Загрузка документа…
|
| 31-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө институту жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 321, 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735, 2026-жылдын 13-майындагы № 338 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө институту (мындан ары - Институт) жөнүндө жобо Институттун ишин жөнгө салат, анын милдеттерин, функцияларын жана иш тартибин аныктайт.
2. Институт Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын (мындан ары - Кызмат) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
3. Институттун уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп эсептелет.
4. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, башка мыйзамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - Министрлик), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кызматтын чечимдерин жана жоболорун жетекчиликке алат.
5. Институт финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө, өз алдынча баланска, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептерге, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөргө жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган башка реквизиттерге ээ юридикалык жак болуп саналат.
6. Институттун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө институту;
- расмий тилде: Кыргызский научно-исследовательский институт ветеринарии имени Арстанбека Дуйшеева при Службе ветеринарии, развития животноводства, пастбищ и кормов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики.
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КВИИИ";
- расмий тилде: "КНИИВ".
7. Институттун юридикалык дареги: 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Биринчи май району, Тоголок Молдо көчөсү 60, тел. +996312325069.
8. Институт өз ишин ушул Жобонун максаттарына жана милдеттерине ылайык Кызмат, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана башка мамлекеттик түзүмдөр, илимий жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт. Башка мамлекеттердин илимий мекемелери менен активдүү өз ара аракеттенет.
Институт мыйзамдарда каралган жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жүргүзүүгө, сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
2-глава. Институттун максаты жана милдеттери
9. Институттун илимий-изилдөө ишинин башкы максаты мал чарбасы тармагында эпизоотиялык жагымдуулукту камсыз кылуунун илимий негиздерин иштеп чыгуу болуп саналат.
10. Институттун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча чараларды, ошондой эле жаныбарлардын инфекциялык, инвазиялык жана жугушсуз ооруларына каршы күрөшүү стратегиясынын илимий негиздерин иштеп чыгуу багытында илимий-изилдөө, илимий-билим берүү жана өндүрүштүк иш;
- тармактын туруктуу ветеринардык жагымдуулугун камсыз кылуу максатында жаныбарлардын, канаттуулардын, аарылардын жана балыктардын инфекциялык, инвазиялык жана жугушсуз ооруларын диагностикалоонун, өзгөчө алдын алуунун жана дарылоонун биологиялык препараттарынын биотехнологияларын, методдорун жана каражаттарын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
- жаңы диагностикалык тест-системаларды, алдын алуучу, дарылоочу препараттарды, аларды пайдалануунун инновациялык технологияларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, өндүрүү;
- республиканын аймагында жүгүртүүдөгү вакциналарга жана башка ветеринардык препараттарга техникалык өзгөчөлүктөрдү иштеп чыгуу;
- алардын арасында эпидемиологиялык жагымдуулукту колдоо боюнча айыл чарба, жапайы жана үй жаныбарларынын, канаттуулардын, аарылардын, балыктардын арасында инфекциялык жана инвазиялык оорулары боюнча эпизоотиялык мониторингдердин улуттук программаларын жана долбоорлорун иштеп чыгуу;
- биологиялык препараттарды даярдоо үчүн микробдук культуралардын жана вирустардын штаммдарын изилдөө, селекциялоо, күтүү жана сактоо;
- ветеринардык илимдин жетишкендиктерин айыл чарба практикасына жайылтуу жана ишке киргизүү, стажировкаларды, консультациялык кызматтарды уюштуруу, ветеринардык медицинанын актуалдуу проблемалары боюнча илимий эмгектерди, сунуштамаларды жайылтуу;
- ветеринардык медицина жаатында биргелешкен инновациялык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий борборлору менен кызматташуу;
- эпизоотияга каршы иш-чаралар планына ылайык жаныбарлардын оорулары боюнча активдүү мониторинг жүргүзүү;
- Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунан айрым оорулар боюнча статусту алуу үчүн стандарттарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
3-глава. Институттун функциялары
11. Институт жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
- айыл чарба жаныбарларынын ден соолугун сактоо боюнча илимий негизделген стратегияларды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын региондорунда айыл чарба жана үй жаныбарларынын инфекциялык жана инвазиялык оорулары боюнча эпизоотиялык мониторингдердин программаларын жана методикаларын иштеп чыгуу;
- жаныбарлардын инфекциялык жана инвазиялык ооруларын диагностикалоо, алдын алуу жана дарылоо боюнча биотехнологияларды өркүндөтүү;
- өтө коркунучтуу оорулардын козгогучтарын аныктоо боюнча дарылоо-алдын алуучу препараттарды жана диагностикалык тест-системаларын иштеп чыгуу;
- жаныбарлардын организминде иммундук фондун жаралуу интенсивдүүлүгү боюнча ветеринардык препараттардын натыйжалуулугун изилдөө;
- ветеринардык муктаждыктар үчүн биологиялык материалдардын санатын баалоо;
- инфекцияларды жана инвазияларды алдын алуунун заманбап методдорун өздөштүрүү боюнча ветеринардык адистердин, жаныбарлардын ээлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу программаларын уюштуруу жана өткөрүү;
- мал чарбасы объекттериндеги инфекцияларды жана инвазияларды контролдоо жана алдын алуу методдорун алардын өзгөчөлүгү, натыйжалуулугу багытында өркүндөтүү;
- жаңы муундагы ветеринардык препараттарды, вакциналарды жана иммунобиологиялык каражаттарды иштеп чыгуу;
- ветеринардык практикага илимдин жетишкендиктерин жана алдынкы тажрыйбаларды киргизүү.
4-глава. Институттун укуктары жана милдеттери
12. Институт илимий-изилдөө ишин уюштуруу жаатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- илимий-изилдөө жана ишке киргизүү иштеринин келечектеги жана учурдагы пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууга;
- Институттун ишинин профилине ылайык изилдөө иштерин аткаруу үчүн материалдык-техникалык жана финансылык камсыз кылууга;
- Институттун илимий-эксперименттик базасында вакциналардын, дарылоо-алдын алуучу препараттардын, азыктандыруучу чөйрөлөрдүн тажрыйбалуу үлгүлөрүн чыгарууга жана аларды лабораториялык жаныбарларда сыноого;
- жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий борборлорунда илимий кызматкерлердин чет өлкөгө иш сапарларын, окууларын жана стажировкаларын уюштурууга;
- белгиленген тартипте чет өлкөлүк илимий уюмдар менен илимий кызматташуу жөнүндө макулдашууларды түзүүгө;
- Институттун ишинин профили боюнча ар түрдүү уюмдар, ишканалар жана өндүрүштүк бирикмелер менен илимий-изилдөө жана ишке киргизүү иштерин аткарууга жана каржылоого келишимдерди түзүүгө;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүштөгү ветеринардык препараттарды, реактивдерди сатып алуу жана сатуу боюнча тендерлерге катышууга;
- илимий-изилдөө, илимий-өндүрүштүк, агартуу, башкаруу жана башка иште Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган менчиктин бардык формасындагы ишканалар менен рыноктук мамилелердин заманбап формаларын пайдаланууга.
13. Институт финансы чөйрөсүндө төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик каржылоонун көлөмүнүн жана эмгек акы фондунун чегинде ар бир түзүмдүк бөлүмгө чыгымдардын сметаларынын беренелери боюнча акча каражаттарын бөлүштүрүүгө;
- моралдык жактан эскирген, жараксыз негизги каражаттарды, илимий жабдууну жана приборлорду, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана инструменттерди, жаңы объекттерди курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого жана аларды техникалык жабдууга, ошондой эле эскирген абалга келгендигине байланыштуу имараттарды жана курулмаларды Институттун балансынан чыгарууга;
- дебитордук карызды, ыйгарылган жана башка карыздарды, жетишпеген баалуулуктарды, ошондой эле кем чыгуулар боюнча карыздарды эсептен чыгарууга;
- банктык кредиттерди пайдаланууга жана аларды максаттуу пайдалануу жана өз убагында кайтаруу үчүн жоопкерчилик тартууга.
14. Институт капиталдык курулуш жана капиталдык оңдоо жаатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- негизги фонддорду жана каражаттарды реконструкциялоо, капиталдык куруу жана капиталдык оңдоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине сунуштарды киргизүүгө, ошондой эле подряддык же чарбалык келишимдер боюнча бул ишти өз алдынча аткарууга;
- белгиленген лимиттердин чегинде долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга келишимдерди түзүүгө.
15. Институт материалдык-техникалык камсыз кылуу жана ишке ашыруу жаатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- илимий-изилдөө иши үчүн зарыл болгон илимий жабдууну, приборлорду, химреактивдерди жана башка материалдарды республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардан, ошондой эле Институт көрсөткөн ветеринардык кызматтарга алмашуу аркылуу сатып алууга;
- эгер буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаса акы төлөнүүчү илимий-методикалык кызматтарды көрсөтүүгө.
16. Институт эмгекти уюштуруу жана эмгек акы төлөө жаатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы Институттун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (бөлүмдөрүнүн, лабораторияларынын) илимий-изилдөө ишинин негизги багыттарын аныктоого;
- башка уюмдар менен кызматташуу жөнүндө белгиленген тартипте эмгек келишимдерин түзүүгө;
- ассоциацияларга, бирликтерге, анын ичинде эл аралык уюмдарга кирүүгө;
- илимий-изилдөө ишин каржылоочу конкурстарга катышууга;
- колдонуудагы мыйзамдарга ылайык түзүмдү, штаттык расписаниени иштеп чыгууга жана кызматкерлердин кызматтык маяналарына кошумча төлөмдөрдү белгилөөгө;
- түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана кызматкерлердин бардык категорияларынын штаттык санын аныктоого;
- эмгек акы фондун үнөмдөөдөн калган каражаттардын эсебинен илимий-изилдөө иштерин ийгиликтүү аткаргандыгы үчүн жамааттарды жана айрым кызматкерлерди сыйлоого;
- колдонуудагы тармактык ченемдердин негизинде атайын тамак-ашты, атайын кийимди, атайын бут кийимди, жуугуч каражаттарды акысыз алууга укук берген жумуштардын жана кесиптердин тизмесин, ошондой эле эмгек өргүүлөрүнүн узактыгын, жумуш убактысынын режимин жана ички тартип эрежелерин белгилөөгө.
17. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өз ишинин профили боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө;
- бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмалары боюнча билим берүүнү, илимди жана өндүрүштү өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча аналитикалык маалымкаттарды жана сунуштарды даярдоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык документтерди каттоону (кайра каттоону) жүргүзүүгө;
- өлкөнүн агрардык тармагынын керектөөлөрүнө ылайык илимий жана илимий-техникалык, инновациялык ишти активдештирүүгө;
- илимий иштин башка субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
- жамааттын илимий-изилдөө ишин аткаруусу үчүн керектүү шарттарды түзүүгө;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Институттун интеллектуалдык ишинин натыйжаларын каттоого;
- ветеринария жаатындагы илимий жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик органдар, башка илимий уюмдар, ЖОЖдор жана жеке сектор менен байланыштарды колдоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган каржылоо булактарын табууну ишке ашырууга;
- илимий уюмга ыкчам башкарууга берилген негизги, жүгүртүлүүчү фонддорду жана мамлекеттик мүлктү максаттуу пайдаланууну камсыз кылууга;
- илимдин жетишкендиктерин популяризациялоо жаатында илимий-маалыматтык ишти жүргүзүүгө;
- илимий кызматкерлерди аттестациялоону 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүүгө;
- бекитилген отчеттордун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө.
5-глава. Институттун түзүмү
18. Институттун илимий жана көмөкчү бөлүмдөрүнүн түзүмү агрардык илимдин артыкчылыктуу багыттарына ылайык түзүлөт жана өркүндөтүлөт, илимий-техникалык кеңеште каралат жана Институттун жетекчилиги тарабынан бекилет, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы менен макулдашылат.
19. Институттун негизги түзүмдүк бөлүмдөрү болуп илимий-техникалык кеңеш, администрация, илимий лабораториялар, илимий китепкана жана илимий-эксперименталдык база саналат.
20. Институтта айрым максаттуу тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу эмгек жамааттары, анын ичинде чет өлкөлүк адистердин катышуусу менен түзүлүшү мүмкүн.
21. Ийгиликтүү ишти камсыз кылуу үчүн Институтта Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы менен макулдашуу боюнча көмөкчү бөлүмдөр түзүлүшү мүмкүн.
22. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Институтта саясий уюмдардан тышкары, коомдук уюмдар түзүлүшү мүмкүн.
6-глава. Институттун ишин уюштуруу
23. Институтту директор жетектейт.
24. Институттун директору илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
25. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Институттун директору кызматына дайындалган адам менен беш жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
26. Директор эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
27. Бир эле адам Институттун директору болуп эки мөөнөттөн ашык убакытка дайындала албайт.
28. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 338 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
29. Институттун директору кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген пенсия курагына жете элек, төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп берген жарандар талапкер боло алышат:
- жогорку кесиптик билими;
- илимий даражасы;
- илимий, илимий-педагогикалык, уюштуруучулук иш стажы жалпысынан 5 жылдан кем эмес жана жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы.
30. Институттун директору төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
- айыл чарбасы, илим, билим берүү жана инновациялар жаатындагы ченемдик укуктук актыларды;
- уюмду башкаруунун теориясын жана методдорун;
- илимий кадрларды даярдоо чөйрөсүнө тиешелүү методикалык жана ченемдик документтерди;
- эмгек, финансы мыйзамдарынын негиздерин;
- ветеринардык медицина жаатындагы фундаменталдык жана прикладдык илимдердеги илимий жетишкендиктерди;
- чет өлкөлүк илимий уюмдардын илимий жетишкендиктерин жана тажрыйбасын;
- орто мөөнөттүү мезгилге илим тармагын өнүктүрүү боюнча көз карашынын (концепция, иштелме, технология же план) болушу.
Директор өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын жана нускамаларын, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
31. Институттун директору:
- Институтту жеке башчылык принциптеринде башкарат жана Институттун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруунун сапаты, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- финансылык тартип боюнча эрежелердин, эсептөө жана отчеттуулук тактыгын, Институттун менчигиндеги мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылат;
- Институттун кызматкерлеринин эмгек укуктарын, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтардын коргоону, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы эмгек мыйзамдарын сактоону жана аткарууну камсыз кылат;
- кызматкерлерди ишке алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт;
- Институттун өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин сыйлайт, ошондой эле тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Институттун финансылык каражаттарын тескейт;
- Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачат;
- өзүнүн компетенциясына тиешелүү бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
- Институттун илимий-техникалык кеңешинин ишин жетектейт;
- жогору турган органдарда, арбитраждык, банктык жана башка мекемелерде Институттун атынан чыгат;
- Институттун атынан башка мекемелер, анын ичинде чет өлкөлүк мекемелер менен келишимдерди түзөт;
- Институттун материалдык-техникалык базасын түзүү жана чыңдоо, кызматкерлердин жемиштүү иштеши үчүн оптималдуу шарттарды түзүү боюнча маселелерди чечет;
- Институттун кызматкерлери менен эмгектик жана социалдык-экономикалык өз ара мамилелер боюнча жамааттык келишим түзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Институттун директорунун орун басары Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору тарабынан кызматка дайындалат.
33. Институттун директору жок болгон учурда (кызматтык иш сапар, убактылуу эмгекке жарамсыздык, өргүү, кызматтан бошотуу) анын кызматтык милдеттерин директордун орун басары аткарат.
7-глава. Институттун илимий-техникалык кеңеши
34. Институттун илимий-техникалык кеңеши Институттун сунуш берүүчү коомдук-кесиптик бөлүмү болуп саналат. Илимий-техникалык кеңешинин мүчөлөрү Институттун директорунун сунушу боюнча илимий кызматкерлердин, адистердин жана административдик-башкаруу персоналынын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Эгерде ага эмгек жамаатынын курамынын жарымынан көбү катышса, жалпы чогулуш чечим кабыл алууга укуктуу.
35. Илимий-техникалык кеңештин курамына директор, директордун орун басары, илимий катчы, Институттун илимий кызматкерлери кирет.
36. Илимий-техникалык кеңештин курамына башка мекемелердин белгилүү илимпоздору жана адистери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери кириши мүмкүн.
37. Илимий-техникалык кеңештин төрагасы болуп Институттун директору, ал эми ал жок учурда директордун орун басары саналат. Илимий-техникалык кеңештин катчысы болуп окумуштуу катчы, ал жок болгон учурда кеңештин мүчөлөрүнүн бири саналат.
38. Курамынан үчтөн экиси катышса, илимий-техникалык кеңеш отурум өткөрүүгө укуктуу. Эгерде чечим үчүн илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, илимий-техникалык кеңештин чечими кабыл алынды деп эсептелет.
39. Окумуштуу катчы Институттун лабораторияларынын илимий-изилдөө иштерин, илимий-изилдөө иштеринин келечектүү жана учурдагы пландарын иштеп чыгууну координациялайт, лабораториялардын аткарылган илимий-изилдөө иштери жөнүндө отчетторду жана пландарды жалпылайт жана жогору турган уюмдарга берет, илимий-техникалык кеңештин жыйналыштарынын планын түзөт жана ишин уюштурат. Институттун директору тарабынан кызматка дайындалат.
40. Илимий-техникалык кеңеш өзүнүн жыйналыштарына кеңештин иш планы менен бекитилген мөөнөттө, ошондой эле изилдөө ишинин тигил же бул маселесин талкуулоо зарылдыгына жараша чогулат.
41. Илимий-техникалык кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Институттун лабораторияларынын илимий-изилдөө ишинин келечектүү багыттарын кароо жана тууралоо;
- илимий-изилдөө ишинин тематикалык планын жана изилдөө иштерин аткаруучулардын курамын түзүү;
- ветеринардык практикага илимий иштеп чыгууларды киргизүү боюнча пландарды жана иштин көлөмүн кароо;
- лабораториялардын илимий-изилдөө ишинин жылдык жана корутунду отчетторун, жана Институттун илимий жана ишке киргизилген иши жөнүндө башка маалыматтарды кароо;
- Институттун лабораторияларынын түзүмүн жана штаттык расписаниясын өзгөртүүгө байланышкан маселелерди талкуулоо;
- басылмага даярдалган диссертациялык иштерди, илимий макалаларды, монографияларды, сунуштарды угуу;
- эл аралык илимий борборлор менен илимий кызматташуу жана координациялоо боюнча маселелерди талкуулоо;
- жаш илимий кадрларды даярдоо жана илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди координациялоо;
- жүргүзүлгөн изилдөөлөр жөнүндө илимий жетекчилердин, окумуштуулук даражаларды изденүүчүлөрдүн отчетторун угуу, кандидаттык жана доктордук диссертациялардын темаларын кароо жана бекитүү;
- илимий эмгектерди, ачылыштарды, ойлоп табууларды мамлекеттик же башка сыйлыктарды, ошондой эле көрүнүктүү окумуштуулардын атындагы медалдарды жана сыйлыктарды ыйгарууга көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлүгүнө (академигине) жана корреспондент-мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү;
- кандидаттык жана доктордук диссертациялык иштерин аяктоо үчүн чыгармачылык өргүү берүүгө илимий кызматкерлердин өтүнүчүн кароо;
- колдонуудагы Жобого ылайык илимий кызматкерлердин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстарды даярдоо жана өткөрүү;
- профессор жана ага илимий кызматкер окумуштуулук наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүчтөрдү Кыргыз Республикасынын УАКына берүүнү талкуулоо, ошондой эле изденүүчүлөрдүн диссертациялык иштерин илимий жетектөөгө уруксат берүү.
42. Каралып жаткан маселелер боюнча чечимдер ачык же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу маселелери боюнча чечимдер колдонуудагы нускамага ылайык илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрүнүн жашыруун добуш берүүсү менен кабыл алынат.
8-глава. Институттун илимий-эксперименттик базасы
43. Илимий-эксперименттик база:
- сынамык үлгүлөрдү жана илимий продукциянын партияларын (вакциналарды, дарылоо-профилактикалык препараттарды, азыктандыруучу чөйрөлөрдү ж.б.) өндүрүү жана аларды лабораториялык шарттарда сыноо үчүн база болуп эсептелет;
- сыналуучу жаныбарларды тоют менен камсыз кылуу үчүн тоют өсүмдүктөрүн талаада өстүрүү, даярдоо иштери менен алектенет;
- эксперименттик максаттар үчүн илимий бөлүмдөрдү лабораториялык жана айыл чарба жаныбарлары менен камсыздайт;
- иштелип чыккан алдын алуу, диагностикалык жана дарылоо каражаттарын, ошондой эле сырттан сатып алынуучу алдын алуу каражаттарын сыноо боюнча жаныбарларга эксперименттик иштерди жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды камсыз кылат.
9-глава. Институтту каржылоо жана анын мүлкү
44. Институттун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети;
- илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын илим фонду;
- бюджеттен тышкаркы фонддор;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу каражаттары;
- кредиттер жана гранттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган илимий-изилдөө, басмаканалык, консультациялык жана башка киреше алып келүүчү иштерден түшкөн Институттун каражаттары;
- чет элдик жана ата мекендик инвестициялар.
45. Институтка бекитилген жер аянттары, имараттар, курулмалар, жабдуулар, орнотмолор, аппаратура, транспорттук каражаттар, айыл чарба жаныбарлары жана башка мүлктөр негизги каражаттарды түзөт.
46. Институттун мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана ага ыкчам башкаруу укугу менен бекитилет. Институттун ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик мүлктү пайдалануу жана ээлик кылуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
47. Институт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам башкаруу жана ижара укугунда мүлккө ээ болууга укуктуу.
48. Институттун ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан ишке ашырылат.
10-глава. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу
49. Институтту кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен жүзөгө ашырылат.
50. Институттун документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.