Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 310 токтомуна) |
"Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасынын уставы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 834 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Устав "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иш алып барган өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
3. Ишкананын уюмдаштыруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
Ишкананын уюмдаштыруу документи болуп Устав саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты саналат.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилип берилген мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун контролдоону жүзөгө ашыруучу орган.
6. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: государственное предприятие "Единая управляющая компания "Иссык-Куль".
7. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" МИ;
- расмий тилде: ГП "Единая управляющая компания "Иссык-Куль".
8. Ишкананын юридикалык дареги: 722200, Кыргыз Республикасы, Каракол шаары, Ж.Абдрахманов көч., 105.
9. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын буйруктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
10. Ишкананын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш эсеби жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана визуалдык жекелештирүүнүн башка каражаттары бар.
11. Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, буга мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти Ишкана өзүнө алган учурлар кирбейт.
12. Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
13. Ишкананын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик органдардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо көрсөтүлгөн компетенциялардын алкагында ишке ашырылат.
14. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
2-глава. Ишкананын максаттары жана милдеттери
15. Ишкананын ишинин максаттары:
1) инфратүзүмдүк жана санариптик долбоорлорду ишке ашыруу, инвестициялык климатты жакшыртуу, ошондой эле стратегиялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуунун эсебинен Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү;
2) "Ысык-Көлдүн" экологиялык-экономикалык системасын системалуу башкарууну жана жергиликтүү жаратылыш жана чарбалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу;
3) жумуш орундарын түзүү;
4) калктын жашоо сапатын жогорулатуу;
5) ишкердик активдүүлүккө дем берүү;
6) чакан жана орто бизнести колдоо;
7) регионду туруктуу өнүктүрүү үчүн инновацияларды киргизүү.
16. Ишкананын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында инфратүзүмдүк долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу;
2) товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү боюнча Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын түздөн-түз мамлекеттик заказдарын аткаруу;
3) объекттерди курууну, реконструкциялоону жана оңдоону уюштуруу;
4) мамлекеттик мүлктүн рентабелдүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде заманбап, индустриялык, соода-логистикалык зоналарды уюштуруу жолу менен;
5) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында башкарууга берилген имараттарды жана курулмаларды, жер участокторун, өнөр жай зоналарын эксплуатациялык-техникалык тейлөө;
6) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун экспорттук потенциалына дем берүү боюнча чараларды ишке ашыруу;
7) туруктуу башкаруунун алдынкы ата мекендик жана эл аралык практикаларын өнүктүрүү жана киргизүү үчүн оптималдуу шарттарды камсыз кылуу максатында рекреация объекттерин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, ошондой эле мамлекеттик жана жеке мүлктү убактылуу башкаруу укугун алуу;
8) калкка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн социалдык маанилүү товарларды сатып алуу жана сатуу, анын ичинде товарларды сатуу пункттарын уюштуруу;
9) инвестицияларды тартууга, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун инвестициялык жагымдуулугун арттырууга жана региондо экономикалык активдүүлүккө дем берүүгө багытталган эл аралык иш-чараларды уюштуруу;
10) Ишканага өткөрүп берилген соода аянттарын, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү;
11) транспорт каражаттарын сатып алуу жана автобустар, каттамдык таксилер жана транспорттун башка түрлөрү менен жүргүнчүлөрдү туруктуу жана туруктуу эмес ташууларды жүзөгө ашыруу;
12) транспорт каражаттарын, адистештирилген техниканы берүү жана сатуу;
13) транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча тейлөө борборлорун түзүү;
14) инвестициялык долбоорлорду башкаруунун заманбап технологияларын киргизүү, анын ичинде санариптик чечимдерди кабыл алуу жана процесстерди автоматташтыруу;
15) транспорт чөйрөсүндө экологиялык таза чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуу, анын ичинде электромобилдерди жана экологиялык жактан коопсуз отундун түрлөрүн өнүктүрүү;
16) Ишканага чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга берилген мүлккө белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө;
17) мейманкана, рекреациялык-туристтик, консалтингдик, маркетингдик, жарнамалык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
18) чарбалык жана өндүрүштүк-техникалык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ушул Уставда аныкталган максаттарга жетүү, милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
1) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга, милдеттерге ээ болууга жана жоопкерчилик тартууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга;
2) белгиленген тартипте ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден жана жарандардан материалдык ресурстарды, мүлктү, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга;
3) белгиленген тартипте продукцияны, товарларды, керектүү материалдарды жана буюмдарды сатып алууга;
4) Ишкананын максатына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте келишимдерди түзүүгө;
5) өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
6) зарыл болгон учурда эл аралык конференцияларга, семинарларга жана көргөзмөлөргө катышуу үчүн Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө жөнөтүүгө;
7) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү, кызматташууну жүзөгө ашырууга;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ага берилген мүлктү мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
9) Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды белгиленген тартипте түзүүгө;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
12) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча фонддордун, ассоциациялардын (бирликтердин), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышууга (мүчөлүгүнө кирүүгө);
13) белгиленген тартипте жарандарды эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада жумуштарды аткарууга тартууга;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ишкердик менен алектенүүгө;
141) белгиленген тартипте өз милдеттенмелеринин бир бөлүгүн аткарууга башка жактарды (субподрядчыларды) тартууга;
15) Ишкананын белгиленген максаты менен милдеттерине ылайык ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 834 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ишкана өзүнүн максаттарына жетүү жана ушул Уставда аныкталган милдеттерин ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана жумуштарды аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка жеке жана юридикалык жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыз кылууга;
4) ага берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга, натыйжалуу башкарууга жана колдонуудан пайда табууга;
5) Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бюджетке төлөмдөр жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча милдеттенмелерди өз убагында аткарууга;
7) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга бюджеттин аткарылышы жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду белгиленген мөөнөттө берүүгө.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишканада иштөөнү токтоткондон кийин дагы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттүн ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган, жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
20. Ишкана төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) соода-коммерциялык ишти жүргүзүү;
2) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү үчүн товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу же кызмат көрсөтүү боюнча түздөн-түз мамлекеттик жана муниципалдык заказдарды аткаруу;
3) соода аянтын, Ишканага берилген мамлекеттик мүлктү ижарага берүү;
4) коомдук тамактануу жана калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө түйүндөрүн уюштуруу;
5) автотранспорт каражаттарын токтотуучу жайларды, сактоо камераларын, муздаткыч жабдууларын жана кампа жайларын берүү боюнча кызмат көрсөтүү;
6) автопарк жана такси парктарын түзүү жана башкаруу;
7) жүргүнчү ташуу, жүк ташуу жана муниципалдык ишканалардын башка муктаждыктары үчүн транспорт каражаттарын сатып алуу;
8) автобустар, маршруттук таксилер жана транспорттун башка түрлөрү менен жүргүнчүлөрдү туруктуу жана туруктуу эмес ташууну уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
9) транспорт каражаттарын жана адистештирилген техниканы лизингге, ижарага алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу;
10) транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча сервистик борборлорду түзүү жана иштетүү;
11) транспорттук камсыздоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар, бизнес-түзүмдөр жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
12) экологиялык таза транспорттук чечимдерди киргизүү үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде электромобилдердин үлүшүн этабы менен көбөйтүү жана экологиялык коопсуз отун түрлөрүн пайдалануу үчүн инфратүзүмдү өнүктүрүү;
13) Ишканага чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга берилген мүлккө белгиленген тартипте ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө;
14) мейманкана, рекреациялык-туристтик, консалтинг, маркетинг, жарнама жана маалымат кызматтарын көрсөтүү;
15) чарбалык жана өндүрүш-техникалык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү;
16) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында инфратүзүмдүк кызматтарды көрсөтүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле региондун социалдык чөйрөсүнүн өнүгүшүнө көмөктөшүү;
17) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү уюштуруу, куруу, сатып алуу жана эксплуатациялоо менен байланышкан ишти жүргүзүү;
18) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында имараттарды, жайларды жана объекттерди куруу, тейлөө, реконструкциялоо, реставрациялоо жана капиталдык оңдоо боюнча иштерди аткаруу, ошондой эле заказчы жана/же подрядчы функцияларын жүзөгө ашыруу;
19) Ишкананын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын чыгымдарын ыкчам, бухгалтердик жана статистикалык эсепке алуу менен чыгымдардын сметасын аткарууну контролдоо;
20) бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча методикалык колдонмону ишке ашыруу, өз иши боюнча эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук абалын координациялоо;
21) тартылган уюмдардын ишин координациялоо, алардын иштөө натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чараларды көрүү, иштин жыйынтыктарын талдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча контролдук функцияларды жүзөгө ашыруу, анын ичинде аудиттерди, текшерүүлөрдү жана мыйзам менен каралган башка иш-чараларды жүргүзүү аркылуу;
22) мыйзам менен белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу;
23) өзүнүн ишин камсыздоо максатында транспорт каражаттарын эсепке алуу, сатып алуу, бөлүштүрүү жана эсептен чыгарууну уюштуруу;
24) социалдык-тиричилик, өндүрүш жана административдик багыттагы объекттерди, ошондой эле медициналык, соода-мейманкана, спорттук жана билим берүү ишине арналган имараттарды жана жайларды долбоорлоо, куруу жана бузуу иштерин жүргүзүү;
25) Ишкананын натыйжалуу иштешин камсыздоо боюнча Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна сунуштарды киргизүү;
26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте социалдык маанилүү товарлардын сатып алууга жана сатууга тийиштүү тизмесин түзүү жана андан ары калкка сатуу үчүн өндүрүүчүлөрдөн жана берүүчүлөрдөн сатып алуу;
27) спекуляцияны алдын алуу жана социалдык маанилүү товарлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле социалдык маанилүү товарларды өндүрүүчүлөр жана берүүчүлөр үчүн мамлекеттик колдоонун чаралары боюнча, ошондой эле бааларды мамлекеттик жөнгө салуу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
28) бул Уставда каралбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана Ишкананын максаттарына шайкеш келген башка функцияларды аткаруу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 834 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
21. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын уставын иштеп чыгуу, уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча уюмдаштыруучуга сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин тармактык натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууга талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына андан ары көрсөтүү үчүн Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;
9) Ишкананын фонддордун, ассоциациялардын (бирликтердин), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына ылайык Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
22. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясаттын маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү Ишканага берүүгө;
2) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишти жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суратууга жана алууга;
3) анын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) аткаруу органынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага тартиптик жаза чараларын колдонуу жана сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
23. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын Кыргыз Республикасынын тармактык саясатты башкаруу чөйрөсүндөгү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктары бар.
24. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын ишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулгандыгы жөнүндө ага белгилүү болгон фактылар тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого;
4) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам тарабынан корголуучу башка жашыруун сыр болуп саналган маалыматты үчүнчү жактарга жайылтпоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча белгиленген тартипте Ишкананын иши жөнүндө маалыматты берүүгө.
Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставында каралган башка милдеттерди аткарат.
5-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциялары
25. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча уюштуруучуга сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетун, республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишине талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын директорунун жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын директорунун жана анын орун басарынын ишин баалоо;
7) Ишкананын директоруна жана анын орун басарына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын директорун кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
9) Ишкананын директорунун сунушу боюнча Ишкананын директорунун орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын директоруна жана анын орун басарына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу;
11) Ишкананын директору менен эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
12) Ишкананын директору жана анын орун басары менен эмгек келишимин түзүү;
13) Ишканага таандык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышына жана сакталышына контроль жүргүзүү;
14) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
26. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын талаптагыдай түрдө аткаруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
2) Ишкананын директорунун ишин баалоонун жана Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага сыйлык берүү же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
3) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Ишкананын директорунун орун басарын кызмат ордунан бошотууга, ага сыйлык берүү же тартиптик жаза чараларын колдонууга;
4) Ишканага тышкы аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
6) жооптуу кызматкерлерге Ишканага таандык мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун, максаттуу пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо максатында текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана Ишкананын аймагына барууга ыйгарым укук берүүгө.
27. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин Ишкананын директорунан көрсөтүлгөн документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде макулдашат.
28. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишкананын түзүмүнүн жана штаттык расписаниесинин сунушталган долбооруна макул болбогон учурда, Ишкананын директоруна жүйөлүү жазуу жүзүндөгү баш тартууну көрсөтүлгөн документтер келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.
6-глава. Ишкананын аткаруу органы
29. Ишкананын аткаруу органы болуп Ишкананын директору эсептелет.
30. Ишкананын директору кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы тарабынан сунушталган жана Ишкананын директорунун кызмат ордуна карата белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлердин ичинен дайындалат.
31. Ишкананын директору кызмат ордунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча бошотулат.
32. Ишкананын директорунун кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
33. Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
34. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишине канааттандырарлык эмес баа алган жана Ишкананын жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту кароонун натыйжалары боюнча;
2) Ишкананын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаса;
3) эмгек келишими боюнча милдеттер аткарылбаса же талаптагыдай эмес аткарылса;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз аракеттер болсо;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
35. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын алдыдагы жылга бюджетинин долбоорун жана отчеттук жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планын аткаруу жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
7) кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
8) Ишкананын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) Ишкананын бухгалтердик жана статистикалык эсебин жүргүзүүнү уюштуруу.
36. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга анын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Ишкананын мүлкүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматты белгиленген тартипте суроого жана алууга.
37. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле Ишкананын ишинин бардык чөйрөсү менен байланышкан маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан жасалган ага белгилүү болгон укук бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) Ишкананын иши жөнүндө коммерциялык же мыйзам тарабынан корголуучу башка жашыруун сыр болуп саналган маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого.
38. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
39. Ишкананын директору:
1) ишеним катсыз Ишкананын атынан иш алып барат;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана иштен бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын колдонот жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) өз компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлери аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчеттуулугунун абалы, финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
40. Ишкананын директору өзүнө жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
41. Ишканада Ишкананын директорунун орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
42. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
43. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат орду ээленген учурга чейин анын милдеттерин аткаруу Ишкананын директорунун орун басарына жүктөлөт.
44. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча Ишкананын түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
7-глава. Ишкананын жетектөөчү курамы
45. Ишкананын жетектөөчү курамына директор, директордун орун басары жана башкы бухгалтер кирет.
46. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында иш алып барууга тийиш.
47. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар Ишкананын мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам тарабынан корголуучу башка жашыруун сыр болуп саналган иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
48. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар кызмат ордунда турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик иш менен бир эле убакта алектенүүгө, коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга, алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан катышууга укугу жок.
49. Ишкананын жетектөөчү курамына төмөнкү адамдар кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашоого уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүзөгө ашыруу тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иш үчүн уюмдун жетекчисинин кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттин жетектөөчү кызмат орундарын мурда ээлеп, анын банкрот болушуна алып келген адамдар;
5) мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
8-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
50. Ишкананы кайра уюштуруу кошуу, кошулуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу же кайра түзүү формасында жүзөгө ашырылат.
51. Ишкананы кошуу, кошулуу, бөлүү же бөлүп чыгаруу формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
52. Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
53. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго кайра түзүлүшү мүмкүн.
54. Ишкана:
1) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан;
2) соттун чечиминин негизинде жоюлат.
55. Ишкананы жоюуну жүргүзүү үчүн уюштуруучу тарабынан жоюлуп жаткан Ишкананын, Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын директору жетектейт.
56. Жоюу комиссиясы түзүлгөн учурдан тартып ал Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
57. Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
58. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
9-глава. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
59. Ишкана бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
60. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга бюджетти аткаруунун жүрүшү жана финансы-чарбалык иштин натыйжалары жөнүндө отчетторду берет.
61. Ишкана өз ишин жылдык иш планынын жана Ишкананын үч жылга каралган орто мөөнөттүү стратегиялык өнүктүрүү планынын негизинде жүргүзөт.
62. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
63. Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди аныктоодо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин башка бардык шарттарында эркин.
64. Ишкана финансы-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
65. Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- Ишкананын максаттарынын жана ишинин негизги багыттарынын формулировкасын;
- Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
- уюштуруу планын;
- финансылык планды;
- тобокелдиктерди талдоону.
66. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алдыдагы жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту, анын ичинде Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизет.
67. Ишкана салык салуу жана экономикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
68. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
10-глава. Ишкананын мүлкү жана финансы
69. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана ушул Уставда аныкталган максаттарга жетүү жана милдеттер менен функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет.
70. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ага берилген мүлк;
2) ага бекитилип берилген мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, продукция;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
71. Ишкана тарабынан финансы-чарбалык иштен түшкөн кирешелердин жана башка булактардын эсебинен курулган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчикке өтөт жана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет.
72. Ишкана мүлктү уставдык максаттарга жана иштин предметине ылайык экономикалык максатка ылайыктуулукту жана уюштуруучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен пайдаланат.
73. Ишкана жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине ал тарабынан бекитилген өлчөмгө ылайык таза пайданын бир бөлүгүн, бирок 50 пайыздан кем эмес өлчөмдө отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке кийин багыттоо менен которот.
74. Ишкана өзүнүн мүлкүнө инвентаризация жүргүзүүгө жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө берүүгө милдеттүү.
11-глава. Корутунду жоболор
75. Ишкана өз ишинде мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга отчет берет.
76. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
77. Ишкана кайра уюштурулган жана жоюлган учурда, анын ишинин жүрүшүндө түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.