Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-сентябры № 591
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер мамилелери чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 8, 10-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 “2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
“21. Бул токтомдун 1, 2-пункттары жер мунапысынын объектилерине жайылтылбайт.”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– 101-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“101. Арыз ээси арыз бергенден кийин каза болгон же ал Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурда комиссия тарабынан жер мунапысынын алкагында жер участогуна укуктарды бекитүүгө талапкер болгон адам алмаштырылат.
Адамды алмаштырууда комиссияга үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин ага жер участогуна укуктарды бекитип берүү өтүнүчү менен арызы төмөнкүлөрдү тиркөө менен берилет:
– мурунку арыз ээсинин каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү;
– мурунку арыз ээси менен туугандык байланышын ырастаган жаңы арыз ээсинин туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (арыз ээси мурунку арыз ээсинин баласы болгон учурда);
– мурунку арыз ээси менен никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (арыз ээси мурунку арыз ээсинин жубайы болгон учурда);
– үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине жер участогуна укукту бекитүүгө калган үй-бүлө мүчөлөрүнүн макулдугу.
Арыз ээси алмаштырылгандан кийин арызды кароо токтотулуп турбайт жана токтотулбайт.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 102-пункт менен толукталсын:
“102. Пилоттук режимдеги административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек жана Ош шаарларына кошулган аймактарда Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары коомчулукка билдирүүнү жүргүзүүдө тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан мурда колдонулган жер мунапысын жүргүзүү, чектердин тизмектерин, жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун жана жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмелерин бекитүү тартибин жетекчиликке алууга укуктуу.
Бишкек шаарынын мэри чектердин тизмектерин, жерге жайгаштыруу схемаларын жана долбоорлорун жана жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмелерин бекитүү жана пилоттук режимдеги административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына кошулган аймактарда жайгашкан жер мунапысынын объектилерине укуктарды бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу боюнча функцияларды аймактык жана/же ведомстволук бөлүмдөргө өткөрүп берүүгө укуктуу”;
– 18-пункттун төртүнчү абзацында “буга жеке менчикте турган жерлер кирбейт, алар Схемалардын жана жерге жайгаштыруу долбоорлорунун негизинде жүргүзүлөт” деген сөздөр алып салынсын;
– 41-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“41. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын Бишкек жана Ош шаарларында жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу тартиби”;
– 211-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“211. Жер мунапысынын субъектилери жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарды бекитүү үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын ишин уюштурууну жүзөгө ашыруучу мэриянын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркеп, арыз менен кайрылат.”;
– 213-пунктта “Комиссия” деген сөз “Жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын ишин уюштурууну жүзөгө ашыруучу мэриянын ыйгарым укуктуу бөлүмү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 217-пункттун төртүнчү абзацында “комиссияга” деген сөз “жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын ишин уюштурууну жүзөгө ашыруучу мэриянын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 218-пунктта “Комиссия” деген сөз “Жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын ишин уюштурууну жүзөгө ашыруучу мэриянын ыйгарым укуктуу бөлүмү” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 219-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“219. Коомчулукка билдирүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиянын ишин уюштурууну жүзөгө ашыруучу мэриянын ыйгарым укуктуу бөлүмү бардык тиркелген материалдары менен корутундулардын келип түшүшүнө жараша жер мунапысынын ар бир объекти боюнча документтердин пакетин түзөт жана комиссиянын жыйналышынын датасын дайындайт.”;
– 2110-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2110. Комиссиянын жыйналышында жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө же бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат, ал протокол менен таризделет, ага катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү жана комиссиянын катчысы кол коёт. Протокол кол коюлгандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү укугу берилген мэриянын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө тиешелүү чечимди 5 жумуш күндүн ичинде кабыл алуу үчүн жиберилет.”;
– 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү, төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
“Ошол эле учурда жергиликтүү мамлекеттик администрация же шаардын мэриясы кабыл алган чечимин “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулган (трансформацияланган) контурлардын жана аянттардын тизмеги менен жерди эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду киргизүү үчүн жергиликтүү каттоо органдарына жиберет.
Эгерде жер мунапысынын объектилери калктуу конуштардын чектеринде жайгашкан болсо, жер участокторун “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) талап кылынбайт. Ошол эле учурда жеке турак үй куруу үчүн жер участогуна укук белгилөөчү документтери болбогон калктуу конуштардагы жер участоктору боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы архитектура жана шаар куруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан иштелип чыккан жерге жайгаштыруу схемаларынын жана долбоорлорунун жана жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссия тарабынан бекитилген Жер мунапысынын объектилерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмесинин негизинде жер участогун бекитип берүү жөнүндө чечим кабыл алат.”;
– 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“26. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы бекитилген Чектердин тизмегинин, Жерге жайгаштыруу схемаларынын жана долбоорлорунун жана Тизменин негизинде 3 жумуш күндүн ичинде “Жеке турак жай куруу үчүн” максаттуу багытын милдеттүү түрдө көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат.
Жер мунапысынын объектилери бар тигил же бул айыл аймагынын административдик чегине кирбеген райондук маанидеги жерлерге карата райондук мамлекеттик администрация айыл аймагынын калктуу конушу менен чектешкен жер мунапысынын объектилеринин жайгашуусуна жараша “Жеке турак жай куруу үчүн” максаттуу багытын милдеттүү көрсөтүү менен жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органын аныктайт.
Шаарларда жер участокторунун чектерин жана аянттарын көрсөтүү менен бекитилген Тизмелердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө чечимди 5 жумуш күндүн ичинде кабыл алат.
Ошол эле учурда жер мунапысынын объектилерине кирген жана мурда кабыл алынган укук белгилөөчү документтердин негизинде укуктары катталган кыймылсыз мүлк объекттери боюнча “Жеке турак жай куруу үчүн” максаттуу багытын милдеттүү көрсөтүү менен жер мунапысынын субъектине укукту бекитүү жөнүндө чечим кабыл алуу талап кылынат.”;
– 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“29. Жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын каттоо кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер мунапысынын объектилерине менчик укуктарын бекитүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат:
– баштапкы менчик ээсинин айыл чарба жерлерине, анын ичинде жер үлүштөрүнө болгон анын укуктарын токтотуу жөнүндө арызы болгон учурда айыл чарба жеринин кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык кодун жокко чыгаруу жана калктуу конуштун идентификациялык кодун ыйгаруу менен жер мунапысынын субъектинин укугун каттоо жүргүзүлөт;
– баштапкы менчик ээсинин мурда катталган укуктарын токтотуу жөнүндө арызы жок болгон учурда мурда катталган укугун каттоо карточкасынын үчүнчү бөлүмүнө жана жер участогуна чектөө катары берилүүчү укук күбөлөндүрүүчү документтин чектөөлөр бөлүмүнө которуу менен жер мунапысынын субъектинин укугун алдын ала каттоо жүргүзүлөт. Ошол эле учурда кыймылсыз мүлк бирдигинин (айыл чарба жеринин) идентификациялык коду чектөө алып салынгандан кийин гана жокко чыгарылат.
Жер участогу менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга бул чектөө алып салынгандан кийин гана мүмкүн болот.
Чектөөнү алып салуу мурдагы менчик ээсинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызы же тиешелүү сот акты берилгенде жүргүзүлөт.”;
– 311-пунктта “2021-жылдын 6-августундагы № 114” деген сөздөр “2024-жылдын 10-майындагы № 240” деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрүү сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 4-октябрындагы № 77 (3631) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |