Редакцияот 04.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ

БУЙРУК

2025-жылдын 4-марты № 1-д

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине

караштуу Архив кызматы тарабынан жеке жактарга жана

юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү архив иши чөйрөсүндөгү

мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын

бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жөнүндө жобонун 12-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2-пунктуна ылайык буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы тарабынан жеке жактарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү архив иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы:

- ушул буйрук менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын милдеттүү түрдө сактоону камсыз кылсын;

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын маалымат такталарына жайгаштырсын.

3. Министрликтин басма сөз кызматы ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.

4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин архив иши боюнча сектору ушул буйруктун көчүрмөсүн үч жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн:

- расмий жарыяланган күндөн тартып - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине;

- күчүнө кирген күндөн тартып – маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары З.К. Кожомуратовго жүктөлсүн.

6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2025-жылдын 4-мартында https://digital.gov.kg/ky/vedomstvennye-akty/prikaz-mczr-kr-%e2%84%961-d-ot-04-03-2025g/ расмий сайтында жарыяланды

 

 

Министри

А.С. Жамангулов