Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 18-февралы № 85-т
2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну, 2024-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) (мындан ары - Инвестор) ортосундагы Кыргыз Республикасында Торугарт - Жалал-Абад темир жолун долбоорлоо, куруу, каржылоо, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча (мындан ары - Долбоор) инвестициялык макулдашууну (мындан ары - Инвестициялык макулдашуу) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Инвестициялык макулдашууну аткаруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Инвестор же "Чайна Рэйлвей Интернэшнл" ЖЧКнын Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан алдын ала берилген өтүнүчтөрдүн негизинде Долбоорду ишке ашырууга тартылган чет өлкөлүк жарандарга эмгек визаларын жана алардын багуусундагы адамдарга тиешелүү категориядагы визаларды (суроо-талап боюнча) консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражат албастан тариздесин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Инвестициялык мезгилдин ичинде Инвестордун же "Чайна Рэйлвей Интернэшнл" ЖЧКнын Кыргыз Республикасындагы филиалынын өтүнүчү боюнча Долбоорду ишке ашырууга тартылган чет өлкөлүк жарандардын эмгек ишин жүргүзүүсүнүн тартиби жөнүндө корутундуну тиешелүү төлөмдөрдү албастан ыкчам тартипте берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргыз темир жолу" УК" МИ) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте:
- консультанттарды жана эксперттерди тартуу менен социалдык таасирди баалоону даярдоо жана Көчүрүү боюнча иш-аракеттер планын түзүү боюнча иштерди жүргүзсүн;
- жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Көчүрүү боюнча иш-аракеттер планын андан ары макулдашуу жана аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү чечиминин долбоорун иштеп чыксын;
- жер участокторунун даяр болушуна жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Инвестициялык макулдашуу колдонулган мезгилде жана акысыз негизде Инвесторго Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жерди мөөнөтүү (убактылуу) пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүнү караган чечимдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Инвестициялык макулдашууга ылайык:
- Долбоор үчүн Инвестордун суроо-талабы боюнча темир жолду Кыргыз Республикасындагы колдонуудагы жалпы пайдалануудагы жол тармагына кошууну камсыз кылуу үчүн жалпы пайдалануудагы жолдордун бөлүгүн түзө турган туруктуу кошулуучу жолдорду долбоорлосун, курсун жана тейлесин;
- "Кыргыз темир жолу" УК" МИ менен биргеликте бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 92 токтому менен бекитилген Темир жол транспортунун кызматтарын пайдаланууну тарифтик саясаттын негиздерин камтуу менен жөнгө салуу тартибине Инвестордун республикалык ички каттамда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга тарифтерди бекитилген тарифтин жыйырма (20%) пайызына чейинки диапазондогу бардык баа боюнча аныктоо же белгилөө укугун белгилөө бөлүгүндө тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте бир айлык мөөнөттө Инвестордун уюштуруучуларынын бири катары анын кредиттик милдеттенмелери боюнча кепил болуп чыгуучу "Кыргыз темир жолу" УК" МИ үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун кепилдигин берүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтому менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте кароого киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Инвесторго мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө бөлүнгөн радио жыштык диапазонун берсин.
8. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Долбоорду куруу, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө мезгилинде зарыл болгон техникалык документтерди ыкчам берсин, ошондой эле электр энергиясынын жана кубаттуулуктун суралган санын электр тармактарына берүүнү камсыз кылсын, ошондой эле Инвестор курган туруктуу туташтыруу объекттерине электр берүү линияларын тартууну аткарсын.
9. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги темир жол линияларынын курулушунун боюнда, станцияларда жана поезддерде коомдук тартипти камсыз кылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Долбоорду ишке ашыруунун алкагында тартылган адистерди (персоналды), транспорт каражаттарын, курулуш материалдарын жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына Инвестор же "Чайна Рэйлвей Интернэшнл" ЖЧКнын Кыргыз Республикасындагы филиалы тарабынан алдын ала берилген адистердин, транспорт каражаттарынын, курулуш материалдарынын жана жабдуулардын тизмелери боюнча жана ким экендигин күбөлөндүрүүчү жарактуу документтер боюнча чек ара тилкесине жана чек ара аймагына өткөрүүнү жана анда болуусун контролдоону камсыз кылсын.
11. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
- эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык бирлигинин актыларына жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык Долбоорду ишке ашыруунун алкагында ташылып келүүчү товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жасоо үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотуу менен артыкчылыктуу тартипте Долбоорду ишке ашыруунун алкагында ташылып келүүчү товарларды өткөрүүнү камсыз кылсын;
- зарыл болгон учурда жана Инвестордун суроо-талабы боюнча ташылып келүүчү ири габариттүү жүктөрдү, жабдууларды жана материалдарды "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол маршруту өтүүчү жерлердеги мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынан тышкары чек ара жана бажы контролун камсыз кылуу менен алып өтүүнү камсыз кылсын;
- Долбоорду ишке ашырууга тартылган персоналдын кирүүсү жана чыгуусу үчүн атайын өткөрүү пунктун берсин;
- жабдууларды жана материалдарды ташып келүүдө жана ташып чыгууда, ошондой эле персоналдын кирүүсүндө жана чыгуусунда иштөө сааттарын узартсын;
- бул Долбоордун алкагында эл аралык келишимдерге жана Евразия экономикалык бирлигинин актыларына жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген чек ара өткөрүү пункттарында кароо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрсүн;
- Инвестор менен биргеликте Долбоордун курулуш муктаждыктарына ылайык кызмат көрсөтүү башталганга чейин бир жарым жыл мурда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы Торугарт темир жол өтмөгүндө темир жол өткөрүү пунктун ачууну караштырган биргелешкен планды иштеп чыксын.
12. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы Инвестор талап кылган мөөнөттөргө ылайык Долбоорду ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун чектерин бак-дарактардан жана бадалдардан тазалоону жүргүзсүн.
13. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Инвестициялык макулдашууга ылайык бир айлык мөөнөттө экспроприациялоого байланыштуу жоболордон бошотуу боюнча инвестициялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Инвестициялык макулдашууга ылайык Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруучу чет өлкөлүк юридикалык жактарга чек арага чектеш райондордогу жерди пайдалануу укугун берүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодекси белгиленген тартипте жаңы редакцияда кабыл алынгандан кийин үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
15. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- Инвестициялык макулдашууга ылайык бир айлык мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөнү жөнгө салуучу тиешелүү өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюлганга чейин чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн убактылуу бошотууга багытталган механизмдерди иштеп чыксын жана кароого киргизсин;
- Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы социалдык камсыздандыруу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюуну жана күчүнө киришин тездетсин.
16. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемеси:
- чет өлкөлүк жарандарды барган жери боюнча ыкчам тартипте каттоо жүргүзсүн;
- Инвестордун же Кыргыз Республикасындагы "Чайна Рэйлвей Интернэшнл" ЖЧКнын филиалынын алдын ала берилген өтүнүчтөрүнүн негизинде Долбоорду ишке ашырууга тартылган чет өлкөлүк жарандардын паспорту же аларды алмаштыруучу документтери боюнча каттоо жана каттоо мөөнөттөрүн узартуу үчүн эсептик көрсөткүчтүн нөлдүк ставкасын колдонуу каралган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин.
17. Нарын жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер участокторун убактылуу жолдор жана курулуш аянттары катары (лагерлерди, электр станцияларды, темир-бетон курулмаларын, конструкцияларды даярдоочу жерлерди ж.б. жайгаштыруу үчүн) жер фондунун категорияларынан экологиялык ченемдерди сактоо шарты менен тиешелүү категорияга которбостон (трансформациялабастан), андан ары жерлерди рекультивациялоо менен убактылуу пайдаланууга берсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик көрсөтүлгөн жер участокторун убактылуу пайдалануу укугун каттасын жана тиешелүү укук күбөлөндүрүүчү документтерди берсин.
18. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- болгон инженердик коммуникацияларды жана аларга көмөкчү кызматтарды (электр берүү линияларын, газ өткөргүчтөрдү, телефон кабелдерин жана башка инженердик коммуникацияларды ж.б.) Инвестордун талаптарына ылайык Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жер участокторунан жылдырууну же кайра даректөөнү жүзөгө ашырсын;
- Кыргыз Республикасында темир жол коридорун коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр тармагына (улуттук электр тармагын, коомдук суу түтүк тармагын, коомдук телекоммуникациялык системаны кошо алганда, бирок аны менен чектелбестен) туташтырууну камсыз кылуу үчүн инженердик коммуникацияларга туруктуу туташтыруу объекттерин долбоорлосун, курсун, орнотсун, пайдалансын жана тейлесин, ошондой эле темир жол коридорун суу, электр энергиясы, телекоммуникациялык туташтыруу жана Долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр менен туруктуу жабдууну камсыз кылсын;
- бир айлык мөөнөттө Инвестициялык макулдашуудан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин тиешелүү долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин;
- Инвестор Темир жол регламентин сунуштаган учурда ыкчам тартипте аны бекитүү боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- Темир жол үчүн пайдаланылуучу байланыш тармагын Инвестор зарыл деп эсептеген (купуя мүнөзгө ээ болгон, улуттук коргонуу үчүн жана/же улуттук коопсуздукка карата колдонулган байланыш тармактарын кошпогондо) Кыргыз Республикасынын каалаган ички байланыш тармагына туташтырууга макулдук берсин жана Инвестор мындай туташтырууну жеңилдетүү үчүн негиздүү талап кыла ала турган зарыл чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, "Кыргыз темир жолу" УК" МИге жана Инвесторго Долбоорду ишке ашырууда максималдуу ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
19. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Инвестордун уставдык капиталына киргизүү үчүн "Кыргыз темир жолу" УК" МИге жыл сайын тиешелүү финансылык каражаттарды бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
20. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |