Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 4-июну № 447-т
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы N 840-т тескемесинин редакциясына ылайык)
Ченемдик укуктук актыларга укуктук мониторинг жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 2215-VII "Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жана Укуктук (укук колдонуу) мониторинг жүргүзүү учурунда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 10-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылга укуктук мониторинг жүргүзүү планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар:
1) Планда каралган ченемдик укуктук актыларга белгиленген мөөнөттөрдө укуктук мониторинг (мындан ары - мониторинг) жүргүзсүн;
2) мониторинг жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 2215-VII токтому менен бекитилген Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алсын;
3) квартал сайын кийинки отчеттук мезгилдин 10уна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетторду берип турсун;
4) мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетторду мониторинг жүргүзүүнүн мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен өзүнүн расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетторду жалпыласын, жыйнасын, талдоо жүргүзсүн жана жыйынтыгы боюнча аналитикалык катты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин.
4. Мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тейлөөчү орун басарларына мониторингди өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетту берүү үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
2025-жылга укуктук мониторинг жүргүзүү ПЛАНЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы N 840-т тескемесинин редакциясына ылайык)
№ | Ченемдик укуктук актынын аталышы | Укуктук мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу мамлекеттик орган | Укуктук мониторинг жүргүзүү мөөнөттөрү |
1 | 2 | 3 | 4 |
1 | "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ЭКМ | 2025-жылдын IV кварталы |
2 | "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ЭКМ | 2025-жылдын III кварталы |
3 | "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ЭКМ, ФМ | 2025-жылдын IV кварталы |
4 | "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ФМ | 2025-жылдын IV кварталы |
5 | "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ФМ | 2025-жылдын IV кварталы |
6 | "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ИИМ | 2025-жылдын III кварталы |
7 | "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ИИМ | 2025-жылдын IV кварталы |
8 | "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ЭМ | 2025-жылдын III кварталы |
9 | "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ЭМ | 2025-жылдын IV кварталы |
10 | "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | СӨМ | 2025-жылдын III кварталы |
11 | "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ММЖСМ | 2025-жылдын IV кварталы |
12 | "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ММЖСМ | 2025-жылдын III кварталы |
13 | "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ӨКМ | 2025-жылдын III кварталы |
14 | "Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ӨКМ | 2025-жылдын IV кварталы |
15 | "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ӨКМ | 2025-жылдын IV кварталы |
16 | Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси | ЖРЭТКМ | 2025-жылдын IV кварталы |
17 | "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ЖРЭТКМ | 2025-жылдын IV кварталы |
18 | "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ЖРЭТКМ | 2025-жылдын IV кварталы |
19 | "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ССМ | 2025-жылдын IV кварталы |
20 | "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ССМ | 2025-жылдын III кварталы |
21 | "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ИЖБИМ | 2025-жылдын III кварталы |
22 | "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ТКМ | 2025-жылдын IV кварталы |
23 | "Темир жол транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ТКМ | 2025-жылдын IV кварталы |
24 | "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Курулуш министрлиги | 2025-жылдын III кварталы |
25 | "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Курулуш министрлиги | 2025-жылдын IV кварталы |
26 | "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Курулуш министрлиги | 2025-жылдын IV кварталы |
27 | "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы | МТТСУК | 2025-жылдын III кварталы |
28 | "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ИУА | 2025-жылдын IV кварталы |
29 | "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ИУА, ЭКМ | 2025-жылдын IVI кварталы |
30 | "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ИУА | 2025-жылдын IV кварталы |
31 | "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ИУА | 2025-жылдын IV кварталы |
32 | "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ЖАМК | 2025-жылдын III кварталы |
33 | "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ИЖБИМ | 2025-жылдын IV кварталы |
34 | "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | ИЖБИМ | 2025-жылдын IV кварталы |
35 | "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Маммүлк | 2025-жылдын IV кварталы |
36 | "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Маммүлк, ЭКМ | 2025-жылдын IV кварталы |
37 | "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Маммүлк, ЭКМ, ФМ | 2025-жылдын IV кварталы |
38 | "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы | Маммүлк | 2025-жылдын IVI кварталы |
39 | Кыргыз Республикасынын Аба кодекси | ЖАМА | 2025-жылдын IV кварталы |