Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-майындагы № 261 токтому менен бекитилди) |
Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын
Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды
Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо, ошондой эле автотранспорт
каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруунун
(ташып чыгуунун) тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнүн (ташып кирүүнүн) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо, ошондой эле автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгаруунун (ташып чыгуунун) тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 398 "Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык иштелип чыккан жана Шахимардан, Сох, Чоң-Гара, Таш-Дөбө жана Ворух анклавдарынын аймактарына кирүүчү (ташып кирүү) башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарын кошпогондо, башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсү (ташып кирүү) жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо боюнча ырааттуу аракеттерди жана талаптарды аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) автомобилдик транспорт каражаттары - "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР 018/2011 ылайык M1, M1G, N1, N1G категорияларына кирген, рулдук башкаруусунун жайгашуусуна карабастан транспорт каражаттары;
2) автотранспорт каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк - автотранспорт каражатын жол кыймылына катышууга уруксат берүүнү ырастоочу документ;
3) транспорт каражатынын мамлекеттик каттоочу номердик белгиси - бардык механикалык транспорт каражаттарында жана алардын чиркегичтеринде орнотулуучу, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте катталган, механикалык транспорт каражаттарын эсепке алуу жана жолдо алардын айдоочуларынын кыймыл-аракетин контролдоо үчүн колдонулуучу каттоо белгиси. Бул түшүнүк "Транзит" мамлекеттик каттоочу номердик белгисине дагы колдонулат;
4) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык кыймылда болгон автотранспорт каражаты - Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксаты жок чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан эксплуатациялануучу жана бир эле учурда төмөнкү шарттарга шайкеш келүүчү автотранспорт каражаты:
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашаган же турган жери бар жеке же юридикалык жакка таандык;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган;
- Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу киргизилген.
Кыргыз Республикасынын аймагында жалпысынан 12 айдан ашык, олуттуу тыныгуусуз калган башка мамлекеттин бардык транспорт каражаты эл аралык кыймылда болгон деп эсептелбейт. Олуттуу тыныгуу деп 180 календарлык күндөн ашкан тыныгуу эсептелет;
5) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аймагынын (кургактыктын, суунун, жер казынасынын жана аба мейкиндигинин) чектерин, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын эгемендигинин колдонулушунун мейкиндик чегин аныктоочу сызык жана ошол сызык боюнча өтүүчү вертикаль;
6) транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароо - Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде каралган учурларда, ошондой эле анын чегинен тышкары жерлерде транспорт каражаттарын жол кыймылына катышууга уруксат берүү максатында транспорт каражаттарынын конструкциясынын тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайыктуулугун контролдоо;
7) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункту (мындан ары - өткөрүү пункту) - темир жол вокзалынын (бекетинин), аэропорттун, аэродромдун чегиндеги эл аралык каттамдар (эл аралык учуулар) үчүн ачык аймак, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды жана транспорт каражаттарын мамлекеттик контролдоо жана өткөрүү, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ташып өткөрүү жүзөгө ашырылуучу атайын жабдылган жер.
2-глава. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарын тариздөө тартиби
3. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсү (ташып кирүү) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эл аралык каттамды өткөрүү пункттары аркылуу ишке ашырылат.
4. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүдө (ташып киргизүүдө) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасына (ТМЭБС) белгиленген тартипте төмөнкү документтерди киргизүү жолу менен чек аралык таризделүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө эл аралык макулдашууларга ылайык Мамлекеттик чек арадан өтүү укугуна документ (транспорт каражатынын ээси жөнүндө маалыматтар);
2) транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк:
- каттоо (транзиттик) номери;
- маркасы, модели;
- тиби (жеңил, жүк ташуучу);
- автотранспорт каражатынын идентификациялык номери;
- транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери;
3) ар кандай категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу укугун тастыктаган документ (айдоочулук күбөлүк);
4) бул транспорт каражатынын ээси жок болгон учурда аны пайдалануу же тескөө укугун ырастоочу документ;
5) ушул пункттун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда, автотранспорт каражаттарын ижарага берүү келишими же жол (маршруттук) баракча.
Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы каттаган автотранспорт каражаттарын башка жолдор менен чек аралык тариздөөгө жол берилбейт, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса.
5. Чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы каттоодон чыгарган, транспорт каражаттарын ташуу үчүн арналган атайын транспорт каражаттарында Кыргыз Республикасына ташып киргизилүүчү жеңил автотранспорт каражаттарын тариздөө коштоочу документтерди сканерлөө жана аларды ТМЭБС жана "ТӨК" МСга киргизүү жолу менен жүргүзүлөт.
6. ТМЭБСке киргизилген маалыматтар Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын маалыматтык системасы менен интеграцияланат жана автоматтык режимде автотранспорт каражатынын издөөдө жүргөн-жүрбөгөндүгү боюнча текшерүү жүргүзүлөт.
7. Автотранспорт каражаты издөөдө жүргөнү аныкталган учурда, мындай автотранспорт каражаты Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына аймактык таандыктыгы боюнча мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча өткөрүлүп берилет.
8. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча аталган автотранспорт каражаттарына карата кабыл алынган чечим жөнүндө маалымдайт. Аларды сактоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтому менен бекитилген Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускаманын 48-пунктунда аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
9. Кыргыз Республикасынын жарандарына башка мамлекеттин каттоочу номердик белгилери жана автотранспорт каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү бар - каттоодон чыгарылбаган автотранспорт каражаттары менен Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө (ташып кирүүгө) тыюу салынат. Автотранспорт каражатынын идентификациялык номеринин жоктугу да мындай автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө (ташып киргизүүгө) тыюу салуу үчүн негиз болуп саналат.
10. Өткөрүү пункттарында чек ара контролунан өткөндөн кийин Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) тышкы чек арасындагы чет өлкөлүк автотранспорт каражаттары автотранспорт каражаттарын декларациялоо жана чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын андан ары жүргүзүү үчүн ЕАЭБдин укугун түзгөн эл аралык келишимдердин жана актылардын жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык бажы контролуна алынат, ал эми ЕАЭБдин ички чек араларында -товарларды эсепке алуу пунктуна которулат.
3-глава. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоо
11. Кыргыз Республикасынын аймагында башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) тиешелүү документтерди жана мамлекеттик каттоонун номердик белгилерин берүү менен автотранспорт каражаттарын мамлекеттик каттоого жана эсепке алуу;
2) автотранспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү;
3) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык кыймылга жол берүү үчүн шарттарды аткаруу;
4) автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу.
Ушул пункттун 2-пунктчасынын талаптары Кыргыз Республикасынын аймагына автотранспорт каражаттары кирген (ташып кирген) күндөн тартып катары менен токсон календардык күндөн кем убакытта Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык кыймылга катышкан автотранспорт каражаттарына жайылтылбайт.
Ушул пункттун 3-пунктчасынын талаптары чет өлкөлүк жаран же Кыргыз Республикасында жашап турууга укуксуз жарандыгы жок адам тарабынан пайдаланылуучу автотранспорт каражаттарына карата жайылтылат.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан эксплуатациялоого "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык милдеттүү мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин жол берилет.
121. Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу катталган автотранспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгууга (ташып чыгууга) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте автотранспорт каражаттары каттоодон чыгарылганга чейин тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Башка мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында катталган, эл аралык жол кыймылына катышкан жана Кыргыз Республикасына алты айдан ашпаган мөөнөткө ташылып келген автотранспорт каражаттары милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш эмес.
14. "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 6-бөлүгүнүн экинчи абзацында каралган талаптарга шайкеш келген учурда автотранспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык жол кыймылында болгон деп эсептелет.
15. Эл аралык кыймылга катышуучу автотранспорт каражаты Мамлекеттик чек арадан өткөн учурдан тартып алты айга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында боло алат.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин эл аралык кыймылда болгон автотранспорт каражаты узактыгы отуз календардык күндөн кем эмес үзгүлтүксүз мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташылып кетүүгө тийиш. Автотранспорт каражатынын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык кыймылда болуусунун көрсөтүлгөн мөөнөтү бузулган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 38-беренесине ылайык чара колдонулат.
16. Эл аралык кыймылда болгон автотранспорт каражаттарына Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылына катышууга уруксат берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык берилген төмөнкү документтер бар болгондо жүргүзүлөт:
1) автотранспорт каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
2) автотранспорт каражатынын мамлекеттик каттоосунун номердик белгиси;
3) стикер - мамлекеттин айырмалоочу белгиси (1968-жылдын 8-ноябрындагы Жол кыймылы жөнүндө конвенциянын 37-беренеси);
4) автотранспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими.
17. Кыргыз Республикасынын аймагында автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоого алардын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу шартында гана жол берилет.
18. Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык түзүлөт.
19. "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинде каралган учурларда транспорт каражаттарын эксплуатациялоого жол берилбейт.
20. Жол кыймылына катышкан автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоого тыюу салуу мындай тыюу салууга негиз болгон себептер четтетилгенге чейин жүзөгө ашырылат.