КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 5-сентябры ПЖ № 252
Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү
жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана башкаруу, анын каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчеттуулукту берүү маселелерин андан ары жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 433-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 268 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-ноябрындагы № 313 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Жарлыгы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 2-мартындагы № 53 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыгы;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-январындагы № 34 “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 “Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 68 (3724) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |