Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2023-жылдын 13-сентябры № 505
“Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигине караштуу
Жазаларды аткаруу кызматынын
“ОМЕГА” атайын багыттагы отряды жөнүндө
жобону” бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 22-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы №33 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы жөнүндө жобонун 17-пунктун жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын “ОМЕГА” атайын багыттагы отряды жөнүндө жобо ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2020-жылдын 17-январындагы №29 “ ОМЕГА” атайын дайындалган отряды жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругу күчүн жоготуу деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Катчылыгы ушул буйруктун көчүрмөсүн (мамлекеттик жана расмий тилдеги) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине контролдоо үчүн жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Коомчулук менен байланыш бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын расмий сайтында жарыялоону ишке ашырсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Төрага и/к генерал-майору |
А. Эгембердиев |