Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 8-сентябры ПЖ № 227
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 244 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин аппараттарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруунун, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 11-бөлүгүн, 71-беренесин жетекчиликке алып, "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына (2023-жылдын 3-мартындагы № 43 редакциясында) ылайык келтирүү максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 244 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин аппараттарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруунун, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Жарлыктын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу";
2) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруунун, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.";
3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин аппараттарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруунун, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жободо:
- Жобонун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруунун, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө жобо";
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бул жобо "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык чендерди ыйгаруунун, сактоонун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартибин аныктайт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"11. Сот системасынын органдарына Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары - Конституциялык сот), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот), Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун (мындан ары - жергиликтүү соттор) аппараттары, ошондой эле Жогорку соттун ведомстволук мекемелери жана органдары жана алардын аймактык бөлүмдөрү кирет.";
- 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Атайын класстык чен - бул сот системасынын органдарынын ар бир мамлекеттик жарандык кызматчысына иш стажына, билимине жана ээлеген кызматына ылайык жекече ыйгарылуучу атайын наам.";
- 3-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык ченди ыйгаруу иш стажына, жогорку юридикалык билиминин болушуна ылайык ырааттуу тартипте жүргүзүлөт.";
- 4-пунктчада "1" деген цифра алып салынсын;
- 4-пункттун бешинчи абзацында "1" деген цифра алып салынсын;
- 6-пункттун 1-4-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Конституциялык соттун жана Жогорку соттун аппараттарына - Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагалары тарабынан тиешелүү түрдө аппарат жетекчилеринин сунушу боюнча;
2) жергиликтүү соттордун аппараттарына - Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын жетекчилери тарабынан тиешелүү түрдө жергиликтүү соттордун төрагаларынын сунушу боюнча;
3) Жогорку соттун ведомстволук органдарынын борбордук аппараттарына жана облустук башкармалыктарынын жетекчилерине - ведомстволук органдардын жетекчилери тарабынан орун басарларынын биринин сунушу боюнча;
4) ведомстволук органдардын облустук башкармалыктарынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн - ведомстволук органдардын жетекчилери тарабынан облустук башкармалыктардын жетекчилеринин сунушу боюнча.";
- 8-пунктта:
биринчи абзацта "3, 2 жана 1" деген сөздөр "3 жана 2" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Жогорку соттун аппарат жетекчисине жана анын орун басарына, Жогорку соттун ведомстволук органдарынын жетекчилерине жана алардын орун басарларына - Жогорку соттун төрагасынын сунушу боюнча.";
мамлекеттик тилдеги тексттин биринчи абзацында "жарандын" деген сөз "жарандык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 9-пункттун биринчи абзацында "3, 2 жана 1" деген сөздөр "3 жана 2" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Атайын класстык чендер боюнча комиссия тарабынан сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына ага мурда ыйгарылган атайын класстык ченди калтыруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда кайра кароо аталган чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жылдан эрте эмес жүргүзүлөт.";
- 14-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына ыйгарылган атайын класстык чен мамлекеттик жарандык кызматчыга административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордунан бошотулганда жана мамлекеттик жарандык кызматтан кеткенде (анын ичинде пенсияга чыккандыгына байланыштуу) "отставкада" деп көрсөтүү менен, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызматка кирүүдө сакталат.";
- 15-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчысына атайын класстык чен төмөнкү учурларда ыйгарылбайт:";
- 16-18-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына атайын класстык ченди ыйгаруу жөнүндө маселени кароо жана тиешелүү корутунду берүү үчүн атайын класстык чендер боюнча тиешелүү комиссиялар түзүлөт.
17. Сот системасынын органдарында атайын класстык чендер боюнча комиссиялар 5 адамдан түзүлөт. Комиссиялардын курамы тиешелүү түрдө Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагалары, Жогорку соттун ведомстволук органдарынын, облустук башкармалыктарынын жетекчилери тарабынан бекитилет.
18. Конституциялык сотто жана Жогорку сотто атайын класстык чендер боюнча комиссияларды белгиленген соттордун төрагаларынын орун басарлары, Жогорку соттун ведомстволук органдарында - жетекчинин орун басарларынын бири, облустук башкармалыктарда - тиешелүү облустук башкармалыктарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин бири жетектейт.";
- 19-пункттун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Комиссиянын жыйналыштарынын жыйынтыгы боюнча корутунду түзүлөт, ал мамлекеттик жарандык кызматчыларга атайын класстык чендерди ыйгаруу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алуу үчүн Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларына, Жогорку соттун ведомстволук органдарынын, облустук башкармалыктарынын жетекчилерине берилет.";
- 20-пунктта "Сот департаментинин директору тарабынан" деген сөздөр "Жогорку соттун ведомстволук органдарынын жетекчилери тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 21-пунктта "3, 2 жана 1" деген сөздөр "3 жана 2" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 22-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчысы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген учурларда кылмыш жасагандыгы үчүн соттун чечими боюнча атайын класстык ченден ажыратылат.";
- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Атайын класстык ченди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө маалыматтар сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын эмгек китепчесине жана өздүк ишине жазылат.
Атайын класстык чен сот системасынын органдарынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын кызматтык күбөлүгүндө көрсөтүлөт, ал эми юстициянын мамлекеттик кеңешчиси атайын класстык чени ыйгарылганда тиешелүү күбөлүк берилет.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 73 (3522) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |