Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨҢҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 19-сентябрындагы № 5-д
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобонун 12-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликке караштуу Калкты каттоо департаменти:
- ушул буйрук менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын милдеттүү түрдө сактоону камсыз кылсын;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын маалымат такталарына жайгаштырсын.
3. Министрликтин басма сөз кызматы ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.
4. Министрликтин Калкты документтештирүү башкармалыгы үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн төмөнкүлөргө жөнөтсүн:
- расмий жарыяланган күндөн тартып - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине;
- күчүнө кирген күндөн тартып – маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына.
5. Министрликтин 2023-жылдын 23-июнундагы № 1-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү калкты каттоо жана архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул буйрук кол коюлган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2024-жылдын 20-сентябрында http://digital.gov.kg/ расмий сайтында жарыяланды
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Cанариптик өнүктүрүү министринин орун басары К.С. Омельченкого жүктөлсүн.
Министр | Н.А. Кутнаева |