Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-сентябры № 592
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана

караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын
маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 721, 2025-жылдын 30-декабрындагы № 853 , 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы № 205 “Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, түшүүлөрдү салыктык жана бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы болуп.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы 4-тиркемеге ылайык.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу болуп саналат деп;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук улантуучусу болуп саналат деп.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 “Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмодо:
– жогоруда аталган Колдонмонун тиркемесинде:
11–16, 19, 22, 24, 25-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 33, 34-главалар менен толукталсын:
“ | |
33. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | |
204 | Калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым
|
205 | Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка тиричилик буюмдарын пробалоо, талдоо жана эн тамга басуу үчүн жыйымдар |
206 | Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр |
207 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктар
|
208 | Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн жыйым |
209 | Айыптар жана туумдар |
210 | Лицензия берүү үчүн мамлекеттик алым |
211 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелер |
34. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы | |
212 | Мамлекеттин пайдасына айландырылган кирешелер |
213 | Аныкталган контрабанданы сатуудан түшкөн кирешелер |
214 | Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер |
215 | Кызматтык-издөө иттерин сатуудан түшкөн кирешелер |
216 | Айыптар, туумдар, айыптар боюнча финансылык санкциялар |
217 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүлөр |
218 | Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык алынуучу бажы төлөмдөрү, атайын демпингге каршы, компенсациялык алымдар |
219 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктар
|
”. | |
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставында:
– аталган Тартиптик уставдын 3-тиркемеси ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 “Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускамада:
– 38, 109, 132, 139-пункттарда “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамада:
– 17-пункттун экинчи абзацында “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– жогоруда аталган Нускаманын 6-тиркемесинде:
3-пункттун экинчи абзацында, 4-пунктта “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы өкүлдөрүнүн кызматкерлерине квалификациялык талаптарда:
– аталган Квалификациялык талаптардын тиркемесинде “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажылык текшерүү тартибинде:
– аталган Тартиптин 2-тиркемесинде “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган токтомдун 16-тиркемесинде “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы № 38 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 2-пункттун он үчүнчү, он төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 4-пункттун 16, 17-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:
– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3, 4-пунктчалар менен толукталсын:
“3) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү, ошондой эле биоэтанолду өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча;
4) баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды өндүрүү жана жүгүртүү, Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча.”;
– 11-пункттун 7-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“– баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды өндүрүү жана жүгүртүү, Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды аткаруу;
– этил спиртин, алкогол жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү;”;
– 12-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“– баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды өндүрүү жана жүгүртүү, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;
– этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүндө, ошондой эле биоэтанолду өндүрүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;
– этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү тармактарына системалуу талдоо жүргүзөт жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт;”;
3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“– алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында инвестициялык программалардын ишин координациялайт, колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү үчүн алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
– этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү, жаңы индустрияларды өнүктүрүү жана түзүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырууну координациялайт;
– этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүн жакшыртуучу чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну координациялайт;
– этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө келип түшүүчү техникалык жана гранттык жардамды координациялайт;
– Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин алкоголдук жана спирт камтыган продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү жаатындагы тиешелүү техникалык регламенттеринин алкоголдук жана спирт камтыган продукцияларды өндүрүү, жүгүртүү, жөнгө салуу объекттерин пайдалануу маселелери боюнча алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын ата мекендик өндүрүүчүлөрү менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын жыйынды позициясын даярдоо жана сунуштоо боюнча иштерди координациялайт;”.
11. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
– 1-пункттун 1-пунктчасынын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу, алардан жасалган буюмдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын сактоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу;”;
– 11-пунктта:
4-пунктчанын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5) салыктык эмес кирешелерди башкаруу;”;
– 12-пунктта:
1-пунктчада:
жыйырма алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу, алардан жасалган буюмдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын сактоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;”;
отуз биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– салыктык эмес кирешелерди башкаруу функцияларын координациялоону камсыз кылат;”;
2-пунктчада:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу, алардан жасалган буюмдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын сактоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;”;
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пунктчада:
алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
“ |
| |||
3 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 1124 | 253 |
|
| анын ичинде: |
|
|
|
| борбордук аппараты | 257 | 48 |
|
| аймактык бөлүмдөрү | 526 | 145 |
|
| ведомстволук бөлүмдөрү | 341 | 60 |
|
1) 2026-жылдын 1-январынан тартып | ||||
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | 1134 | 253 |
|
| анын ичинде: |
|
|
|
| борбордук аппараты | 257 | 48 |
|
| аймактык бөлүмдөрү | 526 | 145 |
|
| ведомстволук бөлүмдөрү | 351 | 60 |
|
”; |
| |||
”;
– 191-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 197, 198-пункттар менен толукталсын:
“ | |||
197 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | 3332 | 454 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппарат | 422 | 45 |
| аймактык бөлүктөр | 2739 | 406 |
| ведомстволук бөлүктөр | 171 | 3 |
198 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы | 1341 | 271 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппарат | 184 | 82 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 1156 | 187 |
| чет өлкөдөгү өкүлчүлүк | 1 | 2 |
”; | |||
2) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
– эскертүүнүн 4-пунктунун төртүнчү, бешинчи абзацтарында “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
– 19-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 30, 31-пункттарда “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– эскертүүнүн 1-пунктунда:
2-пунктчанын сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында жогоруда аталган милдеттерди мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарынын жана орун басарларынын ортосунда башкача бөлүштүрүүгө жол берилет;”;
3-пунктчанын он бешинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: “Мамлекеттик органдын биринчи жетекчисинин чечими боюнча санариптик өнүктүрүү чөйрөсүндөгү функциялар ал тарабынан өз алдынча координацияланышы мүмкүн.”.
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун 1–4-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти жөнүндө жободо:

“3. Департамент Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу, алардан жасалган буюмдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын сактоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ведомстволук бөлүм болуп саналат.”;
– 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“10. Департаменттин ишинин максаты баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу, алардан жасалган буюмдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун жана Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар мамлекеттик запастарынын баалуулуктарын сактоо жана эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында көрсөтүлгөн баалуулуктар менен операцияларды аткаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу болуп саналат.”;
– 11-пункттун 4, 5-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
– 12-пунктта:
1-пунктчанын жетинчи, он биринчи – он бешинчи, он жетинчи, он тогузунчу – жыйырма биринчи, жыйырма үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пунктчанын экинчи, үчүнчү, сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
3-пунктчанын үчүнчү – алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 134 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2, 4, 5, 51-пункттарда “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
– аталышында, 1-пунктта, 3-пункттун экинчи абзацында “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. “Салык Сервис” ММ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” ММдин укук улантуучусу болуп эсептелет.”;
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. “Салык Сервис” ММдин толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси”;
2) расмий тилде: “Государственное учреждение “Салык Сервис” при Государственной налоговой службе при Кабинете Министров Кыргызской Республики”;
3) англис тилинде: “State institution “Salyk Service” under the State Tax Service under the Cabinet of Ministers of the Kyrgyz Republic”.”;
– 12-пункттун 11-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11) өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызматтарды, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларга (мекемелерге) жарандык мыйзамдарга ылайык башка кызматтарды көрсөтүүгө;”;
– 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“19. “Салык Сервис” мамлекеттик ишканасынын директорунун эки орун басары болот, алар ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу боюнча директордун буйругу менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.”;
– 23-пунктта “директордун орун басары” деген сөздөр “милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык директордун орун басарларынын бири” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттеринде:
– аталышында “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 159 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында, 1-пунктта “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жободо:
– аталышында, 1,.2-пункттарда, 3-пункттун 7, 8-пунктчаларында “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 4-пунктта:
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
үчүнчү абзацта “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Ушул пункттун 1–5-пунктчаларында каралган, жогоруда көрсөтүлгөн төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын инженердик-техникалык тобунун кызматкерлерине жайылтылбайт.”;
2) жогоруда аталган токтомдун 35-тиркемесинде:
– эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Жогоруда аталган ченемдер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын инженердик-техникалык тобунун кызматкерлерине жайылтылбайт.”.
17. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178 “Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасынын автомобилдик өткөрмө пункттарында санитардык-карантиндик, фитосанитардык, ветеринардык жана транспорттук контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашыруунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 2, 5-пункттарда “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинин 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
18. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 236 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:
– аталышында, 1-пунктта “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пунктта:
1-пунктчада “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктча “кызмат көрсөтүүлөр үчүн” деген сөздөрдөн кийин “, анын ичинде окутуу-методикалык процессти ишке ашыруу үчүн айкалыштырып иштөө шартында профессордук-окутуучулук курамды тартуу үчүн” деген сөздөр менен толукталсын.
19. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 334 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын уставында:
– аталышында, 1, 2, 4-пункттарда “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 8-пунктта:
экинчи абзацта “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын;

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтом мамлекеттик жана расмий тилдеги айырмачылыктар бар
20. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-июлундагы № 400 “Түндүк” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 3-пункттун 1-пунктчасы “Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети” деген сөздөрдөн кийин “, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы” деген сөздөр менен толукталсын.
21. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 150 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
22. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте бул токтом күчүнө кирген датадан тартып эки күндүк мөөнөттө бюджеттик каржылоону жана материалдык-техникалык жабдууну белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзсүн.
23. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин өткөрүп берүү актысын бекитсин.
24. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы:
1) бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
25. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 347 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 218 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 515 “Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз мүлктөрдү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жана жок кылуу тартибинин маселелери боюнча айрым чаралар жөнүндө” токтомунун 4-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 56 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 510 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө” токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169 “Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 229 “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын байге фондун түзүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 1-пункту;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 256 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 531 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 157 “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын ишинин маселелери жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 195 “Мамлекеттик бажы инфраструктурасы” ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө” токтомунун 5-пункту.
26. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
27. Бул токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 15-пунктунун 2-пунктчасынын төртүнчү абзацын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы № 73 (3729) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык
кызматынын башкаруу схемасы
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 721 токтомунун редакциясына ылайык)
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын
башкаруу схемасы
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 853 токтомунун редакциясына ылайык)
| 5-тиркеме |
| "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын |
Кол алдындагы кызматкерлерге карата сыйлоо
жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу
боюнча Кыргыз Республикасынын бажы иши
чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органдын жетекчилеринин (башчыларынын)
жана тийиштүү тартиптик укуктардын
тизмеги
№ | Кызмат орду | Чараларды колдонуу боюнча тартиптик укуктар | |
сыйлоо | тартиптик жоопкерчилик | ||
1 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бардык кызматкерлерине карата Тартиптик уставдын тартиптик укуктары толук көлөмдө колдонулат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына дайындоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата тартиптик жоопкерчилик чараларын, анын ичинде ээлеген кызмат орундарынан бошотуу түрүндө чараларды колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет | |
2 | Бардык деңгээлдердеги башка жетекчилер (башчылар) | Сыйлоо жөнүндө өтүнүч берүү | Тартиптик жазаларды берүү жөнүндө сунуштарды киргизүү |
".
| 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин
башкаруу схемасы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-сентябры № 592
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын
маселелери жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 721, 2025-жылдын 30-декабрындагы № 853 , 2026-жылдын 5-мартындагы № 150, 2026-жылдын 16-мартындагы № 179
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-июлундагы № 205 “Салык жана бажы чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкаруунун айрым маселелери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, түшүүлөрдү салыктык жана бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы болуп.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы 4-тиркемеге ылайык.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу болуп саналат деп;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук улантуучусу болуп саналат деп.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)