Загрузка документа…
Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан “Төлөм жүгүртүүнүн мамлекеттик классификатору” бекитилгенден кийин күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2025-жылдын 27-августу № 164-Б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-главада (Активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясы):
- “Финансылык активдер” (32) категориясындагы “Финансылык ички активдер” (321) тобу төмөнкү берене, беренече жана элементтер менен толукталсын:
“
3219 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби |
32191 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү каражаттары |
321911 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебинен каражаттардын келип түшүүсү |
32191110 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебинен каражаттардын келип түшүүсү |
321912 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебине каражаттарды которуу |
32191210 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебине каражаттарды которуу |
”;
- 3-главада (Активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын классификациясын колдонуу тартиби):
- “Финансылык активдер” (32) категориясындагы “Финансылык ички активдер” (321) тобу төмөнкү берене, беренече жана элементтер менен толукталсын:
“- 3219 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби
Бул берене Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебинен каражаттардын келип түшүүсүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебине каражаттарды которууну камтыйт”;
“-32191 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү каражаттары”;
“- 321911 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебинен каражаттардын келип түшүүсү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебинен бюджетке түшүүчү каражаттар кирет. Каражаттар бюджетке Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобого ылайык багытталат”;
“-32191110 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебинен каражаттардын келип түшүүсү”;
“-321912 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебине каражаттарды которуу;
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебине бюджеттен которулуучу каражаттар кирет. Каражаттар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобого ылайык которулат”;
“-32191210 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебине каражаттарды которуу”.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы:
ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйрукту “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан “Төлөм жүгүртүүнүн мамлекеттик классификатору” бекитилгенден кийин күчүнө кирет.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирүү сунушталсын.
5. Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарууну контролдоо бөлүмү ушул буйрукту Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө билдирсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору У.М. Аманбаевге жүктөлсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 29-августундагы № 65 (3721) саны менен жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий https://www.minfin.kg/ сайтында 2025-жылдын 29-августунда жарыяланды.
Министр |
| А.К. Бакетаев |