ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 698 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350»Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу«токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 19-ноябры № 698

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын

29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын

персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик

реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында

колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана

атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу"

токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу жөнүндө документти мамлекеттик маанидеги документ катары таануу максатында, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын (базалык) тизмесинде:

- "Документтердин жана бланктардын тизмеси" графасынын 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Философия докторунун (PhD)/тармак боюнча доктордун диплому".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 90 (3644) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров