Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 20-октябры № 63-4
Электр энергияны 0,4-6-10-20-35-110-220-500 киловольт электр
тармактары аркылуу берүүдө, бөлүштүрүүдө жана алууда-сатуудагы
учурундагы технологиялык жоготууларды негиздөө жана эсептөө
боюнча нускамасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июну № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Электр энергияны 0,4-6-10-20-35-110-220-500 киловольт электр тармактары аркылуу берүүдө, бөлүштүрүүдө жана алууда-сатуудагы учурундагы технологиялык жоготууларды негиздөө жана эсептөө боюнча нускамасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы ушул буйрукту каттоо жөнүндө өзүнчө журналда каттоосун жүргүзсүн жана “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган маалымат системасына киргизсин.
3. Электр энергетика башкармалыгы:
- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяласын;
- ушул буйруктун электрондук версиясын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу катталган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде Укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө электр энергетика башкармалыгына жүктөлсүн.
2025-жылдын 6-ноябрында https://minenergo.gov.kg/media/nla_documents/%D0%9F%D1%80%D0%B8%D0%BA%D0%B0%D0%B7_%D0%B8%D0%BD%D1%81%D1%82%D1%80%D0%BA_%D0%BF%D0%BE%D1%82%D0%B5%D1%80%D1%8C.pdf расмий сайтында жарыяланды
Министр | Т.Ө. Ибраев |