Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 3-марты ПЖ № 43
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Президентинин 2024-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 187 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мамлекеттик жарандык кызматчыларга, муниципалдык кызматчыларга жана башка адамдарга класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө";
2) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби 4-тиркемеге ылайык.";
3) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 5-пункттагы "Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө" деген сөздөр "Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын;
6) (КР Президентинин 2024-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 187 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
7) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия тууралуу жободо:
- 5, 6-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин дарегине келген жогорку класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу сунуштарын карайт;
- берилген материалдардын белгиленген талаптарга ылайыктыгын/ылайык эместигин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентине жогорку класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу маселелери боюнча сунуштарды киргизет.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Комиссия жогорку атайын класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу сунуштарын карайт.
Комиссиянын чечими анын жыйналышынын протоколу менен таризделет.
6. Комиссиянын ишин Комиссиянын катчылыгы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү камсыз кылат.
Ошол эле учурда сунуштар Комиссиянын кароосуна киргизилгенге чейин келип түшкөн материалдарга белгиленген талаптарга ылайыктыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмүнүн укуктук корутундусу даярдалат.";
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмасы боюнча Комиссиянын чечими сурамжылоо жолу менен кабыл алынат.".
(КР Президентинин 2024-жылдын 12-июлундагы ПЖ № 187 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу тартибин аныктайт.
Ушул Тартиптин күчү саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга (мындан ары - кызмат адамдары) жайылтылат.
2. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга төмөнкү класстык чендер ыйгарылат:
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
- мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга төмөнкү класстык чендер ыйгарылат:
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси;
- муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
3. Класстык чендердин улуктугу ушул Тартиптин 2-пунктуна ылайык аларды санап чыгуунун ырааттуулугу боюнча аныкталат.
4. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:
- улук класстык чендер мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
- жогорку класстык чендер мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчисин кошо алганда.
Улук жана жогорку класстык чендер саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык ыйгарылат.
5. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери төмөнкүдөй бөлүнөт:
- улук класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчисин кошо алганда;
- жогорку класстык чендер - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинен тартып муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчисин кошо алганда.
Улук жана жогорку класстык чендер саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык ыйгарылат.
6. Класстык чендер ээлеген кызмат ордуна ылайык ырааттуулукту сактоо менен жогорку билими жана жалпысынан мамлекеттик кызматта жана/же муниципалдык кызматта иш стажы бар болсо, жеке ыйгарылат:
- класстык чендердин улук тобу үчүн 3 жылдан кем эмес;
- класстык чендердин жогорку тобу үчүн 5 жылдан кем эмес.
7. Класстык ченди ыйгаруу, сактоо, төмөндөтүү жана ажыратуу менен байланышкан бардык талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет.
8. Класстык ченди ыйгаруу жөнүндө маалыматтар кызмат адамынын эмгек китепчесинде, кызматтык күбөлүгүндө көрсөтүлөт. Мамлекеттик жарандык кызматтын мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчиси класстык чендери ыйгарылган учурда - тиешелүү күбөлүк берилет.
9. Класстык ченди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө чечимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кызмат адамынын өздүк ишине тиркелет.
2. Класстык чендерди ыйгаруу тартиби
10. Класстык чен биринчи же кезектеги болушу мүмкүн.
Биринчи класстык чен класстык чендердин тиешелүү тобунда класстык чени жок кызмат адамына ыйгарылышы мүмкүн. Мында ушул Тартиптин 22-пунктуна ылайык мурдагы иштеген жеринде кызматчыга ыйгарылган атайын класстык чени, аскердик же атайын наамы эске алынат.
11. Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары үчүн биринчи класстык чендер (класстык чендердин тобуна жараша) болуп төмөнкүлөр саналат:
1) класстык чендердин улук тобунун алкагында - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
2) класстык чендердин жогорку тобунун алкагында - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
12. Саясий муниципалдык кызмат орундары үчүн биринчи класстык чендер (класстык чендердин тобуна жараша) болуп төмөнкүлөр саналат:
1) класстык чендердин улук тобунун алкагында - муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси;
2) класстык чендердин жогорку тобунун алкагында - муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси.
13. Биринчи класстык чен ушул Тартиптин 6-пунктунда белгиленген талаптарды эске алуу менен адам аталган саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна же саясий муниципалдык кызмат ордуна дайындалгандан кийин бир жылдан эрте эмес ыйгарылышы мүмкүн.
Эгерде адам бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде башка саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна же саясий муниципалдык кызмат ордуна дайындалса, анда биринчи класстык ченди ыйгаруу үчүн мөөнөт мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында аталган кызмат орундарында үзгүлтүксүз иштеген жалпы бардык мезгили боюнча эсептелет.
14. Кезектеги класстык чен кызмат адамынын мурдагы класстык ченде 3 жылдан кем эмес болгон шартта ыйгарылышы мүмкүн.
Класстык ченди ыйгаруунун кезектүүлүгү класстык чендердин тобунун чегинде сакталат.
Ыйгарылган класстык ченде болуу мөөнөтү класстык чен ыйгарылган күндөн тартып эсептелет. Бул мөөнөткө мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарын ээлеген мезгил гана кирет.
Кызмат адамынын бала багуу боюнча өргүүдө, узактыгы 14 календардык күндөн ашык болгон эмгек акысы сакталбаган өргүүдө (анын ичинде окуу өргүүлөрү) болуу мезгили көрсөтүлгөн мөөнөткө кирбейт.
15. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендерин ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине карата - сунушсуз;
2) атайын статусу бар мамлекеттик органдардын жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында болгон мамлекеттик органдардын, башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана кызмат адамдарына карата - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин сунушу боюнча;
3) атайын статусу бар мамлекеттик органдарда (мамлекеттик органдын жетекчисин кошпогондо) - тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча;
4) бийликтин мыйзам чыгаруу органдарында - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын сунушу боюнча;
5) бийликтин аткаруу органдарында - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында - мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жетекчисинин сунушу боюнча.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызмат адамдарын кошпогондо, 2 жана 5-пунктчаларда белгиленген учурларда мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү сунуштун долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилет.
16. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендерин ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына төмөнкүдөй документтер киргизилет:
1) сунуштама;
2) кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
3) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык маалымкат-объективка;
4) ушул Тартиптин 21-пунктунда белгиленген маалыматтарды көрсөтүү менен маалымкат;
5) паспорттун көчүрмөсү;
6) нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
7) нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө дипломдорунун көчүрмөлөрү;
8) сунушталган талапкерге биргелешкен иши боюнча аны билген кызматкерлердин 3төн кем эмес пикири;
9) кызыл фондо жана жылтырабаган кагазда 4x6 сүрөт (2 даана).
17. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууга материалдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын жогорку класстык чендерин ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан каралат.
18. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгаруу төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин сунушу боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчиси тарабынан - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин сунушу боюнча;
3) саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан:
- Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - акимин жана анын орун басарын Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн (мындан ары - ыйгарым укуктуу өкүл) сунушу боюнча;
- мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарын (дайындоо жана бошотуу Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылган кызмат орундары) мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча.
Мында мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууга сунуштама ушул Тартипте белгиленген талаптарга ылайык мамлекеттик органдын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча киргизилет.
19. Муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгаруу ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
Мында муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгарууга сунуштама ушул Тартипте белгиленген талаптарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадр маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча киргизилет.
20. Ушул Тартиптин 18-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлеген адамдарга мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси, ошондой эле муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендерин ыйгаруу үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй документтер киргизилет:
1) сунуштама;
2) кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
3) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык маалымкат-объективка;
4) ушул Тартиптин 21-пунктунда белгиленген маалыматтарды көрсөтүү менен маалымкат;
5) паспорттун көчүрмөсү;
6) нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
7) нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө дипломдорунун көчүрмөлөрү;
8) кызыл фондо жана жылтырабаган кагазда 4x6 сүрөт (2 даана);
9) класстык чени бар болсо, мурда ыйгарылган класстык чени жөнүндө документ (нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн буйруктун көчүрмөсү).
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кошумча документтерди жана материалдарды суратууга жана алууга укуктуу.
21. Класстык чен тартип жазасы колдонулган мезгилде, ошондой эле кызматтык териштирүү жүргүзүлүп жаткан же кылмыш-жаза иши козголгон кызмат адамдарына ыйгарылбайт.
3. Класстык ченди сактоо тартиби
22. Муниципалдык кызматтын класстык чени бар кызмат адамдарына алар саясий мамлекеттик кызмат ордуна, атайын мамлекеттик кызмат ордуна дайындалгандан кийин муниципалдык кызматтын класстык ченине ылайык келген мамлекеттик жарандык кызматтын класстык чени ыйгарылышы мүмкүн.
Мамлекеттик жарандык кызматтын класстык чени бар кызмат адамдарына алар саясий муниципалдык кызмат ордуна дайындалгандан кийин мамлекеттик жарандык кызматтын класстык ченине ылайык келген муниципалдык кызматтын класстык чени ыйгарылышы мүмкүн.
Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери бар кызмат адамдарына бул аскердик же атайын наамына, атайын класстык ченине ылайык келген класстык чен ыйгарылышы мүмкүн.
Класстык ченди теңдештирүү (ыйгаруу) тартиби ушул Тартиптин 2-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылат.
Ушул пунктта белгиленген учурларда класстык чендер ушул Тартиптин 13-пунктунда каралган мөөнөт сакталбастан ыйгарылышы мүмкүн.
Ушул пункт ушул Тартиптин 4-5-пункттарында белгиленген талаптарды эске алуу менен колдонулат.
23. Кызмат адамдары аларга ыйгарылган класстык ченде өмүр бою калат жана ушул Тартиптин 27-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча гана класстык ченден ажыратылышы мүмкүн.
4. Класстык ченден ажыратуу, төмөндөтүү тартиби
24. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендеринен ажыратуу, төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине карата - сунушсуз;
2) атайын статусу бар мамлекеттик органдардын жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында болгон мамлекеттик органдардын, башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана кызмат адамдарына карата - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин сунушу боюнча;
3) атайын статусу бар мамлекеттик органдарда (мамлекеттик органдын жетекчисин кошпогондо) - тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча;
4) бийликтин мыйзам чыгаруу органдарында - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын сунушу боюнча;
5) бийликтин аткаруу органдарында - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча.
25. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси класстык чендеринен ажыратууга жана төмөндөтүүгө материалдарды Комиссия карайт.
26. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендеринен ажыратуу, төмөндөтүү төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин сунушу боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин сунушу боюнча;
3) саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан:
- Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - акимин жана анын орун басарын Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча;
- мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарын (дайындоо жана бошотуу Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылган кызмат орундары) мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча.
Муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси класстык чендеринен ажыратуу, төмөндөтүү ыйгарым укуктуу өкүлдүн сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.
27. Кызмат адамы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында белгиленген учурларда кылмыш жасагандыгы үчүн соттун чечими боюнча класстык ченден ажыратылышы мүмкүн.
Кызмат адамы, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, класстык ченден Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугуна байланыштуу да ажыратылат.
|
| Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу тартибинин 1-тиркемеси |
Улук жана жогорку класстык чендерди ыйгаруу каралган саясий мамлекеттик кызмат орундарынын, атайын мамлекеттик кызмат орундарынын, саясий муниципалдык кызмат орундарынын ТИЗМЕГИ
Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси |
Президент |
Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстан 1-класска чейинки мамлекеттик кеңешчиси |
Жогорку Кеңештин Төрагасы - Жогорку Кеңештин депутаты Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси |
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстан 2-класска чейинки мамлекеттик кеңешчиси |
Мамлекеттик катчы Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары - Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин депутаты Коопсуздук кеңешинин катчысы, Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Министрлер Кабинетинин мүчөсү (министр, мамлекеттик комитеттин төрагасы) Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчиси, Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысы, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчиси, Президенттин Администрациясынын борборунун директору, Президенттин басма сөз-катчысы, Президенттин кеңешчиси, Президенттин жардамчысы, Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы, Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин орун басары |
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси |
Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары - бөлүм башчысы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги, Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Президенттин Администрациясынын өз алдынча бөлүмүнүн башчысынын орун басары - сектордун башчысы, Президенттин атайын өкүлү, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, Министрлер Кабинетинин атайын өкүлү, Президенттин Администрациясынын кызматынын жетекчисинин орун басары, Президенттин Администрациясынын борборунун директорунун орун басары, Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысы (башкармалыктын курамында), Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмүнүн башчысы Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары (башкармалыктын курамында), Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальнигинин орун басары - сектор башчысы, Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары - сектор башчысы (башкармалыктын курамында), Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары, Министрлер Кабинетинин атайын өкүлүнүн орун басары, Президенттин Администрациясынын өз алдынча секторунун башчысы, Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Президенттин Администрациясынын секторунун башчысы (башкармалыктын, бөлүмдүн, катчылыктын курамында), Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы - сектордун башчысы, Жогорку Кеңештин Аппаратынын секторунун башчысы |
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы, Эсептөө палатасынын төрагасы, Акыйкатчы (Омбудсмен), Президенттин иш башкаруучусу |
Президентке караштуу (Президенттин түздөн-түз карамагындагы) мамлекеттик органдын жетекчиси, Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчиси, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчиси |
Министрдин орун басары, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары, Президентке караштуу (Президенттин түздөн-түз карамагындагы) мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары, Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисинин орун басары, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин орун басары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары, Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары, Президенттин иш башкаруучусунун орун басары, Эсептөө палатасынын аудитору Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси (дайындоо жана бошотуу Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылган кызмат орундары) Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстан 1-класска чейинки кеңешчиси |
Президенттин Администрациясынын башкы эксперти, Президенттин Администрациясынын мамлекеттик инспектору Президенттин Администрациясынын инспектору, Президенттин Администрациясынын эксперти, Президенттин Администрациясынын спичрайтери, Жогорку Кеңештин Аппаратынын эксперти, Жогорку Кеңештин Аппаратынын улук консультанты, Жогорку Кеңештин Аппаратынын консультанты Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (дайындоо жана бошотуу Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылган кызмат орундары) |
Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары |
Муниципалдык кызматтын 3-класстан 1-класска чейинки муниципалдык кеңешчиси |
Республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы, төрагасынын орун басары |
Муниципалдык кызматтын 3-класстан 1-класска чейинки кеңешчиси |
Калкынын саны 20001 адам жана андан жогору болгон шаардын, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси, шаардын жана айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы |
|
| Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана ажыратуу тартибинин 2-тиркемеси |
МААЛЫМКАТ-ОБЪЕКТИВКА ________________________________________________ (аты-жөнү)
Туулган күнү, айы жана жылы |
| Сүрөт |
Туулган жери |
| |
Улуту |
| |
Жарандыгы |
| |
Билими |
| |
Окууну аяктаган (качан, кайсы) |
| |
Адистиги |
| |
Окумуштуулук даражасы, окумуштуулук наамы |
| |
Класстык чени, наамы |
| |
Тилдерди билүүсү |
| |
Мамлекеттик сыйлыктары барбы (кандай сыйлыктар)? | Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаты болуп саналабы? | |
ЭМГЕК ИШМЕРДИГИ
Күнү, айы, жылы | Күнү, айы, жылы | Министрликтин, ведомствонун, мекеменин, уюмдун, ишкананын аталышы | Ээлеген кызмат орду |
|
|
|
|
Эскертүү: эмгек ишмердигинин мезгилдери жумушчунун эмгек китепчесиндеги жазууларга ылайык келүүгө тийиш.".