Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 29-июлу № 152
Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-главанын 4-параграфынын аталышы "Мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 158-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "158-статья. Чарба жүргүзүү укугуна негизденген мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар";
б) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Чарба жүргүзүү укугуна негизденген ишкана катары мүлкү жана пайдасы мамлекеттин же жергиликтүү коомчулуктун менчиги болуп саналган жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн бул ишканага бекитип берилген юридикалык жак таанылат.";
в) 2-пункт "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "же муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2013-жылдын 26-июлу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 73-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) товарды эсепке алуу приборлору болбогон учурда, акынын өлчөмү Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилүүчү керектөө ченемдери жана топтоо нормалары менен аныкталат;".
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 24-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү бюджеттердин резервдик фонддорун пайдалануу тартибин аныктоо, пайдалануунун багыттары жана көлөмдөрү жөнүндө чечим кабыл алуу ушул Кодекстин жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.";
2) 51-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) билим берүү, саламаттык сактоо, эс алуу, маданият, социалдык коргоо мекемелерин, турак жай жана коммуналдык чарба, айлана-чөйрөнү коргоо, коргоо объекттерин күтүүгө, аксакалдар сотторунун ишин камсыз кылууга, муниципалдык ишканаларды субсидиялоого;".
5-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-статьянын 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Каттоо зонасы - жергиликтүү каттоо органынын зонасы, анын чектери кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Ал административдик-аймактык бирдиктин бөлүгүнөн, же болбосо бир, эки же андан көп административдик-аймактык бирдиктерден турушу мүмкүн.";
3) 8-статьянын 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Мыйзамдын 10-статьясына ылайык түзүлгөн жергиликтүү каттоо органдары (мындан ары - каттоо органдары) каттоо зонасында укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырат. Мында каттоо зонасынын чектери административдик-аймактык бирдиктердин чектери менен дал келбеши мүмкүн.
3. Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү системасынын органдарынын иши ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык жүзөгө ашырылат.";
4) 10-статьяда:
а) 1-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жергиликтүү каттоо органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте түзүлөт жана жоюлат.";
6) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыймылсыз мүлккө болгон укук жана кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөр жергиликтүү каттоо органында мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.";
5) 251-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык текшерүү жергиликтүү каттоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.";
6) 472-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"472-статья. Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган бүтүмдөрдүн негизинде кыймылсыз мүлккө карата пайда болгон укуктарды мамлекеттик каттоо
Милдеттүү нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган бүтүмдөрдүн негизинде кыймылсыз мүлккө карата пайда болгон укуктарды каттоону жергиликтүү каттоо органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.".
6-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьянын биринчи бөлүгүндө "төрт жылдык" деген сөздөр "беш жылдык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41) Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн жана чектеринин өзгөрүшү;";
3) 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Депутаттын статусу Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде кайра уюштурууга алып келүүчү административдик-аймактык бирдиктин чектери же административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмү өзгөргөн учурларда өзгөрөт.".
7-берене.
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9-статья. Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри";
б) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин жүргүзөт.";
в) 2-бөлүктө "Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестринин" деген сөздөр "Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестринин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
2) 19-статьянын экинчи бөлүгүнүн алтынчы абзацында "муниципалдык менчик объекттеринин реестрин" деген сөздөр "муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8-берене.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9-берене.
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин экинчи бөлүгүндө:
а) 11-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 121 жана 122-пункттар менен толукталсын:
"121) көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн берилүүчү жерлерге;";
122) шаарлардын административдик чектеринде жайгашкан жерлерге. Шаарлардын административдик чектеринде жайгашкан жерлерди которуунун (трансформациялоонун) тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;";
2) 2-берененин биринчи абзацында "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2013-жылдын 12-июлу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-беренеде:
а) берененин аталышы жана 1-бөлүгү "Мыйзамдын", "мыйзамдын" деген сөздөрдөн кийин ", башка ченемдик укуктук актынын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүктө:
- биринчи абзац "мыйзамдар" деген сөздөн кийин ", башка ченемдик укуктук актылар" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2 жана 7-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5 жана 6-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 4 жана 5-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү
Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө ушул Мыйзамдын 3-беренесинин жоболорунун талаптары сакталууга тийиш.
5-берене. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды келишимдин негизинде берүү
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, ушул Мыйзамдын 3-беренесинин жоболорунун талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет.";
3) 9-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткаруучу адиси
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча милдеттерди аткаруучу адиси контракттын негизде (эмгек келишиминин негизинде) жалданат, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.";
4) 10-беренеде:
а) 1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы "мыйзамда" деген сөздөн кийин ", башка ченемдик укуктук актыда" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 12-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жөнүндө отчет мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыда же келишимде белгиленген мөөнөттөрдө берилбеген учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамда, башка ченемдик укуктук актыда же келишимде каралган жоопкерчиликти тартат.";
6) 14-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 1-пункт "мыйзамдын" деген сөздөн кийин ", башка ченемдик укуктук актынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзам, башка ченемдик укуктук акт белгиленген тартипте күчүн жоготту деп таанылганда;";
б) 3-бөлүк "Мыйзамдын" деген сөздөн кийин "жана башка ченемдик укуктук актынын" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 4-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик органдын сунуштамасын карайт, көрсөтүлгөн себептердин аныктыгы белгиленгенде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө же аны күчүн жоготту деп таануу жөнүндө тиешелүү ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын тиешелүү долбоорун демилгелейт.";
г) 5-бөлүктүн биринчи абзацында "Мыйзам" деген сөз "Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 6-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштамасын карайт, көрсөтүлгөн себептердин аныктыгы белгиленгенде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө же аны күчүн жоготту деп таануу жөнүндө тиешелүү ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ченемдик укуктук актынын тиешелүү долбоорун демилгелейт.";
7) 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
"15-берене. Чыр-чатактарды жана талаш-тартыштарды чечүү
1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
2. Талаш-тартыш жана пикир келишпестик тараптар тарабынан чечилбеген учурда, бардык пикир келишпестиктер ушул Мыйзамдын 14-беренесинде белгиленген тартипте чечилет.".
11-берене.
"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-берененин 2-бөлүгүндө "4 жыл" деген сөздөр "5 жыл" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 13-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 15-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин жана жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу акысын бекитүү;";
4) 20-берене:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 141 - 143-пункттар менен толукталсын:
"141) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен иш жүргүзүү;
142) шаардын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө;
143) калктуу конуштун ичинде суу пайдалануунун эрежелерин белгилөө, ирригациялык курулмаларды эксплуатациялоо, күтүү;";
б) 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21) жер мыйзамдарында аныкталган компетенцияга ылайык чечим түрүндө жерлердин бардык категорияларын жана жерлердин түрлөрүн жерлердин башка категорияларына же жерлердин түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) же которууга макулдук берүү;".
12-берене.
"Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1196-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 10-берененин 2-бөлүгүндө "4 жыл" деген сөздөр "5 жыл" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 13-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 15-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
"51) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин жана жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу акысын бекитүү;";
4) 20-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 141 - 143-пункттар менен толукталсын:
"141) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен иш жүргүзүү;
142) шаардын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө;
143) калктуу конуштун ичинде суу пайдалануунун эрежелерин белгилөө, ирригациялык курулмаларды эксплуатациялоо, күтүү;";
б) 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19) жер мыйзамдарында аныкталган компетенцияга ылайык чечим түрүндө жерлердин бардык категорияларын жана жерлердин түрлөрүн жерлердин башка категорияларына же жерлердин түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) же которууга макулдук берүү;".
13-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 6-пунктунда "жана бажылык" деген сөздөр алып салынсын;
2) 27-берененин 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү;";
3) 29-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу шарттарын зарыл материалдык жана финансылык каражаттар менен мамлекеттик камсыз кылуу тартибин бир убакта белгилөө менен мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын негизинде, ошондой эле келишим менен жүзөгө ашырылат.";
б) 5-бөлүктүн биринчи абзацы "мыйзамдар" деген сөздөн кийин "жана башка ченемдик укуктук актылар" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 30-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жергиликтүү кеңештер - ушул Мыйзамда, шайлоо жөнүндө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте айыл аймактарында, шаарларда жергиликтүү коомдоштуктар тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.";
5) 33-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-бөлүктөр менен толукталсын:
"21. Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы тиешелүү аймактын шайлоо комиссиясынын көмөктөшүүсүндө мурдагы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешти шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин жаш курагы боюнча эң улуу депутаты ачат.
Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине жергиликтүү кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо маселелери жана жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелери киргизилет.
22. Жаңы түзүлгөн айыл аймактарында жана шаарларда жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү кеңешти шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат.";
6) 34-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 11-пунктта "ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди бекитүү" деген сөздөр "ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу, башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди мыйзамдарга ылайык бекитүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:
"111) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү;";
7) 38-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Калкынын саны 6000 адамга чейинки жергиликтүү кеңештердин ишин айыл өкмөттөрүнүн аппараттары камсыз кылат, калкынын саны 6001ден 20000 адамга чейинкилерди - жергиликтүү кеңештердин жооптуу катчылары, калкынын саны 20001ден жогору болгондорду - Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү кеңештер түзүүчү аппараттар камсыз кылат.";
8) 40-берененин 6-бөлүгүндө "эмгек акынын" деген сөздөр "бир күндүк эмгек акьгаьга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 42-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин чектери өзгөргөн учурларда, же болбосо Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу;";
10) 45-беренеде:
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шаардын мэриясы:";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 131 - 133-пункттар менен толукталсын:
"131) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен иш жүргүзөт;
132) шаардын административдик чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөөнү уюштурат;
133) калктуу конуштун ичинде суу пайдалануунун, ирригациялык курулмаларды эксплуатациялоонун, күтүүнүн эрежелерин белгилейт;";
11) 48-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41) кесиптик кызматтык ишин туруктуу негизде жүргүзгөн жана эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен алган маданият жана спорт кызматкерлерин Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;";
12) 51-берене төмөнкүдөй мазмундагы 91 - 93-пункттар менен толукталсын:
"91) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен иш жүргүзөт;
92) мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөөнү уюштурат;
93) калктуу конуштун ичинде суу пайдалануунун, ирригациялык курулмаларды эксплуатациялоонун, күтүүнүн эрежелерин белгилейт;";
13) 54-берене төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
"81) кесиптик кызматтык ишин туруктуу негизде жүргүзгөн жана эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен алган маданият жана спорт кызматкерлерин Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;";
14) 55-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
15) 56-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"56-берене. Айыл башчысы
1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен айыл аймагынын өзүнчө жайгашкан калктуу конуштарында жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысы эмгек келишиминин негизинде ишке жалданып алынышы мүмкүн.
2. Айыл башчысынын милдеттери жана функциялары айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан аныкталат.";
16) 62-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жергиликтүү курултайдын ишин уюштуруу жана анын тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен аныкталат.".
14-берене.
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 2-ноябры, № 113-114) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 20-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ротациялоо бирдей кызмат орундарына же болбосо бир топтун чегинде жүргүзүлөт. Кызматчыны төмөн турган кызмат орундарына ротациялоодо кызматчынын эмгек акысы кийинки кайра уюштурууга, милдеттердин жана функциялардын өзгөрүшүнө байланыштуу уюштуруучулук түзүмү өзгөргөнгө жана эмгек акы төлөө шарттарынын жакшырышына чейин мурдагы кызмат орду боюнча сакталат.";
2) 21-беренеде:
а) 5-бөлүктө "көлөмдө" деген сөз "тартипте жана көлөмдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүктө "кадрлар резервинде турган" деген сөздөр "квалификациялык талаптарга ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 30-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда же кайра уюштурулганда, анын штаты кыскарганда кызматчыга анын кесибин жана квалификациясын эске алуу менен кызмат орундарынын тиешелүү категориясынын чегинде башка иш сунуш кылынууга тийиш. Бош орун жок болгон жана иштен бошотулуп жаткан кызматкердин макулдугу болгон учурда, ага кийин кайра уюштурулганга, милдеттердин жана функциялардын өзгөрүшүнө байланыштуу уюштуруу түзүмү өзгөргөнгө жана эмгек акы төлөө шарттарынын жакшырышына чейин мурдагы кызмат орду боюнча орточо эмгек акысын сактоо менен төмөнүрөөк категориядагы башка кызмат орду берилет.";
4) 37-берененин 1-бөлүгүнүн 13-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
15-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши менен жергиликтүү кеңештер кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин чектеринин өзгөрүшүнө байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу таркатылууга тийиш деп белгиленсин.
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-августундагы № 63 (3617) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |