Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 21-январы ПЖ № 9
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин сыпаттамаларын бекитүү жөнүндө
(КР Президентинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги ПЖ № 140 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын жана ардак наамдарынын белгилеринин сыпаттамалары тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Президентинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги ПЖ № 140 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 164 "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы № 353 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 164 "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-майындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 27-ноябрындагы № 164 "Ак Шумкар" өзгөчө белгисинин, ордендердин, медалдардын, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарына жана Ардак грамотасына төш белгилердин сүрөттөлүштөрүн бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 24-январындагы № 5 (3661) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |