Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 144 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин ( 2025-жылдын 16-июлундагы ПЖ № 208, 2026-жылдын 28-майындагы № 186 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш (мындан ары - Кеңеш) виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү саясатын аныктоо жана жүргүзүү, укуктук жөнгө салуу, инновацияларга дем берүү, инвестицияларды тартуу жана өлкөнүн глобалдуу криптоэкосистемасына интеграцияланышына көмөктөшүү маселелери боюнча туруктуу иштөөчү координациялоочу орган болуп саналат.
2. Кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Кеңештин максаты жана негизги милдеттери
4. Кеңештин максаты болуп виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча натыйжалуу мамлекеттик саясатты жүргүзүү саналат.
5. Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндөгү саясатты өнүктүрүүнүн, укуктук жөнгө салуунун жана ишке ашыруунун конкреттүү багыттарын аныктоо.
6. Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча чараларды, сунуштарды/сунуштамаларды иштеп чыгуу.
7. Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүнүн учурдагы абалын жана өнүктүрүү келечегин талдоо.
8. Жөнгө салуунун эл аралык тажрыйбасын талдоо жана аны Кыргыз Республикасында колдонуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу.
9. Виртуалдык активдерге жана блокчейн-технологияларга байланышкан долбоорлорду жана демилгелерди колдоо.
10. Инновациялык санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшүү, виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынын укуктарын коргоону камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
11. Виртуалдык активдерди колдонуу менен байланышкан тобокелдиктерди талдоо жана аларды азайтуу механизми боюнча сунуштарды/сунуштамаларды иштеп чыгуу.
12. Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер, криптоэкосистемасы жана блокчейн-технологиялар жаатында эл аралык жана глобалдуу профилдик компаниялар менен эл аралык кызматташууну өнүктүрүү.
3. Кеңештин укуктары жана функциялары
13. Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- виртуалдык активдерди өнүктүрүү жана жөнгө салуу жана блокчейн-технологияларды киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштарды киргизүүгө;
- жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан жана коомдук уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;
- виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдарды жана ченемдик актыларды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзүүгө;
- Кыргызстанда санариптик финансылык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн билим берүү долбоорлорун илгерилетүүгө, санариптик активдерге жана блокчейн-технологияларга тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароого;
- эл аралык криптоэкосистемасынын ири глобалдык компаниялары жана платформалары менен кызматташууну түзүүгө;
- өзүнүн ишине эксперттерди, бизнестин, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрүн тартууга;
- виртуалдык активдер чөйрөсүн, криптоэкосистемасын жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүүгө багытталган эл аралык иш-чараларга катышууга.
4. Кеңештин ишин уюштуруу
14. Кеңештин жыйналыштары квартал сайын өткөрүлөт.
15. Кеңештин жыйналышы Кеңештин мүчөлөрүнүн 3/2ден кем эмеси катышса, укуктуу деп эсептелет.
Кеңештин жыйналыштарына чакырылган адамдар - эксперттер, Кеңеш тарабынан түзүлгөн жумушчу топтордун мүчөлөрү катышат.
16. Кеңештин чечимдери Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана милдеттүү мүнөзгө ээ.
17. Кеңештин жыйналыштарынын жыйынтыктары боюнча катчылык протоколду тариздейт, ага төрага (төраганын орун басары) жана катчылыктын жетекчиси - Кеңештин катчысы кол коёт жана электрондук коммуникация каражаттарын (ЭДС) пайдалануу менен Кеңештин мүчөлөрүнө, тиешелүү мамлекеттик органдарга жана кызмат адамдарына аткаруу үчүн жөнөтүлөт.
18. Кеңештин чечимдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат. Кеңештин чечимдери (сунуштамалар, сунуштар) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кеңештин жыйналышы өткөрүлгөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө каралууга тийиш.
19. Кеңештин катчылыгы төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу, Кеңештин чечимдеринин аткарылышын координациялоо жана Кеңештин мүчөлөрү, тармактык министрликтер жана ведомстволор, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, эксперттик чөйрөлөр жана чет өлкөлүк компаниялар менен жумушчу өз ара аракеттенүүнү колдоо;
2) Кеңештин мүчөлөрү тарабынан киргизилген сунуштарга ылайык Кеңештин жыйналышынын күн тартибин даярдоо;
3) чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана Кеңештин мүчөлөрү менен макулдашуу;
4) ички иш кагаздарын жүргүзүү, анын ичинде Кеңештин иши менен байланышкан протоколдорду, чечимдерди жана башка документтерди түзүү жана сактоо;
5) Кыргыз Республикасынын Президентине Кеңештин курамына киргизүү боюнча сунуштамаларды даярдоо максатында Кеңештин мүчөлүгүнө чет өлкөлүк талапкерлерге карата мамлекеттик органдарга, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине суроо-талаптарды жөнөтүү;
6) Кеңештин чечимдеринин, сунуштамаларынын жана сунуштарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
7) Кеңештин төрагасынын жана Кеңештин төрагасынын орун басарынын тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында башка функцияларды ишке ашыруу.
5. Корутунду жоболор
20. Кеңештин ишин материалдык-техникалык камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ишке ашырат.
21. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-майындагы № 186 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
22. Ушул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте киргизилет.