Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-ж. ___ _________ №___ буйругуна 6-тиркеме |
Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү «Транспорт каражаттарын
ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү коюу (камакка алуу, күрөөгө коюу)» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн
стандарттары
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 82-пункту)
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Транспорт каражаттарын ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү коюу (камакка алуу, күрөөгө коюу) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 82-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы | Автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары - транспорт каражаттары) каттоо, кайра каттоо, квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүү, транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарынын (автомектептердин) ишин лицензиялоо, транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин жасоо жана мамлекеттик каттоочу цифралардын же/жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин, ошондой эле автотранспорт каражаттарынын ысымдуу номердик белгилерин сатуу чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган, аймактык каттоо бөлүмдөрүн/секторлорун кошкондо. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү | Колдорунда соттордун, бажы органдарынын чечимдери (шарттуу түрдө чыгаруу), нотариалдык кеңселердин, финансы-банктык мекемелердин билдирмелери бар транспорт каражаттарынын менчик ээлери болуп эсептелген, менчигинин түрүнө жана жарандыгына карабастан юридикалык жана жеке жактар же укуктары нотариалдык күбөлөндүрүлгөн алардын мыйзамдуу өкүлдөрү жана ишенимдүү адамдары |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси; - Кыргыз Республикасынын «Күрөө жөнүндө» Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси; - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 «Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө» токтому; - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтому |
5 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси, Жарандык процесстик кодекси жана жарандык мыйзамдарына ылайык, ошондой эле банктык жана күрөөлөр боюнча башка уюмдардын сунуштамалары боюнча транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга карата тыюу салуулар жана чектөөлөр жөнүндө маалыматтарды (коюу же алып салуу жөнүндө) электрондук маалыматтар базасына киргизүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн шарттары | Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта; - жандуу кезек күтүү/электрондук кезек принциби боюнча (электрондук кезек күтүү системасы киргизилген жерлерде). Бардык жарандар үчүн имаратты жана санитардык-гигиеналык жайларды тоскоолсуз пайдалануу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат, анын ичинде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн да пандустар, кармагычтар менен (имараттар, жайлар) жабдылышы зарыл. Имараттар күтүү жайларына, дааратканаларга (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо - сырттагы), жылытууга, суу түтүгүнө, телефонго ээ болот. Жарандардын жеңилдиктер берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде аларда көтөрүлүп чыгууга мүмкүнчүлүк болбосо, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Кызмат көрсөтүлүүчү жерде келген адамдардын ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүсү жайгаштырылат. Жайлар өрткө каршы коопсуздук системалар менен жабдылышы керек. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүүнү эске алганда документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 15 мүнөт. Акыркы жыйынтыкты даярдоого чектелген убакыт – 30 мүнөт. Кезек күтүүнү эске алганда кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын берүүгө чектелген убакыт - 5 мүнөт. Убакыт транспорт каражатынын 1 бирдиги үчүн көрсөтүлдү |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү | ||
8 | Кызмат алуучуга көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы: portal.tunduk.kg; - ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнөн, керектөөчү (анын расмий ыйгарым укуктуу өкүлдөрү) жеке кайрылган учурда. Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат менен кызмат көрсөтүүчү мекемелерде жайгаштырылган маалыматтык такталардан, буклеттерден жана брошюралардан таанышса болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Кызмат тууралуу маалымат таркатуунун жолдору | Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу органдын расмий веб-сайты: tsvs.gov.kg; - электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg; - жеке кайрылганда жана Агенттиктин телефондору боюнча; - маалымат такталары. Аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын дареги жана иштөө режими Агенттиктин расмий сайтында жайгаштырылат: tsvs.gov.kg |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Аймактык каттоо бөлүмдөрүндө маалымат табличкалары илинет. Келүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкаларынын (бейджилеринин) болушу зарыл. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн. |
12 | Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси | Автотранспорт каражаттарына жана алардын чиркегичтерине ээлик кылууга чектөөлөрдү коюу үчүн (камоого алууга, күрөөгө коюу) жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөрдү беришет: - автотранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин менчик ээлери болуп саналган жеке адамдардын же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, укугу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишенимдүү адамдарынын арызы; - күрөө келишимин күбөлөндүргөн банктык мекемелердин, кредиттик-финансылык уюмдардын, нотариустардын билдирмелери, ошондой эле күрөөлөрдү каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын маалымдамасы; - транспорт каражатына ээлик кылууга чектөө коюу же алып салуу жөнүндө сот органдарынын, бажы органдарынын, укук коргоо органдарынын актылары; - юридикалык жактын өкүлүнө берген ишеним каты жана анын ким экендигин ырастоочу документ. Күрөөнү каттоо кеңселери, банктар жана микрокредиттик компаниялар күрөөнү тастыктоочу документти (күрөө жөнүндө келишимди) кошумча беришет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүүчүсү электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз ээси жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүлгөн жерлердеги маалыматтык такталарда жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында: tsvs.gov.kg жайгаштырылат жана өз убагында жаңыртылып турат |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат көрсөтүү бекер |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат: - кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү; - жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоо |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарына түздөн-түз кайрылганда кызмат көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүү электрондук форматта берилиши мүмкүн. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу (portal.tunduk.kg) транспорт каражатына чектөөлөрдүн болушун кароо жана маалымкатты басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Кызмат көрсөтүү жол-жоболорун баштоо үчүн зарыл болгон маалыматтар жалпыга жеткиликтүү веб-баракта жайгаштырылган (онлайн интерактивдүүлүк баскычы - 1) |
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуунун негизи | Ушул стандарттын 3-пунктунун талаптарына шайкеш келбеген жана 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат |
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү талаптагыдай берилбегенде керектөөчү кызмат көрсөткөн органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, керектөөчү белгиленген тартипте жогоруда турган органга кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алган адамдын атынан анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан даттануу берилиши мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, арыз ээсинин аты-жөнүн, жооп жибериле турган почта дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо "Административдик иштин жана административдик жол-жоболордун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда, арыз ээси чечимге сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек |