Загрузка документа…
|
| 11-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна) |
Ички контролдоо программасына карата жалпы талаптар жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы талаптар
1. Ушул Жобо кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - КИК/ККЛК) боюнча ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптарды белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) кадрлар - финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын кызматкерлери;
2) кардар - финансылык мекемени же финансылык эмес категориядагы жактарды тейлөөгө кабыл алынган же тейлөөдө турган, же болбосо финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жактар менен ишкердик мамилелерди түзө турган же түзгөн жеке же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык жак;
3) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
4) финансылык чалгындоо органы - КИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
5) текшерүүчү органдар - КИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу маселелери боюнча контролунда турган тиешелүү жактардын ишин текшерген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары;
6) ички контролдоо программасы - КИК/ККЛК чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу максатында финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар колдоно турган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары;
7) тобокелдик - кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиги;
8) ички контролдоо кызматы - КИК/ККЛК боюнча ички контролдоо программасын жүзөгө ашырууга жооптуу финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ыйгарым укуктуу кызматчысы же түзүмдүк бөлүмү, же болбосо комплаенс-контроль кызматы;
9) финансылык топ - өз финансылык ресурстарын жалпы максаттарга жана кызыкчылыктарга бириктирген ар кандай типтеги бир нече юридикалык жактардан турган топ, ал ушул топтун мүчөлөрүнө карата контролдоо (көзөмөлдөө) жана координациялоо функцияларын жүзөгө ашырат;
10) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде көрсөтүлгөн жеке жана юридикалык жактар.
3. Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул Жобонун 2-пунктунда аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында колдонулган мааниде колдонулат.
2-глава. Ички контролдоо программасы
4. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкүдөй негизги милдеттерди аткаруу үчүн ички контролдоо программасын колдонот:
1) тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, мониторингдөө, башкаруу, азайтуу жана документтештирүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
2) кардарларды талаптагыдай текшерүү чараларын жүзөгө ашыруу;
3) максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу;
4) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды колдонуу;
5) финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле контролдоого жана билдирүүгө жаткан операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү өз убагында берүү;
6) операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча алынган маалыматтарды сактоону камсыз кылуу;
7) маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу;
8) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууну камсыз кылуу.
Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттер КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аткарылат.
5. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тобокелдикке багытталган ыкмага негизделген чараларды көрүүгө милдеттүү.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ресурстарды бөлүштүрүү жана тобокелдиктерди азайтуу максатында кардарлар, өлкөлөр, продукттар, кызмат көрсөтүүлөр, операциялар (бүтүмдөр) жана жеткирүү каналдары боюнча өздөрүнүн тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документтештирүүгө жана дайыма жаңыртууга милдеттүү.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар:
- тобокелдиктин жогорку деңгээли аныкталганда тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча кеңейтилген чараларды көрөт;
- тобокелдиктин төмөнкүдөй деңгээли аныкталганда тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды көрөт.
Кылмыштуу ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашырууда шектенүүлөр болгондо тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды колдонууга жол берилбейт.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар жаңы финансылык продукттарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды, ошондой эле жаңы механизмдерди же өнүгүп келе жаткан технологияларды пайдалануу менен иштеп жаткан же жаңы финансылык продукттар үчүн жаңы ишкердик тажрыйбаларды иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоого жана баалоого милдеттүү. Бул баалоо жогоруда көрсөтүлгөн продукттарды, кызматтарды, технологияларды жана ишкердик практиканы киргизүүгө же колдонууга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.
6. Финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ички контролдоо программасы КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүүгө тийиш, ошондой эле финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишинин, штаттык санынын, кардарлар базасынын жана тобокелдиктеринин деңгээлинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгат жана колдонулат.
Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар КИК/ККЛК чөйрөсүндө ички контролдоо программасын жана башка ички укуктук актыларды колдонууга мониторинг жүргүзүүгө жана зарыл болгон учурда аларды кеңейтүүгө милдеттүү.
Өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн агенттерди колдонгон финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ички контролдоо программаларынын колдонулушун камсыз кылат жана алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат.
7. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар уюштуруу-укуктук формасына жараша төмөнкүдөй контролдун түзүмүн жана алардын функцияларын белгилейт:
1) жогорку башкаруу органы же башка ыйгарым укуктуу башкаруу органы:
- КИК/ККЛК чөйрөсүндө адекваттуу жана натыйжалуу саясатты аныктайт;
- ички контролдоо программасын жана КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү башка ички укуктук актыларды бекитет, ошондой эле алардын ишке ашырылышын контролдойт;
- ички контролдоо кызматынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу боюнча чараларды аныктайт;
- ички контролдоо кызматынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга макулдук берет;
- көз карандысыз аудиттин корутундусун жана ички контролдоо кызматынын отчетторун карайт;
- көз карандысыз аудит тарабынан айкындалган жана ички контролдоо кызматынын отчетунда көрсөтүлгөн КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү кемчиликтерди жоюуга багытталган чараларды аныктайт, ошондой эле аларды ишке ашырууну контролдойт;
2) учурдагы ишке жетекчиликти жүзөгө ашыруучу аткаруучу орган:
- жогорку башкаруу органы тарабынан бекитилген КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү саясатты, программаларды жана башка ички укуктук актыларды киргизүүнү камсыз кылат;
- КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылат жана контролдойт;
- башкаруунун жогорку органынын макулдугу менен ички контролдоо кызматынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- КИК/ККЛК тармагында өзүнүн кызматкерлерин окутууну камсыз кылат;
- ички чаралардагы, жол-жоболордогу жана ички контролдоо системасындагы кемчиликтерди жоюуга багытталган чараларды ишке ашырат, ошондой эле көз карандысыз аудитти жүргүзүүнү камсыз кылат.
8. Эгерде финансылык мекемеде жана финансылык эмес категориядагы жактарда бир жеке жак иштеген учурда, анда бул адам ушул Жобонун 7-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында каралган функцияларды аткарат.
3-глава. Ишке кабыл алууда (жалдоодо) кызматкерлерди текшерүү тартиби
9. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кызматкерлерди ишке кабыл алууда (жалдоодо) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 25-беренесине ылайык ишке орношуп жаткан адамдын (талапкердин) документтерин талап кылат жана текшерет.
10. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ички иштер органдарынан соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты суроо жолу менен соттуулугунун бар же жоктугуна, ошондой эле Интерполдун, Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын, улуттук коопсуздук органынын жана финансылык чалгындоо органынын расмий сайттарын колдонуу менен издөөдөгү адамдардын улуттук жана эл аралык тизмелеринде, кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектеринде бар же жоктугуна текшерүү жүргүзүүнү камсыз кылат.
4-глава. Ички контролдоо кызматын аныктоо тартиби
11. Финансылык мекемеде жана финансылык эмес категориядагы жактарда финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишинин, штаттык санынын, кардарлар базасынын жана тобокелдиктеринин деңгээлинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ички контролдоо кызматы түзүлөт же аныкталат.
Эгерде финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын кызматкерлеринин штаттык саны үч адамга чейин болсо, ушул мекеме же жак ички контролдоо кызматын түзбөйт жана ички контролдоо кызматынын функцияларын бар болгон кызматкерге жүктөйт.
12. Ички контролдоо кызматынын түзүмү финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчилигинин чечими менен аныкталат жана тобокелдиктерин баалоону эске алуу менен тиешелүү текшерүүчү органдын чечимине ылайык кайра каралууга тийиш.
Ички контролдоо кызматынын жетекчиси статусу боюнча финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчисинин (жетекчисинин орун басарынын) деңгээлинде болууга тийиш.
Ички контролдоо кызматынын жетекчиси жана кызматкерлери жогорку башкаруу органынын макулдугу боюнча финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчисинин чечими менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Ички контролдоо кызматынын жетекчиси финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жогорку башкаруу органына түздөн-түз отчет берет. Ички контролдоо кызматынын кызматкерлери ички контролдоо кызматынын жетекчисине түздөн-түз отчет берет.
13. Финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын кызматкерлери ички контролдоо кызматына финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ички документтерине ылайык ушул Жободо каралган ички контролдоо кызматынын функцияларын жүзөгө ашырууга жардам берет.
14. Ички контролдоо кызматына ишке кабыл алууда талапкерлерге төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
1) жогорку билим;
2) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
3) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын иши үчүн мүнөздүү тобокелдиктер жөнүндө билүү.
15. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ички контролдоо кызматынын ишинин туруктуулугун, көз карандысыздыгын, калыстыгын жана кесиптик компетенттүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле анын функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүп берүүгө тийиш.
16. Ички контролдоо кызматы жүргүзүлүүчү операциялардын (бүтүмдөрдүн) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин контролдоону камсыз кылат.
17. Ички контролдоо кызматынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) кылмыштуу (мыйзамсыз) жосундарды жасоого финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын тартылуусуна жана анын кызматкерлеринин катышуусуна жол бербөө;
2) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын натыйжалуу ишке ашыруу;
3) финансылык чалгындоо органына жана текшерүүчү органдарга КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин жана функцияларын аткарууга жардам берүү.
18. Ички контролдоо кызматы төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) ички контролдоо программаларынын долбоорлорун жана КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү башка ички документтерди, анын ичинде тобокелдиктерди баалоо методологиясын жана тобокелдиктерди башкаруу жол-жоболорун иштеп чыгуу жана финансылык мекеме менен финансылык эмес категориядагы жактардын жогорку башкаруу органына берүү;
2) ички контролдоо программаларын ишке ашыруу;
3) кардарга жана операциялардын (бүтүмдөрдүн) башка катышуучуларына талаптагыдай текшерүүгө мониторинг жүргүзүү;
4) кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) мониторинг жүргүзүү жана талдоо;
5) операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу тууралуу чечим кабыл алуу жана кийин аткаруучу органга кабарлоо менен шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жиберүү;
6) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контролдоого жана билдирүүгө жаткан операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү финансылык чалгындоо органына берүү;
7) текшерүүчү органдардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишине текшерүү жүргүзүүсүндө көмөк көрсөтүү;
8) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жогорку башкаруу органына (болсо) ички контролдоо программаларын ишке ашыруунун жыйынтыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту берүү. Ички контролдоо кызматынын учурдагы отчеттуулук тартиби финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ички документтери менен аныкталат.
19. Ички контролдоо кызматы төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын керектүү тескөө жана бухгалтердик документтерин алууга;
2) финансылык мекемеде жана финансылык эмес категориядагы жактарда түзүлгөн кардарлардын жана бенефициардык ээлеринин маалыматтар базасына жетүүгө мүмкүнчүлүгүн алууга;
3) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын бөлүмдөрүнүн жайларына, ошондой эле документтерди сактоо (архивдерге), накталай акчаларды жана баалуулуктарды сактоо (акча сактоочу жайларга) үчүн колдонулуучу жайларга, маалыматтык маалыматтар базасына белгиленген тартипте кирүүгө;
4) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын маалыматтык системаларында сакталган керектүү документтерди, электрондук файлдарды жана жазмаларды, алардын көчүрмөлөрүн алууга;
5) операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүгө тиешелүү убактылуу көрсөтмөлөрдү, анын ичинде операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу жана операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жөнүндө жазма эскертүүлөрдү берүүгө;
6) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ички документтерине ылайык башка иш-аракеттерди жасоого.
20. Ички контролдоо кызматы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) финансылык мекемеден жана финансылык эмес категориядагы жактан алынган документтердин сакталышын жана кайтарылып берилишин камсыз кылууга;
2) өз функцияларын жүзөгө ашырууда алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоого жана финансылык чалгындоо органына маалыматтарды берген учурда маалыматты ачыкка чыгарбоого;
3) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ички документтерине ылайык башка иш-аракеттерди жасоого.
21. Финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын кызматкерлери ушул Жобого жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ички документтерине ылайык ички контролдоо кызматына анын функцияларын жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтөт.
22. Финансылык мекемеде жана финансылык эмес категориядагы жактарда жасалган КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары белгилүү болгон финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын кызматкерлери бир жумуш күндүн ичинде бул фактылар жөнүндө жазуу жүзүндө өзүнүн түздөн-түз жетекчисине жана ички контролдоо кызматына маалымат берет.
5-глава. Кадрларды окутуу тартиби
§ 1. Базалык окутуу
23. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар КИК/ККЛК маселелери боюнча кадрларды базалык окутуунун жол-жобосун иштеп чыгат.
24. Базалык окутуу КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык мекеме жана финансылык эмес категориядагы жак тарабынан иштелип чыгуучу окуу планына ылайык жүргүзүлөт.
25. Финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын кызматкерлерин базалык окутуу төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:
1) киришүү (алгачкы) окутуу;
2) пландан тышкаркы (максаттуу) окутуу;
3) пландык окутуу.
26. Киришүү (алгачкы) окутуу КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана КИК/ККЛК боюнча финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ички документтери менен тааныштыруу максатында өткөрүлөт.
27. Киришүү (алгачкы) окутуу ички контролдоо кызматына ишке кабыл алынууда же которулууда өткөрүлөт. Кызматкерди кабыл алган же которгон датадан үч ай өткөндөн кийин КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү анын билиминин деңгээлин баалоо жүргүзүлөт.
28. КИК/ККЛК боюнча пландан тышкаркы (максаттуу) окутуу төмөнкүдөй учурларда өткөрүлөт:
1) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актылары өзгөрүлгөндө же жаңылары күчүнө киргенде;
2) КИК/ККЛК боюнча жаңы ички контролдоо программалары киргизилгенде же колдонуудагылары өзгөртүлгөндө;
3) финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын бөлүмдөрүнүн алкагында кызматкерди башка туруктуу ишке которууда, КИК/ККЛК тармагындагы анын билими өз функцияларын аткаруу үчүн жетишсиз болгон учурда;
4) кызматкерге аны менен түзүлгөн эмгек келишиминде шартталбаган КИК/ККЛК тармагындагы ишти тапшырууда, эгер ал ушул келишимдин шарттарын өзгөртүүгө алып келбей турган болсо.
29. Финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын кызматкерлерин пландык окутуу үзгүлтүксүз, бирок жылына бир жолудан кем эмес жүзөгө ашырылат.
КИК/ККЛК чөйрөсүндө пландык окутуу билим берүү уюмдарынын окутуу программаларына ылайык кызматкерлерди конференцияларга, семинарларга жана башка окутуучу иш-чараларына катыштыруу жолу менен жүргүзүлөт.
30. КИК/ККЛК чөйрөсүндө кызматкерлердин билимин текшерүү финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын окутуу планына ылайык бир жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
Кызматкердин КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү билиминин деңгээли жетишсиз болгондугу аныкталганда, анын жетекчиси аны КИК/ККЛК талаптарын аткаруу менен байланышпаган иштин бөлүктөрүндө гана иштетүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө чечимди кабыл алат же аны квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо үчүн окууга жиберет.
31. Эгерде финансылык мекемеде жана финансылык эмес категориядагы жактарда бир адам иштеген болсо, анда ал адам кошумча кесиптик билим гана алат (квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо).
§ 2. Кесиптик кошумча билим берүү (квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо)
32. Кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун жана кесиптик кайра даярдоонун максаты болуп кызматкерлердин КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо үчүн зарыл болгон КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү кесиптик кошумча билим алуусу саналат.
33. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ошондой эле өзүнүн ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен КИК/ККЛК чөйрөсүндө өз кадрларынын квалификациясын жогорулатуунун жана кесиптик кайра даярдоонун графигин жыл сайын иштеп чыгат, ошондой эле ушул графикти үстүдөгү жылдын 15-декабрынан кечиктирбестен окутууга болгон муктаждыгын баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына жиберет.
34. КИК/ККЛК чөйрөсүндө кесиптик кошумча билим берүүнүн (квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо) программалары КИК/ККЛК чөйрөсүндө кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу максатында "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген лицензиясы бар билим берүү уюмдары (мындан ары - билим берүү уюмдары) тарабынан ишке ашырылат.
35. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар үзгүлтүксүз, бирок жылына бир жолудан кем эмес (графикке ылайык) ички контролдоо кызматын жана кардарлар менен түздөн-түз иштешкен башка кызматкерлерди (алардын ыктыярына жараша), анын ичинде финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчилигин квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо курстарынан өтүү үчүн билим берүү уюмдарына жөнөтүүгө тийиш (мындан ары - окутуу).
Финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын ошол эле жетекчиси же кызматкери жыл сайын окуудан өтүү үчүн жиберилбейт.
Билим берүү уюмунда окууга тийиш болгон кадрлардын типтүү тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан бекитилет жана жарыяланат.
36. Кадрларды окутуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) ишке кабыл алууда;
2) кызматкердин КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү билимдери КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактай билүүсү үчүн жетишсиз болгон учурда, бөлүмдүн алкагында кызматкерди башка туруктуу ишке (убактылуу ишке) которууда;
3) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаңы ченемдик укуктук актылары кабыл алынганда;
4) КИК/ККЛК боюнча ички контролдоо системасынын талаптары кызматкерлер тарабынан бузулганда;
5) иш берүүчүнүн (же ал ыйгарым укук берген адамдын) чечими боюнча.
37. Кадрларды окутууну уюштуруу жана өз убагында өткөрүү үчүн жоопкерчиликти финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы адамдардын (бар болсо) жетекчиси тартат.
38. Кадрларды окутууну өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кесиптик кошумча билим берүү жөнүндө жобого ылайык келүүгө тийиш.
39. Билим берүү уюмунда КИК/ККЛК чөйрөсүндө кадрларды окутуу окуу программасына ылайык жүзөгө ашырылат.
Кадрларды окутуу программалары мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим берүү уюмдары тарабынан иштелип чыгат, бекитилет жана ишке ашырылат.
Кадрларды окутуу программалары КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ошондой эле финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишинин өзгөчөлүктөрүн жана кардарлар базасын эске алуу менен иштелип чыгат.
40. Кадрларды окутуу программасында төмөнкүлөр каралууга тийиш:
1)КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын изилдөө;
2) КИК/ККЛК чөйрөсүндө финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын типтүү ички документтерин изилдөө;
3) кызматкер КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү кызматтык милдеттерин аткарууда ички контролду жүзөгө ашыруунун типтүү эрежелерин жана жол-жоболорун изилдөө;
4) КИК/ККЛК жөнүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын жана КИК/ККЛК максатында кабыл алынган финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын башка уюштуруу-тескөө документтерин аткарбагандыгы үчүн кызматкерге колдонулушу мүмкүн болгон жоопкерчилик чараларын изилдөө;
5) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) типологияларын, мүнөздүү схемаларын жана ыкмаларын, ошондой эле шектүү жана адаттан тыш операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлерин изилдөө;
6) кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы жана (же) жүзөгө ашырууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги менен иштөө тартибин, ошондой эле максаттуу финансылык санкцияларды колдонуунун жана операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүүнүн тартибин изилдөө;
7) ички контролдоо типтүү программаларын аткаруу боюнча практикалык сабактарды өткөрүү;
8) окутуу программасына ылайык башка материалдарды изилдөө;
9) окутуунун мөөнөттөрү жана академиялык сааттардын саны.
41. Билим берүү уюмунда финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен алардын кадрларын өзүнчө окутуу каралууга тийиш.
42. КИК/ККЛК чөйрөсүндө окутуу программасына ылайык билим берүү уюмунда окууну аяктаган адамдар Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органында жыйынтыктоочу аттестациядан өтөт.
Жыйынтыктоочу аттестацияны өткөрүү тартиби финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.
Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы кесиптик кошумча билим берүү программасын өздөштүргөндүгү жөнүндө сертификатты берүү максатында жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн адамдардын тизмесин билим берүү уюмуна жиберет.
43. Жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн адамдарга билим берүү уюму мамлекеттик мааниге ээ болгон кесиптик кошумча билим алгандыгы жөнүндө документ болуп саналган тиешелүү түрдөгү кесиптик кошумча билим берүү программасын өздөштүргөндүгү жөнүндө сертификат берет.
Кесиптик кошумча билим берүү программасын өздөштүргөндүгү жөнүндө сертификат кызматкердин өздүк ишине тиркелет.
§ 3. Окуудан өтүүнү каттоо
44. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кызматкерлердин окуудан өтүүсүн тиешелүү журналга, анын ичинде электрондук форматта каттайт.
45. Даярдалган кадрларды борборлоштуруп каттоо жана тиешелүү маалыматтар базасын түзүү максатында КИК/ККЛК чөйрөсүндө окуудан өткөн кадрлардын тизмеси жазуу жүзүндө жана электрондук түрдө, үстүдөгү жылдын 25-декабрынан кечиктирилбестен, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына жиберилет.
6-глава. Көз карандысыз аудитти жүргүзүүнүн тартиби
46. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар туруктуу негизде, бирок жылына бир жолудан кем эмес көз карандысыз аудитти жүргүзүп турууга тийиш, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) КИК/ККЛК маселелери боюнча финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ички чараларынын, жол-жоболорунун жана контролдоо системасынын натыйжалуулугун баалоо;
2) тобокелдиктерди баалоо боюнча колдонулуучу чараларды баалоо;
3) контролдоого жана билдирүүгө жаткан операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү аныктоо жана түзүү боюнча колдонулуудагы программалык камсыз кылууну баалоо;
4) ички контролдоо кызматынын ишин, колдонулуп жаткан программалык камсыз кылууну кошо тандап тестирлөө;
5) ички контролдоо кызматынын отчеттору менен финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын кызматкерлерин окутуу программаларынын шайкештигин текшерүү;
6) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды жоюу боюнча финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчилиги тарабынан көрүлгөн чараларды баалоо.
47. Көз карандысыз аудит финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын ички аудиторлору же аудитке жооптуу адамы/бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт, ал эми алар жок учурда аудитордук иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган тышкы аудиторлор (жеке аудитор) жана (же) аудитордук уюмдар (мындан ары - аудитор) тарабынан жүргүзүлөт.
48. Сапаттуу жана ар тараптуу көз карандысыз аудитти жүргүзүү максатында аудитор КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле болгон көйгөйлөр жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн ички контролдоо кызматы менен консультацияларды өткөрөт. Аудитор финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын бардык материалдарына жана отчетторуна жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.
49. Жүргүзүлгөн көз карандысыз аудиттин жыйынтыктары боюнча аудитор белгиленген форма боюнча аудитордук корутундуну (отчетту) берет, анын ичинде төмөнкүдөй маалыматтарды көрсөтүүгө тийиш:
1) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктери жөнүндө;
2) ички контролдоо программаларын жана КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын башка ички документтерин бузуулар жөнүндө;
3) КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө;
4) аныкталган бузууларды жоюу жана алдын алуу үчүн керектүү сунушталган чаралар жөнүндө.
50. Жүргүзүлгөн көз карандысыз аудиттин жыйынтыктары боюнча аудитор КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аныкталган бузуулары жөнүндө маалыматты финансылык мекеменин жетекчисине же финансылык эмес категориядагы жактардын жетекчисине жана тиешелүү текшерүүчү органга аудитордук корутундуга (отчетко) кол коюлган датадан тартып беш жумуш күндүн ичинде берет.
51. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар көз карандысыз аудитти төмөнкүдөй учурларда жүргүзбөйт:
1) финансылык мекеме же финансылык эмес категориядагы жактар бир адамдан турса;
2) финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын тейленген кардарларынын саны бир жылдын ичинде 20дан көп эмес жеке жана юридикалык жакты түзсө.
7-глава. Ички контролдоо корпоративдик (топтук) программаларын колдонуу тартиби
52. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин аймагында иштеген өздөрүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, ошондой эле туунду жана көз каранды коомдорунун ички контролдоо корпоративдик (топтук) программаларын иштеп чыгуусун жана ишке ашыруусун камсыз кылат.
Эгерде чет мамлекеттин мыйзамдары ички контролдоо корпоративдик (топтук) программаларын жана КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын колдонууга мүмкүндүк бербесе, финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрү, ошондой эле туунду жана көз каранды коомдору тобокелдиктерди башкаруу боюнча керектүү чараларды көрөт жана бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тиешелүү текшерүүчү органына билдирет.
53. Кардарды талаптагыдай текшерүү жана тобокелдиктерди башкаруу максатында корпоративдик (топтук) программалардын алкагында финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактардын негизги (башкы) коомунун (кеңсесинин), филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн, туунду жана көз каранды коомдорунун ортосундагы кардарлар, бенефициардык ээлер, эсептер, операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө, анын ичинде шектүү операциялар (бүтүмдөр) боюнча билдирүүлөр, тобокелдиктер жана типологиялар жөнүндө маалымат алмашуу камсыз кылынат.
Корпоративдик (топтук) программалардын алкагында ички контролдоо программаларынын талаптарын (кардарды талаптагыдай текшерүү, маалыматтарды сактоо ж.б.) ишке ашыруу маселелери боюнча топтун деңгээлинде көз карандысыз аудит жана контроль жүзөгө ашырылат жана тобокелдиктерди баалоонун натыйжалары боюнча аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча чаралар колдонулат.
54. Өзүнүн филиалдары менен өкүлчүлүктөрү, ошондой эле туунду жана көз каранды коомдору бар финансылык топ болуп саналган финансылык мекемелер финансылык топтун ичинде каалаган маалыматтар менен алмашуу, санкцияланбаган жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан купуя маалыматты коргоону, берүүнү жана сактоону камсыз кылуу боюнча ички жол-жоболорду камтыган ички контролдоо корпоративдик (топтук) программаларын иштеп чыгат жана бардык деңгээлдерде колдонот.
8-глава. Корутунду жоболор
55. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген КИК/ККЛК боюнча ички контролдоо программасына кошумча талаптарды колдонот.
56. Текшерүүчү органдар зарыл учурда тиешелүү финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар үчүн КИК/ККЛК боюнча ички контролдоо программасына кошумча талаптарды колдонот.
57. Ушул Жобону аткаруу маселелери боюнча финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын ишин текшерүүнү тиешелүү текшерүүчү органдар жүзөгө ашырат.