Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 569 токтому менен бекитилген |
"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 65, 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 292 токтомдорунун редакцияларына)
1. "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясы" жабык акционердик коомунун Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын (мындан ары - "Мир" МТРК УФ) кызматчыларына эмгек акы төлөөнү жөнгө салат.
2. Бул Жобо "Мир" МТРК УФнын бардык кызматчыларына жайылтылат.
3. Кызматчылардын эмгек акысы жумуш убактысынын ченеминин аткарылуусун эске алуу менен эсептелет жана кызматтык маяналардан, иштеген жылдары, жогорку квалификациясы, эл аралык деңгээлде чыгармачыл жана кесиптик демилге көрсөткөндүгү үчүн үстөктөрдөн, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен иштин жыйынтыгы боюнча сыйлыктардан турат.
4. "Мир" МТРК УФнын кызматчыларына бюджеттик каражаттардын эсебинен төмөнкүлөр төлөнөт:
1) жогорку квалификациясы, эл аралык деңгээлде чыгармачыл жана кесиптик демилгеси үчүн ай сайын бир кызматтык маянага чейинки үстөк;
2) иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага төмөнкү өлчөмдөрдөгү ар айлык үстөк:
- иш стажы үч жылдан беш жылга чейин - 10 пайыз;
- иш стажы беш жылдан он жылга чейин - 15 пайыз;
- иш стажы он жылдан он беш жылга чейин - 20 пайыз;
- иш стажы он беш жылдан жыйырма жылга чейин - 25 пайыз;
- иш стажы жыйырма жылдан ашык болсо - 30 пайыз.
Иш стажы иштеген жылдары үчүн ай сайын берилүүчү үстөктү төлөө үчүн иш стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Иш стажын белгилөө боюнча комиссиянын курамы "Мир" МТРК УФнын директору тарабынан бекитилет;
3) эмгек өргүүсүнө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоо боюнча жөлөк пул төлөнөт;
4) календардык жылдын аягында эмгек акы фондунун чегинде он үчүнчү эмгек акы төлөнөт.
5) өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбай турган президенттик компенсациялык төлөм иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн бир штаттык бирдиктен (1 ставкадан) ашык эмес төлөнөт:
- техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 15000 сом өлчөмүндө;
- техникалык жана кенже тейлөөчү персонал үчүн бир штаттык бирдикке (1 ставкага) 5000 сом өлчөмүндө;
6) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, кызматкерлерге ченемделбеген жумуш күнү үчүн үстөк кызматтык маянадан 40 пайызга чейинки өлчөмдө төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 292 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен бир жолку жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарууга тартылган кызматчылардын эмгек акысы, жарандык-укуктук келишимдердин (подряд келишимдеринин) негизинде телекөрсөтүү жана радиоуктуруунун чыгармачыл долбоорлорун жүзөгө ашыруу үчүн гонорарлар төлөнүшү мүмкүн. Төлөөнүн көлөмү жана тартиби кызматчы менен эки тараптуу келишимде аныкталат жана "Мир" МТРК УФнын директору тарабынан бекитилет. Гонорарлардын жана сыйлыктардын көлөмү кызматчынын ишинин натыйжаларына жараша аныкталат.
6. "Мир" МТРК УФнын кызматчыларына тиешелүү ченемдик укуктук актыларда каралган бюджеттен тышкаркы каражаттардан материалдык жардам жана башка төлөмдөр берилиши мүмкүн.
7. Ушул Жободо каралган "Мир" МТРК УФнын кызматчыларын акчалай камсыздоо боюнча төлөмдөр тиешелүү финансылык жылга белгиленген тартипте бекитилген сметанын чегинде жүргүзүлөт.