Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 25-июлу № 14-9
Кыртыштын электрофизикалык мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен
электр энергетикалык объектилерде электромагниттик шайкештикти
камсыз кылуу боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №247 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомдоруна ылайык, буйрук кылам:
1. "Кыртыштын электрофизикалык мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен электр энергетикалык объектилерде электромагниттик шайкештикти камсыз кылуу боюнча методикалык колдонмону бекитүү жөнүндө" методикалык көрсөтмөлөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Электр энергетика башкармалыгы үч жумушчу күндүн ичинде:
- бул буйрук катталган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" 2010-жылдын 26-февралындагы №117 токтомуна ылайык, аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Электр энергетика башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-августундагы № 57 (3713) саны менен жарыяланды
Министри | Т.Ө. Ибраев |