Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 «Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 573
Кабыл алынган
2024-жылдын 13-сентябры
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

Каттоо жана жарыялоо

Каттоо
№ 562 · 2024-жылдын 20-сентябры
Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" № 72 (3626) · 2024-жылдын 20-сентябры
Реестрде
2024-жылдын 20-сентябры

Реестрде

Минюст коду
230014873

Минюсттун расмий барагы

Категория

Товардын импортун жана экспортун ...ЛицензированиеТаможняЭкспорт
Редакция13.09.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 13-сентябры № 573

Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы № 64 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө" токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 60 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 432 "Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 313 "Куралдардын жана аскердик техниканын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импортун, экспортун лицензиялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 "Экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 72 (3626) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.