Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 6-ноябры № 722
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-июнундагы № 352
“2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына
инвестицияларды тартуу боюнча программаны
бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 352 “2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программаны бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“– Программанын бюджети 4-тиркемеге ылайык.”;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген 2022–2026-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча программаны ишке ашыруунун иш-чаралар планында:
– 1-пункттун 1.2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 20-пунктта “2024-жылдын 31-декабрына чейин” деген сөздөр “2026-жылдын 31-декабрына чейин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 21-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 27-пунктта “ТИМ,” деген сөздөр алып салынсын;
– 32-пункттун 32.2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ |
| |||
32.2. Өнөр жай ишканалары үчүн инвестициялык пакеттердин (инвестициялык лоттордун) системасын киргизүү, анын ичинде инвесторлорго даяр инфраструктурасы жана иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү зарыл болгон документтери бар жер тилкесин берүү | 2026-жылдын 31-декабрына чейин | Кеминде 4 инвестициялык лотту даярдоо | Донорлордун каражаттарын тартуу | ПИУА, ЭКМ, ЖРЭТКМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
| ”; | |||
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 4-тиркемесинде:
– 1-пункттун 1.2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 20-пунктта “2024-жылдын 31-декабрына чейин” деген сөздөр “2026-жылдын 31-декабрына чейин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 21-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 27-пунктта “ТИМ,” деген сөздөр алып салынсын;
– 32-пункттун 32.2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ |
| |||||||||
32.2. Өнөр жай ишканалары үчүн инвестициялык пакеттердин (инвестиция-лык лоттордун) системасын киргизүү, анын ичинде инвесторлорго даяр инфраструкту-расы жана иш жүргүзүүгө уруксат берүүчү зарыл болгон документтери бар жер тилкесин берүү | 2026-жыл-дын 31-дека-брына чейин | ПИУА, ЭКМ, ЖРЭТКМ, КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулда-шуу боюнча) | млн сом | 150 | 0 | 0 | 150 | 0 | 0 | 150 |
| ”. | |||||||||
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 85 (3741) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |