Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 30-декабры № 7-д
Дүйнөлүк почта уюмунун Эл аралык бюросуна мүчө өлкөлөрдүн
Кыргыз Республикасынын аймагында дайындалган почта байланыш
операторлору үчүн чет өлкөдөгү алмашуу жерлери (ЧӨАЖ) жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобонун 1, 4, 8, 10, 12-пункттарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 18-пунктун жетекчиликке алуу менен, почта байланышы жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укугунда буйрук кылам:
1. Дүйнөлүк почта уюмунун Эл аралык бюросуна мүчө өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасынын аймагында дайындалган почта байланыш операторлору үчүн чет өлкөдөгү алмашуу жерлери (ЧӨАЖ) жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Электр жана почта байланышын өнүктүрүү башкармалыгы үч иш күндүн ичинде:
ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
расмий жарыяланган күндөн тартып ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
буйрук күчүнө кирген күндөн тартып анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул буйрук Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтына жарыяланган учурдан тартып 10 иш күндөн кийин күчүнө кирет.
2024-жылдын 31-декабрында https://digital.gov.kg/ расмий сайтында жарыяланды
Министр | Н.А. Кутнаева |