Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын тескемеси
2024-жылдын 13-ноябры № 589
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Абдалиев, Ш.К.Ташиев, К.А.Талиева жана башкалар тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Абдалиев М.А., Ташиев Ш.К., Талиева К.А., Сулайманов К.К., Маматалиев М.А., Мажитова Ш.М., Козуев А.А., Култаева Г.О., Садырбаева Ж.Э., Ажибаев Ч.И., Зулпуев С.М., Мураталиев М.М., Ормонов У.З., Темирбаева М.О., Таалайбек к. Ж., Султанбекова Ч.А., Сарыбашев Т.Н., Тентишев Б.Э., Сыдыков М.Ж., Түлөбаев Б.З., Масабиров Т.А., Кадырбеков Н.К., Исираилов А.А., Икрамов Т.И., Түмөнбаев А.Т., Нурбаев Ж.П., Эргешов Б.А., Кубанычбеков И.К. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун мамлекеттик тилдеги аталышынан "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам" деген сөздөрдү алып салуу зарыл, анткени аталган мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын аталган Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган эмес.
2. Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) 249-беренесин "Жалал-Абад эл аралык финансылык борбору" ЭЭЗдин субъекттери төлөгөн кирешелерге 0 пайыз өлчөмүндө салыктын ставкасын караган 1-пункт менен толуктоо каралат.
Салык кодексинин 14-беренесине ылайык салык жеңилдиктери төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталышы керек:
1) Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө дем берүү;
2) өлкөнүн экономикасын туруктуу өнүктүрүү үчүн экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна инвестицияларды жана каржылоону тартуу;
3) өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын негизги артыкчылыктарына жетишүү;
4) калкты социалдык жактан колдоо;
5) коомдук пайдалуу, анын ичинде кайрымдуулук иштерин колдоо.
Салык жеңилдигин колдонгон жеке ишкер жана уюм Салык кодексинде белгиленген тартипте салык жеңилдигинин натыйжалуулугун баалоо үчүн маалымат берүүгө милдеттүү.
Салык кодексинин 36-беренесине ылайык салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугу салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугунун принцибине ылайык бааланууга тийиш.
Салык кодексинин ченемдерин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 388 "Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартиби (мындан ары - Тартип) бекитилген.
Тартиптин 4-пунктуна ылайык салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо эки түр боюнча жүргүзүлөт:
1) колдонуудагы салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо;
2) берилүүсү пландалган салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо.
Салык жеңилдигин берүүнү караган сунушка салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугуна алдын ала баалоо жүргүзүлүүгө тийиш, ал ушул Тартипке ылайык салык жеңилдигин белгилөөнү демилгелеген мамлекеттик орган же ишкердик субъекти/бизнес-ассоциация тарабынан жүргүзүлүүсү зарыл.
Тартиптин 22-пунктуна ылайык сунуш салык жеңилдиги жайылтыла турган салык төлөөчүлөрдүн категориясы боюнча ушул Тартиптин 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн финансылык-экономикалык иштин көрсөткүчтөрүнүн аналитикалык каты түрүндө таризделүүгө тийиш. Сунуш милдеттүү түрдө төмөнкү маалыматтарды камтуусу зарыл:
1) салык жеңилдиги берүү пландаштырылып жаткан салык төлөөчүлөрдүн категориясы;
2) берилүүсү пландаштырылган салык жеңилдигинин жарактуулук мөөнөтү - 5 жылдан ашык эмес;
3) сунушталган жеңилдикти берүү чечүүгө багытталган проблемаларды, ошондой эле көрсөтүлгөн проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү жолдорун милдеттүү түрдө баяндоо менен салык жеңилдиктерин берүүнүн максатка ылайыктуулугунун негиздемеси;
4) Салык кодексинин 14-беренесине ылайык сунушталган салык жеңилдигинин өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө шайкештигинин көрсөткүчтөрүн көрсөтүү менен маалымат берүү;
5) салык жеңилдигин берүүнүн натыйжасында мамлекеттик бюджеттин жоготууларынын суммасына баа берүү.
Бул маселенин маанилүүлүгүн эске алуу менен бул жеңилдикти карап чыгууну сунуштайбыз. Бирок, салык жеңилдигин берүү маселесин республиканын бюджетинин кирешелерине таасирин баалоону эске алуу менен бул мыйзам долбоордун финансылык жана экономикалык көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтын натыйжалуулугун баалоодон жана изилдөөдөн кийин кароо максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, бул ченемди киргизүү эркин экономикалык зоналарына (Лейлек, Маймак, Бишкек, Нарын, Каракол ЭЭЗларын) карата бирдей, бирдиктүү жана адилеттүү мамиле принцибин бузат.
3. 1-беренени алып салууну сунуштайбыз, анткени Салык кодексинин 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жылына бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт, ал эми өзгөртүүлөр кийинки календардык жылдын биринчи январынан тартып күчүнө кирет. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы менен Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилгенин белгилейбиз.
Мында, Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын иштелип чыккан долбоорлору тиешелүү мамлекеттик органдардын жана бизнес-коомчулуктун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында Ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан кароо жол-жобосунан өтүүгө тийиш, анткени Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик салык, бажы саясатын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп саналат.
Ошону менен бирге, Салык кодексинин 428-беренесин толуктоочу ченем (мыйзам долбоордун 1-беренесинин 2-пункту) ЭЭЗ субъекттеринин укуктук мамилелерин жөнгө салат жана мыйзамдын долбоору менен киргизилүүдө, бул резидентти ЭЭЗдин атайын салык режимине туура келген ЭЭЗ субъекти деп эсептөөгө жетиштүү негиз болуп саналат.
Ошондуктан 1-берененин 1-пунктун алып салууну сунуштайбыз.
4. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 6-майындагы № 242 тескемеси менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусунун 2-пунктун эске алуу менен толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун берилген сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.