Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 7-апрели № 296
Мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана инвестицияларды тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомун түзүү жана иштетүү маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун уставынын 94-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагалыгына шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Касымалиев Адылбек Алешовичтин талапкерлиги көрсөтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын ичинен "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө шайлоо үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министри Суйналиев Руслан Мырзабековичтин жана Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Исаматова Гульзат Тыныбековнанын талапкерлиги көрсөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 15-майындагы № 295 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |