Загрузка документа…
|
| 6-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектерин түзүү жана жарыялоо тартибин, ошондой эле кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы, ошондой эле бул ишти каржылагандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жактардын тизмегин түзүү жана жарыялоо тартибин жөнгө салат.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) компетенттүү органдар - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, финансылык чалгындоо органы;
2) финансылык чалгындоо органы - кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
3) Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги - террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды таратууну, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү, же болбосо ошол топко же коомдоштукка катышууну же ошол топко же коомдоштукка башка көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же жүзөгө ашырууга (жасоого) катышкандыгы (мындан ары - кылмыштуу иш) жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
4) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги - террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги;
5) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары - БУУнун Коопсуздук Кеңешинин төмөнкү резолюциялары:
- террористтик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү (1267 (1999), 1269 (1999), 1333 (2000), 1363 (2001), 1373 (2001), 1390 (2001), 1452 (2002), 1455 (2003), 1526 (2004), 1617 (2005), 1730 (2006), 1735 (2006), 1822 (2008), 1904 (2009), 1988 (2011), 1989 (2011), 2082 (2012), 2083 (2012) жана аларды өнүктүрүүгө кабыл алынган резолюциялар);
- массалык кыргын салуучу куралды таратууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү (1718 (2006), 1874 (2009), 2087 (2013), 2094 (2013), 2270 (2016), 2231 (2015), 2321 (2016), 2356 (2017) жана аларды өнүктүрүүгө кабыл алынган резолюциялар);
6) террористтик иш - "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
7) экстремисттик иш - "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинде көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт;
8) кылмыштуу иш - "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт.
Бул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер, эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
2-глава. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги
§ 1. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин түзүү жана жаңылоо тартиби
3. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин түзүүгө жана жаңылоого жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Кылмыштуу ишти жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же жүзөгө ашырууга (жасоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактарды, топторду жана уюмдарды аныктоо жана идентификациялоо Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары, ички иштер органдары, прокуратура органдары жана финансылык чалгындоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтердин биринин негизинде финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт жана жаңыланат.
6. "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган негиздердин бири келип чыкса же болсо, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары бир жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн негиз болуп саналган документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана идентификациялык карточканы тиркөө менен тийиштүү кат жиберет.
7. Жеке жана юридикалык жактарды, топторду, уюмдарды Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары жеке же юридикалык жак үчүн же топ жана уюм үчүн идентификациялык карточканы толтурат.
Идентификациялык карточканын формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана анын расмий сайтында жайгаштырылат.
8. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары идентификациялык карточкаларды жана документтерди электрондук колтамганы колдонуу менен корголгон байланыш каналдары боюнча электрондук түрдө финансылык чалгындоо органына жиберет. Андан кийин идентификациялык карточканын жана документтердин түп нускалары жеткирүү убагында аларга контролу жок жетүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу чараларды сактоо менен чабарман же почта байланышы аркылуу финансылык чалгындоо органына жиберилет.
9. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн финансылык чалгындоо органына кайрылуу жиберилгендиги жөнүндө жеке же юридикалык жакка, топко жана уюмга кабарлабоого тийиш.
10. Жеке жана юридикалык жакты, топту жана уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечим финансылык чалгындоо органы тарабынан Кыргыз Республикасынын компетенттүү органынын кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин түзүү үчүн негиз болуп саналган документти алган датадан тартып бир жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
11. Финансылык чалгындоо органы жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин түзүү үчүн негиз болуп саналган документтер болгондо кабыл алат.
12. Жактарды, топторду жана уюмдарды Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн негизги критерийлер:
1) террористтик ишти, экстремисттик ишти каржылоого, пландаштырууга, жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүүгө же даярдоого же жүзөгө ашырууга, массалык кыргын салуучу куралды таратууга, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүгө жана жетектөөгө же ошол топко же коомдоштукка түз же кыйыр түрдө катышуу;
2) террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү же ошол топко же коомдоштукка катышууну жүзөгө ашыруучу жактардын, топтордун жана уюмдардын менчигинде же контролунда түз же кыйыр түрдө болуу, же бул жосундарды жасаган жактардын, топтордун жана уюмдардын атынан же көрсөтмөсү боюнча аракеттенүү.
13. Финансылык чалгындоо органы чечимди Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилүүгө тийиш болгон жеке же юридикалык жактарга, топторго жана уюмдарга маалымдабастан кабыл алат.
Жеке жана юридикалык жакты, топту жана уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечим финансылык чалгындоо органынын буйругу менен таризделет.
14. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан маалыматтар толук эмес же так эмес берилген учурда финансылык чалгындоо органы зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте кошумча суроого укуктуу.
Кошумча маалымат үчүн чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына жана эл аралык уюмдарга кайрылуу учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары бул суроо-талапты эки жумуш күндүн ичинде аткарат.
15. Финансылык чалгындоо органы жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду аныктоо, идентификациялоо жана Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн кайсыл болбосун мамлекеттик органдардан, жеке жана юридикалык жактардан, уюмдардан каалаган маалыматты суроого жана алууга укуктуу.
16. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары жеке же юридикалык жактын же топтун жана уюмдун тийиштүү идентификациялык карточкасын тиркөө менен, ошондой эле "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтердин биринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө жана жетиштүү негиздерди көрсөтүү менен жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө эл аралык суроо-талапты жибере алат.
Идентификациялык карточканын формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана анын расмий сайтында жайгаштырылат.
Эл аралык суроо-талапты кароо тартиби бул Жобонун 10 жана 11-пункттарына ылайык жүзөгө ашырылат.
17. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген сайын жаңы редакцияда чыгарылып турат. Мында жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү датасы көрсөтүлөт.
§ 2. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинен чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечимди даттануу тартиби
18. Жеке жана юридикалык жактар, топтор жана уюмдар Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинен "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларда чыгарылат.
19. Жеке жана юридикалык жактар, топтор жана уюмдар аларды Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечимди финансылык чалгындоо органына даттана алат.
Финансылык чалгындоо органынын кабыл алган чечими менен макул болбогон учурда жалпы жарандык сот өндүрүшү тартибинде сотко даттана алат.
20. Финансылык чалгындоо органы Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жеке жана юридикалык жактын, топтун, уюмдун же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусун жазуу жүзүндөгү кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде карайт.
Кайрылууну чечүү үчүн атайын текшерүүнү жүргүзүү, кошумча материалдарды талап кылуу же болбосо башка чараларды көрүү зарыл болгон учурларда кайрылууну чечүү мөөнөттөрү өзгөчө тартипте узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашык эмес. Бул жөнүндө чечим финансылык чалгындоо органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө билдирилет.
Жазуу жүзүндөгү кайрылууда коюлган маселелерди чечүү башка компетенттүү органдардын компетенциясына кирген учурда кайрылуунун көчүрмөсү катталган күнүнөн тартып беш жумуш күндүн ичинде тийиштүү компетенттүү органдарга жиберилет.
21. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жак, топ жана уюм "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6, 7 жана 8-пункттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечимди төмөнкү органдарга даттанууга укуктуу:
1) чет мамлекеттердин жогору турган сотторуна - чет мамлекеттин сотунун өкүмүнүн (чечиминин) негизинде Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жактар;
2) чет мамлекеттин компетенттүү органына же эл аралык уюмга - чет мамлекет жана эл аралык уюм же алар ыйгарым укук берген орган тарабынан түзүлгөн террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жактар;
3) чет мамлекеттин компетенттүү органына же эл аралык уюмга же болбосо эл аралык сотторго - чет мамлекеттин компетенттүү органынын же эл аралык уюмдун расмий эл аралык суроо-талабынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жактар.
22. Жеке жана юридикалык жакты, топту жана уюмду Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинен чыгаруу жөнүндө чечим финансылык чалгындоо органы тарабынан кабыл алынат жана финансылык чалгындоо органынын буйругу менен таризделет.
§ 3. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин жарыялоо тартиби
23. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги финансылык чалгындоо органынын расмий сайтында жарыяланат жана жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталуучу электрондук маалыматтар базасы түрүндө жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинин түзүмү жана форматы финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.
24. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинин жаңыланган редакциясы өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө буйрукка кол коюлган учурдан тартып бир сааттын ичинде финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыяланат.
25. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыялоо расмий жарыялоо деп эсептелинет.
26. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинин жаңы редакциясы жарыялангандыгы жөнүндө маалымат финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыяланган учурдан тартып үч сааттын ичинде финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган электрондук байланыш каналдары боюнча тийиштүү маалымат жиберилет.
3-глава. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги
§ 1. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегин түзүү тартиби
27. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан белгиленген тартипте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү комитеттери тарабынан түзүлөт жана жаңыланат.
§ 2. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү үчүн сунуштарды киргизүү тартиби
28. Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жакты же юридикалык жакты, топту жана уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитеттери тарабынан түзүлгөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү жыйынды санкциялык тизмектерине киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
29. Террористтик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жактарды, топторду жана уюмдарды аныктоо жана идентификациялоо БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары менен белгиленген критерийлерге ылайык жана тартипте Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары, ички иштер органдары жана финансылык чалгындоо органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
30. Финансылык чалгындоо органы жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектерине киргизүү үчүн сунуштарды киргизүү жөнүндө чечимди БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары менен белгиленген критерийлерге шайкеш келген негиздүү жана жетиштүү негиздер болгондо кабыл алат.
31. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүү үчүн критерийлер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) террористтик ишти жүзөгө ашырууну же массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого, пландаштырууга, көмөк көрсөтүүгө же даярдоого, же жүзөгө ашырууга түз же кыйыр катышуу;
2) террористтик ишти же массалык кыргын салуучу куралды таратууну жүзөгө ашыруучу жактардын, топтордун жана уюмдардын менчигинде же контролунда түз же кыйыр түрдө болуу, же бул жосундарды жүзөгө ашыруучу, же БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектеринде каралган жактардын, топтордун жана уюмдардын атынан же көрсөтмөсү боюнча аракеттенүү.
32. Жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектерине киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүү үчүн финансылык чалгындоо органы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү Комитетине төмөнкү документтерди жана маалыматты берет:
1) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюциялары менен белгиленген, толтурулган стандарттык формалар;
2) жеке же юридикалык жактын, топтун жана уюмдун жетиштүү жана так идентификациялык маалыматтары, мүмкүндүгүнө жараша атайын кабарлоого чыгаруу үчүн Интерполго керектүү маалыматтар;
3) жакты, топту жана уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектерине киргизүү үчүн толук жана конкреттүү негиздерди камтыган иштин жагдайлары (купуя маалыматтарды кошпогондо) баяндалган документ;
4) БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектерине киргизүү үчүн демилгечи жөнүндө маалыматтарды жарыялоо мүмкүн экендигин жана мүмкүн эместигин көрсөтүүчү документ.
33. Финансылык чалгындоо органы жактарды, топторду жана уюмдарды аныктоо, идентификациялоо жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектерине киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүү үчүн кайсыл болбосун мамлекеттик органдардан, жеке жана юридикалык жактардан, уюмдардан каалаган маалыматты суроого жана алууга укуктуу.
§ 3. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинен чыгаруу жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечимди даттануу тартиби
34. Жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине киргизүү жөнүндө чечим БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1730 (2006) резолюциясына ылайык түзүлгөн Байланыш борборуна даттанылат.
35. ИГИЛ (ДАИШ) жана "Аль-Каидага" карата БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмегине аттары/аталыштары киргизилген жеке же юридикалык жак, топ жана уюм тизмектен чыгаруу жөнүндө өтүнүчү менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1904 (2009) резолюциясына ылайык түзүлгөн Акыйкатчынын кеңсесине кайрыла алат.
36. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмегинен чыгаруу жөнүндө кайрылуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2253 (2015) резолюциясынын II тиркемесинде жана аны өнүктүрүүгө кабыл алынган резолюцияларда каралган жол-жобого ылайык каралат.
37. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитеттери тарабынан түзүлгөн тизмектерден жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду чыгаруу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү Комитети тарабынан жүзөгө ашырылат.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тизмектерине киргизүү критерийлерине шайкеш келбеген же жооп бербеген жеке же юридикалык жакты, топту жана уюмду чыгаруу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү резолюцияларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү Комитетинин чечимдерди кабыл алуу жол-жобосу бул Комитеттин веб-сайтына жайгаштырылат.
38. Финансылык чалгындоо органы өзүнүн расмий сайтында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинен чыгаруу үчүн арыздарды берүү жол-жоболору жөнүндө толук маалыматты жарыялайт.
§ 4. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегин жарыялоо тартиби
39. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги электрондук маалыматтар базасы түрүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин расмий сайтында жарыяланат жана жайгаштырылат.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги жайгаштырылган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин расмий сайтынын баракчасынын дареги финансылык чалгындоо органынын расмий сайтынын "Тизмектер" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.
Баракчанын дарегине өтүүдө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинин актуалдуу (жаңыланган) версиясы ачылууга тийиш.
40. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги түздөн-түз Кыргыз Республикасында колдонулат жана финансылык чалгындоо органынын чечими менен бекитилбейт.
41. Финансылык чалгындоо органы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиги жөнүндө тийиштүү кабарлоолорду электрондук почта боюнча таратууга жазылууну жүзөгө ашырат жана мындай кабарлоону алганда тийиштүү маалыматты жумуш күндүн бир саатынын ичинде финансылык чалгындоо органынын расмий сайтынын жаңылыктар бөлүгүнө жарыялоону камсыздайт.
42. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмегинин жаңы редакциясы жарыялангандыгы жөнүндө маалымат финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыяланган учурдан тартып бир сааттын ичинде финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган электрондук байланыш каналдары боюнча тийиштүү маалымат жиберилет.
4-глава. Кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы, ошондой эле бул ишти каржылагандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жактардын тизмеги
43. Кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы, ошондой эле бул ишти каржылагандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жактардын тизмеги (мындан ары бул главада - Тизмек) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды таратууну, кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү, же болбосо ошол топко жана коомдоштукка катышууну же ошол топко же коомдоштукка башка көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы), ошондой эле мындай кылмыштуу ишти каржылагандыгы үчүн кылмыш жазасын өтөгөн жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылуучу операцияларга (бүтүмдөргө) мониторинг жүргүзүү максатында финансылык чалгындоо органы тарабынан түзүлөт.
44. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды таратууну, кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү, же болбосо ошол топко жана коомдоштукка катышууну же ошол топко, же коомдоштукка башка көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы), ошондой эле мындай кылмыштуу ишти каржылагандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жак тарабынан жасалган операцияларга (бүтүмдөргө) кылмыштуу ишти кайталап жасоону аныктоо жана алдын алуу үчүн милдеттүү мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш.
45. Тизмек жазаларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана финансылык чалгындоо органынын маалыматтар базасынын маалыматтарынын негизинде түзүлөт.
46. Ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоого күнөөлүү деп таанылган жеке жактар тарабынан жүргүзүлгөн операцияларга (бүтүмдөргө) мониторинг жүргүзүү максатында Тизмекке Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегинен чыгарылган, соттун чечими менен кылмыш жазасын өтөөдөн бошотуу түрүндө мунапыс колдонулган жеке жактар да киргизилиши мүмкүн.
47. Жазаларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана пробация боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенцияларынын чегинде, кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн кылмыш жазасын өтөгөн жеке жак жөнүндө жана кылмыштуу ишти жасагандыгы үчүн соттолгон пробация кардары жөнүндө маалыматты бул жак жазасын өтөп бүткөн жана пробацияны колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен финансылык чалгындоо органына жиберишет.
48. Тизмек финансылык чалгындоо органынын буйругу менен бекитилет.
Тизмектин жаңыланган редакциясы жана Тизмекке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө финансылык чалгындоо органынын буйругу бул буйрукка кол коюлган учурдан тартып бир сааттын ичинде финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына электрондук түрдө жарыяланат.
49. Тизмек финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жарыяланган учурдан тартып бир сааттын ичинде финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган электрондук байланыш каналдары боюнча тийиштүү маалымат жиберилет.
5-глава. Корутунду жоболор
50. Финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын бул Жободо каралган тизмектерди колдонуу маселелери боюнча ишин контролдоону тийиштүү текшерүүчү органдар өз компетенцияларынын алкагында жүзөгө ашырат.
51. Финансылык чалгындоо органы финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жана башка жеке жана юридикалык жактардын тизмектерди колдонуусуна мониторинг жүргүзөт.
52. Финансылык чалгындоо органы зарыл учурда тизмектерди колдонуу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет жана аларды өзүнүн расмий сайтына жарыялайт.