өрчүгөн жана өнөкөт оорулары бар адамдарга дайыма көзөмөл жүргүзүү, аларга эмгек сунуштамаларын аныктоо жана алардын иш орношуусун контролдоо;
7) мекеменин администрациясы тарабынан жаракаттардын жана уулануулардын алдын алуу конкреттүү иш-чараларды иштеп чыгуу менен алардын жагдайларын жана себептерин системалуу изилдөө.
144. Өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды иликтөө жана эсепке алуу колдонуудагы ченемдик актылардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
8-глава. Айыпталгандарды же соттолгондорду ташуу учурунда медициналык камсыздоо
145. Айыпталгандардын же соттолгондордун бардыгы мекемеден жөнөтүүнүн алдында этаптоо мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтөт.
146. Инфекциялык оорулуулар, сифилис менен ооругандар, дарылануу курсун аяктай электер, курч кармаган гонорея менен ооругандар айыкканга чейин мекеменин ооруканаларына которуудан тышкары, бир түзөтүүчү мекемеден же тергөө изоляторунан башкасына которулбайт.
Мындай учурларда, ошондой эле акыл-эси жайындалыгын жокко чыгарбаган психикалык бузулуусу бар соттолгондор дени сак соттолгондордон өзүнчө жана зарыл болгон учурда (жөнөтүүчү мекеменин врачынын корутундусу боюнча) медициналык кызматкердин коштоосунда ташылат.
Сифилис менен ооругандарды этаптоо дарылоо курстарынын ортосунда гана дарылоочу врачтын уруксаты менен жүргүзүлөт.
147. Медициналык коштоого муктаж соттолгондорду ташууда алар үчүн жөнөтүүчү мекеменин штатынан медициналык кызматкерлер бөлүнөт.
Соттолгон оорулууларды медициналык кызматкерлердин коштоосунун зарылдыгы жөнөтүүчү мекеменин медициналык бөлүгүнүн начальниги тарабынан аныкталат.
Алты айдан ашык кош бойлуу же үч жашка чейинки балдары бар аялдарды ташуу медициналык кызматкерлердин коштоосунда башка соттолгондордон бөлөк жүргүзүлөт.
148. Соттолгондорду коштоо үчүн бөлүнгөн медициналык персонал төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кароол соттолгондору кабыл алып жатканда катышууга, аларга жөнөтүүнүн алдында комплекстүү санитардык тазалоо толук жана сапаттуу жүргүзүлгөнүн контролдоого;
2) жол жүргөндө камактагылар үчүн автомашинанын санитардык абалын, азыктардын сакталышынын тартибин жана шартын, ичүүчү суу менен камсыздалышын контролдоого;
3) белгиленген жерге келгенден кийин соттолгондорду, буюмдарды өткөрүп берүүгө жана документтерди тариздөөгө катышууга.