Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-сентябры № 592
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы Темир айылынын селдин жүрүшүнөн жабыркаган тургундарын көчүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 26-августундагы № 01-49-4562 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 26-августундагы № 50 чечимин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагында жайгашкан, № 484 контурдагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жалпы аянты 4,60 га сугат айдоо жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- Ысык-Көл району боюнча жамгырдын, эриген кардын жана мөңгүлөрдүн сууларын коопсуз буруу системаларын, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
- жер участокторунун менчик ээлерине/жерди пайдалануучуларга карата жер участоктору пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
- жарандарды жер участоктору менен камсыз кылуу боюнча программаны иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- илим жана маданият үчүн баалуу болгон пайдалуу кендер, геологиялык ачык жерлер, метеориттер, палеонтологиялык, археологиялык жана башка объекттер табылганда "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоону;
- көрсөтүлгөн жерлердин аянттарын калыбына келтирүүнү, аз өнүмдүү жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
- айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн шаарлардын, калктуу конуштардын башкы пландарына жана башка шаар куруу документтерине экологиялык экспертиза жүргүзүүнү;
- "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 56 "Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын талаптарын сактоону;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарга ылайык сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |