Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 2-апрели № 215-т
Спорттук багыттагы объекттерди жана коштоочу инфраструктураны куруу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 356-т, 2026-жылдын 6-мартындагы № 142-т тескемелерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" токтомун көңүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда жайгашкан, жалпы аянты 10 (он) гектар, кадастрдык номери 2-03-04-0002-0834 жер тилкесин спорттук багыттагы объекттерди куруу үчүн "Элдин биримдиги" коомдук фондуна 49 жылдык мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижарага) өткөрүп берсин;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Элдин биримдиги" коомдук фонду менен жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу (ижара) келишимдерин түзүүнү камсыз кылсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин пайдалануунун шарттарын пайдалануучу сактабаган же талаптагыдай аткарбаган учурда белгиленген тартипте жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу (ижара) келишимдеринде көрсөтүлгөн келишимдерди мөөнөтүнөн мурда бузуу укугу жөнүндө милдеттүү шарттарды карасын;
4) көрсөтүлгөн жер тилкесин кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесине укуктарды мамлекеттик каттоону жүргүзсүн.
3. "Элдин биримдиги" коомдук фондуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин 49 жылдык мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу (ижара) келишимине ылайык кабыл алуу;
2) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
3) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин андан ары ээликтен ажыратпоо;
4) объекттерди долбоорлоодо жана курууда коопсуздук талаптарын сактоону камсыз кылуу, ошондой эле табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча инженердик-коргоо иш-чараларын кароо;
5) жогоруда аталган жер тилкесин пайдаланууда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 32-беренелеринин талаптарын сактоо;
6) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |