Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 192 токтому менен бекитилди) |
Мамлекеттик токой фондун пайдалануу
жана тескөө тартиби
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 146, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269, 2023-жылдын 28-августундагы № 429, 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 148, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 , 2025-жылдын 2-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө эрежелерин аныктайт (мындан ары - Тартип) жана Кыргыз Республикасынын токойду пайдалануучу жеке жана юридикалык жактарына жайылтылат.
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде токой төмөнкүчө пайдаланылышы мүмкүн:
1) жер иштетүү, чөп чабуу, мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу, жапайы өсүүчү азык ресурстарын, дары чөптөрдү, техникалык сырьену жыйноо;
2) экинчи даражадагы токой ресурстарын даярдоо;
3) токой ресурстарын кайра өндүрүү;
4) токойду илимий-изилдөө, билим берүү, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруу жана аңчылык чарбасынын муктаждыктары үчүн пайдалануу;
5) пайдалуу кендерди иштетүү максатында жумуштарды аткаруу (жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалуу кендерди иштетүү);
6) көлмөлөрдү пайдалануу;
7) токой чарбасын жамаатташып жүргүзүү;
8) энергиянын кайра жаралуучу булактарын (мындан ары - ЭКБ) пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу максатында иштерди аткаруу;
9) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 146, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 429, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Мамлекеттик токой фондунун жерлери функциялык зоналаштырууга (токойду коргоонун категориялары) ылайык токойду пайдалануучуларга конкурстук негизде берилет (мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу, жапайы өсүүчү азык ресурстарын, дары чөптөрдү, техникалык чийки заттарды жыйноо, илимий-изилдөө иштери, геологиялык изилдөө, геологиялык чалгындоо иштери жана пайдалуу кендерди иштетүү, ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу максатында токойду пайдалануудан тышкары).
Токойду пайдалануучуларга берилген мамлекеттик токой фондунун жерлеринин өлчөмү жана чеги токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы тарабынан токой жайгаштыруу долбоорунун, функциялык зоналаштырууга жана картографиялык материалдардын негизинде аныкталат.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерин функциялык зоналаштыруу (токойду коргоонун категориялары) жөнүндө жобо токой чарбаны башкаруунун республикалык мамлекеттик органы тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269, 2023-жылдын 28-августундагы № 429 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Токойду пайдалануучулар мамлекеттик токой фондунун участокторун акы төлөп пайдаланышат, анын эсеби токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы тарабынан жыл сайын чыгарылат.
Мамлекеттик токой фондунун участокторун пайдалангандыгы үчүн акы төлөө түрүндө түшкөн каражаттар Токойлордун өндүрүмдүүлүгүн эсепке алуу, коргоо, сактоо, кайра өстүрүү жана жогорулатуу боюнча бюджеттик программанын чараларын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджетке жиберилет.
Мамлекеттик токой фондунун участоктору илимий-изилдөө максаттарында акысыз пайдаланылат.
4. Токойду пайдалануунун натыйжасында алынган токой ресурстарын ташып чыгаруу токой ресурстарын берүү жөнүндө актынын негизинде жүргүзүлөт. Отчеттун формасын жана тартибин токой чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекитет.
5. Мамлекеттик токой фондунун участокторунда иш жүргүзүүдө төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- жерге жана анын түшүмдүүлүгүнө, ошондой эле айлана чөйрөгө терс таасирин тийгизген агротехниканы колдонууга;
- өрт жана санитардык коопсуздук эрежелерин бузууга жана сактабоого;
- келишим боюнча берилген аянтка чектеш участокторго терс таасирин тийгизген илимий тажрыйбаларды жүргүзүүгө;
- токой экосистемаларына жана алардын компоненттерине зыян келтирүүгө;
- токойду жок кылууга же өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жок болуп бараткан түрлөрүнүн байырлоо чөйрөсүн деградациялоого алып келүүчү сарамжалсыз пайдаланууга;
- мамлекеттик токой фондунун бөлүнгөн жерлеринде адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаалга жол берүүгө;
- мал багуу боюнча санитардык-ветеринардык жана зоогигиеналык талаптарды бузуу менен мамлекеттик токой фондунун жерлеринде мал жаюуга;
- малды мамлекеттик токой фондунун жерлеринде малчысыз жаюуга;
- токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын макулдугусуз жер семирткичтерди чачууга;
- капиталдык курулуштарды жана турак-жай коммуналдык чарба объекттерин тургузууга (рекреациялык жана туристтик максаттарда токойду пайдалануудан, көлмөлөрдү жана жер казынасын пайдалануудан, ошондой эле ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду, туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруудан сырткары).
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 146, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Ушул Тартипте пайдаланылган аныктамалар:
агротокойчулук - бадалдарды жана дарактарды айыл чарба өсүмдүктөрү менен айкалыштыруу учурунда алынган артыкчылыктарды пайдаланууга карата комплекстүү ыкма;
токой ресурстарын берүү жөнүндө акт - мамлекеттик токой фондунун аймагынан токой ресурстарын ташып чыгууну белгилеген документ, ал токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдары тарабынан ар бир ташып чыгууга берилет;
токой чарбасын жүргүзүү - токойлорду эсепке алуу, коргоо, сактоо жана токой ресурстарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды аткаруу, ошондой эле токойду пайдалануу;
экинчи даражадагы токой ресурстары - жыгач эмес токой ресурстары, аларга дүмүрлөр, кабыктар, ак карагай, кызыл карагай жана карагай бутактары, жаңы жылдык балатылар кирет;
жапайы өсүүчү азык ресурстары - жапайы өсүүчү мөмө, жемиштер, жаңгактар, козу карындар, бадал өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү;
жол берилген рекреациялык жүк - белгилүү мезгил ичинде белгилүү аянт бирдигине элдин келүү саны, мында жаратылыш комплексинин туруктуулугу сакталууга тийиш;
мамлекеттик токой фондунун жерлери - мамлекеттик токой фондунун курамына кирген токой жана токой эмес жерлер;
жер иштетүү - айыл чарба өндүрүшү менен байланышкан максатта мамлекеттик токой фондунун токой эмес жерлерин пайдалануу;
токой ресурстары - жыгачтар, экинчи даражадагы токой ресурстары, жапайы өскөн азык ресурстары, дары чөптөр жана токойдун пайдалуу (суу сактоочу, климатты жөнгө салуучу, эрозияга каршы, кыртышты коргоочу, рекреациялык, ден соолукту чыңдоочу, санитардык-гигиеналык) касиеттери;
токой плантациялары - мөмө жана жыгач алуу үчүн жасалма тигилген токой, мөмө-жемиш дарактары;
токойду пайдалануучу - мамлекеттик токой фондунун жерлерин ушул Тартипте белгиленген пайдалануу укугу берилген жеке же юридикалык жак;
токой чарбасынын иш-чаралары - токой плантацияларын жана токой питомниктерин түзүү боюнча уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын комплекси;
анча баалуу эмес токой дарактары - курамында ошол токой өскөн шарттарга жана токойдун участогунун максатына шайкеш келген баалуу бак-дарактарды өстүрүү үчүн жетиштүү сандагы дарактардын чарбалык-баалуу түрлөрүнө ээ эмес, реконструкцияланууга тийиш болгон жана экономикалык, экологиялык максаттарга туура келбеген бак-дарактар;
туристтик индустриянын объекттери - мамлекеттик токой фондунун жерлеринде мейманканалардын жана туристтер жайгашуучу башка каражаттардын, коомдук тамактануу объекттеринин, ден соолукту чыңдоо, спорттук жана башка багыттагы объекттердин жыйындысы;
токой чарбасын жамаатташып жүргүзүүнү башкаруу планы - жамааттардын токой чарбасын жүргүзүүгө зарыл болгон ишин документтик сыпаттоо;
токойду пайдалангандыгы үчүн акы төлөө - мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөө;
токойду пайдалануу программасы - токойду сарамжалдуу максаттуу пайдаланууну уюштуруу боюнча ижарачынын ижара мөөнөтү бүткөнгө чейин токой участогун натыйжалуу коргоону жана сактоону камсыз кылуучу пландалган иш-чараларынын долбоору;
токойду пайдаланууну уюштуруу долбоору - ижарага алынган участоктун планы, архитектуралык-пландалуучу тапшырма (туристтик индустриянын объекттери курулган учурда) жана токой чарба өндүрүшүнүн чыгымдарын жана жоготууларын эсептөө менен токой жайгаштыруу долбоору камтылган документтердин пакети;
токой плантацияларын жана токой питомниктерин түзүү долбоору - жердин породалык курамын, куруу ыкмаларын, технологияларын жана сметалык наркын көрсөтүү менен токой плантациялары жана токой питомниктери курула турган участокту сүрөттөгөн документ;
токойдун тиби - токой өстүрүү шарттарынын жалпы тиби, жыгач түрлөрүнүн бирдей курамы, ярустарынын саны, окшош фаунасы менен мүнөздөлгөн жана бирдей экономикалык шарттарда бир эле токой чарбалык иш-чараларды талап кылган токойдун участогу же токойдун участокторунун жыйындысы;
экологиялык жүк - техногендик таасирин токой экосистемасы көтөрө алуучу жана өзүн калыбына келтире алуучу жол берилген жүк.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Конкурсту өткөрүү тартиби
§ 1. Конкурстук комиссия
7. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугун берүү боюнча конкурс токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы (мындан ары - Уюштуруучу) тарабынан өз алдынча же мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугун берүү жөнүндө жеке, юридикалык жактардын кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мамлекеттик токой фондунун жерлери токойду пайдалануучуларга мамлекеттик токой фондунун участогун ижаралоо жөнүндө келишим боюнча берилиши мүмкүн:
- кыска мөөнөттүү ижарага - 5 жылга чейин;
- орто мөөнөттүү ижарага - 25 жылга чейин;
- узак мөөнөттүү ижарага - 50 жылга чейин.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерин орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү ижарага берүүдө токойду пайдалануунун бир же бир нече түрүн жүзөгө ашыруу үчүн милдеттүү 5 жылдык сыноо мөөнөтү белгиленет. Токойду пайдалануучу тарабынан ижара келишиминин шарттары аткарылганда, мамлекеттик токой фондунун участогу туура пайдаланылганда жана Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдары сакталганда келишимдин мөөнөтү калган мезгилге мамлекеттик токой фондунун ижара келишимине толуктоо киргизүү жолу менен узартылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Конкурстук документтердин пакетин кароо, аларды баалоо жана конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн Уюштуруучу конкурстук комиссияны түзөт жана конкурстук комиссиянын курамын (мындан ары - Комиссия) бекитет.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так болууга тийиш жана 5тен (беш) кем эмес, бирок 9 (тогуз) адамдан ашпашы керек.
Уюштуруучу ушул Тартиптин 10-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдардан Комиссиянын курамына киргизүү үчүн талапкерлер жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндө суратат.
Комиссиянын мүчөлүгүнө талапкер соттуулугу жок жана токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын жетекчилиги менен жакын туугандык мамиледе болбогон Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.
Бир эле адам 3 жолудан ашык комиссиянын мүчөсү боло албайт.
10. Комиссиянын курамын Уюштуруучу 1 жылдык мөөнөткө бекитет. Комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- Уюштуруучунун (40%), мамлекеттик токой фондунун жерлерин балык кармоо же балык өстүрүү үчүн берүүдө суу биоресурстарын өстүрүү жана/же көбөйтүү маселелери боюнча балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын өкүлү сөзсүз катышат;
- мамлекеттик токой фондунун конкурска коюлуучу жерлеринин жайгашкан ордуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (20%);
- Уюштуруучунун жана мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугун алууга талапкерлердин кызыкчылыгын көздөбөгөн коммерциялык эмес уюмдардын (40%);
- (Абзац 5 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 146, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269, 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Комиссиянын төрагасы биринчи жыйналышта Комиссиянын мүчөлөрүнүн ачык добуш берүү жолу менен 1 жылдык мөөнөткө шайланат. Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын директору Комиссиянын төрагасы боло албайт.
Комиссиянын жыйналышын Төрага алып барат. Ал жок учурда жыйналышта шайланган комиссиянын мүчөсү жыйналышты алып барат.
Комиссиянын катчысы Уюштуруучунун өкүлү болуп саналат, ал Комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт.
12. Комиссиянын мүчөсүн курамдан чыгаруу жөнүндө чечим Уюштуруучу тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
- токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын ишине кийлигишүү болсо;
- кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык кызыкчылыктардын кагылышуусу болсо;
- берилген арыздын негизинде.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Комиссиянын жыйналышы каралуучу маселелердин мазмунуна ылайык катчы тарабынан протоколго жазылат жана ага Комиссиянын жыйналышка катышып отурган бардык мүчөлөрү кол коёт.
Эгерде Комиссиянын жыйналышына анын 2/3төн кем эмес мүчөлөрү катышса, Комиссиянын жыйналышы укуктуу катары таанылат. Комиссиянын чечими Комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен чечилет. Добуштардын тең чыгуусунда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
§ 2. Конкурстук документтердин пакети
14. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Конкурстук документтердин пакетине төмөнкү документтер кирет:
1) жеке жактар үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
- токойду пайдалануудагы тажрыйбасы жөнүндө маалымат;
- токойду пайдалануу программасы;
2) юридикалык жактар үчүн:
- уюмдун толук аталышын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалымкат (юридикалык дареги, телефону жана башка реквизиттери);
- юридикалык жактын катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөсү;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (бар болсо);
- соңку ай үчүн карыздын жоктугу жөнүндө мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалымкаты;
- токойду пайдалануудагы тажрыйбасы жөнүндө маалымат;
- токойду пайдалануу программасы.
Токойду пайдалануу программасы: аталышын, максаттарын жана милдеттерин; негизги аткаруучулардын тизмесин; ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана этаптарын; инвестициялык жана башка сунуштарды; ишке ашыруудан күтүлгөн акыркы натыйжаларды камтууга жана токойду жайгаштырууда белгиленген токой чарба иш-чараларын эске алууга тийиш.
Конкурстук документтерде өчүрүүгө жана оңдоолорго жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Катышуучу ушул Тартиптин 14-пунктунда көрсөтүлгөн конкурстук документтердин пакетин Комиссиянын ар бир мүчөсү үчүн зарыл болгон нускада тариздейт, алардын бир нускасы - түп нуска, калганы - Катышуучу күбөлөндүргөн көчүрмөлөр. Конкурстук документтер конвертке чапталат, ал Комиссиянын катчысына тапшырылат.
§ 3. Конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү
16. Конкурстук процесс жалпыга маалымдоо каражаттарында (мындан ары - ЖМК) конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган датадан тартып башталат.
Уюштуруучу конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандырууну ЖМКда, токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын жана конкурска коюлуучу мамлекеттик токой фондунун жерлеринин жайгашкан жерине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайтында, маалымат такталарында конкурс өткөрүлгөнгө чейин 30 календардык күндөн кеч эмес жайгаштырат.
Конкурстук жарыялоо төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- токойду пайдалануунун түрүн;
- токойду пайдалануу пландалып жаткан мамлекеттик токой фондунун жерлеринин кыскача мүнөздөмөсүн;
- конкурстук документтерди тапшыруунун соңку мөөнөтүн;
- конкурсту өткөрүү күнүн, убактысын жана ордун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Конкурстарга менчигинин түрүнө карабастан, ага катышуу үчүн бардык зарыл шарттарды аткарган жана токой чарбасына карызы жок жеке жана юридикалык жактар (мындан ары - Катышуучу) катыша алат.
Конкурска катышууга ниеттенген катышуучу конкурска катышуу үчүн эркин формада жазуу жүзүндөгү билдирмени берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу ЖМКда жарыяланган күндөн жана конкурска катышуу жөнүндө Катышуучулар билдирме берген күндөн тартып башталат жана 30 календарлык күн өткөндөн кийин аяктайт.
19. Комиссиянын катчысы мөөнөтүндө берилген билдирмелерди кабыл алууда конкурстук документтер салынган конверттерди кошо кабыл алгандыгы жөнүндө Катышуучуларды кабарлайт жана эч кандай жазуулары жана белгилери жок кабыл алынган конверттерди мөөр менен күбөлөндүрөт.
Катышуучу берген документтер менен келип түшкөн конверттер Комиссиянын катчысында сакталат.
§ 4. Конкурска катышуудан четтетүү
20. Эгерде конкурска катышууга билдирмелер эрежелерди бузуу менен берилген болсо, Катышуучу бул билдирмелерди четке кагууга укуктуу. Жаңы билдирме берүү мөөнөтү аяктаганга чейин кайра таризделиши жана берилиши мүмкүн.
21. Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген билдирмелер конкурска катышууга кабыл алынбайт.
Катышуучуну конкурска катышуудан четтетүү жөнүндө чечим Комиссия тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
- эгерде Катышуучу белгиленген талаптарды бузуу менен конкурстук документтердин пакетин талаптагыдай эмес тариздесе;
- эгерде Катышуучу жөнүндө маалыматтарда туура эмес маалыматтар камтылса;
- эгерде Катышуучунун салыктар жана төлөмдөр боюнча карыздары болсо;
- эгерде Катышуучунун мамлекеттик токой фондунун жерлерин ижаралоо жөнүндө келишими бар болсо (мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жаңгакты жыйноо максатында токойду пайдаланууда);
- эгерде келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Катышуучу менен мамлекеттик токой фондунун жерлерин ижаралоо келишими мурда бузулган болсо.
§ 5. Конкурстук документтерди баалоо тартиби жана жеңүүчүнү
жарыялоо
22. Конверттер конкурстун катышуучуларынын катышуусунда Комиссия тарабынан ачылат.
Комиссиянын катчысы конкурстук документтери бар конверттерди ачуунун протоколун жүргүзөт.
23. Талапкерлерди кароодо Токойду пайдалануу программасынын сапаты жана мазмуну бааланат. Токойду пайдалануунун билдирмедеги түрү боюнча тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.
Токойду пайдалануу программасы Токой программасын баалоонун методикасына ылайык төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:
1) Программанын токойду пайдалануунун түрлөрүнө, токой экосистемасын жана биотүрдүүлүктү сактоого шайкеш келиши;
2) Программанын толуктугу, логикага негизделгендиги жана жеткиликтүүлүгү;
3) Программаны ишке ашыруунун мөөнөттөрүнүн жана этаптарынын тактыгы, ошондой эле күтүлүп жаткан түпкү натыйжалардын тактыгы;
4) Программаны ишке ашыруунун практикалык мүмкүндүгү жана экономикалык натыйжалуулугу;
5) Программанын социалдык-экономикалык багытталгандыгы.
231. ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган мамлекеттик токой фондунун жерлерин өткөрүп берүү ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеме тарабынан өткөрүлүүчү конкурстук тандоонун негизинде жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Токойду пайдалануу программасынын критерийлерин баалоо методикасы токой чарбасын башкаруунун республикалык органы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
25. Комиссиянын чечими токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын расмий сайтында жана/же маалымат тактасында Комиссия чечим кабыл алган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде жайгаштырылууга тийиш.
Комиссиянын чечими токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын жетекчилиги тарабынан бекитилет.
26. Конкурстун Катышуучулары тарабынан Комиссиянын чечими конкурстун натыйжалары жарыялангандан кийин он күндүн ичинде соттук тартипте даттанылышы мүмкүн. Бул мөөнөт аяктагандан кийин конкурстун Катышуучуларынын даттануулары конкурстун Уюштуруучусу тарабынан каралбайт.
27. Сот тарабынан конкурстун натыйжалары анык эмес деп таанылган учурда экинчи конкурс мурдагы конкурстун натыйжаларын жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген күндөн тартып 60 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
28. Конкурстун катышуучуларынын зарыл саны жок (эки катышуучудан аз) болгон учурда анык эмес деп таанылган конкурс өткөрүлгөндөн кийин жыйырма календарлык күндөн кечиктирилбестен экинчи конкурс жарыяланат.
Экинчи конкурста катышуучулардын зарыл саны жок болгон учурда экинчи ирет өткөрүлгөн конкурска катышкан адам жеңүүчү деп табылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Комиссиянын оң чечими мамлекеттик токой фондунун жерлерин ижаралоо келишимин түзүү үчүн негиз болуп саналат. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин ижаралоо укугу тиешелүү келишим түзүлгөн учурдан тартып пайда болот.
Эгерде жеңүүчү келишим түзүүдөн баш тартса, келишим конкурстун натыйжасы боюнча кийинки орунду ээлеген Катышуучу менен түзүлөт.
3-глава. Ижаралоо келишиминин шарттары
30. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин ижаралоо жөнүндө келишим (мындан ары - Келишим) токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын жетекчилиги бекиткен Комиссиянын чечиминин негизинде түзүлөт.
Ижаралоо жөнүндө келишим типтүү форма боюнча түзүлөт, аны токой чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекитет.
Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада жазуу жүзүндө түзүлөт. Үч жыл же андан көп мөөнөткө түзүлгөн Мамлекеттик токой фондунун жерин ижарага берүү келишими кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Кыргыз Республикасынын кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Келишимдин шарттарын өзгөртүүгө төмөнкү учурларда жол берилет:
1) табигый кырсыктардын кесепетинен мамлекеттик токой фондунун абалынын өзгөрүшү, анын натыйжасында токойду пайдаланууга мүмкүн болбой калса;
2) мамлекеттик токой фондунун жерлеринин категориясынын өзгөрүшүнүн натыйжасында мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануунун талаптарынын жана тартибинин өзгөрүшү;
3) коомдук муктаждык үчүн мамлекеттик токой фондунун жерлеринин жарым-жартылай алынышы;
4) мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугунун үчүнчү жакка берилиши.
32. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) пайдалануу укугу мамлекеттик токой фондунун жерлеринин бөлүгүн өз алдынча жер участогуна бөлүп берүү менен үчүнчү жакка берилгенде;
2) мураскерлери болбогон токойду пайдалануучу каза болгондо;
3) токойду пайдалануучу мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугунан ыктыярдуу баш тартканда;
4) табигый кырсыктын кесепетинен мамлекеттик токой фондунун жерлерин андан ары пайдаланууга мүмкүн болбогондо;
5) юридикалык жак жоюлганда;
6) мамлекеттик токой фондунун жерлерин ижаралоо жөнүндө келишим бузулганда;
7) коомдук муктаждык үчүн мамлекеттик токой фондунун жерлери алынганда;
8) токойду пайдалануучу тарабынан келишимдин шарттары жана/же Токойду пайдалануу программасы аткарылбаган учурда, ошондой эле токойду пайдалануу акысын бир жолу өз убагында төлөбөгөндө токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын чечими;
9) токойду пайдалануучу жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандыгы же келишимдин шарттарын жана/же Токойду пайдалануу программасын аткарбагандыгы жөнүндө соттун чечими болгондо;
10) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 429 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11) сот тарабынан конкурстун жыйынтыктары жараксыз деп табылганда;
12) токой фондунун жерлерин алгандан кийин 1 жылдын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (мындан ары - ЭКБ) субъекттеринде техникалык-экономикалык негиздеменин жана ырасталган каржылоо булагынын жоктугу;
13) токой фондунун жерлерин алгандан кийинки 2 жылдын ичинде ЭКБ субъекттеринде архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган долбоордук-сметалык документтердин жоктугу;
14) токой фондунун жерлерин алгандан кийин 3 жылдын ичинде ЭКБ субъекттери курулуш иштерин жүргүзбөгөн учурда;
14-1) ЭКБ субъекттери тарабынан аткарылуучу курулуш иштерин жүзөгө ашыруу мезгилинде, берилген жер участогун же ага болгон укуктарды үчүнчү жактарга курулуш аяктаганга жана объект ишке киргизилгенге чейин берүүгө жол берилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 146, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269, 2023-жылдын 28-августундагы № 429, 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 148 , 2025-жылдын 2-июлундагы № 395 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
321. Ушул Тартиптин 32-пунктунун 12-14-пунктчаларында каралган негиздер боюнча мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугу токтотулган учурда мамлекеттик токой фондунун жерлери мыйзамдарда белгиленген тартипте ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагына башкарууга өткөрүп берилүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугун токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен макулдашуусуз үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
Пайдалануу укугу үчүнчү жакка өткөрүп берилген учурда Ижаралоо жөнүндө келишимге мамлекеттик токой фондунун ижараланган жерлерин пайдалануу укугун өткөрүп берүү катталган учурдан баштап 10 календарлык күндүн ичинде өзгөртүүлөр киргизилет.
4-глава. Мамлекеттик токой фондун пайдалануунун түрлөрү
§ 1. Жер иштетүү
34. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин жер иштетүү максатында пайдалануу укугу конкурстук негизде жана мамлекеттик токой фондунун токой эмес жерлерине гана берилет.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерин жер иштетүү максатында пайдалануу укугу Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен токойду пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде берилет.
35. Өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын колдонуу жер үстүндөгү ыкма менен гана жана токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
36. Токойду жер иштетүү максатында пайдалангандыгы үчүн акы төлөө төмөнкү формула боюнча аныкталат:
А = Чб х Экм, |
мында:
А - токойду жер иштетүү максатында пайдалангандыгы үчүн акы төлөө;
Чб - сугат айдоонун, кайрак айдоонун, чөп чабындынын ченемдик баасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы № 47 токтому менен бекитилген Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (нормативдик баасын) аныктоонун тартибине ылайык аныкталат;
Эст - жерди ижарага берген учурдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы, маалыматтар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланат.
§ 2. Чөп чабуу жана мал жаюу
37. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин чөп чабуу максатында пайдалануу укугу Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен токойду пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде берилет.
38. Чөп чабуу үчүн токойдогу ачык жерлерди жана токой өсүмдүктөрүн отургузмайынча токойдун табигый түрдө кайра калыбына келүүсү мүмкүн болбогон, токой өсүмдүктөрү өспөгөн башка жерлерди колдонушат, ошондой эле чөп чабуу үчүн жарактуу, жакшыртууга муктаж болгон жерлер, реконструкциялоо үчүн белгиленбеген анча баалуу эмес бак-дарактардын участоктору колдонулат.
39. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин мал жаюу максатында пайдалануу укугу токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы тарабынан бир сезонго берилүүчү мал жаюуга билеттин негизинде берилет.
Мал жаюуга билеттин түрүн жана тартибин токой чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы иштеп чыгат жана бекитет.
40. Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдары жайыт комитети менен кызматташтыкта мамлекеттик токой фондунун жерлерин мал жаюу үчүн пайдалануу моделин аныктайт жана Мал жаюуну башкаруу планын биргелешип иштеп чыгат.
41. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин мал жаюу максатында пайдалануу укугу мамлекеттик токой фондунун жерлерине мал жаюу үчүн жол берилген ченемди жана сезондуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен берилет.
Мал жаюуга уруксат берилген участоктордун тизмеги мамлекеттик токой фондунун жерлеринин абалынын өзгөрүшүнүн, ошондой эле токой ресурстарын кайра өндүрүү жана даярдоо боюнча иш-чаралардын планын эске алуу менен жыл сайын такталат.
42. Эчки жаюуга мамлекеттик токой фондунун жерлеринин атайын бөлүнгөн участокторунда гана уруксат берилет.
43. Мамлекеттик токой фондунун төмөнкү жерлерин чөп чабуу жана мал жаюу максатында пайдалануу укугун берүүгө жол берилбейт:
1) төмөнкүдөй статуска ээ болгон токой фондунун участокторунда жана жерлеринде:
- өзгөчө баалуу токой массивдеринде;
- илимий мааниге ээ токойлордо, анын ичинде генетикалык резерваттарда жана жаратылыш эстеликтеринде;
- суу менен жабдуу булактарын санитардык коргоо зоналарынын биринчи жана экинчи алкактарындагы токойлордо;
- эрозияга каршы токойлордо;
- транспорттук магистралдардагы токойлордун коргой турган тилкелеринде;
- дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын жана башка суу объекттеринин жээктери боюнча токойлордун тыюу салынган тилкелеринде;
2) маданий-ден соолукту чыңдоочу, рекреациялык жана туристтик пайдалануудагы зоналарда;
3) бузулган ландшафттарды калыбына келтирүү зоналарында;
4) сыналуучу аянттарда жана тажрыйба жүргүзүлүүчү участоктордо;
5) көп сандагы жаш токойлору сакталган токойдун кесүүгө арналган бөлүктөрүндө;
6) табигый жаңыланууга шарттар түзүлгөн аянттарда;
7) даракчалардын чокулары мал жебегидей бийиктикке жеткенге чейинки жаш токойлордо жана жердин үстүңкү катмарынын бузулушуна алып келүүчү (шамал жана суу эрозиясына түрткү берүүчү) участоктордо.
8) мергенчилик коруктарынан сырткары, мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан коруктарда.
44. Мал ээлери токой өсүмдүктөрүн, питомниктерди жана башка токой участокторун коргоо максатында токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын көрсөтмөсү боюнча мал айдоочу жерлерди тосууга тийиш.
45. Токойду чөп чабуу максатында пайдалануу үчүн акы төлөө төмөнкү формула менен аныкталат:
А = Чб х Эк |
А - токойду чөп чабуу максатында пайдалангандыгы үчүн акы төлөө;
Чб - сугат айдоонун, кайрак айдоонун, чөп чабындынын ченемдик баасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы № 47 токтому менен бекитилген Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (нормативдик баасын) аныктоонун тартибине ылайык аныкталат;
Эст - жерди ижарага берген учурдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы, маалыматтар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланат.
46. Мал жаюу үчүн акы төлөө өлчөмүн токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мамлекеттик токой фондунун жерлеринде белгилеген баалардан төмөн эмес аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 3. Бал челектерди жайгаштыруу
47. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин бал челектерди жайгаштыруу максатында пайдалануу укугу Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен токойду пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде берилет.
48. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин бал челектерди жайгаштыруу максатында пайдалануу укугун берүү чечими арыздын негизинде токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы тарабынан 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.
Бал челектерди жайгаштыруу укугун берүү жөнүндө арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) жеке жактар үчүн: Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
2) юридикалык жактар үчүн:
- уюмдун толук аталышы жана жайгашкан жери көрсөтүлгөн маалымкат (юридикалык дареги, телефону жана башка реквизиттери);
- юридикалык жактын уставынын көчүрмөсү жана каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (бар болсо).
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде токойду пайдалануучу тарабынан бал челектерди, бал чогултуучу инвентарларды жана продуктуларды сактоо үчүн убактылуу курулмаларды, чарба курулуштарын орнотууга жол берилет.
Аталган курулмалардын чектелген өлчөмдөрү, түрү жана мүнөзү, аларды бузуунун (алып чыгуунун) тартиби Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен токойду пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде аныкталат.
50. Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдары бал челектерди жайгаштыруу үчүн мамлекеттик токой фондунун жерлерин акысыз негизде беришет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 4. Жапайы өсүүчү азык ресурстарын, дары чөптөрдү,
техникалык сырьелорду, экинчи даражадагы токой ресурстарын
жыйноо
51. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин жапайы өсүүчү азык ресурстарын, дары чөптөрдү, техникалык сырьелорду, экинчи даражадагы токой ресурстарын жыйноо максатында пайдалануу укугу Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен токойду пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде берилет.
52. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин жаңгак, мисте жана бадам жыйноо максатында пайдалануу укугу конкурстук негизде жана Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен токойду пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде берилет, ал 5 жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлөт.
Жаңгак жыйноо максатында мамлекеттик токой фондунун 5 гектардан ашык жерлерин, бадам жана мистени жыйноого 10 гектардан ашык жерлерин берүүгө жол берилбейт.
Мамлекеттик токой фондунун участокторундагы жаңгактын, мистенин жана бадамдын жыйымы бардык мөмөнүн 80%нан ашпоого тийиш. Мында мөмөнүн 20%ын табигый жаңылануу үчүн дарактарда калтыруу керек.
Туруктуу жана убактылуу токой уруктук участокторунда, токой генетикалык резерваттардын участокторунда мөмөнү, жаңгактарды жана жемиштерди жыйноого жол берилбейт.
Жапайы өсүүчү жемиштер, жаңгактар, козу карындар, мөмө жана башка азык продуктулар дарактарды жана бадалдарды кыюусуз жана зыянсыз, токой жемиштерине жана мөмө өсүмдүктөрүнө жана козу карындарга зыян келтирбеген ыкмалар менен так белгиленген мөөнөттө жыйналууга тийиш.
Жапайы өсүүчү жемиштерди, жаңгактарды, козу карындарды, мөмөлөрдү жана башка азык продуктуларын жыйноо Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 23-ст. буйругу менен бекитилген "Органикалык өндүрүш. Өндүрүүгө, сактоого, кайра иштетүүгө жана ташууга талаптар" КМС 1361:2021 Кыргыз Республикасынын Улуттук стандартына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Токойду жапайы өсүүчү азык ресурстарын, дары чөптөрдү, техникалык сырьелорду, экинчи даражадагы токой ресурстарын жыйноо максатында пайдалануу үчүн акы төлөө төмөнкү формула менен аныкталат:
А = Дк x Сб x (Ст/100), |
мында:
А - токойду жапайы өсүүчү азык ресурстарын, дары чөптөрдү, техникалык сырьелорду, экинчи даражадагы токой ресурстарын жыйноо максатында пайдалангандыгы үчүн акы төлөө;
Дк - жапайы өсүүчү азык ресурстарынын, дары чөптөрдүн, техникалык сырьелордун, экинчи даражадагы токой ресурстарынын даярдалган көлөмү;
Сб - жапайы өсүүчү азык ресурстарынын, дары чөптөрдүн, техникалык сырьелордун, экинчи даражадагы токой ресурстарынын өткөн жылдагы орточо сатып алуу баасы токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы тарабынан хронометраждын негизинде жыл сайын аныкталат;
Ст - токой чарбасынын чыгымдарынын ордун толтуруу ставкасы, 15% түзөт.
54. Токойду жаңгак, мисте жана бадам жыйноо максатында пайдалангандыгы үчүн акы төлөө өлчөмү ижарага берилген участоктун токой тибине жараша белгиленет. Токойдун тиби токойду жайгаштыруу уюму тарабынан аныкталат. Жаңгак, мисте жана бадам жыйноо үчүн акы төлөө төмөнкү формула менен аныкталат:
А = (Тш х Сб) х (Ст/100), |
мында:
А - токойду жаңгак жыйноо максатында пайдалангандыгы үчүн акы төлөө;
Тш - токойдун тиби боюнча аныкталган жаңгактын, мистенин жана бадамдын орточо түшүмдүүлүгү. Маалыматтар 1-таблицада көрсөтүлгөн;
Сб - жаңгактын, мистенин жана бадамдын өткөн жылдагы орточо сатып алуу баасы токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы тарабынан жыл сайын хронометраждын негизинде аныкталат;
Ст - токой чарбасынын чыгымдарынын ордун толтуруу ставкасы, 15% түзөт.
| 1-таблица |
Жаңгактын, мистенин жана бадамдын түшүмдүүлүгү
№ | Токойдун тиби | Орточо түшүмдүүлүк |
1 | Жапыз өскөн жаңгак токою | 180 кг/га |
2 | Кошумча нымдаштырылган жаңгак токою | 200 кг/га |
3 | Көк карагайлуу жаңгак токою | 25 кг/га |
4 | Долонолуу жаңгак токою | 200 |
5 | Ак чечек-алмалуу жаңгак токою | 75 кг/га |
6 | Парк жаңгак токою | 150 кг/га |
7 | Бийик чөптүү-дандуу мисте токою | Бир бактан 11,4 кг |
8 | Эрмен-дандуу мисте токою | Бир бактан 1,25 кг |
9 | Эрозияланган жантаймадагы мисте токою | Бир бактан 0,25 кг |
10 | Бийик чөптүү-дандуу бадам токою | Бир бактан 4 кг |
11 | Таштуу жантаймадагы бадам токою | 30 кг/га |
§ 5. Токойду илимий-изилдөө максаттарында пайдалануу
55. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин илимий-изилдөө максаттары үчүн пайдалануу укугу Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен токойду пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде берилет.
Бир жылдан ашык мөөнөткө келишим республикалык токой чарбасын башкаруу органы менен макулдашылат.
56. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин илимий-изилдөө максаттары үчүн пайдалануу укугун алуу жөнүндө арыз Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органына берилет. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- аянтын, таксациялык мүнөздөмөсүн, жайгашуусун көрсөтүү менен негиздеме;
- суралган участоктогу тажрыйбалардын (илимий-изилдөө иштеринин) мазмуну жана узактыгы.
57. Токойду илимий-изилдөө максаттарында пайдалануу үчүн мамлекеттик токой фондунун жерлери илимий мекемелер тарабынан тандалат.
58. Мурда башка пайдалануучуга берилген мамлекеттик токой фондунун жерлеринде илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү зарыл болгон учурда мамлекеттик токой чарбасын башкаруу боюнча аймактык мамлекеттик орган аталган мамлекеттик токой фондунун жерлеринде илимий-изилдөө иштери аяктаганга чейин токойду пайдалануунун укуктарын чектей алат же токтото тура алат.
Илимий-изилдөө иштерин жана тажрыйба иштерин жүргүзүү үчүн токой ресурстарын алып коюу жана ташып чыгуу токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
§ 6. Токой ресурстарын кайра өндүрүү
59. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин токой ресурстарын кайта өндүрүү максатында пайдалануу укугу токой плантацияларын жана токой питомниктерин түзүү үчүн конкурстук негизде берилет.
Өндүрүлгөн жыгач, жыгач эмес жана/же экинчи даражадагы токой ресурстары токойду пайдалануучунун менчиги болуп саналат.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерин токой ресурстарын кайра өндүрүү максатында пайдалануу укугу Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен токойду пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде берилет.
Токой ресурстарын кайра өндүрүү үчүн берилген мамлекеттик токой фондунун жерлеринин жантаймасы 20°тан ашпоого тийиш.
60. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин токой ресурстарын кайра өндүрүү максатында пайдалануу укугун алган токойду пайдалануучу келишимге кол коюлган күндөн тартып бир жылдын ичинде токой чарбасын башкаруу боюнча аймактык мамлекеттик органга Токой плантацияларын жана токой питомниктерин түзүү долбоорун берүүгө тийиш.
Токой плантацияларын жана токой питомниктерин түзүү долбоору токойду пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен иштелип чыгат.
61. Токойду токой ресурстарын кайта өндүрүү максатында пайдаланууда агротокойчулукка жол берилет, анда айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн аянттын үлүшү 30%дан жогору болбоого тийиш.
62. Токой плантациялары максаттуу багыты боюнча үч түргө бөлүнөт:
- мөмө багытындагы;
- жыгач багытындагы;
- мөмө-жыгач багытындагы.
63. Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдары токой питомниктерин түзүү максатында мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөө өлчөмүн ушул Тартиптин 69-пунктунда каралган формула боюнча белгилейт.
Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдары токойду мөмө багытындагы токой плантацияларын түзүү максатында пайдалангандыгы үчүн акы төлөө өлчөмүн төмөнкү формула боюнча белгилейт:
А - (Тш х Сб) х (К/100), |
мында:
А - токойду мөмө-жемиш багытындагы токой ресурстарын кайра өндүрүү максатында пайдалангандыгы үчүн акы төлөө;
Тш - токой чарбасын башкаруу боюнча аймактык мамлекеттик орган тарабынан илимий уюм менен бирдикте жыл сайын (көчөттөр жетилген мезгилге чейин) аныкталуучу мөмө-жемиштин орточо түшүмдүүлүгү;
Сб - мөмө-жемиштердин өткөн жылдагы орточо сатып алуу баасы, мамлекеттик токой чарба башкармалыгынын органы тарабынан жыл сайын хронометраждын негизинде аныкталат;
Ст - дарактардын жылынын классына жараша төлөө ставкасы. Маалыматтар 2-таблицада берилген.
Породаларды жылынын класстары боюнча бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августундагы № 458 токтомунун 2-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт.
| 2-таблица |
Акы төлөө ставкасы
№ | Жылынын классы | Акы төлөө ставкасы |
1 | Биринчи класс | 10% |
2 | Экинчи класс | 20% |
3 | Үчүнчү жана андан жогорку класс | 30% |
Токой чарбасын башкаруу боюнча аймактык мамлекеттик органдар мамлекеттик токой фондунун жерлерин жыгач багытындагы токой плантацияларын түзүү максатында пайдалангандыгы үчүн акы төлөө өлчөмүн төмөнкү формула боюнча белгилейт:
А = (Жт х Тж) х (Ст/100), |
мында:
А - токойду жыгач багытындагы токой ресурстарын кайра өндүрүү максатында пайдалангандыгы үчүн акы төлөө;
Жт - токой чарбасын башкаруу боюнча аймактык мамлекеттик орган тарабынан илимий уюм менен бирдикте жыл сайын (көчөттөр мөмө алган мезгилге чейин) аныкталуучу жыгачтын орточо түшүмдүүлүгү;
Тж - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген дарактардын өсүп турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксалар;
Ст - дарактардын жылынын классына жараша төлөө ставкасы. Маалыматтар 2-таблицада берилген.
Токой чарбасын башкаруу боюнча аймактык мамлекеттик органдар мамлекеттик токой фондунун жерлерин мөмө багытындагы токой плантацияларын түзүү максатында пайдалангандыгы үчүн акы төлөө өлчөмүн төмөнкү формула боюнча белгилейт:
А = ((Тш х Сб) + (Жт х Тж)) х (К/100), |
мында:
А - токойду мөмө-жыгач багытындагы токой ресурстарын кайта өндүрүү максатында пайдалангандыгы үчүн акы төлөө;
Тш - токой чарбасын башкаруу боюнча аймактык мамлекеттик орган тарабынан илимий уюм менен бирдикте жыл сайын аныкталуучу мөмө-жемиштин орточо түшүмдүүлүгү;
Сб - мөмө-жемиштин өткөн жылдагы орточо сатып алуу баасы, мамлекеттик токой чарба башкармалыгынын органы тарабынан жыл сайын хронометраждын негизинде аныкталат;
Жт - токой чарбасын башкаруу боюнча аймактык мамлекеттик орган тарабынан илимий уюм менен бирдикте жыл сайын аныкталуучу жыгачтын түшүмдүүлүгү;
Тж - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 97 "Кыргыз Республикасынын токойлорунда дарактарды өсүп турган жеринде баалап өткөрүүнүн, дарак породалардын турган жеринде баалап өткөрүлчү жыгачтарына таксаларды жана Кыргыз Республикасынын токой баскан аянттарын баалоо үчүн нормативдерди бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген дарактардын өсүп турган жеринде баалап өткөрүлүүчү жыгачтарына таксалар;
Ст - дарактардын жылынын классына жараша төлөө ставкасы. Маалыматтар 2-таблицада берилген.
64. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин токой плантацияларын жана токой питомниктерин түзүү максатында пайдалангандыгы үчүн акы төлөө боюнча жеңилдиктер төмөнкүдөй белгиленет:
- токой питомниктерин түзүүдө питомник салынган учурдан тартып алгачкы 3 жыл үчүн акы төлөө алынбайт;
- токой плантацияларын түзүүдө плантация тигилген учурдан тартып алгачкы 5 жыл үчүн акы төлөө алынбайт.
§ 7. Токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык,
туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын
жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын
объекттерин куруу үчүн пайдалануу
(Параграфтын аталышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
65. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин илимий-изилдөө, билим берүү, маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруу үчүн пайдалануу укугун берүү конкурстук негизде жана токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен токойду пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерин маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруу үчүн пайдалануу укугун мамлекеттик токой фондунун төмөнкүдөй статуска ээ болгон жерлерине берүүгө жол берилбейт:
илимий мааниге ээ болгон токойлор, анын ичинде генетикалык резерваттар жана жаратылыш эстеликтери;
2) суу менен жабдуу булактарын санитардык коргоо зоналарынын биринчи жана экинчи алкактарындагы токойлор;
3) дарыялардын, көлдөрдүн, суу сактагычтардын жана башка суу объекттеринин жээктери боюнча токойлордун тыюу салынган тилкелери.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
66. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруу үчүн пайдалануу укугун алган токойду пайдалануучу Келишимге кол коюлган күндөн тартып бир жылдын ичинде токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органына Токойду пайдаланууну уюштуруу долбоорун берүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
67. Туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин курууга жерди жана аянтты тандоо экологиялык жүктөмдү эске алуу менен токой жайгаштыруу уюму тарабынан жүргүзүлөт.
Туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттеринин курулушу архитектуралык-пландоо, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптарын сактоо менен белгиленген тартипте таризделген мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
68. Токой жерлерин маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруу үчүн пайдалангандыгы үчүн акы төлөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
А = Рж х Эст,
мында:
А – токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда пайдалангандыгы үчүн акы төлөө;
Рж – жыгач ресурстарынан түшкөн дүң капиталдаштырылган киреше, токой өстүрүү шарттарын эске алуу менен ижарага берилген участоктогу жыгач көчөттөрүнүн түшүмдүүлүгүнө жараша белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августундагы № 458 токтому менен бекитилген Мамлекеттик токой фондуна кирген жана кирбеген токой участоктору, ошондой эле токой фондунун участоктору токой чарбасын жүргүзүүгө байланышпаган максаттарга пайдаланылган учурларда токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда токой жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибине ылайык аныкталат;
Эст – жерди ижарага берүү мезгилине карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяланат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
69. Токой эмес жерлерде маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда, ошондой эле туристтик индустриянын объекттерин жана автомобиль транспортунун инфраструктурасын куруу үчүн токойду пайдалангандыгы үчүн акы төлөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
А = Бтэж х Эст,
мында:
А – токойду маданий-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана туристтик максаттарда пайдалангандыгы үчүн, ошондой эле туристтик индустриянын жана автомобилдик транспорт инфраструктурасынын объекттерин куруу үчүн акы төлөө;
Бтэж – токой эмес жерлерди баалоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-августундагы № 458 токтому менен бекитилген Токой чарба өндүрүшүнүн зыяндарынын жана жоготууларынын ордун толтурууда мамлекеттик токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана жер фондунун башка категорияларындагы токой каптаган аянттардын жерлеринин нарктык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибине ылайык аныкталат;
Эст – жерди ижарага берүү мезгилине карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы. Маалыматтар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяланат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 8. Мергенчилик чарбанын муктаждыктары үчүн токойду
пайдалануу
70. Юридикалык жактарга мамлекеттик токой фондунун жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча мергенчилик жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлүүчү мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдерге ылайык берилет.
§ 9. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан
көлмөлөрдү пайдалануу
71. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан балык чарбанын көлмөлөрү же алардын участоктору балык уулоо же балык өстүрүү максатында юридикалык жана жеке жактарга токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана чыгымдарынын эсептери менен токой жайгаштыруу долбоору болгондо Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен токойду пайдалануучунун ортосундагы келишим боюнча пайдаланууга берилиши мүмкүн.
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан жалпы пайдалануудагы көлмөлөр ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу үчүн берилиши мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
72. Мамлекеттик токой фондунун жерлери балык уулоо же балык өстүрүү максаттарында жасалма көлмөлөрдү түзүү үчүн токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана чыгымдарынын эсептери менен токой жайгаштыруу долбоору жана балык чарбасы чөйрөсүндөгү расмий органдын корутундусу болгондо конкурстук негизде жана Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен токойду пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде берилиши мүмкүн.
Балык уулоо, балык өстүрүү, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо балык чарба чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
73. Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдары балык уулоо же балык өстүрүү максатында көлмөлөрдү берүүдө жана жасалма көлмөлөрдү курууда мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөө өлчөмдөрүн ушул Тартиптин 68 жана 69-пункттарында каралган формула боюнча белгилейт.
731. Токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөө күбөлөндүрүлгөн укуктуу документтер берилгенге чейин токой пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
732. Мамлекеттик токой фондунун балык чарба көлмөлөрүнүн жерлерин балык кармоо же балык өстүрүү максатында жасалма көлмөлөрдү түзүү үчүн участокторду пайдаланууга берүү үчүн конкурска катышууга төмөнкү документтер талап кылынат:
- арыз;
- балык чарбасынын долбоору (арыз ээси тарабынан иштелип чыгат);
- жасалма балык чарба курулмаларын куруунун эскиздик долбоору (арыз ээси тарабынан иштелип чыгат);
- илимий-биологиялык негиздеме (КР УИА Биология институту берет);
- балык өстүрүүчүлүк-биологиялык негиздеме (балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган берет);
- мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу (курчап турган чөйрөнү коргоо жана экология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү берет);
- ветеринардык корутунду (ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет);
- санитардык-эпидемиологиялык абалдын корутундусу (Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык абалы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган берет).
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 269 токтомунун редакциясына ылайык)
74. Мамлекеттик токой фондунун жерлери чакан гидроэлектр станцияларын курууга Келишим боюнча берилиши мүмкүн.
Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдары ижара акысынын өлчөмүн жер салыгынын эки эселик ставкасынан жогору белгилебейт.
§ 91. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде ЭКБ пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу
(Параграф КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
741. ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу максатында мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугун берүү ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеме тарабынан конкурстук тандоонун негизинде уюштуруучу тарабынан жүзөгө ашырылат. ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу максатында Мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугун берүү ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу максатында Мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу жөнүндө келишим ЭКБ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеме тарабынан конкурстук тандоонун негизинде жеңүүчү деп табылган адам менен токой чарба өндүрүшүнүн боло турган зыяндарынын жана жоготууларынын эсебине жеңүүчү эсептик көрсөткүчтүн 5000 (беш миң) өлчөмүндөгү сумманы төлөгөндө түзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
742. Жер участогу ЭКБ субъектисине ушул Жобого ылайык белгиленген мөөнөткө ижарага берилет. Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдары ижара акысын жер салыгынын эки ставкасынан жогору эмес өлчөмдө белгилешет.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
743. Ижарага берилген жер участогун пайдалануунун шарттары ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу боюнча долбоордук документтерге жана жер участогунун ижара келишимине ылайык аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 146 токтомунун редакциясына ылайык)
744. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду куруу мамлекеттик экологиялык экспертизанын, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо боюнча мамлекеттик органдын белгиленген тартипте таризделген оң корутундуларынын негизинде, архитектуралык-пландоо, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптарын сактоо менен, ошондой эле токой чарба өндүрүшүнүн зыяндары менен жоготууларынын эсеби менен токой жайгаштыруу корутундусу болгондо жүргүзүлөт. Токой чарба өндүрүшүнүн чыгымдарынын жана жоготууларынын суммасы пайдалануучу тарабынан мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийин 3 (үч) жылдын ичинде бирдей үлүштөр менен төлөнөт, буга ушул Тартиптин 741-пунктунда көрсөтүлгөн сумма кирбейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 566 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 10. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштери, пайдалуу кендерди иштетүү
75. Геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, пайдалуу кендерди иштетүү мүмкүн болгон мамлекеттик токой фондунун жерлери экологиялык жүктү эске алуу менен жер казынасын пайдаланууда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерин геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында пайдалануу укугу Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен токойду пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде берилет.
Геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштери, пайдалуу кендер иштетилген мамлекеттик токой фондунун жерлеринин чеги координаттык бурчтук чекиттер менен аныкталууга тийиш.
76. Мамлекеттик токой фондунун жерлерин геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, пайдалуу кендерди иштетүү максатында пайдалануу укугун алуу жөнүндө арыз токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органына берилет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- уюмдун толук аталышын жана жайгашкан ордун көрсөтүү менен маалымкат (юридикалык дареги, телефону жана башка реквизиттери);
- уставдын жана юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын же лицензиялык макулдашуунун көчүрмөсү.
77. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштери токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштери, пайдалуу кендерди иштетүү жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын, өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча оң эксперттик корутундулары менен техникалык долбоордун, токой чарбасынын өндүрүшүнүн чыгымдарынын жана жоготууларынын эсептөөлөрү менен токой жайгаштыруу долбоору болгондо жүргүзүлөт.
Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштери, пайдалуу кендерди иштетүү токойдун коргоочу касиеттеринин, өрткө каршы, экологиялык жана санитардык абалынын, ошондой эле алардын кайра көбөйүү шарттарынын начарлашын болтурбаган ыкмалар менен жүргүзүлөт.
5-глава. Токой чарбасын жамаатташып жүргүзүү
78. Токойлорду биргелешип башкарууга жамааттарды катыштыруу максатында токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы тарабынан жамааттарга жана/же жамааттардын бирикмелерине мамлекеттик токой фондунун жерлерин пайдалануу укугу берилет.
Токой чарбасын жүргүзүү үчүн жамааттар мамлекеттик токой фондунун аймагында же ага жакын жашаган жергиликтүү тургундардан же жарандардан ыктыярдуу негизде түзүлөт.
Токой чарбасын жүргүзүү үчүн жамааттарды түзүүнүн тартиби, принциптери жана алардын иши жамааттардын ишин жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдар менен белгиленет.
79. Токой чарбасын жамааттык жүргүзүү үчүн мамлекеттик токой фондунун жерлери жана алардын аянттары (500 гектардан кем эмес) токойду жайгаштыруу уюму тарабынан аныкталат. Токой чарбасын жамааттык жүргүзүү үчүн бөлүнгөн участок токой жана токой эмес жерлерди камтууга тийиш.
Мамлекеттик токой фондунун жерлерин токой чарбасын жамаатташып жүргүзүү максатында пайдалануу укугу акысыз конкурстук негизде жана Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен жамааттын ортосундагы келишимдин негизинде берилет.
Жамааттар ижаралоо келишими түзүлгөн күндөн тартып бир жыл ичинде токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органына Токой чарбасын жамаатташып жүргүзүүнү башкаруу планын берүүгө тийиш.
80. Жамааттар токойду пайдалануу укугун үчүнчү жактарга бербей жүргүзүүгө тийиш.
Токой чарбасын жамаатташып жүргүзүүдө токойду пайдалануунун түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) жер иштетүү, чөп чабуу, мал жаюу, бал челектерди жайгаштыруу, жапайы азык ресурстарын, дары чөптөрдү, техникалык сырьену чогултуу;
2) экинчи деңгээлдеги токой ресурстарын даярдоо;
3) токой ресурстарын кайра өндүрүү;
4) токойду маданий-ден соолукту чыңдоо максатында пайдалануу;
5) балык өстүрүү жана балык уулоо үчүн мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жайгашкан көлмөлөрдү колдонуу;
6) мыйзам менен белгиленген тартипте токойду кыюу.
6-глава. Токойду пайдаланууга мониторинг жүргүзүү
81. Токойду пайдаланууга мониторинг республикалык токой чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынан жүргүзүлөт.
Токойду пайдаланууга мониторинг жүргүзүү төрт милдеттүү ырааттуу этаптардан турат:
1) маалыматтарды жыйноо жана маалымат базасын түзүү;
2) талдоо жана баалоо;
3) кырдаалды болжолдоо;
4) мыйзамдык, башкаруучулук, чарбалык, технологиялык жана башка чечимдерди кабыл алуу.
82. Токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органдары токойду пайдалануу боюнча отчетторду республикалык токой чарбасын башкаруунун мамлекеттик органына квартал сайын берүүгө тийиш.
Отчет берүүнүн тартибин, мөөнөттөрүн жана формасын республикалык токой чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы белгилейт.
Берилген отчеттук маалыматтардын негизинде республикалык токой чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы токойду пайдалануунун маалымат базасын түзөт.
83. Токойду пайдалануунун абалына талдоо жүргүзүү жана баа берүү токойду пайдалануу тенденцияларын аныктоо, токойду пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана токойду пайдаланууну андан аркы өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоо максатында жүргүзүлөт.
Талдоо жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн натыйжалары токойду пайдаланууну болжолдоонун, пландаштыруунун жана мыйзамдык, башкаруучулук, чарбалык, технологиялык чечимдерди кабыл алуунун негизи катары кызмат кылат.
84. Токойду пайдалануучулар мамлекеттик статистикалык отчетту Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети аныктаган тартипте мамлекеттик статистиканын аймактык органдарына беришет.