Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-февралы № 75
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын
12-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасында соттук-
медициналык экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө"
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык келтирүү максатында жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 33 "Кыргыз Республикасында соттук-медициналык экспертизаны уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында соттук-медициналык экспертиза өткөрүү эрежелеринде:
- 1, 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Соттук-медициналык экспертиза сот адилеттигинин максаттарына жана милдеттерине кызмат кылат, өз ишин мыйзамдуулук, адамдын, жарандын, юридикалык жактын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, ошондой эле эксперттин көз карандысыздыгы, илимдин жана техниканын заманбап жетишкендиктерин пайдалануу менен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн объективдүүлүгү, ар тараптуулугу жана толуктугу принциптеринде жана эксперттик практикага бирдиктүү методикалык ыкманын негизинде жүзөгө ашырат. Ошол эле учурда анын иши саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү органдарына калкка дарылоо боюнча жардам көрсөтүү сапатын жакшыртууга жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Соттук-медициналык экспертиза жана соттук-медициналык иштин башка түрлөрү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жөнүндө, Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иш жөнүндө мыйзамдарына, жазык, жазык-процесстик, жарандык жана жарандык процесстик мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан чыгарылган буйруктарга жана башка документтерге ылайык жүргүзүлөт.
2. Соттук-медициналык экспертиза Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында турган мамлекеттик соттук-медициналык экспертиза борборлорунда/бөлүмдөрүндө, ошондой эле мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдарда жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик соттук-медициналык уюмдарына уюштуруу-методикалык, практикалык жана административдик-чарбалык жетекчиликти жүзөгө ашырат.";
- 5, 6-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жабырлануучулардын, айыпталуучулардын жана башка адамдардын, өлүктөрдүн соттук-медициналык экспертизалары, буюмдук далилдердин экспертизалары изилдөөнүн лабораториялык методдорун колдонуу жолу менен, жазык жана жарандык иштердин материалдары боюнча экспертизалар соттук-медициналык эксперт дарыгерлеринин кызмат ордун ээлеген адистер тарабынан жүргүзүлөт.
Көрсөтүлгөн кызмат орундарында иштөөгө уруксат берүү тартиби Кыргыз Республикасынын соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
6. Экспертизаны дайындаган адамдын же органдын макулдугу же көрсөтмөсү боюнча соттук-медициналык экспертизанын өндүрүшүнө катышууга соттук медицина кафедраларынын профессордук-окутуучулук курамы, саламаттык сактоо уюмдарынын жана башка ведомстволордун адистери аты-жөнүн көрсөтүү менен тартылышы мүмкүн.
Экспертиза жүргүзүүдө бул адамдар өздөрүнүн процессуалдык абалы боюнча эксперт катары чыгат.";
- 12-пункттагы эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү.
Кесиптик укук бузуулары үчүн медициналык кызматкерлерди жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө иштер боюнча соттук-медициналык экспертизалар, ошондой эле эмгекке жарамдуулугун туруктуу жоготууну аныктоо боюнча экспертизалар жана жазык жана жарандык иштердин материалдары боюнча, анын ичинде комплекстүү экспертизалар, экспертизанын көрсөтүлгөн түрлөрү боюнча сертификацияланган соттук-медициналык эксперттер тарабынан жүргүзүлөт.
Ушул Эрежелердин 12-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн экспертизалар жүргүзүлгөн учурларда эксперттин корутундуларынын көчүрмөлөрү эксперттик уюмдун жетекчисине/эксперттик уюмдун жетекчисинин эксперттик иш боюнча орун басарына же түзүмдүк бөлүмдүн башчысына контролдоо үчүн дароо берилет.";
- 14, 15-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдө айыпталуучунун жана башка адамдардын катышуусуна экспертизаны дайындаган адамдын же органдын уруксаты менен гана жол берилет.
Өлүккө соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө саламаттык сактоо уюмдарынын дарыгерлери, дипломдон кийинки билим берүүчү медициналык академиялардын угуучулары, медициналык жана юридикалык жогорку окуу жайларынын студенттери эксперттик уюмдун жетекчисинин же түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин уруксаты менен катыша алат. Өлүккө соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү процессинде соттук-медициналык эксперт бөтөн адамдарга экспертизага байланыштуу түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана суроолорго жооп берүүгө укугу жок.
15. Экспертиза эксперттик уюмдун базасында жүргүзүлбөгөн учурда саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери соттук-медициналык эксперттерди экспертиза жүргүзүү үчүн жай (өлүккана, бейтапканадагы дарыгердик кабинет) менен камсыз кылат, айнек идиштерди, тараны, таңгактоочу жана лабораториялык изилдөөлөр үчүн арналган объекттерди даярдоо жана таңгактоо үчүн башка материалдарды берет жана башка зарыл болгон жардам көрсөтөт.
Экспертизаны дайындаган адам көрсөтүлгөн объекттерди соттук-медициналык лабораторияга жөнөтүүгө көмөк көрсөтөт.";
- 18-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Экспертиза дайындоо жөнүндө токтомду же аныктаманы алгандан кийин соттук-медициналык эксперттик уюмдун жетекчиси, эксперттик иш боюнча жетекчинин орун басары же түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары экспертиза өткөрүүнү конкреттүү экспертке/эксперттерге тапшырышат жана аларга соттук-медициналык эксперттин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин түшүндүрөт.";
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Соттук-медициналык эксперт экспертиза жүргүзүүдө маселелерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- экспертиза жүргүзүү предметине тиешелүү иштин материалдары менен таанышууга;
- изилдөө жана корутунду берүү үчүн керектүү объекттерди жана үлгүлөрдү алууга;
- корутунду берүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды берүүнү же экспертиза өткөрүүгө башка эксперттерди тартууну талап кылууга. Эгерде соттук-медициналык эксперт тергөөчү, прокурор же сот тарабынан берилген материалдар анын алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн жетишсиз деп тапса, анда ал экспертиза жүргүзүү үчүн кандай материалдар жана документтер керек экендигин так билдирет. Алар берилбеген учурда эксперттик уюм экспертиза дайындаган органдарга коюлган маселелер боюнча корутунду берүүнүн мүмкүн эместигинин себептери жөнүндө жазуу жүзүндө билдирет. Эгерде эксперттин айрым маселелер боюнча гана корутунду берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда ал жөнүндө "Эксперттин корутундусунда" же "Соттук-медициналык экспертиза актысында" көрсөтөт;
- эгерде коюлган маселелер анын атайын билиминен тышкары болсо, корутунду берүүдөн баш тартууга;
- тергөө амалдарын жүргүзүүгө катышууга жана ал өткөрүп жаткан экспертизанын предметине тиешелүү суроолорду берүүгө;
- соттук териштирүүгө катышууга, экспертизанын предметине тиешелүү суроолорду берүүгө. Эгерде экспертиза жүргүзүүдө соттук-медициналык эксперт буга чейин анын алдында коюлбаган, бирок иш үчүн мааниси бар жагдайларды белгилесе, ал аларды өз корутундусунда көрсөтүүгө укуктуу.";
- 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Соттук-медициналык изилдөө объекттери, анын ичинде буюмдук далилдер бекем эсепке алынууга жана сакталууга тийиш. Эксперт экспертиза дайындаган органга же тиешелүү лабораториялык бөлүмдөргө/бөлүмчөлөргө өткөрүп бергенге чейин алардын сакталышы үчүн өзүнөн көз каранды болгон бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Изилдөө объекттерин жана буюмдук далилдерди сактоонун жана жок кылуунун тартиби лабораториялык изилдөөнүн түрүнө (соттук-гистологиялык, соттук-химиялык, соттук-биологиялык) ылайык эрежелер менен аныкталат.";
- 33-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Эксперттердин арасында пикир келишпестик келип чыккан учурунда, алардын ар бири же бир бөлүгү өзүнчө корутунду берет же эксперттик комиссиянын калган мүчөлөрү менен пикири келишпеген эксперт өзүнүн пикирин корутундуда өзүнчө баяндап берет.";
- 36-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- экспертизалардын башталган жана аяктаган күнү жана убактысы, корутунду/күбөлөндүрүү актысынын барактарынын саны.";
- 37-пункт "ата-энесинин" деген сөздөн кийин "мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, социалдык кызматкерлердин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 38-пункттун 4-пунктчасынын экинчи абзацындагы "түп нуска медициналык жана башка документтер" деген сөздөр "медициналык жана башка документтердин түп нускалары же саламаттык сактоо уюмдары күбөлөндүргөн көчүрмөлөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 39-пункттун экинчи абзацындагы "жана документтин кириш бөлүгүндө аталган адамдар" деген сөздөр "же эксперттер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 43-пункттун үчүнчү абзацы "соттук-медициналык экспертиза борборунун директоруна" деген сөздөрдөн кийин "же эксперттик уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисине" деген сөздөр менен толукталсын;
- 46-пункттун экинчи абзацындагы "борборлорунда" деген сөз "бюролорунда" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 48-пункттун эскертүүсү күчүн жоготту деп таанылсын;
- 55-пункттун биринчи абзацындагы "фельдшердин же лаборанттын" деген сөздөр "медициналык каттоочунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 57-пункт "лабораториялардын түрүнө" деген сөздөрдөн кийин ", көлөмүнө жана татаалдыгына" деген сөздөр менен толукталсын;
- 58-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"58. Экспертиза жүргүзүү мөөнөттөрү:
- кайталанган, комиссиялык, комплекстүү экспертизаларды жүргүзүүдө - 30 суткага чейин;
- өндүрүшкө башка адистиктеги бир нече дарыгерлерди тартуу менен татаал изилдөөлөрдү талап кылган чоң көлөмдөгү иштин материалдары боюнча экспертиза жүргүзүүдө - эки айдын ичинде;
- өлүктөрдүн экспертизасында - 30 суткага чейин, бирок изилдөөлөрдүн кошумча лабораториялык методдорунун акыркы жыйынтыгы алынгандан кийин үч суткадан ашык эмес;
- кошумча изилдөөлөрдү жана медициналык документтерди изилдөөнү талап кылган тирүү адамдардын экспертизасында - 30 суткага чейин;
- кошумча изилдөөлөрдү жана медициналык документтерди изилдөөнү талап кылбаган тирүү адамдардын экспертизасында - 5 жумуш күнгө чейин.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун соттук-медициналык аныктоо эрежелеринде:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун соттук-медициналык экспертизалоо тергөөчүнүн, прокурордун, тергөө судьясынын токтомунун же соттун аныктамасынын негизинде гана жүргүзүлөт. Соттун жазуу жүзүндөгү тапшырмасы болгон учурда экспертизага алынганды соттук-медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлүшү мүмкүн.";
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун соттук-медициналык экспертизалоону (күбөлөндүрүүнү) соттук-медициналык эксперт берилген медициналык документтердин маалыматтары боюнча экспертизага алынганды/күбөлөндүрүүчүнү медициналык текшерүү жолу менен жүргүзөт. Мында паспорт же аны алмаштыруучу башка документ боюнча экспертизага алынгандын/күбөлөндүрүүчүнүн инсандыгы милдеттүү түрдө аныкталат; экспертизага алынгандын/күбөлөндүрүүчүнүн көрсөтүлгөн паспорту же аны алмаштыруучу документи "Эксперттин корутундусунда" ("Актыда") көрсөтүлөт. Айрым учурларда экспертизага алынгандын/күбөлөндүрүүчүнүн инсандыгы соттук-тергөө органдарынын кызматкерлери тарабынан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Көрсөтүлгөн ыкмалар менен инсандыгын күбөлөндүрүүгө мүмкүн болбогон учурда - "Корутундунун" ("Актынын") титулдук барагына экспертизага алынгандын/күбөлөндүрүүчүнүн сүрөтү чапталат жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.";
- 12-пунктта:
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- психикалык бузулуу (психикалык оору);".
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- наркомания же токсикомания оорулары;
- же ден соолуктун башка бузулушу.";
- 15-пункттагы "жоготуу" деген сөз "туруктуу жоготуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 18-пункттун үчүнчү абзацы "маалыматтарга" деген сөздөн кийин "(травманын мүнөзүнө жана оордугуна)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 19-22-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Травмага чейин кандайдыр бир оорусу бар же толугу менен же жарым-жартылай функциясын жоготкон дененин кайсы бир бөлүгүндө жабыркоосу бар (майып) тирүү адамга соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдө ден соолугу чың адамдыкындай эле травмадан келтирилген зыян гана эсепке алынат.
20. Денеге жабыркоо келтиргенден кийин мурдагы оорулардын күчөп кетиши, ошондой эле кокустук жагдайлардан, организмдин жекече өзгөчөлүктөрүнөн же медициналык жардам көрсөтүүдөгү дефекттерден улам келип чыккан дененин жабыркоосунун башка кесепеттери ден соолукка келтирилген зыяндын оордугунун квалификациясын өзгөртүү үчүн өзү менен негиз болбошу керек.
Жабырлануучуга алган жабыркоолоруна байланыштуу медициналык жардам көрсөтүүдөгү дефекттердин натыйжасында ден соолугунун абалынын начарлашы травманын кесепетинде ден соолукка келтирилген зыяндын оордук даражасын жогорулатуу үчүн негиз болуп саналбайт. Медициналык жардам көрсөтүүдөгү дефекттин натыйжасында ден соолукка келтирилген зыян жабыркоого жана анын кесепеттерине байланыштырбастан өз алдынча бааланат.
Мындай учурларда соттук-медициналык эксперттер корутундуда келип чыккан начарлоонун же оорунун өтүшүп кетүүсүнүн мүнөзүн жана ал дененин жабыркоосу, ошондой эле медициналык жардам көрсөтүүдөгү дефекттер менен кандай себептик байланышта экендигин көрсөтүүгө милдеттүү.
21. Медициналык жардам көрсөтүүдөгү дефекттер менен шартталган адамдын ден соолугунун абалынын начарлашы ден соолукка зыян келтирүү катары каралат. Медициналык дарылоо жана диагностикалык кийлигишүүлөрдү жүргүзүүдө пайда болгон оорунун өтүшүп кетүүсү, эгерде алар медициналык кийлигишүүлөрдөгү дефекттерге байланыштуу болсо, ден соолукка зыян катары квалификацияланат.
Бул учурда мындай өтүшүп кетүүлөр менен шартталган ден соолукка келтирилген зыяндын оордугу ушул Эрежелердин жоболоруна ылайык аныкталат. Медициналык кийлигишүүлөрдөгү дефекттерди жана алардын ден соолугунун абалынын начарлашына себептик байланышын белгилөө тиешелүү адистерди тартуу менен комиссиялык түрдө жүзөгө ашырылат.
Операциялардан, диагностиканын же башка медициналык кийлигишүүлөрдүн татаал ыкмаларын колдонуудан өтүшүп кетүүлөр, аларды аткаруудагы дефекттер жок болгон жана башка себептердин кесепети болуп саналган учурда (оорулуунун абалынын оордугу, оорулуунун реакциясынын күтүлбөгөн өзгөчөлүктөрү ж.б.) ден соолукка келтирген зыяндын оордугу боюнча соттук-медициналык баалоого жатпайт.
22. Эгерде көптөгөн жабыркоолор бири-бирин өз ара оорлотсо, ден соолукка келтирилген зыяндын оордугу жалпысынан бааланат.
Күбөлөндүрүүчүгө бир нече адам тарабынан бир нече жолу травма келтирүүдөн келип чыккан жабыркоолор болгондо ден соолукка келтирилген зыяндын оордугу өзүнчө бааланат.
Жабыркоолор ар кандай убакытта пайда болгон учурда алардын ар биринин оордугун баалоо өз-өзүнчө жүргүзүлөт.";
- 26-пунктта:
"оордук даражасы" деген сөздөр "оордугу" деген сөзгө алмаштырылсын;
алтынчы абзацтагы "күбөлөндүрүү мөөнөтүн аныктайт" деген сөздөр "экспертиза жүргүзүү/күбөлөндүрүү мөөнөтүн аныктайт. Ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун аныктоонун мүмкүн эместиги жөнүндө жүйөлүү түшүндүрмө экспертти экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо камтылган башка маселелерди чечүү зарылдыгынан бошотпойт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 28-пунктта:
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- психикалык бузулуу (психикалык оору);";
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи, тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"- наркомания же токсикомания оорусу;
- же ден соолуктун башка бузулушу.";
- 29-пунктта:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) баш сөөктүн төбө сөөктөрүнүн жана түбүнүн ачык жана жабык сынышы, баш сөөктүн төбөсүнүн тышкы сөөк пластинкасынын гана обочолонгон жаракасын, ошондой эле бет скелетинин сөөктөрүнүн сыныгын кошпогондо;";
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) сыныктар жана чыгып кетүүлөр же денедеги сыныктар же моюн омурткаларынын доголорунун эки тараптуу сынышы, ошондой эле I же II моюн омурткаларынын доголорунун бир тараптуу сыныгы, анын ичинде жүлүн функциясын бузбаган сынык;";
16-пунктчадагы "белдин ылдый жагынын" деген сөздөр "бел жактагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 31-пункттун биринчи абзацындагы "0,04" деген цифралар "0,01" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 36-пункт төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү.
Психикалык бузулуу деп психикалык ооруну түшүнүү керек; психикалык оорулардын тобуна нерв системасынын бузулушуна байланыштуу оорулар, реактивдик абалдар (психоздор, невроздор) кирбеши керек.";
- 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37. Психикалык же ден соолуктун башка бузулушун жана алардын алынган травма менен байланышын диагностикалоо психиатриялык, наркологиялык жана токсикологиялык экспертизалар аркылуу жүргүзүлөт. Психикалык бузулуудан (психикалык оорудан) же ден соолуктун башка бузулушунан улам ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун баалоо соттук-медициналык эксперттер комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт, ага зарылдыгына жараша психиатр, нарколог, токсиколог кирет. Психикалык бузулуунун патологиялык себептерин жокко чыгаруу үчүн экспертизага катышууга кошумча неврологдор жана нейрохирургдар тартылышы мүмкүн.";
- 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39. Жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү үчтөн биринен кем эмес олуттуу түрдө туруктуу жоготуу (33 пайыздан ашык жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү туруктуу жоготуу).
Медициналык жардам көрсөтүүгө (көрсөтпөөгө) жана анын натыйжасына карабастан жалпы эмгекке жөндөмдүүлүктү үчтөн биринен кем эмес олуттуу түрдө туруктуу жоготууга алып келген ден соолукка келтирилген оор зыянга төмөнкүдөй жабыркоолор кирет:
1) күң жиликтин ачык же жабык сынышы: муун ичинде (жилик башы) же муун тегерегиндеги (анатомиялык моюнчанын, дөмпөк алды же дөмпөк аркылуу) же хирургиялык моюнча же күң жиликтин диафизи;
2) чыканак муунду түзгөн сөөктөрдүн ачык же жабык сынышы;
3) кар жилик сөөктөрүнүн ачык же жабык сынышы жана чыгып кетиши: чыканак сөөктүн өйдөңкү же ортонку үчтөн бир бөлүктөрүнүн сынып, жандооч сөөктүн башынын чыгып кетиши менен коштолушу (Монтеджа сынып-чыгышы) же жандооч сөөктүн ылдыйкы үчтөн бир бөлүгүнүн сынып, чыканак сөөк башынын чыгып кетиши (Галеацци сынып-чыгышы);
4) жамбаш чөйчөгүнүн жылышып ачык же жабык сынышы;
5) кашка жиликтин проксималдык бөлүмүнүн ачык жана жабык сынышы: муун ичиндеги (кашка жиликтин моюнчасынын жана башынын сынышы) же муундан тышкары (вертел аралыгындагы, вертел аркылуу сынышы), чоң жана кичи вертелдердин өз алдынча сыныгын кошпогондо;
6) кашка жиликтин диафизинин ачык жана жабык сынышы;
7) тизе томугун кошпогондо, тизе муунду түзгөн сөөктөрдүн ачык жана жабык сынышы;
8) жото жилик диафизинин ачык жана/же жабык сынышы;
9) эки жото жиликтин кызыл ашыктын томугунун ачык жана жабык сынышы, жото жиликтин муун үстүнүн сыныгы менен жана тамандын чыгып кетиши менен дисталдык жото жилик аралыгындагы синдесмоз үзүлүп чыгып кетиши менен айкалышканда;
10) жүлүн жана жамбаш органдарынын функциясынын бузулушу менен кыр арканын көкүрөк жана бел бөлүмүнүн бир же андан көп чектеш омурткалардын компрессиялык сынышы;
11) муун капсуласы жана байламта аппараттын үзүлүшү менен далынын же билектин же беш манжанын же сандын же шыйрактын же тамандын ачык чыгып кетиши.";
- 40-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) ушул Эрежелердин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кесепеттердин жоктугу;".
- 44-пункттун төртүнчү, бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мурун сөөктөрүнүн сынышы ден соолукка жеңил зыян катары бааланат, мурундан дем алуу бузулган учурда баалоо эмгекке жарамсыздыкты жоготуу пайызынын соттук-медициналык таблицасы боюнча жүргүзүлөт. Плевраны жабыркатпастан кабыргалардын жабык сынышы (толук жана толук эмес) ден соолукка анча оор эмес зыян катары бааланат. Кабыргалардын кемирчек бөлүгүнүн, 11-кабырганын, 12-кабырганын жабык сыныктары жогоруда аталган учурга кирбейт, алар ден соолуктун бузулушунун узактыгы боюнча бааланат.
Оор категорияга кирген сыныктарды кошпогондо, сөөктөрдүн калган сыныктары ден соолукка келтирилген анча оор эмес зыян катары бааланат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 21-февралындагы № 13 (3669) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |