Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 28-апрелиндеги ПЖ № 139
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана андан ары регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пунктта:
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын:";
- төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"2024-жылдын 21-ноябрынан тартып - 3794 бирдик санында;
2024-жылдын 21-декабрынан тартып - 3806 бирдик санында.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 21-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 32 (3688) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |