ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 775 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258»Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция20.12.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 20-декабры № 775

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын

27-апрелиндеги № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек

шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү

белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек

шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар,

зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы

жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар)

бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Плотиналардын жана суу сактагычтардын кызматкерлеринин укуктарын талаптагыдай коргоону камсыз кылуу, коопсуз жана татыктуу эмгек шарттарын түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164, 224-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегинде (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар):

- 33-главанын 1-параграфы төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:

"121. Ирригациялык суу сактагычтардын плотиналарынын курулмасындагы жана/же мунарасындагы жумуштар.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 99 (3654) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев