Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 89-чуа буйругу менен бекитилди) |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
___________________________________________________
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА АЙЫЛДЫК КАЛКТУУ
КОНУШТАРДЫН АЙМАКТАРЫН ПЛАНДАШТЫРУУ
ЖАНА КУРУУ БОЮНЧА
Планировка и застройка территорий сельских населенных
пунктов в Кыргызской Республике
Planning and development of rural settlements in the Kyrgyz Republic
Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын
пландаштыруу жана куруу боюнча
ЭРЕЖЕЛЕР ТОПТОМУ
жаңыртылган редакция
_________________________
Киргизүү датасы – 2025.__.__
1 Жалпы жоболор
1.1 Ушул “Кыргыз Республикасындагы айылдык калктуу конуштардын аймагын пландаштыруу жана куруу” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдери (мындан ары – Курулуш ченемдери) айылдык калктуу конуштарды, дыйкан (фермердик) чарбаларды пландаштырууга жана курууга коюлуучу талаптарды белгилейт.
1.2. “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы жеке турак жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Дыйкан (фермердик) чарбасы жөнүндө” Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому менен бекитилген “Жер жана агрардык реформа жөнүндө” Жобосу, ошондой эле Архитектура, шаар куруу жана курулуш тармагындагы мыйзам актылары, шаар куруу, курулуш боюнча ченемдер жана эрежелер, стандарттар, нускамалар, көрсөтмөлөр жана шаар куруу тармагына тиешелүү чыгарылып жаткан башка актылар ушул Курулуш ченемдеринин курамдык бөлүгү болуп саналышат жана биргеликте колдонулушат.
1.3 Ушул Курулуш ченемдери айылдык калктуу конуштардын жаңыларын долбоорлоодо жана мурункуларын кайрадан калыбына келтирүүдө, ошондой эле дыйкан (фермердик) чарбалардын аймактарын уюштурууда сакталууга тийиш. Алар менчигинин түрүнө карабастан, айылдык калктуу конуштардын, дыйкан (фермер) чарбаларынын аймагында долбоорлоо, куруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзгөн бардык юридикалык жактар, жеке жактар, уюмдар жана мекемелер, ошондой эле жеке курулушчулар үчүн милдеттүү болуп саналат.
1.4 Ушул курулуш ченемдерин колдоонуда ошол мезгилде колдонулуп жаткан башка ченемдик-техникалык документтерге таянуу керек.
2 Ушул курулуш ченемдеринде пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр.
Бул документте тиешелүү аныктамалары менен төмөнкү терминдер колдонулат:
2.1 архитектуралык документтер (архитектуралык долбоор): Курулуш объектисинин документтерин андан ары иштеп чыгуу үчүн керек боло турган көлөмдө объектиге коюлуучу социалдык, экономикалык, функционалдык, инженердик, техникалык, өрткө каршы, санитардык-техникалык, экологиялык, архитектуралык-көркөм жана башка талаптарды комплекстүү түрдө эсепке алган, архитектуралык чечимдерди камтыган долбоордук документтин бөлүгү;
2.2 шаар куруу корутундулары (ШК): шаар куруу жана архитектура боюнча аймактык органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү укук белгилөөчү документ, долбоордук документтерди макулдашуу менен объекттин негизги шаар куруу жана функционалдык параметрлерин, шарттарын жана талаптарын аныктайт;
2.3 айылдык калктуу конуштардын башкы планы: калктуу конуштардын аймактарынын өнүгүүсүн, келечектүү шаар курууну пландоо жөнүндө шаар куруу документи;
2.4 объектинин башкы планы: объектинин (имараттын, курулманын, комплекстин) курулушунун аймактагы (жер тилкесиндеги) жайгашышын, транспорттук коммуникациялардын, инженердик тарамдардын тартылышын, комплекстүү абаттоону, жашылдандырууну, чарбалык тейлөөнү уюштурууну жана башка долбоорлонуучу объектинин жайгашуу орду менен байланышкан иш чараларды комплекстүү чечүү маселелерин камтыган долбоордун бөлүгү;
2.5 башкы долбоорчу: инвестор же тапшырык берүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде долбоордук документтин айрым бөлүмдөрү боюнча субподрядчыларды жана адистерди тартуу менен долбоордук документти иштеп чыгуучу, долбоордук (долбоордук-изилдөөчү) ишмердиктин түрү боюнча уруксаттамага ээ болгон долбоордук уюм;
2.6 шаардык агломерация: шаар-борбор менен ургаалдуу өндүрүштүк, эмгектик, маданий-тиричилик жана рекреациялык байланыштары аркылуу бир бүтүнгө бириккен калктуу конуштардын (негизинен шаардык) мейкиндиктеги чакан тобу;
2.7 шаардын, кыштактардын чеги, калктуу конуштардын чеги: шаардын жана башка калктуу конуштардын жерлерин жердин башка категорияларынан жана жер фондуларынан бөлүп туруучу сырткы чек арасы;
2.8 мамлекеттик ченемдер (мамлекеттик ченемдик документтер): адамдын жашоо тиричилигин жана башка жашоо шарттарынын жагымдуу коопсуздугун камсыз кылууга сөзсүз керек жана башка милдеттүү талаптардын, шарттардын, чектөөлөрдүн, ченемдик укуктук актылардын, шаар куруу жана техникалык регламенттердин, ченемдик-техникалык документтердин тутуму;
2.9 шаар куруу: коомдук-экономикалык, курулуш-техникалык, архитектуралык-көркөм, санитардык-гигиеналык жана экологиялык татаал комплекстүү көйгөйлөрдү чечүүнү камтыган жана монотондуу типтүү курулуштан качууга багытталган, өлкөнүн улуттук өзгөчөлүгүн эске алуу менен мурунку курулуштарды илимий негизде кайра курууга, анын ичинде кооптуу өндүрүш объектилерин, суу тогоондорун жана курулмаларын, почта жана электр байланыштарынын объектилерин, электр чордондорун жана көмөк чордондорду, ушул сыяктуу башка түрдөгү имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого жана курууга багытталган калктуу конуштарды жана өзүнчө аймактарды пландоо жана куруу чөйрөсүндөгү юридикалык, жеке жактардын ишмердиги;
2.10 аймактын шаар куруу сыйымдуулугу: шаардын пландалуучу түзүмүндөгү аймактын ролуна жана ордуна ылайык келген курулуштун көлөмү;
2.11 шаар куруу долбоорлору: аймактарды (калктуу конуштарды) жана түйүндөрдү же алардын бөлүктөрүн комплекстүү аймактык шаар курууну пландоону, уюштурууну, өнүктүрүүнү, курууну камтыган долбоорлор;
2.12 шаар куруу документтери: муниципалдык түзүлүштөрдүн аймактарындагы шаар курууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү башкаруу чечимдерин кабыл алууга жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын тиешелүү ыйгарым укуктарын ишке ашырууга керектүү болгон аймактарды өнүктүрүүнү жана курууну шаар куруучулук мерчемдөө боюнча документтердин комплекси жана шаардын, башка калктуу конуштардын башкы планы, шаардын чегинин долбоору, мерчемдөө, куруу долбоорлору, жана башка документтер;
2.13 аймактарды шаар курууга баалоо: аймакты баалуулугу боюнча баалоо жана чөлкөмдөө жыйынтыгы катары саналган комплекстүү, көп факторлуу талдоо;
2.14 шаар курууну (укуктук) чөлкөмдөө: аймактык чөлкөмдөрдүн чек араларын жана мындай чөлкөмдөрдүн чегинде капиталдык курулуш объектилерин, жер тилкелерин пайдалануунун шаар куруу регламенттерин тактоо максатында калктуу конуштардын аймактарын чөлкөмдөө; шаардын айрым бөлүктөрүн функционалдык пайдаланууга (функционалдык чөлкөмдөө), курууга (курулуштук чөлкөмдөө) жана ландшафты уюштурууга милдеттүү талаптарды, чектөөлөрдү аныктоо;
2.15 шаар куруу регламенти: аймактарды жана башка кыймылсыз мүлк объектилерин пайдалануунун шарттамдары, уруксаттамалары, чектөөлөрү (убаракерчилик, тыюу салуу жана сервитуттарды кошкондо), ошондой эле мыйзам чегинде аныкталган алардын абалдарынын мүмкүн болгон өзгөрүүлөрү;
2.16 шаар куруу ресурстары: жер, кен байлыктары, суу, аба мейкиндиги, энергетикалык, эмгек, инвестициялык жана башка ресурстар, ошондой эле адам баласынын жашоосун, ишмердигин калыптандыруунун ажырагыс компоненттери болгон калктуу конуштардын аймактары жана алардын тутуму;
2.17 турак жай, аралаш турак жай курулушунун тобу: турак жайлардын, аралаш турак жайлардын жер тилкелери жана жалпы колдонулууга жаткан аймактар: квартал же кварталдын бөлүгү катары калыптандырылуучу жашылдандырылган аймактар (скверлер, бульварлар), күнүгө жана мезгилдүү колдонулуучу объектилер, бала бакчалары, унаа коюучу жайлар, өтмөлөр, унаа токтоочу жайлар жана башкалар;
2.18 турак жай аймактары: тиричилик чөйрөсүн уюштуруу үчүн калыптанган жана турак жай фондун түзүүчү, шаар курууну пландоо объектилеринин төмөнкү түрлөрүндө калыптануучу, заманбап социалдык, гигиеналык жана шаар куруу талаптарына жооп берген турак жай чөйрөсүн уюштуруу үчүн аймак:
1) коомдук чөлкөмдөрдүн, турак жай топторунун жана кичи райондордун курамдарындагы турак жай, аралаш турак жай курулушу;
2) коомдук чөлкөмдөрдүн, кичи райондордун, кварталдардын курамындагы же комплекстер жана башка функционалдык дайындалыштагы чөлкөмдөр менен жанаша автономдуу түрдө жайгашкан турак жай, аралаш турак жай курулушу;
3) турак жай райондорунун курамындагы же комплекстер жана башка функционалдык дайындалыштагы чөлкөмдөр менен жанаша автономдуу түрдө жайгашкан кичи райондор;
4) турак жай райондору.
2.19 турак жай району: аянты 60 га дан ашкан аймак. Турак жай райондун калкы өзүнүн аймагынын чегинде, күнүмдүк жана мезгилдүү тейлөөчү объектилердин комплекси менен камсыз болот;
2.20 долбоорлоого тапшырма: пландаштыруучу, архитектуралык, инженердик жана технологиялык чечимдерге жана шаар куруу объектилеринин касиеттерине, анын негизги параметрлерине, курулушунун наркына жана уюштурулушуна негизделген талаптар камтылуучу жана шаар куруу шарттарына жана чектөөлөрүнө ылайык түзүлүүчү жана тапшырыкчынын негизги талаптарын камтыган документ;
2.21 жер участкасы: жабык чектердеги жер аянты;
2.22 жашыл сызык: жалпы пайдалануудагы өсүмдүктөрдү (сейилбактар, бактар, скверлер, бак көчөлөр, жашылдандырылган жээк жолдор) жана атайын багыттагы өсүмдүктөрдү (питомниктер, коргоочу токой тилкелери ж.б.) башка аймактардан (турак жай, өндүрүш), ошондой эле көчөлөр менен жолдордон бөлүп туруучу чек ара;
2.23 инженердик-техникалык, унаалык жана социалдык инфраструктура: калктуу конуштардын жана конуш аралык аймактардын туруктуу өнүгүүсүн, жашоо шартын камсыз кылуучу унаанын, байланыштын, энергетиканын, суу чарбасынын, ирригациялык тарамдардын, инженердик жабдуулардын курулмаларынын жана коммуникацияларынын, ошондой эле калкты социалдык жана маданий-тиричилик жактан тейлөөчү объектилердин комплекси;
2.24 курулуш үчүн инженердик изилдөөлөр: райондун, аянттын, жер тилкесинин, долбоорлонуучу курулуш трассасынын жаратылыш шарттарын комплекстүү изилдөө үчүн жүргүзүлгөн, жергиликтүү курулуш материалдарынын жана суу менен камсыздоочу булактардын, жаратылышты коргоону жана рационалдуу колдонууну эске алуу менен объектилерди куруу жана долбоорлоодо техникалык жактан негиздүү жана экономикалык жактан максаттуу чечимдердин матриалдарын камтыган жумуштар, ошондой эле мекемелерди, имараттарды жана курулмаларды куруунун жана пайдаланууга берүүнүн таасири алдында жаратылыш чөйрөсүнүн өзгөрүүсүнүн божомолун түзүүчү үчүн маалыматтарды алуу;
2.25 квартал: магистралдык жана турак жай көчөлөрүнүн, жолдордун кызыл сызыктары, ошондой эле шаар курууну жөндөөнүн башка регламенттери менен чектелген, аянты 10 га чейинки, шаарды, калктуу конуштарды пландоо курамынын негизги элементи;
2.26 кызыл сызыктар: пландаштырылуучу түзүмдүн кварталдарынын, кичи райондорунун жана башка элементтеринин аймактарын калктуу конуштардагы көчөлөрдөн, жолдордон жана аянттардан бөлүп туруучу чек аралар;
2.27 аймакты комплекстүү абаттоо: тигил же бул аймакты курулуш үчүн жарактуу жана багыты боюнча ченемдүү пайдалануу, калк үчүн таза, ыңгайлуу, коопсуз жана маданий шарттарга келтирүү максатында жүргүзүлө турган курулуучу аймакты инженердик даярдоо жана жолдорду салуу боюнча; суу менен камсыздоонун, суу агындылоонун, энергия жана газ менен камсыздоонун, байланыштын, ирригациялык, нөшөрлүк жана башка коммуникациялык курулмаларды жана тарамдарды өнүктүрүү боюнча; аймакты жыйноо, кургатуу жана жашылдандыруу, санитардык тазалоо боюнча; микроклиматты жакшыртуу, аба мейкиндигин, ачык суу кыртыштарын булгануудан коргоо, ызы-чуунун деңгээлин төмөндөтүү жана башкалар боюнча жүргүзүлүүчү жумуштардын жана иш чаралардын жыйындысы;
2.28 дыйкан (фермердик чарба): дыйкан чарбанын мүчөлөрүнө таандык болгон же пайдаланууга (ижарага) алынган жер участогуна жана башка мүлккө - турак-жай жана чарбалык курулуштарга негизделген жеке менчик укугундагы же пайдалануу үчүн (ижарага) алынган тиешелүү өнүктүрүү багытындагы өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект.
2.29 чек коюу: чек коюу долбоорлорун, кыймылсыз мүлк катары калыптанган жана кайра калыбына келтирилген жер тилкелеринин чек араларын өзгөртүү жана бекитүү, калыбына келтирүү, белгилөө боюнча шаар куруу жана жерге жайгаштыруу иштеринин комплекси;
2.30 конуш аралык аймактар: калктуу конуштардын чек араларынан (чектеринен) сырткаркы аймактар;
2.31 шаар куруу объектилерине байкоо жүргүзүү: шаар куруу ишмердигинин объектилеринин абалына, пайдалануусуна жана өзгөрүүсүнө жүргүзүлгөн байкоолордун тутуму;
2.32 ченемдик-техникалык документ: белгилүү бир ишмердиктин түрлөрүнө эрежелерди, жалпы принциптерди же мүнөздөмөлөрдү аныктаган же алардын жыйынтыктарына тиешеси бар жана керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө жеткиликтүү документ;
2.33 коомдук аймактар: бийликтин органдарынын, өкүлчүлүктөрдүн жана элчиликтердин; илим-изилдөө жана долбоордук-конструктордук уюмдардын; маданий, билим берүү (жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары, мектептер, мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы билим берүү уюмдары); дин уюмдарынын; соода, тейлөө; спорт, эс алуу; саламаттык сактоо; мейманкана; социалдык кызматтар объектилерин жайгаштырууга дайындалган аймактар;
2.34 курулуштун ырааттуулугу: долбоорлоо документтеринде аныкталган, имараттан же анын бир бөлүгүнөн, имараттардын, курулмалардын, инженердик тармактардын, түзүлүштөрдүн тобунан турган, эксплуатацияга киргизилиши максаттуу багыты боюнча автономдуу иштешин камсыз кылган курулуш объектисинин бөлүгү;
2.35 тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо чөлкөмү: тарыхый жана маданий эстеликтерге кирген, жерди колдонуунун катуу тартибиндеги коргоо чөлкөмүнүн долбоору менен аныкталган, тарыхый жана маданий эстеликтердин сакталуусун бузууга алып келүүчү иштердин түрлөрүнө, ошондой эле анын кабыл алуу шарттарын жана баалуу шаар куруу айланасынын салттуу параметрлерин бузууга тыюу салуучу аймак;
2.36 короо жайга танапташ участок: үлүш эмес, жеке үй куруу үчүн мамлекеттик бийлик органдары же же өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандарга бөлүнүп берилген жер участогу, танапташ жери менен;
2.37 өзгөчө кооптуу объектилер: башка объектилердин туруктуу иштөөсүнө кооптуу, техногендик жана экологиялык кырсыктардын пайда болуусуна, ошондой эле сөзсүз экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык, мамлекеттик баа берүүнү жүргүзүүнү талап кылган өрт жана жарылуу боюнча талаптарды аткаруу керек болгон объектилер;
2.38 укуктук шаар курууну чөлкөмдөө: калктуу конуштардын жана шаарлардын курулушу жана жер пайдалануу эрежелеринде жазылган, аймактарды куруу жана шаар курууну пландоонун өнүгүү долбоолорунун курамында же негизинде аткарылган долбоордук иштер;
2.39 калктуу конуштардын жерлерин куруу пайдалануу эрежелери: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилүүчү шаар куруу долбоорлорун жана аймактарды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан калктуу конуштарды өнүктүрүү жана көрктөндүрүү боюнча курулуш нормалары;
2.40 долбоор алдындагы документ: шаар куруу жана архитектуралык-курулуш долбоорлорун иштеп чыгууга өбөлгө түзүүчү документтерди иштеп чыгууга керектүү болгон программаларды, отчетторду, курулуштун техникалык-экономикалык негиздемелерин, техникалык-экономикалык эсептөөлөрдү, илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын, инженердик изилдөөлөрдү, технологиялык жана конструктивдик эсептөөлөрдү, эскиздерди, макеттерди, объектилерди ченөө жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын, ошондой эле долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана андан ары ишке ашыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга керектүү болгон алгачкы маалыматтарды жана материалдарды камтыган документтер;
2.41 долбоор: шаар куруу, архитектуралык жана курулуш документтери (чиймелер, графикалык жана текст түрүндөгү материалдар, инженердик жана сметалык эсептөөлөр) формасында берилген, адамдардын жашоосуна жана ишмердигине керектүү болгон шарттарды камсыз кылуу боюнча жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көздөмдөрү;
2.42 долбоордук документ: курулушту, кайра калыбына келтирүүнү же курулуш объекттеринин жана/же алардын бөлүктөрүнүн башка өзгөртүүлөрүн камсыз кылуу үчүн керектүү, архитектуралык, функционалдык, технологиялык, конструктивдик жана инженердик-техникалык чечимдерди аныктоочу графикалык, долбоордук жана тексттик документтердин жыйындысы;
2.43 аймакты жашылдандыруу долбоору: аймакты жашылдандыруу планын камтуучу долбоордук документ (дендрологиялык план, отургузуу чиймеси, пландоонун бөлгүч чиймелери, жумуштардын көлөмүн жан сметасын эсептөө менен түшүндүрмө кат);
2.44 архитектуралык чыгармачылык, шаар куруу искусствосу: жеке жактардын кесиптик ишмердүүлүгүндөгү чыгармачылык процесстин жыйынтыгы болгон автордун (авторлордун) автордук укугунун жана интеллектуалдык менчигинин объектиси. Алар шаар куруунун, архитектуралык жана техникалык чечимдердин жогорку денгээлине жеткен, ишке ашырылган накта долбоор (долбоордун бөлүгү), долбоордук документтин, айрым чийме, макет же эскиз түрүндө автордук көздөмдү камтыган архитектуралык объектини же шаар куруу мейкиндигин калыптандырууну түзүүгө багытталган ишмердүүлүк;
2.45 куруу аянты: сырткы көрүнүшү, бош орундары жана босогосу менен имаратты же курулманы куруу үчүн жер тилкесинин аянты;
2.46 өндүрүш аймактары: өндүрүштүк-ишкердик (тажрыйбалык участоктору жана өндүрүштөрү менен ИИИ, техникалык тейлөө цехтери менен соода ишканалары, басма-типографиялык бөлүмү менен маалыматтык борборлор), өнөр жай (тамак-аш жана жеңил өнөр жай, алет куруу, машина куруу, курулуш материалдарын өндүрүү), коммуналдык-кампалык (ЖЭМдин (ТЭЦ) аймактары, тазалоочу курулмалар, отканалар, электр чордондору, газ бөлүштүрүүчү түйүндөр, шаардык инженердик инфратүзүмдүн башка курулмалары, кампалык курулмалар, аймактарды механикалык жыйноо үчүн машиналардын турук жайлары, көрүстөндөр), унаа жана инженердик объекттердин жайгашышына арналган аймактар;
2.47 курулуштун эсептик наркы: айрым жумуштун түрлөрүнө же айрым объектилерге ирилештирилген эсептик наркы боюнча аныкталган курулушка же калыптанган объектилерди өзгөртүүгө инвесторлордун же тапшырык берүүчүлөрдүн толук чыгымдарынын болжолдуу наркы;
2.48 кайра калыбына келтирүү: имараттардын, курулмалардын көлөмдүк-пландаштыруучу жана конструктивдик чечимдерин (бийиктигин, кабаттардын санын, аянтын, сырткы көрүнүшүн, чөйрө сызыгын), технологиялык жана инженердик жабдууларын, өндүрүштүк кубаттуулуктун көрсөткүчтөрүн, инженердик-техникалык камсыздоонун сапатын жана көлөмүн өзгөртүү;
2.49 рекреациялык аймактар: шаар токойлорун, токойлуу сейил бактарын, коргоолуучу токой чөлкөмдөрүн, көлмөлөрдү, айыл чарба багытындагы жерлерди жана башка чарба жерлерин камтыган, сейил бактар, бакчалар, скверлер жана баккөчөлөр менен селитебдик аймакта жайгашкан жана адамдардын эс алуусу (эмгектенүүсү) үчүн ачык мейкиндик системасын түзгөн аймак;
2.50 санитардык ажырымдар: зыяндуу таасир этүүчү булактарынан (өнөр жай, кампа объектилери, инженердик курулмалар, автомагистралдар, темир жол линиялары, магистралдык өткөргүч түтүктөр ж.б.) турак жай курулушунун, ландшафтык-рекреациялык чөлкөмүнүн, эс алуу чөлкөмүнүн, курорттун чек арасына чейинки минималдык аралык менен аныкталуучу ажырымдар. Санитардык ажырымдар санитардык-коргоочу чөлкөлм режимине ээ, бирок аны уюштуруунун долбоорун иштеп чыгууну талап кылат;
2.51 санитардык коргоочу чөлкөм: атайын дайындалыштагы чөлкөмдөрдү, ошондой эле өнөр жай ишканаларын жана калктуу конуштардагы башка өндүрүштүк, коммуналдык, кампалык объектилерди жакынкы селитебдик аймактардан, турак жай-жарандык багытындагы имарат жана курулмалардан, аларга жагымсыз факторлордун таасирин азайтуу максатында бөлүп туруучу аймак;
2.52 айыл чарба жерлери: айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланылуучу жер участоктору, атап айтканда: айдоо жерлер, кайрак жерлер, көп жылдык көчөттөр ээлеген жерлер, чабындылар жана жайыттар;
2.53 селитебдик аймак: жайгашуусу жана ишмердиги атайын санитардык коргоочу чөлкөмдү талап кылбаган турак жай, коомдук жана рекреациялык аймактарды, ошондой эле инженердик-техникалык айрым бөлүктөрдүн жана унаалык инфратүзүмдүн, башка объектилерди жайгаштыруу үчүн арналган калктуу конуштардын аймагынын бөлүгү;
2.54 жайгаштыруу схемасы: калктуу конуштардын түрлөрүнүн бирдиктүү жайгаштыруу мүнөзүн жана айыл аралык байланыштардын өнүгүү деңгээлин аныктоочу схемалар;
2.55 курулуш объектилеринин сейсмикалык туруктуулугу: тиешелүү сейсмикалык таасирлерди эске алуу менен курулуш объектилеринин эсептик-техникалык жана курулуштук-конструктивдик коопсуздугун камсыздоо;
2.56 жалпы колдонуудагы аймактар: чексиз сандагы адамдардын тобу эркин пайдалануучу аймактар, ошону менен бирге кварталдардын (кичи райондордун) аймактарынан сырткары жайгашкан аянттар, көчөлөр, жээк жолдор жана кварталдардын (кичи райондордун) аймактарындагы өтмөктөр жана скверлер;
2.57 жаратылыш комплексинин аймактары: турак жай, коомдук, өндүрүштүк курулуштун жер тилкелеринин курамындагы сейилбактар, бактар, скверлер, бак көчөлөр, тигилген өсүмдүктөр түрүндө көрсөтүлгөн шаар курууну долбоорлоонун объектилери;
2.58 аймактык пландаштыруу: аймактарды колдонуунун өзгөчө шарттары менен чөлкөмдөлгөн мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн аймактарды өнүктүрүүнү, функционалдык чөлкөмдөөнү, капиталдык курулуштун объектилерин пландуу жайгаштыруу чөлкөмдөрүн аныктоону пландаштыруу;
2.59 өрткө каршы ажырым (өрткө каршы аралык): өрттүн жайылуусун алдын алуу үчүн белгиленген имараттардын жана (же) курулмалардын ортосундагы белгиленген аралык;
2.60 көчө-жол тарамы: калктуу конуштардын функционалдык-пландаштыруу уюштурулуусу менен өз ара байланышкан, жалпы шаардык бир тутумга бириктирилген көчөлөрдүн, аянттардын жана жөө жол мейкиндиктеринин тарамы;
2.61 көчө, аянт: шаардын (калктуу конуштун) көчө-жол тарамынын кызыл сызыктары менен чектелген аймак;
2.62 турак жай, аралаш курулушунун тилкеси: аянты 1,5 гектарга чейин, үй алдындагы жер тилкеси менен ар кандай кабаттуулуктагы турак үйлөр жайгашкан аймактар;
2.63 функционалдык-пландаштыруучу түзүлүш: аймактын функционал-дык багытына жараша ишмердиктин социалдык-кепилденген шарттарынын комплексин камсыздаган, чек арасы, аймактык регламенттери, шаар куруу ченемдери жана эрежелери аныкталган, бүтүндөй бир шаар куруу түзүлүшүн берген шаардын (калктуу конуштун) аймагынын бөлүгү;
2.64 функционалдык чөлкөмдөр: аймактык пландаштыруу документтери менен чек аралары жана функционалдык багыты аныкталган чөлкөмдөр;
2.65 эскиздик долбоор: шаар куруу документинин курамындагы долбоорлоонун алдындагы концептуалдуу архитектуралык-шаар куруу сунушу.
3 Айылдык калктуу конуштардын аймактарынын өнүгүү концепциясы жана жалпы уюштурулушу
3.1 Айылдык калктуу конуштарды куруу жана реконструкциялоо райондук пландоо схемасынын жана долбоорлорунун, жайгаштыруу схемаларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айыл аймагынын башкы планынын, аймактар менен кыштактарды кооптуу геологиялык жана гидрогеологиялык процесстерден коргоо схемаларынын негизинде иштелип чыккан жана бекитилген пландаштыруу жана куруу долбоорлору боюнча жүзөгө ашырылуусу керек.
3.2 Пландаштыруу жана куруу долбоорлору жаратылыш, улуттук, регионалдык, тарыхый жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен иштелип чыгууга тийиш.
3.3 Жаңы айылдык калктуу конуштарды куруу жана айылдык калктуу конуштарды реконструциялоо учурунда жаңы аймактарды өздөштүрүүгө тиешелүү негизде уруксат берилүүсү керек.
3.4 Калкынын санына жараша айылдык калктуу конуштар төмөнкүдөй болуп бөлүнүшөт:
ири - 5 миң адамдан өйдө;
орто – 5 миң адамга чейин;
кичи – 1 миң адамга чейин.
3.5 Айылдык калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн келечеги учурдагы абалынын жайгаштыруу системасындагы абалын талдоонун жана баалоонун, социалдык экономикалык, аймактык өнүгүүнү, инженердик-транспорттук инфраструктураны, ошондой эле жаратылыш ресурстарынын болушун болжолдоону эске алуу менен аныкталат.
Айылдык калктуу конуштардын башкы планын колдонуунун жана жүзөгө ашыруунун эсептик мөөнөтү 25-30 болжолдуу жылга 15-20 жыл.
3.6 Айылдык калктуу конуштарды жайгаштыруунун топтук системасынын курамдык элементи катары кароо керек, алардын ар бири ар кандай чоңдуктагы отурукташуунун жыйындысын жана эл чарба тармагын, аймактык жана өндүрүштүк байланыштар, инженердик-транспорттук инфраструктуралар менен туруктуу биргелешкен отурукташууну билдирет.
3.7 Отурукташтыруу системасынын жергиликтүү борборлорунда алардын функцияларын жүзөгө ашырууну камсыздоочу иш чаралардын комплексин кароо керек. Калган калктуу пункттарда калктын күнүмдүк жана узак мөөнөттөгү керектөөлөрүн канааттандыруу маселелери чечилет.
4. Дыйкан (фермердик) чарбалардын аймактарын пландаштыруу жана куруу
4.1 Дыйкан (фермердик) чарбаларды пландаштыруунун жана куруунун долбоорлору (чарба жүргүзүүчү субъекттердин бир нече уюштуруучулук-укуктук формаларынын болуусу менен) чарба жүргүзүүчү субъекттердин өзүлөрүнүн табыштамаларынын негизинде жана өзүлөрүнүн объектилеринин капиталдык курулушуна гана иштелип чыгат.
4.2 Дыйкан (фермердик) чарбаларды пландаштыруу жана куруу төмөнкү бөлүмдөрдөн турууга тийиш:
социалдык-маданий багыттагы жана калктын жалпы колдонуусундагы (өзүмдүк малдарды жаюу, чөп чабуу үчүн, жамааттык бакча жана огород ж.б. үчүн) объекттерди куруу боюнча территорияларды жерге жайгаштыруу (ишкананын жер колдонуусунун юридикалык чектерин тактоо, аянтын аныктоо жана жер участокторунун, калктуу пункттардын чектерин там арка жер фондусунун аянтын жана чек араларын аныктоо);
мүлк (өндүрүштүк фонддорду инвентаризациялоо, активдерди жана пассивдерди баалоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардынын өндүрүштүк ишине жана финансылык-экономикалык абылына анализ жүргузүү жана социалдык инфраструктура);
калк жана эмгек ресурстары (калктын категориялар боюнча саны, короолордун саны, эмгек ресурстарынын балансы);
кайрадан уюшулуп жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттердин өнүгүү келечеги ((чарбалык ишмердиктин негизги багыттары, жаңы өндүрүүчүлөрдүн кооперацияларынын мүмкүн болгон формалары, өндүрүштүк тейлөө, айыл чарба продуктыларын сактоо, кайра иштетүү жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүүнү).
4.3 Кыргыз Республикасынын жарандарына менчикке же пайдаланууга берилген жана калк жашаган пункттан жөө барууга алыс болгон айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу үчүн айыл чарба жерлеринде пайдаланууга жарактуу болбогон жер участокторун же түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлеринде имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн жер участокторун менчикке же пайдаланууга берүүгө жол берилет, ошол жердин шааркуруу документине ылайык.
4.4 Айыл чарба багытындагы объекттерди жана башка объекттерди куруу үчүн түшүмдүүлүгү аз жер участкалары (мал чыгаруучу жай, кайрак, түпкү кыртыштардын жер үстунө чыгып калуусу ж.б.) же жамааттык түрдө колдонуусу кыйынчылык жараткан чарбакер субъекттердин участкаларына жанаша жатышкан айдоо жерлер бөлүнүп берилет. Андай жерлер жок болсо курулуш үчүн тилке азыраак өндүрүмдүү жерлерден бөлүнөт.
4.5 Жерколдонуучунун жашаган жеринен жөө жүрүүчү үчүн 5 кмге чейин жакын болгон чөлкөмдөрдө айдоо үчүн жарактуу жерлерде турак жай имараттарын курууга тыюу салынат.
4.6 Турак жай жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралган суулардын, көлдөрдүн жана башка суу топтогучтардын коргоо зонасынын, жер алдындагы жана жер үстүндөгү коммуникациялардын жерлерине курууга жол берилбейт.
4.7 Курулуш үчүн участокторду тандоодо 1-Тиркемеде келтирилген нормаларга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтому менен бекитилген «Санитардык коргоо зоналары жана ишканалардын, курулуштардын жана башка объектилердин санитардык классификациясы» санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине жана ченемдерине ылайык иш жүргүзүү керек.
5. Айылдык калктуу конуштардын селитебдүү жана өндүрүш чөлкөмдөрүн уюштуруу
5.1 Калктын долбоордук саны конуштун өнүгүүсүнүн отурукташуу системасындагы келечеги жөнүндөгү маалыматтарды эске алуунун негизинде демографиялык прогнозду эске алуу менен аныкталат.
5.2 Калктын долбоордук санын табигый өсүү формуласы боюнча миграцияны эске алуу менен аныктоого болот.
мында Нр-калктын күтүлүүчү саны;
Н-аталган мезгилде жетишкен саны;
Р-табигый өсүштүн жылдык орточо өсүшү;
n- жылдардын саны (эсептик мөөнөтү);
М-калктын миграциясынын пайызы.
5.3 Пландаштыруу жана куруу долбоорлорунда айылдык калктуу конуштардын өз ара байланыштуу пландуу курамын түзүү үчүн аймактардын пайдалануу түрү боюнча чөлкөмдөлүшү, функционалдык чөлкөдөрдүн селитебдик жана өндүрүштүк болуп бөлүнүүсү зарыл.
5.4 Селитебдик чөлкөмгө төмөнкүлөр кирет: турак жай аянты, коомдук борбор, көчөлөр, бульварлар, автожолдор, унаа токтотуучу жайлар, парктар, аянттар, көлмөлөр жана башка элементтер.
Өндүрүш чөлкөмүнө кирет:
Өндүрүштүк зонага төмөнкүлөр кирет: мал чарба комплекстеринин жана фермаларынын аймактары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана сактоо боюнча ишканалар, айыл чарба машиналарын жана транспорт каражаттарын оңдоо, тейлөө жана сактоо ишканалары, сактоочу жайлар жана башка объекттер, жолдор, өтүүчү жолдор жана транспорт каражаттарын токтотуучу жайлар жана башкалар.
Ошол эле учурда: айылдык калктуу пункттардын территориясына калктуу пункттун чек арасында жана чек арасынан сырткары жайгашкан коммуналдык обьектилердин там арка жерлери жана аянттары (суу тосмолору, тазалоочу жабдуулар (сооруж), таштанды төгүүчү жайлар жана мүрзөлөр)) да кирет.
5.5 Жаңы курулуштарды жайгаштырууда төмөнкүлөр эске алынууга тийиш:
мурдатадан турган имараттардын жана курулмалардын максималдуу түрдө пайдалануу;
санитардык-гигиеналык, зооветеринардык жана өрткө каршы талаптардын сактоо;
калктуу пункттун отурукташкан жана өндүрүштүк чөлкөмдөрү менен тышкы магистралдын ортосундагы ыңгайлуу байланышты;
калктуу пунктту инженердик жабдуунун бардык түрү менен камсыздоону;
жерди аяр пайдаланууну, топуракты, аба бассейнин, суу менен жабдуу булактарын булгабай турган шарттарды түзүүнү;
отурукташуучу аймактарды суу агуучу арыктардын жана көлмөлөрдүн өндүрүштүк жана чарбалык тиричилик агынды суулардын өйдө жагына жайгаштыруу, буларды көрсөтүлгөн чыгуулардын төмөн жагына жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын 11-апрель 2016-жылдагы № 201 токтому менен бекитилген “Ишканалардын, курулмалардын жана башка объекттердин санитардык-коргоочу чөлкөмдөрү жана санитардык классификациясы” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери сактаган шартта гана жол коюлат;
өндүрүштүк чөлкөмдөрдү шамал жагына жана отурукташкан территорияга караганда төмөн жакка жайгаштыруу.
5.6 Өндүрүштүк, турак жай-жарандык жана коммуналдык курулуш обьектилерин жайгаштырууга төмөнкү учурларда жол берилбейт:
пайдалануу калдыктар чыккан аянтка геология жана минералдык ресурстар маселелери боюнча ыйгарымдуу органдын макулдугусуз;
шахт тектеринин урандысынын кооптуу чөлкөмдөрүндө жана ошондой эле байытуучу фабрикаларда;
көчкү, сел агымдары, кар көчкү аймактарында;
катастрофалык суу каптоонун деңгээлинен төмөн;
сейсможаракага жакын жайгашкан аймактарда;
суу менен камсыздоо булактары аймагынын биринчи тилкесинде;
гидрометереорлогиялык станцияларды коргоо чөлкөмдөрүндө;
курортторду санитардык коргоонун биринчи чөлкөмүндө, эгер долбоорлонуп жаткан обьект курортту пайдалануу менен байланыштуу болбосо;
калктын эс алуучу жайы болгон токой, токойпарктар жана жашыл бактар зонасында;
органикалык жана радиоактивдик калдыктар менен булганган участокторго, эгер санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөт өтө элек болсо;
мал көмүүчү жайлардын санитардык-коргоо чөлкөмдөрүнү аймактарында;
корук жайлардын жерлеринде жана алардын айланасындагы белгиленген корголуучу жерлерде;
тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо зоналарында.
5.7 Курулуш үчүн чөлкөмдү тандоодо жаратылыш чөйрөсүнүн сакталышын камсыздоо, эрозиялык процесстердин, топурактын жана суу булактарынын булганышынын алдын алуу боюнча чараларды көрүү зарыл. Курулуш үчүн аянтча жайгаштырылуучу обьектилердин келечекте өнүгүүсүн эске алуу менен жетишээрлик өлчөмдө болууга тийиш.
5.8 Айылдык калктуу жайларды реконструкциялоодо, калыптанган функционалдык зоналаштырууну санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртуу максатында каралат:
айыл чарба ишканаларын отурукташкан чөлкөмдөн, өндүрүштүк чөлкөмгө алып чыгуу;
транзиттик автожолдорду алып чыгуу же санитардык коргоо зоналарын түзүү, ошондой эле суу ташкындоодон, көчкүдөн, селден, топурак алдындагы суулардын каптоосунан коргоо боюнча иш чаралар ж.б.;
түзүлгөн пландаштырылган түзүмдөрдү максималдуу сактоо менен көчөлөрдүн тармактарын жана өтмөктөрдү иреттештирүү;
колдо болгон капиталдык жана узакка колдонулуучу имараттарды сактап калуунун негизинде, эскирген турак жай фондуларын ырааты менен алмаштыруу;
бардык тургундарга жекече көмөкчү чарбасын жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоо;
бош жаткан жана айыл чарбасын жүргүзүү үчүн жараксыз жерлерди өздөштүрүүнүн эсебинен айылдык калктуу конуштардын аймактарын алда канча натыйжалуу пайдалануу;
территорияны инженердик жабдуу жана сырттан көрктөндүрүү боюнча иш чараларды жүргүзүү.
Айылдык калктуу конуштарды келечектүү өнүктүрүү аймактарын аныктоо.
5.9 Санитардык-коргоо зоналарынын чегинде жайгашкан турак үйлөрдү курууга жана капиталдык оңдоого жол берилбейт; буга чейин колдонуудагы турак жай фондусу амортизациялануу деңгээлине жараша бул максат үчүн резервделген территорияларга чыгарылат.
5.10 Айылдык калктуу пункттардын архитектуралык-пландоо түзүмүн жакшыртуу жана жол тармактарын жакшыртууда төмөнкүлөр зарыл:
көчөлөрдү жана өтмөлөрдү эки тарабынан куруу керек (бир тараптуу куруу көлмөлөргө жана жашыл массивдерге жанаша турган же татаал рельефтин шартындагы, негизги подьезд тарабынан четки көчөлөрдө) бир тараптуу курууга уруксат берилет.
көчөлөрдүн жана өтмөктөрдүн кеңдигин алардын функционалдык ролун жана транспорттун жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылынын интенсивдүүлүгүн эске алуу менен алынат (6- таблицаны караңыз);
там арка курулуш участокторунда көчөлөрдүн созулуусун жана кеңдигин минимумга алып келүүчү пландаштыруу ыкмаларын колдонуу.
5.11 Тийиштүү негиздемеге ылайык чарбалык өтмөлөрдү жана малдарды айдап өтчүү жерлерди долбоорлоого жол берилет.
5.12 Калктуу жердин коомдук борбору анын маанилүү структуралык элементи болуп саналат, ал жерде башкаруу органдары, маданий-тиричилик багытындагы негизги мекемелер концентрацияланып, массалык коомдук иш чараларды өткөрүү үчүн аянт уюштурулат.
Коомдук борбордун территориялык өлчөмдөрү сейил бакты жана жайык спорттук курулмаларды эске алганда ар бир тургунга 6-10м2. эсепте аныкталат.
5.13 Коомдук борборду жагымдуу кабылдоо шарттарынан улам (1-4 кабат) жана имараттын бийиктиги менен аянттын узундугунун оптималдуу катышы (1:6 - 1:8) ачык мейкиндик калктуу чакан пункттарда 0,15, ал эми ири калктуу пункттарда 0.5 - 0.6 га болушу керек.
Катуу төшөлмө төшөлгөн аянттардын өлчөмү 1000 адамга 700-750 м2 түзүшү керек.
5.14 Айылдык ири калктуу пункттардын коомдук борборлорунда айыл ичиндеги эле эмес айылдар аралык мааниге ээ болгон маданий-тиричилик мекемелеринин имараттары, күнүмдүк тейлөө мекемелери жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылынын өндүрүштүк зонага жана коомдук борборго кеткен жолдогу борборчолорго жайгаштырылат.
Тосмолордун конструкцияларынын түрлөрү архитектуралык кызмат менен макулдашуу боюнча эстетикалык талаптарды (көркөм-композициялык принциптер, формасынын, конструкциясынын жана түсүнүн талаптары, конструкциянын сырткы көрүнүшү менен анын багытынын ылайык келүүсү), участоктун багыттуулугун, участокко ыктай жайгашкан кошуналардын макулдугун эске алуу менен алынат.
5.15 Айылдык калктуу жерлерде турак жай курулушунун негизги тиби болуп бир-эки кабаттуу курулуштар, там арка участоктору жана жекече көмөкчү чарбасын жүргүзүү үчүн чарбалык курулуштар эсептелет.
Там арка жер участокторунун өлчөмү Кыргыз Республиасынын аракеттеги мыйзам актыларына ылайык кабыл алынат.
Там арка участогунун тосмосунун бийиктиги 2 метрден ашык болбоосу керек.
5.16 Айылдык калктуу пункттарда көп кабатуу турак үйлөрдү курууга тиешелүү негиздемелерге ылайык жол берилет.
5.17 Короонун жанындагы участогу бар бир-эки батирлүү үйлөрдүн арасындагы аралык бир жуп үйдүн чегинде ченемге алынбайт; бул жуп үйлөрдүн жана алардын чарбалык курулуштарынан кошуна үйлөргө жана кошуна жер участогундагы чарбалык курулуштарына чейинки аралык 1-таблицада көрсөтүлгөндөн аз болбоого тийиш.
1-таблица |
| ||
№ п/п | Ажырымдын тиби | Кабаттардын саны | Ажырымдын чоңдугу, м |
1 | Имараттардын узатасынан кеткен жактарынын арасы | 2-3 | 15 |
2 | Имараттын узатасынан кеткен жактары менен капталынын арасы | 2-4 | 20 |
3 | Имараттардын капталдаранын арасы, жашоочу бөлмөдөн терезе чыкса | 2-4 | 10 |
4 | Имараттардын капталдарынын арасы, жашоочу бөлмөдөн терезе чыкпаса | 2-4 | өрткө каршы ажырымдардын ченеми боюнча |
5 | Турак жайдын терезесинен чарбалык курулмаларга чейин (сарай, гараж, мончо) кошуна жайгашкан жер тилкелеринде |
| 6дан кем эмес
|
6 | Турак үйдүн дубалынан тартып кошуна үйдүн чек арасына чейин |
| 2 |
7 | Чарбалык курулмалардан кошуна жер тилкесинин чек арасына чейин |
| 2 |
8 | Кошуна участканын чек арасынан: жоон сөңгөктүү дарактарга чейин орто сөңгөктүү дарактарга чейин бадалдарга чейин |
| 3 2 1 |
5.18 Турак жайлардын, коомдук имараттардын, турак жай менен коомдук имараттардын ортосундагы өрткө каршы ажырымдар 2-таблица боюнча алынат.
2-таблица
|
| |||||
Имараттын отко чыдамдуулук даражасы | Конструктивдүү өрт коопсуздугунун классы | Турак жайлардын жана коомдук имараттардын конструктивдүү өрт коопсуздук классында жана отко чыдамдуулук даражасындагы минималдык аралык, м | ||||
Турак жана коомдук имараттар |
| I, II, III, СО | II , III С1 | IV СО, С1 | IV, V С1, С2, | IV, V С2,С3 |
I, II, III | СО | 6 | 8 | 8 | 10 | 10 |
II , III | С1 | 8 | 10 | 10 | 12 | 12 |
IV | СО,С1 | 8 | 10 | 10 | 12 | 12 |
IV, V | С2,С3 | 10 | 12 | 12 | 15 | 15 |
Ошол эле учурда:
Отко чыдамдуулук даражасы 2-таблица боюнча белгиленет.
9 баллдык жана андан ашуун сейсмикалык райондордо турак жай имараттарынын ортосундагы аралык, ошондой эле турак жай жана өрткө чыдамдуулугу IVa, V даражадагы коомдук имараттардын ортосундагы аралык 20 % га чоңойтулат.
Коомдук имараттардын кабаттуулугу турак жай имаратынын бийиктигине ылайык келтирилет.
Үйлөрдүн ортосундагы санитардык ажырымдын чоңдугун аныктоодо имараттардын көтөрүңкү болгон айрым бөлүктөрү эске алынбайт.
Балдар мекемелеринен, мектептерден, дарылоо мекемелеринен турак жай жана коомдук имараттарга чейин, аларды балдар бөлмөсү, класстар жана палаталар тарабынан жайгаштырылганда санитардык ажырымдын өлчөмүн маңдайдагы эң бийик имараттын бийиктигинен 2,5 метрден кем эмес (мунара тибиндеги эмес) алуу керек.
Имараттардын жана курулмалардын ортосундагы аралык деп жарыктагы сырткы дубалдар же конструкциялардын ортосундагы аралык эсептелет. Эгер имараттар менен курулмалардан 1 м ашык чыгып турган күйуп кетүүчү материалдардан жасалган конструкциялар болсо, аралык – ошол конструкциялардын арасындагы аралык деп алынат.
Отко чыдамдуулугу V даражадагы каркастык жана щиттик конструкциядагы эки кабаттуу имараттар үчүн, ошондой эле камыш, тес жана саман менен жабылган имараттар үчүн бул таблицада көрсөтүлгөн өрткө каршы ажырымдар 20%га көбөйтүлгөн болушу керек.
Терезе оюктары жок дубалдардын ортосундагы ажырымдарды 20% га кичирейтүүгө жол берилет.
Эгер каршысында турган бийигирээк имараттын дубалы отко чыдамдуулук чеги боюнча коюлуучу талаптарын канааттандырса, анда отко чыдамдуулугу I жана II даражадагы имараттардын ортосундагы аралыкты 6 метрден азыраак кароого болот.
5.19 Колдонуу үчүн бөлүнгөн короонун жанындагы участокторго жана жекече турак жай куруу үчүн участоктордо курууга мүмкүн болгон чарбалык, тиричилик имараттардын жана курулмалардын тизмеси жана бул курулуштардын сунушталуучу өлчөмдөрү 3-таблицада берилген.
3-таблица
|
| |
п/п | Аталышы | Аянты, м2
|
1 | 2 | 3 |
1 | Мал жана канаттууларды кармоо үчүн жай | 40 |
2 | Чарбалык инвентарды жана катуу отунду сактоо үчүн жай | 20 |
3 | Жайкы ашкана | 20 |
4 | Күнөскана | 25 |
5 | Чарбалык бастырма | 25 |
6 | Мончо | 15 |
7 | Жайкы душ | 4 |
8 | Таштанды топтогучтары менен короо дааратканасы | 5 |
9 | Жеке автоунаа үчүн гараж | 18 |
10 | Погреб | 8 |
11 | Кык сактагыч | 6 |
5.20 Көчөлөрдү жана өтмөктөрдү куруу боюнча сызыкка чарбалык курулуштарды курууга тыюу салынат. Аларды там артынын эң түпкүр жагына санитардык, өрткө каршы жана зооветеринардык талаптарды сактоо менен алып баруу керек.
Архитектура боюнча аймактык органдар менен макулдашылган шартта курулуштун сызыгы боюнча гараждарды жайгаштырууга уруксат берилет.
5.21 Короодогу даараткана жана компост сактагычтар турак үйдүн терезесинен 20 метрден аз эмес, ал эми участок тар шарттарда 6 метрден кем эмес аралыкка жайгаштырылат.
Там арка үйгө чарбалык сарайды курууга (анын ичинде мал жана канаттуу үчүн) уруксат берилет.
Үй ээлеринин өз ара макулдашуусу боюнча аралаш короонун жанындагы участоктогу чарбалык курулуштарды блоктоого жол берилет.
5.22 Турак жай имараттары кызыл сызыктан, магистралдык көчөлөрдөн 6 метрден кем эмес, ал эми жергиликтүү имараттар – 3 метрден кем эмес алыстыкта жайгаштырылат.
Имараттарды реконструкциялоонун алкагында жергиликтүү көчөлөргө чыгып турган конструкцияларды эсепке алуу менен коомдук багыттарда жанаша курулган имарат жайларды кызыл сызык боюнча жайгаштырууга жол берилет.
Кыймылсыз мүлктү өнүктүрүү аймактарында турак жай имараттары белгиленген жергиликтүү салттарга ылайык жергиликтүү көчөлөрдүн кызыл сызыгын бойлото жайгаштырылышы мүмкүн.
5.23 Өндүрүштүк зоналарда ар түрдүү типтеги айыл чарба ишканалары жана обьектилери жайгаштырылат, алар негизги топко биригет: өсүмдүк өстүрүүчү, мал чарбачылыгы, канаттуулар, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жана сактоочу, айыл чарбасын өндүрүштүк-техникалык тейлөө боюнча.
5.24 Санитардык-коргоо зоналарына бөлүнгөн жерлерди айыл чарба өндүрүшү үчүн иштетүү мүмкүнчүлүгүн анын мүнөзү жана чөйрөнүн булгангандык деңгээлин эске алуу менен жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашуу шартын сактоо менен аныкталат.
5.25 Айыл чарба өндүрүштүк обьектилери жана комплекстер менен турак жай курулушуна чейинки санитардык-коргоочу зонанын өлчөмү 2-тиркемеде берилген нормативдерге ылайык белгиленет.
5.26 Санитардык-коргоо зонасынын туурасы деп өндүрүштүк булгоочу каражаттарды атмосферага бөлүп чыгуучу жай менен калктуу жайдын турак жай курулушунун ортосундагы аралыкты эсептөө керек.
5.27 Өлчөмү 100 метрден ашуун санитардык-коргоо тилкесинин чөлкөмү жашылдандырылган болушу керек. Санитардык-коргоо тилкесинин чектеринде отурукташкан бөлүк тарабынан туурасы 30 метрден кем болбогон дарак-бадал тилкесин кароо керек, өлчөмү 50 метрден 100 метрге чейинки тилкеде туурасы 10 метрден кем эмес алкакты кароо керек.
5.28 Санитардык-коргоо зонасында жайгаштырууга жол берилет:
өрттүк депо, мончо, от казандар, кир жуучу жайлар, гараждар жана башка коммуналдык обьектилер, курулуштун жыштыгы 20%дан ашпаган шартта;
коомдук жана жеке транспорт үчүн токтотмону, жергиликтүү жана транзиттик коммуникациялар, электр өткөрүү чубалгылары, суу өткөрүүчү жана канализациялык сордургуч станциялар, жер алдындагы сыйымдуулуктар.
5.29 Санитардык-коргоо чөлкөмүнүн аймагына спорттук курулмаларды, сейил бактарды, балдар мекемелерин, дарылоо-профилактикалык жана саламаттык сактоо мекемелерин курууга, ошондой эле мөмө-жемиш бактарын жана бадалдарды отургузууга жол берилбейт.
5.30 Мал чарбалык, канаттуулар жана айбанаттар фермаларын, ветеринардык мекемелерди, минералдык жер семирткич жана өсүмдүктөрдү химиялык коргоо каражаттарынын кампаларын башка айыл чарба обьектилерине жана отурукташкан чөлкөмгө карата шамалдап туруучу жагына жайгаштырат.
5.31 Имараттардын жана айыл чарба өндүрүштүк курулмалардын ортосундагы ажырымдар өрткө каршы ченемдик талаптар менен алынат.
6 Социалдык-маданий тиричилик тейлөө тутуму
6.1 Социалдык-маданий тиричилик тейлөө тутумун уюштуруу
6.2 Калкты социалдык маданий-тиричилик тейлөө айылдар ортосундагы негизде ишке ашырылып, төмөнкү негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш:
чоң кичинесине карабастан баардык айылдык калктуу пункттардын тургундарына кызматтардын комплексин бирдей көрсөтүүнү камсыздоо;
кызмат алууга жана товарды сатып алууга зарыл болгон убакытты кыскартууга шарт түзүү.
6.3 Тейлөө мекемелери менчиктин түрүнө карабастан тармактык белгиси боюнча биригет:
мектепке чейинки мекемелер, жалпы билим берүүчү мектептер;
дарылоо-профилактикалык мекемелер;
маданият, искусство жана спорттук мекемелер;
соода, коомдук тамактануу, тиричилик жана коммуналдык тейлөө ишканалары;
башкаруу, каржылоо органдары жана байланыш ишканалары.
Маданий-тиричилик мекемелерин жана ишканаларынын тармагын уюштуруунун негизи болуп отурукташуунун жергиликтүү системасынын борборлору, тейлөөнүн жөнөкөй же баштапкы комплекстери эсептелет.
6.4 Маданий-тиричилик мекемелерин жана ишканаларынын тармагын уюштуруунун негизи болуп отурукташуунун жергиликтүү системасынын борборлору, тейлөөнүн жөнөкөй же баштапкы комплекстери эсептелет.
6.5 Тейлөөнүн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин тиби жана сыйымдуулугу, ишкананын кубаттуулугу ар бир айылдык калктуу конуш үчүн жайгашуунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен, айылдар ортосундагы транспорттук байланыштардын болушуна, тейлөөнүн айрым түрлөрүнүн спецификасына, кызматты жашаган жерине дифференциялык эсептик көрсөткүчтөрдүн негизинде жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталат.
6.6 Ар бир айылдык калктуу пунктта мамлекеттик мекемелер менен катар эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маданий-тиричилик тейлөөнүн жана менчиктин башка түрүндөгү мекемелери жана ишканалары өнүгүшөт.
Мындай мекемелердин өлчөмдөрү жана сыйымдуулугу кызматтарга болгон керектөөнү жана атаандаштыкты эске алуу менен жөнгө салынат.
7. Мектепке чейинки мекемелер
7.1 Мектепке чейинки мекемелерди мектепке чейинки 12 же андан ашуун балдар бар ар бир айылдык калктуу пунктта уюштуруу керек.
Ясли-бакчалар селитебдик аймакка жайгаштырылат.
7.2 Балдардын ясли-бакчаларынын сыйымдуулугу ар бир конкреттүү учурда: айылдык калктуу конуштун демографиялык түзүмү эске алынган тапшырмага ылайык аныкталат.
7.3 Балдардын 1-2 топтогу сыйымдуулуктагы ясли-бакчалары башталгыч мектептер менен айкалыштырылат.
2-4 топтогу ясли-бакчаларды толук эмес орто жана азыраак толтурулган класстар менен айкалыштырууга болот.
7.4 Жер участогунун аянты ясли бакчаларда 1 орунга 30-40 м2эсепте кабыл алынат.
Ясли-бакча менен башталгыч мектептин тилкесинин аянтын бириктиргенде 15 орунга эсептелген ясли-бакча менен 20 окуучуга эсептелген башталгыч мектептин аянтын бириктиргенде ар бир мекеме үчүн тилкенин аянтынын суммасы катары эсептелет, 0,3 га дан аз эмес өлчөмдө кабыл алынат.
7.5 Мектепке чейинки мекемелердин имаратынан кызыл сызыкка чейинки аралык 10 метрден аз болбошу керек. Участоктон терезеси бар турак жай үйүнө чейинки аралык 10 метрден кем эмес, ал эми туюк дубалдуу имаратка чейин 5 метрден кем болбошу керек. Жергиликтүү шарттарга жараша ясли-бакчалардын имараты менен кызыл сызыкка чейинки аралык туурасы 6 метрден кем эмес коргоочу жашыл тилкени калтыруу менен азайтылат.
7.6 Калктын турак жай конушунда жайгашкан балдардын мектепке чейинки мекемеси менен тейлөөнүн радиусун 1000 метрден ашпаган аралыкта кабыл алынат.
7.7 Мектепке чейинки балдар мекемелери КР 31-03:2024 «Көп батирлүү имараттар» Курулуш ченемдеринин Б тиркемесине ылайык көп батирлүү турак үйлөрдүн 1-2-кабатында жайгаштырылат.
8. Жалпы билим берүүчү мектептер жана мектеп-интернаттар
8.1 Айылдык калктуу конуштарда жалпы билим берүүчү мектептерди жана мектеп-интернаттарын жайгаштыруу мектептик тармактарды айыл аралык уюштуруу менен аныкталат. Баштапкы мектептерди ар бир айылдык калктуу конуштарда окуучулардын санына карабастан жайгаштырылат.
8.2 Орто мектепке окуучуларды ташуу транспорттук жеткиликтүүлүктөн тийиштүү 30 минуталык (15 км) аралыкта болушу керек. Алыскы айылдарда жашаган окуучуларды же күн сайын ташып ташып келүүнү уюштурууга мүмкүн болбогондо мектеп-интернаттар каралат.
8.3 Жалпы билим берүүчү орто мектептерде окуучулук орундардын саны толук эмес орто мектептердин окуучуларын 100% жана орто билимдүү балдарды 50% камтууну (калгандары орто мектепти башка мекемелерден алышат).
8.4 Мектеп курагындагы балдардын саны жергиликтүү статистикалык органдардын маалыматтары боюнча аныкталат, ал эми класстардын саны окуучулардын толушуна жараша аныкталат.
8.5 Жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттар атайын тапшырма боюнча билим берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын макулдашуусу менен долбоорлонот.
8.6 Мектептин жана мектеп-интернаттарынын имараттары кызыл сызыктан 10 метр алыстыктагы жер тилкесине жайгаштырылат. Мектеп имаратын айылдын коомдук борборуна жайгаштырууда бул аралык “Кыргыз Республикасынын шаар куруусу жана архитектурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын III бөлүгүндө каралган талаптарга ылайык кыскартылат.
8.7 Жер участогунун аянты төмөндөгүдөй алынышы керек:
- 40 окуучуга чейинки сыйымдуулуктагы башталгыч мектептер үчүн – 0,3 га, 80 окуучуга чейин – 0,5 га;
- окуучуларынын саны 300 гө чейин болгон орто мектептер үчүн – 1,5 га,
600 гө чейин окуучусу менен – 2,0 га, 800 гө чейин окуучусу менен – 2,2 га;
- мектеп-интернаттарынын 280 окуучусуна – 2,0 га жана 340 окуучуга – 2,2 га.
Ошол эле учурда: Реконструкция шарттарында мектептин жер тилкесинин аянтын 25% дан көп эмес өлчөмгө азайтууга болот.
8.8 Жаңы же реконструкцияланып жаткан орто мектептерде авто ишин жана айыл чарбаны механизациялаштырууну, гаражы менен устакананын блогун (мектептер аралык окуу-өндүрүштүк комбинатын тейлөөчү мектептерден сырткары), ошондой эле башка айылдардын балдары үчүн уктоочу корпустарын жайгаштырууга мүмкүн.
Айылдык кесиптик-техникалык окуу жайлары жана атайын орто окуу жайларынын тармагы (техникумдардын, колледждердин) долбоорлоого тапшырма боюнча эмгектик ресурстарга керектөөнү эске алуу менен тармактык принцип боюнча административдик райондордун топторун тейлөө боюнча түзүлөт.
8.9 Кесиптик-техникалык окуу жайларынын жана техникумдардын жер участоктору сыйымдуулугуна жараша алынат:
300 окуучуга чейин – 1 окуучуга 75 м2;
300 дөн ашык окуучуга – 1 окуучуга 50 м2.
8.10 Бир айылдык калктуу конушта жайгашкан кесиптик-техникалык жана орто окуу жайлары бирдиктүү спорттук, атайын окуу-өндүрүштүк, турак жай жана чарбалык аймактарды түзүшү керек.
8.11 Чарбалардын, полигондордун, автотрактородромдордун, окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиникалардын жер участокторунун аянттары окуу жайлардын жер участокторунун жалпы ченемине кирбейт жана атайын долбоорлоого тапшырма боюнча аныкталат.
8.12 Айылдык мектептер аралык окуу өндүрүштүк комбинатынын гаражы менен автотрактородромду жана устакананы аралаш же автономдуу жайгашкан участокко, шуулдактардан коргоону камсыздоочу ажырымдын чегинде жайгаштыруу керек.
8.13 Турак жайларда жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын калкты тейлөө радиусу 1500 мден ашпоого тийиш.
9. Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздандыруу мекемелери
9.1 Калкты медициналык камсыздоону медициналык мекемелердин тармагы менен ишке ашырылат, анын негизги звеносу болуп аймактык ооруканалар, үй-бүлөлүк ооруканалар борборлору, жалпы дарыгердик практика борборлору, ооруларды алдын алуу борбору жана мамсанэпидкөзөмөл болуп саналат.
9.2 Дарылоо-алдын алуучу мекемелердин тармагы айылдар ортосундагы негизде калыптанат. Ага: аймактык оорукана, жалпы дарыгердик практика борборлору, врачтык амбулаториялар, фельдшердик-акушердик, акушердик жана медициналык пункттар, дарыканалар кирет.
9.3 Айыл жергесинде карылар жана майыптар үчүн үй-интернаттар, профилакторийлер жана санаторийлер жайгашат, аларды жайгаштыруу атайын долбоорлоого тапшырма менен аныкталат.
9.4 Ооруканалардын, врачтык-амбулаториялык жана саламаттык сактоонун башка мекемелеринин сыйымдуулугу, жер участокторунун өлчөмдөрү 4-таблицада келтирилген көрсөткүчтөргө ылайык алынат.
4-таблица
|
| ||||
Жайгаштыруу | Мемемелердин түрү | Өлчөө бирдиги | Эсептик норматив | Жер участогунун өлчөмү | |
|
| Калк | Тартылган калк | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Район борборунда | Аймактык оорукана поликлиникасы менен
| 1000 кишиге керебет | 9-10 | 4
| 80-100 м2на койку |
| Стационарная поликлиника | көрүнүү 1 сменде 1000 кишиге | 23 | - | 0,3—0,5 га объектке |
| Райондук санэпидемстанция | объект | тапшырма боюнча | тапшырма боюнча | тапшырма боюнча |
| Медициналык тез жардам станциясы | 1000 кишиге машине | 0,1 | 0,1-0,2 (айыл тобуна) | 0,05-0,1 га |
В центральном поселке | Поликлиникасы менен участкалык оорукана, орундарынын саны менен: 50 100 200 | 1000 кишиге керебет
| 5-8 | - |
300 м2 200 м2 100 м2 |
| Балдардын сүт ашканасы | смендеги үлүшү | 4 на 1 реб. до 2 лет | - | 0,1 – 0,3 га |
Ири айылдарда | 1 нөөмөт ичинде келгендерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар дарылоочоу амбулатория 70 100
| көрүнүү сменде 1000 кишиге
| 19
| – | бир объектиге
0,2-0,3 га 0,3-0,4 га |
Орточо айылдарда | Дарыкана Фельдшердик-аку-шердик же дарыкана пункту бар фельдшердик пункт | объект объект
| 1 1
|
| 0,05 га |
Кичи айылдарда | Дарыкана киоскасы бар медициналык пункт | объект | 1 |
| 0,05 га |
Жергиликтүү шарттар боюнча | Майыптар үчүн интернат үйү:
100-200 орун 200-300 орун 300-400 орун | объект
| долбоорго карата тапшырма боюнча |
| бир орунга
150 м2 125 м2 100 м2 |
Ошол эле
| Эс алуу үйү, профилакториялар:
200 орунга 500 орунга | объект
| долбоорго карата тапшырма боюнча | --"--
| бир орунга
150 м2 130 м2 |
9.5 Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо мекемелерин жайгаштыруу үчүн санитардык-гигиеналык шарттары боюнча кыйла ыңгайлуу участоктор тандалып алынат. Ооруканалардын, карылар үчүн жана майыптар үчүн үй-интернаттарынын корпустарын магистралдык жолдордон оолак, кызыл сызыктан 20 метрден кем эмес алыстыкка жайгаштырат. Карылар үчүн жана майыптар үчүн үй-интернаттары обочолонгон участоктордо жана турак жай конуштарында жайгашышат.
9.6. Оорукананын территориясы: инфекциялык эмес дарылоо корпустары, инфекциялык дарылоо корпустары, поликлиникалар, бак-парктар, чарбалык зоналарга бөлүнүшү керек. Аймактардын ортосунда туурасы 15 метрден кем болбогон жашыл бактарды кароо керек. Дарылоо корпустарына жана чарбалык аймактарга кирүүчү жай өз-өзүнчө болууга тийиш.
9.7 Ооруканалардын, карылар үчүн жана майыптар үчүн үй-интернаттарынын курулушунун жыштыгы 12-15% чегинде алынат. Жашыл бактар участоктун аянтынын 60%дан кем эмесин түзүшү керек.
9.8 Оорукананын же үй-интернатынын территориясына кире беришке автоунаалар үчүн ачык унаа токтоочу жайды кароо зарыл.
9.9 Оорукананын, поликлиниканын, же үй-интернатынын башкы кире бериш жерине эс алуу үчүн аянты 50 м2 тан кем болбогон көрктөндүрүлгөн аянт бөлүнүп, скамейкалар орнотулушу каралат.
10. Маданият жана искусство мекемелери
10.1 Айылдын отурукташуу системасында жайгашканына жараша маданият жана эс алуу борборлору түзүлөт, алар имараттарды рационалдуу колдонуу үчүн мектептин имараты менен жанаша жайгашышы мүмкүн. Чакан айылдык калктуу жайларда мектеп маданий-агартуу турмушунун негизги өзөгү болуп саналат.
10.2 Маданият жана эс алуу борбору өзүнө: китепкананы, клубду, музейди, бий залын, видеотеканы, көркөм өнөр кол өнөрчүлүктүн улуттук түрлөрү менен менен алектенүүчү жайды жана табигый, тарыхый жана региондун улуттук өзгөчөлүгүн эске алган жайларды өзүнө камтыйт.
10.3 Маданият жана искусство мекемелеринин сыйымдуулугу жана түрлөрү өлчөнбөйт, алар долбоорлоого тапшырма менен аныкталат.
10.4 Сыйынуучу жайлар (мечит, чиркөө ж.б.) атайын тапшырма боюнча калктын диний багыттуулугуна жараша долбоорлонот. Аларда балдарды окутууга класстарды ачууга жол коюлат.
10.5 борборлордо же парктын аймагында жана коомдук пайдалануунун жашыл зоналарына жайгаштырылат.
11. Дене тарбия жана спорт объектилери
11.1 Айылдык калктуу пунктта, бир стадион жана мектеп алдындагы спорттук зал каралат, ал чоңдорду жана мектеп окуучуларын тейлөө үчүн каралат.
11.2 Дене тарбия жана спорттук курулмалардын участокторунун аянттары 1000 тургунга 0, 3 га өлчөмүндө каралат.
11.3 Сүзүүчү бассейндер, аткыч тирлер, улуттук оюндар үчүн (ордо, тогуз коргоол) аянтчалар, ат спорттук (ипподром) жана суу станциялары, вело-лыжа базалары жана башка дене тарбия-спорттук багыттагы обьектилер тийиштүү негиздемеси менен атайын долбоорлоого тапшырма боюнча долбоорлонот.
11.4 Спорттук аянттар жана спорттук оюндар үчүн талааларды, меридиан бойлото узатасынан кеткен октор боюнча жайгаштыруу керек. Спорттук оюндун бир түрү үчүн бир канча аянттарды жайгаштырууда алардын үчтөн биринен ашпаганын кеңдик багыты менен жайгаштырууга жол коюлат.
11.5 Жайык курулмалардын жашылдандыруу үчүн жалпы аянты (талаалардын газондук төшөлмөсүн, жашыл өсүмдүктөрдүн шамалдан жана чаңдан коргоочу бети) 30дан аз эмес, ал эми ачык бассейндердин аянты 35% дан кем эмес болуш керек. Спорттук курулмаларды парктарда жана бактарда жайгаштырууда жашылдандыруунун деңгээли ченемделбейт.
11.6 Спорттук курулмалардын имараттарын кызыл сызыктан 6 метрден аз эмес четтөө менен жайгаштыруу керек.
11.7 Ачык бассейндин участогунда ванна жана көмөкчү жайлар имаратынан сырткары даярдык сабактары үчүн аянттар бир убакта даярдануучулардын ар бири үчүн 4, 5 м2 өлчөмүндө аянтчалар жайгашылат.
11.8 Ачык бассейндердин ванналарын кызыл сызыктан 15 метрден кем эмес четтеп, ал эми турак жай курулуштарынын чектеринен -50 метрден кем эмес аралыкта туздуу жайларга жайгаштырылат.
12. Соода жана коомдук тамактануу ишканалары
12.1 Соода жана коомдук тамактануу жайлары суроо талапка жана атаандаштыкка жараша санитардык, өрткө каршы, экологиялык ченемдерди, ошондой эле региондун улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен долбоорлонот жана болжол менен төмөнкү эсептен болот:
азык-түлүк дүкөндөрү 1000 тургунга 70-50 м2соода залы;
азык түлүк эмес дүкөндөр - 40-30 м2;
ашканалар - 1000 адамга 10 орун.
12.2 Стационардык соода ишканаларынын тармагы майда чекене күркөлөрү, лоток, ларек, павильон жана жылып жүрүүчү кыймылдуу соода ишканалары менен толукталышат.
12.3 Универсалдык ассортименттеги дүкөндөр жана атайын адистешкен дүкөндөр отурукташуунун жергиликтүү тутумунун борборунда атайын долбоорлоого тапшырма боюнча жайгаштырылат.
12.4 Азык-түлүк товарларын сатуу үчүн, тирүү малды жана фуражды сатуу үчүн айылдык калктуу конуштарда азык түлүк жана мал-чөп базарларын уюштуруу каралат.
12.5 Азык түлүк жана адистештирилген базарынын сыйымдуулугу болжол менен 1000 тургунга 8-10 соода орунун рекреациялык чөлкөмдөрдө эс алуучуларды эсепке алуу менен аныкталат.
12.6 Азык түлүк жана адистештирилген базарларын калыптанып калган соода борборлоруна жайгаштырат. Алар айылдар аралык коомдук транспорттун аялдамалары менен жакшы байланышкан болушу керек.
12.7 Мал-жем чөп базарларын азык түлүк базарлары менен байланышпаган жана анын чектеринен жана селитебдик аймактан 200 метрден кем эмес четтеген атайын бөлүнгөн аймакка, базарды башка айылдык калктуу конуштар менен байланыштыруучу жолдго жакын жайгаштырылат. Мал-жем чөп базарынын аянты обьектке - 0,3-0,6 га болушу керек.
12.8 Базардын аймагы калдыктарды зыянсыздандыруучу жерден 1,5 км ден аз эмес жана өндүрүш жана сактоо өнөр жай ишканаларынан жана кампалардан чаңды жана кескин жыттарды бөлүп чыгаруучу жана булгануунун булактары болгон жайдан 500 метрден кем эмес алыс жерде болушу керек.
Базардын аймагы суу түтүгү жана канализация менен жабдылат, базарда санитардык түйүндөр уюштурулат, алар тамак аш продуктыларын саткан эң четки соода орунунан 25 метрден кем эмес жерде жайгашышы керек.
12.9 Соода борборлорунун, өз алдынча турган соода жана коомдук тамактануу жайларынын жер участокторунун өлчөмдөрүн алардын сыйымдуулугуна жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүнө, жайгашуу шартына жараша белгиленет. Болжолдуу эсептеп чыгуу үчүн 5-таблицадан пайдаланууга болот.
5-таблица
|
|
Мекемелер | Объектке карата жер участкасынын өлчөмү же зал ичиндеги 1 орун |
Соода аянты м2 дүкөндөр: |
|
100гө чейин | 0,02 га |
100-250 | 0,02-0,05 га |
250-650 | 0,05-0,1 га |
Базалар: соода орундарынын саны төмөнкү көлөмдөгү азык-түлүк базарлары: |
|
50гө чейин | 0,2-0,2 га |
50-70 | 0,2-0,4 га |
75-100 | 0,4-1,0 га |
200-400 | 1,2-1,4 га |
мал - жем-чөп | 0,3-0,6 га |
Коомдук тамактануу ишканалары залдагы орундун саны менен: |
|
50гө чейин, кошо алганда | 28 м2/ адам |
100гө чейин кошо алганда | 23 |
200гө чейин кошо алганда | 14 |
300гө чейин кошо алганда | 10 |
12.10 Соода жана коомдук тамактануу ишканаларында кардарлар үчүн чөлкөмдө сезондук соода үчүн аянтча каралат. Алар поселоктун ичиндеги жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдор менен жана калктын кыймылынын жолу менен айылдар ортосундагы коомдук транспорттун аялдамалары менен байланышта болууга тийиш.
Соода жана коомдук тамактануу ишканаларынын алдында сарай, бастырма жана кампалардан турган короо кеңейүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен каралат. Чарбалык короонун туурасы 18 метрден кем эмес болууга тийиш
Чарбалык короону тосууну кароо керек.
12.11 Соода жана коомдук тамактануу ишканаларынын эшик жана терезелеринен таштанды чогулткуч жерге чейинки аралык 20 метрден кем болбоого тийиш.
12.12 Автоунаа токтоочу жайларды соода жана коомдук тамактануу ишканаларында иштегендер жана келгендер үчүн уюштуруу керек.
13. Коммуналдык чарба жана тиричилик тейлөө ишканалары
13.1 Коммуналдык чарба жана тиричилик тейлөө ишканаларына: калкты тейлөө үчүн сервистик тейлөөлөр, мейманканалар, өрткө каршы депо жана посттор, мончолор, кир жуучу жайлар, химиялык тазалоо ишканалары, тиричилик тейлөө борборлору, мүрзөлөр, ошондой эле мал көмчү жайлар, устаканалар, коммуналдык кызматтын кампа жайлары кирет, алар өндүрүштүк жана турак жай чөлкөмдөрүндө санитардык- гигиеналык талаптарды сактоо менен жайгаштырылат.
13.2 Мейманканалар топтук отурукташуу системасынын борборлорунда суроо талапка тийиштүү негиздеме боюнча 1000 тургунга 3-6 орунга эсептелип жайгашат.
13.3 Өрткө каршы депо 5 миң адамга 1 машина эсептелип жайгашат, бирок 2 ден кем эмес машина. Чакан калктуу конуштарда өрткө каршы постторду түзүү каралат, өрткө каршы депонун тейлөө радиусу 3 км ден ашпоосу керек.
Өрткө каршы депонун же өрт өчүрүүчү посттордун имараттарын кызыл сызыктан 10 метрден кем эмес четтөө менен жайгаштырат. Өрттүк депонун участогунун аянты 0,3 – 0,6 га, өрт өчүрүүчү посттун аянты - 0,02 га.
13.4 Мүрзө селитебдүү айматын чегинен сырткары жайгашат жана ал үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 «Ишканалардын, курулмалардын жана башка объекттердин санитардык-коргоочу чөлкөмдөрү жана санитардык классификациясы» Санитардык эрежелерге жана ченемдерге ылайык санитардык-коргоо чөлкөмдөрү түзүлөт. Участоктун аянты 1000 адамга 0,1-0,5 га эсебинде, кире бериш жолго сөзсүз катуу төшөлмө жабылуусу менен аныкталат.
Эң акыркы көмүүдөн 25 жыл өткөндөн кийин жабык мүрзөдөн турак жай курулушуна чейинки аралык 30 метрге чейин кыскартылат.
13.5 Калктын диний багыттуулугуна карай (калктын пропорционалдык катышына карай) мусулман, православ жана башка мүрзөлөрдү өз өзүнчө бөлүп долбоорлоо керек.
13.6 Тиричилик тейлөө борборлору жана комплекстүү кабыл алуу пункттары 1000 адамга болжол менен 9-11 жумушчу орун эсебинде каралып, соода борборлорунун курамында же өз алдынча обьект катары жайгашышы мүмкүн.
13.7 Калкы 200 адамдан аз болгон айылдын тургундарын тиричилик жактан тейлөө устаканалардын жана чачтарачтардын кабыл алуу пункттары тарабынан жүргүзүлөт.
Калкы 200 адамдан ашуун болгон айылдарда комплекстүү кабыл алуу пункттары, мончолор жана кир жуучу жайлар каралат.
13.8 Айылдык турмуш тиричилик үйүнүн аянты:
айылдык турмуш тиричилик үйү үчүн – 0,2 га;
комплекстүү кабыл алуу пункту үчүн – 0,06 га;
мончого 1000 адамга 7 орун эсебинде – 0,06-0,12 га каралат.
13.9 Коомдук дааратканалар парктардын жана калк чогулчу жайларда келген 100 адамга бир орун эсебинде, бирок эки орундан кем эмес санда каралат.
13.10 Экинчи чийки заттарды кабыл алуу пункттарын турак жай үйлөрүнүн терезелеринен жана коомдук имараттардын участокторунун чегинен 20 метрден кем эмес, дарылоо-профилактикалык, балдардын мектепке чейинки мекемелеринен, мектептерден 50 метрден кем эмес аралыкка жайгаштырат.
14. Башкаруу, каржылоо жана байланыш уюмдары менен мекемелери
14.1 Башкаруунун уюмдарына жана каржылоо жана байланыш мекемелерине айыл жерлеринде: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ассоциациялардын башкармалыгы, байланыш бөлүмдөрү жана тейлөө борборлору (калкты тейлөө борборлору) банктын бөлүмдөрү кирет
14.2 Башкаруунун мекемелерин жана байланыш ишканаларын жергиликтүү шартка жараша бир административдик имаратка блоктоштуруу жана кооперациялаштыруу принциптеринде жайгаштыруу максатка ылайык.
14.3 Административдик имараттын участогунда келүүчүлөр жана чарбалык короо үчүн жер калтырууну кароо зарыл.
Административдик имараттын участогуна жанаша автомобилдер үчүн ачык токтотуучу жай каралат.
15. Көчө-жол жана унаа тармагы
15.1 Айылдык калктуу конуштардагы автожолдор тармагы бир мезгилде транспорттук магистрал болуп эсептелет жана кыймылдын жыштыгына карата кийинки категорияларга бөлүнөт:
III - кыймылдын жыштыгы 1000ден 3000 автоунаа суткасына;
IV - 200дөн 1000 автоунаа;
V - 200дөн аз автоунаа.
15.2 Ички чарба жолдору кийинки категорияларга бөлүнөт::
I - c - кыймыл жыштыгы 150 автоунаадан көп суткасына;
II - c - 150 автоунаа 60 км/саат эсептик ылдамдыкта;
III - c - 150 автоунаадан аз 40 км/саат эсептик ылдамдыкта.
15.3 Кыймыл жыштыгы аз болгон ички чарбалык жолдорду долбоорлордо туурасы 3,0 - 4 м келген бир тилкелүү жолду долбоорлоого болот, ар бир 500 м аралыкта атайын аянтчалар түзүмү менен (кенендөөчү) бекемделген жол кырлары унаа ажырымын камсыз кылуу үчүн болгон болсо мүмкүнчүлүк берилет.
15.4 Долборлоо учурунда туура жана узатасынан кеткен профилдери айыл чарба жолдору менен автоунаа жолдорунун жалпы тармагында, айыл жерлеринде колдонууда, төмөнкү 6-таблицада келтирилген.
6-таблица
|
| ||||||
Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Автожолдордун категориялары | Ички чарбалык жолдордун категориялары | ||||
|
| III | IV | V | I-c | II-с | III-с |
Эки багыттагы келе-чектеги суткалык кыймылдын орточо жылдык жыштыгы | авт. сут
| 1000ден -3000
| 200дөн -1000
| 200дөн аз
| 150 дөн ашык
| 150дөн аз
| 150 дөн аз
|
Кыймылдын эсептик ылдамдыгы | км | 100 80-50 | 80 60-40 | 60 40-30 | 70 60-40 | 60 40-30 | 40 30-20 |
Жүрүү тилкесинин саны | даана | 2 | 2 | 1 | 2 | 1 | 1 |
Туурасы: |
|
|
|
|
|
|
|
Жол жээктеринин жол жүрүү бөлүгүндөгү кыймыл тилкелери | м м м м | 3,5 7 2,5 12 | 3 6 2 10 | ченемделбейт,5 1,75 8 | 3 6 2 10 (8) |
4,5-3,5 1,75-2,25 8 (7) |
3,5 1,5 6,5-5,5 |
Эң чоң узундуктагы жантаймалар | % | 50 60-80 | 60 70-90 | 70 90-100 | 60 (90) 70-80 | 70 (100) 80-90 | 80 (100) 90 (120) |
Каршы тараптагы автоунаанын жол үстүндөгү минималдуу эсептик көрүүсү | м
м | 140 100-60
280 200-120 | 100 15-50
200 150-100 | 75 50-40
150 100-80 | 100 75-50
200 150-100 | 75 50-40
150 100-80 | 60 40-25
100 80-50 |
Пландагы эң кичине бурулуу радиусу | м | 400 250-100 | 250 125-60 | 125 60-30 | 200 150-80 (50-15) | 150 80 (15) | 80 50-15 |
дөңчөлөр | миң м. | 10 5-1,2 | 5 2,5-1 | 2,5 1-0,6 | 4 2,5-1 | 2,5 1-0,6 | 1 0,6-0,4
|
чуңкурчалар | миң м. | _3_ 2-1,2 | _2_ 1,5-1 | 1,5 1-0,6 | 2,5 (0,8) 2-1 90,3) | 2 (0,6) 1-(0,6) (0,2) | 1 (0,3) 0,6-0,4 (0,1) |
Ошол эле учурда:
Сызыктын үстүндө түз жерлердин ченеми – көрсөтүлгөн, сызыкча алдында– оор участкалардагы ойдуң жана тоолуу жерлердин, өзгөчө оор шарттары үчүн.
15.5 Жолдор тоолуу жерлерден өтүп жатса, бир кыйла кыймыл беттерден трассаны тоо бетине бурулуштарды салуу менен жүргүзүлөт, мында эсептик ылдамдыкты 15 км/с кемп эмес алуу керек. Негизги бурулуш жолдун эң кичине радиусу 15 м болуш керек, бурулуштагы жолдун жүрүү бөлүгүнүн эңкейшинин өлчөмү 40%, өтүү кыймылынын узундугу 20 м, жүрүү бөлүгүнүн узарышы 3 м, эң жогорку эңкейиши бурулушта - 40%. Бурулуштун имерилиштери кийинки ийри имерилиш менен мүмкүн болушунча узагыраак болуусу керек, бирок 200 м кем эмес.
15.6 Автоунаа жолдорунун I, II, III категорияларын айылдык калктуу пункттардан айланып өткүдөй кылып долбоорлоо керек. Айылдык калктуу чөлкөм аркылуу жол өтүүгө тийиш болуп калса бул аралыкты 30 м чейин азайтууга болот, ызы-чууга каршы чаралар аткарылса.
Бул ажырымдын аралыгында жөө жүрүүчүлөр жолчосу, тротуарлар, жергиликтүү кирүүлөр, токтотмо жайлар менен менчик унаа сактоочу жайлары жайгаштырылат. Жол жүрүүчү бөлүктүн чекесинен жарык берүүчү мамычаларга жана электрөткөргүчтөргө чейинки эң кичине аралык – 2,5 м өзүнчө имараттар менен курулушмаларга (МАИнин күркөсү, павильондор ж.б.) жолдун түз участкасында – 5 м.
15.7 Автоунаа жолдорунун ар кайсы категорияларынын мал-чарба, канаттуу чарбаларына болгон ажырым ченеми 7-таблицада көрсөтүлдү.
7-таблица
|
| |
Жолдордун аталышы | Жолдон карата алынган ажырымдар, м | |
| ири мүйүздүү мал фермасына чейин | Бакма канаттуулар фермасына, бакма канаттуулар фабрикасына чейин |
I жана II категориядагы республикалык маанидеги автоунаа жолдору | 200
| 500 |
III категориядагы республикалык жана райондук маанидеги автоунаа жолдору жана мал айдап өтүүчү жолдор | 150 | 200 |
IV жана V категориядагы жергиликтүү маанидеги башка автоунаа жолдору | 50 | 100 |
15.8 Айыл чарба машиналарынын жана мал тартуучу унаанын кыймылы үчүн I-III категориядагы жолдорду бойлой жергиликтүү жолдор менен айкалыштыруу бөлүнгөн тилкеде, авто жолдордон 1км алыс эмес аралыкта чарбалык жолдордун түшүүсү зарыл.
15.9 Темир жол линиялары - анын колдонушуна жараша 3 категорияга бөлүнөт: I – темир жол магистралдары, II – район аралык жүк ташуучу жана жүргүнчүлөрдү ташуучу темир жол линиялары; III – жергиликтүү маанидеги темир жол линиясы.
15.10 Темир жол линиясына калтырылган тилке менен I категориядагы жолдун аралыгы 25 м ден кем эмес, II жана III категориялар үчүн – 21 м, кирүүчү линиялар үчүн – 12 м. Эгер темир жол линиясы жолдун асты менен же үстү менен өтсө 12 м бийиктикке (тереңдиги) чейин, калтырылган тилкенин туурасы 1,5 м чейин көбөйөт эки тарабынан тең. Айылдык калктуу пункттардын ичинде калтырылган тилкенин туурасы 20 м чейин кичирейет. Турак үйлөр темир жол линиясынын огунан кеминде 50 м алыс жайгашуусу керек.
Ызы-чууну басаңдатуучу тосмолор (түзүлүштөр) орнотулган шартта аралыкты 30 метрге чейин кыскартууга болот.
Ушул пункттун жогоруда аталган ченемдери жерге мунапыс берүү объекттерине жайылтылбайт. Жер мунапысынын объекттеринин максаттуу багытын андан ары өзгөртүүгө жол берилбейт.
15.11 Тынымсыз жөө жүрүүчү кыймыл болгон жерде, темир жол линияларына жөө жүрүүчү тоннелдерди же жер алдынан өтмөк көпүрөлөрдү тиешелүү негизде кароо керек.
15.12 Жаңы учак учуучу жана конуучу жайларды айылдык калктуу конуштардын сыртына жайгаштыруу керек. Эң кыска аралыкты учак конуп – учуучу жайдын чек арасы менен калк жашоочу аймактын арасындагы аралык учак конуп – учуучу жайдын классына, учуп – конуучу тилкенин багытына жана учактардын учуу трассасына көз карандылыгы 8-таблицада келтирилген.
8-таблица |
| ||||||
Селитебдүү аймакка карата учуучу тилке огунун багыты | Селитебдүү аймактарга карата учактар учуучу трасса | Ал кыл класстагы аэродромдор үчүн аралык, км | |||||
А | Б | В | Г | Д | Е | ||
Кесилишет | Кесилишет | 30 | 30 | 20 | 10 | 5 | 5 |
Кесилишет | Кесилишпейт | 17 | 15 | 15 | - | - | - |
Кесилишпейт | Кесилишпейт | 6 | 6 | 6 | 5 | 2 | 1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Ошол эле учурда: Аэродромдордун класстары жарандык авиациянын аэродромдорунун техникалык долбоорлоо ченемдери менен аныкталат.
16. Көчө жана жол тармактары
16.1 Көчө жана чыгып-кирүүчү тармактары жана калыптанып калган ошол жердин рельефине пландаштыруу түзүмүнө жана жараша долбоорлонот.
16.2 Айылдык калктуу конуштун көчөлөрүн долбоорлоодо негизги ченемдер 9-таблицанын негизинде кабыл алынат.
9-таблица
|
| ||||||||
Жолдордун жана көчөлөрдүн категориясы | Эсептик ылдамдык, км/ч
| Жүрүүчү бөлүктүн огуна карата бурулуу радиусу, м | Эң чоң аралыктагы жантайма, %
| Эсептик көрүү аралыгы | Эң кичине тик бурулуш радиусу | ||||
эң азы | сунушталганы | жолдун үстү | каршы дагы авто-унаа | жантыктын алгебралык айырмачылыгы, % | дөңчө, м | чуңкур, м | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
Магистралдык | 80 | 250 | 1000-5000 | 60
| 100
| 200 | 10 | 4000
| 1000 |
Башкы | 60 | 125
| 300-500 | 70
| 75
| 150
| 15 | 2000 | 500 |
Турак жай көчөлөрү | 60
| 60
| – | 80 | 75 | 150
| 15 | 2000 | 500 |
Өтмөк | 30 | 30 | – | 80 | 60 | 120 | 15 | 600 | 200 |
Өндүрүш багытындагы жолдор | 60
| 125
| 300-500 | 70
| 75
| 150
| 15 | 2000 | 500 |
Ошол эле учурда:
1. Эсептик кыймылдын ылдамдыгы жалгыз автоунаа үчүн келтирилген.
2. Эң чоң туура жантык жүрүүчү бөлүктүн бетине – асфальт бетон жана цемент бетон каптамалар үчүн 4% кем эмес деп алынат ал эми калгандар үчүн 5%.
16.3 Жүрүүчү бөлүктүн туура профилдери бордюр борттору менен бир же эки беттүү болот. Туура кесилиш профилдин элементтеринин өлчөмдөрүн жолдун категориясына жана эсептик кыймыл жыштыгына карап 10-таблицанын негизинде алынат.
10-таблица |
| |||
Жолдордун жана көчөлөрдүн классифакациясы | Кызыл сызыктагы туурасы, м | Жүрүүчү бөлүктүн туурасы, м | Эң кичине бурулуу радиусу, м | Тротуардын туурасы, м |
Поселкалык жол – селитебдүү аймак менен өндүрүштүк тармак ортосундагы транспорттук байланыш |
– |
7,0 |
125 |
Не менее 1,0 |
Башкы поселкалык көчө – селитебдүү аймак ичиндеги өндүрүштүк чөлкөм, коомдук борбор, тышкы тармактын автоунаа жолдору менен болгон транспорттук байланыш | 20-30
| 7,0 | 60 | 2,25 |
Жашоочу көчө | 12-18 | 6,0 | 30 | 1,5 |
Чолок көчө | 10-12 | 5,5 | 30 | 1,0 |
Кирип-чыгуучу жол | 10-12 | 3,25 | 30 | - |
Мал айдап өтүүчү жол, чарба жолу | - | 4,5 | - | - |
Эскертүү:
Кесилишкен жана тоолуу рельефтин татаал зоналарында (өзгөчө татаал шарттарда), татаал рельефтин же реконструкциялоонун шарттарында, ошондой эле шаар куруу мааниси жогору болгон аймактарда көчөлөрдүн жана жолдордун долбоордук параметрлерин 15%га чейин кыскартууга жол берилет.
16.4 Туюк кирип – чыгуулардын узундугу 150 м ден ашпаш керек. Туюк көчөлөрдүн жүрүү бөлүгүнүн радиусу 10 м ден кем эмес шакекче түрүндө аякташ керек, же болбосо аянт 12 м жактары менен ар бири, же болбосо ар бир жактары 7 м ден кем эмес үч бурчтук бурулмасы болуш керек. Эгерде бурулуу аянтчасы курулуштун дубалына же тосмого катар келсе ортолукта туурасы 1,5 м келген газон каралышы керек. Турак жайга жана коомдук жайга кирип-чыгуучу жолдордун туурасы 5,5 м, дубалдан 5 м ге алыс аралыкта – өрт өчүрүүчү унаа өтө ала тургандай, өтмөктөр каралат.
16.5 Жеке менчик турак жай курулган көчөлөрдүн аралыгы өрт коопсуздугунун талабына ылайык, төмөндөгүлөрдөн ашык болбоосу керек:
I жана II даражадагы өрткө туруктуулугу бар курулуштар үчүн – 500 м;
III, IV, V – даражадагы өрткө туруктуулугу бар курулуштар үчүн – 300 м.
16.6 Калктуу пунктта автобус каттамынын багыты боюнча 400 – 500 метрден кийин айылдык калктуу конуштун коомдук борборунан жана айылдык калктуу конуштан чыга бериш жерге аялдаманын уюштурулугу каралуусу керек.
Карама-каршы багыттагы аялдамалары жол кесилиштен 15 – 20 м аралыкта жайгаштырылат.
16.7 Түз эмес жерлерде унаа аялдамасы 20%га жетпеген эңкейиште, ал эми өрдө болсо – сөзсүз түрдө өрдүн чокусунда жайгаштырылат. Өр алдында 250 м, өрдөшкө жетпей аялдама орун алыш керек.
Отургузуу аянтчасы узуну 20 м ден кем эмес, туурасы 1, 5 м – 2, 5м ге чейин алынат.
16.8 Айылдык калктуу конуштардын көчөлөрү менен жолдорунда тротуарлар каралышы керек.
Жарык мамычасы тротуардын сыртына орнотулат, ал эми татаал учурда четки таштан 0, 35 – 0, 5 м алыста тротуарга жайгаштырып, мында тротуардын туурасы 0,1 – 1,5 м ге чейин узарат.
16.9 Автобекеттерди жол жээгинен 10 м ден кем эмес аралыкта жайгаштырат. Автобекеттерди долбоорлоонун ченемдери 11- таблицада келтирилген.
11-таблица |
|
Ченемдердин аталышы | Ченемдердин көрөткүчү |
Автобустардын кайрылып бурулуусунун эң кичине радиусу | 12 м |
Акыркы аянтчада бир мезгилде жайгашкан автобустардын эсептик саны
| Түзүмдүн линиясындагы кайрылгандардын жалпы санынан 30% |
Турактагы автобустар үчүн аянт (бирөөнө) | 40 м2 |
Аянтчадагы максималдуу узундуктагы жантайма | 10-12%
|
16.10 Велосипед жолдорун суткасына 250 дөн ашык велосипедчинин кыймыл жыштыгы орун алган учурларда жүрүү бөлүгүнөн 2, 5 м аралыкта жайгаштырууга болот.
16.11 Жол четинде велосипед жолчосун жайгаштыруу инженердик курулуштардын кысымчылык шарттары болгондо гана жол берилет. Бул учурларда жол чети жүрүү бөлүгүнөн чектик таштар менен ажыратылуусу тийиш, ал эми жолчо четки тик таштан 0,75 м аралыктан жакын эмес болуусу керек.
16.12 Бир тилкелүү велосипед жолчосунун туурасы 0,75 м, ал эми эки тилкелүү бир багыттуу кыймыл үчүн – 1,5 м, эки тилкелүү кездешүүчү багыттагы кыймыл үчүн – 2,5 м.
16.13 Жолдордун бөлүгүндөгү кыймыл жыштыгы 100 – 250 велосипедчиге суткасына же ушундай эле жөө жүрүүчү болсо, анда туурасы 2 – 2,5 м биргелешкен тротуарларды салса болот.
16.14 Коомдук багыттагы имараттардын жанындагы айылдык калктуу конуштардагы ачык унаа токтоочу жайлар, төмөндөгү 12-таблицага ылайык каралат.
12-таблица
|
| |
Тейлөө тармагындагы мекемелер жана ишканалар | Өлчөө бирдиги | Эсеп убактысына карата орундардын саны |
1 | 2 | 3 |
Башкаруу уюмдары жана мекемелер | 100 иштеген кишиге | 5 |
Соода борборлору жана 200 м2 ашык залы бар соода ишканалары | 100 м2 соода аянтына | 3 |
Базарлар | 50 жумушчу орунга | 20 |
Ресторандар, кафелер | 100 орунга | 10 |
Маданият үйлөрү, клубдар | 100 орунга | 10 |
Мейманканалар | 100 орунга | 6 |
Маданий курулмалары | каттаган 100 адамга | 10 |
500 дөн ашык адам жайгашуучу трибунасы менен спорт комплекстери | 100 орунга | 3 |
Ооруканалар | 100 орунга | 3 |
Эс алуу жайлар, пляждар, турбазалар, | на 100 посещений единовременно | 5 |
Парктар жана токой парктары | то же | 7 |
Эс алуу уйлөрү жана санаторийлер | 100 каттамга бир убакта | 3 |
Темир жол бекети жана көл жээктер | Кызуу учурлардагы “часпиктеги” 100 жүргүнчүгө | 10 |
Ошондон улам: Унаа токтоочу жайдагы бир унаа үчүн 18 - 25 м2 каралган.
16.15 Автоунаа сактоочу жайлар жеке курулуш тургундары үчүн там артындагы участкаларга, ал эми секциялык мүнөздөгү үй тургундары үчүн тайпалык авунаа сактоочу жайлар каралган.
Жашоочу жайдан гаражга чейинки аралык 800 метрден ашпоого тийиш жана аралык Кыргыз Республикасынын 11-апрель 2016-жылдагы № 201 токтому менен бекитилген “Ишканалардын, курулмалардын жана башка объекттердин санитардык-коргоочу чөлкөмдөрү жана санитардык классификациясы” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдерине ылайык кароо керек.
16.16 Бир кабаттуу автоунаа сактоочу жай бир унаа үчүн 30м2 жер тилкеси кабыл алынат (сырттагы жолдон тышкары).
16.17 Техникалык тейлөө станциясынын аралыгы 13-таблицада келтирилгендей кабыл алынат.
13-таблица. - Жеңил автомобилдерди сактоо үчүн курулмалардан курулуш объектисине чейинки ажырым
| |||||
Ажырым аныкталып жаткан объекттер | Аралык, м | ||||
Сыйымдуулугу төмөнкүдөй болгон ачык автоунаа туруктар жана паркингдер, машина-орун | |||||
10 и менее | 11-50 | 51-100 | 101-300 | свыше 300 | |
Турак үйлөрдүн фасаддары жана терезелери менен тумшук жактары | 10 | 12 | 25 | 35 | 50 |
Турак үйлөрдүн терезелери жок бет маңдайы | 10 | 10 | 15 | 25 | 35 |
Мектептердин, балдар мекемелеринин, кесиптикөтехникалык билим берүү, техникумдардын, эс алуу, ойноо жана спорт аянтчаларынын, балдар аянтчаларынын аймактары | 25 | 50 | 50 | 50 | 50 |
Стационардык тибиндеги даарылоо мекемелеринин, жалпы колдонуудагы ачык спорт курулмаларынын аймактары, калктын эс алуу жайлары (сейил бактар, бакчалар, гүлзарлар) | 25 | 50 | эсептөө боюнча | эсептөө боюнча, м | эсептөө боюнча |
16.18 Техникалык тейлөө станциялары 200 даана жеңил автоунаага бир пост эсебинде долбоорлонот жана анда жер участогунун өлчөмү эске алынат, станциялар үчүн:
10 постко – 1,0 га
15 постко – 1,5 га
25 постко – 2,0 га
40 постко – 3,5 га
16.19 Май куюучу жайларды (МКЖ) долбоорлоодо бир май куюучу колонка 1200 жеңил автоунаага деген эсепти эске алып, алардын жер тилкелеринин аянттары станция үчүн:
2 чоргого – 0,1 га
5 чоргого – 0,2 га
7 чоргого – 0,3 га
9 чоргого – 0,35 га
11 чоргого - 0,4 га
16.20 Жер алдындагы суюк май сактоочу резервуарлары менен МКБнын аралыгынан мектепке чейинки мекемелердин, мектептердин, дарылоо мекемелеринин туруктуу дарылануучулары бар же башка коомдук жана турак жай имараттарына чейинки аралык 25 м ден кем эмес алынат. Келтирилген аралыкты май таратуучу колонкадан жана жер алдындагы резервуардан баштап аныктайт. Автоунаага газ куюучу станциядан тартып аралык кеминде 100 метр.
МКБ дан аралык - эгер суткасына 500 гана жеңил машина тейленсе, анда келтирилген курулуштарга чейинки аралыкты азайтууга болот бирок 10 метрден кем эмес алуу керек.
17. Жашылдандыруу
17.1 Айылдык калктуу конуштарды долбоорлоодо жана курууда жашыл көчөттөрдү максималдуу түрдө сактоо жана колдонуу зарыл.
17.2 Жашыл көчөттөр айылдык калктуу конуштарда төмөндөгүдөй категорияларга бөлүнөт:
жалпы колдонуудагы (сейил бактар, гүлбактар, бульварлар)
чектелген колдонуудагы (өндүрүш зонасындагы көчөттөр, коомдук багыттагы участоктор)
атайын багыттагы (санитардык – коргоо, анын ичинде үн коргоочу, шамал коргоочу, өрткө каршы, сугат жана башка)
17.3 Бир жашоочу үчүн келтирилген жашыл көчөттөрдүн аянтынын өлчөмү төмөнкүдөй:
1500 м деңиз деңгээлинен жогор жайгашкан айылдар үчүн – 5-6 м2.
курорттук аймактарда – 12 м2.
17.4 Курулуш менен бак-дарактарга жана бакчаларга чейинки аралык 14- таблицада келтирилгендей алынат.
14-таблица
|
| |
курулмалар | Окко чейинки аралык, м | |
| дарактынын бутагынын | бадалдын |
имараттардын жана курулмалардын сырткы дубалынан | 5 | 1,5 |
тротуарлар жана бак жолунун жээгинен | 0,7 | 0,5 |
көчөнүн жүрүүчү бөлүгүнөн, же жолдун четинен | 2 | 1 |
жарыктандыргыч тарамдын жарык мамысынан жана таянычынан | 4 | - |
жантайманын, террассанын ж.б. таманынан | 1 | 0,5 |
тирөөч дубалдын таманынан же ички кырынан | 3 | 1 |
жер алдындагы тарамдарынан: газ өткөргүч, канализация | 1,5 | - |
жылуулук түтүктөрүнөн (каналдын бетинен) жана каналсыз төшөлмөдөгү жылулук тармактарынын түтүктүү өткөргүчтөрүнөн | 2 | 1 |
суу түтүктөрү, дренаждар | 2 | - |
күчтүк кабелден жана байланыш кабелинен | 2 | 0,7 |
Эскертүү. Келтирилген өлчөмдөр дарактын сөңгөгүнүн диаметри 5 м ден ашпагандарга жана жоон сөңгөктүү дарактар үчүн аралык мындан чоңураак болуш керек. | ||
18. Жалпы колдонуудагы көчөттөр
18.1 Ар бир калктуу пунктта аймакты эс алууга ылайыктап жайгаштырууну карап чыгуу керек: сейил бактарды, гүлбакчаларды же жалпы айылдык бактарды, бульварларды.
18.2 Айылдык бактын же сейил бактын аянты 1 га, гүлбакчаныкы – 0,5 га ны түзүш керек. Жашыл көчөттөр үчүн сейил бактын же гүл бакчанын аянтынын 70%ы бөлүнүш керек (спорттук- машыгуу курулуштарысыз).
18.3 Айылдык калктуу конуштарга жакын болсо мурдагы токой аймактарын пайдалануу менен токой паркын уюштуруу сунушталат.
18.4 Сейил бактарды, бактарды же гүл бакчаларды долбоорлоодо ландшафттын кооз элементтерин эске алуу керек (дарыялардын жана көлмөлөрдүн жээктери, дөңсөөлөр ж.б). Мүмкүнчүлүк жетишинче көлмөлөрдү, декоративдүү бассейндери курууну караштыруу керек.
18.5 Сейил бак аймактарында кийнки зоналарга бөлүп коюу орундуу: активдүү эс алуу (спорттук жана оюн аянттары, атракциондор, бий аянтчалары, эстрада) жана тынч эс алуу (окуу залдары, тынч оюн түрлөрү жана башкалар).
Балдар аянтчалары бир зонадагыдай эле башка зоналарда да жайгаштырылат.
18.6 Гүлбакча аймактарында чоң эмес тынч эс алуу аянтчаларын, балдар аянтчаларын, чөмүлүүчү жана декоративдүү бассейндерин орнотушат.
18.7 Бульварларды уюштурууда унаа магистралынан сырт, жөө жүрүүчүлөрдүн массалык агымдарын кыймылын байкаш керек. Бульварларда кыска мөөнөткө эс алуучу аянтчаларды жайгаштыруу сунушталат. Бульварлардын туурасы узатасынан кеткен жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдун туурасы 10 м ден кем эмес алынат.
19. Чектелген өлчөмдө колдонулуучу көчөттөр
19.1 Айылдык калктуу конуштарда көчөлөрдүн, жолдордун боюндагы жана аянттардагы жашыл көчөттөр калкты көчөдөгү ызы – чуудан, чаңдан, шамалдан, автоунаа газдарынан күндүн радиациясынан коргонууга жардам берет.
19.2 Көчөлөрдү жашылдандырууга көчөт отургузуунун төмөнкүдөй ыкмалары сунушталат:
бир катарлуу дарактарды тротуар боюна отургузуу (газон тилкелерине отургузууга мүмкүн болбосо же жер алды өткөн коммуникация болсо);
өтүүчү жол бөлүгүн бойлой газон тилкелерине дарактарды бадалчалар менен кезектештирип отургузуу;
газон тилкелерин жана участокторду гүлдөрдү, бактардын бир тобун жана бадалдарды тигүү.
19.3 Бактардын аралыгы дарак сөңгөгүнүн окторунан аралык катар отургузууда 5 м ден кем эмес болуусу керек. Жай өсүүчү дарактын көчөтүн отургузууда дарактардын ортосундагы аралык кийинки суюлтуусунун эсеби менен азайтылышы мүмкүн.
19.4 Жашыл көчөттөрдүн туура тилкесин 15-таблицада көрсөтүлгөндөн кем эмес кабылдоо кажет.
15-таблица
|
|
Тилкелер | Тилкелердин туурасынын минималдуу өлчөмү, м |
1 | 2 |
Бир катар тигилген дарактар же бадалдар менен бир катарга тигилген бак-дарактар: |
|
а) бир катар отургузуу | 2 |
б) эки катарлуу | 5 |
бир катар тигилген бадалчалар газону: |
|
а) бийик (1,8 метрден ашык) | 1,2 |
б) орточо өлчөмдө (1,2 метрден 1,8 метрге чейин) | 1,0 |
в) жапыз (1,2 метрге чейин) | 0,8 |
Бактар тобу менен тигилген газондор | 4,5 |
Ошол эле бадалчалар | 3 |
Газон | 1 |
Ошол эле учурда:
1. Көп катарлуу бадалдарды тигүүдө ар бир кошумча катар үчүн белгиленген кеңдиктин туурасын 40-50 % көбөйтүшөт.
19.5 Тигүү тилкесинин туурасы арык менен сугаруудан тышкары сугаруунун ар түрдүү түрүндө берилди. Арык менен сугарууда туурасы арыктын туурасындай көбөйөт.
20. Атайын багыттагы жашыл көчөттөр
20.1 Санитардык коргоону тилкесинен туурасы 100 м жана адам көп болсо калк отурукташкан аймак тарабынан, бак-бадалдуу туурасы 50 м келген жашыл тилкени караштыруу зарыл, ал эми тилкенин туурасы 100 м ден аз болсо - 20 м ден кем эмес.
20.2 Өндүрүш чөлкөмүнүн тилкесинин чек арасында, жана да өндүрүш комплекстерин бири биринен бөлүүдө туурасы 5 м болгон жашыл тилкени караштыруу керек.
20.3 Жер алдындагы суу алуучу жайларды жашыл көчөттөр менен коргоодо биринчи алкактын чегинде санитардык коргонуу зонасы жер алдындагы корголгон сууларды колдонуу менен 30 м ден кем эмес аралыкта жетишээрлик сакталбаган жер алдындагы сууларды колдонуу менен 50 м ден кем эмес аралыкта жайгаштырыш керек, жер алдындагы булакка жана эс алуучу жайларга салыштырмалуу.
20.4 Өрткө каршы жашыл көчөттөр өрткө коркунучтуу жайларды айланта отургузулат. Алар эки катардан кем эмес коюу жалбырактуу көчөттөрдөн турушат.
20.5 Ызы – чууга каршы жашыл тилкелер обьектиге келүүчү ызы-чуудан алкак түрүндө жайгашыш керек.
20.6 Токойсуз райондордо жайгашкан айылдык калктуу конуштар үчүн шамал багыттары көбүрөөк келген тарапка 20 – 50 м келген коргонуучу жашыл көчөт алкактарын түзүү каралышы керек.
20.7 Короо жайга танапташ участокторго, фермердик жана дыйкан чарбаларга вегетативдүү жол аркылуу көбөйтүлгөн пирамидалык түрдөгү терек көчөттөрүнүн (эркек үлгүсүнөн алынган калемчелери) 2 катар отургузулат.
20.8 Жарлардын пайда болуусунун алдын алуу, жээктерди жеп кетпес үчүн өзөн жана арык бойлоруна жашыл көчөттөрдү отургузуу керек.
21. Аймактарды инженердик даярдоо
21.1 Айылдык калктуу конуштарды инженердик даярдоо үстүңкү катмардагы сууларды алып кетүү үчүн өзүнө тик (вертикалдык) тегиздөөнү, сугат, жер алдындагы суунун денгээлин төмөндөтүү, көчкүлөрдөн, кулоолордон коргонуу, суу каптоодон жана селден сактанууну камтыйт.
21.2 тегиздөө (вертикалдык) жүргүзүүдө долбоордук белгилерди табигый рельефти сактоо шартында белгиленет, жер кыртышынан үстүңкү сууларды алып өтүү- кыртышты эрозияга учуратпаган ылдамдыкта, аз көлөмдөгү жер иши менен, ал курулуш аянтчалардагы чыгарылган ашыкча топурак кийинки колдонуусун эсепке алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
21.3 Тик (вертикалдык) тегиздөө аймакка жер көчкүнү, саздактыкты, топурактын отуруп калуусун алып келбөөгө тийиш.
Жер көчкүнүн алдын алуу үчүн тектирлерди тик кесүүгө, кабаттоого жол бербөө зарыл.
21.4 Үстүңкү катмардагы сууну алып өтүүдө бассейнди толук соолутуш керек (көлмөлөрдөн, жарлардан, суу агымынан). Ачык суу алып кетүүчү түзүлүштөр колдонулуусу мүмкүн (арыктар, кюветтер, лотоктор).
Суу алып өтүүчү түзүлүштөрдү уюштурууда жол, тротуар, турак жайга кирүүчү жолдор менен кесилишсе жол алды менен көпүрө салуу кажет.
21.5 Суу агызуучу өстөндөрдү куруу жолу аркылуу айылдык калктуу конуштарды жер үстүндөгү суулардан коргоо зарылчылыгын караштыруу керек.
21.6 Жер алдындагы суулардын жогорку деңгээли мүнөздүү аймактарда, ал суулардын денгээлин төмөндөтүү чаралары каралат. Үй курууга тийиштүү тилкелерде капиталдык курулуш үчүн жер алдындагы суунун деңгээлин ылдыйлатуу чаралары сарыктыргыч тарамдарын орнотуу жолу менен аткарылууга тийиш (аймактын долбоордук белгиси менен эсептегенде) тереңдиги 2 м ден кем эмес, ал эми сейил бак, стадион, гүл бакча жана башка жашыл көчөттөрдү отургузуу үчүн 1 м ден кем эмес.
Жер алдындагы курулуштар жана имараттар үчүн суу каптоого каршы коргоону чаралары көрүлүшү керек.
21.7 Жеке менчик курулуштарынын чөлкөмдөрүндө ачык же жабык түрдөгү сарыктыргыч тармактар каралат.
21.8 Жер алдындагы суунун деңгээлин ылдыйлатуу иш чараларында айылдык калктуу конуштардын жанындагы өзөндөрдүн агымы жөнгө салынып, анын дренаждык күчүнүн таасири ылдыйлап турушу, ошондой эле сел агымдарынан коргоолор кириш керек.
21.9 Көл, дарыя, ж.б. көлмөлөр боюнда орун алган айылдык калктуу конуштар, убактылуу ташкындардан корголуусу тийиш (кар эригенде, жамгырда) жана дайыма болуучу ташкындан (суу сактагычтардын түзүлүшүнө байланыштуу) чөлкөмдү жууп кетүүдөн жантыкты 0,5 м ден кем эмес бийикте суу горизонтунун бийиктигинен эсептелген толкун бийиктиги менен бирге алынат.
Эсептелген бийик суу горизонту деп 100 жылда бир жолу кайталанган суунун эң бийик деңгээлин алабыз (1% чыгым) - курулуштар жана курулуучу имараттар үчүн; 10 жылда бир жолу - сейил бак, спорт аянтчалары туруучу тилкелер үчүн.
21.10 Толкун таасирин азайтуу үчүн капталга топурактар төгүлөт. Жээк капталдары суу деңгээлинен өйдө эңкейиштин 1:2 катышынан жогору болбоого тийиш, тапталуунун бекемдигине карай жээк тилкеси ыңгайлаштырылат, жашылдандырылат массалык эс алуучу жайлардын орду аныкталуу менен (кум жээк, жээк сейил бактары, спорт аянтчалары).
Көлмөлөрдө жана башка айылдык калктуу конуштардагы орун көлчөлөрдө жана сууларда - камсыздалышы керек:
эсептик суунун деңгээлин кармап туруу;
күз – жаз убагындагы мезгил менен сууну алмаштырып туруу;
автоунаа менен суу алууга кирүү мүмкүнчүлүгү;
көлмөлөрдүн тереңдиги жайкы-күзгү мезгилде 1,5 м ден кем эмес, мезгил-мезгили менен өскөн чөптөрдү алып турганда - 1 м ден кем эмес.
21.11 Айылдык калктуу конуштардын чегинде көлмөлөрдү жайгаштыруу жер алдындагы курулушка жана жашыл көчөттөргө залакасын тийгизе турган суунун деңгээлин көтөрбөөсү керек.
21.12 Айылдык калктуу конуштарда эрозия баскан жана жар түзүүчү шарттар болгон болсо, алардын өнүгүшүнө каршы чаралар каралышы керек. Жергиликтүү шартка ылайык (жер алдындагы суунун бары жана чыгуусу, жардын өсүү тенденциясы анын тектирлеринин бекитилишинин даражасы, кыртыш – кумдак көрсөткүчү ж.у.с.) төмөнкүлөрдү карап чыгуу керек:
үстүңкү катмардагы сууларды алып өтүүнү иреттөө, беттерге аңгек казуу жана беттерине лоток орнотуу
тик беттерди тегиздеп кабаттоо;
чөп себүү жана көчөттөрдү отургузуу менен тик беттерди бекемдөө;
суунун агымын жайлатуу үчүн, байлоолорду уюштуруу;
жардын таманын бекитүү;
уюштурулбаган жер үстүндөгү агынды сууларды токтотуу;
суу буруучу каналдарды орнотуу, нөшөр сууларды бекемдөө;
Жар болуудан сактануу үчүн күрөштө ушул чаралардын жыйындысы толук аткарылганда жетишүүгө болот.
21.13 Кээ бир убактарда келтирилген негиздемеге ылайык жарлар толтурулуп, жар болтуруучу суулар алынып өтүлөт, суу өткөрүүчү аңгек жана дренаждык коллектор орнотулушу каралат.
21.14 Тоо бетиндеги аймактар, жээктеги беттер, эррозия болуучу өрөөн, жер көчкүгө кабылган жерлер, жана да жер көчкү жүрүүчү жерлерден курулушка жер бөлүп берүүгө жол берилбейт.
21.15 Турган курулуштарды сактоо, жаңы курулушту жайгаштыруу аталган чөлкөмдөрдө бирден бир убактарда гана жол берилет, техникалык – экономикалык негиздеменин аркасында жана геоморфологиялык, инженердик – геологиялык, гидрологиялык изилдөөлөрдүн негизинде.
21.16 Жер көчкүлүү аймактардагы айылдык калктуу конуштардын алкагында ар бир урунттуу учурларда кийинки ишөчараларды белгилеп коюу керек (өз алдынча же жыйындылар түрүндө):
жер үстүндөгү агымдарды жөнгө келтирүү, кармап калуучу ачык арыктар, лотокторду түзүү менен;
дренаждык системаларды жер алдындагы суулар үчүн куруу, бет тилкелеринде капталган;
капталдын негизине (астына) каптал эрозиясынан сактоочу жабдыктарды орноштуруу;
түртүп туруучу жабдууларды куруу, түртүп туруучу дубал сыяктуу;
жер көчкү зонасындагы кыртышты жасалма түрдө химиялык, физикалык, техникалык түрдө күчтөндүрүү;
дарактарды, бадалдарды отургузуу менен беттердин кыртышын бекемдөө.
21.17 Сел жүргөн жерлерде айылдык калктуу конуштарды долбоорлоодо төмөнкүдөй иш чаралар зыяндуу кесепеттерди азайтуу үчүн каралыш керек:
дарак – бадал өсүмдүктөрүн отургузуу;
жантык беттерди түздөп, кабаттоо;
сел кетүүчү дарыялардын нуктарын түздөө, жээктерин бекемдөө;
плотиналарды, байлоолорду сел топтолуучу жерлерге куруу;
чуңкур, аңдарды, сел багыттарын өзгөртүүчү тосмолорду, алып өтүүчү каналдарды куруу.
21.18 Айылдык калктуу конуштарды жана айыл чарба өндүрүш обьектилерин долбоорлоодо, кийинки кайра рекультивациясы менен курулушка бөлүнгөн ошол курууга каралган жерлердин үстүңкү бай жемиштүү кыртыштарын алып коюу иш-чаралары каралат.
21.19 Аймакты инженердик даярдоо долбоорлоо боюнча тапшырманын негизинде аткарылат.
22. Жер титирөөгө жана чөгүп кетүүгө каршы иш чаралар
22.1 Эгерде 10.4. жана 10.5.-пункттарга ылайык кыйшык жыгач арчындар менен күчтөндүрүлсө 9 баллдан азыраак жер силкинүү коркунучу бар аймактарды салттуу чопо-баткак менен курууга жол берилет (сынч, сокмо, баткактан урма, саман, чийки кирпич), ал эми сейсмикалуулугу 9 баллдан көбүрөөк болсо – уруксаат берилбейт.
22.2 Коомдук жайларды (мектеп, оорукана, клиника, медпункт, клуб, бала бакча, дүкөндөрдү) курууда 9.1-пунктта көрсөтүлгөн материалдар менен курууга жол берилбейт.
22.3 10.1 пунктта көрсөтүлгөн материалдарды колдонуу менен мал кармай турган жайларды, кампа жана башка керектүү курулмаларды, бир кабаттуу турак үйлөрдү курууга болот.
22.4 Жыгач арчындын түркүктөрү кыйгач бекитилип, пайдубалга кынапталат. Түркүктүн арасы 1 м ден көп эмес болуп, имараттын бурчтарына, эшик жана терезе оюктарынын кырларына орнотулат.
22.5 Арчындардын (каркастын) узуну 4,5 м ашпаш керек. Айланта арчындын периметрин жана ички жагын тактай же брус менен бир бирдиктүү система кылып байлоо керек.
22.6 Байлаштырууну эки катар: бирөө терезе оюктарынын үстүңкү деңгээлинде, экинчиси терезе оюктарынын астыңкы деңгээлинде орнотуу сунушталат.
22.7 Устундарды арчындын түркүгүн бастырып бекемдеп байлайт. Устундардын үстүнө тактайчаларды же фанер бастырмасын жайгаштырат. Шып (турак үйдүн) фанерадан же жыгач-булалуу плиталары менен жабылат. Шыпты жылуулоодо жеңил боштуктагы материалдар колдонулат.
22.8 Конструкциядан басымды берүү арчын (каркас) элементтери аркылуу уюштурулат. Эки беттүү чатыр жаба турган болсо стропилаларга кошумча бекитүү орнотулат.
22.9 Пайдубалды монолит бетонунан орнотот. Пайдубалдын тереңдиги жердин сейсмикалык тоңуу тереңдигинен, бирок 90 см ден кем эмес аныкталат.
22.10 Мештерди, түтүн чыгуучу түтүктү өрт коопсуздук чараларын сактоо менен кирпичтен жасап, металл шакекчелер менен бекемдөө зарыл.
22.11 Курулушту чөкмө кыртыштарга салуу, жылытуу түзүмдөрүн, суу түтүктөрүн жана агынды кубурларын, агууларды тез жок кыла тургандай мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен долбоорлонот.
22.12 Пайдубалдын алдындагы суунун чыпкаланышын жоюу керек, ал үчүн:
үйдүн айланасын туурасы 1,5 м ден кылып бетон куюп чыгуу же жогоруда айтылгандай таптап чыгуу керек - туурасы 2 м айланта;
арык түзүмдөрүн чыпкалоочу материалдар менен кийгизип чыгуу;
суу түтүктөрүнөн чыгуучу жыртык, тешикти жоюу зарыл.
23. Инженердик жабдуулар
23.1 Айылдык калктуу конуштардагы инженердик жабдууларга суу жабдуу, агындылар, санитардык тазалоо, жылуулук менен жабдуу, газ, электр менен жабдуу, радиолоштуруу, телефондоштуруу, санитардык тазалоо, калк жашоосун керектүү санитардык-гигиеналык шарттар менен камсыздоо кирет.
Инженердик жабдууларды долбоорлоодо керектүү эрежелер топтому жана ушул бөлүмдүн талаптары сакталышы керек.
23.2 Инженердик түзүмдөрдү же болбосо өзүнчө элементтерин тандоодо, алар башка салыштыруулар менен негизделип варианттары техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү - баалоодон өтүшү керек.
23.3 Аз кабаттуу курулуштарда автономдуу же тайпалык инженердик жабдуулар колдонушу мүмкүн.
23.4 Шаарга же шаар тибиндеги поселокторго жакын жайгашса, айылдык калктуу конуштар үчүн, инженердик жабдууларды кошууну долбоорлоодо, аларды шаардын башкы пландарына ылайыктап кошууну караштыруу керек.
24. Суу менен камсыздоо
24.1 Чарбалык жана ичүүгө керектелүүчү суунун керектөөсү 16-таблицада келтирилген ченемдер боюнча аныкталат.
16-таблица
|
|
Турак жайдын аймагын ыңгайлаштыруу даражасы | Бир жашоочунун орточо суткалык суу керектөөсү (жыл бою) л/сут |
Ички суу өткөргүчтөр жана канализация менен жабдылган ваннасыз имараттын курулушу | 125-160 |
Ошол эле, ваннасы жана жергиликтүү жылытуучу жабдуусу менен | 160-230 |
Турак жай курулушунун аймагын аббаттоо даражасы | Калктын жан башына чарбалык жана ичүүчү суунун конкреттүү керектөөсү, орточо суткалык (бир жылга), л/сут |
Жабдылган борборлоштурулган ысык суу жабдыктары менен имарат курулушу | 250-350
|
Суу таркатуучу колонкалардан суу жабдуусу | 30-50 |
Ошол эле учурда:
1. Өзүнчө суу керектөөчүлөрдүн чарбалык-ичүүчү жана үй тиричилигине керектелүүсү турак жайда жана коомдук жайдагысы эсепке алынган.
2. Өзүнчө суу керектөө таблицада көрсөтүлгөндөй суу менен жабдуу жаратылыштык-климаттык шартынан суу камсыздоо булагынын кубаттуулугунан жана жергиликтүү шарттарга көз карандылыгына жараша алынат.
3000 кишиге чейинки жашоочулары менен айылдык калктуу конуштарда мындан азыраак көлөмдө суу керектелет.
Салыштырмалуу суу керектөөнү климаттык же башка жергиликтүү шарттарына жараша ыңгайлаштыруу даражасына карата 10-20% өзгөртсө болот.
24.2 Канаттууларды, малдарды, айбанаттарды кармоодо керектелүүчү суу 17-таблицада көрсөтүлгөн өлчөмдө белгиленет.
17-таблица
|
|
Суу керектөөчүлөр | Суу керектөө өлчөмү 1 баш үчүн, л/суу |
Сүт багытындагы уйлар | 100 |
Эт багытындагы уйлар | 70 |
Букачарлар жана кунаажындар | 60 |
2 жашка чейинки торпоктор | 30 |
6 айга чейинки музоолор | 20 |
Жумушчу жана субай жылкылар | 60 |
Асыл тукум аттар жана кулундуу бээ | 80 |
Айгырлар | 70 |
1,5 жашка чейинки тай, кунандар | 45 |
Чоң койлор | 10 |
Токтулар | 2 |
Өндүргүч камандар, чочколор | 25 |
Төл берген чочколор | 60 |
Субай чочколор | 25 |
Жаш чочколор | 15 |
Торопойлор | 5 |
Бордолуп жаткан чочколор | 15 |
Ветеринардык дарылоодогу 1 чоң малга | 100 |
Ошондой эле 1 кичине малга | 50 |
Түлкү жана песецтер | 7 |
Норка, кундуз, коёндор | 3 |
Тооктор | 1 |
Күрптөр | 1,5 |
Өрдөктөр, каздар | 2 |
Ошол эле учурда:
1. Калган өндүрүштүк чыгымдар үчүн керектелүүчү суунун өлчөмү технологиялык маалыматтардын негизинде аныкталуусу зарыл.
Мал, канатуу жана айбанаттар үчүн сааттык тегиз эмес суу керектөөнү 2,5 деп алынат.
Жаш канаттуулар учун суу менен камсыз кылуу нормаларын эки эсе кыскартуу керек.
Ченемге имараттарды, капастарды, сүт куюлуучу идиштерди, тоют даярдоо, сүт муздатуу үчүн чыгымдалуучу суунун өлчөмү киргизилген.
Кургак жана ысык райондордо бул ченемдер 25%га көбөйтүлгөн.
Кыктарды суу менен арылтууда ар бир баш үчүн суткасына кошумча түрдө 4 л ден 10 л чейин суу каралат (арылтуунун түрлөрүнө жараша)
24.3 Чарбалык суу керектөөнүн өлчөмү кайра иштетүүчү жана өндүрүш ишканаларында чарбалык – ичүү керектөөсүнө бир адам үчүн сменине 25 л сарпталат.
24.4 Жергиликтүү өнөр жай ишканалары үчүн суу керектөө айылдын чарбалык-ичүүчү керектөөлөрүнө суунун чыгымы 5-10% өлчөмүндө алынат.
24.5 Сугат жана жууп тазалоо үчүн суу чыгымдарынын өлчөмү 18-таблицада келтирилген.
18-таблица
|
|
Сугаруунун түрү | Бир сугаруу, бир жууп-тазалоо үчүн суу чыгымынын өлчөмү (л/ м2) |
1 | 2 |
Көчөлөрдүн жакшыртылган беттерин жана көчө тротуарларынын беттерин механикалаштырылган жуугуч |
1,2-1,5 |
Тротуарлардын жана көчөлөрдүн жакшыртылган жабууларын механизацияланган сугаруу | 0,3-0,4
|
Тротуарлардын, көчөлөрдүн жакшыртылган жабууларын шланг аркылуу кол менен сугаруу | 0,4-0,5 |
Сейил бактардагы жана гүлбактардагы жашыл көчөттөрдү сугаруу | 3-4 |
Газондорду жана гүлзарларды сугаруу | 4-6 |
Топурактуу кышкы күнөсканалар | 15 |
ушул эле стеллаж түрүндөгү кышкы | 6 |
Парниктердин бардык түрү | 6 |
Короо алдындагы участокторду сугаруу (сугаруу убагы узактыгы – 6 саат) | 4
|
Ошол эле учурда:
Аянттардын ыңгайлаштыруусуна ылайык маалымат болбосо (көчөттөр, өтмөктөр) сугат үчүн бир жашоочуга суунун жалпы чыгымы табигый-климаттык шарттарга, суу менен камсыздоонун кубаттуулугуна, айылдык калктуу конуштардын аббаталган даражасына жана башка жергиликтүү шарттарга жараша 50-90 литрге чейин кабыл алынат.
24.6 Айылдык калктуу орундар үчүн тышкы өрт өчүрүлүүгө кетчү суунун чыгымы 19-таблицада келтирилген
19-таблица
|
|
| |
Калктуу орундагы жашоочулардын саны, миң адам | Бир мезгилде болуучу өрттүн эсептик саны | Тышкы өрт өчүрүүгө кетчү суу чыгымы л/суткасы имараттын кабаттуулугунда (отко чыдамдуулук даражасына карабай) | |
2 ге чейин | 3 же андан көп | ||
До | 1 | 10 | 10 |
Более 5 до 10 | 1 | 10 | 15 |
Более 10 | 2 | 10 | 15 |
Ошол эле учурда:
Калкы 500 адамга чейинки айылдык калктуу конуштар үчүн тышкы өрт өчүрүү үчүн суунун чыгымы имараттардын кабаттарынын санына жана отко туруктуулугуна карабастан өрттүн 3 сааттык узактыгы үчүн суткасына 5 л деп алынат.
Айылдык калктуу конуштарда бир мезгилде болуучу эсептик өрттүн санына калктуу пунктка жакын жайгашкан өндүрүш жайлардын өртү кошулат.
24.7 Калктуу орундардагы өрт өчүрүүнүн узактыгынын эсептик убактысы селитебдик эмес өндүрүштүк аймакта аймакта 3 саат деп алынат. Суунун өрткө каршы кол тийбестигинин запасын калыбына келтирүү мөөнөтү 72 сааттан ашпаш керек.
24.8 Жашоо чөлкөмүндөгү сырткы өрттү өчүрүү өрт гидранттары аркылуу жүргүзүлөт, көчө бойлоп орнотулган гидранттар аркылуу, алар бири биринен 150м ден кем эмес аралыкта жайгашуусу керек. 5 миңге чейин калкы бар айылдык калктуу конуштарда, өрткө каршы суу камсыздоочу көлмөлөргө, башка сыйымдуулуктарга кирип чыгуу жолдору, ага унаа сордургучтардын кирип-чыга алуу мүмкүнчүлүгү каралышы керек. Өрткө каршы көлмөлөрдө суунун көлөмү экиден кем эмесболуусу керек. Муну менен ар бир көлмөдө өрт өчүрүүгө суунун жарым көлөмү сакталышы керек.
24.9 Өрткө каршы резервуарлар төмөнкү радиуста жайгашкан имараттарды тейлөө шарттарына жараша жайгаштырылышы керек:
автосордургуч бар болсо – 200 м
мотосордургуч бар болсо – 150-200 м (мотосоргучтун түрүнө жараша).
24.10 Жергиликтүү шартка ылайык суу камсыздоо түзүмдөрү төмөнкүдөй болушат:
бирдиктүү: чарбалык-ичүүчү, өрткө каршы жана өнөр жайлык суу менен камсыздоонун жалпы булагы бар өнөр жай жана турак жай аймактары үчүн;
бөлөк: турак жайлар үчүн чарбалык ичүүчү жана өрткө каршы суу менен камсыздоо чабалык – ичүүчү жана өрткө каршы өздүк түйүндөрдөн камсыздандырылышы мүмкүн.
24.11 Селитебдүү жана өндүрүштүк зоналар үчүн суу менен камсыздоонун бирдиктүү түзүмүн долбоорлоо сунушталат. Төмөнкү учурларды эске албаганда:
өндүрүштүк зонанын аймагында сууга болгон талапты толук канааттандыруучу өздүк суу менен камсыздоочу система бар болсо, өнүгүү келечегин эске алуу менен;
өндүрүштүк зонанын селитебдүү зонадан алыста жайгашса жана жагымсыз топографиялык шарттарда суу менен камсыздоонун бирдиктүү системасын түзүү максатка ылайык келбесе.
24.12 Суусуз же суусу аз аймактарда, ошондой эле таза суу тартыш аймактарда топтук же райондук суу түтүктөрүн колдонуу сунуш кылынат.
24.13 Коомдук бак көчөттөрүн көчөлөрдөгү газондорду жеке тилкени сугаруу чарбалык – ичүүчү түйүндөрдөн алуу сууну колдонуу жана коргоону жөнгө салуу органдары менен макулдашуу аркылуу гана жол берилет.
24.14 Ичүүчү сууну үнөмдөө максатында жеке менчик тилкелерин сугарууну жергиликтүү башаттар аркылуу жүргүзүү керек (өзөн, көлмө, арык аркылуу).
Атайын келтирилген негиздемеге ылайык жашыл көчөттөрдү сугаруу иштерин өзүнчө суу түтүктөрү аркылуу жүргүзүүгө жол берилет.
24.15 Суу керектөөнүн башаты болуп жер астындагы же жер үстүндөгү суулар эсептелет. Суу алуу башатын тандоодо артыкчылык жер алдындагы сууга берилет. Жер алдындагы сууну алуу үчүн суу алып чыгуучу бургу, шахталык кудук, булак болушу мүмкүн.
24.16 Жер үстүндөгү суулардын башаты болуп өзөндөр, көлдөр, суу сактагычтар, каналдар болот.
24.17 Жер астынан сууну алууну долбоорлоодо аймактык гидро-геологиялык башкармалыктын, сууну коргоо жана колдонуу органдарынын, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органынын жыйынтыктарын эске алуу керек.
24.18 Эски суу алуучу жайларды кенейтүүдө же жаныдан жайгаштырууда коңшу тилкелердеги суу алуучу түйүндөр менен болгон байланышы эске алынышы керек.
24.19 Өзөндөн суу алуу айылдык калктуу конуштардын өйдө жагынан орун алыш керек, эгер өзөндүн суусу, суу керектөөнү камсыздай албаса суунун агымын жана керектөөсүн жөндөп туруу үчүн суу сактагыч куруу зарыл.
24.20 Жер үстүндөгү суулар өзүнүн түзүлүшүнө жараша төмөнкүдөй кайра иштетүүнү талап кылат: тундуруу, чыпкалоо, башка даам жана жытты кетирүү жана зыянсыздандыруу. Мындан, реагенти жок тазалоо ыкмасына чоң маани берилет.
24.21 Жер үстүндөгү сууларды пайдаланууда санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын, балык коргоо, сууну коргоо органдарынын талаптары эске алынат.
24.22 Суу алуучу жабдууларды орноштурууда ыңгайлуу жер тилкелери тандалат:
бул жерлер суу каптоого, жер көчкүлөргө, чөгүп кетүүгө жана башка бузууга алып келүүчү жагдайларга туруштук бериши керек (эгер мындай тилкелер жок болсо, ал жерлерди коргоонун чаралары каралышы керек);
турмуш-тиричилик калдыктары жана өндүрүштүк булактарды болтурбоонун, минералдаштыруудан, газдашуудан, темирдин ашыкча көптүгүнөн жана башка суунун сапатын төмөндөтүүчү жагдайларды болтурбаш керек.
24.23 Санитардык тилке төмөнкүлөрдөн турат:
суу алуучу башат – биринчи, экинчи жана үчүнчү алкактан;
суу алуучу жабдуулар үчүн аянттар – биринчи алкактан;
суу түтүктөрү – экинчи алкактан.
24.24 Санитардык коргоонун биринчи алкагында (катуу режимде) суу алуучу жабдуулар, насостук станциялар, тазалоо, сордуруучу жабдуулар жана таза суу үчүн резервуарлар жайгашат.
24.25 Санитардык коргонуунун биринчи алкагынын аймагында суу алуучу түзүлүштөргө тиешеси жок жана милдеттүү түрдө биринчи алкактын аймагында жайгаштырылышы зарыл болгон имараттарды, курулмаларды жана түзүлүштөрдү курууга жана жайгаштырууга, ошондой эле суу түтүктөрү менен иш алып баруучулардын жана башка адамдардын жашоосуна тыюу салынат.
24.26 Биринчи алкактагы аймакта агындыларды кое берүүгө, сууга түшүүгө жана мал жаюуга, кир жууга, балык уулоого, өсүмдүктөргө уу химкаттарды жана минералдык жер семирткичтерди колдонууга тыюу салынат.
24.27 Жер астындагы суу менен камсыздоо булагы үчүн санитардык коргоо зонасынын биринчи тилкесинин чек аралары (суу өткөргүч курулмаларынын жана артезиан скважиналарынын тосмолорунан санитардык коргоо зонасынын биринчи тилкесинин чек араларына чейин) төмөнкүлөр болууга тийиш: ишенимдүү корголуучу горизонттор үчүн - 30 мден кем эмес, ал эми корголбогон же жетишсиз корголгон суу менен камсыздоо булактары үчүн инфильтрациялык курулмалардан 50 м жана 100 м кем эмес аралыкта.
Суу менен камсыздоо булагы катары инфильтрациялык сууну пайдаланууда санитардык-коргоо зонасынын чек аралары суу алгыч менен суу сактагычтын ортосундагы жээк зонасын камтууга тийиш.
Мында төмөнкүлөр болушу керек: Кыртыштын булгануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган объекттин аймагында жайгашкан жалгыз жер астындагы суу алгычтар үчүн алардан тосмого чейинки аралык 15 жана 25 мге чейин болушуна жол берилет.
24.28 Турак жай, өндүрүштүк мүнөздөгү жана башка имараттардын санитардык кайтаруу зонасы биринчи алкактын чек арасына жакын жайгашкан учурларда биринчи алкак аймагынын булгануусуна жол бербөө үчүн ал территорияларды аббаттоо боюнча чаралар кабыл алынууга тийиш.
24.29 Бир калыпта эмес суу керектөөнү, бир калыпта ишенимдүү жөндөп туруу үчүн суу өткөрүү түзүмдөрү үчүн запастык идиштер суу алуучу мунаралар, же сордургуч станцияларынын алдында экинчи көтөрүлүүдөгү сыйымдуулуктар орнотулуп, аларда жөндөөчү авариялык жана кол тийгис өрткө каршы суунун запасы турушу керек.
24.30 Болжолдуу эсептик көрсөткүчтөр жөндөөчү сыйымдуулуктары бир суткалык керектөөгө ылайык 20-таблицада көрсөтүлгөн ченемдей болуш керек
20-таблица |
|
Суу керектөө м3/суткасына | Суу басым мунарасынын пайыздагы суткалык суу керектөөсүнүн жөндөөчү сыйымдуулугу |
50 | 35-50 |
50-100 | 25-35 |
100-300 | 20-30 |
300-500 | 15-30 |
более 500 | 12-20 |
24.31 Суу алуунун сырткы пункттары (суу алуучу колонка, шахталык кудук, жалпы керектөөчү) атайын аянтчаларды 2х2 м – суу алуучу колонкалар үчүн жана 2х3 – шахталык кудуктар үчүн кызыл линиядан сыртта жайгаштырылат.
24.32 Бул көрсөтүлгөн аянчалардан суу алып өтүү камсыз болуш керек. Сырткы суу алуу пункттарынын тейлөө радиус аралыгы 100 м ден ашпаш керек.
25. Саркынды суулар (канализация)
25.1 Саркынды сууларды алып чыгууга, ички суу түтүк тарамы менен камсыздалган жана бар бардык объектер кирет.
25.2 Селитебдик зонадагы турмуш-тиричиликтер чыккан сууларды алып чыгуу суу керектөөнүн кабыл алынган нормаларына ылайык келүүсү зарыл (16-таблица).
25.3 Айыл чарба объекттериндеги өндүрүштүк агынды сууларды алып чыгуу ченемдери технологиялык маалыматтардын негизинде кабыл алынат.
25.4 Сууну алып чыгууга биринчи кезекте турак жайлар, коомдук имараттар, ошондой эле айыл чарба азыктарын кайра иштеп чыгуучу ишканалар кирет.
25.5 Саркынды суу схемалары суу камсыздоо түзүмдөрү менен биргеликте иштелип чыгууга тийиш. Мында тазаланган агынды сууларды өндүрүшкө же айыл чарбасы үчүн сугатка пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароо керек.
25.6 Турмуш-тиричилик жана өндүрүштүк саркынды сууларды биргелешип чыгаруу жана тазалоо мүмкүнчүлүгү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен жана санитардык-гигиеналык талаптардын негизинде бул суулардын курамына жараша аныкталууга тийиш.
25.7 Селитебдик аймактын жер үстүндөгү суулары (жамгыр, эриген суулар, ошондой эле сугат жана жуугуч суулар) ирригациялык арыктар жана каналдар аркылуу айылдык калктуу конуштан алыс бурулат.
25.8 Мал чарба фермаларынын жер үстүндөгү агындылары ачык дренаж системасы аркылуу жергиликтүү сактоочу жайларга жөнөтүлүп, тийиштүү тазалоодон өткөндөн кийин айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн пайдаланылышы керек.
25.9 Жер үстүндөгү агындылар аларды тазалоонун түрлөрү жана даражалары Мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө органдары менен макулдалышы керек.
25.10 Канализациялык тармактарды трассировкалоо ошол жердин рельефин, канализациялык тазалоочу курулмалардын жайгашуусун эске алуу, агындыларды тазалоочу жабдууларды мүмкүн болушунча камтуу менен өзү агып өтүүчү түзүмдөр аркылуу жүргүзүлөт.
25.11 Өзү агып өтүүчү канализациялык түзүмдөр жана басым алдындагы түтүктөр эреже боюнча металл эмес түтүктөрүнөн (асбестцемент керамикадан, темир-бетондон, пластмассадан) жасалыш керек. Металл түтүктөрүн атайын негиздеменин негизинде колдонот.
25.12 Чоң тереңдетилген (7 м ден жогору) өзү агып өтүүчү агынды түзүмдөрүнөн жана дагы агынды жабдуулар түзүмүнө өз алдынча агызуу мүмкүн болбогон учурларда канализациялык насостук станциялар түзүмдөрү каралат.
25.13 Тазалоочу курулуштар үчүн орун тандоодо төмөндөгүдөй талаптарды эске алуу зарыл:
тазалоочу курулуштарды шамал алып кетүүчү багыт көп басымдуу кылган тарапка, турак үйлөргө салыштырмалуу же коомдук жайлардын тайпасына жайгаштырат;
тазаланган агындылар айылдык калктуу конуштун төмөн жагынан өзөнгө кое берилиши керек;
тазалоочу курулуш ээлеген аймак тапталбоого, суу каптоого, жээктен жуулууга дуушар болбошу керек.
25.14 Агындыларды тазалоонун түрлөрү жана даражалары жергиликтүү шартка ылайык аныкталат, тазаланган сууларды өнөр жайга же айыл чарбасына (фермердик) колдонууну эске алуу менен (жер иштетүү үчүн сугат). Турмуш тиричилик агындылары толук биологиялык тазалоо өткөн соң гана колдонуу максатка ылайык.
25.15 Агындыларды тазалоочу курулуштарды жайгаштыруу мамлекеттик көзөмөл органдары кызыктар тарабынын тыянагынын негизинде тандалат.
25.16 Жайгаштырууда жана жер иштетүүгө сугат жерлерин колдонууда саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген нормативдик-укуктук актыларга ылайык иш жүргүзүү керек..
25.17 Тазаланган агынды сууларды сугат үчүн колдонууда жапыз багытталган орто агымдагы жаадыруу менен сугарууда санитардык коргоо тилкеси талаа менен айылдык калктуу конуштун ортосу 1000 м ден кем эмес, ал эми магистралдык жолдордон 100 м ден кем эмес аралыкта болуш керек.
25.18 Агындыларды тазалоочу курулуштун борбордук түзүмү төмөнкүлөрдөн турат:
механикалык тазалоо жабдыгы – майдалагыч тор кум тоскучтар, тундургуч жана тундурманы иштетүүчү жабдуу;
агынды суулардын биологиялык тазалоо курулушунан – ар түрдүү айланма каналдардан чыпкалардан (жасалма шарт), чыпка талааларынан турат- (табигый шарт);
агынды суулардын тазалоого чейинки курулушунан – биологиялык көлмөлөрдүн, кум чыпкаларынын.
25.19 Децентрализациялык (жергиликтүү) системалардын канализациялык тазалоо курулуштары төмөнкүлөрдөн турат:
алдын ала агындарды иштетүүчү курулмалардан – септиктерден;
чыгымынын жана топурак шартынын көз карандылыгынан колдонуучу чыпкалануучу кудуктардын, жер алдындагы чыпкалоо талаалардын, траншейлердин, кумөтопурак чыпкаларын агынды суулардын биологиялык тазалоо курулушунан;
өлчөп берүүчү бөлгүч жабдуудан жана суу алып өтүүчү түтүктөрдөн.
25.20 Артыкчылык табигый шарттардагы агындыларды биологиялык тазалоого берилет.
25.21 Чыпкалоо талаасы ар кандай өндүрүмдүүлүктө болот жана кумдак, таш кумдак, чопо кумдак топурактан, жетиштүү аянты менен кунарсыз жердин шартында колдонулат.
25.22 Чыпкалоо талаасын жайгаштырууда аянтчаны түз, рельефтин жантыгы 0, 02% тен ашпаган жер аянтын тандоо ылайык.
25.23 Чыпкалоо талаасын суулуу жерлер менен чек аралаш жайгаштырууга жол берилбейт.
25.24 Чыпкалоо талаасын жер алдынан суу алуучу курулуштун төмөн жагына белгилүү радиус аралыгында жайгаштыруу керек, ал суу алуучу скважинадан чополуу жерлер үчүн 200м ден кем эмес, кум аралаш чополуу жерден 300 м, кумдак жерден 500 м болуу шарт.
25.25 Чыпкалоо талаасын жайгаштырууда жердин чыпкалоочу жайдан суу алуучу жайга чейинки аралыгы ошол жердин гидрогеологиялык шартына ылайык алынышы керек, суу башатын санитардык кайтаруунун экинчи алкагында жайгаштыруу керек.
25.26 Чыпкалоо талаасынын аянты м3/гектарга болгон басымдан улам алынат, топурактын сапатына, орточо жылдык температурадан жана суунун жер алдына жайгашуусуна жараша болот.
25.27 Борборлошпогон (жергиликтүү) түзүмдөр агындынын чыгымы 15м3/суткасына болгондо кумдак жана кум аралашпаган топурактар жана жер алдындагы суу, жер кыртышынан 1,5 метрден ылдый болсо жер алдындагы чыпкалоочу талаа колдонулат.
25.28 Анча чоң эмес обьекттер үчүн агымдардын чыгымы 1м.куб/суткасына болсо кумдак жана кум аралаш топуракта чыпкалоочу кудуктар колдонулат. Кудуктардын негизи - жер алдындагы суулардан 1 м жогору болуш керек.
25.29 Таш – кумдуу чыпкалар жана чыпкалоочу аңчалар ( траншеялар) борборлошпогон (жергиликтүү) түзүмдөр агындылардын чыгымы суткасына 15 м3га чейин болсо, суу өтүүчү начар чыпкалоочу топурак жер алдындагы суудан лотокту 1 м ылдый алып өтүү сунушталат. Чыпкалоочу шартты түзүү үчүн тыштан алып келинген орто жана чоң дандуу кумдар керектелет.
25.30 Жер алдындагы чыпкалоочу чөлкөмдүн, чыпкалоочу траншеялардын жана таш – кумдуу чыпкалар талаасында огород өсүмдүктөрүн өстүрүүгө болот. Дарак өсүмдүктөрүн бул тилкелерде өстүрүүгө болбойт.
Чыпкалоо талааларынын контуру аркылуу башка сууну сүйүүчү көчөттөрдү өстүрүү сунушталат. Дарак көчөттөрүнүн туурасы 10-20 м ге барабар алынат, айылдык калктуу конуш менен чыпкалоо талаасынын бири биринен узактыгына жараша.
25.31 Бардык жер алдындагы чыпколоочу жабдуулар үчүн, алдын ала агындыларды септиктерден тазалап алуу керек.
25.32 Эгерде агындыларды табигый түрдө биологиялык тазалоого мүмкүнчүлүк болбосо, жасалма жол менен агындыларды биологиялык тазалоо уюштурулушу каралат.
Аларга:
толук кычкылдануучу заводдо жасалган аэротенк;
өз ордунда курулуучу же монолиттүү темирбетондон, механикалык же пневматикалык аэроациясы менен;
жеринде курулган аэротенк тунманы аэробдук жөндөөчүсү бар,
айланма кычкылдантчу канал кирет.
25.33 Аэротенктин бардык типтерин ар кайсы климаттык, геологиялык жана гидрогеологиялык шарттарда колдонууга болот, алар көп аянтты талап кылбайт жана тазалоонун жогорку натыйжалуулугунун туруктуулугун камсыздайт.
25.34 Тазалоонун айланма каналы эсептик температурасы минус 25°С дан кем эмес болгон аймактарда, аэротенкти колдонуу максатка ылайык эмес болгон учурда колдонулат.
25.35 Агындыларды тазалоочу жайлардын жер аянттарынын өлчөмдөрүн табигий биологиялык тазалоодо – эсептөө аркылуу, ал эми жасалма шартта – 21 таблица боюнча алынат.
21-таблица
|
| |||||||
Тазалоочу курулуштар | Кубаттуулугу м3/сут | |||||||
12 | 25 | 50 | 100 | 200 | 400 | 700 | 1400 | |
Заводдук даярдалуудагы толук кычкылдандыруучу аэротенктер, га |
0,01 |
0,12 |
0,14 |
0,23 |
0,38 |
|
|
|
Ошол эле, жеринде курулган механикалык аэрация менен, га |
|
|
| 0,23 | 0,38 | 0,47 |
|
|
Ошол эле, пневматикалык аэрация менен, га |
|
|
| 0,23 | 0,38 | 0,47 | 0,57 |
|
Аэробдук стабилизациясы менен заводдук даярдоодогу аэротенктер, га |
|
|
|
| 0,38 | 0,47 | 0,57 |
|
Жогору жүктөлгөн терең чөмөрүлгөн пневматикалык аэрацисыя менен станция, га |
|
|
|
|
|
|
| 0,90 |
Айланма кычкылдандыруу каналы, га |
|
|
| 0,25 | 0,43 | 0,56 | 0,58 | 1,4 |
Кум чыпкаларына кайрадан тазалагыч орнотуу, га |
|
|
| 0,05 | 0,05 | 0,06 | 0,06 | 0,083 |
Ошол эле учурда: Участкалардын аянты берилди, га.
25.36 Көп эмес көлөмдөгү агынды сууну тазалоодо, аз габариттүү чакан жабдууларды колдонуу максатка ылайык, анан дагы жергиликтүү биологиялык тазалоо курулмалары (жер алдындагы чыпкалоо, таш – кум чыпкасы жана чыпкалоочу аңгекче).
25.37 Эгер көлмө жок убакта же биологиялык тазалоодон алыс жайгашкан болсо, тазаланган жана зыянсыздандырылган агындарды айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн колдонуу сунушталат.
25.38 Санитардык коргоо тилкелери агынды курулмаларынан турак жайларга чейинки, коомдук жайларга жана тамак аш ишканалары үчүн аралыкты алардын келечектеги өнүгүүсүнө ылайык 22-таблицада кетирилген.
22-таблица
|
| ||||
Курулуштардын аталышы | Санитардык коргоо тилкеси метр менен, эсептик кубаттуулукта м3/сут | ||||
| до 1,0 | 1-15 | 15-50 | 50-200 | 200-5000 |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Септиктер | 5 | 15 |
|
|
|
Чыпкалоочу кудуктар | 8 | 25 | 70 | 100 | 140 |
Жер алдындагы чыпкалоочу талаа Таш кумдуу чыпка жана чыпкалоочу аңгекче Тунма аянтчалары менен механикалык курулмалар жана биологиялык тазалоо |
|
| 50 | 200 | 300 |
Ошол эле, тазалоо курулмасынын аймагындагы тунма аянтчалары жок |
|
| 50 | 150 | 200 |
Чыпкалоо талаасы |
|
| 50 | 200 | 200 |
Сугаруу талаасы Биологиялык көлмөлөр Айланма кычкылдануу каналы бар курулма |
|
|
| 150 | 200 |
Толук кычкылданууга аэроциялык орнотуулар |
|
| 50 | 50 | 50 |
Насостук станциялар |
|
| 20 | 20 | 50 |
Ошол эле учурда: Санитардык коргоо тилкесин, турак үйлөр тазалоо курулмасына салыштырмалуу, таблицада көрсөтүлгөндөгүдөн көбөйтөт, бирок эки эседен көп эмес же 25% кем эмес азайтууга болот, шамал багытына оң шайкештүү болсо.
26. Санитардык тазалоо
26.1 Айылдык калктуу конуштардагы тазалоого турмуш тиричилик катуу калдыктарын жыйноо, аны ташып кетүү жана зыянсыздандыруу кирет жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген нормативдик-укуктук актыларга талаптарына жооп бериши керек.
26.2 Катуу калдыктарды тазалоодо айкаштырылган санитардык тазалоону колдонуу максатка ылайык:
мерчемдүү - короо сайын, коомдук борборлор жана турак үйлөр үчүн;
мерчемдүү – кварталдык, жеке турак жай тилкелери үчүн.
26.3 Турмуш тиричилик калдыктарын жыйноо, аларга атайын аянт же курулуш жайы (күркөлөр) каралган таштанды чогултуучу контейнелер аркылуу жүзөгө ашырылат.
26.4 Таштанды чогулткучтардын аянтын же жерин тандоодо төмөнкү шарттар эске алынышы керек:
турак үйлөр менен коомдук имараттардын эшик жана терезелеринен эң кичине алыстоо 20 м болуш керек
тейлөө радиусунун чоңдугу 100 м ден ашык болбош керек.
чыгарып кетүү үчүн жүк ташуучу унаа жыл бою кирип чыга ала турган мүмкүнчүлүк болуу керек.
26.5 Таштанды чогултуучу аянтчанын өлчөмү орнотулган контейнерлердин санынан көз каранды жана 9 (3х3) төн 45 (4х5) м ге чейин алынат.
Алдын ала эсептөөлөр үчүн жабык таштанды чогултуучу имараттардын аянты ар бир таштанды чогултма үчүн 1,5 м2 эсептик катышта кабыл алынат.
26.6 Таштанды жана катуу калдыктар айылдык калктуу конуштардын андан ары зыянсыздандырылышы үчүн атайын тилкелерге же таштанды кайра иштетүүчү заводдорго жок кылынганга ташылып кетип турууга тийиш.
26.7 Катуу турмуш тиричилик калдыктарынын ташып кетүү жыштыгы санитардык тазалоонун түзүмдөрүнө карата (сезонго, климаттык алкакка жана айылдык калктуу конуштун экономикалык акыбалына жараша) жергиликтүү аймактык санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуунун негизинде аткарылат.
Жайкы убактарда калдыктарды чыгарып кетүүнүн төмөнкүдөй мезгил жыштыгын камсыздоо керек:
жеке менчик эмес типтеги турак жайлардан, жалпы жатак жайлардан жана мектепке чейинки мекемелерден, ооруканалардан, поликлиникадан, ашканалардан – суткасына 1 жолудан кем эмес;
мектептерден, кесиптик лицейлерден, клубдардан, соода ишканаларынан, базарлардан, турмуш тиричилик комбинаттарынан - 3 суткада кеминде 1 жолу.
26.8 Тиричилик калдыктарынын жыйноо өлчөмдөрү 23-таблицада берилген.
23-таблица
|
| |
Тиричилик калдыктары | Бир жылга бир адам үчүн бөлүктүк өлчөм | |
| кг | л |
Катуу калдыктар: |
|
|
суу түтүктөрү менен камсыз болгон турак жайлардан |
|
|
канализация, борбордук жылуулук түзүмү жана газ менен | 190-225 300-450 | 900-1000 1300-1500 |
башка имараттардан |
|
|
Коомдук имараттар менен бирге айылдык калктуу конуштар боюнча жалпы саны | 280-300
| 1400-1500 2000-35008-20 |
Канализациясы жоктор үчүн суюк зат | - |
|
1 м2 көчөнүн үстүндөгү шыпырынды | 5-15 |
|
Мында төмөнкүдөй: Күрөң көмүр колдонгондо катуу калдыктардын санын 50% көбөйөт.
26.9 Калдыктарды зыянсыздандыруу үчүн тилкелерди тандоодо Мамлекеттик санитардык көзөмөл органдарына жергиликтүү бөлүмдөрү менен макулдашуу керек. Санитардык коргоо тилкелеринин аянттары жана ченемдери 24-таблицада келтирилген.
24-таблица
|
|
|
Калдыктарды жана калдыктарды зыянсыздандыруу тилкелеринин түрлөрү | Тилкелердин аянттары 1000 т таштанды үчүн жыл ичинде, га | Санитардык коргонуу тилкесинин өлчөмдөрү, м |
Жаңы компост кампалары | 0,04 | 500 |
Калдыктар, полигондор | 0,02-0,05 | 500 |
Компестер талаалары | 1-2 | 500 |
Ассеназизация талаасы Көзөмөлдөгү талапка шайкеш эмес таштанды жайлары | 2-4 | 1000
1000 |
Ошол эле учурда:
Участкага катуу кыртыш менен төшөлгөн подъездер уюштурулушу зарыл.
Зыянсыздандыруу аянтынын айланасына туурасы 5 м ден кем эмес бак жана бадал көчөттөрү отургузулат. Жыйналган катуу калдыктар дайыма обочолонтуу катмары менен жабылып турулушу керек.
26.10 Таштандыны жана калдыктарды ташып кетүү атайын багытта жасалган автоунаалар менен аткарылып турат:
таштанды ташуучу унаа –3,5 миң тургунга бирөө;
ассенизатордук машине –3,5 миң тургунга бирөө.
26.11 Атайы автоунааларды тейлөөгө коммуналдык складдык аймактарда жай каралган (коммун чарбанын базасы). Бир унаага 80 м2 ылайык эсептеги аянтка уюштурулат.
27. Жылуулук менен камсыздоо
27.1 Айылдык калктуу конуштарды жылуулук менен камсыздоо от казандарынан борборлошкон же жекече болушат. Ал өзүнө жылуулукту жана ысык сууну камтыйт.
27.2 Коомдук жайларды жана секциялык турак жайларды жылуулук менен жабдуу борбордук болуп каралат. Жеке менчик турак жайларды жылуулук менен камсыздоо үчүн жеке жылытуу түзүмдөрү борборлошкон кварталдык жылытуу системасы (жылытуучу, жылытуучу – кайнатуучу мештер жергиликтүү отундар менен иштей турган, же болбосо бир же көп түзүмдөгү жылуулук генераторлору, аз метрдүү жана кичине метрдүү от казандар) эң эле үнөмдүү.
27.3 Отундун түрү жылуулук камсыздоочу түзүмдөрүн кабыл алуу маселеси боюнча чечиминде жергиликтүү отун ресурсунун бардыгына карата аныкталат.
27.4 Айылдык жамаатты борборлоштурулган жылуулук менен жабдууну долбоорлоодо ар кандай ведомстволорго жана ишканаларга таандык болгон айыл аймагынан тышкары иштеп жаткан же пландаштырылып жаткан булактарды пайдалануунун мүмкүнчүлүгүн жана максатка ылайыктуулугун эске алуу зарыл. Турак жай жана өнөр жай зоналарын биргелешип же өзүнчө жылуулук менен камсыздоо маселеси калктуу конуштун башкы планынын жана айылдык калктуу конушту пландаштыруу жана өнүктүрүү долбоорлорунун авторлору менен макулдашуу боюнча техникалык-экономикалык эсептөөлөрдүн негизинде чечилет.
27.5 Турак жана коомдук имараттардын өнөр жай же айыл чарба өндүрүшүнүн жылуулугуна, желдетүүгө, аба алмаштырууга кеткен жылуулуктун көлөмү, ошондой эле борборлоштурулган ысык суу жабдылышы колдонуудагы ченемдик документтердин талабына ылайык алынат.
27.6 От казандары туруучу аянтчаны тандоодо төмөнкүдөй талаптарды жетекчиликке алыш керек:
аянтча жылуулук басым күчтөрүнүн борборунда жайгашыш керек, кийинки кезектеги курулуштарга болуучу басым күчтөрүн эске алуу менен;
аянтча максималдуу электр жана суу менен жабдылышына жакын жайгашышы керек;
өрт казандарын орнотууда турак жай бөлүгүнө карата шамалдын басымдуу багыттары эске алыныш керек;
аянтча ыңгайлуу кирип – чыгуулар менен камсыздалышы керек;
27.7 Турак жай өндүрүш тилкесин камсыздоочу от казанда (өндүрүш – жылуулук от казандары) бир комплекске гараждар, кир жуучу ишкана жана башка ишканалар менен бириге алат.
27.8 От казандар имаратын башка имараттар менен калкалап калуу негизги өндүрүштүн технологиялык өзгөчөлүктөрү турган убакта, санитардык гигиеналык өрткө каршы талаптар аткарылганда жана тилкени мерчемдөө талапка шай келген убакта уруксат берилет.
27.9 Коммуналдык тиричилик ишканаларына белгиленген от казандарды долбоорлодо, ал ишканаларга жанаша же сактап долборлоо сунуш кылынат. Дарылоо мекемелеринин корпусуна от казан имараттарын такай жайгаштырууга болбойт.
27.10 Жер аянтынын ченемдерин аныктоодо 25-таблицаны колдонуу керек.
25-таблица
|
| |
От казандарынын жылуулук өндүрүү көлөмү Гкал/саат (мВт) | Жер тилкелеринин өлчөмү, га иштөөчү от казандар үчүн | |
таш көмүр отунунда | газ-мазут отунунда | |
5 ден 10го чейин (6 дан 12 чейин) | 0,7 | 0,7 |
10 дон ашык 50 гө чейин (12 ден ашык 58 ге чейин) | 1,5 | 1,2 |
27.11 От казандарынын имаратынын санитардык коргоо тилкеси ал чыгымдалган отундун түрүнө, анын күлдүүлүгүнө, түтүн түтүктөрү аркылуу чыккан газдар 85-90% болсо, тилкенин туурасы 15 м кем болбош керек.
27.12 Шлак калдыктары жараксыз же аз жараксыз башка багыттарга болгон жер тилкелерине калктуу аймактын сыртына жайгаштыруу керек, бирок от казаны имаратынын аянтчасына мүмкүн болушунча жакындатуу менен.
27.13 Күлдү жана шлактарды көлмөлөргө төгүүгө тыюу салынат. Көлмөлөргө суу ташкыны, нөшөр аркылуу алып чыгуусуна бөгөт коюу чаралары каралышы керек.
28. Газ менен камсыздоо
28.1 Айылдык калктуу конуштарды газ менен жабдуу төмөнкүчө аткарылат: – тиешелүү газ кубурларынан табигый газ менен алынат, суюлтулган газ менен имараттын тобу үчүн жер алдындагы газ сыйымдуулуктарынан;
борборлошкон эмес – жекече газ балон орнотмо аркылуу.
28.2 Чоң жана ири шаарлардын тилкесине көз каранды болгон айылдык калктуу конуштар шаар тибиндеги айылдарга жакын жайгашса, газ менен жабдуу маселеси шаарлар менен шаарчаларды газ менен жабдуу маселелери менен биргеликте чечилиши керек.
28.3 Айылдык калктуу конуштарды газ менен жабдууда чарбалык-тиричилик, коммуналдык керектөөлөр турак жана коомдук жайлар үчүн, жана дагы айыл чарба өндүрүшүндөгү технологиялык керектөөлөр үчүн да эске алынышы керек.
28.4 Бир жылдык газ эсептик чыгымы ар бир керектөөчүгө чарбалык - тиричилик жана коммуналдык керектөөлөр жана да айыл чарба өндүрүшүнүн технологиялары үчүн аныкталат.
28.5 Бир жылдык газ үчүн эсептик чыгым чарбалык тиричилик жана коммуналдык керектөөгө турак жана коомдук жайларда (коомдук тамактануу ишканалары, мончолор, кир жуучу ж.б. жайлар) үчүн ирелештирилген көрсөткүчтөр 26-таблицада келтирилгендей белгиленет.
26-таблица
|
| ||
Керектөөчүлөр | Эсептөө бирдиги | Газ чыгашасынын ченеми, м.куб | |
табигый | суюлтулган | ||
Турак жай имараттары | 1 адамга жылына | 165 | 98 |
Тамак жасоого жана ысык сууга колдонуу (газсыз суу ысыткычы жок) |
1 отуруучу орунга, жыл ичинде (при оборачиваемости - 3) | 200 | 110 |
Тамак жасоого жана суу ысытууга, газдык суу ысытууга | 168
| 76
| |
Коомдук тамактануучу жайлар |
| 60
| 195
|
Мончолор (ваннасы жок) (ваннасы бар болсо) |
| 345
| 260
|
Ооруканалар | 1 жатак орунга | 183 | 98 |
Поликлиника, врачтык амбулоториялар | 1 каттамга | 85 | 52 |
28.6 Өзүнчө турган газ бөлүштүрүүчү пункт (ГБП) сейил бактарда, гүлбактарда, турак жай кварталынын ичинде, айыл чарба өндүрүштүк түзүмдөрүнүн аймактарында жана коммуналдык мекемелерде 27-таблицада көрсөтүлгөндөй аралыкта жайгаштырылат.
27-таблица |
| |||
Газ жөндөөчү пункттун кире беришиндеги газ басымы кг/см2. | Газ бөлүштүрүүчү пункттан аралык кем эмес метрге чейин: | |||
имараттардан жана курулмалардан | темир жолдор-го (жакынкы линияга чейин) | автоунаа жолуна | абадагы электр өткөргүч линиясына | |
6 га чейин | 10 | 10 | 5 | Мамынын бийиктигинен кеминде 1,5 |
6 дан ашык 12 ге чейин | 15 | 15 | 8 | Мамынын бийиктигинен 1,5 тен кем эмес
|
28.7 Тармактык газ түйүндөрү болгон убакта, борборлошкон газ жабдуучу болуп атайын автоунаалар менен ташылып келинген турак жана коомдук жайларга суюлтулган газдын чогултулган сыйымдуулуктары кызмат кылат.
28.8 Чогултулган сыйымдуулук орнотмолор жер алдындагы жана жер үстүндөгү болушат. Сырттагы сууктун абадагы көрсөткүчү минус 20 градустан ылдый болсо, жер алдындагы гана колдонулат. 2,5 жана 4,94 м3 көлөмдөгү сыйымдылуулуктар колдонулат.
28.9 Сыйымдуулук орнотмолорун жайгаштырууда көп жүк жүктөөчү суюлтулган газы бар чоң автоунаалар үчүн ыңгайлуу кирип-чыгуулары бар аянтчалар каралат.
28.10 Группалашкан сыйымдуулук орнотмолору менен турак жай жана коомдук ар түрдүү багыттагы имараттар менен курулмалар үчүн аралык 28 - таблицада келтирилген.
28-таблица |
| |||||
Отко чыдамдуулук даражасынан көз карандылыгынан сырткары имараттар жана курулмалар | м3 жалпы көлөмдөгү, сыйымдуулуктардын аралыктары, м | |||||
жер үстүндөгү сыйымдуулуктан | жер алдындагы сыйымдуулуктан | |||||
| 5 ке чейин | 10 го чейин | 10 дон 20 га чейин | 10 го чейин | 10 дон 20 га чейин | 20 дан 50 гө чейин |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
Маданий-тиричилик тейлөө мекемеси |
40
|
- |
- |
15 |
20 |
30 |
дубалдардагы оюгу менен
| 15 | - | - | 10 | 15 | 20 |
дубалдардагы оюгу жок
| 20 | - | - | 8 | 10 | 15 |
Өндүрүштүк аймакта жайгашкан имараттар | 15 | 20 | 25 | 8 | 10 | 15 |
28.11 Газбаллондук орнотмолорду жайгаштыруу курулуштун ичине жана сыртына да мүмкүн. Баллондорду эки кабаттан ашык имараттардын ичине жайгаштырууга жол берилбейт.
29. Электр менен жабдуу жана сырткы жарык
29.1 Айылдык калктуу конушту электр менен жабдуу аймактык энергетикалык түзүмдөрдөн алынат.
29.2 Электрэнергиясынын керектөөчү кубаттуулугун аныктоодо буларды аныкташ керек:
өндүрүштүк керектөөлөр үчүн – буга окшош ишканалардын ирилештирилген көрсөткүч долбоорун;
чарбалык-тиричилик жана коммуналдык керектөөлөр үчүн –ирилештирилген көрсөткүчтөр 29-таблицада келтирилген.
29-таблица
|
| |||
Турак жана коомдук жайларды ыңгайлаштыруу даражасы | Электр керектөөнүн көрсөткүчү кВт.саат/жыл 1 кишиге | Колдонулган максимум электр басымынын бир жылдык саатынын саны | ||
| биринчи кезекте | эсептик мөөнөттө | биринчи кезекте | эсептик мөөнөттө |
Стационардык электр плиталары менен жабдылбаган имараттар |
500 |
100
|
260 |
3400 |
Стационардык электр плиталары менен жабдылбаган имараттар | 800 | 400 | 3000 | 3800 |
29.3 Трансформатордук орундарды обочолонтуп орнотуу керек. Трансфарматордук орунду турак жай эмес имараттарга кошо орнотуу курулуш жана техникалык шарттарды эске алуу менен уруксат берилет. Жабык бөлүштүрүүчү түзүмдөн кеткен аралык 30-таблицада келтирилгенден кем болбош керек.
30-таблица
|
|
Коңшу имараттын же курулманын отко чыдамдуулук даражасы | Трансфарматордук орундан имаратка чейинки аралык, м |
I и II | 7 |
III | 9 |
IV и V | 10 |
Ошону менен бирге: Турак жана коомдук жайдан трансформатордук орунга чейинки аралык экиден ашпаган, кубаттуулугу 1000 кВт тан ашпаган трансформаторлор үчүн ченемделбейт.
29.4 Айылдык калктуу конуштарды жарыктандыруучу кечки жана күндүзгү убактарда жарыкты көркөмдөөсүнүн бирдиктүү комплекси катарында долбоорлойт. Калк жашоочу жана эс алуучу жайларды, абдан белгилүү жайларды, коомдук борборлорду, жашыл көчөттөрдү өзгөчө жарык кылуу сунушталат.
29.5 Биринчи кезекте жарык менен транзиттик жолдор, коомдук борборлордун чөлкөмдөрүнө келчү көчөлөр, унаа түйүндөрү, көпүрөлөр, темир жол өтмөктөрү, жол өтмөктөрү камсыз болушу керек.
29.6 Айылдык калктуу конуштарда көчөлөрдү жана өтмөктөрдү жарыктандырууда бир жактуу жарык бергич шамдары жайгаштырылат, же бульварлар уюштурулса, эки жактуу жарык берүүчү шамдарга долбоорлоого тапшырма боюнча жол берилет.
30. Телефондоштуруу жана радиолоштуруу
30.1 Айыл жеринде төмөнкүдөй байланыш түйүндөрү түзүлөт:
жалпы колдонуудагы – телефон байланышы, факсимил байланышы, телерадиоберүү программаларын жеткирүү үчүн мобилдик байланыштар;
ички өндүрүштүк – айыл чарба ишканаларынын технологиялык мүнөздөгү маалыматты берүү, диспетчердик байланыш.
30.2 Айылдык калктуу конуштар киши саны 200 жашоочудан өйдө телефондоштурулат.
30.3 Радиотаркатуучу станциялар түйүнү аба аркылуу же кабелдик болуп долбоорлонот. Радиоберүүчү чубалгыларды төмөнкү вольттуу электр каршылыгы бар – 380 В электр мамыларына илсе болот.
31. Инженердик түйүндөр
31.1 Айылдык калктуу конуштарда инженердик түйүндөр эсептик мезгилинин өнүгүүсүн эске алуу менен, комплекстүү түйүн катары, баардык жер үстүндөгү жана жер астындагы коммуникациялардын келечектеги өнүгүүсүнө ылайык долбоорлоо керек. Инженердик түйүндөрдү жолдун туура профилдерине орун калтыруу менен, көчөлөрдү жана жолдорду бойлото жайгаштыруу керек:
курулуштар менен кызыл сызыктын ортосундагы тилкеде – кабелдик түйүндөр, сигнализация жана диспетчердик байланыш; тротуарларда – жылуулук түйүндөрү; бөлүүчү тилкеде – суу өткөргүчтөр, газ өткөргүчтөрү жана чарбалык-тиричилик агындылары.
31.2 Жер алдындагы түйүндөрдү жайгаштыруу имараттарга салыштырмалуу, жашыл көчөттөрдү сугарууда имараттын пайдубалын жууп кетүү коркунучунан алыс болуш керек, жана да түйүндөрдү жөндөө учурунда унааларга тоскоол кылбагыдай жайгаштырылыш керек .
31.3 Жер алдындагы инженердик түйүндөр менен имараттарга, курулмаларга жана жашыл көчөттөргө чейинки аралык 32–таблицада келтирилген.
32-таблица
|
| |||||
Жер алдындагы инженердик түйүндөрдүн аталышы | Жер алдындагы инженердик түйүндөрдөн горизоанталы боюнча аралык, м | |||||
имараттын жана курул-манын пай-дубалына чейин (анын ичинде өтмөктөр менен тоннелдер) | көчөнүн же жолдун четки каптал ташына чейин | көчөнүн же жолдун эң четки таманына чейин | электр кубатын алып өтүүчү мамылардын пайдубалына чейин | байла-ныш түйүнү-нүн мамыла-рынын пайдуба-лына чейин | ||
1кВт ка жана тышкы жарыкка чейин | 1 кВт тан ашык 35 кВт ка чейин | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
Суу кубурлары жана басымдагы агындылар |
5 |
2 |
1 |
1 |
2 |
1,5 |
Өзү агуучу агындылар (турмуш тиричилик жана жамгырдын)
| 3 | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 3 |
Дренаждар | 3 | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 1 |
Жылуулук кубурлары | 2 | 1,5 | 1 | 1 | 2 | 1,5 |
Газ кубурлары: төмөнкү басымдагы (0,5кгс/см3 га чейин) | 2 | 1,5 | 1 | 1 | 5 | 1 |
орточо басымдагы (0,05 тен 3кгс/см3 га чейин) | 4 | 1,5 | 1 | 1 | 5 | 1 |
жогорку басымдагы (3 төн жогору 6кгс/см3 га чейин)
| 7 | 2,5 | 1 | 1 | 5 | 1 |
Жогорку басымдагы (6 дан 12 кгм/см3 га чейин) | 10 | 2,5 | 2 | 1 | 5 | 1 |
Күч кабелдери | 0,6 | 1,5 | 1 | 0,5 | 5 | 0,5 |
Байланыш кабелдери | 0,6 | 1,5 | 1 | Эскертүү боюнча | 5 | 0,5 |
Эскертүү: Күч кабелдеринин аралыгына гана тийиштүү.
Ошону менен бирге: Түйүндү имараттын жана курулманын пайдубалынан ылдыйыраак 0,4 м аралыкта жайгаштырганда таблицада көрсөтүлгөнгө караганда көбөйтсө болот, ар кандай тапуракка, жантыкка жараша колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарына ылайык, ишти жүргүзүү жана кабыл алуу учурунда, жана да суу кубурларын, агындыларды, жылуулук түйүндөрүн долбоорлоодо.
31.4 Сугат аймактарында, чөгүүсү бар кыртышта жер алдындагы инженердик түйүн менен сугат каналына чейинки аралыкты мындан аз эмес ченемде кабыл алабыз.
1 м – газ кубурларынан төмөнкү же ортоңку басымдагы, ошондой эле суу кубурларынан, агындылардан, күйүүчү суюктуктун кубурларынан;
2 м – жогорку басымдагы газ кубурларынан 6 кгс/см.кубга чейинки, жылуулук кубурларынан, чарбалык тиричилик жана жамгыр агындыларынан;
1,5 м – электрдик күч кабелдеринен жана байланыш кабелдеринен.
Суу каналдарынан имараттар менен курулуштун пайдубалына чейинки аралыкты 5 м деп алат.
31.5 Аларды параллель жайгаштыруудагы кошуна инженердик түзүмдөрүнүн горизонталь боюнча эң кичине аралыгы 33-таблица боюнча алынат.
33-таблица
|
| ||||||||||
Жер алдындагы инженердик түйүндөрдүн аталышы
| Горизанталь боюнча жер алдындагы инженердик түйүндөрдөн, м | ||||||||||
суу кубурлары | агынды кубурлары | дренаждар | жылуулук кубурлары | газ кубурлары | 35кВт ка чейинки күч кабелдери | байла-ныш кабелдери | |||||
тышкы каналы бар убакта | каналы жок жаткырууда | төмөнкү басымда 0,05кгс/см2га чейин | 0,05кгс/ см2 ден жогорку орто басымда | жогорку басымда | |||||||
3төн жогору 6кгс/см2 чейин |
| ||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 |
Суу кубуру | 0,7-1,5 | см. прим.1 | 1,5 | 1,5 | 1,5 | 1 | 1 | 1,5 | 2 | 1 | 0,5 |
Агынды (тиричилик) | см.прим | 0,4 | 0,4 | 1 | 3 | 1 | 1,5 | 2 | 5 | 0,5 | 0,5 |
Дренаждык жана жамгыр агындысы
| 1,5 | 0,4 | 0,4 | 1 | 3 | 1 | 1,5 | 2 | 5 | 0,5 | 0,5 |
Жылуулук кубурлары
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
каналдардын сырткы бетинен жаткырууда
| 1,5 | 1 | 1 | - | - | 2 | 2 | 2 | 4 | см.прим2 | 0,5 |
каналы жок жаткырууда | 1,5 | 3 | 2 | - | - | 2 | 2 | 2 | 4 | 2 | 1 |
Газ кубурлары:
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
а) төмөнкү басымдагы (0,05кгм/см2 га чейин)
| 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 1 | 1 |
б) орточо басымдагы (0,05тен жогору 3кгс/ см2га чейин)
| 1 | 1,5 | 1,5 | 2 | 2 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 1 | 1 |
в) жогорку басымдагы (3төн 6кгс/ см2 га чейин)
| 1,5 | 2 | 2 | 2 | 2 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 1 | 1 |
г) жогорку басымдагы (6 дан 12 нгс/см2 га чейин) | 2 | 5 | 5 | 4 | 4 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 2 | 2 |
35 кВт ка чейин күч кабелдери
| 1 | 1 | 1 | 2 | 2 | 1 | 1 | 1 | 2 | 0,1-0,5 | 0,5 |
Байланыш кабелдери | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 1 | 0,5 | - |
Ошону менен бирге:
1. Параллель кеткен жаткырууда чарбалык ичүүчү суу кубурлары жана агынды кубурларынын арасы 1,5 м. ден кем болбош керек, суу кубурларынын түтүгүнүн диаметри 200 мм болсо, жана 3 м ден эгер суу кубурларынын түтүгүнүн диаметри 200 мм ден жогору болсо, жылуулук кубурлары менен электр кабелдеринин ортосундагы аралыкты эсептик көрсөткүч аркылуу алабыз, кыртыштын кошумча жылуусу жыл бою 10 градустан ашпаса – 10 кВ кабелдер үчүн жана 5°С жылуу болсо 10 кВ тан ашкан кабелдер үчүн .
2. Бир убакта параллелдик эки жана андан ашык газ кубурларын жаткырууда бир аңгекте эң кичине аралык, алардын арасында кубур диаметри 300мм ге чейин болсо – 0,4 м. ден кем эмес, 300 мм ден ашык болгон кубурлар үчүн – 0,5 м ден кем эмес болуш керек.
32. Тарых, жаратылыш, маданият эстеликтерин колдонуу жана кайтаруу
32.1 Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча шааркуруу талаптары коргоо чөйрөсүндө адистештирилген илимий-долбоордук уюмдар аркылуу иштелип чыккан коргоо зонасына ылайык жүргүзүлүшү керек. Тарыхый-маданий мурастар объектилеринин бардык түрү калктуу конуштардын Башкы панында жана картографиялык материалдарында белгиленет. Калктуу конуштун тарыхый-маданий мурастар объектилерин коргоо зонасынын долбоорлору 1999-жылдын 26-июлундагы № 91 “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыгат.
32.2 Бардык археологиялык, архитектуралык, маданий, жаратылыш тарыхый эстеликтеринде мамлекеттик органдары менен макулдашылган колдонуу өлчөмү жана режими коргоо зоналарынын долбоору менен аныкталган коргоо зонасы болушу керек.
32.3 Долборлоо жүрүшүндө жергиликтүү эстеликтерди коргоочу уюмдардын белгиленген тартипте макулдашуусу менен бекитүүгө көрсөтүлө турган кошумча эстеликтерди коргоого тийиш болгон эстеликтердин тизмеси кийирилет.
32.4 Турак жай курулуштарды ландшафттын көркөмдүүлүк көлмөлөргө багыттоо керек, аларды сактоо менен бирге, жаратылыш, тарых, маданият жана архитектура эстеликтерин көбүрөөк колдонуу максатка ылайык.
33 Айлана-чөйрөнү жана жаратылыш эстеликтерин коргоо
33.1 Айлана-чөйрөнү коргоо жер ресурстарын, аба бассейнин, суу сактагычтарды, сууларды, жер астындагы суу запастарын, топуракты жана жашыл өсүмдүктөрдү коргоо боюнча чараларды камтыйт.
33.2 Жаратылышты коргоонун комплекстүү иш чаралары райондук мерчемдөөнүн долбооруна негизденет. Жаратылышты коргоо иш чаралары үч багытта жүргүзүлөт:
технология иш-чаралары – прогрессивдик технологияларды киргизүү;
шааркуруу маданияты – так функциялык тилкелөө, унаа магистраллдарын дифференциялаштыруу, ызы – чууга каршы түзүмдөрдү түзүү, жашылдандыруу жана кургатуу, калдыктарды алып чыгып кетүү, зыянсыздандыруу;
санитардык эпидемиологиялык иш-чаралар - калдыктар курумунун түрүн аны тазалоодо аныктоо, атмосферага, жер кыртышына ташталган калдыктарды тазалоону аныктоо, керектүү санитардык коргоонун тилкесин түзүү.
33.3 Жер тилкелерин коргоо иш чаралары негизделген чөлкөмдү жана аянтчаларды өнөр жайлык, өндүрүштүк, граждандык турак жай курулуштарын чарбалык колдонууга багытташ керек. Ишкана жана айыл чарба өндүрүш объектилерин жайгаштыруу үчүн зарыл болгон аймактардын аянтын аныктоодо техникалык – экономикалык негиздемеге таяныш керек.
33.4 Аба бассейнинин коргоо чараларын иштеп чыгууда, абага зыян нерселерди чыгарып салуунун көлөмдөрүн азайтуунун жаңы жеткиликтүү технологиялар аркылуу жана жаратылышты ченемдерди жана эрежелерди колдонуу менен, санитардык –гигиеналык ажырымды башат менен чыгаруунун жана турак жай чөлкөмдөрүнө чейинки аралык 1Тиркемеде келтирилген көрсөткүчтөргө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтому менен бекитилген “Санитардык-коргоо зоналары жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объекттерди санитардык классификациялоо” санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдерине ылайык.
33.5 Айыл чарба ишканаларын көлмөлөр жээгинде жайгаштырууда алар менен өзүнчө байланыш болбогон болсо, жээк бойлой кеткен тилкенин туурасы 30 метрден кем болбоого тийиш.
33.6 Көлмөлөр менен жана суу өтмөктөрү үчүн суу коргоочу түзүлүштү жана суу жөндөөчү тилкени 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Кыргыз республикасындагы суу объектилеринин жана суу коргоочу тилкенин Жобосуна” ылайык жээктен туурасы мындан кем болбогондой кароо керек, метр менен :
суу сактагычтар үчүн – 500
кичи өзөндөр үчүн, узундугу, км:
50 км ге чейин – 100 м;
50 дөн 100 км ге чейин – 200 м;
100дөн 200 км ге чейин – 300 м.
33.7 Токойлуу массивдерди калыбына келтирүүдө токойлуу жана жээктик шалбааны жайгаштырууда ландшафтка жасалган экологогиялык ылайык болуучу басым ченеми 34–таблицада келтирилген.
34-таблица
|
| ||
Жашыл көчөттөрдүн категориялары | Басым, киши – га | ||
| жайкы | кышкы | жыл бою |
1 | 2 | 3 | 4 |
токойлор, анын ичинде: | 2 | 3 | 2,5 |
күңүрт ийне жалбырактуулар
| 2,5 | 3,5 | 3 |
ачык ийне жалбырактуулар | 4 | 5 | 4,5 |
майда жалбырактуу жазы жалбырактуу
| 7 | 9 | 8 |
аралаш ийне жалбырактуу
| 5 | 5 | 4,5 |
токой шалбаасы | 20 | 28 | 24 |
жээк шалбаасы | 22,5 | 30 | 26 |
Ошондон улам: бөксө тоолуу аймакта (жантыктык 3-9 градус) басым 20%, ал эми жантык 10-30 градус болсо – 50% га кичирейет.
33.8 Коруктардын кайтаруу тилкелерин, кайтаруучу ландшафты ар кайсы ишканалардын категориялары, унаа магистралында жана калк жашоочу орундарда 35-таблицага ылайык сакталышы керек.
35-таблица
|
| ||||
Объекттер
| Кайтарууга алынган объекттердин чек араларынан алыстыгы, км | ||||
ар кандай санитардык коркунуч класстарындагы өнөр жай ишканаларынын чек араларына чейин | транспорттук магистралга чейин | курулуш чек арасына чейин | |||
I | II | III-IV | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Коруктар жана улуттук парктар | 10-30 | 5-10 | 1-3 | 1 | 0,3 |
Корукчалар, жаратылыш жана санитардык-курорттук зоналар | 5-10
| 1-3
| 0,5-1
| 0,2
| 0,2
|
Калктын массалык эс алуу чөлкөмдөрү | 5-10
| 0,5-2
| 0,2-0,5
| 0,2 | 0,2 |
Корголуучу ландшафттар жана айрым жаратылыш объектилери | 3-5 | 0,5-1 | 0,2-0,6 | 0,1 | 0,1
|
Ошону менен бирге: биринчи цифралар эң кичинекей алыстоону көрсөтүп турат өнөр жай ишканаларын кайтаруучу обьектилерден (өнөр жай ишканаларын шамалдуу жак менен төмөнкү агым менен). Экинчи цифра – керектүү тилкенин туурасы жагымсыз жактан ишкана жайгаштырылса (жогорку агым боюнча, шамалдаган жактан).
33.9 Чарбанын аймагынан жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары өтө турган болсо, атайын кайтаруу тилкесин 36-таблицадагыдай түзүш керек.
36 –таблица
|
| |
Кубаттуулугу, кВ
| Тилкенин туурасы линиянын огунан эки жакка, м | |
калктуу конуштардан сырткары | калктуу конуштардын чегинде | |
1150 жана андан жогору | 300 | – |
500 | 150 | 36 |
220 | 55 | 18 |
110 | 20 | 14 |
35 | 15 | 9 |
22 жана андан төмөн | 10 | 7 |
34 Ызы – чууга каршы иш чаралар
34.1 Ызы-чуунун негизги булагы болуп темир жолдор жана унаа магистралдары, өнөр жай ишканалары, айыл чарба ишканаларынын атайын обьектилери: гараждар, тактай тилүүчү ишканалар, оңдоп түзөөчү унаа корлору, сордургуч станциялары ж.б. эсептелет.
34.2 Ызы- чуудан коргоочу каражаттарды тандоодо, зарылдыгын жана максатка ылайыктуулугун аныктоодо ызы-чуунун деңгээлинин эсептик негиздерине, айылдык калктуу конуштардын чөлкөмүндө керектүү ченемдик деңгээлге чейин кароо керек.
34.3 Чөлкөмдөрдүн ар кайсы белгиленген жерлериндеги ызы-чуунун деңгээли 37 – таблицада көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдөн ашпоосу керек.
37-таблица
|
| |
Аймактардын түрлөрү | Уруксат берилген ызы-чуунун деңгээли, дБа | |
| түн | күн |
Калктуу конуштардын селитебдүү аймактары | 45 | 60 |
Массалык эс алуу чөлкөмдөрү | 35 | 50 |
Коруктардын жана корукчалардын аймактары | 30 | 35 |
34.4 Ызы-чуунун деңгээлин азайтууда, аларды рационалдуу жол менен жайгаштырып жетишүүгө болот, өнөр жай, кампа объектилерин жана айыл чарба (фермердик) ишканаларынын өндүрүшүн айылдык калктуу конушка жана жалпы эс алуучу жайга карата транспорттук коммуникацияларды рационалдуу трассировкалоо жана ызы-чуудан коргонуучу жашыл көчөттөрдү отургузуунун ар кандай турлөрүн жана көчөттөрдүн тектерин колдонуп. Темир жол жана унаа магистралдары калктуу орундарды кесип өтсө, жолдон турак жайга чейинки аралыкка ызы-чуудан коргонуу тилкелеринин параметрлери орнотулат. Атайын акустикалык эсеп боюнча колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарына ылайык белгиленет.
34.5 Унаа ызы-чуусун, чаңдоону, газдалууну азайтуу үчүн көчөлөрду жана жолдорду долбоорлоодо айылдык калктуу конуштарда төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
жантыкты азайтуу – эмне дегенде, ар бир 2% жантык ызы чууну 1-1,5 дБга көбөйтөт;
көчөлөрдү, жолдорду курулуштарга карата жайгаштырууда жылдык шамал багыттарынын бул чөлкөмдөгү басымдуулугун эске алыш керек, басым кылынган шамал багыттары ызы чууну, булганууларды турак жана коомдук жайлардан алып чыгып кеткидей деңгээлде;
ажырым тилкелерди караштыруу – ызы чууну арылтууга жашыл көчөттөрдү тигүү менен, алардын туурасы 10-25 м.Коргоо тилкесинин туурасы 25-30м ден кем болсо жакшы натыйжа бербесин эске алуу менен, ызы чууну кыскартуунун бирден бир жолу – аралыкты ызы чуу башатынан алыстатуу, жана дагы унаа жолдорун турак жайлардан сыртта алып өтүү(табигый дөбөчөлөрдөн, жарлардан) же жасалма тоскоолдуктар рельефтеринен же жол жанындагы атайын тосмолордун арты менен алып өтүү.
34.6 Унаа жолдорунан ызы-чуудан коргонуу тилкелеринин ызы-чууну азайтуу боюнча өлчөмдөрү 38 – таблицада келтирилген.
38-таблица
|
| |
Жашыл өсүмдүктөр тилкеси | Тилкенин жазылыгы | Ызы-чуунун деңгээлин төмөндөтүү, дБа |
Тилке ичинде шахмат тартибинде бир катарлуу отургузулган дарактар | 10-15 | 4-5 |
Ошондой эле | 16-20 | 5-8 |
Дарактардын арасы 3-5м болгон эки катар
| 21-25
| 8-10
|
Ошондой эле | 26-30 | 10-12 |
Ошол эле учурда. Дарактардын бийиктигин 5 м ден кем эмес алуу керек.
34.7 Радиотехникалык объектерди (радиостанциялар, радиотелевизиондук берүүчү жана радиолокация станциялары) өндүрүштүк генераторлорду, жогорку чыңалуудагы аба электр чубалгыларын жана электр магниттик энергия бөлүп чыгаруучу башка объекттерди жайгаштырууда тиешелүү колдонуудагы Санитардык ченемдер жана эрежелер жетекчиликке алынуусу зарыл.
Радиоактивдүү заттарды өндүрүү, кайра иштетүү, кайра иштетүү, пайдалануу, сактоо, ташуу, утилдештирүү жана утилдештирүү учурунда радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу радиациялык коопсуздуктун ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат.
А тиркемеси
Мал чарба комплекстери менен айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра
иштетүүчү жана сактоочу жайлардын ортосундагы зооветеринардык
ажырымдар
А.1- таблица
|
|
Объекттердин аталышы
| сүт өндүрүүчү, музоолор жана кунаажындар туруучу ишканаларга чейинки эн чоң аралык, м |
Тоют даярдоо боюнча | 100 |
жашылча, жемиштерди, сүттү төмөнкү өндүрүмдүүлүктө кайра иштетүү боюнча: |
|
суткасына 12 т | 100 |
суткасына 12 тоннадан көп | 50 |
мал жана колго багылган куштарды төмөнкү өндүрүмдүүлүктө: | 200 |
1 сменге 10 тоннага чейин | 300 |
1 сменге 10 тоннадан көп | 1000 |
Буудай, жер-жемиш, картошка жана жашылча камплары | 50 |