Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга
экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Экспорттук контроль жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Контролго алынуучу продукциясынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген контролго алынуучу продукцияны (мындан ары - контролго алынуучу продукция) экспорттоого, импорттоого жана реэкспорттоого лицензияларды, ошондой эле транзиттөөгө, өлкөнүн ичинде өткөрүп берүүгө уруксаттарды тариздөөдө жана берүүдө бирдиктүү шарттарды жана талаптарды, тышкы экономикалык ишти контролдоо тартибин аныктайт.
2. Бул Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда тышкы экономикалык иштин (мындан ары - ТЭИ), анын ичинде брокердик иштин жана контролго алынуучу продукцияны ташууга байланышкан иштин бардык катышуучулары, ошондой эле контролго алынуучу продукцияга тиешеси бар мамлекеттик бийлик органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү болуп саналат.
3. Бул Жободо түшүнүктөр "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган маанилеринде колдонулат жана төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) курал-жарак, аскердик техника - куралдын жана аны аскердик колдонууну камсыздоо каражаттарынын, анын ичинде жеткирүү, багыттоо, иштетүү, башкаруу системасынын каражаттарынын ар кандай түрлөрү, ошондой эле куралдуу күчтөрдү жабдууга арналган башка атайын техникалык каражаттар, ок-дарылар жана алардын компоненттери, запас бөлүктөрү, приборлор жана приборлорду комплекттөөчү буюмдар;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль жаатында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырган, ушул тармакта тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ мамлекеттик органы;
3) түпкү пайдалануучунун кепилдик милдеттенмеси - түпкү пайдалануучуну контролго алынуучу продукцияны Кыргыз Республикасына импорттоо жөнүндө, контролго алынуучу продукцияны билдирилген максаттарда пайдалануу жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин уруксатысыз аны Кыргыз Республикасынын аймагындагы чарбалык иштин башка субъектине берүүгө же үчүнчү өлкөлөргө реэкспорттоого жол бербөө жөнүндө белгиленген тартипте таризделген күбөлөндүрүү;
4) билдирилген максат - ТЭИнин катышуучусу же түпкү пайдалануучу тарабынан контролго алынуучу продукцияны экспорттоого (реэкспорттоого) жана импорттоого берилүүчү документтерде көрсөтүлгөн контролго алынуучу продукцияны пайдалануу максаты;
5) түпкү пайдалануучу - Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары, алар экспорттолуучу (импорттолуучу) товарды түпкү пайдалануучунун кепилдик милдеттенмесинде (импорттоодо) жана түпкү пайдалануучунун сертификатында көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланат;
6) контролго алынуучу продукциянын өндүрүүчүсү - өлкөнүн экспорттук контроль чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык товар өндүргөн же кайра иштеткен юридикалык жак;
7) ташуу - контролго алынуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жана анын чегинен тышкары ордун которуштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүү.
4. Мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды камтыган контролго алынуучу продукцияны экспорттоо жана импорттоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жашыруун сыр жөнүндө мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
5. Ушул Жободо айтылбаган экспорттук контролдун жасалган же жасалуучу жол-жоболору жөнүндө үчүнчү жакка маалымат берүү мамлекеттик жашыруун сыр жана коммерциялык сыр жаатындагы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен жөнгө салынат.
6. Контролго алынуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жана Мамлекеттик чек арасы аркылуу ордун которуштурууда ал Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык мамлекеттик контролго алынууга тийиш.
7. Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын координациялоочу органы болуп эсептелет.
8. Экспорттук контроль жаатында ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар экспорттук контролду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматты суроого жана алууга укуктуу.
81. Тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууда контролго алынуучу продукцияга таандык болбогон товарлардын тизмеси экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет жана бажы операцияларын жүргүзүүдө жана бажы контролун жүргүзүүдө товарларды алгачкы идентификациялоо максатында сунуш берүүчү мүнөзгө ээ.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Кыргыз Республикасынын улуттук контролдоо
тизмесине киргизилген контролго алынуучу
продукцияны лицензиялоо
тартиби
9. Контролго алынуучу товарларды республиканын ичинде башка жактарга экспорттоону, импорттоону, реэкспорттоону, транзиттөөнү жана өткөрүп берүүнү караган тышкы экономикалык операциялар милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш.
10. Ташылып келинген контролго алынуучу продукцияны Кыргыз Республикасынан реэкспорттоо контролго алынуучу продукцияны экспорттоо үчүн белгиленген тартипте, продукция чыгарылган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын уруксаты болгондо жүзөгө ашырылат. Эгерде өлкөлөрдүн мыйзамдарында мындай документтерди берүү каралбаса, контролго алынуучу продукциянын өндүрүүчүсүнүн уруксаты болгон учурда.
11. Кош багыттагы контролго алынуучу продукцияны экспорттоого, импорттоого лицензияларды, транзиттөөгө, реэкспорттоого уруксатты жана түпкү пайдалануучунун сертификатын берүүдө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги саналат.
12. Аскердик багыттагы контролго алынуучу продукцияны экспорттоого, импорттоого лицензияларды, транзиттөөгө, реэкспорттоого уруксатты жана түпкү пайдалануучунун сертификатын берүүдө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги саналат.
13. Төмөнкүлөр контролго алынуучу продукциянын айрым түрлөрү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - эксперттер болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги - адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн оору козгогучтарына (патогендерине), генетикалык жактан өзгөртүлгөн микроорганизмдерге, токсиндерге, жабдууларга жана технологияларга карата;
2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги - химиялык куралды жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон химикаттар, жабдуулар жана технологиялар боюнча;
3) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (медициналык максаттар үчүн) - ядролук материалдар, жабдуулар боюнча, атайын ядролук эмес материалдар жана тиешелүү технологиялар боюнча;
4) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги - кош багыттагы жабдуулар менен материалдар жана ядролук максаттарда колдонулуучу тиешелүү технологиялар боюнча;
5) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги - ракеталык курал жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон жабдуулар, материалдар жана технологиялар боюнча;
6) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги - куралдарды жана аскер техникасын жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон кош багыттагы товарлар жана технологиялар боюнча;
7) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги - өнөр жай багытындагы жарылуучу заттар боюнча;
8) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги - аскердик багыттагы продукция, ошондой эле көрсөтүлгөн продукцияга карата жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча.
14. ТЭИнин катышуучулары тарабынан контролго алынуучу продукцияны ташып келүүгө (ташып чыгууга) лицензия берүүгө арыз ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
15. Арызда берилүүчү маалыматтардын аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык арыз ээси жоопкерчилик тартат.
16. Экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо бажы жол-жоболоруна ылайык чыгаруу кош багыттагы товарларга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, аскердик багыттагы товарларга Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык берилген форма боюнча лицензиянын негизинде жүргүзүлөт.
17. Лицензиялар ТЭИнин катышуучуларынын арыздарынын негизинде жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын эксперттик корутундулары болгон учурда берилет (мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарынын чегинде алар тарабынан коюлган талаптары арыз ээси тарабынан сакталган жана аткарылган шартта тышкы экономикалык операциялардын жүзөгө ашырууга макулдугу жана максатка ылайыктуулугу боюнча).
18. Лицензияны тариздөө үчүн арыз ээси кош багыттагы товарларга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине, аскердик багыттагы товарларга Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине төмөнкүдөй документтерди берет:
1) келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, арыз ээсинин (юридикалык жактын жетекчисинин) колу менен күбөлөндүрүлгөн жана мөөр басылган алардын көчүрмөлөрүн жана котормосун тиркөө менен товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттук-импорттук операцияга келишимдин түп нускасын;
2) эгерде тышкы соода бүтүмүнүн катышуучусу товардын (жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) өндүрүүчүсү болуп эсептелбесе, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн сатып алуу-сатуу келишиминин көчүрмөсүн;
3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында (юридикалык жактар үчүн), мамлекеттик статистика органдарында (жеке жактар үчүн), тиешелүү мамлекетте (Кыргыз Республикасында юридикалык жак же жеке ишкер катары катталбаган чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн) мамлекеттик каттоону ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
4) арыз ээсинин мамлекеттик катталган жери боюнча салык органдарында катталгандыгын ырастоочу документти (ИСНдин көчүрмөсү же ИСНди көрсөтүү менен салык органдарынан маалымкат);
5) лицензиялык жыйымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ;
6) эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса, лицензиялоочу иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу укугуна лицензиянын, ошондой эле уруксаттын көчүрмөсүн;
7) кош багыттагы товарлар үчүн - багытталган өлкөнүн экспорттук контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген жана көрсөтүлгөн кош багыттагы продукция массалык кыйратуучу куралды жана аны жеткирүү каражаттарын жасоо үчүн колдонулбайт, чыгарылган өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын макулдугусуз үчүнчү өлкөлөргө реэкспорттолбойт же берилбейт деген алуучунун жазуу жүзүндөгү милдеттенмесин камтыган түпкү пайдалануучунун сертификатынын түп нускасын (контролго алынуучу продукцияны экспорттоодо жана реэкспорттоодо);
8) аскердик багыттагы товарлар үчүн - баруучу өлкөнүн экспорттук контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген жана аскердик багыттагы көрсөтүлгөн продукциянын экспорттук контроль жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине каршы келбеген, билдирилген максаттарда гана пайдаланыла тургандыгы жана чыгарылган өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын макулдугусуз реэкспорттолбой же үчүнчү өлкөлөргө берилбей тургандыгы жөнүндө алуучунун жазуу жүзүндөгү милдеттенмесин камтыган, мыйзамдарда белгиленген тартипте легалдаштырылган түпкү пайдалануучунун сертификатынын түп нускасы (контролго алынуучу продукцияны экспорттоодо жана реэкспорттоодо);
9) контролго алынуучу продукциянын техникалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө толук маалыматтарды камтыган документ;
10) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген кепилдик милдеттенме.
19. Берилген документтердин көчүрмөлөрү контролго алынуучу продукцияны экспорттоочунун (импорттоочунун) мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Чет тилдеги документтер экспорттоочу же импорттоочу тарабынан белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги көчүрмөлөрүн тиркөө менен берилет.
20. Лицензияны берүүдөн баш тартуу үчүн төмөнкүлөр негиз болот:
1) аларды жүзөгө ашырууга лицензиясы бар арыз ээсине карата соттун ага товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоого, импорттоого тыюу салган чечиминин болушу;
2) ушул Жобонун 18 жана 19-пункттарында көрсөтүлгөн документтерди он жумуш күндүн ичинде бербөө же аларды туура эмес тариздөө;
3) лицензиялык жыйымды төлөбөө;
4) арыз ээсинин товарлардын (жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) жүргүзүлүп жаткан экспорттук-импорттук операциясы жөнүндө анык эмес маалыматтарды билдирүүсү;
5) жалпыга кыргын салуучу куралдарды, аларды жеткирүү каражаттарын жайылтпоо, экспорттук контроль жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине, ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган санкцияларга каршы келген жагдайлардын болушу;
6) Кыргыз Республикасынын тышкы саясат, улуттук коргонуу жана коопсуздук кызыкчылыктарына каршы келген жагдайлардын болушу;
7) товарды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоонун же импорттоонун мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын-эксперттин корутундусунун жоктугу;
8) товарларды (жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоого же импорттоого мамлекеттик монополияны белгилөө;
9) эл аралык коопсуздукка, региондук стабилдүүлүккө коркунуч келтирген же террористтик актыларга көмөк көрсөткөн товарларга (жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө) жүргүзүлүүчү экспорттук-импорттук операция;
10) баруучу өлкөдөгү чыңалууну жогорулатууга же куралдуу кагылышка көмөк көрсөткөн товарларга (жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө) жүргүзүлүүчү экспорттук-импорттук операция;
11) бүтүм жасалууга тийиш болгон контролго алынуучу товарлар алып салынса же камакта болсо;
12) эгер арыз ээси кылмыш жоопкерчилигине тартылса же арыз ээсинин акыркы 3 (үч) жылда экспорттук контроль жаатындагы жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу болсо;
13) жеке жана юридикалык жактар тарабынан акыркы 3 (үч) жылда экспорттук контроль жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар болсо.
21. "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык контролго алынуучу продукциянын экспортун, импортун, реэкспортун жана тразитин караган тышкы экономикалык бүтүмдөр ушул Жобонун 11-13-пункттарында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзүүчү мамлекеттик экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.
22. Лицензиялардын жана уруксаттардын ээлери лицензиянын жана уруксаттын жарактуулук мөөнөтү аяктаган күндөн тартып он беш жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган өлкөлөргө (өлкөлөрдөн) товарлардын (контролго алынуучу продукция) орду которуштурулган учурда бажы декларацияларын жана товардык-транспорттук коштомолорду тиркөө менен алынган лицензиялардын жана уруксаттардын аткарылышы жөнүндө отчетту берүүгө милдеттүү.
23. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар анын Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине, мамлекеттик кызыкчылыктарына жана экологиялык коопсуздуктун талаптарына шайкештигин аныктоо үчүн контролго алынуучу продукция менен тышкы экономикалык бүтүмдөргө тиешеси бар документтерди жана маалыматтарды текшерүү, талдоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашырат.
24. Мамлекеттик экспертизаны жүргүзүүдө төмөнкүлөр текшерилет:
1) экспорттук контроль чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык арыз ээси көрсөткөн документтердин болушу;
2) лицензияны алуу үчүн билдирилген маалыматтардын берилген документтерге шайкештиги;
3) берилген документтердин аныктыгы;
4) билдирилген товардын даярдалышы;
5) ташып чыгуучу товарга менчик укугун ырастоо;
6) лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билдирилген продукция менен иш жүргүзүү укугуна (ташып келинген/ташып чыгарылган продукциянын түрүнө жараша) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилүүчү бардык уруксат берүү документтеринин болушу.
25. Зарыл болгон учурда берилген документтерге мамлекеттик экспертизаны жүргүзүүгө көз карандысыз эксперттер, Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органдарынын адистери тартылат.
26. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар-эксперттер өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ушул Жобонун 24-пунктунун талаптарына ылайык тышкы экономикалык бүтүмдөргө мамлекеттик экспертиза жүргүзөт.
27. Документтерге жүргүзүлгөн мамлекеттик экспертизанын жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар-эксперттер товарды (жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү) экспорттоо, импорттоо же реэкспорттоо мүмкүндүгү жөнүндө корутундуну ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
28. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролго алынуучу товарлардын экспортуна, импортуна, реэкспортуна жана транзитине лицензия берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алууда документтерге жүргүзүлгөн мамлекеттик экспертизанын жыйынтыктарын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын-эксперттердин корутундуларын жетекчиликке алат.
29. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лицензияны берүү жөнүндө же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимди аны алуу үчүн зарыл болгон документтер катталган күндөн тартып он беш жумуш күндөн кечиктирбестен кабыл алат.
30. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар-эксперттер арыз келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндөн кечиктирбестен корутундуну берет.
31. Лицензия бир календардык жылдан ашпаган мөөнөткө берилет. Бир жолку лицензиянын жарактуулук мөөнөтү тышкы соода контрагынын (келишиминин) же лицензия берүү үчүн негиз болгон документтин жарактуулук мөөнөтү менен чектелет.
32. Арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча лицензиянын жарактуулук мөөнөтү арыз ээсинин тышкы экономикалык бүтүм боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну аяктоосу үчүн зарыл болгон, бирок бир календардык жылдан ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
33. Лицензиянын жарактуулук мөөнөтү бир жолудан ашык узартылбайт. Лицензияны узартуу жол-жобосу ал колдонулган мезгилде жүзөгө ашырылат.
34. Лицензиянын мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине арыз ээси тарабынан эркин формада, төмөнкү документтерди тиркөө менен берилет:
1) тышкы соода контрагынын (келишимдин) көчүрмөсүн же тараптардын ниетин ырастоочу зарыл болгон документтин көчүрмөсүн;
2) товардык-транспорттук коштомо кагаздардын, жүктөө документтеринин жана бажы декларацияларынын көчүрмөлөрүн;
3) товар менен тышкы соода операцияларын аткаруунун мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө маалыматты (зарыл болсо).
35. Берилген лицензия тышкы соода контрагынын (келишимдин) негизги шарттарын жана жагдайларын өзгөртүүдө лицензияны берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу кайра таризделүүгө тийиш.
36. Лицензияны кайра тариздөө жана узартуу лицензия берген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан арыз берилген күндөн тартып он беш жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
37. Лицензиялык талаптар бузулган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык лицензияны же уруксатты колдонууну токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алат.
38. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген контролго алынуучу продукция чыгарылган өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же контролдо алынуучу продукцияны өндүрүүчүнүн жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде гана үчүнчү өлкөлөргө реэкспорттолушу мүмкүн.
39. Тышкы экономикалык иштин катышуучулары контролго алынуучу продукцияны экспорттоого, импорттоого жана реэкспорттоого лицензия алгандан кийин Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен кооптуу жүктөрдүн категориясына кирген контролго алынуучу продукцияны кооптуу жүктөрдү ташуунун белгиленген эрежелерине ылайык ташыйт.
40. Ишканаларда (уюмдарда) тышкы соода бүтүмдөрүнүн мыйзамдуулугун камсыздоо жана лицензия алууга байланышкан жол-жоболорду аткарууну жеңилдетүү үчүн текшерүү механизмин түзүү максатында чарбакер субъекттер экспорттук контролдун ички фирмалык программаларын түзөт.
41. Экспорттук контролдун ички фирмалык программаларын түзгөн уюмдарга лицензияны алуу үчүн бардык зарыл болгон документтер катталган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде лицензия берилет.
3-глава. Адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн
ооруларын козгогучтардын (патогендердин), генетикасы
өзгөртүлгөн микроорганизмдердин, токсиндердин, жабдуулардын
жана технологиялардын экспорттук контролго алынууга тийиш
болгон тизмесине киргизилген контролго алынуучу продукция
менен жүргүзүлүүчү тышкы экономикалык операцияларга
карата талаптар
42. Адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ооруларын козгогучтардын (патогендердин), генетикасы өзгөртүлгөн микроорганизмдердин, токсиндердин, жабдуулардын жана технологиялардын экспорттук контролго алынууга тийиш болгон тизмесине киргизилген контролго алынуучу продукцияны берүү Бактериологиялык (биологиялык) жана уулуу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана запастарын топтоого тыюу салуу жана аларды жок кылуу жөнүндө конвенцияга ылайык жүзөгө ашырылат.
4-глава. Химиялык куралды жасоодо колдонулушу
мүмкүн болгон химикаттардын, жабдуулардын
жана технологиялардын экспорттук контролго алынууга тийиш
болгон тизмесине киргизилген контролго алынуучу
продукция менен жүргүзүлүүчү тышкы экономикалык
операцияларга карата талаптар
43. Химиялык куралды жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон химикаттардын, жабдуулардын жана технологиялардын экспорттук контролго алынууга тийиш болгон тизмесине киргизилген контролго алынуучу продукцияны берүү Химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенцияга ылайык жүзөгө ашырылат.
5-глава. Ядролук материалдардын, жабдуулардын,
ядролук эмес атайын материалдардын жана тиешелүү
технологиялардын экспорттук контролго алынууга тийиш болгон
тизмесине киргизилген контролго алынуучу продукция менен
жүргүзүлүүчү тышкы экономикалык операцияларга карата
талаптар
44. Ядролук куралы жок мамлекетке контролго алынуучу продукцияны берүү алынган продукция, ошондой эле анын негизинде же аны пайдалануунун натыйжасында өндүрүлгөн ядролук жана ядролук эмес атайын материалдар, түзүлүштөр жана жабдуулар алардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан төмөнкүлөр жөнүндө ынандырылганда жүзөгө ашырылат:
1) ядролук куралды жана башка ядролук жарылуучу түзүлүштөрдү чыгаруу же кандайдыр бир согуштук максаттарга жетүү үчүн пайдаланылбайт;
2) АЭЭА тарабынан сунушталган деңгээлден төмөн болбогон деңгээлде физикалык коргонуу чаралары менен камсыз кылынат;
3) жогоруда көрсөтүлгөн шарттарда гана алуучу мамлекеттин юрисдикциясына ылайык башка мамлекеттерге реэкспорттолот же берилет.
45. Ядролук куралы жок алуучу мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы берүүчү мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз төмөнкүлөр жүргүзүлбөйт деп ынандырууга тийиш:
- нурланууга дуушар болгон отунду химиялык кайра иштетүү, уранды изотоптук байытуу жана оор сууну, алардын негизинде өндүрүлгөн алардын негизги компоненттерин жана предметтерин, ошондой эле уранды, плутонийди жана оор сууну 20 пайыз жана андан жогору байытуу менен өндүрүү үчүн түзүлүштөрдү андан ары берүү;
- 20 пайыздан ашык байытуу менен уранды өндүрүү үчүн берилүүчү түзүлүштөрдү же уранды изотоптук байытуу үчүн технологияларды, ошондой эле мындай технологияга негизделген кандай гана болбосун башка түзүлүштөрдү пайдалануу же долбоорлоо.
46. Нурланууга дуушар болгон отунду химиялык кайра иштетүү, уранды изотоптук байытуу, оор сууну, алардын негизги компоненттерин, 20 жана андан ашык пайызга байытуу менен уранды, плутонийди жана оор сууну өндүрүү үчүн түзүлүштөрдү жана технологияларды ядролук куралы бар мамлекетке берүү алуучу мамлекеттин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан экспорттун алынуучу предметтери жана анын негизинде өндүрүлгөн предметтер төмөнкүлөр жөнүндө ынандырылганда жүзөгө ашырылат:
1) ядролук куралды жана башка ядролук жарылуучу түзүлүштөрдү өндүрүү же кандайдыр бир согуштук максаттарга жетүү үчүн пайдаланылбайт;
2) АЭЭА тарабынан сунушталган деңгээлден төмөн болбогон деңгээлде физикалык коргонуу чаралары менен камсыз кылынат;
3) берүүчү мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын жазуу жүзүндөгү алдын ала уруксаты болгондо гана кайсы гана болбосун башка мамлекетке алуучу мамлекеттин юрисдикциясына ылайык реэкспорттолот же берилет.
6-глава. Ядролук максаттарда колдонулуучу кош багыттагы
жабдуулардын, материалдардын жана тиешелүү
технологиялардын экспорттук контролго алынууга тийиш болгон
тизмесине киргизилген контролго алынуучу продукция менен
жүргүзүлүүчү тышкы экономикалык операцияларга
карата талаптар
47. Ядролук куралы жок мамлекетке контролго алынуучу продукцияларды берүүдө түпкү пайдалануучу тарабынан өзү алган продукция же анын кайра жасалган көчүрмөсү ядролук отун цикли жаатындагы АЭЭАнин кепилдигине кирбеген иштерге колдонулбай тургандыгы жөнүндө милдеттенме берилүүгө тийиш.
48. Ядролук берүүчүлөр тобунун катышуучулары болуп эсептелбеген мамлекетке контролго алынуучу продукцияларды берүүдө түпкү пайдалануучунун милдеттенмеси анын мамлекетинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген документ менен ырасталууга тийиш.
7-глава. Ракеталык курал жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон
жабдуулардын, материалдардын жана технологиялардын
экспорттук контролго алынууга тийиш болгон тизмесине
киргизилген контролго алынуучу продукция менен жүргүзүлүүчү
тышкы экономикалык операцияларга карата талаптар
49. Ракеталык куралы жок өлкөгө ракеталык техниканы жасоодо колдонулуучу жабдууларды, материалдарды, технологияларды жана компоненттерди экспорттоо, реэкспорттоо бул өлкөлөр ракеталык технологияларды контролго алуунун эл аралык режимине (мындан ары - РТКЭР) мүчө болгон шартта, бул өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан экспорттун алынган предметтери боюнча төмөнкүлөр жөнүндө жазуу жүзүндө ынандырылганда гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
1) 500 кг кем эмес пайдалуу жүктү 300 километрге жана андан да ашык аралыкка же анын компоненттерин жеткирүүгө жөндөмдүү жеткирүү каражаттарын түзүү үчүн пайдаланылбайт;
2) алуучу мамлекет тарабынан иш жүзүндө пайдалануунун бардык мөөнөтүнүн ичинде РТКЭРдин жетектөөчү принциптерине ылайык контролдоо болот;
3) алардын жоголушун, уурдалышын ж.б. болтурбоо үчүн күч менен коргоонун зарыл болгон жана жетиштүү чаралары менен камсыз кылынат;
4) алуучу мамлекеттен ушул пункттун шарттарында жана кыргыз тараптын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде гана экспорттолот жана реэкспорттолот.
8-глава. Куралданууну жана согуштук техниканы түзүүдө
колдонулушу мүмкүн болгон кош багыттагы товарлардын жана
технологиялардын экспорттук контролго алынууга тийиш болгон
тизмесине киргизилген контролго алынуучу продукция менен
жүргүзүлүүчү тышкы экономикалык операцияларга карата
талаптар
50. Контролго алынуучу продукцияларды берүү жөнүндө маселелерди кароодо мындай берүүлөр алуучу мамлекеттин аскердик потенциалын өнүктүрүүгө жана жогорулатууга көмөк көрсөтпөй тургандыгын камсыз кылуу үчүн регионалдык, эл аралык коопсуздук жана туруктуулукту начарлатууга алып келүүчү түпкү пайдаланууга карата тиешелүү факторлор эске алынууга тийиш.
9-глава. Аскердик багыттагы продукциянын, ошондой
эле аталган продукцияга карата жумуштардын жана
кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорттук контролго алынууга
тийиш болгон тизмесине киргизилген контролго алынуучу
продукция менен тышкы экономикалык операцияларга
карата талаптар
51. Аскердик багыттагы контролго алынуучу продукцияны экспорттоону, импорттоону жана реэкспорттоону караган тышкы экономикалык операциялар төмөнкү учурларда лицензиясыз жүзөгө ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен көргөзмөнүн экспонаттарынын номенклатурасы жана саны (көрсөтүлүүчү аскердик багыттагы продукциянын үлгүлөрү) болсо, аны эл аралык көргөзмөлөрдө жана көргөзүүлөрдө көрсөтүү үчүн аскердик багыттагы продукцияны ташып кирүүдө жана ташып чыгууда;
2) сыноолорду, окутууларды жүргүзүү үчүн аскердик багыттагы продукцияларды ташып кирүүдө жана ташып чыгууда;
3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана укук коргоо органдарынын муктаждыктары үчүн аскердик багыттагы продукцияларды ташып кирүүдө (коргоонун жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында);
4) эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышууга;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте күчүнө кирген аскердик-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди ишке ашырууда;
6) Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чет өлкөлүк юридикалык жактар менен түзүлгөн контракттары боюнча оңдоо, модернизациялоо же алмаштыруу үчүн аскердик багыттагы продукцияны кийин ташып келүү менен ташып чыгууда.
10-глава. Кош багыттагы контролго алынуучу товарлар үчүн
түпкү пайдалануучунун сертификатын берүү тартиби
52. Кош багыттагы контролго алынуучу продукцияны түпкү пайдалануучунун сертификаты ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан эки нускада берилет, бир нускасы экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына берүү үчүн импорттоочуга берилет, экинчи нускасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде сакталат.
53. Түпкү пайдалануучунун сертификаты контролго алынуучу продукциянын санына жана номенклатурасына карабастан бир тышкы экономикалык операцияга берилет.
54. Түпкү пайдалануучунун сертификатын алуу үчүн ТЭИнин катышуучусу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине төмөнкү документтерди берет:
1) түпкү пайдалануучунун сертификатын алууга арыз;
2) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча импорттоочунун - түпкү пайдалануучунун кепилдик милдеттенмеси;
3) экспорттоочу же түпкү пайдалануучу менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү жана аларды идентификациялоо үчүн түп нускасы;
4) контролго алынуучу продукциянын техникалык мүнөздөмөлөрүн камтыган маалыматтар.
55. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ТЭИнин катышуучуларынын кепилдик милдеттенмелерин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын төмөнкү кызыкдар мамлекеттик органдары менен алдын ала макулдашуудан кийин түпкү пайдалануучунун сертификатын берет:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен - адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн оору козгогучтарын (патогендерди), микроорганизмдердин генетикалык өзгөрүлгөн түрлөрүн, уу заттарды, жабдууларды жана технологияларды алып келүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен - химиялык куралды жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон химикаттарды, жабдууларды жана технологияларды; ядролук материалдарды, жабдууларды, атайын ядролук эмес материалдарды жана тиешелүү технологияларды алып келүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен - кош багыттагы материалдар менен жабдууларды жана ядролук максатта колдонулуучу тиешелүү технологияларды; ракеталык куралды жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон жабдууларды, материалдарды жана технологияларды; куралдарды жана аскердик техниканы жасоодо колдонулушу мүмкүн болгон кош багыттагы товарларды жана технологияларды алып келүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен - өнөр жай багытындагы жардыргыч заттарды алып келүүгө.
56. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин кызыкдар болгон мамлекеттик органдарынан корутунду алган күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде түпкү пайдалануучунун сертификатын берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
57. Эгерде түпкү пайдалануучунун сертификатын алгандан кийин контрактка өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилсе, импорттоочу бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине токтоосуз маалымдоого милдеттүү.
58. Түпкү пайдалануучунун сертификатында чагылдырылган контракттын шарттары өзгөргөндө сертификат кайра таризделүүгө тийиш.
59. Түпкү пайдалануучунун сертификаты жоголуп кеткен же жок кылынган учурда, эгерде сертификаттын түп нускасы табылып калса, импорттоочу аны же дубликатын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине кайтарып берүүгө милдеттенме алууну ырастаган дубликат берүү жөнүндө арызды (сертификаттын жоголгон же жок кылынган жагдайын түшүндүргөн) жөнөткөндөн кийин импорттоочу тарабынан анын дубликаты алынышы мүмкүн.
60. Эгерде импорттолгон товарларды көрсөтүлгөн максаттарда пайдаланууга карата башка мамлекеттик кепилдиктердин же милдеттенмелердин кыргыз тарабынан таризделиши Кыргыз Республикасына товарларды жеткирүүнүн шарты болуп саналса, мындай кепилдиктер же милдеттенмелер түпкү пайдалануучунун сертификатына кошумча катары же өзүнчө документ катары таризделиши мүмкүн.
11-глава. Аскердик багыттагы контролго алынуучу товарлар
үчүн түпкү пайдалануучунун сертификатын берүүнүн тартиби
61. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан аскердик багыттагы товарларга түпкү пайдалануучунун сертификаты ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада берилет. Бир нускасы экспорттоочу өлкөнүн мамлекеттик органдарына берүү үчүн импорттоочуга берилет, экинчи нускасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде сакталат.
62. Тышкы экономикалык иштин катышуучусу түпкү пайдалануучунун сертификатын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине төмөнкүдөй документтерди берет:
1) түпкү пайдалануучунун сертификатын алууга арызды;
2) экспорттоочу же түпкү пайдалануучу менен контракттын көчүрмөсүн жана идентификациялоо үчүн түп нускасын;
3) аскердик багыттагы продукциянын техникалык мүнөздөмөлөрү жана аны колдонуу чөйрөсү жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматты;
4) түпкү пайдалануучунун кепилдик милдеттенмеси.
63. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү жана бажы иши чөйрөсүндөгү кызыкдар болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен ТЭИнин катышуучуларынын кепилдик милдеттенмелери алдын ала макулдашылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги түпкү пайдалануучунун сертификатын берет.
12-глава. Кыргыз Республикасына импорттолуучу контролго
алынуучу продукцияны республиканын ичинде башка жактарга
берүүнүн тартиби
64. Контролго алынуучу продукцияны республиканын ичинде башка жактарга берүүгө "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоодо, кош багыттагы товарларга Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, аскердик багыттагы товарларга Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин уруксаты болгондо ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык формада жол берилет.
65. Кыргыз Республикасына импорттолуучу контролго алынуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн башка жакка берүү зарыл болгондо түпкү пайдалануучу мындай берүүгө уруксат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына суроо-талап жиберет.
66. Суроо-талапта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) продукциянын толук аталышы жана кеңири сыпаттамасы, тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы (мындан ары - ТЭИ ТН) боюнча жана контролдук тизме боюнча анын коду;
2) өткөрүп берилүүгө тийиш болгон продукциянын саны;
3) продукцияны Кыргыз Республикасына жөнөткөн экспорттоочунун аталышы жана дареги;
4) түпкү пайдалануучунун тиешелүү сертификатынын номери жана берилген датасы;
5) аталган продукцияны өткөрүп берүү пландалып жаткан башка жактын аталышы жана дареги;
6) өткөрүп берүүнүн зарылдыгын шарттаган себептер;
7) продукцияны өндүрүүчү экспорттоочу өлкөнүн продукцияны берүүгө макулдугун ырастоочу документ;
8) бул продукцияны өткөрүп берүү жөнүндө келишимдин көчүрмөсү жана аларды идентификациялоо үчүн түп нускасы;
9) контролго алынуучу продукцияны түпкү пайдалануучунун жана импорттоочунун кепилдик милдеттенмелери.
67. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган суроо-талапты алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде продукцияны өткөрүүгө уруксат берүү же баш тартуу тууралуу чечим чыгарат жана бул жөнүндө арыз ээсине маалымдайт.
68. Продукцияны өткөрүп берүүгө уруксат берилген учурда тиешелүү келишимдин тараптары продукция иш жүзүндө берилген (алынган) күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде продукция берилгендиги (алынгандыгы) жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө маалымдашат.
69. Контролго алынуучу товарларды өлкөнүн ичинде өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырган уюм аларды алган уюмга бул товарлар мамлекеттик контролго алынууга тийиш экендиги жөнүндө кабарлашы керек жана бул уюмга экспорттук контролдун көрсөтүлгөн объекттерине тиешелүү документтерди берет.
13-глава. Контролго алынуучу продукцияны түпкү
пайдаланууну ички контролдоонун тартиби
70. Ушул Жобонун 11-14-пункттарында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар импорттоочулардын (түпкү пайдалануучулар) кепилдик милдеттенмелеринин аткарылышына мамлекеттик контролду камсыз кылуу үчүн ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды - эксперттерди тартуу менен текшерүүнү жүзөгө ашырат.
71. Түпкү пайдалануучу контролго алынуучу продукцияны пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине кош багыттагы товарларга карата, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине аскердик багыттагы товарларга карата бардык зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди берүүгө жана анын ишине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
72. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эркин формада тиешелүү натыйжасы бар акт түзүлөт (текшерүүнүн жыйынтыгы эркин формада тиешелүү акт менен таризделет).
73. Контролго алынуучу продукцияны пайдалануунун талаптары бузулгандыгы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүүнүн материалдарын Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык чараларды көрүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтөт.
74. Импорттоочу (түпкү пайдалануучу) өзүнүн кепилдик милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
14-глава. Контролго алынуучу продукцияны эсепке
алуунун жана отчеттуулукту уюштуруунун тартиби
75. Контролго алынуучу продукцияны Кыргыз Республикасынан экспорттогон учурда ТЭИнин катышуучулары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
1) продукциянын ар бир партиясын алуу же түшүрүп алуу жүзөгө ашырылгандан кийин 3 күндүк мөөнөттө жүккө берилген бажы декларациясынын көчүрмөлөрүн;
2) импортточуга (акыркы пайдалануучуга) продукциянын жеткирилгендиги жөнүндө маалыматты.
76. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул Жобого ылайык өзүнө берилген документтердин негизинде контролго алынуучу продукциянын экспорттолушу жана импорттолушу жөнүндө маалыматтар базасын жүргүзөт.
77. ТЭИнин катышуучулары контролго алынуучу продукция менен ТЭИ аяктагандан кийин экспорттук контролдун объекттери жөнүндө маалыматтар менен документтерди (контракттык документтер, эсептер, товардык-транспорттук коштомо кагаздар, жүктөө документтери, бажы декларациялары ж.б.; өндүрүштө болгон оперативдүү документтер; контрагенттердин компанияларына жана алардын өкүлдөрүнө досье) 5 (беш) жыл бою сактоого милдеттүү.
78. ТЭИнин катышуучулары мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча экспорттук контролду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
15-глава. Кыргыз Республикасынын Контролго алынуучу
продукциясынын улуттук контролдоо тизмесине киргизилген
кош багыттагы контролго алынуучу продукцияны Кыргыз
Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөгө уруксат
берүүнүн тартиби
79. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу кош багыттагы контролго алынуучу продукцияны транзиттөө Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген талаптарды сактоо менен транзиттөөгө уруксаттын негизинде ишке ашырылат.
80. Кош багыттагы контролго алынуучу продукциянын транзитине уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитти ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.
81. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ТЭИнин катышуучусунан арыз келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен кош багыттагы контролго алынуучу продукцияны транзиттөөнүн мүмкүндүгү жөнүндө корутунду берет.
82. ТЭИнин катышуучулары тарабынан кош багыттагы контролго алынуучу продукциялардын транзитине уруксат берүүгө арызы ушул Жобонун 6-тиркемеси менен бекитилген формага ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берилет.
Арыз ээси Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
83. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) арыз берген уюмдун мамлекеттик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралса, контролго алынуучу продукциялар менен байланышкан лицензиялануучу иштердин аныкталган түрлөрүн жүзөгө ашыруу укугуна лицензиянын жана уруксаттын көчүрмөлөрү;
3) жүктүн мүнөздөмөсү, ташуунун максаты, жеткирүүчү жана керектөөчү жөнүндө маалыматтар (номенклатура, түшүрүлүүчү продукциялардын түрлөрүнүн саны жана таңгагы, датасы жана ташуу ыкмасы, өндүрүүчүнүн, экспорттоочунун/импорттоочунун аталышы, аны түпкү пайдалануучу жана түпкү пайдалануу жөнүндө маалыматтар);
4) контролго алынуучу продукцияларды жеткирүүгө контракттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) контролго алынуучу продукцияларды ташып чыгууга жана ташып кирүүгө экспорттоочу жана импорттоочу өлкөнүн экспорттук контролдоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген лицензиянын көчүрмөсү.
Эгерде өлкөлөрдүн мыйзамдарында мындай документти берүү каралбаса, экспорттоочу/импорттоочу өлкөнүн экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынан ырастоо кат берилет;
6) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өтүүчү ядролук материалдарды жана жабдууларды, атайын ядролук эмес материалдарды, ядролук иштерге тиешеси бар кош багыттагы жабдууларды жана материалдарды, радиоактивдүү материалдарды, жардыргыч заттарды жана ууларды АЭЭА сунуштагандан төмөн болбогондой физикалык коргоого арыз ээсинин жоопкерчилигин аныктаган документтер;
7) эгерде жүктү жүк алуучуга өткөрүп берүү ага көз каранды болбогон себептер боюнча мүмкүн болбогон учурда, экспорттоочу өлкөнүн контролго алынуучу продукциясын өндүрүүчүнүн бул жүктөрдү кайра кабыл алууга макулдугун ырастаган документтер;
8) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык транзитти жүзөгө ашырууда мүмкүн болгон авариядан улам келип чыгуучу зыяндын ордун толтуруунун камсыздандыруу жана финансылык кепилдиктерин ырастаган документтер;
9) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары бузулганы аныкталган учурда мамлекеттик органдардын ташуунун реалдуу шарттарын текшерүү, ошондой эле мүмкүн болуучу убактылуу сактоо, кайра ташуу, экспертизалоо жана башка зарыл болгон иш-аракеттерине, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ядролук жана радиациялык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын уруксатынын жарактуулук шарттарына байланышкан чыгымдарын, ошондой эле аныкталган бузууларды экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына шайкеш келтирүү же экспорттоочу мамлекетке жүктү кайтаруу зарылчылыгына байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга арыз ээси тарабынан кепилдикти ырастаган документтер.
84. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бардык зарыл болгон документтерди алгандан кийин 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде уруксат берет.
85. Уруксат арыз ээсине анын аракети башталган күндөн тартып алты айдан ашпаган мезгилге берилет.
86. Кош багыттагы контролго алынуучу продукцияны транзиттөөгө уруксат ар бир тышкы экономикалык операцияга өзүнчө контракт боюнча конкреттүү көлөмгө берилет.
87. Контролго алынуучу продукцияны транзиттөөгө уруксаттын колдонуу мөөнөтү "Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык уруксат берүү үчүн негиз болгон контракттын же документтин жана арыз берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мөөнөтү менен чектелет.
88. Эгерде контролго алынуучу продукцияларды транзиттөө көрсөтүлгөн мөөнөттө ишке ашырылбаса, анда уруксатты колдонуу Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык токтотулат.
89. Арыз ээси кош багыттагы контролго алынуучу продукцияларды транзиттөө жөнүндө мурда берилген маалыматтардагы ар кандай өзгөртүүлөр тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине өз убагында маалымат берүүгө милдеттүү.
90. Кош багыттагы контролго алынуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу алып өтүүдө аны башка транспорттук каражатка кайрадан жүктөгөн учурда карап чыгуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компетенттүү мамлекеттик органдардын жана эксперт-органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт. Карап чыгуунун негизинде контролго алынуучу продукцияларды кайра жүктөө боюнча биргелешкен акт түзүлөт.
91. Аба транспортунун транзитинде төмөнкү маалыматтарды камтыган документтерди кошумча тапшыруу керек:
1) авиакомпаниянын аталышы жана реквизиттери;
2) Жарандык авиация эл аралык уюмунун коду жана рейстин номери;
3) аба кемесинин тиби, каттоо номери;
4) учуу тиби;
5) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинен чыгуу жана кирүү чекиттерин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен кыймылдын датасы, толук багыты жана графиги;
6) навигациялык жана байланыш жабдууларынын тиби.
92. Төмөнкүдөй учурларда Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу контролго алынуучу продукциялардын транзитин ишке ашырууга уруксат берилбейт:
1) ушул Жобонун 83-пунктунда аталган документтер берилбесе же алар туура эмес таризделсе;
2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин контролго алынуучу продукцияны транзиттөө мүмкүнчүлүгү жөнүндө оң корутундусунун жоктугу;
3) эгерде арыз ээсине карата анын Кыргыз Республикасынын алдында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык макулдашууларга ылайык алган милдеттенмелерин бузган учурлары жөнүндө маалыматтар болсо;
4) эгерде контролго алынуучу продукция жалпыга кыргын салуучу куралдарды (химиялык, биологиялык жана ядролук) же башка ядролук жарылуучу түзүлүштөрдү иштеп чыгуу, түзүү, колдонуу, иштөө абалында кармоо, сактоо, табуу, идентификациялоо же жайылтуу максатында же мындай куралдарды жеткирүүнүн ракеталык каражаттарын иштеп чыгуу, түзүү, иштөө абалында кармоо же сактоо үчүн толугу менен/жарым-жартылай колдонула тургандыгы же колдонулушу мүмкүн экендиги белгилүү болсо;
5) эгерде кош багыттагы контролго алынуучу продукция куралдарды жана аскердик техникаларды түзүү үчүн толугу менен/жарым-жартылай колдонулса же колдонулушу мүмкүн болсо;
6) эгерде арыз ээсине карата мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген соттун чечими болсо, анын негизинде арыз ээси уруксат алууга байланышкан укуктан ажыратылса;
7) контролдонуучу продукцияларга карата жүргүзүлүүчү транзиттик операциялар жөнүндө арыз ээси тарабынан анык эмес маалыматтар билдирилсе.
93. Контролго алынуучу продукциянын транзитине уруксат берүүдөн баш тартылса, арыз ээсине 10 (он) жумуш күндүн ичинде жазуу жүзүндө аргументтелген жооп берилет.
94. Контролго алынуучу продукциянын транзитине уруксат берүүдөн баш тартуу административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми кийин "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
95. Контролго алынуучу продукциянын транзитин ишке ашыруу тартибин бузган учурда ТЭИнин катышуучулары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
16-глава. Аскердик багыттагы контролго алынуучу
продукциянын Кыргыз Республикасынын аймагы
аркылуу транзитине уруксат берүү тартиби
96. Аскердик багыттагы контролго алынуучу продукциянын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитинде Кыргыз Республикасынын экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык ташылуучу жүктүн транзиттин катышуучулары тарабынан берилген документтер менен шайкештиги предметине Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан чек аралык, бажылык, ал эми зарыл болгон учурда радиациялык жана транспорттук контролго алынууга жана таризделүүгө тийиш.
97. Аскердик багыттагы контролго алынуучу продукцияны алып өтүүчү аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына конуусуз транзиттик өтүүсүнө тыюу салынат.
98. Аскердик багыттагы контролго алынуучу продукциянын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзити Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (жерде жүрүүчү транспорт менен транзиттөөдө), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (аба транспорту менен транзиттөөдө), тышкы иштер, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин уруксаты болгондо жүргүзүлөт. Мында уруксатты макулдашуу мөөнөтү транзитке уруксат берүү үчүн бардык зарыл документтер менен бирге арыз берилген күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндөн ашпоого тийиш.
99. Аскердик багыттагы контролго алынуучу продукциянын транзитине уруксат транзиттин катышуучусуна ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча берилет.
100. Аскердик багыттагы контролго алынуучу продукциянын транзитине арыз Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча төмөнкү документтерди жана маалыматтарды берүү менен берилет:
1) юридикалык жак катары арыз берүүчүнүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик/расмий тилдердеги котормосу менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) арыз ээсинин мамлекетинин мыйзамдарына ылайык аскердик багыттагы контролго алынуучу продукция менен байланышкан иштин түрүн жүзөгө ашыруу үчүн документтин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик/расмий тилине котормосу менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) аскердик багыттагы контролго алынуучу продукцияны экспорттоого/импорттоого уруксаттын (лицензиянын) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) аскердик багыттагы контролго алынуучу продукцияны түпкү пайдалануучу жана түпкү пайдалануу жөнүндө маалыматты ырастоочу документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) продукциянын номенклатурасын жана көлөмүн тиркөө жана тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы (ТЭИ ТН) боюнча коддорду көрсөтүү менен продукцияны жөнөтүүгө контракттын/келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
6) адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө, Кыргыз Республикасынын объекттерине/курулмаларына/имараттарына келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын ордун толук толтуруу жөнүндө арыз ээсинин кепилдигин ырастаган документ;
7) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жер үстүндөгү жолдор аркылуу транзит менен өткөрүлүүчү аскердик багыттагы контролго алынуучу продукцияны (коштоо/кароол/адистер) физикалык коргоону ишке ашырууну арыз ээси камсыз кылгандыгын ырастаган документ.
101. Эгерде транзиттин катышуучусу чет мамлекеттин мамлекеттик органы болсо, ушул Жобонун 100-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында каралган документтерди берүү талап кылынбайт.
102. Мында адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө, Кыргыз Республикасынын объекттерине/курулмаларына/имараттарына келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын орду толук толтурулгандыгы жөнүндө транзитке арыз ээсинин мамлекеттик кепилдигин ырастаган документ берилет.
103. Эгерде транзиттин катышуучусу болуп анын аймагынан тышкары жайгашкан аскердик бөлүкчөсүнүн жашоо-турмушун камсыз кылуу үчүн курал-жарактарды, аскердик техниканы жана аскердик багыттагы башка контролго алынуучу продукцияны алып өтүүдө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттин мамлекеттик органы чыкса:
1) ушул Жобонун 100-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында каралган документтерди берүү талап кылынбайт;
2) ушул Жобонун 105-пунктунун 4-пунктчасында каралган аскердик багыттагы контролго алынуучу экспорттоого/импорттоого уруксат (лицензия) жок болгон учурда, арыз берген өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет, ал курал-жаракты жана аскердик техниканы жана аскердик багыттагы башка контролго алынуучу продукцияны ташып келүү-ташып чыгууну жүзөгө ашыруу үчүн негиз болуп саналат;
3) ушул Жобонун 100-пунктунун 3-пунктчасында каралган продукциянын түпкү пайдалануучусу/түпкү пайдалануусу жөнүндө маалыматты ырастаган документ жок болсо, ташылып жаткан аскердик багыттагы контролго алынуучу продукциянын түпкү пайдалануусу жана түпкү пайдалануучусу жөнүндө маалыматтарды камтыган документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет;
4) аскердик багыттагы контролго алынуучу продукция жөнүндө маалыматтар тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча коддорду көрсөтүү менен берилет.
104. Мында адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө, Кыргыз Республикасынын объекттерине/курулмаларына/имараттарына келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын ордун толук толтуруунун транзитине арыз ээсинин кепилдигин ырастаган документ берилет.
105. Аскердик багыттагы контролго алынуучу продукциянын транзитине уруксат берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат, эгерде:
1) аскердик багыттагы контролго алынуучу продукциянын транзитин жүзөгө ашыруунун мүмкүн эместиги жөнүндө макулдашуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын биринин аргументтүү корутундусу болсо;
2) аскердик багыттагы контролго алынуучу продукцияны бара турган мамлекетте колдонуу коркунучу адам укуктарынын бузулушуна, ички же эл аралык туруксуздуктун күчөшүнө байланыштуу болушу мүмкүн болсо;
3) аскердик багыттагы контролго алынуучу продукциянын транзити Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жана коопсуздугуна коркунуч келтирсе;
4) аскердик багыттагы контролго алынуучу продукциянын транзити адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө коркунуч келтирсе, ошондой эле материалдык баалуулуктарга зыян келтириши же жок кылышы мүмкүн болсо;
5) аскердик багыттагы контролго алынуучу продукциялардын номенклатурасы жана алардын саны жөнүндө туура эмес маалыматтарды, ошондой эле уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн олуттуу мааниге ээ болгон толук эмес маалыматтарды камтыган документтер берилген болсо;
6) берилген документтер Кыргыз Республикасынын экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына жооп бербесе.
106. Уруксаттын колдонулушун токтотуу/токтото туруу жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу орган өз алдынча же уруксат макулдашылган мамлекеттик бийлик органдарынын биринин сунушунун негизинде кабыл алат.
107. Аскердик багыттагы контролго алынуучу продукциянын транзитине уруксаттын колдонулушун токтотууга/токтотуп турууга экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген транзиттин тартибин бузуу негиз болуп саналат.
108. Аскердик багыттагы контролго алынуучу продукциянын транзитине уруксат берилген учурда, уруксатты алган транзиттин катышуучусу аскердик багыттагы контролго алынуучу продукцияны өзүнүн эсебинен экспорттук мамлекетке кайтарууну камсыз кылат, эгерде экспорттук контроль чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса.
109. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитинде аскердик багыттагы контролго алынуучу продукцияны физикалык коргоо Кыргыз Республикасынын экспорттук контроль чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
110. Аскердик багыттагы контролго алынуучу продукциянын транзити ишке ашырылуучу өткөрүү пункттарынын тизмесин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги бажы иши, транспорт жана жарандык авиация чөйрөсүндөгү мамлекеттик чек араны кайтаруу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашат.
17-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу
органдарынын жана ведомстволорунун экспорттук контроль
жаатындагы милдеттери
111. Контролго алынуучу продукцияга карата экспорттук контроль менен байланышкан иш-чараларды аткарууну камсыз кылуу үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
- экспорттук контроль жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- экспорттук контроль жаатында чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- кош жана аскердик багыттагы товарлардын максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
- экспорттук контроль жаатындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүгө байланышкан контролго алынуучу продукцияга берилген лицензиялардын, башка документтердин аткарылышын эсепке алат жана контролдойт;
2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:
- ТЭИнин чет өлкөлүк катышуучулары тарабынан контролго алынуучу продукцияны билдирилген максаттарда түпкү пайдалануучунун сертификатына ылайык пайдалангандыгы жөнүндө маалыматка дипломатиялык каналдар боюнча суроо-талап жиберет жана анын аныктыгын текшерет;
- чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар тарабынан экспорттук контроль жаатындагы мыйзамдарды бузуу фактыларын табуу маселелеринде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына көмөк көрсөтөт;
- контролго алынуучу товарларга тиешелүү маселелер боюнча чет мамлекеттердин органдары жана эл аралык уюмдар менен коммуникацияларды колдоодо Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына көмөк көрсөтөт (зарылдыгына жараша);
- Кыргыз Республикасына контролго алынуучу продукциянын экспорттук жеткирүүлөрүнүн коопсуздугуна талдоо жүргүзүү жана жалпысынан региондук стабилдүүлүк боюнча сунуштарды даярдайт (зарылдыгына жараша);
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын чарбалык жана тышкы экономикалык ишинин субъекттери жана чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар тарабынан ТЭИни жүзөгө ашыруу процессинде улуттук кызыкчылыктарды жана мамлекеттин коопсуздугун коргоону мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат;
- ТЭИни жүзөгө ашырууда жашыруундуулук режиминин сакталышын жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптардын сакталышын контролдойт;
- ТЭИни жүзөгө ашырууда контролго алынуучу программалык камсыздоолорду жана технологияларды электрондук берүү жана кызмат көрсөтүү менен байланышкан бузууларды иликтөөдө изин суутпай издөө иш-аракеттерине жетекчиликти жана координациялоону жүзөгө ашырат;
- улуттук коопсуздукка тиешелүү сунушталган бүтүмдөрдүн аспекттерине талдоо жүргүзүүдө сунуштарды киргизет;
- ыйгарым укуктуу эмес түпкү пайдалануучуларга товарларды өткөрүп берүү менен байланышкан тобокелдиктерге экспертиза жүргүзөт жана баа берет, ошондой эле түпкү пайдалануучунун сертификатын берүү үчүн ТЭИнин катышуучуларынын кепилдик милдеттенмелерин макулдашууда тиешелүү корутунду берет;
- уюмдар тарабынан экспорттук контроль эрежелеринин сакталышын текшерүүгө катышат (зарылдыгына жараша);
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы контролго алынуучу продукцияны санкциясыз өткөрүүнү же контролдонуучу кызматтарды көрсөтүүнү жүзөгө ашырган жеке жактардын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүсүнө бөгөт коюуну камсыз кылат;
5) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- коргоо чөйрөсүндө сунуш кылынган бүтүмдөрдүн шарттарын, жагдайларын жана тараптарын талдоодо сунуштарды киргизет;
- контролдонуучу продукциянын аталыштарын кадимки курал-жарак үчүн же аскердик максаттарда пайдалануу үчүн классификациялоого жардам берет;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесине киргизилбеген аскердик максаттарда колдонулуучу жана кайталап даярдалуучу товарлардын тобокелдигине экспертиза жүргүзүүгө жана баа берүүгө көмөк көрсөтөт;
- уюмдар тарабынан экспорттук контроль эрежелеринин сакталышын текшерүүгө катышат (зарылдыгына жараша);
6) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык товарларды чыгарууга байланыштуу (контролго алынуучу продукцияны) бажы контролун жана бажы операцияларын жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;
7) мамлекеттик органдар - контролго алынуучу продукциянын айрым түрлөрү боюнча эксперттери болуп саналган Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн контролго алынуучу товарларды экспорттоонун, импорттоонун жана реэкспорттоонун максатка ылайыктуулугу жөнүндө эксперттик корутундуларды даярдоодо өз компетенциясынын чегинде сунушталган товарларды Улуттук контролдук тизмеге киргизилген продукциянын шайкештигине идентификациялоону жүзөгө ашырат.
112. Контролго алынуучу продукцияны экспорттоого, реэкспорттоого, импорттоого лицензияларды, ошондой эле анын транзитине жана өлкө ичинде өткөрүп берүүгө уруксаттарды берүү менен байланышкан талаш кырдаалдар жана маселелер пайда болгон учурда, чечим аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссиянын сунуштамасынын жана корутундусунун негизинде кабыл алынат.
18-глава. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук
тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү
113. Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмеси экспорттук контролдун эл аралык режимдеринин контролдук тизмесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык жаңыланып турат.
114. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги экспорттук контролдун эл аралык режимдеринин контролдук тизмелериндеги өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды чогултуу боюнча туруктуу ишти жүзөгө ашырат, аларга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесин жаңыртуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгат жана белгиленген тартипте демилгелейт.
115. Ушул Жобонун 113-пунктунда көрсөтүлгөн аскердик багыттагы продукциянын экспорттук контролго алынуучу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмесин жаңылоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен бирдикте ишке ашырылат.
| Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
______________________________________________________________ (лицензиардын аталышы) ______________________________________________________________ (юридикалык жактын аталышы)
АРЫЗ
________________________________________________________ экспорттоого/импорттоого башкы, бир жолку (алдын сызуу керек) лицензия берүүнү өтүнөм. Арыз ээси жөнүндө маалымат: ______________________________________________ Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлү_________________________ № __________ серия ___________ ___________________________________________ берилди. (ким тарабынан, качан) Жайгашкан жери:__________________________________________________________ Идентификациялык салык номери (ИСН):______________________________________ Уюштуруу-укуктук формасы: _________________________________________________ ИУЖК коду:_______________________________________________________________ Башка маалыматтар:_______________________________________________________ _________________________________________________________________ (арызды кароо үчүн зарыл маалыматтар көрсөтүлөт) Жеке ишкердин паспорт маалыматтары № ___________ серия ___________ ________ ___________________________________________________________________ берилди. (ким тарабынан, качан) Дареги, телефону: ________________________________________________________________ Идентификациялык салык коду (ИСК):_________________________________________ Башка маалыматтар:_______________________________________________________ _________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________ (арызды кароо үчүн зарыл маалыматтар көрсөтүлөт) Продукциянын аталышы: ________________________________________________________________ Продукциянын ТЭИ ТН коду:_________________________________________________ Продукциянын контролдук тизмелер боюнча коду: _______________________________ Саны: ___________________________________________________________________ Жалпы наркы миң менен, төлөө валютасы (сом, АКШ доллары, евро): _________________________________________________________________________ Лицензия берүүнүн керектүү мөөнөтү:_________________________________________ Бажы пункту: _____________________________________________________________ Импорттоочу, анын дареги: _________________________________________________ Импорттоочу өлкөнүн аталышы, анын санариптик коду: __________________________ Экспорттоочу, анын дареги:_________________________________________________ Экспорттоочу өлкөнүн аталышы, анын санариптик коду: _________________________ Продукция багытталган өлкө:________________________________________________ Продукция чыгарылган өлкө: ________________________________________________ Пайдалануу максаты:_________________________________________________________ Өндүрүүчү, анын дареги: ______________________________________________________ Контракт (№ жана түзүлгөн датасы): _____________________________________________ Импорттоочунун (түпкү пайдалануучунун) кепилдик милдеттенмеси:________________ _________________________________________________________________________ Түпкү пайдалануучу, анын дареги: ____________________________________________ Арызга тиркелет: __________________________________________________________ _________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________
Аты-жөнү: Кызмат орду: Колу: ____________________ М.О. 20___-жылдын "___" _____________
|
| 20__-жылдын “__” _______ № ______ арызга тиркеме |
| |||
№ | Товардын сыпаттамасы | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товардын сыпаттамасы | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товардын сыпаттамасы | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товардын сыпаттамасы | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товардын сыпаттамасы | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товардын сыпаттамасы | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товардын сыпаттамасы | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
Бардык барактар | Арыз ээсинин ыйгарым укуктуу адамынын аты-жөнү: Кызмат орду: Колу жана датасы: Мөөрү: | ||
| Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
ЛИЦЕНЗИЯ
____________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын
аталышы
1. Арыз ээси (аталышы жана дареги) | 2. Лицензиянын № | |||
3. Лицензиянын түрү | экспорт/импорт | |||
башкы/бир жолку | ||||
4. Лицензиянын жарактуулук мөөнөтү _______ чейин | ||||
5. Сатып алуучу/сатуучу (аталышы жана дареги) | 6. 202__-ж. "___" _________ № _______ Контракт (келишим) | |||
7. Чыгарган өлкө | ||||
8. Сатып алуучунун/сатуучунун өлкөсү | ||||
9. Түпкү пайдалануучу (аталышы жана дареги) | 10. Түпкү пайдалануучунун өлкөсү | |||
11. Транзит өлкөсү (өлкөлөрү) | ||||
12. Продукциянын аталышы жана мүнөздөмөсү (сыпаттамасы) | 13. ТЭИ ТН коду | 14. Тизменин коду | 15. Тизменин позициясы | |
16. Өлчөө бирдиги | 17. Саны | |||
18. Төлөм валютасы | 19. Наркы | |||
20. Продукцияны акыркы пайдалануу | ||||
21. Лицензия берүү үчүн негиз | ||||
22. Контролдоо максаттары үчүн кошумча маалымат | ||||
23. Уюм-эксперт | 24. Лицензия берген ыйгарым укуктуу адам | |||
|
|
|
|
|
| 20__-жылдын “__” _________ № ___ лицензияга тиркеме |
| |||
№ | Товардын сыпаттамасы | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товардын сыпаттамасы | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товардын сыпаттамасы | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товардын сыпаттамасы | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товардын сыпаттамасы | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товардын сыпаттамасы | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
№ | Товардын сыпаттамасы | Саны | Өлчөө бирдиги |
Наркы | |||
Бардык барактар | Лицензия берген ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү: Кызмат орду: Колу жана датасы: Мөөр: | ||
| Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Импорттоочунун (түпкү пайдалануучунун)
КЕПИЛДИК МИЛДЕТТЕНМЕСИ
1. Импорттоочу, анын дареги, телефону 3. Экспорттоочу, анын дареги, телефону | 2. Импорттоочунун өлкөсү | |||
4. Экспорттоочунун өлкөсү | ||||
5. Түпкү пайдалануучу, анын дареги, телефону жана иш чөйрөсү | 6. Алынган лицензиялары жөнүндө маалымат | |||
7. Продукцияны орнотуу жана (же) пайдалануу орду | 8. Акыркы пайдалануу | |||
9. Продукциянын аталышы жана толук мүнөздөмөсү | 10. ТЭИ ТН боюнча продукциянын коду | 11 .Контролдук тизме боюнча продукциянын коду | 12. Төлөм валютасында (сом, АКШ доллары) жалпы наркы (миң менен) | |
13. Сертификат суратуу үчүн негиз | 14. Өлчөө бирдиги | 15. Саны | ||
16. Импорттоочу (түпкү пайдалануучу) 9-пунктта аталган продукцияны Кыргыз Республикасына импорттоого, аны 8-пунктта баяндалган максаттарда пайдаланууга, Кыргыз Республикасынын аймагында чарбалык иштин башка субъектине бербөөгө жана аны Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин уруксатысыз башка үчүнчү өлкөлөргө реэкспорттобоого милдеттенет | ||||
17. Макулдашуу | ||||
18. Импорттоочу Аты-жөнү Кызмат орду Колу ________________________ М.О. Датасы | 19. Түпкү пайдалануучу Аты-жөнү Кызмат орду Колу __________________________ М.О. Датасы | |||
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Түпкү пайдалануучунун сертификаты | ||
1. Импорттоочу, анын дареги, телефону | 2. Импорттоочу өлкө | |
3. Экспорттоочу, анын дареги, телефону | 4. Экспорттоочу өлкө | |
5. Түпкү пайдалануучу, анын дареги, телефону жана иш чөйрөсү | ||
6. Продукциянын аталышы жана мүнөздөмөсү | 7. Продукциялардын ТЭИ ТН боюнча коду | 9. Төлөм валютасында жалпы наркы (миң менен): сом, АКШ доллары |
8. Продукциянын контролдоо тизмеси боюнча коду | ||
10. Сертификатты суратуу үчүн негиз | 11. Өлчөө бирдиги | 12. Саны |
13. Муну менен 6-пунктта көрсөтүлгөн продукция импорттоочу өлкөнүн муктаждыгы үчүн гана пайдаланылары жана экспорттоочу (же продукцияны өндүрүүчү) өлкөнүн экспорттук контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксатысыз реэкспорттолбой тургандыгы ырасталат | ||
14. Ушул документ ага кол коюлган күндөн тартып алты айдын ичинде экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына берилүүгө тийиш | ||
15. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аталышы |
| |
|
| |
Аты-жөнү |
Колу: | |
Кызмат орду: | М.О. Датасы: | |
| Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
______________________________________________________________________________ Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын Аталышы | ||
Транзитке уруксат № _______ 202___-ж. "___" ____________ | ||
1. Өтүнмө ээси (аталышы, дареги, тел.) | 2. Алып өтүүнүн түрү | |
3. Ташууга (кызмат көрсөтүүгө) контракт | 4. Жеткирүүгө контракт | 5. Жүрүү багыты |
6. Товардын аталышы | 7. Өлчөө бирдиги | 8. Продукциянын саны |
9. ТЭИ ТН жана УКТ боюнча продукциянын коду | 10. Төлөм валютасы | 11. Наркы |
12. Бара турган өлкө | 13. Жөнөтүүчү өлкө | 14. Транзит өлкө |
15. Сатып алуучу (аталышы, дареги) | 16. Сатуучу (аталышы, дареги) | 17. Түпкү пайдалануучу (аталышы, дареги) |
18. Камсыздандыруу келишими (№, датасы) | 19. Транспорт каражатынын түрү | 20. Кирүүдө/чыгууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункту |
21. Уруксат берүү үчүн негиздеме | ||
22. Контролдоо максаттары үчүн кошумча маалымат | ||
23. Эксперт уюм | ||
24. Уруксат 202__-жылдын "___" ___________ чейин жарактуу | 25. Уруксат берген ыйгарым укуктуу жак Аты-жөнү
Кызмат орду: ____________________________ М.О. Датасы: | |
| Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Контролго алынуучу товардын транзитине уруксат берүүгө АРЫЗ Арыз ээси _____________________________________________________________ (аталышы, дареги, телефону, ИСН) ______________________________________________________________________ (товардын аталышы) Контролго алынуучу товардын транзитине уруксат берүүнү өтүнөм Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк: _____________________________________ Идентификациялык салык номери (ИСН):________________________________________ Контролго алынуучу продукцияны жеткирүүгө контракт (келишим) 20___-жылдын "___" ___________, № _______ Контролго алынуучу продукцияны ташууга (кызмат көрсөтүүгө) контракт 202__-жылдын "___" ___________, № _______ Продукциянын аталышы:_____________________________________________________ ТЭИ ТН продукциянын коду: __________________________________________________ Контролдук тизме боюнча продукциянын коду: ___________________________________ Саны: _____________________________________________________________________ Өлчөө бирдиги: _____________________________________________________________ Жалпы наркы миң менен, төлөм валютасы (сом, АКШ доллары, евро): _______________________________________________________________________ Жүктү жөнөтүүчү (аталышы, өлкө, дареги): _______________________________________ Жүктү алуучу (аталышы, өлкө, дареги): __________________________________________ Сатып алуучу (аталышы, өлкө, дареги): _________________________________________ Сатуучу (аталышы, өлкө, дареги):_______________________________________________ Түпкү пайдалануучу:__________________________________________________________ Жөнөтүлүүчү өлкө: ____________________________________________________________ Бара турган өлкө:_____________________________________________________________ Көрсөтүлгөн максаты:_________________________________________________________ Камсыздандыруучу компания (аталышы жана дареги):______________________________ ____________________________________________________________________________ 202___-ж. "___" ___________ № _______ камсыздандыруу келишими Транспорт каражатынын түрү ___________________________________________________ Кирүүдө/чыгууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункту:________________________________________________________ Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүрүү багыты:___________________________ ____________________________________________________________________________ 202___-жылдын "___" _____________ М.О. |
| Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө 7-тиркеме |
_____________________________________________________ Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аталышы | |
Контролго алынуучу продукцияны өлкөнүн ичинде өткөрүп берүүгө 202___-жылдын "___" ___________ № _______ уруксат | |
1. Арыз ээси (аталышы, дареги, тел.) | 2. Контракт |
3. Продукциянын аталышы | 4. Продукциянын саны |
5. Өлчөө бирдиги | 6. Наркы |
7. ТЭИ ТН жана УКТ боюнча продукциянын коду | 8. Төлөм валютасы |
9. Сатып алуучу, (түпкү пайдалануучу) (аталышы, дареги) | 10. Пайдалануунун максаты |
11. Уруксат берүү үчүн негиздеме | |
12. Контролдоо максаттары үчүн кошумча маалымат | |
13. Уруксат чейин жарактуу | 14. Уруксат берген ыйгарым укуктуу жак Аты-жөнү
Кызмат орду:
М.О.
Датасы жана колу: |