Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 178 Жарлыгына) |
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ
I. Киришүү
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы (мындан ары - Программа) өлкөнүн орто мөөнөттүү максаттарын жана артыкчылыктарын аныктоочу стратегиялык документ болуп саналат. Программа туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого, калктын жашоо сапатын жогорулатууга жана экономиканын негизги тармактарын комплекстүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Программаны иштеп чыгуу динамикалуу өзгөрүп жаткан глобалдык жана региондук чөйрөгө ыңгайлашуу зарылдыгы, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык потенциалын чыңдоого умтулуу менен шартталган.
Программа мурунку стратегиялык демилгелердин жана натыйжалардын ийгиликтерине таянып, жетишилген натыйжалардын ырааттуулугун жана өнүгүшүн камсыз кылат. 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында олуттуу ийгиликтерге жетишилди: жан башына ИДП 2420 АКШ долларына чейин өстү, акыркы үч жылдагы экономикалык өсүштүн орточо темпи 9%ды түздү, Адамдык өнүгүү индексинде өлкө 117-орунга көтөрүлдү, мамлекеттик финансы жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча абал бир топ жакшырды.
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген негизги максаттуу багыттар 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча жетишилди. Ошол эле учурда негизги көрсөткүчтөрдүн көпчүлүгү ашыгы менен аткарылды: жумушсуздуктун деңгээли 4,1%ды түздү, мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү ИДПга карата 25,9% деңгээлинде болду, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 67,8%ы функционалдык сабаттуулукка ээ жана тесттин босого маанисинен өтө алды.
Өлкө COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин ийгиликтүү жеңип, геоэкономикалык өзгөрүүлөргө ыңгайлашканын, мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштырганын эске алуу менен, алдыдагы мезгилде 2021-жылы башталган стратегиялык курсту жана тездетилген өнүгүүгө жана кыйла дымактуу максаттарга жетүүгө багытталган масштабдуу мамлекеттик реформаларды улантуу зарыл.
Учурдагы абалды талдоо көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасында социалдык-экономикалык өнүгүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишилди. Орто мөөнөттүү мезгилде кирешеси орточодон жогору болгон өлкөлөрдүн категориясына өтүү милдети коюлууда (жан башына 4500 АКШ доллары). Бул мамлекеттик башкаруунун сапатын кыйла жакшыртууну, өндүрүштүн жана эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну, алдынкы технологияларды жана инвестицияларды активдүү тартууну талап кылат.
2030-жылга чейинки жаңы курс Кыргыз Республикасынын атаандаштык артыкчылыктарын, глобалдык тренддерди жана улуттук артыкчылыктарды терең талдоого негизделген. Программа эл аралык рынокторго интеграциялануу, адамдык капиталды өнүктүрүү жана чакан жана орто бизнести колдоонун туруктуу механизмдерин түзүү зарылдыгын эске алат.
Маанилүү багыт болуп өлкөнүн эл аралык туруктуу өнүгүү рейтингдериндеги позициясын, анын ичинде Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү прогрессти чагылдырган индекстерди жогорулатуу эсептелет, бул экономикалык өсүштүн инклюзивдүүлүгүнө күбө болот. Региондорду тең салмактуу өнүктүрүүгө, социалдык инфраструктураны жакшыртууга жана бардык жарандар үчүн бирдей мүмкүндүктөрдү камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат.
Программанын негизги максаты Кыргыз Республикасынын жарандарынын бакубаттыгын жогорулатуу болуп саналат, мында өлкөнүн ар бир тургуну мекенинде өзүнүн дараметин ишке ашыра алат жана анын гүлдөп өсүшүнө салымын кошо алат.
Программанын негизги максатына жетүү инклюзивдүү экономикалык өсүш, социалдык адилеттүүлүк, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, теңсиздиктин деңгээлин төмөндөтүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана митигация менен коштолууга тийиш.
Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу динамикалуу жана чечкиндүү өзгөрүүлөргө жалпы берилүүнү жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-коомдоштуктун, коомдук уюмдардын жана жарандардын жолго коюлган жана биргелешкен ишин талап кылат.
II. Руханий-адеп-ахлактык өнүгүү
Азыркы учурда өлкөнүн алдында улуттук-мамлекеттик курулушту чыңдоо, коомду социалдык интеграциялоо жана руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоо стратегиялык милдеттери турат. "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктиктер" доктринасы улуттук сыймыкты өнүктүрүүгө, жарандык иденттүүлүктү - Кыргыз жаранын калыптандырууга жана жарандык демилгелерге дем берүүгө багытталган.
Доктрина өзүнө тарыхый-маданий мурастарды, улуттук каада-салттарды жана баалуулуктарды сактоо, билим берүү, маданият чөйрөлөрүн, абийир эркиндиги жана дин тутуу укуктарын өнүктүрүү сыяктуу артыкчылыктарды ишке ашырууну камтыйт. Бул артыкчылыктарды илгерилетүү жарандык иденттүүлүктү жана бирдиктүү улутка таандыктык сезимин калыптандыруунун шарттарын түзүүдө негизги ролду ойнойт, мында ар бир жаран этностук, диний же тилдик таандыктыгына карабастан, өзүн улуттук мамлекеттин бир бөлүгү катары сезет.
Максаттуу багыттар төмөнкүчө аныкталган:
1) жарандардын 85%ы Кыргыз жараны экендиги менен сыймыктанат жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот;
2) жарандардын 95%ы өлкөдө дин тутуу эркиндиги камсыздалган деп эсептейт;
3) Кыргыз Республикасынын БУУнун рейтингине ылайык дүйнөдөгү эң бактылуу 50 өлкөнүн катарына кириши.
Программаны ишке ашыруунун алкагында чечүүнү талап кылган негизги милдеттер:
1) жарандык иденттүүлүктү - Кыргыз жаранын өнүктүрүү жана жарандык маданиятты өстүрүү:
- коомдук аң-сезим жана жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу чөйрөсүндө коомдогу манипуляцияларга жана бир жактуу ишенимдердин күчөшүнө байланышкан тобокелдиктерди азайтуучу күчтүү укуктук, илимий, терминологиялык базаны түзүү;
- глобалдашуу процесстеринин жана күч алып жаткан тышкы идеологиялык таасирлердин аракет этүүсүнө туруктуулукту чыңдоо жана кыргыздын аутенттүүлүгүн бекемдөө;
2) маданиятты гуманитардык модернизациялоонун стратегиялык инструментине трансформациялоо жолу менен маданият чөйрөсүн өнүктүрүү:
- санариптештирүү, инфраструктураны модернизациялоо, креативдүү индустрияларды колдоо аркылуу коомдук турмушта маданияттын ролун жогорулатуу жана системалуу чараларды көрүү;
- көп функционалдуу маданий борборлорду түзүү, улуттук кинематографияны жандандыруу, эл аралык маданий долбоорлорду ишке киргизүү;
3) жаштардын өлкөнүн туруктуу инновациялык өнүгүүсүн камсыз кылуучу активдүү жарандык позициясын жана баалуулук багыттарын калыптандыруу, жаштардын социалдык өнүгүүсүнө жана өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө көмөктөшүү;
4) дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу жана светтик принципти бекемдөө:
- калктын укуктук жана диний сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле коомдук аң-сезимге жана туруктуулукка терс таасирин тийгизүүчү тобокелдиктерди жараткан айрым диний агымдардын, салттуу жана жарандык баалуулуктардын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу;
- мамлекеттин светтик мүнөзүнүн принцибин бекемдөө жана саясий ресурс катары диний факторду болтурбоо;
5) мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тилдик көп түрдүүлүктү сактоо:
- Кыргыз Республикасында жашаган бардык этностордун тилдерин сактоо жана өнүктүрүү менен бирге Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөнүн маанилүү фактору катары мамлекеттик тилдин толук масштабдуу иштешин камсыз кылган натыйжалуу тил саясатын түзүү;
- өмүр бою мамлекеттик тилди окутууну киргизүү жана колдонуу.
III. Учурдагы кырдаал жана жетишкендиктер
Макроэкономикалык абал
Мамлекеттин экономикалык саясаты өлкөдө макроэкономикалык жана баа туруктуулугун камсыз кылууга багытталган. 2021-2024-жылдары Кыргыз Республикасынын экономикасы тышкы жана ички шокторго жана өзгөрүүлөргө ийгиликтүү ыңгайлашты, тышкы сооданын географиясын жана активдүүлүгүн кеңейтти, өнөр жай дараметин арттырды. Бул жылдары Кыргыз Республикасынын экономикасынын орточо реалдуу өсүү темпи 8,0%ды түздү.
Инфляциянын деңгээли 2021-жылдагы 11,2%дан 2024-жылы 6,3%га чейин төмөндөдү. 2021-2022-жылдардагы жогорку инфляциянын негизги факторлору COVID-19 пандемиясынын кесепеттери, импорттолуучу товарларды жеткирүү чынжырчасынын бузулушу жана аларга болгон баалардын өсүшү, геосаясий туруксуздук болду.
2023-2024-жылдары керектөө бааларынын өсүү темпи жайлады, буга инфляциялык басымды чектөөгө багытталган тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүү, ошондой эле товардык-сырьёлук рыноктордогу дүйнөлүк баалардын жана импорттолуучу азык-түлүк товарларынын бааларынын басаңдашы өбөлгө түздү.
Республиканын фискалдык сектору 2021-2024-жылдары мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин 209,8 млрд. сомдон 463,8 млрд. сомго чейин эки эсеге өсүшү менен мүнөздөлдү, бул финансылык консолидациянын жана ички карыздын көбөйүшүнүн, ошондой эле фискалдаштыруунун жана кирешелерди башкаруунун эсебинен болду. Демек 2023-жылы 12,7 млрд. сом жана 2024-жылы 36,9 млрд. сом өлчөмүндө бюджеттин профицитине жетишүүгө мүмкүн болду.
Бюджеттик кирешелердин өсүшү мамлекеттин калк алдындагы социалдык милдеттенмелерди аткаруу боюнча да, негизги капиталга мамлекеттик инвестициялардын көлөмдөрү боюнча да финансылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти. Мамлекеттик бюджеттин өсүп жаткан мүмкүнчүлүктөрү мамлекеттик карыздын туруктуулугун бекемдөөгө өбөлгө түздү, ал эми өлкөнүн ИДПга карата мамлекеттик тышкы карызы 2021-жылы 50,3%дан 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 25,9%га чейин кыскарды.
Кыргыз Республикасында түз чет элдик инвестицияларды тартуунун динамикасы жогорку темптер менен мүнөздөлдү. Жалпысынан мындай оң динамика өлкөдөгү инвестициялык климаттын жакшырышы, инвесторлорду коргоо жана инвестициялык долбоорлорду мамлекеттик колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар байланышкан.
2021-2022-жылдары түз чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмү орточо эсеп менен жыл сайын 1,1 млрд. АКШ долларынан ашты. 2023-жылдын жыйынтыгы жана 2024-жылдын алдын ала маалыматтары боюнча бул көрсөткүч орточо эсеп менен 859 млн. АКШ доллары деңгээлинде түзүлдү. Инвестициялардын эң көп көлөмү кен казуу тармагына жана иштетүү өндүрүшүнө туура келди, алар орточо эсеп менен түшүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 25,0%ын жана 28,0%ын түздү. Бул өлкөнү индустриялаштыруу, инфраструктураны куруу, капиталдык курулуш боюнча көрүлүп жаткан чаралардын натыйжасы болду.
Финансы секторуна түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартууда туруктуу өсүш байкалууда, ал түшүүлөрдүн структурасында орточо эсеп менен 13,6%ды ээлейт. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бул секторго инвестицияларды тартуу 2021-жылга салыштырмалуу 3,4 эсеге өстү. Соода тармагына түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү да оң динамиканы көрсөттү жана анын инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү үлүшү орточо эсеп менен 18,7%ды түздү жана 2021-2024-жылдары 1,8 эсеге көбөйдү.
Тышкы экономикалык сектордо транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейишине жана өзгөргөн геоэкономикалык шарттарга байланыштуу олуттуу өсүш байкалууда. 2024-жылы товарлардын экспорту 2021-жылга салыштырмалуу 39,1%га, ал эми импорт - 2,2 эсеге өстү.
Сакталып жаткан демографиялык өсүштүн натыйжасында эмгекке жарамдуу калктын саны өсүүдө жана 2024-жылы 4,1 млн. адамды түздү. Эмгекке жарамдуу калктын санынын өсүшү эмгек мигранттарынын кайтып келиши, ошондой эле эмгек рыногундагы суроо-талаптын структуралык өзгөрүүлөрү менен катар Кыргыз Республикасында экономиканын өсүү потенциалына таасирин тийгизди. Жумушсуздуктун деңгээли 2021-жылдагы 5,3%дан 2023-жылы 4,1%га чейин төмөндөдү жана өлкөнүн бүткүл эгемендүүлүк мезгилиндеги эң төмөнкү көрсөткүч болуп саналат. 2024-жылы 263,1 миң жумуш орду, анын ичинде өнөр жайда 20,3 миң жумуш орду түзүлгөн.
Өнөр жай сектору
Кыргыз Республикасынын экономикасында өнөр жай сектору маанилүү орунду ээлейт, ИДПнын орточо 17%ын түзөт. Өнөр жай продукциясынын өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылы 370,5 млрд. сомдон 2024-жылы 585,3 млрд. сомго чейин 1,6 эсеге көбөйдү. Бул сектордун негизин иштетүү өнөр жайы (алтын өндүрүү), тамак-аш жана жеңил өнөр жайы, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүү түзөт.
Өнөр жай сектору болгон сырьёлук базанын - кен эмес курулуш материалдарын, сейрек кездешүүчү элементтердин, көмүрдүн, калайдын, алюминийдин жана темирдин эсебинен өсүү потенциалына ээ. Өнөр жайды өнүктүрүү инфраструктуралык, кадрдык жана институционалдык маселелерди чечүү менен коштолот.
2022-жылдан баштап экономикалык өсүш активдүү индустриялаштыруу менен коштолду. Алсак, "100 өнөр жай ишканасы" долбоорун ишке ашыруунун алкагында 2024-жылы экономиканын ар кайсы тармактарында 102 ишкана ачылып, инвестициялардын жалпы көлөмү 800 млн. АКШ долларын түздү жана 8,3 миңден ашуун жумуш оруну түзүлдү. 2025-жылы инвестициялардын жалпы көлөмү 1,7 млрд. АКШ долларынан ашык 128 ишкананы эксплуатациялоого киргизүү пландалууда, бул 13,9 миңдей жаңы жумуш орундарын түзөт.
Көп жылдардан бери биринчи жолу жеңил жана жүк ташуучу автомобилдердин, лифттердин, курулуш материалдарынын жана дары каражаттарынын жаңы түрлөрүнүн өндүрүшү жолго коюлду. Стратегиялык мааниге ээ болгон ата мекендик өндүрүүчүлөргө мамлекеттик деңгээлде бюджеттик кредиттер, артыкчылыктар жана кепилдиктер түрүндө колдоо көрсөтүлүүдө.
Өнөр жайдын ылдам өнүгүүсү бир катар маанилүү чечимдер менен шартталган. Инновациялык иш, технопарктар тууралуу мыйзамдар кабыл алынды, өнөр жай зоналары аныкталды, салык жеңилдиктери берилди, инновациялык борборлор, бизнес-инкубаторлор жана университеттердин алдында технология жана инновацияларды колдоо борборлору түзүлдү, ЕАЭБдин өнөр жай тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорго финансылык колдоо көрсөтүү механизми ишке киргизилди, базальт була өнөр жай өндүрүшүн түзүү боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылды, автомобиль өнөр жайын өнүктүрүү үчүн артыкчылыктар жана жеңилдиктер берилди, жеңилдетилген автокредиттөө программасы башталды.
Мындан тышкары өнөр жай өндүрүшүнүн түзүмүндө жогорку кошумча нарктагы продукцияларды түзүү тарабындагы багыт өзгөрүүдө, бул өз кезегинде Евразия экономикалык бирлигинин, Дүйнөлүк соода уюмунун стандарттарына жана эл аралык талаптарга жооп берген фактордук, сырьелук этаптан жогорку технологиялуу, инновациялык өндүрүшкө өтүүгө шарт түзөт.
Транспорт жана логистика
Транспорт жана логистика ички жана тышкы сооданын өнүгүшүнө шарт түзүп Кыргыз Республикасынын экономикасында негизги ролду ойнойт. Транспорттук-логистикалык инфратүзүмдү модернизациялоо, географиялык жайгашууну пайдалануу, улуттук инфратүзүмдү трансконтиненталдык транспорттук коридорлорго интеграциялоо, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүү өлкөнүн соода жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга мүмкүндүк берди.
2021-жылдан 2024-жылга чейин транспорттун бардык түрлөрү менен жүк ташуулардын көлөмү 21%дан ашык өстү. Транспорт жана жүктөрдү сактоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2021-жылдагы 28,6 млрд. сомдон 2024-жылы 46,8 млрд. сомго чейин 163,6%га өстү. Ташуулардын түзүмүндө мурдагыдай эле автомобиль транспорту менен ташуулар басымдуулук кылат.
Кыргыз Республикасы аркылуу ташуулардын көлөмүн көбөйтүү үчүн Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун, жаңы ички автомобиль жолдорун куруу жана учурдагыларын реабилитациялоо боюнча стратегиялык чечим кабыл алынды. Бул эл аралык автотранспорттук коридорлор менен катар өлкөнү эл аралык соодага максималдуу интеграциялоого, транзиттик ташуулардын жана сооданын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасында өткөн мезгилдеги жогорку экономикалык активдүүлүк жана тышкы сооданын өнүгүшү кампа инфратүзүмүн түзүүгө жана соода-логистикалык борборлорду курууга, электрондук сооданын көлөмүнүн өсүшүнө түрткү берди. Азыркы учурда өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү 40 соода-логистикалык борбор иштеп жатат. Кампа инфратүзүмү улуттук транспорттук долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу өсүү потенциалына ээ.
Логистикалык инфратүзүмдү өнүктүрүүнүн негизги драйвери эл аралык маркетплейстердин рыногуна чыгуу жана Кыргыз Республикасында алардын филиалдарын ачуу болуп калды. Ар кандай маркетплейстерде 30 миңден ашык кыргызстандык сатуучулар катталган, бул 2022-жылдын көрсөткүчүнөн үч эсеге көп.
Айыл чарбасы
Айыл чарбасы калкты иш менен камсыз кылып Кыргыз Республикасынын экономикасынын эң маанилүү тармагы бойдон калууда. Айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышы 2021-жылдагы 324,5 млрд. сомдон 2024-жылы 395,6 млрд. сомго чейин өсүп, 22,0%га көбөйдү. Негизги өсүш мал чарба тармагы тарабынан камсыздалды (+32,9%).
Мал чарба сектору негизинен бодо мал жана кой-эчки, жылкы, канаттууларды өстүрүү менен көрсөтүлгөн. 2021-2024-жылдары бодо малдын жана кой-эчкинин, жылкынын санынын динамикасы 2,3%га, канаттуулардын саны - 30,5%га өстү. Малдын жана канаттуулардын саны негизинен өндүрүмдүүлүгү төмөн сапаттагы малдар менен көрсөтүлгөн, бул мал чарбасынын жалпы натыйжалуулугун төмөндөтүүдө. Бул абал акыркы 30 жылдан бери байкалууда.
Узак жылдык тенденцияны эске алуу менен орто мөөнөттүү келечекке эт жана сүт азыктарынын көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү асыл тукум малдын санын жаңыртуу жана көбөйтүү милдети аныкталган. Бул милдеттин алкагында асыл тукум борборлорун өнүктүрүү, генетикалык жакшыртуу программаларын киргизүү жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жогорку өндүрүмдүү малды пайдаланууга стимулдаштыруу каралган. Бул тармактын өндүрүмдүүлүгүн кыйла жогорулатууга жана мал чарба продукциясын импорттоого көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.
Өсүмдүк өстүрүү сектору дан эгиндерин, мөмө жана жашылча-жемиш өсүмдүктөрүн өстүрүүгө багытталган. 2021-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде бир катар өсүмдүктөр боюнча себүү аянтын кеңейтүү жана өсүмдүк өстүрүү көлөмүн калыбына келтирүү, ошондой эле түшүмдүүлүк көрсөткүчтөрүн жакшыртуу менен мүнөздөлгөн олуттуу өзгөрүүлөр орун алды. Ошол эле учурда жаратылыш-климаттык өзгөрүүлөргө, технологиялык жана финансылык мүнөздөгү факторлорго, себүү аянттарына, түшүмдүүлүккө жана башка сезондук себептерге байланыштуу негизги өсүмдүктөрдү, анын ичинде жемиштерди, жашылчаларды, картошканы жана кант кызылчасын өндүрүүдө ар кандай багыттагы тенденциялар байкалды.
Өсүмдүк өстүрүү продукциясынын дүң көлөмү негизинен кант кызылчасынын (3,3 эсеге), мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн (1,4 эсеге), жүзүмдүн (1,4 эсеге), бакча өсүмдүктөрүнүн (1,2 эсеге), дан жана буурчак дан өсүмдүктөрүнүн (+9,7%) дүң көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 2021-жылдагы 169,7 млрд. сомдон 2024-жылы 184,5 млрд. сомго чейин 8,7%га өстү.
Глобалдык климаттын өзгөрүү шартында айыл чарба жерлерин сугат менен камсыз кылуу артыкчылыктуу милдет болуп саналат. Алсак, Кыргыз Республикасында сугат суусунун жетишсиздигинен улам 42 миң гектардан ашык жер өздөштүрүлбөй калган. Бул көйгөйдү чечүү үчүн 2022-жылдан 2024-жылга чейин 6,6 млрд. сом бөлүнгөн, ал эми 2025-жылы ирригация көйгөйлөрүн чечүүгө 5 млрд. сом багытталат. Ирригациялык иш-чараларды жүргүзүү сугат жерлеринин аянтын 1200 гектардан 2724 гектарга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берди, натыйжада суу менен камсыз болуу 18553 гектардан 59468 гектарга чейин жогорулады. Бул өз кезегинде 2021-2024-жылдар мезгилинде өсүмдүк өстүрүү продукциясын өндүрүүнү 14,8 млрд. сомго жана багбанчылыкты - 5,7 млрд. сомго көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.
Сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында айыл чарбасында тамчылатып сугарууну киргизүү боюнча активдүү чаралар көрүлүүдө. Алсак, мамлекеттик программалардын жана эл аралык долбоорлордун алкагында фермерлерге тамчылатып сугаруу системаларын сатып алууга жана орнотууга субсидиялар жана кредиттер берилет, бул суунун жоготууларын кыйла кыскартууга жана түшүмдүүлүктү жакшыртууга шарт түзөт.
Акыркы жылдары балык чарба комплексине өздөштүрүлбөгөн суу ресурстарынын олуттуу көлөмүн тартуу жолу менен балык өндүрүү боюнча активдүү динамика байкалууда, бул өндүрүштүн масштабын жана балыкты экспорттоо көлөмүн кескин көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.
Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы - республиканын өнөр жайынын артыкчылыктуу тармактарынын бири. Ал республиканын бардык өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 20%дан ашыгын жана экспорттун 25%дан ашыгын ээлейт. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары сүт азыктарын, эт азыктарын, мөмө-жемиш азыктарын, кантты, суусундуктарды жана башкаларды өндүрүү менен көрсөтүлгөн.
2021-2024-жылдары тамак-аш азыктарын өндүрүү 45,6 млрд. сомдон 87,4 млрд. сомго чейин өстү. Өсүш айыл чарба чийки затын өндүрүү, аны кайра иштетүү жана жаңы өндүрүш кубаттуулуктарын киргизүү көлөмүн көбөйтүү менен камсыз кылынган.
Терең кайра иштетилген продукциянын көлөмүн көбөйтүү жана фермердик чарбаларды ирилештирүү максатында эт, сүт, кант, тоок жумурткасы, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, жемиштер жана мөмөлөр, картошка, өсүмдүк майы, дан эгиндери, жүгөрү, жүзүм, балык чарбасы, пахта, жүн жана тери, бал, буурчак өсүмдүктөрү, жаңгак мөмө өсүмдүктөрү жана органикалык өндүрүш сыяктуу багыттар боюнча агрокластерлер түзүлгөн. Агрокластерлерди өнүктүрүүнү колдоо максатында 2022-жылдан баштап "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында 15,0 млрд. сом суммасына 7,5 миңден ашуун агрегаторлор каржыланган.
Фермерлердин жана дыйкан чарбалары, ошондой эле айыл чарба кайра иштетүүчүлөрү "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорунун алкагында 2021-жылдан 2024-жылга чейин жалпы суммасы 19,1 млрд. сомго каржылоо алган. Айыл чарба кооперативдеринин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана аларга колдоо көрсөтүү максатында "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо" программасы ишке киргизилди.
Кыргыз Республикасынын агрардык секторунда ишке ашырылып жаткан комплекстүү чаралар азык-түлүк коопсуздугун кыйла бекемдөөгө жана негизги позициялар боюнча импорттук көз карандылыкты төмөндөтүүгө өбөлгө түздү. Атап айтканда, акыркы эки жылда тоок жумурткасы менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээли 44%дан 80%дан ашуун, ал эми эт - 77%дан 90%га чейин, кант - 100%га жогорулады. Бул мамлекеттин жаңы канаттуулар фабрикаларын ачуу, союу цехтерин модернизациялоо жана фермердик чарбаларды кеңейтүү, кант кызылчасын себүү аянттарын кеңейтүү боюнча мамлекеттин максаттуу колдоосунун натыйжасында мүмкүн болду.
Айыл чарба чөйрөсүндө көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан кырдаалды жакшыртууга жана өлкөнү ички өндүрүштүн эсебинен тогуз негизги азык-түлүк, анын ичинде жашылча жана мөмө-жемиш, эт, сүт жана башкалар менен камсыз кылууга мүмкүндүк берди.
Туризм
Туристтик тармак табигый ландшафттары, тоолору, көлдөрү жана маданий мурастары менен жогорку потенциалга ээ.
Туризмдин негизги багыттары салттуу түрдө төмөнкүлөр болуп саналат:
- тоо туризми, анын ичинде окуялуу, тоо лыжа, спорттук туризм, альпинизм, рафтинг, экскурсиялык-таанып билүү маршруттары;
- дарылоо-ден соолукту чыңдоо, анын ичинде Ысык-Көлдө эс алуу, курорттук-рекреациялык жана санаториялык туризм, жайлоо туризми, кымыз менен дарылоо.
2024-жылы Кыргыз Республикасынын чек арасынан чет өлкөлүк жарандардын өтүү (келүү) саны 8,6 млн. адамды түздү. Өлкөнүн туристтик рыногу азыркы учурда негизинен региондук рынокко багытталган (Казакстан, Россия, Өзбекстан жана башкалар). Туристтик иш чөйрөсүндөгү дүң кошумча наркы 2021-2024-жылдары 28,0 млрд. сомдон 58,2 млрд. сомго чейин кыйла өстү.
Акыркы жылдарда өлкөнү активдүү туристтик илгерилетүү, анын ичинде өлкөнүн эл аралык аренада кадыр-баркын жана таанылышын жакшыртуу олуттуу натыйжаларга алып келди. Кыргыз Республикасы сөзсүз түрдө саякаттоо керек болгон туристтик өлкөлөрдүн популярдуу рейтингдерине кире баштады.
Акыркы жылдары өлкөгө келген туристтердин санынын өсүшү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу туристтик продуктуларды жана объекттерди иштеп чыгуу, аэропортторду реконструкциялоо жана модернизациялоо, транспорттук инфратүзүмдү жакшыртуу, мейманкана фондун жаңыртуу жана кеңейтүү, рест-поинт жана туристтик маалымат борборлорунун санын көбөйтүү менен шартталган.
Ички туризмди өнүктүрүү максатында Бишкек жана Ош шаарларынан Тамчы жана Каракол шаарларына авиакаттамдар ачылып, Бишкек-Балыкчы жогорку ыңгайлуулуктагы вагондору эксплуатациялоого киргизилип, жүргүнчүлөрдү ташуучу авиатехника паркы жаңыланып, глэмпингдерди куруу башталды.
2025-жылы "40 туристтик база" долбоору ишке киргизилип, анын алкагында республиканын ар бир районунда бирден туристтик объект ачылат.
2023-жылдан бери "Чаткал Резорт", "Байтик Резорт" жана "Үч чоку" сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги масштабдуу тоо лыжа объекттерин курууга инвесторлорду тартуу иштери жүрүп жатат.
Электр энергетикасы
Өлкөнүн экономикасында энергетикалык сектор негизги ролду ойнойт, ансыз туруктуу өнүгүү мүмкүн эмес. Энергосистеманын негизин электр энергиясын өндүрүүнүн 85%дан ашыгын камсыз кылган гидроэлектр станциялары түзөт, калган 15% жылуулук электр станциялары тарабынан өндүрүлөт.
Акыркы жылдары электр энергиясын керектөө электр энергиясын өндүрүүдөн ашып, анын тартыштыгына, айрыкча кыш мезгилинде себеп болду. 2024-жылы электр энергиясын өндүрүү 2021-жылга салыштырмалуу азайып (-0,2 млрд. кВт с) 14,9 млрд. кВт с түздү. Электр энергиясынын тартыштыгы орточо эсеп менен 3,5 млрд. кВт саатты түзөт. Электр энергиясын негизги керектөөчү болуп калк кала берет (болжол менен 70%).
Өлкөнү активдүү индустриялаштыруу, башка артыкчылыктуу тармактарды өнүктүрүү жана ИДПнын жылдык өсүү темпине 8,5%дан ашык жетүү шартында экономика электр энергиясын керектөөнүн чоң көлөмүнө муктаж болот.
Электр энергиясынын тартыштыгын жоюу максатында мамлекет тарабынан ГЭСтерди, күн жана шамал станцияларын, энергетика объекттерин реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча чаралар көрүлгөн, электр энергиясынын техникалык жоготуулары төмөндөдү, атайын техника жаңыртылды. Эң масштабдуу долбоорлордун бири болуп кубаттуулугу 1860 МВт болгон Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу саналат.
Электр энергиясын өндүрүү боюнча кырдаалды эске алуу менен 2023-жылы энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жөнүндө жобо киргизилген. 2030-жылга чейин электр энергиясына тарифтик саясат кайра каралды.
Жалпысынан 2030-жылга чейин 30га жакын электр энергетикалык объекттерди ишке киргизүү пландалууда, бул тартыштыкты жоюуга, энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылууга жана электр энергиясын башка өлкөлөргө, атап айтканда CASA-1000 долбоору боюнча экспорттоого мүмкүндүк берет.
Социалдык сектор
Өлкөдө акыркы жылдары демографиялык өсүүнүн оң көрсөткүчтөрү жетишилди. Бул балдардын төрөлүшүнүн туруктуу өсүшүндө, күтүлгөн жашоо узактыгынын сакталышында, миграциялык агымдын кыскарышында, билим берүүгө жана саламаттык сактоого жеткиликтүүлүктүн жакшырышында, социалдык коргоо системасынын күчөшүндө жана социалдык инфратүзүмдүн бекемделишинде белгиленет. Жакырчылыктын деңгээли төмөндөө тенденциясына ээ, бирок 29,8%, мында балдардын жакырчылыгы 36,7% деңгээлинде калууда.
2021-жылга салыштырмалуу социалдык сектордун чыгашалары 2024-жылы 105,6 млрд. сомдон 178,5 млрд. сомго чейин 1,7 эсеге өскөн. Орто мөөнөттүү мезгилде социалдык секторду каржылоо системасын анын натыйжалуулугун жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу тарабына кайра карап чыгуу зарыл.
Билим берүү тармагында оң жылыштар байкалууда: эмгек акыга жана капиталдык инвестицияларга мамлекеттик чыгымдар көбөйтүлдү, мугалимдердин квалификациясы жогорулатылууда, санариптештирүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда, 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү процесси башталды, мамлекеттик жогорку окуу жайларынын өз алдынчалыгы кеңейтилди. Ошол эле учурда айрыкча айыл жерлеринде мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү, мектептик инфратүзүмдү, ошондой эле кесиптик лицейлердин, коллеждердин жана жогорку окуу жайларынын инфратүзүмүн модернизациялоо боюнча иштер улантылууда.
Билим берүү системасын жакшыртуу жана анын сапатын жогорулатуу, жарандын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, билим берүү процесстерин дүйнөлүк талаптарга ылайык келтирүү максатында 2023-жылы "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамы кабыл алынган.
2021-2024-жылдары жеке бала бакчаларын ачуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана мектепке чейинки билим берүүнүн бардык түрлөрүн жана формаларын кеңейтүүнүн эсебинен мектепке чейинки билим берүү менен камтуу (3-6 жаш) 24төн 44%га чейин көбөйдү.
Эмгек акынын деңгээлин жогорулатууга карабастан, мектептерде квалификациялуу мугалимдердин, айрыкча STEM дисциплиналары боюнча жетишсиздиги сакталууда.
Педагогикалык курамдын сапатына жана квалификациясына, класстагы окуучулардын санына жана окуу материалдарынын сапатына көз каранды болгон ийгиликтүү окуунун жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрү да тынчсызданууну жаратууда. Окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин улуттук баалоо (ОБЖУБ) тарабынан берилген 2023-жылдагы маалыматтар боюнча башталгыч мектептерде окуучулардын математика боюнча 34,3%ы гана, ал эми окуу боюнча - 48,5%ы тапшырмаларды ийгиликтүү аткарат. Окутуу методдору, билим берүү ресурстары, программалар жана окуу китептери практикалык эмес, теориялык окутууга багытталган.
Билим берүү инфратүзүмү жана жабдуулары, анын ичинде инклюзивдүү, материалдык-техникалык жабдуу жана санариптештирүү, айрыкча өсүп келе жаткан демографиялык жүктү эске алуу менен мамлекеттик жана жеке инвестицияларды талап кылат.
Саламаттык сактоо системасынын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири калктын күтүлгөн жашоо узактыгынын өсүшү болуп саналат. 2021-2023-жылдары ал 71,7ден 72,0 жашка чейин өстү (эркектердин жашоо узактыгы - 68 жаш, аялдардыкы - 77 жаш).
Акыркы жылдары саламаттык сактоо системасына ооруларды профилактикалоо жана дарылоодо жана тейлөөдө санариптик технологиялар киргизилип, инфратүзүм жакшыртылды, бейтаптардын электрондук медициналык карталары киргизилди.
Оорулардын алдын алуу жана мониторинг жүргүзүү, жашоо деңгээлин жогорулатуу, ичүүчү таза сууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, экологиялык абалды жакшыртуу боюнча чаралар өлүмдүн жалпы көрсөткүчүн 2021-жылдагы 1000 адамга 5,7ден 2024-жылы 1000 адамга 4,4кө чейин кыскартууга мүмкүндүк берди.
Ымыркайлардын, балдардын жана энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү профилактикалоо боюнча, ошондой эле кесепеттерге каршы күрөшүүдө туура чечимдердин натыйжасында оң динамикасын көрсөтүүдө. 2021-2024-жылдар аралыгында ымыркайлардын өлүмүнүн деңгээли 1000 төрөлгөнгө 15,2ден 13,1ге, ал эми балдардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү 1000 төрөлгөнгө 17,9дан 15,9га чейин, энелердин өлүмү (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча) - 100 миң төрөгөнгө 37,1ден 25,7ге чейин азайган.
Ошол эле учурда медициналык тейлөөгө жана медициналык каражаттарга жеткиликтүүлүк 40% үй чарбасы үчүн чектелген жана алар дарыланууга акы төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болот. Көйгөйдү чечүү жолдорунун бири болуп милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жана дары-дармектердин наркын субсидиялоо саналат.
Саламаттык сактоодогу негизги көйгөйлөр жана чакырыктар бир нече өтө маанилүү багыттарда көрүнөт: санариптештирүүгө интеграцияланган мамиленин жоктугу, кадрлардын агымы жана адистердин жетишсиздиги. Айрыкча бул көйгөйлөр инфратүзүм, медициналык кадрлар менен камсыз кылуу, дары-дармектерге жана санариптик сервистерге жеткиликтүүлүк боюнча кыйынчылыктар жаралган алыскы райондордо курч сезилет.
Эрте өлүмдүн жана майыптуулуктун жогорку деңгээли олуттуу тынчсызданууну жаратат: инфекциялык эмес оорулардан өлүмгө учуроо саны жогору бойдон калууда. Майыптуулуктун деңгээли, айрыкча балдар арасында өсүүдө. Медициналык кызмат көрсөтүүгө болгон мамилелер көп жагынан эскирген: телемедицина, реабилитациялоо жана профилактикалоо сыяктуу багыттар жетишсиз өнүккөн.
Социалдык коргоо ар бир адам бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болгон инклюзивдик коомду курууга багытталган. Акыркы жылдары социалдык адилеттүүлүктү бекемдөө жана социалдык коргоонун инклюзивдүү системасын өнүктүрүү максатында жарандардын социалдык жактан корголбогон категориясынын абалын жакшыртууга багытталган бир катар негизги инструменттер киргизилген. Мындай инструменттердин катарына "Келечекке салым", "Бала береке", "Социалдык контракт", "Жеке ассистент", "Киби", "Жаштар такшалмасы" программалары кирет.
Ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын келечегин камсыздоо максатында 500,0 миң сом өлчөмүндөгү "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозити киргизилген. Балдардын төрөлүшүнө дем берүү жана бийик тоолуу жана алыскы райондордогу үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн 2024-жылы 100 миң сомдон 2 миллион сомго чейин төлөмдөр каралган "Бала Береке" программасы кабыл алынган.
Кирешелери төмөн калкты колдоонун маанилүү инструменти болуп 2022-жылы киргизилген "Социалдык контракт" программасы саналат. Үч жылдын ичинде 32,2 миң үй-бүлө (190 миңден ашык адам, анын ичинен 2797 майыптыгы бар адам) өз ишин ачуу боюнча долбоорлорду ишке ашырды. Программанын кыйла ийгиликтүү катышуучулары пайызсыз кредиттин (200,0 миң сомго чейин) эсебинен бизнести кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Башка бирөөнүн багуусуна жана байкоосуна муктаж майып адамдар жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүн алат, ал эми ай сайын берилүүчү жардамдын суммасы дээрлик 23%га чейин көбөйтүлгөн.
Ошол эле учурда калктын эң аялуу катмарларына багытталган мамлекеттик колдоонун даректүүлүгүн жогорулатуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлдү. 2021-2024-жылдары 111,0 миң аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекеттик жөлөкпулдарды алды.
Жарандардын бакубаттыгын жогорулатуу боюнча кошумча кадам болуп эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү саналды, бул бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин кирешесин кыйла көбөйттү.
Мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү - майыптыгы бар балдарды, жетим балдарды, улгайган жарандарды жана баатыр энелерди кошо алганда алуучулардын категориясына жараша 200%га чейин өстү.
2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасы ишке ашырылууда. Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды коргоо чараларын күчөтүү максатында социалдык кызматкерлердин 500дөн ашык штаттык бирдиги киргизилди.
2021-жылдын июнунда балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана өркүндөтүү боюнча мамлекеттик жана мамлекеттик эмес түзүмдөрдүн ишине колдоо көрсөтүү жана координациялоо үчүн Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн институту түзүлгөн.
Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциянын ратификацияланышы жана 2023-2030-жылдарга Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар адамдар жана калктын башка аз мобилдүү топтору үчүн "Жеткиликтүү өлкө" мамлекеттик программасынын кабыл алынышы менен басмырлоону жоюу жана жеткиликтүү чөйрөнү түзүү боюнча системалуу иш жүргүзүлүүдө.
2024-жылга карата 65 жаштагы жана андан жогору курактагы калктын саны 407,9 миң адамга жетти, бул медициналык-социалдык жардамды күчөтүүнүн, социалдык кызматкерлерди даярдоонун жана гериатриялык жардамды өнүктүрүүнүн, анын ичинде деменцияны жана когнитивдик бузулууларды дарылоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.
Баалардын өсүү жана реалдуу кирешелердин төмөндөө шарттарында 2020-2023-жылдары улгайган адамдар өзгөчө аялуу болуп калды, бул алардын социалдык маанилүү товарларга, дары-дармектерге жана кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн чектеди. Бул чакырыктарга жооп катары 2023-2024-жылдары пенсиялар индексацияланды жана эки эсеге көбөйтүлдү, бул социалдык теңсиздиктин деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берди.
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы гендердик саясатты ишке ашырууда белгилүү бир ийгиликтерге жетишти: укуктук база кыйла бекемделди: 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук стратегиясы, 2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасы кабыл алынды, Эмгек чөйрөсүндөгү зомбулукту жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө ЭЭУнун № 190 конвенциясы ратификацияланды, бул Борбордук Азия регионунда биринчи маанилүү кадам болуп калды.
Үй-бүлөлүк зомбулуктан укуктук коргоону күчөтүү боюнча чаралар көрүлдү. Алдын алуу механизмдери кеңейтилди, коргоо ордеринин мөөнөтү узартылды, укук бузуучулар үчүн коррекциялык программалар киргизилди.
Региондорду комплекстүү өнүктүрүү
Региондорду өнүктүрүүдө региондорду өнүктүрүүдөгү диспропорциялар, аймактарды башкарууга тармактык мамиленин натыйжасыздыгы жана региондорду өнүктүрүүнү комплекстүү социалдык-экономикалык пландоонун жоктугу сыяктуу көйгөйлөр белгиленет. Региондор боюнча ИДПнын негизги бөлүгүн Бишкек шаары, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустары түзөт.
Административдик-аймактык түзүлүштү өркүндөтүү жана региондорду комплекстүү өнүктүрүү мамлекеттик башкарууну реформалоонун маанилүү этабы болуп саналат.
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында 2023-2024-жылдары административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөн, анын натыйжасында 452 айыл аймагы 231ге бириктирилди, 1 шаар түзүлдү - Шамалдуу-Сай, 2 шаар облустук маанидеги шаар статусун алды - Кант жана Кара-Балта, административдик-аймактык бөлүнүүнүн жаңы системасы түзүлдү.
Ресурстарды бириктирүү жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү тездетүү максатында 14 шаарга жакын айыл аймактары жана калктуу конуштар кошулган.
2024-жылдын аягында башталган административдик-аймактык реформанын алкагында мамлекеттик башкарууну реформалоонун кийинки баскычы Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жана Ош облусунун Өзгөн районунда пилоттук режимде административдик реформаны жүргүзүү болду. Реформанын алкагында министрликтердин жана ведомстволордун бир катар ыйгарым укуктары райондук деңгээлге өткөрүлүп, башкаруунун региондук деңгээлин күчөтүү жана экономиканы өнүктүрүүгө багыттоо белгиленген.
Шаарларда калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жана инфраструктураны жакшыртуу максатында республикалык бюджеттен Жалал-Абад, Кара-Балта, Каракол, Кербен, Талас, Токмок, Токтогул жана башка шаарларга финансылык каражаттар жумшалган.
Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын маалыматтарына ылайык республикада калкты турак жай менен камсыз кылуу көрсөткүчү 15,7 м2/адамдан ашкан эмес. БУУнун социалдык стандарттары боюнча бир адамга кеминде 30 м2/адам туура келиши керек.
Жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу өлкөнүн региондорун туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн стратегиялык маанилүү милдет болуп саналат. Кыргыз Республикасынын жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши түп-тамырынан кайра түзүлдү жана Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасы кайра каралып чыкты.
2023-жылдан тартып Мамлекеттик ипотекалык компания өз күч-аракетин региондордо турак жай курууга жумшады. Азыркы учурда жалпы турак жай аянты 1,3 млн. м2 болгон 21174 батирге 435 көп кабаттуу үй курулууда. Курулуш боюнча бул долбоорлордун болжолдуу наркы 68,6 млрд. сомду түзөт.
Санариптик өнүктүрүү
Азыркы учурда Кыргыз Республикасы белгиленген жана мобилдик интернеттин орточо ылдамдыгы боюнча дүйнөдө тиешелүү түрдө 87 жана 70-орунду ээлейт. Интернеттин ылдамдыгы санариптик сервистерге, анын ичинде билим берүү платформаларына жана тиркемелерине туруктуу жетүүнү камсыз кылат. 2024-жылдын аягына карата 2225 калктуу конуштун 2208и 4G LTE менен камсыздалган, бул мобилдик байланыштын жогорку деңгээли жөнүндө күбөлөндүрөт.
Өлкөдө санариптик экономиканы өнүктүрүү үчүн уникалдуу шарттар түзүлдү: санариптик мыйзамдар колдонулат, Жогорку технологиялар паркы үчүн жеңилдетилген режим киргизилген, квалификациялуу жана аралыктан иштөөчү IT-адистерди тартуу үчүн "Санарип көчмөн" визалык программасы сунушталган.
Санариптик экономиканын тездик менен өнүгүшү байкалууда. 2024-жылы Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин кирешеси 11,4 млрд. сомду түздү, бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик үч эсеге көп, мында кирешенин 95%ы 60 өлкөгө экспорттоодон түшкөн. Жергиликтүү IT-компаниялар глобалдык рынокко ийгиликтүү чыгууда.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн натыйжасында калктын жана бизнестин маалыматка жетүүсү жөнөкөйлөштүрүлдү, административдик ведомстволор менен өз ара аракеттенүү жакшырды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу убактысы кыскарды. "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтер жетишилди, ал аркылуу 4 млрд. жакын маалымат алмашуу иштелип чыкты жана 25 млн. ашык онлайн-кызматтар көрсөтүлдү.
Мамлекеттик башкаруу
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жүргүзүлдү. Реформанын максаты жаңы, натыйжалуу жана тышкы чакырыктарга жана өлкөнүн ички керектөөлөрүнө ыкчам чара көрүүгө жөндөмдүү, коомдун кызыкчылыгына кызмат кылууга багытталган системаны түзүү болуп саналат.
Реформанын негизги кадамдарынын бири Президенттин Аппараты менен Өкмөттүн Аппаратын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына бириктирүү болду. Бул мамлекеттик башкаруунун түзүмүн оптималдаштырууга, кайталанган функцияларды кыскартууга жана бийликтин ар кандай бутактарынын ортосундагы координацияны жогорулатууга мүмкүндүк берди. Оптималдаштыруунун алкагында жаңы Администрациянын штатын кыскартуунун олуттуу этабы жүргүзүлгөн, бул мамлекеттик аппараттын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюджеттик чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берди.
Оптималдаштыруунун алкагында көптөгөн административдик ведомстволор министрликтердин карамагына өткөрүлүп берилди, ошентип мамлекеттик органдардын саны кыскартылды жана алардын отчеттуулугу жогорулады. Бул чара кайталанган функцияларды жоюуга, мамлекеттик башкаруунун ар кандай деңгээлдеринин ортосундагы координацияны жакшыртууга жана мамлекеттик аппараттын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Мамлекеттик башкарууну реформалоонун ажырагыс бөлүгү болуп жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүүгө, ашыкча административдик жүктү кыскартууга, чечимдерди кабыл алууну тездетүүгө, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандар жана бизнес үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган дебюрократизация процесси саналат. Бул процесстин алкагында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүүгө мүмкүндүк берген маалыматтык технологиялар активдүү киргизилүүдө. Бул мамлекеттик мекемелерге жеке баруу зарылдыгын кыскартат, жарандардын убактысын үнөмдөйт жана коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтөт.
Колдонуудагы административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү жана кыскартуу максатында аларды талдоо жана кайра карап чыгуу жүргүзүлүүдө. Ашыкча талаптар жана формалдуулуктар жоюлууда, бул мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
IV. Программанын максаттары
Программанын борборунда Кыргыз Республикасынын жараны турат, ал эми мамлекеттин негизги максаты анын бакубаттыгын жогорулатуу болуп саналат. Мында өлкөнүн ар бир жашоочусу мекенинде өз потенциалын ишке ашырып, анын гүлдөп өсүшүнө салым кошо алат. Программанын негизги максатына жетүү инклюзивдүү экономикалык өсүш, социалдык адилеттүүлүк, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, теңсиздиктин деңгээлин төмөндөтүү менен коштолот. Өнүктүрүүгө болгон мындай мамиле бакубаттыкты заманбап көп түрдүү түшүнүүнү чагылдырат жана ар бир жаран өз жашоосунда реалдуу жакшырууларды сезишине багытталган.
Программа төмөнкү максаттуу багыттарга жетүүгө багытталган:
1. Калктын жан башына ИДП - 4500 АКШ долларына чейин.
2. ИДП көлөмү - 30 млрд. АКШ долларынан кем эмес.
3. ИДПнын орточо жылдык реалдуу өсүү темпин 8% деңгээлинде камсыз кылуу.
4. Өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдынкы 30 өлкөнүн катарына кирүүсү.
5. Кыргыз Республикасынын адамдык өнүгүү индекси боюнча рейтингдеги көрсөткүчүн 10 позицияга жакшыртуу.
6. Жумушсуздук - 5%дан ашык эмес.
7. 2030-жылы ИДПга карата негизги капиталга инвестициялардын көлөмү - 20%дан кем эмес.
8. Мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмү - ИДПга карата 60%га чейинки деңгээлде.
V. Өнүктүрүү векторлору
Программада чагылдырылган адамга багытталган туруктуу өсүш траекториясын түзүү үчүн өнүктүрүү векторлору ички, ошондой эле тышкы факторлорду кылдат талдоонун негизинде түзүлдү. Бир жагынан Кыргыз Республикасынын атаандаштык артыкчылыктары эске алынган: бай жаратылыш ресурстары, анын ичинде кайра жаралуучу ресурстар; өлкөнүн эмгек потенциалынын негизи катары жаштар; региондун ири базарларынын ортосундагы стратегиялык жайгашуу; уникалдуу маданий жана жаратылыш мурасы. Бул активдер масштабдуу өнүгүү планына туруктуулукту жана реалдуулукту берет.
Экинчи жагынан Программа Кыргыз Республикасынын алдында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуучу глобалдык жана регионалдык тренддерди эске алат. Дүйнөлүк экономика "жашыл" өнүгүү тарапка жылып жатат, бул таза энергияга, экологиялык продукцияга жана туруктуу айыл чарба технологияларына туруктуу суроо-талапты жаратат. Логистикалык чынжырлар кайра курулууда - геосаясий туруктуулук жана коңшулар менен тең салмактуу өз ара мамилеси бар өлкөлөрдүн маанилүүлүгү өсүүдө. Санариптештирүү, автоматташтыруу жана "акылдуу" экономикага өтүү атаандаштыктын принциптерин өзгөртүүдө. Мунун баары өлкөдөн өнүгүүгө ийкемдүү, бирок амбициялуу мамилени талап кылат.
Бул улуттук керектөөлөр, артыкчылыктар жана глобалдык тенденциялар кесилишинде - өнүктүрүүнүн төрт негизги вектору аныкталды.
Биринчи вектор "Индустриялаштыруу", анын максаты кластердик ыкманы пайдалануу жана келечекте кошумча наркы жогору продукцияны экспорттоого басым жасоо менен заманбап, диверсификацияланган өнөр жай базасын түзүү болуп саналат. Кыргыз Республикасында региондук өнөр жай чынжырчасында татыктуу орунду ээлөө үчүн ресурстар жана эмгектик потенциал бар. Критикалык материалдардын глобалдык тартыштыгы жана жеткирүүлөрдүн бузулушу шартында өлкө ишенимдүү өндүрүштүк өнөктөш боло алат.
Экинчи вектор "Региондук хаб". Кыргыз Республикасынын Кытай, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы геостратегиялык абалы негизги транзиттик аянтча жана логистикалык түйүн болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Дүйнөлүк соодадагы тез трансформациялар, электрондук коммерциянын ролунун күчөшү жана жеткирүү маршруттарын диверсификациялоо өлкөнүн мындай позицияны ээлөө актуалдуулугун күчөтөт.
Үчүнчү вектор "Айыл чарба жана туризм". Кыргыз Республикасы жогорку кайра иштетүү деңгээли жана кошумча наркы менен органикалык, экологиялык таза айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Жаратылыш ландшафты жана маданий мурас менен айкалышта бул туруктуу туризмдин жана айыл чарбасынын жогорку кирешелүү моделин түзүүгө жол ачат.
Төртүнчү вектор "Жашыл энергетика". Бай гидроэнергетикалык потенциал жана кайра жаралуучу ресурстардын болушу Кыргыз Республикасына өзүнүн энергетикалык коопсуздугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылууга, ал эми келечекте жашыл энергияны экспорттоочу жана жашыл инвестициялар үчүн платформа ролуна талапкер болууга мүмкүндүк берет. Бул климаттык чакырыктарга да, экономиканы декарбонизациялоо боюнча дүйнөлүк трендге да жооп берет.
5.1. Индустриялаштыруу
Өлкөнүн өнөр жай секторунун түзүмү артыкчылыктуу түрдө негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын казып алууга жана өндүрүүгө, тамак-аш азыктарын, желим жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө багытталган. Өнөр жай товарларына импорттун жогорку көз карандылыгы ички өндүрүштүн көлөмүнүн жана технологиялык өнүгүүнүн жетишсиздиги менен шартталган.
Кыргыз Республикасы өнөр жайды туруктуу өнүгүүнүн жана глобалдык интеграциянын кубаттуу факторуна айландыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул үчүн технологияга, автоматташтырууга, инфраструктурага, ата мекендик изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга, ошондой эле кадрларды жана индустриялык зоналарды өнүктүрүүгө инвестициялар зарыл. Бул жаңы өнөр жай моделине өтүү үчүн негиз түзөт. Жаңы өнөр жай моделинин негизин критикалык материалдарды, алтынды казып алуу жана кайра иштетүү, курулуш материалдарын, текстиль жана тигүү буюмдарын, тамак-аш азыктарын жана фармацевтика продуктарын өнүктүрүү, машина куруу жана прибор куруу сыяктуу кошумча наркы жогору багыттар түзөт.
"Индустриялаштыруу" вектору боюнча максаттуу багыттар төмөнкүдөй аныкталган:
1) 2030-жылга карата өнөр жай продукциясынын өндүрүшүнүн көлөмүн 2 эсеге көбөйтүү (2024-жылдын көрсөткүчүнө карата);
2) өнөр жайга негизги капиталга инвестициялардын үлүшүн жалпы көлөмдөн: 2024-жылдагы 34%дан 2030-жылга карата 50%га чейин көбөйтүү;
3) аймактарды өнүктүрүүнүн жана инвестицияларды тартуунун инструменти катары 2030-жылга карата региондордо кеминде беш толук кандуу индустриалдык/технопарктык зоналарды түзүү.
"Индустриялаштыруу" вектору боюнча негизги милдеттер төмөнкүлөр болот:
1) өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн заманбап технологияларды киргизүү:
- заманбап технологияларды, анын ичинде интеллектуалдык менчик объекттерине таянган ата мекендик иштеп чыгууларды өнөр жайдын бардык артыкчылыктуу тармактарына киргизүүгө көмөктөшүү;
- өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу чөйрөсүндөгү компетенциялар институтун түзүү;
2) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен тышкары өндүрүштүк чынжырчаларды өнүктүрүү:
- ички өндүрүштүк кубаттуулуктарды өнүктүрүү жана комплекттөөчүлөрдү локалдаштырууну колдоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ишканаларды кошумча нарктын глобалдык чынжырчасына интеграциялоону колдоо;
- өнөр жай ишканаларынын ортосундагы кооперацияга дем берүү жана иштин коштоочу жана көмөкчү түрлөрүн жүзөгө ашыруучу компанияларды өнүктүрүү;
- алдынкы чечимдер менен технологиялык алмашуу жана аларды киргизүү үчүн шарттарды түзүү;
3) өнөр жай-өндүрүштүк кластерлерди өнүктүрүү:
- өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарында, анын ичинде критикалык минералдарды казып алуу, жеңил, фармацевтикалык, эмерек, тамак-аш, зергердик өнөр жайы, чакан машина куруу жана курулуш материалдарын өндүрүү тармактарында өнөр жай-өндүрүштүк кластерлерди аныктоо жана түзүү;
- өзгөчө экономикалык зоналар жана өзгөчө укуктук статусу бар аймактар аркылуу алардын өнүгүүсүн бир эле убакта колдоо менен индустриялык парктарды жана технологиялык хабдарды түзүү;
- финансылык-өнөр жайлык топтор принциби боюнча финансылык институттар менен аларды бириктирүү аркылуу өнөр жай-өндүрүштүк кластерлердин ишканаларын өнүктүрүүнү тездетүү жана шарттарды түзүү;
- өнөр жайда жана технологиялык ишкердикте кичи жана орто бизнести мамлекеттик колдоо чараларын киргизүү;
- ИИТКИ, патенттик активдүүлүктү, эксперименттик лабораторияларды, стартаптарды жана изилдөө долбоорлоруна мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана аларды субсидиялоо;
- ички өндүрүштү өнүктүрүү аркылуу өнөр жай товарларына импорттук көз карандылыктын деңгээлин төмөндөтүү жана ички өндүрүш менен ички керектөө аркылуу өнөр жайда импортту алмаштыруу индекси боюнча талдоо жүргүзүү;
4) өнөр жайдын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу:
- жашыл энергия үнөмдөөчү жана энергиялык натыйжалуу технологияларды киргизүүнүн эсебинен энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу, анын ичинде патентке жөндөмдүү техникалык чечимдерди иштеп чыгуу;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жана энергия керектөөнү оптималдаштыруу;
- өнөр жай ишканалары үчүн жеңилдетилген шарттарды жана потенциалдуу субсидияларды камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн кароо;
5) глобалдык рыноктордо позицияларды бекемдөө:
- экспорттук программаларды өнүктүрүү жана жаңы рынокторго чыгуу;
- эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатында;
- улуттук жана эл аралык талаптарга ылайык продукциянын сапатынын стандарттарын жогорулатуу;
- эл аралык көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн бренддерин колдоо;
- эл аралык логистикалык долбоорлордо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү өздөштүрүүгө бизнести тартуу.
"Индустриялаштыруу" векторунда Программанын алкагында бардык милдеттерди чечүү үчүн колдоочу чаралар болуп адам капиталын өнүктүрүү, аналитика жана санариптештирүү, каржылоо жана инвестициялар, инфраструктураны өнүктүрүү жана өнөр жай саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери менен алектенген ыйгарым укуктуу органдын ишин кеңейтүү болуп саналат.
5.2. Региондук хаб
Ири дүйнөлүк жана региондук мамлекеттер менен курчалган геостратегиялык абал өлкөгө транспорттук, логистикалык, финансылык жана соода агымдары үчүн региондук хаб болууга мүмкүндүк берет. Электрондук коммерциянын өсүшү, кампалык жана мультимодалдык чечимдерге болгон муктаждык, маршруттарды диверсификациялоо өнүгүүнүн бул векторун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн күчөтөт.
Кыргыз Республикасынын глобалдык рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жол жана темир жол тармагына, мультимодалдык ташууларды жана санариптик логистикалык чечимдерди өнүктүрүүгө, ошондой эле эл аралык транспорттук коридорлорго интеграцияны тереңдетүүгө инвестициялар өтө маанилүү. Негизги соода өнөктөштөрү менен өлкөнүн байланыштуулугун жакшыртуу, логистикалык борборлордун инфраструктурасын кеңейтүү жана интеллектуалдык транспорттук системаларды киргизүү ташуулардын натыйжалуулугун жогорулатууга, бизнестин чыгымдарын азайтууга жана өлкөнүн региондук логистикалык экосистемадагы позициясын күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
"Региондук хаб" вектору боюнча максаттуу багыттар төмөнкүдөй түрдө аныкталган:
1) темир жол транспортунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу: темир жол транспортунун жүк жүгүртүүсүн жылына 15 млн. тоннага чейин көбөйтүү;
2) кампалык жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү: 1 млн. м2 кем эмес жаңы кампалык жана логистикалык комплекстер;
3) республикалык маанидеги автожолдордун кеминде 50%ын куруу, реконструкциялоо жана оңдоо;
4) транспорт тармагынын кошумча наркынын ИДПга кошкон салымын 1,5 млрд. АКШ долларына чейин көбөйтүү;
5) авиаташуулардын көлөмүн көбөйтүү: ички жана эл аралык рейстерде жүргүнчүлөр агымын жылына 7 млн. адамга чейин жана жүк ташууларды 45 миң тоннага чейин.
"Региондук хаб" вектору боюнча негизги милдеттер төмөнкүлөр болот:
1) жол тармагын реконструкциялоо жана куруу:
- жол каптамдарынын сапатын жакшыртуу жана модернизациялоо;
- жолдорду эксплуатациялоо мөөнөтүн көбөйтүү жана аларды күтүүгө кеткен чыгымдарды азайтуу үчүн заманбап материалдарды жана технологияларды колдонуу;
- "Түндүк-Түштүк" магистралын кошо алганда, стратегиялык жол долбоорлорун ишке ашыруу;
- региондордун транспорттук байланыштуулугун жакшыртуу үчүн региондор аралык автомобиль жолдорун куруу;
- жолдорду жана жол инфраструктурасын куруу, транспорт түйүндөрүн модернизациялоо чөйрөсүндө инвестициялык макулдашуулар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
2) темир жол тармагын өнүктүрүү:
- транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, эл аралык соода байланыштарын жакшыртуу, ошондой эле ички темир жол долбоорлорун ишке ашыруу үчүн "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" долбоорун ишке ашыруу;
- темир жолду электрлештирүү;
- темир жол транспортунун инфраструктурасын жана кыймылдуу курамын жаңыртуу;
- маршруттардын жол боюндагы аймагын пайдаланууну өнүктүрүү;
3) шаардык транспортту жаңыртуу:
- чыгындыларды азайтуу үчүн экологиялык коомдук транспортту киргизүү, электробустарды жана гибриддик автобустарды пайдаланууну кеңейтүү;
- республикалык жана облустук маанидеги шаарларда менчик автотранспорттун ордуна шаардык коомдук транспортту артыкчылыктуу колдонуу боюнча чараларды ишке ашыруу;
- велосипед жолчолорун түзүү, ыңгайлуу жөө жүрүү зоналарын өнүктүрүү, тротуарларды кеңейтүү жана коопсуз өтүүчү жолдорду киргизүү;
- шаарларда жана шаар аралык магистралдарда электр транспорту үчүн заряддоочу станциялар тармагын өнүктүрүү;
4) жарандык авиацияны өнүктүрүү:
- ички жана эл аралык учуулардын географиясын кеңейтүү;
- аэропортторду куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо;
- кичи авиацияны, анын ичинде жеке жана зарыл инфраструктураны өнүктүрүү;
- аэронавигациялык системаларды модернизациялоо;
- эл аралык стандарттарга ылайык учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу;
- учкучсуз технологияларды өнүктүрүү жана жөнгө салуу;
- авиациялык билим берүүнү өнүктүрүү жана кадрларды даярдоо;
5) транспорттук-логистикалык борборлорду өнүктүрүү:
- мультимодалдык ташуулар рыногун өнүктүрүү, эл аралык транспорттук-логистикалык жана кампалык агымдарды башкарууга адистештирилген эл аралык операторду тартуу менен жеткирип берүүлөр чынжырчасын жана логистикалык инфраструктураны башкаруу;
- логистикалык борборлордун потенциалын өстүрүү, заманбап кампа комплекстерин жана бөлүштүрүү терминалдарын куруу;
- мультимодалдык терминалдарды өнүктүрүү, жүк ташуулардын ылдамдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн транспорттун ар кандай түрлөрүн интеграциялоо;
- эл аралык логистика жана соода-транспорттук агымдарды башкаруу жаатында адистерди даярдоо;
6) өлкөнүн эл аралык порттордо жана эл аралык маршруттарда көрсөтүлүшүн жогорулатуу:
- "Кыргызстан - Кытай - Пакистан", "Кыргызстан - Өзбекстан - Түркмөнстан - Россия", "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан - Түркмөнстан - Иран" жана башка транспорттук коридорлордун потенциалын ишке ашыруу;
- порттук логистика чөйрөсүндө мамлекеттик жеке-өнөктөштүк жана түз инвестициялык макулдашуулар аркылуу порттук инфраструктурага инвестицияларды тартуу;
- порттук логистика жана транзиттик ташуулар чөйрөсүндө негизги порттору жана транспорттук түйүндөрү бар түз транспорттук коридорлор жөнүндө макулдашууларды түзүү аркылуу эл аралык порттор менен кызматташууну күчөтүү;
- соода жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү.
5.3. Айыл чарба жана туризм
Айыл чарба
Агрардык сектордо улантылып жаткан реформалардын максаты өлкөнүн азык-түлүктүк коопсуздугун камсыздоо жана өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүнү жана продукциянын сапатын жакшыртууну камсыздоого жөндөмдүү агросектордо ири субъекттерди түзүү болот. Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги келечектүү багыттары өндүрүштү модернизациялоону, чарба жүргүзүүнүн натыйжалуу методдорун киргизүүнү, ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүнү жана продукцияны кайра иштетүүнүн тереңдигин жогорулатууну камтыйт.
Экспорттук рынокторду диверсификациялоо, өндүрүүчүлөрдүн ортосунда кооперациянын деңгээлин жогорулатуу жана инновациялык чечимдерге дем берүү тармакты туруктуу өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт.
"Айыл чарба" вектору боюнча максаттуу багыттар төмөнкүдөй түрдө аныкталган (2024-жылдын көрсөткүчтөрүнө карата):
1) айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн физикалык көлөмүн 30%га көбөйтүү;
2) айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн физикалык көлөмүн 2 эсеге көбөйтүү;
3) сууну жоготуу деңгээлин 15%га чейин төмөндөтүү;
4) сугат аянтын 15 миң гектарга көбөйтүү;
5) жерлердин суу менен камсыз болушун 93 миң гектарга жогорулатуу.
"Айыл чарба" вектору боюнча негизги милдеттер төмөнкүлөр болот:
1) айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуу түзүмүн түзүү:
- мал чарбасын өнүктүрүү, анын ичинде асыл тукум базасын жакшыртуу жана өнүктүрүү, интенсивдүү борго байлап семиртүү технологияларын киргизүү, ошондой эле канаттууларды багуучулукту жана уяң жүндүү кой багуучулукту колдоо аркылуу;
- мал чарбасы менен байланышкан метандын, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтуу үчүн механизмдерди иштеп чыгуу, анын ичинде малдын тукумун жакшыртуу жана калдыктарды натыйжалуу башкаруу;
- фермерлердин жана керектөөчүлөрдүн коопсуз жана туура тамактануунун принциптери жөнүндө, ошондой эле продуктуларды өндүрүү жана кайра иштетүү жаатындагы мыкты практикалар жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу үчүн программаны иштеп чыгуу;
- продукциянын айрым категориялары боюнча органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча программаларды киргизүү, анын ичинде экологиялык таза продуктуларды өндүрүүгө дем берүү жана сертификациялык борборлорду түзүү;
- түшүмдүүлүктү жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды киргизүү жана үрөнчүлүктү колдоо жолу менен өсүмдүк өстүрүүнү модернизациялоо;
- балыкчылыкты жана аквакультураны өнүктүрүү, анын ичинде индустриялык балыкчылык, адистештирилген питомниктерди түзүү жана кайра иштетүү кубаттуулуктарын кеңейтүү;
- азык-түлүк чынжырчасынын бардык деңгээлдеринде жоготууларды жана калдыктарды кыскартуу боюнча чаралардын топтомун көрүү, анын ичинде кайра пайдаланылуучу продуктуларды түзүү үчүн тамак-аш калдыктарын кайра иштетүү жана утилдештирүү;
2) кайра иштетүүнү жана экспортту өнүктүрүү:
- ишканаларды модернизациялоо, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн сүттү, этти жана мөмө-жемиш продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү аркылуу тамак-аш өнөр жайын өнүктүрүү;
- тандалган келечектүү органикалык продуктулар жана адал-индустриянын продуктулары бөлүгүндө органикалык айыл чарбаны колдоо, анын ичинде сертификацияланган өндүрүштөрдү кеңейтүү;
- экономикалык механизмдерди колдонуу менен импорттолуучу социалдык маанилүү азык-түлүк товарларын (ун, өсүмдүк майы, макарон азыктары) жана башка азык-түлүк товарларын өндүрүүгө багытталган ишканалардын ишине дем берүү;
- экспортко дем берүү, анын ичинде премиалдык продукцияны (органикалык жана адал-продукция) илгерилетүү;
3) айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу:
- региондордо агрокластерлерди түзүү, фермерлер ассоциациясы жана соода-логистикалык борборлорду кеңейтүү аркылуу агроөнөр жай интеграциясын өнүктүрүү;
- агросекторго инновацияларды жана санариптештирүүнү киргизүү, анын ичинде дрондорду, жасалма интеллектти, так жер иштетүү технологияларын, суу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү системаларын жана фермер чарбаларынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди колдонуу;
- айыл чарбасын жана кайра иштетүүнү механизациялаштыруу жана автоматташтыруу;
- жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ооруларын алдын алуу;
- сапаттуу репродуктивдүү уруктарды пайдалануу;
4) ирригациялык системаларды кеңейтүү жана модернизациялоо:
- пайдаланууга киргизүү жолу менен сугат жерлеринин аянтын кеңейтүү жана жерлердин суу менен камсыз болушун жогорулатуу;
- ирригациялык инфраструктураны реконструкциялоо жана модернизациялоо, анын ичинде сууну натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу үчүн 5000 км каналды жаңыртуу;
5) суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу:
- суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн тамчылатып жана жамгырлатып сугарууну жана сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү;
- суу ресурстарын бөлүштүрүүнү оптималдаштыруу жана аларды пайдалануунун ачыктыгын жогорулатуу үчүн сууну керектөөнү эсепке алуунун жана мониторинг жүргүзүүнүн санариптик системаларын түзүү;
- жер астындагы сууларды эсепке алуу жана аларды сарамжалдуу пайдалануу үчүн суу алуучу скважиналарга инвентаризация жүргүзүү;
- сууну бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн суу ресурстарын башкаруунун автоматташтырылган системаларын киргизүү;
6) адам капиталын өнүктүрүү:
- квалификациялуу адистерди даярдоо системаларын өнүктүрүү, ошондой эле алдынкы технологияларды жана практикаларды жайылтуу үчүн билим борборлорун түзүү жана кеңейтүү;
- жаштарды билим алууга жана айыл чарба секторунда иштөөгө шыктандыруу механизмдерин иштеп чыгуу, анын ичинде карьералык өсүш гранттары, стажировкалары жана программалары;
7) климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу:
- кургакчылыкка туруктуу өсүмдүктөрдү жана жайыттык жер иштетүүнү өнүктүрүү, суу ресурстарынан көз карандылыкты азайтуу жана айыл чарбасынын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун камсыз кылуу;
- суу ресурстарын сактоо жана алардын түгөнүп калышынын алдын алуу максатында дарыялардын агымын жөнгө салуу жана мөңгү булактарын коргоо;
- туруктуу жер иштетүүнү колдоонун алкагында фермерлер үчүн экологиялык стимулдарды киргизүү;
- алардын өндүрүмдүүлүгүн жана климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун жогорулатуу үчүн өсүмдүк өстүрүүдө жана мал чарбасында технологияларды өнүктүрүү.
Туризм
Туризмди өнүктүрүү коопсуздуктун, сапаттын жана тармакты туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык стандарттарына багытталган жогорку кирешелүү туризмди илгерилетүүгө багытталат.
"Туризм" вектору боюнча максаттуу багыттар төмөнкүдөй түрдө аныкталган:
1) ИДПда туристтик тармактын үлүшүн 7%га чейин көбөйтүү;
2) Кыргыз Республикасынын 2030-жылга карата Дүйнөлүк экономикалык форумдун аналитикалык тобу тарабынан аныкталуучу туризм жана саякат чөйрөсүндөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча алдынкы 50 өлкөнүн тизмесине кирүүсү;
3) тоолордогу туризмдин коопсуздугу боюнча эл аралык рейтингде 70 жана андан жогору баллга жетүү.
"Туризм" вектору боюнча негизги милдеттер төмөнкүлөр болот:
1) мейманканалык инфраструктураны өнүктүрүү:
- ири мейманканалык тармактарды тартуу жана региондордо жайгаштыруу инфраструктурасын кеңейтүү;
- эс алуу зоналары, кафелер жана туристтик маалымат борборлору бар жолдордо рест-поинттердин санын көбөйтүү;
- туристтик объекттердин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана саякаттардын коопсуздугун жогорулатуу үчүн жол тармагын реабилитациялоо жана аэропортторду өнүктүрүү;
- ыңгайлуулуктун жана коопсуздуктун заманбап стандарттарын, ошондой эле жайгаштыруу каражаттарын классификациялоону киргизүү менен мейманкана фондун жаңыртуу;
- мейманканалардын, ресторандардын жана кафелердин кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу;
- экотуристтерди жана активдүү саякатчыларды тартуу үчүн глэмпингдерди жана жайгаштыруунун жаңы формаларын өнүктүрүү;
2) туристтик маршруттарды жана зоналарды түзүү:
- экотуризмди, медициналык жана спорттук туризмди эске алуу менен өнүккөн инфраструктурасы жана логистикасы бар туристтик кластерлерди түзүү;
- альпинизм, треккинг жана кышкы спорттун түрлөрү үчүн шарттарды жакшыртуу менен тоо туризмин, ошондой эле тарыхый маршруттарды өнүктүрүү аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү;
- туристтер үчүн мобилдик тиркемелерди жана санариптик карталарды иштеп чыгуу, ошондой эле маршруттарды пландоо үчүн GPS системасын киргизүү;
3) жаратылыш жана маданий ресурстарды туруктуу башкаруу:
- улуттук парктарды, коруктарды жана экологиялык контроль программаларын өнүктүрүү;
- тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо, этномаданий маршруттарды өнүктүрүү, реставрациялоо программаларын киргизүү менен тарыхый эстеликтерди коргоо;
- жаратылыш жана тарыхый объекттердин деградациясына жол бербөө үчүн туристтик жүктү жөнгө салуу;
- табигый кооз жерлерге жана айлана-чөйрөгө минималдуу таасир тийгизүүгө басым жасоо менен экотуризмди өнүктүрүү;
4) квалификациялуу кадрларды даярдоо:
- туристтик тармактын адистерин даярдоо үчүн билим берүү программаларын жана окуу борборлорун өркүндөтүү;
- тейлөө стандарттарын жогорулатуу, туризм секторунун кызматкерлери үчүн сертификаттоону киргизүү;
5) ички жана сыртка чыгуу туризмин өнүктүрүү:
- жергиликтүү туризмди колдоо чараларын иштеп чыгуу, курорттук-рекреациялык, спорттук жана медициналык-реабилитациялык туризмди өнүктүрүү (реабилитациялоо, тоо жана санаториялык туризм, минералдык суулар менен дарылоо ж.б.);
- ички жана трансчек аралык туризмдин жагымдуу маршруттарын иштеп чыгуу;
- авиаташуулар аркылуу эл аралык туризмди кеңейтүүгө жана ата мекендик авиаташуучуларды ИКАОнун "кара тизмесинен" чыгарууга, визалык режимди жана транспорттук логистиканы жөнөкөйлөтүү;
- жергиликтүү коомчулукту туруктуу туризмдин принциптерине үйрөтүү, анын ичинде экологиялык ыктыярдуулук жана табигый экосистемаларды калыбына келтирүүгө катышуу;
6) эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана өлкөнүн маркетингинин натыйжалуулугун жогорулатуу:
- жарнамалык кампанияларды күчөтүү жана эл аралык каналдар: телеканалдар, туроператорлор, саякат блогерлери, таасир этүүчүлөр, маркетплейстер аркылуу өлкөнү эл аралык туристтик рыноктордо илгерилетүү;
- инвесторлорду жана өнөктөштөрдү тартуу үчүн эл аралык туристтик көргөзмөлөргө, форумдарга жана конференцияларга катышуу;
- эл аралык туроператорлордун катышуусу менен бизнес-миссияларды, роуд-шоуларды жана воркшопторду өткөрүү.
5.4. Жашыл энергетика
Өлкө энергетикалык көз карандысыздыктын жана туруктуу өнүгүүнүн бекем негизин түзгөн гидроэнергетика жана кайра жаралуучу энергия боюнча олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ички камсыздоо, таза энергияны экспорттоо жана жашыл инвестицияларды тартуу үчүн перспективалар бар. Бул көмүртектин бейтараптуулугуна жетишүү боюнча узак мөөнөттүү глобалдык күн тартибине жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу чакырыктарга жооп берет.
Энергетикадагы маанилүү милдет болуп Кыргыз Республикасында электр энергиясын керектөө менен өндүрүштүн ортосундагы тартыштыкты жоюу саналат, бул энергетикалык көз карандысыздыкка иш жүзүндө жетишүүнү күбөлөндүрөт.
"Жашыл энергетика" вектору боюнча максаттуу багыттар төмөнкүдөй аныкталды:
1) жашыл энергиянын (энергиянын кайра жаралуучу булактары) генерациядагы үлүшү - 92%;
2) жылына 7,5 млрд. кВт с чейин энергиянын кайра жаралуучу булактары менен электр энергиясын иштеп чыгууну камсыз кылуу;
3) кепилденген кубаттуулуктардын запасы - 550-700 МВт;
4) электр энергиясын берүүдөгү жоготууларды 10%га чейин азайтуу;
5) парник газдарынын чыгарылышын - 16%га (эл аралык каржылоосуз) жана 44%га (эл аралык каржылоо болгон учурда) азайтуу.
"Жашыл энергетика" векторунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) генерациялоочу кубаттуулуктарды кеңейтүү жана диверсификациялоо:
- тармактын базалык жүктөмүн жабуу үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (ЭКБ) кеңири базасын түзүү;
- генерациялоочу кубаттуулуктарды диверсификациялоо үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерине инвестициялоо;
- энергетикалык системада маневр жасоо үчүн гидропотенциалды пайдалануу;
- жаңы объекттерди куруунун эсебинен гидроэнергетикалык потенциалды кеңейтүү, бөлүштүрүлгөн генерацияны көбөйтүү үчүн чакан жана ири гидроэлектрстанцияларды (ГЭС) өнүктүрүү, башка дарыялардын жана суу бассейндеринин потенциалын изилдөө аркылуу ГЭСтердин негизги каскадынан гидроэнергетиканын көз карандылыгын азайтуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан гидроэлектрстанцияларды модернизациялоо жана реконструкциялоо;
- кайра жаралуучу булактардын ашыкча энергиясын натыйжалуу пайдалануу жана аны суроо-талап жогору болгон мезгилде чыгаруу үчүн натыйжалуу пайдаланууга жөндөмдүү насостук электр станцияларынын потенциалын изилдөө жана курууну пландоо;
- энергия менен жабдуунун туруктуулугун жогорулатуу, өндүрүлгөн энергияны бөлүштүрүүнү оптималдаштыруу жана электр тармактарына жүктү азайтуу үчүн жаңы күн жана шамал электр станцияларын куруу менен катар батареяларды жана аккумулятордук системаларын орнотууга артыкчылык берүү;
- салттуу энергоблокторду жана энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн гидроаккумуляциялоочу электр станцияларын жана газ турбиналык орнотмолорду кошо алганда, энергосистемада зарыл кепилденген кубаттуулукту камсыз кылуучу башка системаларды изилдөө жана куруу;
- туруктуу, аз көмүртектүү энергия менен жабдууну камсыз кылууда атомдук энергиянын потенциалын жана анын ролун изилдөө;
2) энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу жана электр энергиясына суроо-талапты башкаруу:
- заманбап технологияларды киргизүү жана ишканаларда энергия керектөөнү оптималдаштыруу аркылуу өнөр жайда энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу;
- курулуш тармагында жылуулук изоляциясынын стандарттарын жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды актуалдаштыруу;
- жаңы имараттарды курууда, ошондой эле объекттерди реконструкциялоодо жана капиталдык оңдоолордо энергиялык натыйжалуулуктун белгиленген стандарттарын сактоону кепилдөөчү чараларды колдоо;
- энергияны үнөмдөөчү жарыктандырууну, анын ичинде жарык диоддуу лампаларды жана акылдуу жарык башкаруу системаларын колдонууга түрткү берүү;
- үй чарбалары жана ишканалар үчүн мамлекеттик энергия аудитинин программасын ишке ашыруу, анда колдонуучулар өздөрүнүн энергия керектөө маалыматтарын киргизип, энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча жекелештирилген сунуштарды ала алышат;
- энергиялык натыйжалуулук боюнча улуттук стандарттарды эл аралык ченемдерге ылайык келтирүү, бул имараттардын, өнөр жай ишканаларынын жана инфраструктуралардын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет;
- өнөр жай керектөөчүлөрүн өз энергия керектөөсүн баа сигналдарына же электр тармагынын абалына ылайыкташтырууга түрткү берүү;
- ири өнөр жай керектөөчүлөрүн электр энергиясын эң көп колдонгон сааттарда төмөндөтүлгөн тарифтердин жана башка экономикалык артыкчылыктардын ордуна электр энергиясын ыктыярдуу кыскартууга дем берүү;
- сутканын убактысына байланышкан дифференцияланган тарифтерди киргизүү жолу менен үй чарбаларында энергия керектөөнү оптималдаштыруу, бул керектөөчүлөрдү энергия системасына басымды төмөндөтүү менен жүктөмү төмөн мезгилдерге энергия чыгымдоо процесстерин өткөрүүгө түрткү берет;
- жергиликтүү күн энергиясын өндүрүү аркылуу үй чарбаларынын, тейлөө секторунун жана мамлекеттик мекемелердин борбордук тармактан электр энергиясын керектөөсүн азайтуу;
- өзүнүн муктаждыктары үчүн гана колдонбостон, андан ары эсептөө же акчалай компенсация менен ашыкча электр энергиясын тармакка жөнөтүүгө мүмкүндүк берүүчү нет-метринг саясатын киргизүү;
3) энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо жана санариптештирүү:
- жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды кабыл алуу үчүн энергетикалык инфраструктураны чыңдоо;
- гидроэлектрстанциялардын натыйжалуулугун жогорулатуу, кызмат мөөнөтүн узартуу жана энергия менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аларды реконструкциялоо жана модернизациялоо;
- эски жабдууларды заманбап энергияны үнөмдөөчү технологияларга, анын ичинде жогорку натыйжалуу турбиналарга, генераторлорго жана башкаруу системаларына алмаштыруу;
- жоготууларды азайтуу, өндүрүштү болжолдоону жакшыртуу жана жүктөмдүн өзгөрүшүнө ыкчам жооп кайтаруу үчүн интеллектуалдык башкаруу системаларын колдонуу менен гидроэлектрстанциялардагы процесстерди автоматташтыруу жана санариптештирүү;
- эскирген электр берүү линияларын жогорку кубаттуулукка жана ашыкча жүктөм туруктуулугуна ээ болгон жаңыларына алмаштыруу, бул электр энергиясынын жоготууларын азайтат жана тармактын туруктуулугун жакшыртат;
- автоматташтырылган мониторинг, жүктөмдү болжолдоо жана аралыктан башкаруу менен интеллектуалдык энергия тармактарын кабыл алууну тездетүү;
- трансформаторлорду модернизациялоо, натыйжалуу бөлүштүрүү системаларын орнотуу жана электр менен жабдуу схемаларын оптималдаштыруу аркылуу тармактардагы жоготууларды азайтуу;
- электр энергиясынын жоготууларын азайтуу үчүн ЭКЭАС эсепке алуунун заманбап приборлорун орнотуу;
- инновациялык технологияларды, анын ичинде инфраструктураны жаңыртууда климаттык шарттарды жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу үчүн адаптациялык технологияларды киргизүү;
4) региондук интеграцияны бекемдөө:
- суу-энергетикалык маселелер боюнча дипломатиялык өз ара аракеттенүүнү жана институттук кызматташтыкты күчөтүү;
- суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу маселелери боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы диалогдун туруктуу механизмдерин колдоо;
- суу-энергетикалык ресурстарды башкаруунун компенсациялык механизмдерин өнүктүрүү;
- региондун өлкөлөрү менен электр энергиясын эң көп колдонгон сааттарда электр энергиясын туруктуу жеткирүүгө узак мөөнөттүү контракттарды түзүү;
- өлкөлөргө ашыкча электр энергиясын рыноктук баада сатууга жана сооданын кыйла пайдалуу шарттарын алууга мүмкүндүк берүүчү региондук энергетикалык биржа рыногун түзүү;
- электр энергиясын сатууну автоматташтыруу, бүтүмдөрдүн ачыктыгын жогорулатуу жана мамлекеттер ортосундагы ишенимди бекемдөө үчүн санариптик платформаларды иштеп чыгуу;
- экспорттук жеткирүүлөрдүн кубаттуулугун жогорулатуу жана электр энергиясын берүүдө жоготууларды азайтуу үчүн мамлекеттер аралык жаңы электр берүү линияларын куруу долбоорлорун колдоо;
5) экологиялык туруктуулукту жогорулатуу жана климаттык адаптация:
- ар кандай масштабдагы күн жана шамал өндүрүшүн кошо алганда, кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүнү колдоо;
- климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чараларын карап чыгуу;
- биогаз станцияларын киргизүү жана көмүр станцияларында биомассаны биргелешип күйгүзүү технологиясын колдонуу аркылуу салттуу генерацияны декарбонизациялоо;
- көмүртектин изин азайтуу жана электр тармагына болгон жүктү азайтуу үчүн экономиканын бардык тармактарында энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу;
- энергетика жана өнөр жай тармагында андан ары колдонуу үчүн "жашыл" суутек өндүрүшүнүн потенциалын изилдөө;
- парник газдарынын эмиссиясын азайтуу жана энергетика секторунун экологиялык туруктуулугун жогорулатуу үчүн көмүртекти кармоо жана сактоо технологияларын талдоо.
"Жашыл энергетика" вектору боюнча маселелерди чечүү үчүн колдоо чаралары:
1) Каржылоо:
- 2030-жылга карата өзүн актоого жетишүү максатында өлкөнүн энергия системасын рентабелдүүлүккө чыгаруу менен тарифтик саясатты өркүндөтүү;
- кайчылаш субсидиялоону азайтуу жана энергияны керектөөчүлөр жана өндүрүүчүлөр үчүн адилеттүү шарттарды камсыз кылуу үчүн ачык жана экономикалык жактан негизделген тарифтик саясатты ишке ашыруу;
- ЭКБ жана энергиялык натыйжалуулук жаатындагы долбоорлорду колдоо үчүн эл аралык уюмдардан гранттарды жана жеңилдетилген кредиттерди тартуу мүмкүнчүлүгүн кароо;
- административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана энергетика секторуна инвестицияларды көбөйтүү максатында жеке инвесторлор үчүн финансылык дем берүүлөр жолу менен жагымдуу инвестициялык климатты түзүү;
- гидро, күн жана шамал электр станцияларын курууда жана модернизациялоодо мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун өнүктүрүү;
- жашыл каржылоону тартуу;
2) башкаруунун ачыктыгы жана натыйжалуулугу:
- декарбонизациялоо, энергиялык натыйжалуулук, энергияны үнөмдөө жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча так максаттары бар энергетикалык өнүктүрүү программаларын киргизүү жана мониторинг жүргүзүү;
- кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына мониторинг жүргүзүүнүн так эрежелерин белгилөө жана энергетика системасына жеке инвестицияларга дем берүү;
- инфраструктуралык объекттерди модернизациялоону жана/же курууну эске алуу менен чакан жана ири күн жана шамал станцияларын лицензиялоонун жана туташтыруунун жөнөкөйлөтүлгөн жол-жоболорун киргизүү.
VI. Чакан жана орто бизнести колдоо
Региондук өнүктүрүүнүн дисбалансын көңүлгө алуу менен региондордогу чакан жана орто бизнести максаттуу колдоо менен көйгөйдү чечүүгө болот, бул иш менен камсыз кылууну жана ишкердик активдүүлүктү камсыз кылат.
Негизги басым каржылоого, жер ресурстарына жана инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана калктын кеңири чөйрөсүн ишкердикке тартуу маселелерин чечүүгө бурулат.
Максаттуу багыттар төмөнкүдөй аныкталат:
1) чакан жана орто бизнестин субъекттери өндүргөн дүң кошумча нарктын көлөмүн 3 эсеге көбөйтүү (2024-жылдын көрсөткүчүнө карата);
2) ИДПнын түзүмүндө чакан жана орто бизнестин дүң кошумча наркынын үлүшүнө 50%дан кем эмес деңгээлде жетишүү.
Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча негизги милдеттер төмөнкүлөр болуп саналат:
1) каржылоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу:
- бизнес үчүн финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган чакан жана орто ишкердиктин субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча долбоорду кеңейтүү;
- артыкчылыктуу тармактарда чакан ишканаларды ишке киргизүү үчүн кайтарымсыз гранттарды берүүгө басым жасоо менен "Социалдык контракт" долбоорун кеңейтүү;
- жеңилдетилген каржылоо системасын өнүктүрүү жана ишкер аялдарга бизнести ишке киргизүү жана өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттерден, гранттардан, субсидиялардан жана чакан каржылоо программаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү менен максаттуу кредиттик продуктуларды киргизүү;
- материалдык эмес активдерди (интеллектуалдык менчик, контракттык түшкөн акча) пайдалануу жана камсыз кылуу катары күрөөсүз кредиттөө механизмдерин киргизүү үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу;
- чакан жана орто ишкердикке кредит берүүдө банктарга жана микрофинансылык уюмдарга карата административдик жүктү азайтуу;
- ишкердикти колдоонун мамлекеттик фонддору аркылуу кепилдик жабуунун көлөмүн көбөйтүү;
2) административдик тоскоолдуктарды азайтуу:
- бирдиктүү санариптик терезени киргизүүнүн эсебинен бизнести каттоо/жоюу жана салык отчеттуулугунун жол-жоболорун оптималдаштыруу;
- уруксаттардын жана лицензиялардын тизмегин, ошондой эле аларды алуу мөөнөттөрүн кыскартуу;
- аралыктан көзөмөлдөө практикасын жана декларативдик отчеттуулук принцибин колдонуу менен контролдоо-көзөмөлдөө жүктөмүн азайтуу;
- текшерүүлөрдү жүргүзүүдө тартип бузуулардын алдын алууга басым жасоо менен тобокелдикке багытталган ыкманы киргизүү;
- бизнестин мамлекеттик органдар менен онлайн-өз ара аракеттенүүсү үчүн санариптик платформаларды ишке киргизүү (арыз берүү, статусун көзөмөлдөө, кайра байланыш), бул ачык-айкындуулукту, ыкчамдуулукту жана бизнес жүргүзүүнүн ыңгайлуулугун жогорулатат;
3) ишкердик ишинде консультациялык жана билим берүү кызматтарын көрсөтүү:
- ишкердик көндүмдөргө окутуу боюнча программаларды киргизүү жана стартаптарды колдоо, тажрыйба алмашуу жана региондордогу ишкерлерге, анын ичинде аялдарга, жаштарга жана майыптыгы бар адамдарга консультациялык жардам көрсөтүү үчүн билим берүү хабдарын жана акселерациялык программаларды түзүү;
- онлайн-ресурстарды жана жардам берүү борборлорун түзүү менен санариптик жана институционалдык колдоо платформаларын өнүктүрүү, анда ишкерлер консультацияларды, юридикалык колдоолорду жана мамлекеттик жана жеке колдоо чараларына жетүү мүмкүнчүлүгүн алат;
- өлкөнүн бардык региондорун камтуу менен ишкерлерди тейлөө борборлорунун (ИТБ) тармагын кеңейтүү;
4) жер ресурстарына жана инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жогорулатуу:
- бизнеске административдик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана мөөнөттөрүн баалоо үчүн натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн (KPI) киргизүү;
- ишкердик үчүн жер участокторун, анын ичинде санариптик аукциондор, реестрлер жана башкалар аркылуу бөлүп берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
- инженердик тармактарга кошулуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү.
VII. Финансы рыногун өнүктүрүү
2030-жылга чейинки финансы секторунун мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары экономиканын реалдуу секторун стимулдаштырууга, жумуштуулуктун деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүүгө, финансылык кызмат көрсөтүүлөргө, анын ичинде жеңилдетилген, жеткиликтүү, инновациялык кызмат көрсөтүүлөргө санариптик чечимдерди, финансылык инструменттерди диверсификациялоону жана экономикага инвестицияларды тартууну колдонуу менен жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталууга тийиш.
Реалдуу секторду жана үй чарбаларын кредиттөөнүн негизги булагы катары чыккан банк секторуна өзгөчө роль берилет. Орто мөөнөттүү мезгилде ишкердик активдүүлүктү арттыруу шартында мамлекеттик жана коммерциялык банктар өз ишмердүүлүгүн кеңейтип, реалдуу сектордун, анын ичинде жашыл каржылоо активдүү инвесторлору катары чыгышы керек. Ушундай эле роль мамлекеттер аралык өнүктүрүү фонддору үчүн да берилет.
Финансы сектору ошондой эле өнүктүрүү векторлорунун ишканаларга, экспортко багытталган ишканаларды жана жаңы инновациялык технологиялар менен байланышкан бизнести импульс берген негизги финансылык рычаг болууга тийиш.
Фонд рыногу мамлекеттик жана жеке компаниялар үчүн инвестициялык каражаттарды тартуунун натыйжалуу механизмин камсыз кылууга тийиш. Ошондуктан фонд рыногун жана анын санариптик инфраструктурасын андан ары өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү зарыл. Келечекте ГЭС, өнөр жай объекттери сыяктуу улуттук долбоорлорду жана өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо үчүн фонд рыногу аркылуу инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн түзүү зарыл.
Финансы рыногу чөйрөсүндөгү милдеттер төмөнкүлөргө багытталат:
- өнөр жайга жана экспортко, транспортко жана логистикага, жашыл энергетикага, туризмге, айыл чарбасына жана кайра иштетүүгө, ошондой эле региондорго жана ЧОБго басым жасоо менен финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү;
- ишкердик субъекттерин кепилдик колдоо инструменттеринин тизмегин кеңейтүү;
- каржылоонун альтернативдик механизмдерин киргизүү жана өтүү (факторинг, кепилдиктер, камсыздандыруу, келечектеги кирешелер үчүн каржылоо ж.б.);
- жаңы финансылык инструменттерди (кепилдиктер, ипотекалык баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү, пайыздык ставкаларды субсидиялоо ж.б.) пайдалануу менен ипотекалык кредит берүүнүн жеткиликтүүлүгүн өстүрүү жана кеңейтүү;
- инвестициялык жагымдуулукту жакшыртуу максатында өлкөнүн кредиттик рейтингин жогорулатуу;
- экспорттук-импорттук операциялар үчүн эсептешүүлөрдү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын эл аралык финансылык уюмдар менен корреспонденттик мамилелерин кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү;
- долбоорлорду кошо инвестициялоого жана кепилдиктерди берүүгө региондорду өнүктүрүү фонддорунун катышуусуна багытталган ченемдик укуктук базаны өнүктүрүү;
- мыйзамдарды өркүндөтүү аркылуу лизинг рыногун өнүктүрүү, ЧОБду, агросекторду жана өнөр жайды колдоого басым жасоо менен эл аралык каржылоону тартуу;
- венчурдук жана стартаптык каржылоо бөлүгүндө ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу жана киргизүү;
- валюталык тобокелдиктерди хеджирлөөнүн жана своп-операцияларды жүргүзүүнүн жаңы инструменттерин киргизүү;
- финансылык жана кредиттик уюмдарды толук санариптик трансформациялоо жана алардын киберкоопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу;
- калк үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү төлөм инструменттерин түзүү максатында жаңы санариптик төлөм жана финансылык технологияларды киргизүү жолу менен төлөм системаларын өнүктүрүү жана ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү;
- санариптик улуттук валютанын (санарип сом) прототибин сыноодон өткөрүү;
- виртуалдык активдер рыногун, анын инфраструктурасын өнүктүрүү, ченемдик укуктук базаны, анын ичинде криптовалюталардын, токен жана блокчейн-технологиялардын статусун жөнгө салган ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- инвесторлорду коргоо жана финансылык тобокелдиктерди болтурбоо максатында виртуалдык активдердин операторлору үчүн контролдоо системасын киргизүү, анын ичинде криптобиржалардын, капчыктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлеринин ачык отчеттуулугуна талаптарды киргизүү;
- фондулук рынокто ачык-айкын жана натыйжалуу операцияларды камсыз кылуу жана биржалык соодага катышуучулардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн Кыргыз фондулук биржасынын институционалдык инфраструктурасын чыңдоо;
- компаниялардын акцияларын алгачкы коомдук жайгаштыруу (IPO) аркылуу реалдуу секторго капиталды тартуу жана корпоративдик облигацияларды чыгаруу;
- ченемдик укуктук базаны түзүү аркылуу муниципалдык баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана биржалык жана санариптик платформаларга чыгуу;
- чарбакер субъекттердин фондулук рынокко чыгуусунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн жагымдуу ченемдик укуктук базаны түзүү;
- Евразия экономикалык бирлигинин жалпы финансы рыногун түзүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- инвестициялардын агымын көбөйтүү максатында өлкөнүн белгилүү бир аймагында англис укуктук системасынын ченемдерин жана принциптерин колдонуу;
- жашыл каржылоону жана исламдык финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук базаны кеңейтүү;
- комплаенстин жана контролдоонун заманбап методдорун киргизүү менен финансылык жана кредиттик уюмдарда корпоративдик башкарууну жана тобокелдик-менеджментти өркүндөтүү;
- калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жана финансылык продукттардын маалыматтык жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.
VIII. Санариптештирүү
Санариптештирүү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга, экономикалык өсүштү стимулдаштырууга, кырсык тобокелдиктерин башкарууга жана өлкөнүн коопсуздугун жана глобалдык санариптик экономикага интеграциясын камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасында санариптештирүүнү андан ары өнүктүрүү максатында төмөнкүдөй негизги милдеттерге басым жасалат:
- маалыматтык системалардын жана чечимдердин бирдиктүү улуттук интеграторунун ишин камсыз кылуу;
- программалоо, киберкоопсуздук жана жасалма интеллект чөйрөлөрүндө максаттуу программаларды жана стипендияларды камтыган IT-адистерди кесиптик өнүктүрүү, дуалдык IT-билим берүүнү киргизүү;
- ата мекендик IT-компаниялардын глобалдык рынокко чыгуусун жөнөкөйлөтүүнү, дата-борборлорду кеңейтүүнү жана ишенимдүү булут сервистерин түзүүнү, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнү караган IT-экспортту колдоо;
- билим берүү жана гранттык программалар аркылуу инклюзивдик экономиканын элементи катары санариптик чөйрөдө адам ресурстарын мобилизациялоо үчүн колдоо программаларын түзүүнү караган IT-индустрияда аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
- санариптик төлөмдөрдү, крипто инфраструктураны, блокчейн-стартаптарды өнүктүрүүнү камтыган финтех-чечимдерди өнүктүрүүгө дем берүү үчүн шарттарды түзүү;
- электрондук коммерцияны жана маркетплейстер экосистемасын өнүктүрүү, логистикалык хабдарды жана мультимодалдык транспорттук жолдорду бекемдөө менен санариптик аянтчалар аркылуу жергиликтүү товарлардын экспортун колдоо;
- санариптик трансформациялоонун жана жарандардын ишенимин бекемдөөнүн негизги элементи катары жеке маалыматтарды коргоо системасын күчөтүү.
IX. Социалдык өнүктүрүү
9.1. Адамдык потенциал жана татыктуу эмгек
Мамлекеттин саясаты жашоо стандарттарынын сапаттык көрсөткүчтөрүн ырааттуу жогорулатуу жолу менен калктын жашоо деңгээлин андан ары жогорулатууга багытталат. Калктын санын көбөйтүүнүн учурдагы тенденцияларында адам капиталынын сапатын жакшыртууга социалдык жана экономикалык инвестициялар өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн төрттөн бирине чейин өсүшүн камсыздай алат.
Максаттуу багыттар төмөнкүдөй аныкталат:
1) формалдуу эмес сектордо иштегендердин үлүшүн 58%га чейин азайтуу (биринчи кезекте төмөнкү секторлордо: дүң жана чекене соода, айыл чарба, курулуш, кайра иштетүү өнөр жайы жана транспорт иши);
2) калктын жакырчылык деңгээлин 20%га чейин азайтуу;
3) калктын иш менен камсыз болуу деңгээлин 60%га чейин көбөйтүү;
4) майыптыгы бар квалификациялуу адамдардын арасында иш менен камсыз кылуунун деңгээли - 60%дан кем эмес.
Адамдык потенциалды өнүктүрүү жана татыктуу эмгекти камсыз кылуу боюнча негизги милдеттер:
1) толук иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу:
- иш менен камсыз кылуунун жаңы улуттук саясатын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- татыктуу эмгек үчүн технологиялардын деңгээлин жогорулатуу, анын ичинде адилеттүү эмгек акы, туруктуу иш менен камсыз кылуу жана конструктивдүү социалдык өнөктөштүк аркылуу шарттарды түзүү;
- иш менен камсыз кылуунун жаңы формаларын формалдаштыруу (платформалык, фриланс ж.б.);
- кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча системаны өркүндөтүү, ошондой эле аларды бирдиктүү тарифтик-квалификациялык торчодо чагылдыруу;
- кызматкерлерди расмий түрдө ишке орноштурган чарбакер субъекттер үчүн экономикалык стимулдаштыруу чараларынын ар түрдүүлүгүн өркүндөтүү жана камсыз кылуу;
- экономиканын формалдуу эмес секторунан (биринчи кезекте курулушта, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө, айыл чарбасында ж.б.) иштегендердин формалдуу сектор категориясына өтүшүн камсыз кылуу;
- социалдык контракттарга катышуу аркылуу жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өзүн-өзү иш менен камсыз кылуусун жогорулатуу механизмдерин киргизүү;
- эмгек рыногунун талаптарына жараша жарандардын, анын ичинде жумушсуздардын, эмгек мигранттарынын, майыптыгы бар адамдардын, жаштардын, аялдардын квалификациясын жогорулатуу үчүн кесиптик окутуунун жана кайра даярдоонун инновациялык методдорун киргизүүгө;
- эмгек рыногунун өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде региондук аспекттерди жана миграциялык процесстерди болжолдоонун жана аныктоонун заманбап аналитикалык инструменттерин киргизүү;
- республиканын региондорунда ишкердикти жана стартаптарды колдоонун туруктуу иштеп жаткан программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- социалдык камсыздандыруу менен камтууну жакшыртуучу, кызматкерлерди расмий ишке орноштуруучу чарбакер субъекттер үчүн экономикалык стимулдаштыруу чараларынын комплексин киргизүү;
- электрондук келишим системасын, ошондой эле электрондук эмгек китепчесин киргизүүнү кошо алганда, эмгек мамилелеринин жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү системасын санариптештирүү;
- чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен ишканаларда ишке орношуучу Кыргыз Республикасынын жарандарынын минималдуу үлүшүн белгилөө менен иш менен камсыз кылуунун жогорку потенциалындагы негизги тармактарды колдоо;
2) миграциялык процесстерди жөнгө салуунун натыйжалуу жана туруктуу системасын түзүү:
- миграциялык агымдарды натыйжалуу жөнгө салуу үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүү;
- жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери аркылуу жалданган кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү;
- эмгек мамилелеринин легалдуу, ачык-айкындуу жана коргоо принциптерине негизделген жарандарды чет өлкөлөрдө уюшкандыкта ишке орноштуруу системасын өнүктүрүү;
- миграцияга чейинки даярдоо механизмдерин өркүндөтүү, анын ичинде кесиптик окутуу, укуктук маалымдоо жана маданий адаптациялоо;
- Кыргыз Республикасына кайтып келүүчү жарандарды реинтеграциялоо боюнча комплекстүү программаларды, анын ичинде маалыматтык өнөктүктөрдү, көчүүнүн жана адаптациялоонун бардык этаптарында колдоону, ишкердикти окутууну, квалификацияны жогорулатууну, коомдук демилгелерге катышууну иштеп чыгуу жана киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө консулдук коргоо менен камтуунун натыйжалуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана деңгээлин жогорулатуу;
- мигранттарга медициналык жардам жана билим берүү кызматтарын көрсөтүү, мигранттарды пенсиялык камсыздандыруу жана пенсияларды экспорттоо боюнча социалдык кызматтарга басмырлоонун жетүү маселелерин мамлекеттер аралык деңгээлде илгерилетүү.
9.2. Адилеттүү социалдык коргоо
Мамлекет тарабынан өлкөнүн бардык жарандары үчүн туулгандан тартып жана өмүр бою социалдык коргоонун базалык деңгээлинин кепилдиктерин камсыз кылуу, ошондой эле социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча иштер улантылат.
Максаттуу багыттар төмөнкүчө аныкталат:
1) балдардын жакырчылык деңгээлин 25%га чейин азайтуу;
2) жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын мамлекеттик жөлөкпулдар менен камтууну 30%га чейин жогорулатуу;
3) ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган, тарбиялоонун үй-бүлөлүк формаларына камтылган балдардын үлүшүн 55%га чейин көбөйтүү;
4) санариптештирилген социалдык паспорттордун санынын өсүшү (98%дан кем эмес);
5) улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү геронтологиялык борборлордун саны - 3төн кем эмес.
Социалдык коргоо чөйрөсүндөгү негизги милдеттер:
1) калктын бардык топтору үчүн минималдуу деңгээлдердеги социалдык коргоонун натыйжалуу чараларын киргизүү:
- эрте курактагы балдарды, өтө жакыр жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын, өзгөчө өлкөнүн бийик тоолуу, алыскы, чек арага жакын, жетүүгө кыйын райондорунда жашаган балдарды мамлекеттик жөлөкпулдар менен камтууну жогорулатуу;
- "Санарип аймак" санариптик платформасынын негизинде жакыр үй-бүлөлөрдү социалдык паспорттоштуруу механизмдерин өркүндөтүү;
- өлкөнүн бардык региондорунда калктын социалдык аялуу катмарынын, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук ишке киргизүү;
- аялдарга жана балдарга карата зомбулукту азайтуу боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу;
- өлкөнүн саясий жана коомдук турмушунда аялдардын бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу боюнча чаралардын комплексин кабыл алуу;
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр жана балдар үчүн көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана коопсуздугун баалоо системасын киргизүү;
- жетим балдарды, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды тарбиялоонун үй-бүлөлүк формаларын өнүктүрүү боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу (асырап алуу, багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк);
- үй-бүлө институтун чыңдоого жана өнүктүрүүгө, энеликти, аталыкты жана балалыкты колдоого багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- медициналык-социалдык экспертиза жана протездик-ортопедиялык кызмат көрсөтүү системасын модернизациялоо, реабилитациялоонун жана абилитациялоонун комплекстүү программаларын киргизүү, анын ичинде майыптыкка алып келүүчү оорулардын алдын алуу максатында эрте диагностикалоо, аныктоо жана эрте кийлигишүү, реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөр рыногун, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери аркылуу өнүктүрүү;
- улгайган адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча программаларды жана кызматтарды иштеп чыгуу (активдүү узак өмүр сүрүү), геронтологияны өнүктүрүү;
2) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн камтылышын жана натыйжалуулугун жогорулатуу:
- санариптик платформалар аркылуу кызмат көрсөтүүнүн билдирме формасынан проактивдүү жана алуучулардын керектөөлөрүн аныктоого багытталган кызмат көрсөтүүгө өтүү үчүн шарттарды түзүү;
- мүлктүк абалын баалоонун кыйыр-баллдык методун киргизүү, ошондой эле турмуштук оор кырдаалда турган жарандарды төлөмдөр менен камтууну кеңейтүү жолу менен мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоонун даректүүлүк методологиясын өркүндөтүү;
- жергиликтүү жашоо деңгээлинде социалдык кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- социалдык кызматкерлердин социалдык статусун күчөтүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
3) санариптик трансформация:
- эмгектин, социалдык камсыздоонун жана миграциянын бирдиктүү маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү;
- чечимдердин негиздүүлүгүн жана социалдык жардам көрсөтүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн заманбап аналитикалык инструменттерди иштеп чыгуу жана киргизүү;
- аз камсыз болгон жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн өркүндөтүлгөн санариптик социалдык паспортун киргизүү;
- жарандардын социалдык төлөмдөр жана кызмат көрсөтүүлөр системасы жөнүндө кабардар болуусун жогорулатуу үчүн маалыматтык материалдарды (видеороликтер, нускамалар, чат-боттор) иштеп чыгуу.
9.3. Билим берүү
Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы ар бир жаранга өмүр бою интеллектуалдык, чыгармачылык жана таанып- билүү жөндөмдөрүн ачуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен адамдык потенциалды туруктуу өнүктүрүүнүн негизи болууга тийиш. Билим берүү жашаган жерине, жынысына, жашына, ден соолугунун абалына, социалдык же экономикалык абалына карабастан сапаттуу билим берүү кызматтарына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталат.
Эмгек рыногунда компетенттүү, жоопкерчиликтүү жана суроо-талапка ээ, өзүн-өзү өнүктүрүүгө, кесиптик мобилдүүлүккө жана коомдун турмушуна активдүү катышууга жөндөмдүү жаранды калыптандырууга көмөктөшүүчү инновациялык ыкмаларды киргизүү артыкчылыктуу болуп калат. Окуучулардын ден соолугуна жана бакубаттуулугуна багытталган жагымдуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүгө да көңүл бурулат.
Максаттуу көрсөткүчтөр төмөнкүдөй аныкталат:
1) мектепке чейинки билим берүү менен камтылган 3-5 жаштагы балдардын үлүшү: 80%;
2) мектептик билим берүү менен камтылган 6-17 жаштагы балдардын үлүшү: 98,8%;
3) майыптыгы бар балдар үчүн пандустар менен жабдылган мектептердин үлүшү: 100%;
4) билим берүүнүн жетишкендиктерин базалык деңгээлде жана андан жогору көрсөткөн башталгыч класстын окуучуларынын үлүшү (ОБЖУБ/БААЛОО боюнча): математика боюнча 40% жана окуу боюнча 55%;
5) ЖРТнын орточо баллынын мааниси: 130;
6) бүтүрүүчүлөрдүн - жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллынан өткөн ЖРТнын катышуучуларынын үлүшү: 70%дан ашык;
7) жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүгү бар жана окутуу үчүн санариптик платформаларды колдонгон окуу жайларынын үлүшү: 98%;
8) окуу ноутбуктары менен камсыздалган мугалимдердин үлүшү: 85%;
9) ИДПга карата пайыз менен илимге кеткен чыгымдардын үлүшү: 0,5-1,0%.
Билим берүү тармагындагы негизги милдеттер төмөнкүлөр болот:
1) Мугалимдерди квалификациясын жогорулатууну жана шыктандырууну камсыз кылуу;
- педагогикалык иш үчүн квалификациялуу студенттердин пулун түзүү, анын ичинде окутуунун интерактивдүү методдорунун жана мыкты эл аралык тажрыйбалардын негизинде заманбап педагогдорду даярдоо методологиясын актуалдаштыруу жана модернизациялоо;
- мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, анын ичинде онлайн ресурстарды, онлайн окутуу форматын колдонуу менен мугалимдерди кесиптик өнүктүрүү жана кайра даярдоо программаларын системалуу жаңылоо;
- материалдык эмес жана материалдык шыктандыруу аркылуу квалификациялуу кадрларды тартуу жана кармап туруу, анын ичинде класстын толуктугуна жана майыптыгы бар окуучулардын катышуусуна жараша мугалимдердин эмгек акысына кошумча төлөмдөрдүн өлчөмүн белгилөө, окутууда жана баалоодо жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу, күнүмдүк милдеттерди автоматташтыруу;
2) заманбап окуу китептерин, окуу программаларын жана практикага багытталган окутуунун натыйжалуу методдорун киргизүү:
- заманбап билим берүү стандарттарын жана окуу материалдарын, анын ичинде балдарды жана жаштарды өнүктүрүүгө инновациялык ыкмаларды иштеп чыгуу;
- мектепте окутуунун 12 жылдык форматына негизделген жаңы билим берүү моделин киргизүү;
- окуу материалдарынын эл аралык стандарттарга жана окутуунун алдынкы методикаларына ылайык келүүсүн камсыз кылуу;
- STEM-билим берүүнү бекемдөө;
- жумшак көндүмдөрдү жана социалдык-эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү аркылуу окутууну уюштуруу;
- менталдык ден соолукту сактоо зарылдыгы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу;
- өсүп келе жаткан муунду социалдык жүрүм-турумдун негиздерине, девианттык жүрүм-турумду алдын алууга, улуу муунду урматтоого жана Кыргыз жаранынын жарандык иденттүүлүгүн жана "Улуттук рух - дүйнөлүк бийиктиктер" доктринасын эске алуу менен патриотизмди жогорулатууга үйрөтүү;
- жеке билим берүү траекториясын өнүктүрүү, окуучуларды жана алардын ата-энелерин/мыйзамдуу өкүлдөрүн биргелешип тартуу;
3) билим берүү процессинде интерактивдүү платформаларды пайдалануу:
- өзгөчө алыскы аймактардагы окуучулар үчүн мобилдик түзүлүштөрдө оңой жеткиликтүү боло турган онлайн-курстарды жана билим берүү программаларын түзүү;
- аралыктан билим берүүнү интеграциялоону жөнөкөйлөштүрүү үчүн мектептерде гибриддик окутуу моделдерин бара-бара киргизүү;
4) билим берүүнүн мазмунун жана форматын эмгек рыногунун талаптарына ылайык келтирүү:
- дуалдык окутуу системасын өнүктүрүү үчүн билим берүү уюмдарынын компаниялар жана ишканалар менен өнөктөштүгүн камсыз кылуу, анын ичинде "Кесиптик кадрлар" кластердик программасы аркылуу;
- дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү жана жумушсуздарды, аз камсыз болгон жана жакыр жарандарды кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын, анын ичинде кыска мөөнөттүү даярдоо программаларын аутсорсингге берүү;
- эмгек рыногунун реалдуу муктаждыктарына ылайык келген окуу программаларын жана практикалык курстарды иштеп чыгуу;
5) билим берүү чөйрөсүндө балдардын ден соолугун чыңдоо:
- окуучуларды сапаттуу мектептик тамак-аш менен камсыз кылуу;
- таза сууга жеткиликтүүлүгү чектелген аймактардагы билим берүү уюмдарына балдарды тамак-аш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн уюштурууга колдоо көрсөтүү;
6) майыптыгы бар балдарды социалдык инклюзия жана окуу процессине интеграциялоо максатында инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүнү камсыз кылуу:
- өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар окуучулар үчүн ылайыкташтырылган окуу программаларын жана материалдарын иштеп чыгуу;
- өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар менен иштөө үчүн педагогдорду даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
- имараттардын архитектуралык ыңгайлашуусун (пандустар, лифттер, тактилдик көрсөткүчтөр) жана башка зарыл болгон каражаттарды кошо алганда, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген окуучулар үчүн мектептерди зарыл шарттар менен камсыз кылуу;
7) билим берүү инфраструктурасын модернизациялоо жана өнүктүрүү:
- жаңы бала бакчаларды жана мектептерди куруу, ошондой эле коопсуздук талаптарын жана курулуш ченемдерин эске алуу менен билим берүү максатында пайдалануу үчүн имараттарды багытын өзгөртүү жана оңдоо;
- объекттерди текшерүүнү жана маалыматтарды киргизүүнү кошо алганда, мектептин инфраструктурасынын абалына онлайн-мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтык системасын киргизүү;
8) башкаруунун ачык-айкындыгын жана каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу:
- окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктеринин натыйжаларына санариптик баалоо системалары аркылуу мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу жана билим берүү программаларын жана процесстерин түзөтүү;
- каржылоону өз убагында тартуу үчүн программаларды так пландоону камсыз кылуу;
9) технологияларга жана жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүктү жогорулатуу:
- айылдык жана алыскы региондорду кошо алганда, мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
- окуу процессинде онлайн-ресурстарды пайдалануу жана үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү үчүн мугалимдерди компьютерлер менен камсыз кылуу;
10) колдонмо илимин өнүктүрүү:
- илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү аркылуу экономика секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын (өнүктүрүү векторлорун) камсыз кылуу;
- кыргыз элинин тарыхы боюнча билимдерди кеңейтүүгө багытталган этнографиялык, архивдик жана тарыхый-археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү.
9.4. Жеткиликтүү жана туруктуу саламаттык сактоо
2030-жылга карата коомдук саламаттык сактоо системасы олуттуу түрдө чыңдалат, мунун өзү жарандарга жашоонун бардык этаптарында медициналык жардамга ар тараптуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапаты эл аралык стандарттарды эске алуу менен жана медициналык кызмат көрсөтүү рыногун өнүктүрүүнүн, инновацияларды киргизүүнүн жана санариптештирүүнүн негизинде өнүгөт.
Максаттуу көрсөткүчтөр төмөнкүдөй жол менен аныкталат:
1) милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу: калктын 85%;
2) жашоонун орточо узактыгын 75 жашка чейин жогорулатуу;
3) 100 миң тирүү төрөлгөнгө энелердин өлүмүнүн көрсөткүчүн 22 учурга чейин кыскартуу (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин болжолдоо маалыматтары боюнча);
4) 5 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн көрсөткүчүн 1000 тирүү төрөлгөнгө 14,0 балага чейин төмөндөтүү;
5) жугуштуу эмес оорулардан (жүрөк-кан тамыр оорулары, шишиктер, диабет, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорулары) эрте өлүмгө учуроону 30%га кыскартуу;
6) калкты оорулардын алдын алуу, эрте кийлигишүү жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен камтууну 70%га чейин жогорулатуу.
Саламаттык сактоо тармагындагы негизги милдеттер:
1) саламаттык сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу жана сапатын жогорулатуу:
- өзгөчө бийик тоолуу, барууга кыйын, алыскы жана чек арага жакын аймактарда айылдык амбулаториялардын тармагын түзүү аркылуу айылдык саламаттык сактоону чыңдоо;
- "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык билим берүү системасында оорулардын алдын алуу программаларын киргизүү;
- телемедицинаны, жогорку технологиялык медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү, жасалма интеллектти колдонуу, медициналык инновацияларды, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин жана саламаттык сактоо системасындагы венчурдук фонддорду каржылоонун жаңы ыкмаларын колдонуу менен медициналык жардамдын бардык деңгээлдериндеги мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына инновациялык жана алдынкы технологияларды киргизүү;
- эл аралык стандарттарга ылайык жана санариптик технологияларды колдонуу менен лабораториялык диагностиканы күчөтүү;
- өлкөнүн бардык региондорунда шашылыш медициналык жардам көрсөтүү системасын түзүү;
- өлкөнүн табигый-климаттык мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде жана реабилитациялоонун инновациялык заманбап ыкмаларын, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин киргизүү менен реабилитациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун жана кластерин өнүктүрүү;
- медициналык артыкчылыктуу багыттар боюнча алдынкы илимий кластерлерди жана консорциумдарды түзүү;
2) фармацевтикалык коопсуздукту камсыз кылуу:
- сапаттуу, натыйжалуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды, биринчи кезекте ата мекендик дары-дармектерди башкаруунун туруктуу системасын түзүү жана санариптик жана коррупцияга каршы механизмдер аркылуу алардын жүгүртүүсүн талаптагыдай башкаруу;
- дары-дармек менен камсыз кылуунун жеңилдетилген программалары боюнча ордун толтуруу механизмдери аркылуу калкты керектүү дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен толук камсыз кылуу жана дары-дармек каражаттарына жана медициналык буюмдарга бааларды жөнгө салуу механизмдерин күчөтүү;
- өлкөнүн калкын жогорку сапаттагы генерикалык дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен толук камсыз кылуучу фармацевтикалык өнөр жайын өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо;
3) саламаттык сактоо системасын натыйжалуу башкаруу:
- саламаттык сактоо системасында дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү, максаттуу даярдоо механизмдерин киргизүү, медициналык кадрларды айыл жергесине тартуу программасын ишке ашыруу аркылуу өлкөнүн бардык региондорунда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын медициналык кадрлар менен толук камсыз кылуу;
- квалификациялуу студенттердин пулун түзүү, анын ичинде медициналык кадрларды максаттуу даярдоо механизмдерин этап-этабы менен киргизүү (анын ичинде билим берүү гранттарын жана кредиттерин киргизүү зарылдыгын эске алуу менен);
- медициналык кадрларга керектөөлөрдү болжолдоо үчүн инструменттерди киргизүү;
- врачтарды жана саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өнүктүрүү;
- врачтардын жана медайымдардын эмгегине акы төлөө шарттарын андан ары жакшыртуу жана финансылык-экономикалык дем берүүнү пайдалануу;
- саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүнүн жаңы формаларын каржылоо механизмдерин ишке киргизүү;
- медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана медициналык жардамга кайрылгандарга дем берүү үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардамды каржылоонун учурдагы механизмин кайра карап чыгуу;
- коомдук саламаттык сактоо тармагындагы санариптик чечимдерди бирдиктүү медициналык маалымат системасына интеграциялоо;
- массалык эмдөө программаларын ишке киргизүү;
4) ден соолук үчүн тобокелдиктерди башкаруу системасын түзүү:
- социалдык-экономикалык чакырыктар менен байланышкан ден соолук тобокелдигин баалоонун жана башкаруунун бирдиктүү улуттук санариптик системасын ишке киргизүү, оорулардын жана эпидемиялардын таралышынын ар кандай сценарийлерин моделдөө жана болжолдоо технологиясын иштеп чыгуу;
- ден соолукту чыңдоонун, ооруларды алдын алуунун жана эрте аныктоонун негизи катары баштапкы медициналык-санитардык жардамды күчөтүү, жасалма интеллектти жана менчигинин түрүнө карабастан баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын сапаттуу лабораториялык-диагностикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен эрте жашынан жана өмүр бою скринингдик изилдөөлөрдү, алдын алуучу кароолорду өз убагында аныктоого жана өткөрүүгө дем берүүчү милдеттүү жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруунун механизмдерин киргизүү;
- медициналык кызматты жана саламаттык сактоо системасынын Жарандык коргонуу комиссияларын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Апааттык медицина кызматын чыңдоо, саламаттык сактоо системасынын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын камсыз кылуу, биологиялык коопсуздуктун жана биологиялык коргоонун мамлекеттик системасын түзүү;
- ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын түзүү;
5) сергек жашоо образын кармануу жана дене тарбия жана спорт менен машыгуу:
- бардык курактык топтордун арасында дене тарбия жана спорт менен машыгуунун көпчүлүктүк деңгээлин жогорулатуу жана спорттук секциялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- спорттук инфраструктураны кеңейтүү, иштеп жаткан спорттук базаларды модернизациялоо, жабдууларды жаңылоо;
- олимпиадалык резервди даярдоо жана спорттук резерв системасын кеңейтүү;
- олимпиадалык эмес, улуттук жана жаңы спорт түрлөрүн өнүктүрүү;
- спорт жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу;
- спорттук медицина системасын өнүктүрүү жана институтташтыруу.
X. Мамлекеттик башкарууну реформалоо
10.1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат
Тез өсүп жаткан социалдык-экономикалык жана технологиялык өзгөрүүлөрдүн шартында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасы мезгилдин чакырыктарына натыйжалуу жооп берүүгө жөндөмдүү ийкемдүү, кесипкөй жана адамга багытталган институтка трансформациялоонун зарылдыгынын алдында турат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаттуураак болушуна, мамлекеттик институттарга ишенимдин деңгээлин жогорулатууга коомчулуктун суроо-талаптарынын өсүшү мамлекеттик сектордо кадрларды башкарууга болгон мамилени кайра карап чыгууну талап кылат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын өнүктүрүү төмөнкүдөй бири-бирин толуктап туруучу милдеттерди чечүүгө багытталган комплекстүү мамилеге негизделет:
1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуу жана натыйжага багытталган системасын түзүү:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматты сиңирген эмгегине, тажрыйбасына жана кесипкөйлүгүнө жараша кадрларды тандоо жана көтөрүү принцибинин негизинде өнүктүрүү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетишкендиктеринин, компетенциясынын жана ишине кошкон салымынын негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды укуктук жактан коргоо жана карьералык өсүш үчүн шарттарды түзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды баалоонун жана шыктандыруунун натыйжалуу системасын киргизүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгегине акы төлөөнүн натыйжалуу, атаандаштыкка жөндөмдүү, тең салмактуу системасын түзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды үзгүлтүксүз окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн механизмдерди өнүктүрүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадыр-баркын жана оң беделин калыптандыруу, анын ичинде карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрү, эмгектин атаандашууга жөндөмдүү шарттары жана социалдык кепилдиктер аркылуу;
2) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасына кадрларды башкаруунун санариптик технологияларын киргизүү:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын карьерасынын бардык этаптарын башкаруу үчүн бирдиктүү интеграцияланган кадрдык платформаны өнүктүрүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын санариптик көндүмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрүү.
Белгиленген милдеттерди ишке ашыруу заманбап, ачык жана жарандардын күтүүлөрүнө багытталган мамлекеттик жана муниципалдык кызматты түзүүгө карай маанилүү кадам болуп калат, ал өлкөнүн мамлекеттик аппаратына коомдун ишенимин бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
10.2. Стратегиялык пландоо системасы
Мамлекеттик стратегиялык пландоо стратегияларды жана программаларды ар тараптуу, илимий жактан негизделген иштеп чыгууну камсыз кылуучу натыйжалуу жана интеграцияланган системаны курууга, ошондой эле бардык деңгээлдерде алардын ишке ашырылышына сапаттуу мониторинг жүргүзүүгө багытталат. Стратегиялык пландаштыруу системасы тышкы жана ички факторлордун өзгөрүшүнө ыкчам жооп кайтаруу үчүн ийкемдүү болушу керек.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы координация жакшыртылат, башкаруунун долбоордук башкаруу, максаттуу индикаторлорду иштеп чыгуу, аларга мониторинг жүргүзүү жана баалоо сыяктуу натыйжалуу ыкмалары киргизилет. Масштабдуу стратегияларды жана программаларды натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында стратегиялык пландоону мамлекеттик бюджет менен толук байланыштыруу камсыз кылынат.
Стратегиялык пландоо системасындагы негизги милдеттер:
1) бардык мамлекеттик стратегиялык программаларды кошо баш ийдирүү. Бардык мамлекеттик стратегиялык программалар тармактар аралык байланыштарды жана региондук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жана улуттук программасы менен тыгыз байланышта болот. Мамлекеттик стратегиялык программалардын саны сапатты жогорулатуунун жана бирдиктүү стратегиялык багыттын эсебинен оптималдаштырылат;
2) мамлекеттик стратегиялык программаларды башкаруу механизмин өнүктүрүү. Бардык катышуучулардын, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо жана ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн долбоордук башкарууну киргизүү үчүн конкреттүү жол-жоболор белгиленет;
3) мамлекеттик стратегиялык программаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо. Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын жана мамлекеттик стратегиялык программалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн бирдиктүү санариптик платформа киргизилет, ал бул программаларды ишке ашыруунун жүрүшүнө жана негизги индикаторлор боюнча прогресске көз салууга мүмкүндүк берет;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу жана квалификациясын жогорулатуу. Улуттук деңгээлдеги документтерге ылайык мамлекеттик программаларды натыйжалуу пландоо, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана аткарылышын баалоо боюнча алардын компетенцияларын жогорулатуу максатында мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлерин үзгүлтүксүз окутуу системасы иштелип чыгат;
5) стратегиялык пландоону бюджет менен байланыштыруу. Бардык мамлекеттик стратегиялык программалар жана пландар стратегиялык пландоону бюджеттештирүү процесси менен интеграциялоо аркылуу ресурстар менен камсыз кылынат, бул 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн максаттарына өз убагында жетүүгө өбөлгө түзөт. Программалар бюджет менен тыгыз байланыштуу болот.
10.3. Макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу
Макроэкономикалык туруктуулук
Кыргыз Республикасы бир катар системалык чакырыктарга, атап айтканда тышкы рыноктордон көз карандылыкка, чийки зат товарларына баанын өзгөрүүсүнө, экономиканын чектелген диверсификациясына, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун жана финансы системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгына туш болууда.
Мурда алынган кредиттик милдеттенмелер боюнча эң жогорку төлөмдөр келген жана тышкы рыноктордон жогорку көз карандылык болгон шарттарда салыктык-бюджеттик саясат акча-кредит саясаты менен тыгыз координацияланууга тийиш. Бул фискалдык тобокелдиктерди минималдаштырууга жана мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын тең салмактуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Инфраструктурага инвестицияларды пландалган көбөйтүүгө байланышкан экономикада инфляциялык тобокелдиктер, анын натыйжасында жогорулаган ички суроо-талап, ошондой эле өлкөлөрдө - соода өнөктөштөрдө баалардын өсүшүнүн натыйжасында импорттолгон товарлардын жана чийки заттын кымбатташы аркылуу ички рынокко тышкы инфляциялык тенденциялардын өтүшү негизги чакырыктардын бири болуп калууда.
Мамлекеттик финансынын туруктуулугу
Финансылык туруктуулукту, кирешелердин жана чыгашалардын тең салмактуулугун камсыз кылуу, ошондой эле Программанын негизги милдеттерин ишке ашырууга багытталган кошумча инвестицияларды тартуу үчүн шарттарды түзүү маанилүү.
Мамлекеттик финансы чөйрөсүндөгү өнүктүрүүнүн негизги багыттары бюджеттик процесстерди санариптештирүүнү, автоматташтырууну, ошондой эле фискалдык башкарууну оптималдаштыруу үчүн жасалма интеллектти ишке киргизүүнү камтыйт.
Негизги милдеттер:
1) стратегиялык пландоо жана финансылык туруктуулукту камсыз кылуу:
- мамлекеттик финансыны башкаруу стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- фискалдык тобокелдиктерди болжолдоону, баалоону жана минималдаштырууну өркүндөтүү;
- бюджеттик тобокелдиктерди эрте алдын алуунун сценарийлик талдоосун ишке киргизүү;
- макроэкономикалык факторлорду эске алуу менен узак мөөнөттүү каржылоо стратегиясын түзүү;
- карыздык жүктөмдү азайтуу үчүн мамлекеттик карыздын түзүмүн оптималдаштыруу;
2) бюджеттик кирешелерди жана чыгашаларды деталдаштыруу менен ачык маалыматтар платформасын түзүү:
- каражаттарды бөлүштүрүүгө жарандардын катышуусу менен демилгелүү бюджеттөөнү киргизүү;
- мамлекеттик каражаттардын сарпталышы жөнүндө отчетторду үзгүлтүксүз жарыялоону камсыз кылуу;
3) чыгашаларды жана инвестицияларды натыйжалуу башкаруу:
- конкреттүү максаттарга жетүүгө багытталган программалык бюджеттөөнү ишке киргизүү;
- бюджеттик программалардын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин баалоо системасын иштеп чыгуу;
- алардын натыйжалуулугун талдоонун негизинде мамлекеттик инвестицияларга артыкчылык берүү механизмин түзүү;
- мамлекеттик финансыны башкаруу үчүн бирдиктүү санариптик экосистеманы түзүү;
4) тобокелдиктерди башкаруу жана өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу:
- Турукташтыруу фондунун каражаттарынын жардамы менен каржылоо механизмдерин түзүү жана өнүктүрүү;
- экологияга жана климатка байланышкан маселелерди жана проблемаларды чечүүгө мамлекеттик чыгымдарды көзөмөлдөө үчүн бюджеттин "жашыл" чыгымдарын маркалоо системасын ишке киргизүү;
- туруктуу экономикалык өсүш үчүн "жашыл каржылоо" программаларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
5) фискалдык системаны реформалоо:
- жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүү жана ишкерлерге, өзгөчө чакан жана орто бизнеске жүктөмдү азайтуу;
- бизнести легалдаштырууга дем берүү жана салыктык тартипти жогорулатуу;
- салыктык башкарууну оптималдаштыруу жана бюрократиялык жол-жоболорду азайтуу;
- компаниялардын иши жөнүндө маалыматтарды автоматтык талдоо жана потенциалдуу бузууларды аныктоо алгоритмдерин, анын ичинде салыктык отчеттордогу аномалияларды аныктоо, салыктык түшүүлөрдү болжолдоо жана каталарды минималдаштыруу үчүн жасалма интеллектти колдонуу аркылуу иштеп чыгуу.
Акча-кредит саясаты
Акча-кредит саясаты мамлекеттин экономикалык саясатынын бир бөлүгү катары Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнүн жалпы стратегиясын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлөт жана жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүүгө, жагымдуу инвестициялык климатты колдоого, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана башка мамлекеттик органдар менен өлкөнүн бюджеттик-салыктык жана акча-кредит саясатын координациялоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын активдүү өз ара аракеттенүүсү баа жана макроэкономикалык туруктуулукка жетүү боюнча максаттарды ийгиликтүү ишке ашырууну камсыз кылат.
10.4. Региондорду өнүктүрүү
Ар бир регионго географиялык, социалдык, экономикалык жана маданий өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жеке мамиле жасалат. Ар бир региондун уникалдуулугу мындан аркы административдик-аймактык кайра түзүүлөрдү долбоорлоодо жана ишке ашырууда, ошондой эле туруктуу жана тең салмактуу региондук өнүктүрүү үчүн сунуштамаларды түзүүдө эске алынат.
Аймактарды комплекстүү өнүктүрүүгө өтүү 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылат, анда мейкиндикти пландоону жана адистештирүүнү эске алуу менен региондорду өнүктүрүү каралган.
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу региондорду өнүктүрүүнүн кезектеги кадамы болот. 2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктарынын демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасын ишке ашыруунун алкагында региондорду өнүктүрүүгө жергиликтүү коомчулук тартылат.
Региондук өнүктүрүүдө административдик-аймактык түзүлүштү натыйжалуу трансформациялоого багытталган милдеттер мейкиндикти пландоонун маалыматтык-аналитикалык инструменттерин ишке киргизүү аркылуу чечилет. Бул региондук экономикалык адистештирүүнү талдоону, тобокелдиктерди болжолдоону жана төмөнкү административдик-аймактык кайра түзүүлөргө карата сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн функционалдык зоналоону карайт:
- административдик чек араларга жакын айыл аймактарын, ошондой эле инфраструктура, логистика жана калктын саны аларды түзүүгө мүмкүндүк берген райондук маанидеги шаарларды кошуу менен облустук маанидеги шаарлардагы учурдагы мэриялардын базасында шаардык округдарды (агломерацияларды) түзүү;
- алардын административдик чек араларына инфраструктура, логистика жана калктын саны аларды түзүүгө мүмкүндүк берген жакынкы айыл аймактарын кошуу менен райондук маанидеги шаарлардын айрым мэрияларына райондук мамлекеттик администрациялардын статусун берүү;
- өлкөнүн административдик-аймактык түзүлүштөрүнүн мүмкүн болгон башка кайра түзүүлөрү.
Геомаалыматтык системалар менен интеграцияланган санариптик тармактык карталарды кошкондо, региондорду өнүктүрүүнүн комплекстүү программаларынын бөлүгү катары Кыргыз Республикасынын мейкиндик маалыматтарынын улуттук инфраструктурасы ишке киргизилет.
10.5. Бюрократиядан арылтуу
Мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун, көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртуунун, жарандар жана бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүнүн жана реформаларды тездетүүнүн маанилүү элементтеринин бири болот.
2030-жылга карата бюрократиялык тоскоолдуктар олуттуу азаят, административдик жол-жоболор жөнөкөйлөтүлөт жана мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу үчүн заманбап санариптик технологиялар ишке киргизилет.
Мамлекеттик башкарууда бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди жогорулатуу максатында төмөнкү милдеттер ишке ашырылат:
1) мыйзамдарды бюрократиядан арылтуу жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү:
- мамлекеттик аппаратта чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жана ыкчамдуулугун жогорулатуу;
- аткаруу бийлигинин ишин ашыкча мыйзамдык регламенттөөнү жоюу;
- функцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү;
- мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өз алдынчалыгын жана жеке жоопкерчилигин жогорулатуу;
- административдик-функционалдык бюрократияны азайтуу;
- ченемдик-процесстик бюрократияны азайтуу;
- коомдук мамилелерди жөнгө салган ченемдик укуктук актылардагы эскирген, ашыкча же кайталанган ченемдерди жоюу;
2) ченем жаратуу процесстерин жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүү:
- мыйзамдардын натыйжалуулугун баалоо механизмдерин ишке киргизүү;
- онлайн-сурамжылоо, коомдук угуулар жана эксперттик кеңештер сыяктуу мыйзам чыгаруу процессине жарандардын катышуу механизмдерин өнүктүрүү;
- мыйзам долбоорлоруна коррупцияга каршы, социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик жана экологиялык экспертизаларды жүргүзүүнү өркүндөтүү;
- ак ниет мамлекеттик кызматчыларды "кызматчынын калыстык менен ката кетирүү укугу" принциби боюнча жазыктык куугунтуктоодон коргоо механизмин ишке киргизүү;
3) санариптик технологияларды жана чечимдерди ишке киргизүү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөөнү автоматташтыруу, мыйзам долбоорлорун ачык талкуулоо үчүн онлайн-платформаларды иштеп чыгуу;
- мыйзам чыгаруу техникасын өркүндөтүү, эскирген, карама-каршы келген же кайталанган ченемдерди аныктоо максатында машина окуй турган укукту киргизүү аркылуу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талдоо, иштеп чыгуу үчүн ЖИ-инструменттерин иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдардын ишинде жасалма интеллектти ишке киргизүү;
- ыңгайлуу форматтагы актуалдуу мыйзамдар жана укуктук түшүндүрмөлөр менен ачык санариптик порталды иштеп чыгуу;
- чечимдерди кабыл алууну тездетүү жана бюрократияны азайтуу үчүн мамлекеттик органдарды электрондук ведомстволор аралык маалымат алмашууга толук өткөрүү.
"Өкмөттүк акселераторлор" реформаларды жүргүзүү инструменти
"Өкмөттүк акселераторлор" программасы экономиканын, социалдык чөйрөнүн жана мамлекеттик башкаруунун негизги секторлорунда 100 күндүк реформаларды жүргүзүүгө инновациялык мамиле катары чечимдерди кабыл алуунун жана реформаларды ишке ашыруунун ыкчамдуулугун жогорулатуунун натыйжалуу инструменттеринин бири болуп саналат.
100 күндүк цикл форматында ишке ашырылган реформалар бюрократиялык тоскоолдуктарды тез арада жоюунун жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жакшыртуунун натыйжалуу механизми катары өзүн көрсөттү, бул тармактык проблемаларды ыкчам чечүүгө, убакыттын чакырыктарына чара көрүүгө, ички жана тышкы конъюнктуранын өзгөрүүлөрүнө динамикалуу ыңгайлашууга мүмкүндүк берет.
Программаны ишке ашырууну улантуунун натыйжасы өкмөттүк акселаторлордун институтташуусу, кайра түзүү процесстеринин тездеши, мамлекеттик башкарууда инновациялар жана жоопкерчилик маданиятын түзүү, ченемдик жана укуктук өзгөртүүлөр аркылуу реформалардын натыйжаларын бекемдөө болуп саналат.
XI. Укуктук системаны өнүктүрүү
11.1. Мыйзамдуулукту жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу
Ар бир жарандын, бизнестин жана инвесторлордун укуктарын коргоо максатында сот системасын өркүндөтүү, укуктук жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана укук колдонуу чөйрөсүндөгү адистердин квалификациясын жогорулатуу зарыл. Бул чаралар сот адилеттигин бир кыйла жеткиликтүү кылат жана коомдун адилеттүүлүккө жана мыйзамдын үстөмдүгүнө болгон ишенимин бекемдейт.
Мыйзамдуулукту жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу чөйрөсүндөгү негизги милдеттер төмөнкүлөр болот:
1) укуктук агартуу:
- мектепте жана кесиптик билим берүү программалары аркылуу укуктун негиздерине окутууда системалуу ыкманы ишке киргизүү;
- судьяларды, прокурорлорду, адвокаттарды жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин ведомстволук жана башка окуу жайлардын базасында сот адилеттигинин эл аралык жана улуттук стандарттары, адам укуктары жана укук колдонуунун заманбап методдору боюнча үзгүлтүксүз окутуу жана квалификациясын жогорулатуу;
- мамлекет тарабынан кепилденген консультациялык-укуктук жана башка юридикалык жардамдын сапатын жогорулатуу;
2) соттордун көз карандысыздыгын жогорулатуу:
- саясий жана административдик кысымдан кепилдиктерди күчөтүү, сот адилеттиги маселелерине кийлигишпөө принциптерин милдеттүү сактоо жана сот системасын жетиштүү каржылоо аркылуу судьялардын реалдуу көз карандысыздыгын камсыз кылуу;
3) мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу:
- акыйкатчынын жана укук коргоо уюмдарынын көз карандысыз институттары аркылуу жарандардын жана бизнестин укуктарын коргоо системасын өркүндөтүү;
- жарандардын жана бизнестин талаш-тартыштарын чечүүнүн альтернативдүү ыкмаларын (медиация, арбитраж) өнүктүрүү;
- судьяларды кадрдык тандоо системасын реформалоону улантуу;
4) коррупцияга каршы механизмдерди күчөтүү:
- жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуулары, ошондой эле пландалган жана пландалбаган текшерүүлөр боюнча текшерүүлөрдүн так стандарттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- соттордун, укук коргоо органдарынын жана эксперттик кызматтардын ишинде санариптештирүү процесстерин жана заманбап маалыматтык технологияларды ишке киргизүүнү өнүктүрүү;
- сот жана укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык базасын, ошондой эле алардын кызматкерлерин социалдык коргоо чараларын бекемдөө.
11.2. Коомдук коопсуздукту жогорулатуу
Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан учурларды кошкондо, кылмыштуулуктун деңгээлин азайтуунун зарылдыгы, үй-бүлөлүк зомбулукту минималдаштыруу маселелери курч болууда. Алдын алуу чараларын, кылмыштуулукту алдын алууну активдүү ишке киргизүү зарыл, бирок кадрлардын тез алмашуусу, материалдык-техникалык жабдуулардын начар деңгээли, ошондой эле кадрлардын квалификациясынын төмөндүгү каалаган натыйжаларга жетүүгө мүмкүндүк бербейт.
Негизги багыттар заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга туруштук берүүчү, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу, ошондой эле кылмыштарды алдын алуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүүчү коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун натыйжалуу системасын түзүүгө багытталат. Укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү жарандардын коопсуздугун жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун негизги факторлору болот.
Негизги милдеттер төмөнкүлөр болот:
- техникалык каражаттарды модернизациялоо, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, видеокөзөмөлдөө системаларын жана аналитикалык технологияларды ишке киргизүү, укук коргоо органдарынын техникалык жабдууларын жакшыртуу жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүү;
- чек арага чектеш райондордогу бөлүмдөрдү күчөтүү аркылуу транс чек аралык кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга жана контрабандага каршы күрөшүү;
- үй-бүлөлүк зомбулукту жана мектеп рэкетин алдын алуу;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүнү натыйжалуу алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу;
- террористтик ишке, аны каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чараларын күчөтүү;
- жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу;
- жарандардын укук коргоо органдарына болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу;
- укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кесиптик даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүү.
11.3. Коррупция менен күрөшүү
Мамлекеттин негиздерине доо кетирип, коомго зыян келтирген эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири болуп коррупция саналат. Коррупцияга каршы күрөшүү - бул институттарды бекемдөөнү, ачык-айкындыкты жана отчеттуулукту жогорулатууну, ошондой эле жарандык коомдун активдүү катышуусун камтыган туруктуу процесс.
Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Коррупцияга каршы саясаттын натыйжалуулугу коррупцияга каршы механизмдерди өз убагында пайдалануудан, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн бардык субъекттерин тартуу менен системалуу уюштуруучулук-укуктук каражаттарды жана чараларды колдонуудан көз каранды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгына ылайык 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилген, ал эл аралык стандарттарды эске алуу менен коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүнү, коррупцияны алдын алуунун жана бөгөт коюунун натыйжалуу механизмдерин киргизүүнү, мамлекеттик бийлик органдарынын ачык-айкындыгын жана отчеттуулугун жогорулатууну, адам факторун жана коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн мамлекеттик башкарууну санариптештирүүнү өнүктүрүүнү, коррупцияга каршы саясатта жарандык коомдун ролун күчөтүүнү жана коррупцияга каршы туруктуу маданиятты калыптандырууну карайт.
Негизги милдеттер мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын жогорулатуу, мамлекеттик процесстерди санариптештирүү, укук коргоо органдарындагы жана сот системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү, бизнес жана инвесторлор үчүн коопсуз чөйрөнү түзүү менен байланыштуу. Милдеттерди чечүү төмөнкүлөргө багытталат:
- коррупцияга каршы пропагандалоо, коррупцияга каршы стандарттарды популярдаштыруу жана коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу;
- коррупция жөнүндө билдирген адамдарды коргоо жөнүндө мыйзамды кабыл алууга багытталган мыйзамдардагы коррупцияга каршы өзгөртүүлөр;
- мамлекеттик органдардын ачык-айкындыгын жана отчеттуулугун камсыз кылуу;
- мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө адам факторун жокко чыгаруу, лицензияларды жана уруксаттарды толугу менен санариптик форматка которуу менен берүү;
- бизнес үчүн бардык мамлекеттик кызматтарга "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү менен мамлекеттик органдар тарабынан бардык текшерүүлөрдү автоматташтырууну колдонуу менен бизнести коррупциядан коргоо;
- прокуратура системасында катталган электрондук кезексиз бизнести текшерүүгө тыюу салууну киргизүү;
- коррупцияга каршы заманбап чараларды жана коррупцияга каршы аракеттенүү инструменттерин иштеп чыгуу жана колдонуу;
- жазанын сөзсүз болуу принциптеринде коррупционерлерди экстрадициялоо жана мыйзамсыз алынган активдерди кайтаруу механизмин түзүү.
XII. Тышкы саясат жана улуттук коопсуздук
12.1. Тышкы саясат
Тышкы саясат өлкөнүн көз карандысыздыгын, коопсуздугун жана дүйнөдөгү позициясын бекемдөөгө, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого жана туруктуу өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине негизделген чет мамлекеттер менен туруктуу мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү максатында тең салмактуу жана ырааттуу көп векторлуу тышкы саясатты улантат.
Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишинде артыкчылыктуу орунду салттуу жана стратегиялык өнөктөштөр ээлейт. Негизги маани чектеш мамлекеттер менен коңшулук мамилелерди чыңдоо, Борбордук Азия регионунда кызматташтыкты жана көп тараптуу диалогду кеңейтүү болуп саналат.
Бул багытта Кыргыз Республикасы эл аралык жана аймактык уюмдарда (БУУ, ЕАЭБ, ШКУ, ТМУ, КМШ, ЕККУ жана ИКУ) экономикалык дипломатияны активдүү өнүктүрөт. Азия, Европа, Америка, Африка жана Жакынкы Чыгыш менен кызматташуу өлкөнү дүйнөлүк экономикага интеграциялоого жардам берет.
Кыргыз Республикасы тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди өткөрүү демилгесинин алкагында булганууну, табигый кырсыктардын жана климаттын өзгөрүү тобокелдигин азайтуу, тоолордун уникалдуу жаратылышын коргоо жана калыбына келтирүү максатында глобалдык кызматташтыкты, анын ичинде Борбордук Азиядагы региондук кызматташтыкты кеңейтет жана тереңдетет.
Кыргыз Республикасы ЕАЭБдин алкагында улуттук экономиканы гармониялуу интеграциялоо боюнча бардык деңгээлдеги максаттуу багыттагы иштерди улантат. Товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу ресурстардын эркин кыймылынын негиз салуучу принциптерин эске алуу менен интеграциялык потенциалы бар чөйрөлөрдө экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде кооперативдик өз ара аракеттенүү, жалпы транспорттук-логистикалык мейкиндикти жана мүчө мамлекеттердин экономикасын тездетилген өнүктүрүүгө көмөктөшүү механизмдерин өнүктүрүү боюнча биргелешкен чаралар көрүлөт.
Санариптик технологиялар дүйнө менен тез жана ачык-айкын өз ара аракеттенүүгө жардам берет. Алар улуттук дипломатияны кыйла заманбап жана жеткиликтүү кылуу үчүн өзгөрүүлөргө ыкчам чара көрүүгө, маалымат алмашууга жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын илгерилетүүгө мүмкүндүк берет.
2030-жылга карата Кыргыз Республикасы дүйнөлүк аренада ачыктык, ишеним жана тынчтыкты сактоо саясаты аркылуу улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү менен динамикалуу жана ишенимдүү өнөктөш катары бекемдейт.
12.2. Улуттук коопсуздук
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугу эгемендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү, конституциялык түзүлүштү жана улуттук иденттүүлүктү коргоого, ошондой эле өзгөрүп жаткан глобалдык жана региондук жагдайда мамлекеттин жашоосунун бардык чөйрөлөрүн туруктуу өнүктүрүүгө багытталат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун институттарынын жана бизнес-коомчулуктун ведомстволор аралык жана региондор аралык өз ара аракеттенүүсүнө негизделет, бул ички жана тышкы коркунучтарды өз убагында аныктоого, талдоого жана нейтралдаштырууга мүмкүндүк берет.
Артыкчылыктуу багыттар болуп коргонуу-өндүрүштүк потенциалын модернизациялоо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн кайра куралдандыруу жана согуштук даярдыгын жогорулатуу, жарандык коргоону бекемдөө, өзгөчө кырдаалдарга эрте эскертүү жана ыкчам чара көрүү системасын өркүндөтүү, аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана социалдык кепилдиктерин ишке ашыруу, ошондой эле корголгон маалыматтык чөйрөнү түзүү үчүн заманбап санариптик технологияларды пайдалануу саналат.
Эл аралык кызматташууга активдүү катышуу, дүйнөлүк жана региондук коопсуздук системалары менен интеграциялануу, ошондой эле чет элдик өнөктөштөр менен тажрыйба алмашуу геосаясий кырдаалдын трансформацияланышына, терроризмдин, экстремизмдин, трансчек аралык уюшкан кылмыштуулуктун, киберкылмыштуулуктун өсүшүнө жана климаттык шарттардын өзгөрүшүнө байланыштуу жаңы чакырыктарга жооп катары улуттук стратегияны өз убагында оңдоого мүмкүндүк берет.
Ченемдик укуктук базаны дайыма жаңыртуу, кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун заманбап методдорун колдонуу улуттук коопсуздуктун кризистик кырдаал шартында да улуттук кызыкчылыктарды коргоону камсыз кылууга адаптацияланган, ыкчам жана жөндөмдүү болушуна кепилдик берет.
XIII. Климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук
13.1. Кырсыктын тобокелдиктерин азайтуу
Мамлекеттик саясат кырсыктардын тобокелдигин башкаруунун улуттук системасын чыңдоого, инфраструктураны модернизациялоого жана тоолуу райондордогу аймактардын жана чарбалык объекттердин корголуусун жогорулатууга багытталат. Бул табигый кырсыктарга жана техногендик тобокелдиктерге аялуулукту азайтат.
Максаттуу багыттар төмөнкүдөй түрдө аныкталат:
1) табигый кырсыктар жөнүндө эрте кабарлоонун улуттук системасын түзүү;
2) Кырсыктардын тобокелдигин азайтуунун улуттук стратегиясына ылайык кырсыктардын тобокелдигин азайтуунун жергиликтүү стратегиясын кабыл алган жана ишке ашырган жергиликтүү бийлик органдарын 100% тартууга жетишүү;
3) мурдагы уран мурасынын 16 калдык сактоочу жайын жана тоо кенинин иштетүүгө жараксыз катмарын коопсуз абалга келтирүү;
4) кырсык тобокелдигин азайтуу боюнча Сендай алкактык программасынын жыйынтыктоочу максаттарына жетишүү.
Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатындагы негизги милдеттер:
- 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана болжолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу;
- инженердик курулмаларды куруу жана бекемдөө жолу менен инфраструктуралык туруктуулукту жогорулатуу, өрт коопсуздугу чөйрөсүндө мамлекеттик көзөмөл жана контроль;
- калдык сактоочу жайларды жана тоо кенинин иштетүүгө жараксыз катмарын рекультивациялоо;
- потенциалдуу кооптуу участоктордон көчүрүлгөн калк үчүн жерлердин жаңы участокторун өздөштүрүү механизмин иштеп чыгуу;
- селден жана суу ташкынынан коргоо үчүн объекттерди жана курулмаларды масштабдуу инвентаризациялоо, ошондой эле суу өткөрүүчү жана суу багыттоочу курулмаларды долбоорлоо жана куруу ченемдерин кайра карап чыгуу;
- жерлердин деградациясын жана селдик жүктү азайтуу үчүн тоо этектеринде жашыл токой тигүүлөрүнө жана дарыялардын жайылмаларында агрардык токой чарбасына узак мөөнөттүү инвестициялоо механизмин киргизүү;
- жай өнүгүп жаткан кооптуулуктар жана коркунучтар менен байланышкан тобокелдиктерди азайтуу маселелерин комплекстүү чечүү процесстерин баштоо;
- тез чара көрүү кызматтарынын даярдыгын өнүктүрүү;
- зыянды жабуу үчүн камсыздандыруу системасын өркүндөтүү, табигый кырсыктардан кийин калыбына келтирүү механизмин киргизүү;
- өнөр жайлык кооптуу объекттердин жана гидротехникалык курулмалардын техносфералык коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү системасын түзүү;
- табигый кырсыктарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо боюнча байкоо тармактарын модернизациялоо жана кеңейтүү, анын ичинде эң жаңы технологияларды жана санариптик платформаларды киргизүү;
- санариптик технологияларды киргизүүнүн жана калкты кабарлоо системаларын автоматташтыруунун негизинде эрте кабарлоо системасын өнүктүрүү;
- эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты күчөтүү жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн гранттык, донордук финансылык каражаттарды тартуу.
13.2. Айлана-чөйрө, экология, адаптациялык чаралар
Мамлекеттин алдында турган милдеттердин бири, эл аралык милдеттенмелердин контекстинде да, улуттук саясатта да климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана кесепеттерин жумшартуу, табигый экосистемаларды, түрлөрдүн жана генетикалык ар түрдүүлүктү сактоо болуп саналат.
Биотүрдүүлүктү, суу ресурстарын жана табигый мурасты коргоо келечек муун үчүн уникалдуу тоо экосистемаларын сактоого мүмкүндүк берет.
Максаттуу багыттар төмөнкүдөй түрдө аныкталат:
1) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын өлкөнүн жалпы аянтынын 10%ына чейин көбөйтүү;
2) парник газдарынын чыгындыларын 16%га чейин кыскартуу;
3) ND-GAIN климаттык туруктуулук индексин 3 пункттан кем эмес жакшыртуу;
4) Бишкек шаарынын аймагында байытылган көмүрдү пайдаланууда жана калктуу конуштарды газдаштырууда зыяндуу чыгууларды 16%га чейин азайтуу.
Негизги милдеттер төмөнкүлөр болот:
1) экосистемаларды жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана калыбына келтирүү:
- экосистемалардын абалын баалоо, коркунучтарды аныктоо жана аларды коргоо боюнча стратегияларды иштеп чыгуу боюнча үзгүлтүксүз изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүү, натыйжалуу коргоо чараларын жана режимдерин ишке ашыруу, илимий иштерди жана мониторингди уюштуруу;
- токойлорду калыбына келтирүү жана кеңейтүү (анын ичинде жаратылышты коргоонун жогорку баалуулугу бар токойлорду, реликт токойлорду сактоо, токой экосистемаларын калыбына келтирүү, токойлорго жүктү азайтуу, токойлорду табигый жол менен жаңыртуу);
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизүү үчүн жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучу алдында турган түрлөрүнүн тизмелерин жаңыртуу жана жаңыртылган тизмелердин негизинде Кызыл китептин китептик версиясын кайра басып чыгаруу;
- биотүрдүүлүктү сактоого өбөлгө түзүүчү жергиликтүү коомчулуктун салттуу практикасын колдоо жана жаратылыш ресурстарды туруктуу пайдалануу жөнүндө жергиликтүү калкты маалымдоо;
- жаратылыш ресурстарын башкарууга жана экосистемаларды коргоого байланышкан чечимдерди кабыл алуу процесстерине жергиликтүү калктын активдүү катышуусун камсыз кылуу;
- биотүрдүүлүктү сактоо боюнча милдеттерди ишке ашыруу үчүн жаңы финансылык инструменттерди интеграциялоо, анын ичинде биотүрдүүлүктү сактоо боюнча мультиөнөктөштүк трасттык фондун түзүү;
2) климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана ага адаптациялоо:
- Өлкөнү аз көмүртектүү өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү иш-аракеттердин концепциясын кабыл алуу;
- климаттын өзгөрүшүнө өлкөнүн аялуулугун төмөндөтүүгө жана климаттык тобокелдиктерге туруктуулукту камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын улуттук адаптациялоо планын кабыл алуу;
- түзүлүп жаткан улуттук климаттык статистиканын, ошондой эле мониторингдин, отчеттуулуктун, верификациялоонун (MRV) улуттук системасынын негизинде түзүлүүчү мониторинг жүргүзүү системасын куруу;
- Бишкек шаарынын турак жай массивдерин газдаштыруу;
- Кара-Кече жана Миң-Куш эки кенинде төмөн калориялуу жана күлдүүлүгү жогору көмүрдү байытуу боюнча фабрикаларды куруу;
- климаттык тобокелдиктерди, адаптацияны жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууну изилдөөнү кеңейтүү;
3) калдыктарды башкаруу:
- калдыктардын көлөмүн азайтууга багытталган калдыктарды туруктуу башкаруу саясатын ишке ашыруу, алардын пайда болуу деңгээлин төмөндөтүү боюнча чараларды көрүү (калдыктары аз, ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизүү), кайра иштетүү, экинчи жолу пайдалануу, коопсуз утилдештирүү;
- калдыктарды башкаруу системасын санариптештирүү менен Өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилиги (ӨКЖ) принцибин киргизүү;
- эл аралык стандарттарга ылайык келген кеңейтилген инфраструктурасы менен заманбап полигондорду куруу (жылуулук, электр энергиясын өндүрүү менен калдыктарды сорттоо, кайра иштетүү);
- катуу тиричилик калдыктары үчүн табигый таштанды жайларын рекультивациялоо;
4) экологиялык коопсуздукту камсыздоо:
- радиациялык коопсуздук чөйрөсүндө жөнгө салуу системасын өркүндөтүү, эл аралык стандарттарга жана алдынкы практикага ылайык радиоактивдүү булактарды жана калдыктарды жүгүртүүнүн, пайдалануунун, ташуунун, сактоонун жана көмүүнүн жүрүшүндө аларды көзөмөлдөө жана контролдоо;
- мурдагы уран объекттерине, калктын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө үзгүлтүксүз радиоэкологиялык мониторинг жүргүзүү системасын түзүү;
- химиялык коопсуздук чөйрөсүндө жөнгө салуу системасын өркүндөтүү, кооптуу химиялык заттарды жүгүртүүнүн жүрүшүндө аларды көзөмөлдөө жана контролдоо;
- химиялык заттарды инвентаризациялоо, Химиялык заттардын жана аралашмалардын улуттук реестрин түзүү жана химиялык заттарды жана аралашмаларды каттоо аркылуу химиялык заттарды туруктуу, коопсуз башкарууну камсыз кылуу;
- эскирген пестициддерди тийиштүү түрдө коопсуз жок кылуу жана булганган топуракты тазалоо;
- климат өзгөргөндө экологиялык тобокелдиктерге жана табигый кырсыктарга химиялык, ядролук жана радиоактивдүү заттарды туруктуу башкаруу системасын түзүү;
- атмосфералык абанын сапатына мониторинг жүргүзүү системасын жакшыртуу.
XIV. Программаны ишке ашырууну башкаруу
Программаны натыйжалуу жана толук ишке ашыруу мамлекеттик аткаруу бийлигинин бардык деңгээлин камтыган жана 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууну, анын ичинде Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүүнү камсыз кылуучу заманбап жана интеграцияланган башкаруу системасын курууну талап кылат.
Программаны ишке ашырууну башкаруу натыйжага багытталган ийкемдүүлүк, ачык-айкындуулук жана отчеттуулук принциптерине негизделет. Ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Программаны ишке ашыруу боюнча Катчылык түзүлөт, ал Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо жана бардык катышуучулардын - министрликтерден жана ведомстволордон баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чейин ишин координациялоо үчүн жооптуу болот. Практикага иш-чараларды так пландоону, мониторинг жүргүзүүнү жана аткарылышын контролдоону караган долбоордук башкаруу киргизилет. Программа ошондой эле оперативдүү башкаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечимдерди кабыл алуунун жаңы регламеттерин иштеп чыгууну болжолдойт.
Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо бирдиктүү санариптик платформада уюштурулат, ал иш-чаралардын аткарылышын байкоого, максаттуу индикаторлорго жана көрсөткүчтөргө карата прогрессти өлчөөгө, четтөөлөрдү ыкчам аныктоого жана түзөтүүчү чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет.
Программаны ишке ашыруу маселелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө аналитикалык маалыматтарды жыл сайын ачык жарыялоо менен туруктуу негизде каралат.
Программаны ишке ашырууну башкаруу системасы чакырыктарга ыкчам чара көрүүгө жана негизги улуттук артыкчылыктарга жетишүүнү камсыз кылууга жөндөмдүү динамикалык инструмент болот.
Кыскартуулардын тизмеси
CASA-1000 | - | Афганистан Ислам Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын катышуусу менен электр энергиясын берүү долбоору |
IT | - | маалымат технологиялары |
KPI | - | натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү |
MRV | - | Өнүгүп жаткан өлкөлөр үчүн климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу боюнча улуттук система (мониторинг, отчеттуулук жана верификация) |
ND-GAIN | - | Климаттык туруктуулук индекси |
STEM | - | science, technology, engineering and mathematics - табигый илимдер, технология, инженерия жана математика |
ЭКЭАС | - | электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган системасы |
ИДП | - | ички дүң продукт |
ЭКБ | - | энергиянын кайра жаралуучу булактары |
МЖӨ | - | мамлекеттик-жеке өнөктөштүк |
ГЭС | - | гидроэлектростанция |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги |
ЖИ | - | жасалма интеллект |
ИКАО | - | Эл аралык жарандык авиация уюму |
ЭЭМ | - | Эл аралык эмгек уюму |
ЧОБ | - | чакан жана орто бизнес |
КРИТИ | - | илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер |
НООДУ/БААЛОО | - | Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин улуттук баалоо |
ЕККУ | - | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму |
БУУ | - | Бириккен Улуттар Уюму |
ИКУ | - | Ислам Кызматташтык Уюму |
ЖРТ | - | жалпы республикалык тестирлөө |
ТМУ | - | Түрк мамлекеттеринин уюму |
ӨКЖ | - | өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген жоопкерчилик принциби |
КМШ | - | Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги |
АКШ | - | Америка Кошмо Штаттары |
ШКУ | - | Шанхай кызматташтык уюму |