Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-ж. ___ _________ №___ буйругуна 2-тиркеме |
Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү «Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды
башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн
стандарттары
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары
жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 78-пункту)
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 78-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы | Автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары - транспорт каражаттары) каттоо, кайра каттоо, квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүү, транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарынын (автомектептердин) ишин лицензиялоо, транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин жасоо жана мамлекеттик каттоочу цифралардын же/жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин, ошондой эле автотранспорт каражаттарынын ысымдуу номердик белгилерин сатуу чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган, аймактык каттоо бөлүмдөрүн/секторлорун кошкондо. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү | Төмөнкү куракка жеткен жеке адамдарга тракторист-машинисттин күбөлүгү берилиши мүмкүн: 1) дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар 77,2 кВт чейинки кубаттуулуктагы кыймылдаткычы менен ("А" категориясы) - он алты жашка чыккан адамдарга; 2) дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлор 77,2 кВт жогору кубаттуулуктагы кыймылдаткычы менен, өзү жүрүүчү айыл чарба, мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинен эксковаторлор жана жүк салуучулар сузгучунун көлөмү 2 куб.м чейин ("В" категориясы) - "А" графасында уруксат берүүчү белгиси жана үзгүлтүксүз бир жыл тракторист-машинист иш стажы бар он жети жашка чыккан адамдарга; 3) мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинен эксковаторлор жана жүк салуучулар сузгучунун көлөмү 2 куб.м жогору ("Г" категориясы) - "А", "В" графаларында уруксат берүүчү белгиси жана үзгүлтүксүз эки жыл тракторист-машинист иш стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист- машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 «Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтому |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жандуу кезек күтүү/электрондук кезек принциби боюнча. Жарандар үчүн имаратты жана санитардык-гигиеналык жайларды тоскоолсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат, анын ичинде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн да пандустар, кармагычтар менен (имараттар, жайлар) жабдылышы зарыл. Имараттар күтүү жайларына, дааратканаларга (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо - сырттагы), жылытууга, суу түтүгүнө, телефонго ээ болот. Жарандардын жеңилдиктер берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде аларда көтөрүлүп чыгууга мүмкүнчүлүк болбосо, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Кызмат көрсөтүлүүчү жерде келген адамдардын ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүсү жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү эске алуу менен документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү - квалификациялык сынактар тапшырылгандан кийин бир жумуш күнүнүн ичинде. Кезек күтүүнү эске алуу менен кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты берүүгө чектелген убакыт - 30 мүнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Кызмат алуучуга көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - Агенттиктин сайты: tsvs.gov.kg; - мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы: portal.tunduk.kg; - аймактык каттоо бөлүмүнөн, керектөөчү (анын расмий ыйгарым укуктуу өкүлү) жеке кайрылган учурда; - сайтта жазылган Агенттиктин телефондору боюнча оозеки түрүндө; - тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат менен маалыматтык такталардан жана Агенттиктин расмий сайтынан таанышса болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат тууралуу маалымат таркатуунун жолдору | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын сайты: tsvs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg; - жеке кайрылганда жана Агенттиктин телефондору боюнча; - маалымат такталары. Аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын дареги жана иштөө режими Агенттиктин расмий сайтында жайгаштырылат: tsvs.gov.kg |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Агенттикте жана аймактык бөлүмдөрүндө маалымат табличкалары илинет. Келүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкаларынын (бейджилеринин) болушу зарыл. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) Тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн алуу үчүн: а) квалификациялык (теориялык жана практикалык) сынактарды ийгиликтүү тапшыруу – квалификациялык сынактарды ийгиликтүү тапшыргандыгы ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган системасында далилденет; б) квалификациялык сынактарды тапшыруу үчүн төмөнкү документтер берилет: - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын (ЖИН) жана чет өлкөлүк жарандын идентификациялык жеке номерин; - ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы арызды; - "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта); - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорту же жашап турууга уруксат, же калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан тышкары; - берилүүчү датасы 12 айдан ашпаган, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүүдөн, психикалык саламаттыгын аныктоодон, көрүүсүн текшерүүдөн) өткөнүн ырастаган документ. Документ "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берилиши мүмкүн; - жетекчи тарабынан кол коюлган жана окуу жайынын мөөрү менен басылган тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугун алуу үчүн талапкерлерди даярдаган жана кайра даярдаган окуу уюмдары тарабынан берилген окуудан өткөндүгү тууралуу күбөлүк; - эгер мурда берилсе, тракторист-машинисттин күбөлүгү (жоголгондо көрсөтүлбөйт); - "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы күбөлүк же айдоочулук күбөлүк (эгер болсо); - жалтырак эмес фото кагаздагы 3,5х4,5 см өлчөмүндөгү түстүү эки фото сүрөтүн; - Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү тарабынан аткарылуучу иш-аракеттердин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүү жерлериндеги маалымат такталарына, Агенттиктин расмий сайттарына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Агенттиктин буйругу менен аныкталат. Балдар үйүнүн тарбиялануучулары, "айыл чарба механизатору" адистиги боюнча жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында окуган жетим балдар Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан окууга багыттама берилген шартта, квалификациялык сынак кабыл алуу жана тракторду, өзү жүрүүчү машинаны айдоо укугуна күбөлүк берүү үчүн белгиленген жыйымдарды төлөшпөйт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - ушул стандартта билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта берилбейт. Керектөөчү электрондук онлайн-консультацияны tsvs.gov.kg порталында алса болот. Онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 1 |
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуунун негизи | Ушул стандарттын 3-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келбеген жана 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер арыз ээси тарабынан берилбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү Агенттиктин жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жооп жибериле турган почталык дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер 1 жумуш күнүнүн ичинде даттанууну каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жөнөтөт. Даттанууларды жана дооматтарды кароо Агенттиктин жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана жооп жөнөтүү мөөнөтү аны каттоо күнүнөн тартып 14 күндөн ашпашы керек. Даттануу боюнча кабыл алынган, ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн чечимине канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |