Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-ж. ___ _________ №___ буйругуна 5-тиркеме |
Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү «Транспорт каражаттары
жана айдоочунун күбөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды тастыктоо» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн
стандарттары
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 81-пункту)
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | «Транспорт каражаттары жана айдоочунун күбөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды тастыктоо» - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 81-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы | Автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары - транспорт каражаттары) каттоо, кайра каттоо, квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүү, транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарынын (автомектептердин) ишин лицензиялоо, транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин жасоо жана мамлекеттик каттоочу цифралардын же/жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин, ошондой эле автотранспорт каражаттарынын ысымдуу номердик белгилерин сатуу чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган, аймактык каттоо бөлүмдөрүн/секторлорун кошкондо. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү | Транспорт каражаттарынын менчик ээси болгон дагы жана менчик ээси болбогон дагы, алар жөнүндө маалыматтар талап кылынган, менчигинин түрүнө жана жарандыгына карабастан юридикалык жана жеке жактар же нотариалдык түрдө укуктары күбөлөндүрүлгөн алардын өкүлдөрү |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 «Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтому. |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Жарандын атына катталган автомототранспорт каражаттары жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналар бар же жоктугу жөнүндө ырастама-маалымкат берүү; Кыргыз Республикасынын аймагынан айдоочунун күбөлүгүн алгандыгы тууралуу ырастама-маалымкат берүү; portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында электрондук форматта транспорт каражаттары жөнүндө көчүрмө алуу; "Carchek" электрондук кызматы аркылуу транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алуу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жандуу/электрондук кезек принциби боюнча. Жарандардын, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) пандус, кармоочтор менен жабдылган (имарат, жай) имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажатканалар, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыз кылынган. Имараттарда күтүү орундары, ажаткана бар (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияларга кошулуу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда - сырттагы ажаткана), жылуулук, суу түтүгү, телефон менен камсыздалган. Жеңилдиктери бар категорияга кирген жарандар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар имаратка көтөрүлө албаса, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү эске алганда документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 10 мүнөт. Акыркы жыйынтыкты даярдоого чектелген убакыт - 1 иш күн. Кезек күтүүнү эске алганда кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт - 10 мүнөт. Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүүнүн чектүү убактысы дароо - суроо-талап жиберүү мезгилинде |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Кызмат алуучуга көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты: tsvs.gov.kg; - мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы: portal.tunduk.kg; - ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнөн, керектөөчү (анын расмий ыйгарым укуктуу өкүлү) жеке кайрылган учурда; - оозеки (ыйгарым укуктуу органдын Байланышуу борборунун телефону боюнча жеке кайрылганда (Call-борбору). Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат менен кызмат көрсөтүүчү мекемелерде жайгаштырылган маалыматтык такталардан, буклеттерден жана брошюралардан таанышса болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат тууралуу маалымат таркатуунун жолдору | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты: tsvs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg; - жеке кайрылганда жана Call-борборунун телефондору боюнча; - маалымат такталары, буклеттер, брошюралар. Аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын дареги жана иштөө режими Агенттиктин расмий сайтында жайгаштырылат: tsvs.gov.kg |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Ыйгарым укуктуу органда жана анын аймактык бөлүмдөрүндө маалымат табличкалары илинет. Келүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкаларынын (бейджилеринин) болушу зарыл. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү берет: 1) жеке жактар тарабынан: - арыз; - "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта); - эгерде арыз берүүчү болуп ишеним өкүлү кайрылса – нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат; - белгиленген жыйымдар төлөнгөндүгү жөнүндө квитанциялар. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. 2) юридикалык жактар тарабынан: - кат; - белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (төлөм тапшырмасы). Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү тарабынан аткарылуучу иш-аракеттердин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүлүүчү жерлердеги маалымат такталарына, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык- тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта көрсөтүү | Кызмат электрондук форматта portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу "суроо талап - жооп" режиминде көрсөтүлөт. Транспорт каражаты боюнча көчүрмөнү басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Кызматты алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл: 1. portal.tunduk.kg сайтына кирүү. 2. "Carcheck" деген жазууну басуу. 3. суроо-талапты түзүү үчүн транспорт каражатынын мамлекеттик каттоочу номер белгисин боштуксуз киргизүү зарыл, мисалы: 01KG555BRQ. 4. киргизилген суроо-талап электрондук сервистин маалыматтык системасы аркылуу иштелип чыгып, Реестрде маалымат болгон учурда маалыматтык система транспорт каражаты жөнүндө төмөнкү маалыматтарды берет: - транспорт каражатынын суроо-талапта көрсөтүлгөн мамлекеттик номердик белгиси; - транспорт каражатынын маркасы; - транспорт каражатынын модели; - транспорт каражатынын түсү; - транспорт каражатынын чыккан жылы; транспорт каражатынын кыймылдаткычынын көлөмү; - транспорт каражатынын рулунун жайгашуусу; - транспорт каражатынын камакта/күрөөдө (камактын/күрөөнүн болушу жана саны) болгондугу жөнүндө маалыматтар; - транспорт каражаты тарабынан жасалган эреже бузуулар үчүн айып пулдар жөнүндө маалыматтар (айыптардын болушу жана саны); - транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүртөөгө уруксатты каттоо жөнүндө маалыматтар, колдонуу мөөнөтүн көрсөтүү менен; - белгилүү бир мезгил ичинде транспорт каражатынын ээси/ээлери жөнүндө маалымат (ээлеринин саны); - транспорт каражаты өткөн жолду одометрде чагылдырган маалыматтар (пробег); - транспорт каражатынын фотосүрөтү (эгер болсо); - өзгөчө белгилер. Ошондой эле электрондук форматта кызмат көрсөтүүлөрдү "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы, ошондой эле мобилдик тиркемелер аркылуу алууга болот 2. Онлайн интерактивдүүлүктүн стадиясы - 4 Учурдагы веб-баракчанын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү электрондук кызматты алуунун бүткүл циклин электрондук жол менен, анын ичинде салыктарды жана жыйымдарды portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук төлөөнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. |
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуунун негизи | Ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер берилбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөндөн керектөөчү кызмат көрсөтүү алынган органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда, алуучу белгиленген тартипте жогоруда турган органга кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жооп жибериле турган почталык дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу. Керектөөчү portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталында электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик системасы аркылуу электрондук форматтагы даттануу менен кайрылууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |